14.06.2022
Баткенде милиция кызматкерлери мектеп бүтүрүүчүлөрүнө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө
Лейлек районунун Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери өздөрү тейлеген аймактардагы мектеп окуучулары жана алардын ата-энелери менен жолугушуп түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Учурда мамлекеттик экзамен тапшырып жаткан 9-класстын жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө жана алардын ата-энелерине коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулукка барбоо, өз алдынча кафе-ресторандарда иш-чараларды белгилебөө, ата-энелеринин коштоосуз тоолорго чыгууга тыюу салынгандыгын эскертишүүдө.
Жолугушууда мектеп окуучулары өз алдынча тыюу салынган жерлерге сууга түшпөө, түнү максатсыз өз алдынча көчөдө жүрбөө, бул багытта ата-энелердин жоопкерчилиги чоң экендиги боюнча түшүндүрүү иштерин өткөрүштү.
Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери Б.Набиев, Хамза, Достук, Кыргызстандын 60 жылдык атындагы орто мектептеринин 9, 11-класстын окуучулары менен жолукту.
Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы