facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

09.06.2022

Ош облусунун аймагындагы мектептерде коопсуздук чаралары күчөтүлдү

2022-жылдын 9-июнь күнү Ош облусунун аймагындагы жалпы билим берүү мекемелеринде “Акыркы коңгуроо” салтанаттуу аземи башталып, аземди өткөрүүдө коомдук коопсуздукту, жол кыймылынын коопсуздугун сактоо максатында Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы жер жерлерде иш алып барууда.  
Райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн өздүк курамы менен биргеликте КРдин ИИМнин "Шумкар" атайын багыттагы полкунун 3-батальонунун жана Ош ОИИБдин Милициянын кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө батальондун кызматкерлери менен биргеликте мектептерде акыркы коңгуроо салтанаты өтүп жаткан жерлерде коомдук тартипти, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга боюнча иш алып барышууда.
Ошондой эле Ош облусунун аймагында Жол кыймылынын  коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн (ЖКККБ) кызматкерлеринен турган туруктуу жана жылып жүрүүчү посттор, түнкү кайгуулдар түзүлгөн.
Ош облусунун аймагында жалпы 563 билим берүү мекемелери бар, Алай районунда-54, Араван районунда-60, Кара-Суу районунда-145. Ноокат районунда-120, Кара-Кулжа районунда-58, Өзгөн районунда-108, жана Чон-Алай районунда-18.
Ошондой эле Ош облусу аркылуу өтүүчү Бишке-Ош, Ош-Сары-Таш Эркештам, Ош-Исфана эл аралык маанидеги авто жолдордун боюнда 48 мектеп жайгашкан.Аталган жол боюндагы мектептердин аймагында Жол кыймылынын  коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн  кызматкерлеринен турган  16 мобилдик жылып жүрүүчү постор бөлүнгөн.
Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер