facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

07.06.2022

Талас шаарында  кортеж айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Жол кыймылынын коопсуздугун сактоо, айрыкча мектеп бүтүрүүчүлөрү катышкан жол кырсыктарын болтурбоо максатында мектептерде жана башка чогулуш жыйындарда түшүндүрүү иштери күч алууда.
Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн начальниги милициянын полковниги Асрол Тантиев жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү менен биргеликте унаа айдоочулар менен түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Үлпөт тойлорго жана башка иш чараларга такси кызматтарын көрсөткөн жалданма айдоочулар менен жолугушуу өткөрүлүп, аларга мектеп бүтүрүүчүлөрүнө “кортеж” уюштуруу кооптуу экендиги айтылды. Кыргыз Республикасынын бузуулар Кодексинин 189-беренеде ( Автохулиганство) көрсөтүлгө талаптар бузулса, 7500 сом айып пул салынып, унаалар унаа коюуучу жайга токтотулаары эскертилди.
Талас ОИИБнин басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер