facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

03.06.2022

ИИМ: Милициянын генерал-майору Темиркан Субановдун жаркын элесине арналган чемпионат өткөрүлдү

2022-жылдын 3-июнь күнү Ички иштер министрлигинин “Динамо” спорт комплексинде милициянын генерал-майору Темиркан Субановдун жаркын элесине арналган кыргыз күрөш боюнча уюштурулган чемпионат жыйынтыкталды. 1-июнь күнү башталган чемпионатка жалпы республика боюнча 15 команда катышты.  Чемпионаттын ачылыш аземине ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосуновдун, “Динамо” коомунун төрагасы Төрөкул Мадалиевдин жана маркумдун жакындарынын, үй-бүлө мүчөлөрүнун  катышуусунда өткөн.
 Ал эми, үч күнгө созулган таймаштын жабылуу аземине ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгынын начальниги, милициянын подполковниги Алишер Барпиев, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев, КББнын Спорт жана дене тарбиялык даярдыкты уюштуруу бөлүмчөсүнүн начальниги Искен  Базаркулов жана “Динамо” спорт комплексинин жетекчилиги менен кызматкерлери катышты. Аталган кыргыз күрөш боюнча уюштурулган чемпионатта ИИМдин “Шумкар” атайын багытындагы полкунун командасы жеңүүчү аталды. Ал эми экинчи орунду ИИМдин Күзөт кызматынын командасы алса, үчүнчү орунду Талас облусунан келген команда ээледи. Жеңүүчүлөр атайын кубок, медаль, диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды. Андан сырткары салмагына жараша жеке жетишкендиктери үчүн да бир катар кызматкерлерге медаль, громаталар тапшырылды.  
          Сыйлык тапшыруу аземинде ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев Темиркан  Субановдун жубайы Динара Субановага “Офицердин жубайы” медалын тапшырды. Ошондой эле салтанаттуу аземдин жүрүшүнөн пайдаланып, “Динамо” коомунун төрагасы Төрөкул Мадалиев ИИМдин  КББнын Дене тарбия бөлүмүнүн улук инспектору Абдыгапар Урбаевге “Спорттун отличниги” төш белгисин ыйгарды.
 
 ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер