facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

03.06.2022

ИИМ: Улан Ниязбеков туристтик мезгилдин ачылышына карата Чолпон-Ата шаарында гарнизондук саптык кароо өткөрдү

“2022-жылдын жайкы туристтик мезгилин даярдоо жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча чаралар” жөнүндө тескемененин талаптарын аткаруу максатында 3-июнь күнү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын ипподромунда  Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын бөлүктөрүнө жана Ысык-Көл облусунун ИИБнүн кызматкерлерине гарнизондук саптык кароо өткөрүлдү. Ага ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, министрдин орун басары Октябрь Урманбетов, Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов жана Ысык-Көл ОИИБнын начальниги К.Джумагазиев катышты.

 Ички иштер министри Улан Ниязбеков  гарнизондук саптык кароону  өткөрүү учурунда анын негизги максаты – 2022-жайкы туристтик мезгилде коомдук тартипти камсыздоо, кылмыштуулукка бөгөт коюу жана алдын алуу, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо экенин белгиледи. “Бул максатты ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн гарнизондук бөлүштүрүүнү өлкөбүздүн негизги туристтик аймагы болгон Ысык-Көл облусунан баштадык. Бүгүндөн баштап, бардык ички иштер органдары жайкы туристтик мезгилге байланыштуу күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өткөрүлдү. Жалпысынан коомдук тартипти жана жол коопсуздугун 5 миңден ашык кызматкер күнү-түнү камсыздайт.

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, Куралдуу күчтөрүнүн башкы кол башчысы - урматтуу Президентибиздин, ошондой эле Министрлер кабинетинин түздөн-түз колдоосунда, чет элдик кесиптештердин жана эл аралык өнөктөштөрдүн жардамы менен элди коопсуз тейлөөгө карата заманбап шарттарды түзүүгө жетиштик. Өлкөбүздүн аймактарында жаңы образдагы заманбап жабдыктар менен камсыздалган милициянын аймактык тескөөчүлөрү ишке кирсе, Бишкек, Ош шаарларында бир катар чет тилдерди билген туристтик милиция кызматы ишке киргизилип, Ысык-Көл облусунда туристтик жана экологиялык кызматы материалдык-техникалык жабдыктар менен камсыздалып, милдетин аткарууга чыкты. 

Коомдук жайларга, эл көп чогулган аймактарга, жол кырсыктары мүмкүн болгон кооптуу трассаларга, кылмыштын бетин ыкчам ачууга карата мерчемдүү жерлерге 2 миңден ашуун видео-камералар коюлуп, мониторинг борборлору күнү-түнү көзөмөлдөө иштерин алып барууда. Жогоруда аталган учурлардан тышкары, дагы башка бир катар заманбап санариптик талаптарга жооп берген жагымдуу шарттар түзүлдү. Республиканын алыскы туристтик аймактарында калкка жана чет элдик жарандарга (туристтерге) сапаттуу кызмат көрсөтүү максатында милициянын 57 көчмө кабылдамасы тартылат.

Түзүлгөн шарттардын алкагында, туристтик мезгилде биздин жарандардын жана чет элден келген эс алуучулардын арасында ар түрдүү укук бузууларга жол бербей, жүктөлгөн милдеттер ийгиликтүү ишке ашырыла турганына ишенем. Андыктан, жалпы ички иштер органдарына негизги эки багытта иш алып барууну тапшырам.

Биринчи багыт: Коомдук жайларда, көчөлөрдө, туристтик аймактарда коомдук тартипти сактап, жарандарга сервистик тейлөө көрсөтүп, жергиликтүү жашоочулардын, чет элден келген коноктордун кылмыштарга, жагымсыз учурларга кириптер болуусун алдын алуу;

Экинчи багыт: Ар түрдүү кырсыктарды, элге жат көрүнгөн окуяларды алдын алып, адамдын өмүрүнө, ден-соолугуна терс таасирин тийгизген жол кырсыктарына бөгөт коюу иш-чаралары күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлсүн.

Жер-жердеги мамлекеттик өз алдынча башкаруу органдарынын, өзгөчө кырдаалдар, медицина кызматтарынын, социалдык бөлүмдөрдүн, эс алуу жайлардын, курорт, лагерлердин жетекчилери, коомдун активдүү өкүлдөрү, туристтик мекеме, уюмдар менен бирге тыгыз иш алып барылсын. Жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасы - элге коопсуз шарттарды түзүп, ыңгайлуу эс алуу жагдайын жаратуу болуп эсептелет”,-деди өз сөзүндө Улан Ниязбеков.

“Ар түрдүү кырсыктарды жаратуучу абалдарга жеринде бөгөт коюу үчүн, электро-скутерлер, жолтандабас унаалар, ылдамдыкты өлчөөчү заманбап радарлар, учуучу дрондордун жардамы аркылуу элдин коопсуздугу жогорку деңгээлде камсыздалсын. Ким гана болбосун, өлкөбүздүн жарандары болобу же чет элден келген коноктор болобу “мыйзам алдында баары бир тең” деген принципте иш алып барыңыздар.  Жардам сурап кайрылгандарга жардам берип, ээлеген кызматына, социалдык статутуса же улутуна карабастан маселесин ошол жерден ыкчам чечүүнү буйрук кылам.

Кылмыш же окуя орун алгандан кийин, анын кесепети менен күрөшпөй, профилактикалык иштерге басым жасалсын деген талап коём. “Адамдын ден-соолугу менен өмүрүнөн баалуу эч нерсе жок” экени эскертилип, жол жүрүүдө жана эс алууда кырсыктарга себеп боло турган учурлардан оолак болуу боюнча пропагандалык таасирдүү түшүндүрүү иштери алып барылсын. Айдоочуларга, өзгөчө жаш айдоочуларга жол эрежесин сактап, өздөрүнүн жана башкалардын өмүрүнө жооптуу экени байма-бай эскертилип турсун. Жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет, социалдык тармактар аркылуу элге жана эс алуучуларга коопсуздук чаралары туруктуу негизде кабарлансын. Бул иш-чаралардын бардыгына, коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыздоого тартылган кызматкерлер, алардын биринчи жетекчилери жооптуу экенин эскертем. Укук буузуларды, мыйзамсыз көрүнүштөрдү, жарандардын, анын ичинде жаш балдардын кырсыкка учуроосун, сууга чөгүп же дайынсыз жоголуусун алдын алуу - учурдун талабы экендигин эсиңиздерге саламын. 

Эл арасында тынчсызданууну пайда кылган көрүнүштөргө жол бербөөнү, коопсуз шарттарды түзүүнү ишке ашырууну жалпы ички иштер органдарына нускама иретинде табыштаймын. Атайын белгиленген туристтик тилкелерге бөлүштүрүлгөн Ысык-Көл облустук ички иштер органдарынын ыкчам-тергөө топтору, авто жана жөө кайгуулдары, ыктыярдуу элдик кошуундун мүчөлөрү, милициянын көчмө кабылдамалары жарандарга сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүп, элге кызмат кылуунун үлгүсү болууга жетише алат деп ишенем. Жарандарыбызга, чет элден келген туристтерге ылайыктуу шарттарды түзүү боюнча жарнамалык багыттамалар, жол эскертмелери, кооптуу деп эсептелген тилкелер боюнча маалыматтар туура жеткирилсин

Бардык жетекчилер, алардын кол алдындагы кызматкерлер элге сылык жана маданияттуу мамиле жасап, өз милдеттерин татыктуу аткарсын. Ички иштер органдарынын кызматтык ишмердигине, абийирине туура келбеген текеберленүү, бой көтөрүү, милдеттерди аткарбай көңүл коштук мамиле жасоо деген жаман адаттарга жол берилбесин.  Эгерде, ошондой фактылар орун ала турган болсо, анда кемчилик кетирген кызматкер жана анын жетекчиси катуу тартиптик жаза кириптер болот. Бул талапты менин принципиалдуу талабым катары кабыл алыңыздар. Себеби, бүгүнкү милиция элге туура тейлөө көрсөтүү аркылуу, коопсуздукту камсыздоонун жаңы баскычында кызмат өтөп жатат. Коюлган тапшырмаларды ыктыярдуу элдик кошуундар менен бирге так аткарып, белгиленген максаттарга жетүү менен бирге  элибиздин тынч жашоосу жана өлкөбүздүн туруктуулугу үчүн көрүлүп жаткан иштер сөссүз аткарышына биз милдеттүүбүз”,-деп билдирди сөзүн жыйынтыктап жатып Улан Ниязбеков.

Ички иштер министрлигинин Атайын багыттагы полкунун, Ички аскерлердин, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын, Күзөт кызматынын жана жер-жердеги ички иштер органдарынын кызматкерлери жайкы туристтик мезгил учурунда коомдук тартипти сактап, элге сервистик тейлөө көрсөтүү үчүн туристтик аймактарга белгиленген тартипте бөлүштүрүлөт. Ар бир шаардык, облустук ички иштер башкармалыктарында элдин коопсуздугун камсыздоого бөлүнгөн күч-каражаттарды координациялоо үчүн “Маалыматтык топтор” иштейт.

Жайкы туристтик мезгил учурунда укук тартибин жана жарандардын коопсуздугун сактоого катышкан күч-каражаттарды натыйжалуу пайдалануу жана алардын ишмердигин координациялоо максатында Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн Бостери айылдык милиция бөлүмчөсүнүн базасында убактылуу ыкчам штаб түзүлүп иш-чараларды жүргүзүүдө.

Жогорудагынын негизинде коомдук коопсуздукту жана тартипти сактоо, кылмыштылуукту болтурбоо жана алдын алуу, эс алуучулардан келип түшкөн арыздарды мыйзам чегинде так жана ыкчам чечип берүү, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана жол кырсыктарын болтурбоо багытында  иш алып баруу, ыктыярдуу элдик кошуундар  менен иштешүү, чет өлкөлүк туристтерге квалификациалуу жардам көрсөтүү боюнча талаптар коюлду.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер