facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

01.06.2022

Жалал-Абад ОИИБи: «Балдар биздин келечегибиз»

Бугун, Жалал-Абад ШИИБдин балдар менен иштөө инспекциясы 1-июнь балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата окуусунда жакшы жетишкендиги жана өзгөчө таланты, шыгы бар «Эверест» жеке менчик мектебинин 6-классынын окуучусу Кутманов Баястанга белектерди ыйгарды.

Баястандын өзгөчөлүгү пластилинден адам фигураларын окшотуп, айрыкча милиция жана аскер кызматкерлерине окшотуп оюнчуктарды жасайт. Келечекте милиция кызматкери болом деген кыялдары бар. Ал өзүнүң курагында ИИОнун чиндерин катардагы жоокерден тарта милициянын генералы чинине чейин билет жана каармандарына ыйгарып келет. Бул өзгөчө таланттуу өспүрүмдүн мындан ары өнөрүн колдоо максатында Жалал-Абад милициясы тарабынан ар тараптуу колдоо көсөтүлүп келет.

Андан сырткары, майрамдын салтанатты улай, Жалал-Абад шаарында жайгашкан Бакыт реаблитациялык борборунда дарыланып жаткан балдардан  милиция да кабар алып,  акчалай жардам көрсөтүлдү. Бакыт реаблитациялык борбору 1964-жылдан бери иштеп келет жана учурда 100 дөн ашуун өспүрүм даарыланып келет.

Ошону менен катар, облус аймагындагы бардык шаар-райондук ички иштер бөлүмдөрү тарабынан балдар эс алуучу жайлар, оюн-зоок иш-чара өтүп жаткан жерлерде коомдук тартипти камсыздоо менен биргеликте, айрыкча                Тогуз-Торо, Сузак жана Ала-Бука райондорунда мектеп окуучуларынан, а түгүл бала бакчада тарбияланып жаткан бөбөктөрдөн да кабар алышып, аларды жана тарбия берип жаткан агай-эжекелерин да куттукташып, балдар үчүн даярдалган белектерин, шириндиктерин жана куттуктоолорун беришип, майрамдык маанай тартуулашууда.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер