facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

31.05.2022

Акыркы коңгуроо салтанатын өткөрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Акыркы коңгуроо салтанатын өткөрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө
Акыркы коңгуроо салтанатын өткөрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө
Акыркы коңгуроо салтанатын өткөрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө
Акыркы коңгуроо салтанатын өткөрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө
Акыркы коңгуроо салтанатын өткөрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө
Акыркы коңгуроо салтанатын өткөрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө
Акыркы коңгуроо салтанатын өткөрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

2022-жылдын 30-май күнү Кара-Суу шаарында Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында жыйын өттү. Жыйындын негизги максаты райондун жалпы билим берүүчү мекемелеринде 2021-2022-окуу жылын уюшкандыкта аяктоо жана “Акыркы коңгуроо” салтанаттуу иш-чарасын өткөрүүдө бүтүрүүчүлөрдү ар кандай кооптуулуктардан сактоо жана кырсыктарды жана үй бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу максатында өткөрүлдү.

Жыйынга Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары А.Куланова, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Г.Машрапова, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы А.Акунбеков, мектеп директорлору жана ички иштер кызматкерлери катышышты.

Жыйында жалпыга билим берүү тармагында “Акыркы конгуроо” салтанатын 2022-жылдын 9-июнь күнү саат 9-00 уюшкандыкта өткөрүү, райондук мамлекеттик администрациясында, райондук билим берүү бөлүмүндө, райондук ички иштер бөлүмүндө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында 2022-жылдын 9-июнь күнү жооптуу кызматкерлерден нөөмөт уюштуруу жөнүндө “Акыркы конгуроо” салтанатын кафе-ресторандарда, жаратылышта ж.б көңүл ачуучу жайларда өткөрүүгө тыюу салынгандыгы тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругу жеткирилди.

Эгерде иш-чара учурунда аныкталган балдар боюнча ата-энелерге же мыйзамдуу өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасынын УБКнин 74-беренеси менен айып пул салынат (коомдук жайларда, көчөлөрдө, эс алуучу жайларда жаш курагы 18 жашка толбогондорго)

Ошол эле учурда, ата-энелер тарабынан бүтүрүүчү балдарына үйлөрүндө отуруштарын уюштуруп берсе же болбосо укук коргоо органдарына жана билим берүү мекемелеринин талаптарына баш ийбесе, Кыргыз Республикасынын УБКнин

82-беренесине ылайык, “Калкты ызы-чуудан коргоо жөнүндө талаптарын бузуу” менен калктуу конуштарда же болбосо коомдук жайларда тынчтыкты сактоо эрежелерин бузуу катталса, 100 эсептик көрсөткүчтөн 280 эсептик көрсөткүчкө чейин айып пул салынат. (б.а. 10,000 сомдон 280,000 сомго чейин).

Ош облусунун аймагында орун алган жалпы билим берүү мекемелеринде, коомдук жайларда жана көчөлөрдө тиешелүү коомдук коопсуздукту камсыздоо, ар кандай кырсыктарга, укук бузууларга жол бербөө жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2 буйругун жана КРдин ИИМдин тескемесинин негизинде, РИИБдин МУУ жана БИИ кызматкерлери башка алдын алуу субъектилери менен биргеликте, билим берүү мекемелеринде, коомдук эс алуучу жайларда жана ошондой эле калктуу аймактардан сырткары жайларда (тоолор, парктар, жана ушул сыяктуу эс алуучу жайлар), жалпы билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрү ата-энелери менен биргеликте топтошуп көӊүл ачуу отуруштарына жол бербөө жана башка кылмыштуулуктун алдын алуу максатында, жер жерлерде жыйындарды өткөрүшүп жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүдө.

Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер