facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

05.10.2021

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери кесиптик майрамын белгилешүүдө

5-октябрда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери кылмыш иликтөөнүн түзүлгөнүнүн 103 жылдыгына карата кесиптик майрамын белгилешти.
 Буга байланыштуу, бүгүн Кыргыз Республикасынын ИИМдин Борбордук аппаратында салтанаттуу иш-чара өтүп, ага ички иштер министринин  орун басары Нурбек Абдиев, криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери, милициянын ардагерлери   катышты. 
 Кылмыш иликтөө- ИИМдин эң ири жана маанилүү бөлүктөрүнүн бири. Ыкчам кызматкерлердин иши ар убак тобокелчилик  жана күжүрмөн кайраттуулук менен байланышкан.  100 жылдан ашык тарыхы бар ыкчам кызматкерлер миңдеген кылмыштардын бетин ачып,  жогорку кесипкөйлүүлүктүн, күжүрмөндүктүн жана каармандыктын үлгүсүн көрсөтө алышты. 
 Кылмыш иликтөөнүн түзүлүү тарыхына кайрыла турган болсок, ал 1918-жылы Жети-Суу облусунун аймагында Верненск жана Пишпек кылмыш иликтөөнүн эки бөлүмчөсү түзүлгөн. Ал учурда ыкчам кызматкерлердин алдында мал уурулук, азык-түлүк товарларынын баасын  жогорулатып саткандар, майда тиричиликте жаралган кылмыштар менен күрөшүү милдети турган. Кылмыш болгон жерге кылмыш иликтөөнүн кызматкерлери ат минип келишкен жана өздүк курамдын саны аз болгон. 
 ИИМдин башчысынын орун басары криминалдык милиция кызматынын жамаатын кесиптик майрамы менен куттуктап, кызматкерлерге жана алардын үй-бүлөлөрүнө бекем ден соолук, бактылуулук, бейкутчулук  каалап,  кызматында ийгиликтерди, элине жана мыйзамга узак убакыт боюу кызмат кылууларына тилектештигин билдирди.
 “Бүгүн биз мыйзамга кызмат кылгандарды куттуктап жатабыз. Кылмыштуулук менен күрөшүү-эр жүрөк, чечкиндүү, кайраттуу жана абийирдүү адамдардын иши. Узак жылдардан бери ыкчам кызматкерлер кылмыштуулук менен күрөшүү жана укуктук тартипти сактоо ишине өздөрүнүн салымдарын кошуп келет”,-деп чогулгандардын алдында Нурбек Абдиев сөз сүйлөдү. 
Майрамдык чогулуштун аягында ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын  бөлүктөрүнүн кызматкерлери жогорку кесипкөйлүүлүгү, эрдиги жана ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүндө жогорку жыйынтыктарды көрсөткөндөрү үчүн түзүмдүн сыйлыктары менен сыйланышты. 

  ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер