facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

26.05.2022

Манас районунда милициянын аймактык пункту ачылды

Манас районунда милициянын аймактык пункту ачылды
Манас районунда милициянын аймактык пункту ачылды
Манас районунда милициянын аймактык пункту ачылды
Манас районунда милициянын аймактык пункту ачылды

Манас районуна караштуу Кайыңды айыл өкмөтүнүн Арал айылында айыл өкмөттүн имаратында милициянын аймактык пункту ачылды. Анын ачылышына жергиликтүү бийлик көмөк көрсөттү. Манас РИИБдин начальниги милициянын полковниги Акматов Айбек аймактык пунктту көрүп, айыл өкмөт башчы менен жолугушуп, кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу багытында участкалык уполномоченныйларга бир катар тапшырмаларды берди. Калкка сервистик тейлөө көрсөтүү максатында ал жерде дайыма кызматкерлер Кайыңды айыл өкмөтүнүн тургундарын жеринен кабыл алып, көйгөйлөрүн чечип беришет. Учурда алар элдерден болгон кайрылууларга тезинен чара көрүп, үй-бүлөлүк зордук зомбулукту болтурбоо үчүн жана сууга байланышкан кырсыктардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин алып барышууда.

Талас ОИИБдин басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер