20.05.2022
Тогуз-Торо РИИБде ачык эшиктер күнү өткөрүлдү
Тогуз-Торо РИИБдин Балдар иштери боюнча инспекторлору тарабынан мектеп окуучуларына ачык эшиктер күнү өткөрүлдү. Жаш өспүрүмдөрдү РИИБдин начальниги Т.Сабырканов тосуп алып, кесип тандоодо жаңылбаш керектигин айтып өттү.
Мектеп окуучуларына милиция кызматкерлеринин күнүмдүк ишмердүүлүгү көрсөтүлүп, нөөмөт бөлүмүнүн иштөө процесси тааныштырылды. Андан соң ыкчам криминалисттердин, тергөөчүлөрдүн бөлмөлөрү көрсөтүлдү. Ок атуучу куралдардын техникалык мүнөздөмөлөрү, колдонуу тартиби айтылды.
Окуучулар менен суроо-жооптор болуп, кенен маектешүү орун алды. Алардын кызыктыргын суроолоруна жооптор берилип, кылмыштуулуктан алыс болуу керектиги эскертилди. Кызматкерлер жаштарды мекенди сүйүүгө жана ага кызмат кылууга чакырышып, татыктуу билим алууга үндөштү.
Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы