facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

19.05.2022

ИИМ. Евразиялык экономикалык форуму өтүү учурунда төрт миңден ашык милиция кызматкери коомдук тартипти сактайт

Евразиялык экономикалык форуму, Евразиялык экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин башчыларынын расмий сапарлары болгон маалда коопсуздукту камсыздоо үчүн Ички иштер органдарынын баардык түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтөт. 
2022-жылдын 26-28-май күндөрү коопсуздукту камсыздоого 4 миңден ашык милиция кызматкери жана 200 ашык унаа чыгат.
Евразиялык экономикалык форумуна даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда коомдук коопсуздукту камсыздоо, мыйзамдуулукту сактоо, өзгөчө кырдаалдарды болтурбоо максатында саммит маалында милициянын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипке өткөрүлүүдө. 
Өтө турган иш-чаралардын маанилүү экенине байланыштуу, Ички иштер министрлиги шаар тургундары менен конокторун өткөрүлүп жаткан иш-чараларга түшүнүү менен мамиле кылып, айдоочулук маданиятты жана эрежелерди сактап, белгиленбеген жерге унааларды токтотпоого жана көзөмөлсүз калтырбоого, жол тыгындары жана башка жол кыймылынын катышуучуларына ыңгайсыздык болбошу үчүн карама-каршы тилкеге чыкпоону, мерчемделген жактарга тыгында же жолдо калбаш үчүн эрте чыгууну, жүктөр болсо иш-чара өткөн күндөрдөн башка күндөрү ташып алууну, жол жээктеринде соода сатыктарды токтотууну суранат. 
Ушул күндөрү чет өлкөгө жана республиканын башка аймактарына учуп кетүүнү жана сапарга чыгууну көздөгөн жарандар, жогорудагы жолдорду айланып өткөн альтернативдүү жолдорду тандоого же коомдук транспорттор менен жүрүүнү эрте мерчемдөөгө чакырат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер