facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

26.08.2021

Таласта ИИОнун ардагерлеринин арасында бильярд оюну боюнча мелдеш өтүүдө

Талас облустук ички иштер башкармалыгынын ардагерлери бильярд оюну боюнча мелдеш өткөрүп жатышат. Облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы Кулчоро Жамангараев жана орун басары Алтынбек Шербахунов баштаган облустагы активдүү ардагерлер арасында бильярд оюну боюнча күч сынашып жатышат. Бул саамалык жыл сайын өткөрүлүүчү иш-чара. Анын максаты спортко болгон мамиледе жаштарга үлгү болуу жана ынтымак менен биримдикти  бекемдөө болуп эсептелет. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Канимет Осмонбеков, Талас шаарынын мэри Аскар Шабданов, Талас шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Адылбек Жусупбеков, депутат Адилет Токторбаев, Талас шаарынын ишкерлери жана Талас ОИИБнин начальнигинин орун басары милициянын подполковниги Атай Бейшенбаев катышышты. Оюндун башталышында чакырылган коноктор сөз сүйлөшүп, акчалай  белектерин тапшырышты. Анда Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Канимет Осмонбеков: Милиция кызматкерлери биздин коргоочулар, дайыма тартип сакчылыгында кызмат кылышат. Ардагер болуп эс алууда жүргөн убакта дагы коомдук иштерге активдүү катышып, келечек муунга үлгү болуп, ынтымак биримдиктин уюткусу болуп турасыздар-деп айтты.

Ал эми шаар мэри Аскар Шабданов: Мен милицияны бүгүнкү күндүн баатырлары деп билем. Өлкөдө кандай гана коомдук-саясий кырдаал болбосун ар дайым өз милдеттерин так аткарышат. Алардын арасында жаш муунга акыл насаатын айтып, туура жолду көрсөтүп келе жаткан ардагерлердин ушундай бекем ынтымакта  эл жерибизге жана мамлекеттин өсүп өнүгүшүнө салымдарын кошуп келе жаткандыгы бизди шыктандырат- деп каалоо тилектерин айтты. Ал эми Талас ОИИБнин начальнигинин орун басары Атай Бейшенбаев ардагерлердин күжүрмөн даярдыктары жетиштүү деңгээлде экендигин баса белгилеп, алардын милициядагы ролу өзгөчө экендигин айтып, ийгиликтерди каалап өттү. Оюнга жалпы 8 команда катышып, жакшы маанайда өткөрүлүп жатат.   Белгилей кетсек, Талас облустук ички иштер органдарынын  ардагерлер кеңеши бир гана милиция кызматына эмес, жалпы коомго пайдасын тийгизип, жергиликтүү бийлик органдарына дагы насаатчылык иштерде активдүү катышып келишет.

Талас ОИИБнин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер