facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

13.05.2022

Жалал-Абадда окуучулар арасында кичи футбол өткөрүлдү

Жалал-Абад ОИИБдин жана Жалал-Абад ШИИБдин Балдар иштери боюнча инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жаш өспүрүмдөр арасында кичи футбол мелдеши өткөрүлдү. Ага Жалал-Абад шаарындагы 11 мектептин командалары катышып, биринчилик үчүн күч сынашышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Жалал-Абад ОИИБдин начальнигинин орун басары Нурбек Сыдыков, Коомдук коопсуздук кызматынын начальниги Алмазбек Жусупов сөз сүйлөп, жаш өспүрүмдөрдү кылмыштуулуктан жана баңгизат колдонуудан алыс болууга чакырышты. Спортту сүйүп, мекенге ак дилден кызмат кылууга, татыктуу билим жана тарбия алууга үндөштү.

Спорттук мелдештин жыйынтыгында 1-орунду №14 мектептин командасы жеңип алды. 2-орунга №4 мектептин окуучулары жетишсе, 3-орунга №1 жана №8 мектептин окуучулары татыктуу болушту.

Байгелүү орундарды камсыз кылган 4 командага уюштуруучулар тарабынан кубок, ар бир оюнчуга медалдар жана дипломдор тапшырылды. Ал эми ИИМдин Баңгизаттарын майзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан спорттук кийимдер ыйгарылды.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер