13.05.2022
Ысык-Көлдө туристтик милициянын кызматкерлери алгачкы чет элдик туристерди кабыл алууда.
Жайкы туристтик мезгили жакындаган сайын, Ысык-Көл областтык ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициянын өздүк курамына чет элдик туристтердин жана жергиликтүү эс алуучулардын коопсуздугун жана жайлуулугун камсыз кылуу жаатындагы милдеттердин натыйжалуулугу үчүн чоң жоопкерчилик жүктөлөт. Мурдагы жылдарда топтолгон тажрыйба, быйылкы жайкы туристтик мезгилде да колдонулмакчы.
Ысык-Көл ОИИБдин башчысынын орун басары Акылбек Бекишевдин айтымында, учурда облустун аймагына биринчи чет элдик туристер келе башташты. Негизинен алар тоо туризмине басым кылгандыктан, аталган кызмат алардын коопсуздугун камсыз кылууда, бардык жардамдарын көрсөтмөкчү, б.а. өздүк коопсуздугунан баштап, аймакта багыт көрсөтүүгө чейин.
Андан тышкары, тоолу туристтик багыттарда туристтик-экологиялык милициянын убактылуу таяныч пунктары уюштурулмакчы. Тоолу аймактарда болсо, атайын иштелип чыккан маршруттар боюнча туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери кызматтык жол тандабас автоунаалары менен күзөт иштерин жүргүзүп турмакчы. Туристтик милиция кызматкерлерине коюлган негизги талаптар, бул туристтердин милицияга болгон ишеним деңгээлин жогорулатуу болуп эсептелинет.
|
Ысык-Көл ОИИБдин басма-сөз кызматы |