02.05.2022
Жалал-Абадда эс алуу бактарында адашкан жаш балдарды милиция таап берүүдө
Бүгүн орозо айтта Жалал-Абад облусунун аймагында коомдук тартипти милиция көзөмөлдөп жатат. Жалал-Абад шаарындагы эс алуу бактарында элдин көптүгүнө байланыштуу адашып калган жаш балдарды кызматкерлер таап, ата-энесине өткөрүп берип жатышат. Балдары табылганына сүйүнгөн жарандар милицияга ыраазычылык билдиришүүдө.
Белгилей кетсек облус аймагында миңге чукул милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.
Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы