facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

02.05.2022

Жогорку Кеңештин депутаттары ИИМдин ишмердүүлүгү менен таанышты

2022-жылдын 30-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депуттаттары Алишер Эрбаев, Гуля Кожокулова жана башка өкүлдөр коштогон делегация Ички иштер министрлигинин ишмердүүлүгү менен таанышууга келишти.
Жогорку Кеңештин депутаттары ички иштер министрлигинин Командалык борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Командалык борбор республика боюнча ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн координациялайт, санариптештирүүнүн заманбап техникаларын колдонуу менен коомдук коопсуздукту сактоо жана кылмыштуулук менен күрөшүү багытында бардык иш-чараларды жүргүзө алат.
Андан соң, Жогорку Кеңештин комитетинин мүчөлөрүн ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Мониторинг борборунун иши менен тааныштырышты. ИИМдин ЖКККББнын начальниги Азамат Исраилов  борбордун мүмкүнчүлүктөрү жана иштөө принциптери жөнүндө маалымат берди.  Жогорку Кеңештин депутаттарын ички иштер министринин орун басарлары Октябрь Урмамбетов менен Суюнбек Ниязбеков коштоп жүрдү.
Жолугушуунун жыйынтыгында укук коргоо органдары заманбап материалдык-техникалык жабдуулар  менен ар тараптан камсыз  кылынып жаткандыгы белгиленди.  Бул күч түзүмдөрүнө ишти принципиалдуу жаңы усулдар менен жүргүзүүгө,  учурдун чакырыктарына өз убагында жооп берип жана пайда болгон көйгөйлөргө оптималдуу чечимдерди ыкчам табууга мүмкүндүк бере тургандыгы белгиленди.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер