28.04.2022
Ведомстволор аралык мониторинг комиссиясы Ички иштер министрлигинин ЖКККББнын Мониторинг борборунун ишмердүүлүгү менен таанышышты.
Бүгүн, 2022-жылдын 28-апрелинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Мониторинг борборунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин Ведомстволор аралык мониторинг жумушчу комиссиясынын отуруму болуп өттү.
Ведомстволор аралык мониторингдик жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруунун негизинде түзүлгөн. Ведомстволор аралык мониторингдик жумушчу комиссияны түзүүнүн максаты жолдордо коопсуздукту камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чараларды ишке ашыруунун сапатына мониторинг жүргүзүү жана баалоо болуп саналат.
Отурумдун жүрүшүндө катышуучулар "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентинин ишке ашырылышы жана 2019-2022-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Мониторинг борборунун аткарган иштери менен таанышышты. Тараптар жол кыймылынын эрежелеринин сакталышына көзөмөлдү жакшыртуу жана жол кыймылынын катышуучуларынын арасында тартипти бекемдөө боюнча алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү маселелерин талкуулашты.
Аталган отурумга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу ККИКнын Башкы катчысы Нурипа Муканова, КР Ички иштер министринин кеңешчиси Мамыров Абдумалик, Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук кеңешинин өкүлдөрү катышты.
Отурумдун модератору Ведомстволор аралык мониторинг комиссиясынын төрагасы, ИИМдин КК төрагасы, КР Президентине караштуу ККИКнын кеңешинин мүчөсү, КР Президентине караштуу ККИКнын ведомстволор аралык мониторинг жумушчу тобунун төрагасы Ялкун Даутов болду, ал кеңешменин катышуучулары менен учурашып, күн тартибинде каралып жаткан маселелерди билдирди.
ИИМдин ЖКККББнын Мониторинг борборунун башчысы милициянын полковниги Гүлмира Баратова аталган борбор боюнча Ведомстволор аралык мониторинг комиссиясынын катышуучуларына экскурсия өткөрдү, ошондой эле кызматкерлердин иши менен тааныштырды (практикалык таанышуу). Отурумдун катышуучуларына "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун жүрүшү жана Кыргыз Республикасынын ИИМинин мониторинг борборунун 2019-жылдын 31-мартынан 2022-мартына чейин жасаган иштери тууралуу айтып беришти.
Отурумдун жүрүшүндө Корупцияга каршы ишмердүү кеңештин башкы катчысы Нурипа Муканова сөз сүйлөп, ЖКККББнын мониторинг борборунун иши оң жагы бар экендигин белгиледи. Анын иштөөсүнөн төмөнкүлөр болуп келе жатат жана күтүлүүдө: жол-транспорт кырсыктарын жана анын кесепеттерин кыскартуу (өлүмдүүлүк жана жаракат алуу) жол эрежесин бузуулардын түздөн-түз натыйжасы катары, жол эрежесин бузуунун алдын алуу жогорку уюштуруучулук деңгээлде, жол эрежесин бузууну түздөн-түз азайтуу, айдоо маданиятын жогорулатуу, жарандардын коомдук коопсуздугун камсыз кылуу жана албетте коррупциялык жоюу.
Ведомстволор аралык мониторинг комиссиясынын төрагасы Ялкун Даутов борбордун иши жол-транспорт бузулууларын алдын алууга гана эмес, ошондой эле кыймылдын ылдамдыгынын белгиленген чектеринен ашып кеткендигин жана алкоголдук мас абалында өтүп кетүү, транспортту башкаруу эрежелерин бузгандыгын аныктоого, коопсуздук курларын жана мотошлемдерди колдонууну көзөмөлдөөнү күчөтүүгө жардам берерин баса белгиледи.
Ведомстволор аралык мониторингдик жумушчу комиссиянын катышуучулары региондук жана жергиликтүү деңгээлдерде жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ишти андан ары өнүктүрүү жана активдештирүү, ошондой эле алдын алуунун артыкчылыктуу чаралары үчүн сунуштарды иштеп чыгышты.
ИИМдин Басма сөз кызматы.