facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

27.04.2022

«Жарамазан» атту рейддик иш-чара өткөрүлдү

«Жарамазан» атту рейддик иш-чара өткөрүлдү
«Жарамазан» атту рейддик иш-чара өткөрүлдү
«Жарамазан» атту рейддик иш-чара өткөрүлдү
«Жарамазан» атту рейддик иш-чара өткөрүлдү

2022-жылдын 26-апрель күнү Кыргыз Республикасынын ИИМнин КККнын Жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборунун (ЖУАБ) кызматкерлери тарабынан балдар арасында  көзөмөлсүздүктү алдын алуу боюнча «Жарамазан» атту рейддик иш-чара өткөрүлдү.  
Иш-чаранын максаты – Рамазан айында жарамазан айтууну шылтоо кылып, соода борборлорунун алдында, коомдук тамактануучу жайларда, жол эрежесин сактабай жол боюна чыгып алып жарамазан айткан балдарды аныктоо жана аларды ата-энелерине тапшырып берүү. Коопту жерлерде балдардын жарамазан айтышы, алдардын ден соолугуна же өмүрүнө коркунуч жаралышы мүмкүн. 
Иш чаранын алкагында бардыгы болуп жарамазан айтып жүргөн 8 жаштан 14 жашка чейинки 23 балдар табылган.  Бардык балдардын ата-энелери чакыртылып, жеринен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.  Ал эми 2 баланын ата-энеси табылбаганына байланыштуу, убактылуу ЖУАБна жайгаштырылышты. 

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер