facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

14.04.2022

Ички аскерлерде окуу-усулдук жыйындар өткөрүлдү

Ички аскерлерде окуу-усулдук жыйындар өткөрүлдү
Ички аскерлерде окуу-усулдук жыйындар өткөрүлдү
Ички аскерлерде окуу-усулдук жыйындар өткөрүлдү
Ички аскерлерде окуу-усулдук жыйындар өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин 2022-жылга түзүлгөн даярдоо Планынын негизинде 11-апрелден тарта 13-апрелге чейин Ички аскерлердин командачылыгында аскер бөлүктөрдүн тарбия бөлүмчөлөрүнүн начальниктери, психолог офицерлери, саптык тактоо жана кадр бөлүмчөлөрүнүн начальниктери менен окуу - усулдук жыйын болуп өттү. 
    Окуу-усулдук жыйындын негизги максаты тарбия багытындагы  офицерлердин иш – чараларды пландаштырууда, даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө теориялык билимдери менен практикалык чеберчиликтерин өрчүтүүгө, ошондой эле саптык тактоо жана кадр бөлүмчөлөрүнүн начальниктеринин  бирдиктүү усулдук иш алып баруусу болуп эсептелди. 
           Жыйындын жүрүшүндө офицерлерге укуктук жана аскердик тартипти бекемдөө боюнча иштерди жөнгө салуучу укук-ченемдик документтер жеткирилди жана Ички аскерлердин аскер бөлүктөрүндөгү кадр органдарынын тактоо документтеринин жүргүзүу тартиби үйрөтүлдү. 
    Окуу-усулдук жыйындын планын ишке ашыруунун алкагында тарбиялык иш-чараларды пландаштыруу, даярдоо жана өткөрүү боюнча сабактар өтүп, аскердик тартипти жана укук тартибин чыңдоо жаатындагы актуалдуу маселелер талкууланды. Аскердик бөлүктөрдөгү өздүк курамды тактоо боюнча усулдук жардам көрсөтүлдү.
    Соңунда окуу-усулдук жыйындын катышуучуларына «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине жана Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейине саякат уюштурулду.

Пайдалуу шилтемелер