facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

05.04.2022

ИИМдин Күзөт кызматынын Ведомстволук милиция полку жарандардын мүлкүн кайтаруу боюнча милдетин так аткарып келүүдө

Бүгүнкү күндө, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын Ведомстволук милиция полку кайтарууда түрган мекеме-чарбаларды ишенимдүү кайтаруусу боюнча милдеттерин так аткарып келүүдө.

ИИМдин Күзөт кызматынын Ведомстволук милиция полкунун кайтаруусунда 200 ашуун ар түрдүү менчик формаларындагы мекеме-сарбалар турат. Анын ичинен, өлкөбүздөгү маанилүү, өзгөчө маанилүү жана стратегиялык мекемелер да кирет.

Ведомстволук милиция полку кайтарууда турган мекеме-чарбалардын сактыгына гана эмес, Ички иштер органдарынын башка  бөлүктөрү менен бирге кылмыштын бетин ачуу жана укук бузууларга бөгөт коюу милдеттери да жүктөлгөн.

Мисалга алсак, жакынкы арада эле 30-март күнү Бишкек ш. Махатма Ганди көчөсүндө жайгашкан А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумунун жатаканасында өрт чыккан. Жатакананын имаратынын жанындагы, Ведомстволук милиция полкунун кайтаруусунда турган обьектиде кызмат өтөп жаткан милиция кызматкерлери милициянын старшинасы Алмир Сыдыкбеков жана милициянын ага сержанты Фархад Усеналиев жана милициянын ага сержанты Нурдин Шералиев өрт чыккканын угуп, окуя болгон жерге келген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаал министрлигинин Өрт өчүрүү кызматынын кызматкерлери менен биргеликте жатаканада өрт астында калган жатакананын 4 тургунун куткарып чыгышкан. Жыйынтыгында, имараттагы адамдардын өмүрүн сактап калышкан. Бул боюнча мекеменин жетекчилиги Күзөт кызматынын Ведомстволук милиция полкунун жетекчилигине айтылган кызматкерлердин каармандыгы үчүн жана өз жандарын аябастан жардамга келендигине терең ыраазычылыгын билдиришкен.  ВМ полкунун жетекчилиги тарабынан 2022-жылдын 4-апрель күнү эртең мененки нускамада жогорудагы кызматкерлерге алкыш баракчалары  ыйгарылды.

  Өлкөнү санариптештирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президенттин Жарлыгына ылайык, кызматкерлердин кызмат өтөсүнүн көзөмөлүн жогорулатуу жана Кытай элчилигинин имаратынын аймагында кырдаалды дайым көзөмөлгө алуу, кызмат өтөө ыкмаларын санариптештирүү максатында, күзөт ордуларында  кошумча видеобайкоо камералары орнотулуп, түздөн-түз Полктун Нөөмөт бөлүгүндө жаңыдан орнотулган кошумча видебайкоо системасына чыгаруу иштери ишке ашырылган.

Мындан тышкары, азыркы учурда болуп дүйнө жүзүндө коомдук-саясий жаткан көрүнүштөргө ылайык Полктун кызматкерлери коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоодо коюлган тапшырмаларды жогорку деңгээлде аткаруу үчүн кыракылыкты күчөтүү тартипте кызмат өтөп жатышат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер