facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

25.09.2021

Талас облусунда жашы жете электер менен иштөө инспекторлоруна семинар окутуу болуп өттү

Талас облусунда жашы жете электер менен иштөө инспекторлоруна семинар окутуу болуп өттү 2021-жылдын 25-сентябрында, Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын жыйын залында облустун ИИОнун жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлерине окуу семинар болуп өттү. Семинарды Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнүн башчысы милициянын полковниги Нуржан Адылова, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын Административдик укук жана административдик ишмердүүлүк кафедрасынын окутуучусу, милициянын полковниги Азамат Абдрахманов, "Мобилдик унааларды колдоо" коомдук бирикмелеринин ассоциациясынын директору, милициянын отставкадагы полковниги Шамшыбек Мамыров, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин полиция кеңешчиси Константин Бедаревдер өткөрүштү. Талас облустук ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары милициянын полковниги Кушбеков Шүкүрбек, коомдук коопсуздук кызматынын начальнигинин орун басары, райондук жана шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышышты. Семинар Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин демилгеси менен Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) колдоосу менен өткөрүлдү. Семинардын негизги максаты болуп – милиция кызматкерлеринин билим деңгээлин жогорулатуу, коркунучтардын алдын алуу, жашы жете электерди экстремизм көз караштарга азгырылуусуна бөгөт коюу, мыйзамсыз баңгизаттын жана психоактивдүү заттардын жаңы түрлөрүнө байланыштуу кылмыштардын алдын алуу жана болтурбоо, гендердик жана үй -бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу. Жана ошондой эле, ички органдардын кызматкерлеринин кызматтык этикасы менен кантип жарандарга сылыктык көрсөтүү, кесиптик ишмердүүлүктө токтоолук сыяктуу маанилүү маселелерди талкуулашты. Өзгөчө көңүл инспекторлордун жергиликтүү бийлик менен тыгыз иштөөдө жана жаш балдардын катышуусу менен жол кырсыктарынын алдын алууда Иш аракеттерди күчөтүү керектиги айтылды. Ал багытта кандай иштерди уюштуруу зарылдыгы белгиленди. Семинардын жүрүшүндө милиция кызматкерлерине катышуучуларга сабактардан сырткары кызмат учурда жаралган тийиштүү маалыматтар камтылган колдонмолор таркатылды. Түздөн-түз жашы жете электер менен иштегендиктен алар билимин, тажрыйбасын жогорулатуу үстүндө тынымсыз иш алып баруулары керек. Семинарда кылмыштын жана укук бузуулардын алдын алуу жана аларга карата эң натыйжалуу чараларды колдонуулар ачыкталды. Семинар аяктаган соң бардык катышкан кызматкерлерге сертификаттар тапшырылды. Талас облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги милициянын полковниги Асанов Марлис уюштуруучуларга терең ыраазычылыгын билдирип, өнүгүү үчүн илим дайыма толукталып милиция кызматкерлери аны ишмердүүлүктө туура колдонуу керектигин баса белгиледи. Талас ОИИБнин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер