facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

29.03.2022

Ош облусунун айрым райондук Ички иштер бѳлүмдѳрүнѳ жаңы орун басарлар дайындалды

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан жүргүзулүп жаткан реформалардын алкагында заманбап тейлѳѳ сапатын жогорулатуу багытында ѳздүк курамды окутуп-үйрѳтүүдѳ ѳздүк курам менен иштешүү боюнча айрым райондук ички иштер бѳлүмдѳрүндѳ начальниктин ѳздүк курам менен иш алып баруу боюнча орун басары штаттык бирдиктер берилип, жаңы орун басарлар дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кокурсттук комиссиясынын чечими менен:
Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын Алай райондук ички иштер бѳлүмүнүн начальнигинин кадрлар боюнча  кызматына  милициянын  майору Айдаралиев Нурланбек  Сейталиевич, Араван РИИБдин начальнигинин кадрлар боюнча орун басары кызматына милициянын майору Батыров Уларбек Алимбекович, Кара-Кулжа РИИБдин начальнигинин кадрлар боюнча  орун басары милициянын подполковниги  Маатов Эсеналы Турдахунович, Кара-Суу РИИБдин начальнигинин кадрлар боюнча орун басары кызматына милициянын майору Ибраимов Эрлан Артелович, Ноокат РИИБдин начальнигинин кадрлар боюнча орун басары кызматына  милициянын подполковниги Алтыбаев Нурлан Маматкаримович, Ѳзгѳн РИИБдин начальнигинин кадрлар боюнча орун басары кызматына милициянын подполковниги Камбаров Уранбек Уларбекович дер дайындалды. 
Ошондой эле, Араван РИИБдин начальнигинин орун басары, ал эле коомдук коопсуздук кызматынын начальниги кызматына милициянын  подполковниги Орозов Абдималик Зулпукарович дайындалды.   
Жогорудагы жаңы дайындалган кызматкерлер ѳздүк курамга тааныштырылды. 

Ош ОИИБдин Басма сѳз кызматы.

Пайдалуу шилтемелер