facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

24.03.2022

Жалал-Абад милициясы балдар үйүнө колдоо көрсөттү

Жалал-Абад милициясы балдар үйүнө колдоо көрсөттү
Жалал-Абад милициясы балдар үйүнө колдоо көрсөттү

Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн Балдар иштери боюнча инспекциясынын кызматкерлери комплекстүү реабилитациялык борбордун тарбиялануучуларынан кабар алышты. Алар бул жердеги балдар менен баарлашып, өздүк курам тарабынан даярдалган жазгы кийим-кечелерди тапшырышты.

Кызматкерлер жаш өспүрүмдөрдүн кызыктырган суроолоруна жооп беришип, татыктуу билим жана тарбия алууга чакырышты. Ошондой эле кылмыштуулуктан жана ар түрдүү кырсыктардан алыс болууга үндөшүп, келечек ээлерине ден соолук, окууларында ийгиликтер болуусун каалап өтүштү.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер