facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

18.03.2022

Жалал-Абад шаарында «Кайырчы» рейди өткөрүлүп, 37 лөлү тектүүлөр аныкталды

Бүгүн 18-мартта Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү, ЖКККБ, мэрия жана социалдык коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан «Кайырчы» аталышындагы рейд өткөрүлдү. Анын алкагында шаар аймагындагы көчө бойлоруна, көпүрөлөргө, жер астынан өтүүчү өтмөктөргө туруп алышып, жол тыгындарын жана жарандарга ыңгайсыздык жараткан 37 лөлү тектүүлөр аныкталды. Анын ичинде 7 жашы жете элек өспүрүмдөр бар.

Алар Жалал-Абад ШИИБдин имаратына алынып келинип, манжа издери алынды. Тактоо учурунда алардын көпчүлүгү  Ош облусунун ар кайсы аймагынан келишкендиги белгилүү болду. Рейд учурунда аныкталган лөлү тектүү жарандарга түшүндүрүү  иштери жүргүзүлүп, жашаган аймактарына жөнөтүлдү.

Жалал-Абад шаарынын аймагында жарандарга карата ыңгайсыздыктарды жоюу боюнча алдыга мындай иш-аракеттер дагы улантылат.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер