facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

16.03.2022

Ош облусунун аймагында «Бандит» аталыштагы ыкчам иш-чара ѳткѳрүлдү.

Өткөн жумада Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн  кызматкерлери тарабынан Ош облусунун аймагында «Бандит» аталыштагы ыкчам иш–чаралары ѳткѳрүлдү.
Иш чаранын негизги максаты: 
- облустун аймагында каракчылык кол салуулардын бетин ачуу, алдын алуу, бѳгѳт коюу.
-облустун аймагында каракчылыкка катышы бар деген ыкчам маалымат алынган адамдарды текшерүү жана аныктоо,
-облустун аймагында жарандарды карактап жана тоноого адистешкен кылмыштуу топторду аныктоо.
-Коомго каршы аракеттерди жасоочу жана кылмыш чѳйрѳсүнүн идеологиясын үгүттѳгѳн адамдарды аныктоо жана тактоо,
- Каракчылык жана тоноочулук кылып эркинен ажыратылып, мѳѳнѳтүн ѳтѳп чыккан, мурда соттолгон адамдар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү,
-Каракчылык кол салуулардын себептерин жана шарттарын аныктап, бѳгѳт коюу.
Аталган иш чарада 2022-жылдын 11-март күнү Өзгөн районунун Мырза-Арык айылында, “Тойота-Камри” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жөө жүргүнчү 33 жаштагы О.И., аттуу жаранды коюп кетип, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөөнүн жүрүшүндө кылмыштын изи сууй электе кылмышка шектүү, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары  Ички иштер министрлигинин  ыкчам каттоосунда турган, Ош шаарынын тургуну 39 жаштагы Э.А., кармалган.
Мындан сырткары, Ички иштер министрлигинин ыкчам тизмесинде уюшулган кылмыштуу топтун активдүү мүчѳлѳрү катары каттоодо турган 8 жаран Ички иштер бѳлүмдѳрүнѳ алып келинип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Аларга эгерде мыйзам бузуучу аракеттерге баруучу болсо катуу чара кѳрүлѳ тургандыгы боюнча эскертүү берилди.
Учурда Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан облус аймагында криминогендик жана ыкчам кырдаалдын курчушуна жол бербөө максатында мындай иш-чараларды тынымсыз өткөрүп келет. 

Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер