facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

11.03.2022

Баткен ОИИБдин начальниги Мурат Боронов ысырапкерчиликке жол бербөө багытында иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди

Баткен шаарындагы А.Жайнаков атындагы маданият үйүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жетектеген облус аймагындагы айыл аймактын башчылары, облустук милициянын начальниги, район-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана алардын орун басарлары,  айыл активисттери катышкан облустук деңгээлдеги чоң жыйын болуп өттү. Маалыматтар берилип, жыйын талкуулар менен коштолду.

Жыйында Баткен ОИИБнын начальниги Мурат Боронов Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды жана башка үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкерчиликке жол бербөө багытында чыккан Жарлыгын жер-жерлердеги айыл тургундарына жеткирүүдө милиция кызматкерлери  үзгүлтүксүз иш алып барып жаткандыгын жана район борборунан алыс жайгашкан тоолуу аймактарга милициянын көчмө кабылдамасы түзүлгөн графиктин негизинде барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткандыгын белгилеп кетти.

Жыйынга катышкан эл кыргыздын той-аштардагы, өлүм-житимдеги колдонулган үрп-адаттары адаттан сырткары чоң ысырапкерчиликке алып келип жаткандыгын айтышып, сарамжалдуулукту колдоорун билдиришти.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер