facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

11.03.2022

Нарын ОИИБи: Нарын райондук милициясы окуучулардын  келечегине кам көрүүдө

2022-жылдын 10-март күнү  Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн балдар иштери боюнча инспекциясынын инспекторлору  келечекте кесипкөй жана жоопкерчиликтүү адистерди тарбиялоо максатында Нарын районуна караштуу Ак-Талаа айылындагы Ж.Мамбетов атындагы орто мектебинин 10-11-класстарынын жалпы 36  окуучусуна Нарын шаарында  жайгашкан Нарын мамлекеттик университетине караштуу Агрардык-экономикалык колледж, экономика жана дене күч маданияты факультети, педагогика факультети жана агрардык-техникалык факультеттери менен кеңири таанышуу максатында экскурсия уюштуруп өткөрүп беришти.
Экскурсиянын жүрүшүндө, аталган С.Нааматов атындагы НМУнун Жедигер Саалаев атындагы илимий китепканасына барышып, ал жерден китептердин баалуулуктарын, окумуштуулардын илимий изилдөөлөрү менен жеринде таанышып окуучулар билим деңгээлдерин жогорулатышты. 
Мындан сырткары, аталган факультеттер менен кеңири таанышкан соң андан ары экскурсияны  Нарын шаарындагы Борбордук Азия Университетинде улантышып ал жердеги студенттердин билим алуулары, жол-жоболору менен жеринде таанышышты.
Жыйынтыгында окуучуларга арналган экскурсия жогорку деңгээлде өткөрүлүп,  окуучулардын коопсуздугун Нарын РИИБнүн  Балдар иштери боюнча участкалык инспекторлору окуучулардын коопсуздугун сактап коштоп жүрүштү. Бул иш-чараны уюштуруп бергендери үчүн ата-энелер, мугалимдер жамааты жана окуучулар милиция кызматкерлерине ыраазычылык сөздөрүн билдирип өтүштү.
Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер