facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

03.03.2022

ИИМ: Ноокенде 80 жаштагы ардагерге медаль тапшырылды

ИИМ: Ноокенде 80 жаштагы ардагерге медаль тапшырылды
ИИМ: Ноокенде 80 жаштагы ардагерге медаль тапшырылды
ИИМ: Ноокенде 80 жаштагы ардагерге медаль тапшырылды
ИИМ: Ноокенде 80 жаштагы ардагерге медаль тапшырылды

Ички иштер органдарында үзүрлүү эмгектенип, эс алууга чыккан ардагер Жумабай Токтогуловго ИИМдин «Кыргыз милициясына 95 жыл» юбилейлик медалы тапшырылып, кыргыздын калпак, чепкени кийгизилди. Ал 1942-жылы 3-мартта туулуп, бүгүн 80 жашка толду.

Жумабай Токтогуловду Ноокен РИИБдин начальниги милициянын полковниги Алтынбек Мусаев куттуктап, бекем ден соолукта болуп, узак өмүр сүрүүсүн каалады. Ошондой эле жаш кызматкерлер үчүн үлгү болуусуна, милицияда иштеген жылдары топтогон тажрыйбасы менен бөлүшүүгө жана акыл-насаатын айтуусуна тилектештигин билдирди.

Өз кезегинде Жумабай аксакал Ноокен РИИБдин жетекчилигине жана Ардагерлер кеңешине ыраазычылык билдирип, иштеринде ийгиликтер болуусун каалап, ак батасын берди.

Ички иштер органдарынын ардагери милициянын отставкадагы капитаны Жумабай Токтогулов 1965-жылы милициянын Караганды шаарындагы орто мектебин аяктаган. Алгач Ош шаарында участкалык инспектор болуп жумушка орношуп, кийин Бишкек шаарында, Ноокен районунда кылмыш-иликтөө багытында эмгектенген. 1996-жылы ардактуу эс алууга узатылган. Эс алууга чыккандан кийин Кочкор-Ата шаарындагы техникалык билим берүү жайларында дене тарбия жана аскерге чейинки даярдоо сабактарынан мугалим болуп эмгектенген. Жумабай аксакал 3 баланын сүйүктүү атасы.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер