facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

02.03.2022

Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы жана баалуу белек менен ИИМдин кызматкерлери сыйланды

Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы жана баалуу белек менен ИИМдин кызматкерлери сыйланды
Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы жана баалуу белек менен ИИМдин кызматкерлери сыйланды

Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы чек арага жакын аймактарда болгон чыр-чатак учурунда мамлекеттин эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүктү, ошондой эле улуттук коопсуздукту жана укуктук тартипти коргоо боюнча өзүнүн кызматтык милдеттерин ак ниет жана үлгүлүү аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен Баткен облусунун Баткен районунун Көк-Таш айылдык милиция бөлүмчөсүнүн начальнигинин орун басары Салманов Анарбек Ташмуратович сыйланды.
Ал эми, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан баалуу белек (энчилүү саат) менен Баткен облусунун Баткен районунун ички иштер бөлүмүнүн начальниги Шагамурзаев Алмазбек Тиллабаевич сыйланды. 

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер