26.08.2021
Аялдар, тынчтык жана коопсуздук - ЕККУ Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1325 резолюциясын ишке ашыруу аракеттерин колдойт
Бүгүн Кыргызстандын бардык булуң-бурчунан келген ички иштер органдарынын (ИИО) 15 өкүлү БУУнун 1325 резолюциясы тууралуу жана аялдар, тынчтык жана коопсуздук маселелерин илгерилетүү боюнча үч күндүк окуу курсуна катышууда.
🔹Окутуу курсунун максаты катышуучулар арасында төмөнкүдөй маселелер боюнча маалымдуулукту жогорулатуу болуп саналат:
📍гендердик зомбулуктун түрлөрү жана конфликттер жана башка кризистик кырдаалдарда анын алдын алуу;
📍тынчтыкты орнотууда жергиликтүү аялдардын демилгелеринин ролу;
📍аялдардын тынчтык жана коопсуздук маселелерине катышуусу;
📍гендердик зомбулуктун курмандыктары менен иштөө жана башкалар.
🔹Семинар ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин Кыргызстанга үзгүлтүксүз колдоосунун алкагында укук коргоо органдарынын кызматкерлерине алардын ишмердүүлүгүнө гендердик перспективаны киргизүү жөнүндө маалымат берүү максатында уюштурулду.