Кылмыштардын бирдиктүү реестри жөнүндө
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 24-марты № 141
Кылмыштардын бирдиктүү реестри
жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кылмыштарды эсепке алуунун мамлекеттик системасынын иштешин, кылмыштуулуктун абалы жөнүндө маалыматтарга мамлекеттик статистикалык байкоо жүргүзүү формаларында бир түрдүүлүктү жана толук чагылдырууну камсыз кылуу, ошондой эле кылмыштарды мамлекеттик каттоонун жана эсепке алуунун бирдиктүү принциптерин ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 146-беренесинин 1-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кылмыштардын бирдиктүү реестри жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына төмөнкүлөр сунушталсын:
1) ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Жобонун ченемдерин ишке ашырууга багытталган зарыл чараларды көрүү;
2) “Кылмыштардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык системасын укук коргоо жана башка мамлекеттик органдарда колдонууну кеңейтүүгө багытталган чараларды көрүү;
3) мамлекеттик органдар жана уюмдар менен маалымат алмашуу боюнча өз ара аракеттенүүнү уюштуруу.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна төмөнкүлөр сунушталсын:
1) өзүнүн ведомстволук актыларын ушул токтомго ылайык келтирүү;
2) кабыл алынган сот чечимдери жана кылмыштар жөнүндө кылмыш иштеринин кыймылы тууралуу маалымат алмашуу бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен өз ара аракеттенүүнү уюштуруу.
4. Кылмыш иштери боюнча сотко чейинки өндүрүштү, ошондой эле ыкчам издөө жана алгачкы текшерүү ишин жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар эки айлык мөөнөттө:
1) өздөрүнүн ведомстволук актыларын (нускамаларды, жоболорду, эрежелерди жана башкаларды), чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
2) бул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
5. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) бул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын ишке тартылган мамлекеттик органдары үчүн тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт;
2) бул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Жобону ишке ашыруу үчүн зарыл болгон эсепке алуу китептерин, журналдарды жана башка бланктык продукцияларды даярдоо кылмыш иштери боюнча сотко чейинки өндүрүштү, ошондой эле ыкчам издөө жана алгачкы текшерүү ишин жүзөгө ашырууга ыйгарым укукту мамлекеттик органдар тарабынан камсыз кылынат.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-декабрындагы № 602 “Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 23 (3679) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
|
Тиркеме Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин |
Кылмыштардын бирдиктүү реестри жөнүндө
Жобо
1-Глава. Жалпы жоболор
- Кылмыштардын бирдиктүү реестри жөнүндө Жобо (мындан ары - Жобо) жасалган же даярдалып жаткан кылмыштар жөнүндө арыздарды же билдирүүлөрдү кабыл алуунун, каттоонун, башка окуялар жөнүндө билдирүүлөрдү кароонун, кылмыштарды, аларды жасаган жактарды эсепке алуунун, кылмыш иштеринин, тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдарын, эсепке алуунун башка объекттеринин кыймылын, ошондой эле “Кылмыштардын бирдиктүү реестрин” (мындан ары - КБР) түзүүнүн жана жүргүзүүнүн бардык укук коргоо органдары үчүн бирдей тартибин аныктайт.
- КБР Кылмыш-жаза-процессуалдык кодексинин (мындан ары – КЖПК) ченемдерине ылайык, төмөнкү максатта түзүлөт жана жүргүзүлөт:
- жасалган же даярдалып жаткан кылмыштар жөнүндө арыздарды же билдирүүлөрдү каттоо;
- сотко чейинки өндүрүштүн башталышын, жабырлануучулар, шектүүлөр жана айыпталуучулар жөнүндө, сотко чейинки өндүрүш учурунда кабыл алынган процессуалдык аракеттер жана чечимдер жөнүндө, сот өндүрүшүнүн натыйжалары жөнүндө маалыматтарды каттоо жана эсепке алуу;
- сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүдө мыйзамдардын аткарылышына прокурордук көзөмөлдү жана ведомстволук контролду камсыздоо;
- республикадагы кылмыштуулуктун абалы жана алар менен күрөшүүнүн жыйынтыктары тууралуу жазык-укуктук статистиканы түзүү жана эсепке алуу;
- укук коргоо органдарын маалыматтык-аналитикалык жактан камсыздоо;
- жарандардын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына тийиштүү маалыматка жетүү укугун жүзөгө ашыруу (жабырлануучунун жана анын өкүлүнүн, шектүүнүн, айыпталуучунун жана анын адвокатынын).
3. Ушул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
-
-
- “Кылмыштардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык система (мындан ары – “КБР” АМС) – төмөнкүдөй маалыматтар киргизилүүчү электрондук маалымат базасы:
-
- жасалган же даярдалып жаткан кылмыштар тууралуу арыздарды жана билдирүүлөрдү, ошондой эле окуялар жөнүндө башка маалыматтарды “КБР” АМСтын маалыматтарды эсепке алуу журналына каттоо;
- КБРге каттоо (сотко чейинки өндүрүш);
- процессуалдык аракеттер жана чечимдер;
- кылмыш иштеринин кыймылы;
- арыздануучулар жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучулары;
- кылмыш иш боюнча сот өндүрүшүнүн жыйынтыгы;
-
- анонимдик кайрылуу – арыз ээсин аныктоо мүмкүн болбогон, арыз ээсинин колу жана дареги көрсөтүлбөгөн кайрылуу;
- дайынсыз жоголгон адам – кандайдыр бир себеби жок күтүүсүздөн жоголгон жана жүргөн жери белгисиз;
- документти генерациялоо – КБРде киргизилген шаблондордун негизинде автоматтык түрдө документ жаратуу (генерациялоо) мүмкүнчүлүгүн берген электрондук операция;
- алгачкы эсепке алуу документтери – кылмыштарды, жабырлануучуларды, шектүүлөрдү, айыпталуучуларды каттоого алуу үчүн, ошондой эле мурдагы жылдардан келе жаткан кылмыш иштеринин кыймылын эсепке алуу үчүн пайдаланылган электрондук маалыматтык эсепке алуу документинин кагаз түрү (статистикалык карточкалар). Алгачкы эсепке алуу документтери керектүү учурда электрондук маалыматтык эсепке алуу документинин негизинде “КБР” АМСтен берилет, ошондой эле штаттык эмес абал жаралганда кол менен толтурулат;
- тергөөгө чейинки текшерүү – КБРген кылмыш жөнүндө арыз же билдирүү катталган учурдан тартып кылмыш ишин козгоо же кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин сотко чейинки өндүрүш баскычы;
- сотко чейинки өндүрүш – КБРге кылмыш жөнүндө арызды, билдирүүнү каттоодон, тергөөгө чейинки текшерүүдөн, прокурор тарабынан иштин материалдарын маңызы боюнча кароо үчүн сотко жиберүүдөн турган кылмыш-жаза сот өндүрүшү;
- ар күндүк маалымат (сводка) – маалыматтарды эсепке алуу журналында катталган, “КБР” АМСтын тиешелүү модулу менен автоматтык түрдө генерацияланган кылмыштар жана билдирүүлөр жөнундө жыйынды маалыматтар;
- маалыматтарды эсепке алуу журналы (мындан ары - МЭЖ) – “КБР” АМСтын түзүмдүк бөлүгү болгон ар бир жазууга каттоо номери автоматтык түрдө ыйгарылуучу, жасалган же даярдалып жаткан кылмыш жөнүндө маалыматтар, ошондой эле окуялар жөнүндө башка маалыматтар киргизилүүчү автоматташтырылган маалымат базасы;
- кылмыш тууралуу маалымат – КЖПКнын 145-беренесине ылайык сотко чейинки өндүрүштү баштоо чечимин кабыл алууга зарыл болгон арыз, кайрылуу, уюмдун ыйгарым укуктуу адамынын билдирүүсү, кызмат адамынын рапорту, кылмыш ишинен бөлүнгөн материалдар, КЖПКнын 350-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде соттон келип түшкн кылмыш иштин материалдары, ошондой эле белгиленген тартипте таризделген, чет мамлекеттен келип түшкөн сотко чейинки өндүрүштүн материалдары;
- номенклатуралык иш – укук коргоо органынын ыйгарым укуктуу кызматкери тарабынан тийиштүү текшерүүнүн жыйынтыгынын негизинде укук бузуунун же кылмыштын белгилери аныкталбаган, ушул Жободо белгиленген тартипте номенклатуралык ишке чыгышталган МЭЖдын материалы.
- кайталанма арыз же билдирүү – бир эле кылмыш (окуя) боюнча бир жолудан көп кайрылуу;
- “КБР” АМСтын колдонуучусу (мындан ары - колдонуучу) – КЖПКнын талаптары жайылтылган алгачкы текшерүү органы, тергөөчү, прокурор, тергөө судьясы, судья, жазаларды аткаруу органы, мамлекеттик органдардын кызмат адамдары;
- кылмыш тууралуу арызды, билдирүүнү, ошондой эле башка окуялар тууралуу маалыматты кабыл алуу – укук коргоо органдарынын кызмат адамдары тарабынан жасалган же даярдалып жаткан кылмыш жөнүндө арызды же билдирүүнү, ошондой эле окуя жөнүндө башка маалыматты милдеттүү түрдө кабыл алуу менен МЭЖге каттоо;
- процессуалдык аракет – КЖПКда каралган тергөө, соттук же башка аракет;
- процессуалдык чечимдер – кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жүргүзгөн органдардын өз компетенциясынын чегинде, КЖПКда аныкталган формада чыгарылган кылмыш-жаза-процессуалдык укукту колдонуу актылары;
- “КБР” АМСтын каттоочусу (мындан ары - каттоочу) – ушул Жобого ылайык өз ыйгарым укуктарынын чегинде “КБР” АМСке маалымат киргизүүчү прокурор, тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, укук коргоо органынын кызмат адамы (нөөмөтчү, нөөмөтчүнүн жардамчысы), соттор жана тийиштүү соттордун аппараттарынын кызматкерлери;
- уюштуруучулук түзүмүнүн маалымдамасы – “КБР” АМСтын административдик-каттоо модулу, ага КБРдин каттоочулары жана колдонуучулары жөнүндө маалыматтар алардын укуктарын жана маалыматка жетүү деңгээлин эске алуу менен киргизилет;
- талон-билдирме – арыз же билдирүүнү кабыл алган жак, каттоо мөөнөтү жана каттоо номери камтыган (QR - кодун милдеттүү көрсөтүү менен) кабыл алынган кылмыш жөнүндө арыз же билдирүү катталгандыгын ырастаган, МЭЖдын модулу тарабынан генерацияланган документ, ал боюнча арыз жана билдирүү ээси өзүнүн арызынын каралып жаткандыгынын статусун көрө алат;
- кылмыш жөнүндө маалыматты, ошондой эле окуялар жөнүндө башка маалыматты эсепке алуу – “КБР” АМС МЭЖге мындай маалыматты, ушул Жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн себептерди кошкондо, ошондой эле алардын кароонун жыйынтыктарын каттоо;
- кылмыш-жаза сот өндүрүшү – сотко чейинки жана соттук өндүрүш;
- жашырылган кылмыш - сотко чейинки өндүрүштү баштоого негиздер болгондугуна карабастан, “КБР” АМСке аны каттоо чаралары көрүлбөгөн кылмыш;
- ыйгарым укуктуу орган – Башкы прокуратуранын маалыматтык технологиялар, укуктук статистика жана эсепке алуу тармагында иш алып барган түзүмдүк бөлүмү жана анын аймактык бөлүмдөрү;
- ыйгарым укуктуу адам – кылмыш тууралуу арыздарды жана билдирүүлөрдү жана башка окуялар тууралуу маалыматтарды каттоого жана эсепке алууга жооптуу укук коргоо органдарынын кызмат адамы (нөөмөт бөлүмүнүн кызматкери, тергөөчү жана башкалар);
- электрондук иш – электрондук-санариптик формада жүзөгө ашырыла турган, кылмыш катталгандан тартып тергөөгө чейинки текшерүүнүн, тергөөнүн, соттук териштирүүнүн жана жаза аткаруунун кыймылын билдирүүчү, тиешелүү ведомстволук маалыматтык тутумдардын маалыматынан түзүлгөн, кагаз түрүндө процессуалдык документтер менен иштегенге мүмкүнчүлүктүү, электрондук (санарип) колтамга аркылуу ырасталган, Кылмыштардын бирдиктүү реестринде топтолгон кылмыш-жаза сот өндүрүшү;
- электрондук (санарип) кол тамга - ким тарабынан маалыматка кол коюлгандыгын аныктоо үчүн колдонулуучу, башка бир электрондук формадагы маалыматка бириктирилген жана (же) логикалык жактан аны менен байланыштуу электрондук түрдөгү маалымат;
- электрондук маалыматтык эсепке алуу документи (тиешелүү реквизиттерди камтыган форма) - мамлекеттик укуктук статистика жана эсепке алуу маалыматтарынын негиздерин түзүүчү укуктук статистикалык маалыматтарды алып жүрүүчү.
-
4. Кылмыштар жөнүндө арыздарда, билдирүүлөрдө, ошондой эле башка окуялар жөнүндө маалыматтарда камтылган КБРге маалыматтарды киргизүүнүн, КБР жүргүзүүнүн деталдуу эрежелери, электрондук маалыматтык эсепке алуу документтеринин үлгүлөрү (тийиштүү реквизиттерди камтыган формалар), эсепке алуу китеби, журналдар жана башка бланктык үлгүлөр Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун буйругу менен бекитилет.
- Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ортосундагы ыйгарым укуктарына чектөө жана алардын КБРге жасалган же даярдалып жаткан кылмыштар жөнүндө арыздарды же билдирүүлөрдү, ошондой эле окуялар жөнүндө башка маалыматтарды кабыл алуу, каттоо боюнча ишти уюштуруу маселелери укук коргоо органдарынын ведомстволук актылары менен аныкталат.
- Каттоочулар жана колдонуучулар жөнүндө маалыматтар ыйгарым укуктуу орган тарабынан КБРдин административдик-уюштуруучулук түзүмүнүн маалымдамасына (мындан ары – маалымдама) ар бир орган боюнча киргизилет.
2-глава. Кылмыштар жөнүндө арыздарды же билдирүүлөрдү,
ошондой эле башка окуялар жөнүндө маалыматтарды
кабыл алуунун, каттоонун тартиби
- Укук коргоо органдарынын кызмат адамдары (нөөмөтчү жана нөөмөтчүнүн жардамчысы) ар бир окуя боюнча маалыматты, анын ичинде жасалган же даярдалып жаткан кылмыш жөнүндө маалыматты кабыл алып “КБР” АМС МЭЖге каттайт. Нөөмөт бөлүмдөрү тарабынан кабыл алуу күнү-түнү жүргүзүлөт.
Нөөмөт бөлүмдөрү тарабынан МЭЖге катталган маалымат таандыктыгы боюнча, анын мазмунуна жараша бөлүштүрүлөт (эгерде кылмыштын белгилери камтылса – тергөө бөлүмчөсүнө, башка учурда – тиешелүү ыйгарым укуктуу органына).
КБРге кирүүгө мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда, жасалган же даярдалып жаткан кылмыш жөнүндө маалыматты кабыл алган кызмат адамы байланыш каражаттарын пайдалануу менен ыйгарым укуктуу адамга кабарлайт, ал өз учурунда алынган кабарламанын негизинде маалыматты “КБР” АМС МЭЖге белгилейт жана бул тууралуу тийиштүү рапорт түзүлөт.
8. Сотко чейинки өндүрүштү (тергөөгө чейинки текшерүүнү ) баштоого негиз болуп КЖПКнын 148-беренесине ылайык, жасалган же даярдалып жаткан кылмыш жөнүндө жарандардын арыздары, мекеменин ыйгарым укуктуу кызматкерлеринин билдирүүлөрү; кызмат адамынын, алгачкы текшерүү органынын, тергөөчүнүн, прокурордун жасалган же даярдалып жаткан кылмышты күбөлөндүрчү жагдайларды түздөн-түз аныктагандыгы боюнча рапорту; кылмыш ишинин ичинен бөлүнүп чыккан материалдар, ошондой эле чет мамлекеттерден жиберилген сотко чейинки өндүрүш иштери саналат.
9. Арыз жасалган же даярдалып жаткан кылмыш жөнүндө билдирген адам, ошондой эле кылмыш жасаган адам тарабынан толтурулат же арызды оозеки кабыл алуу протоколу түзүлүп, ага арыз ээси колун коет, ал учурда, милдеттүү түрдө, атайылап жалган билдирүү бергендиги үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылаары эскертилет.
Жасалган же даярдалып жаткан кылмыш тууралуу юридикалык жактын билдирүүсү кат түрүндө таризделет, ага анын жетекчиси же тийиштүү ишеним катынын негизинде ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлат. Ошол эле учурда, кол койгон адам атайылап жалган билдирүү берген болсо кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгы тууралуу эскертилет.
Прокурор, тергөөчү же алгачкы текшерүү органы тарабынан жасалган же даярдалып жаткан кылмышты күбөлөндүрчү, анын ичинде массалык маалымат каражаттарында чагылдырылган жагдайлар түздөн-түз табылган учурда, аталган жагдайларды аныктаган адам ал боюнча рапорт түзүп, аны “КБР” АМС МЭЖге каттайт. Судья тарабынан жасалган же даярдалып жаткан кылмыш аныкталган учурда тийиштүү материалдарды укук коргоо органдарына аймактык же ведомстволук караштуулугу боюнча “КБР” АМС МЭЖге каттоого алуу үчүн жөнөтөт.
10. Алгачкы текшерүү органы жүргүзгөн изин суутпай издөө иш-чараларынын алкагында изин суутпай издөө иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен алынган маалыматтарда кылмыштын белгилери аныкталган учурда кылмыш жөнүндө маалымат укук коргоо органынын тиешелүү кызмат адамынын рапорту боюнча маалыматтарды эсепке алуу журналына катталууга тийиш.
11. Байланыш каналдары аркылуу түшкөн, жасалган же даярдалып жаткан кылмыш жөнүндө белгисиз жактын (белгисиз булак) кайрылуусу (анын ичинде 102 кызматына), МЭЖге катталууга жатат жана анда камтылган кылмыш жөнүндө маалымат текшерүүгө алынат.
12. Эгерде алынган арызда, билдирүүдө укук бузуу жөнүндө маалыматтар болсо, тергөөчү, прокурор материалдарды (анын ичинде “КБР” АМСтын мүмкүнчүлүктөрү аркылуу) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде белгиленген тартипте же дисциплинардык тартипте укук бузууну кароо компетенциясына кирген ыйгарым укуктуу органга (кызмат адамына) жөнөтүүгө милдеттүү.
Билдирүүдө укук бузуунун курамы аныкталган учурда, рапорттун негизинде жетекчинин макулдугу менен номенклатуралык ишке чыгышталып, укук укук бузуулар жөнүндө Кодексине ылайык чечим кабыл алынат.
Эгерде укук бузуунун курамы бар билдирүүнү кароо башка органдын компетенциясына кирсе, рапорттун негизинде жетекчинин макулдугу менен номенклатуралык ишке чыгышталып, материалдар тийиштүү органга жиберилет.
Ар бир укук бузуу жөнүндө материал “Укук бузуулардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык системасына милдеттүү түрдө катталууга тийиш.
Билдирүүдө кылмыштын курамы аныкталган учурда, рапорттун негизинде жетекчинин макулдугу менен материалды тергөөгө чейинки текшерүүнү уюштуруу үчүн тергөө бөлүмүнө өткөрөт.
14. Укук коргоо органынын иш-кагаздарын жүргүзүү кызматына (канцелярияга) почта, телефакс, электрондук почта, ведомстволук электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу келип түшкөн жасалган же даярдалып жаткан кылмыштар кылмыш жөнүндө арыздар жана билдирүүлөр, кириш корреспонденциясына жалпы эрежелери боюнча катталып, укук коргоо органынын жетекчисине же аны алмаштырган адамга маалымдайт ал маалыматтын мазмунуна жараша тиешелүү кызмат адамдарына арызды, билдирүүнү ушул Жобого ылайык “КБР” АМС МЭЖге каттоо тууралуу жазуу жүзүндө көрсөтмө берет.
Мындай маалыматты “КБР” АМС МЭЖге каттабастан текшерүү үчүн берүүгө тыюу салынат.
15. Укук коргоо органынын же алгачкы текшерүү органынын иш кагаздарын жүргүзүү кызматына, жасалган же даярдалып жаткан кылмыштар жөнүндөгү арыз ээсинин жазуу жүзүндөгү түздөн-түз ушул органга берилген арыздарын жана билдирүүлөрүн каттоого тыюу салынат.
16. Прокурор, тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын кызмат адамы, КЖПКнын 145-беренесине ылайык, жасалган же даярдалып жаткан кылмыш жөнүндө арызды же билдирүүнү “КБР” АМС МЭЖге токтоосуз каттоого жана КЖПКнын 159-беренесинде белгиленген тергөөнүн караштуулугуна ылайык сотко чейинки өндүрүш боюнча тергөөгө чейинки текшерүүнү уюштуруу үчүн тийиштүү прокурорго, тергөөчүгө, тергөө бөлүмүнүн жетекчисине өткөрүп берүүгө милдеттүү.
Ошол эле учурда, “КБР” АМС МЭЖге жасалган же даярдалып жаткан кылмыштар жөнүндө арыз же билдирүү маалыматтар менен кошо, кылмыш жөнүндө алгачкы арыздын же билдирүүнүн сканерленген электрондук көчүрмөсү жана башка тийиштүү документтер киргизилет.
17. Тергөөчү, прокурор “КБР” АМС МЭЖге кылмыш жөнүндө катталган маалымат боюнча тергөөгө чейинки текшерүүнү жүрүзүп, жыйынтыгы менен КЖПКнын 153-беренесине ылайык төмөндөгү чечимдердин бирин кабыл алат:
-
- кылмыш ишин козгоо жөнүндө;
- кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө;
- даярдалып жаткан же жасалган кылмыштар жөнүндө арызды же билдирүүнү кароо үчүн караштуулугу боюнча жиберүү жөнүндө.
18. Ыйгарым укуктуу адам (нөөмөтчү, нөөмөтчүнүн жардамчысы) тарабынан маалыматты “КБР” АМС МЭЖге каттоого алынгандан кийин каттоого негиз болгон кагаз түрүндөгү документке каттоо штампы басылат.
Укук коргоо органынын каттоо штампы, аталышы, каттоо убактысы жана күнү, МЭЖ тарабынан автоматтык түрдө ыйгарылган каттоо номери, кызмат адамынын кызмат орду, аты-жөнү жана колун камтыйт.
Каттоо номери – бул кодду билдирет, код ХХ-YYY-GGGG-NNNNNN реквизиттерин камтыйт, мында XX – МЭЖдын статусун, YYY - органдын индексин, GGGG – каттоо жылын, NNNNNN - каттоонун катар номерин билдирет.
3-глава. КБР түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби
19. КБРдин кармоочусу болуп Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы саналат.
20. Кармоочу төмөнкүлөрдү ишке ашырат:
-
- мамлекеттик укуктук статистика жана эсепке алуу тармагындагы, ошондой эле кылмыш жөнүндө арыз/билдирүү катталган учурдан тартып соттун чечими (өкүмү) аткарылганга чейинки кылмыш-жаза процессинин бардык стадияларында мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл кылуу;
- “КБР” АМСтын жүргүзүүнүн уюштуруучулук, методологиялык жана программалык-техникалык каражаттарын иштеп чыгуу;
- “КБР” АМСтын администраторунун функциясын аткаруу;
- Кыргыз Республикасынын укук коргоо, мамлекеттик, сот органдарынын жана башка уюмдарынын маалымат базаларынын өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу;
- “КБР” АМСтын түзүү, жүргүзүү жана пайдалануу боюнча ченемдик документтерди иштеп чыгуу жана өркүндөтүү.
21. Кармоочу ушул Жободо аныкталган “КБР” АМСтын администраторунун функциясын аткаруу менен Башкы прокуратурага караштуу “Укук” мамлекеттик мекемеси менен биргеликте, “КБР” АМСте программалык камсыздоосун техникалык жана технологиялык жактан түзүү жана коштоп жүрүү; системанын колдонулушуна мониторинг жүргүзүү; каттоочулардын кирүүсүнө мүмкүнчүлүк берүү жана чектөө; электрондук санариптик кол тамганы пайдалануу; “КБР” АМСте камтылган маалыматтарды сактоо жана коргоо; тартип жана коопсуздук системасынын сакталышын текшерүү; КБРдин түзүү жана пайдалануу боюнча окууларды өткөрүү; маалымдамалардын жана индексациялардын тизмесин жана жүргүзүү тартибин аныктайт, ошондой эле ушул Жободо каралган башка функцияларды аткарат.
22. КБРдин каттоочулары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
-
- прокурорлор (анын ичинде прокуратуралардын жетекчилери);
- сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу укук коргоо органынын жана алгачкы текшерүү органдардын (номенклатуралык ишке чыгыштоо бөлүгүндө) ыйгарым укуктуу кызмат адамдары;
- ички иштер органдарынын (мындан ары - ИИО), Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (мындан ары - УКМК), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (мындан ары - ЖАМК), Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын (мындан ары - МБК) нөөмөт бөлүмдөрүнүн ыйгарым укуктуу адамдары;
- прокуратура органдарынын, ИИОнын, УКМКнын, ЖАМКнын, МБКнын тергөөчүлөрү;
- судьялар жана тиешелүү соттордун аппараттарынын кызматкерлери.
23. КБРдин пайдалануучулары болуп ушул Жобонун 22-пунктунда көрсөтүлгөн жактар, ошондой эле укук коргоо органдарынын маалыматтык-талдоону камсыздоо жана атайын эсепке алуу (ыкчам, ыкчам-эсепке алуу, дактилоскопиялык ж.б.), функцияларын аткарышкан, пробация органдарынын кызматкерлери, укук коргоо органдарынын башка ыйгарым укуктуу кызматкерлери саналат.
КБРдин пайдалануучулардын кирүү тартиби жана деңгээли кармоочу тарабынан аныкталат.
24. Каттоочулар жана пайдалануучулар жөнүндө маалыматтар КБРдин уюштуруучулук түзүмүнүн маалымдамасына ар бир укук коргоо, сот органы жана пробация органы боюнча өзүнчө киргизилет.
25. КБРдин каттоочуларын жана колдонуучуларын так жана өз убагында эсепке алуу, ошондой эле системага кирүү мүмкүндүгүн бөлүштүрүү максатында, прокуратура органдарынын, ИИО, УКМК, ЖАМК, МБК, сот органдарынын кадрдык бөлүмдөрү тийиштүү кызматкерди кызматка дайындоо же бошотуу тууралуу буйрукка кол коюлган күнү КБРдин административдик-уюштуруучулук түзүмүнүн маалымдамасына каттоочулар жана колдонуучулар жөнүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн бул тууралуу КБРдин кармоочусуна токтоосуз жазуу жүзүндө кабарлайт.
26. МЭЖге төмөнкүдөй маалыматтар киргизилет:
-
- кылмыш жөнүндө арыздын, билдирүүнүн келип түшкөн, жасалган же даярдалып жаткан кылмышты көрсөтүүчү жагдайлардын башка булактардан аныкталган күнү жана убактысы;
- жабырлануучунун же арыз берүүчүнүн аты-жөнү (юридикалык жактын аталышы);
- жасалган же даярдалып жаткан кылмыш жагдайы аныкталып, аны күбөлөндүрүүчү башка булактар;
- жабырлануучу, арыздануучу тарабынан же башка булактан белгилүү болгон, жасалган же даярдалып жаткан кылмыш жөнүндө күбөлөндүрүүчү жагдайлардын кыскача баяндалышы;
- окуянын түрүн көрсөтүү менен жосундун алдын ала укуктук квалификациясы;
- номенклатуралык ишке чыгыштоо (автоматтык түрдө номерди ыйгаруу менен);
- кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө (кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарылган тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалына автоматтык түрдө номер ыйгаруу менен);
- кылмыш ишин козгоо жөнүндө (кылмыш ишинин номерин автоматтык түрдө ыйгаруу менен);
- жасалган же даярдалып жаткан кылмыш жөнүндө арызды же билдирүүнү ведомстволук караштуулугу боюнча кароо үчүн жиберүү жөнүндө;
- каттоочунун кызмат орду, фамилиясы, аты.
27. Реабилитацияланбаган негиздер боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартууда (КЖПКнын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7, 9, 9-1, 11-13-пункттары) тиешелүү токтом чыгарган тергөөчү, прокурор жабырлануучулар, кайсыл адамга карата чечим кабыл алынгандыгы ж.б. жөнүндө электрондук эсепке алуу документтеринде каралган маалыматтарды КБРге киргизүүгө милдеттүү.
28. Кылмыштарды жана аларды тергөө боюнча эсепке алуу модулуна төмөнкү маалыматтар киргизилет:
-
- МЭЖдын тийиштүү маалыматтары (МЭЖден автоматтык түрдө көчүрүлөт);
- кылмыш ишин козгоо жөнүндө, мында автоматтык түрдө кылмыш иштин номери ыйгарылат, кылмыш ишин козгоо жөнүндө токтому генерацияланат (КЖПКнын 161-беренесинин 2-бөлүгү);
- кылмыш ишин тергөөгө караштуулугу боюнча же сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлгөн жер боюнча башка тергөөчүгө, прокурорго, тергөө органына өткөрүп берүү жөнүндө (КЖПКнын 35-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пункту, 159, 160-беренелери);
- кармалган (шектүү) адамдын аты-жөнү, анкеталык маалыматтары, аны кармоонун негиздери, мотивдери, кармалган күнү жана убактысы ж.б. (КЖПКнын 96-97-беренелери);
- айыпталуучунун аты-жөнү, айыпталуучу катары тартуу жөнүндө токтом чыгарылган күнү жана убактысы, Кылмыш-жаза кодексинин (мындан ары - КЖК) тиешелүү беренелерин (анын ичинде бөлүктөрүн жана пункттарын) көрсөтүү менен коюлган айыпты өзгөртүү же аны толуктоо жөнүндө (КЖПКнын 240, 241, 243 жана 245-беренелери);
- бөгөт коюу чарасын тандоо, узартуу, өзгөртүү жана жокко чыгаруу (КЖПКнын 115-116, 460-беренелери);
- тергөөчүнүн, төмөн турган прокурордун мыйзамсыз жана негизсиз чечимин жокко чыгарып, кылмыш ишин сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу органга кайтарып берген прокурордун аты-жөнү, кызмат орду, датасы жана убактысы (КЖПКнын 35-беренесинин 1-бөлүгүнүн 11-пункту, 249-беренесинин 2-бөлүгү жана 260-беренесинин 1-бөлүгү);
- тергөөнү токтотуу жана кайра жандандыруу (КЖПКнын 246-беренеси жана 249-беренесинин 1-бөлүгү);
- айыпталуучуга издөө жарыялоо (КЖПКнын 248-беренеси);
- кылмыш ишинин материалдарын бириктирүү, бөлүү жана калыбына келтирүү (КЖПКнын 141-143-беренелери);
- сотко чейинки өндүрүштүн мөөнөттөрүн узартуу (КЖПКнын 162-беренесинин 4-5-бөлүгү);
- аныкталган материалдык чыгым жана моралдык зыян, сотко чейинки өндүрүштө анын ордун толтуруу, камакка алынган мүлктүн баасы;
- кылмыш иш боюнча тергөөнүн аяктоосу (КЖПКнын 250, 256, 258-беренелери);
- айыптоо актысы менен келип түшкөн кылмыш иш боюнча прокурордун чечими (КЖПКнын 262-беренеси), бул тууралуу маалыматтар прокурор тарабынан КБРге киргизилет;
- системада иш-аракеттердин алгоритмине жана электрондук ишти түзүүчү процессуалдык документтердин шаблондоруна ылайык сотко чейинки өндүрүш учурунда кабыл алынган процессуалдык чечимдер жөнүндө башка маалыматтар;
- каттоочунун ээлеген кызматы, фамилисы, аты (тергөөчүнүн, прокурордун);
29. Кылмыш иштери боюнча соттук өндүрүштүн жыйынтыгы КБРге алгачкы эсепке алуунун тийиштүү документтеринин негизинде (1.2 жана 2.1 формалары) киргизилет. Тийиштүү программалык камсыздоону иштеп чыгууга жараша электрондук вариантта маалыматтарды алмашууга жол берилет.
30. Алгачкы эсепке алуу документтеринин, маалымдамалардын белгиленген формалары баардык укук коргоо органдарынын каттоочуларына бирдей болот. Аларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү КБРдин кармоочусу тарабынан жүзөгө ашырылат.
31. Кылмыштарды, шектүүлөрдү, айыпталуучуларды эсепке алуу алардын жасалышынын аймактык принциби боюнча жүргүзүлөт (КЖПКнын 160-беренесинин талаптарына ылайык жасалган же даярдалып жаткан кылмыш жасалган ордунун юрисдикциясы).
32. КБРде камтылган маалыматтар менен укук коргоо , мамлекеттик органдардын, ошондой эле башка уюмдардын маалымат базаларынын өз ара аракеттенүүсү жана алмашуусу ушул Жобонун талаптарына ылайык жол берилет жана тиешелүү тармактар аралык макулдашуулар менен жөнгө салынат.
33. Сотко чейинки өндүрүштөгү шектүү, айыпталуучу адамдарга карата КБРде камтылган маалыматтар менен сот органдарынын автоматташтырылган системасындагы айыпталуучулар, соттолгондор, акталгандар жөнүндө маалыматтардын алмашуусу, ошондой эле сот өндүрүшүнүн жыйынтыктары, анын ичинде жабырлануучуларга келтирилген материалдык чыгымды калыбына келтирүү жана моралдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө маалыматтарды пайдалануу жана эсепке алуу КЖПК, Жаза-аткаруу кодекси, пробация жана аткаруу өндүрүшү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ушул Жобонун жана ведомстволор аралык буйруктардын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
КБРде камтылган маалыматтар менен ИИМдин, ЖАМКтын жана соттолгон адамдарга, анын ичинде пробациянын кардарларына карата пробациялоо органдарынын автоматташтырылган маалымат системасынын маалымат алмашуусу ушундай эле жагдайда ишке ашырылат.
34. Маалыматтарды КБРге киргизүү КЖПКда жана ушул Жободо аныкталган мөөнөткө ылайык жүзөгө ашырылат, тактап айтканда:
-
- КЖПКнын 145-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, жасалган жана даярдалып жаткан кылмыштар жөнүндө арыздар – токтоосуз;
- тергөөчүнү дайындоо жөнүндө, тергөөчү тарабынан өндүрүшкө алуу - кечиктирилбестен;
- айыпталуучу катарында жоопко тартуу жөнүндө токтом чыгарылган дата, ага айып коюулган датасы жана убактысы (КЖПКнын 240-беренеси) - кечиктирилбестен;
- материалдарды жана маалыматтарды башка сотко чейинки өндүрүш органдарына берүү жөнүндө же сотко чейинки өндүрүштү жүргүзгөн жер боюнча (КЖПКнын 35-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пункту, 159, 160-беренелер), тергөөнү токтотуу жана кайра жандандыруу (КЖПКнын 246-беренеси жана 249-беренесинин 1-бөлүгү), сотко чейинки өндүрүш материалдарын бириктирүү, бөлүү жана калыбына келтирүү (КЖПКнын 141-143-беренелери), тергөөчү тарабынан кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүштүн аяктоосу (КЖПКнын 250, 256, 258-беренелери), айыптоо актысы менен келип түшкөн кылмыш иштери боюнча прокурордун чечими (КЖПКнын 262-беренеси) – процессуалдык чечимдерди кабыл алган учурдан тартып - токтоосуз;
- тергөөчүнүн, төмөн турган прокурордун мыйзамсыз жана негизсиз чечимдерин жокко чыгарган жана кылмыш ишин тергөөнү жүзөгө ашыруучу органга кайтарып берген прокурордун датасы, убактысы жана маалыматтары жөнүндө (КЖПКнын 35-беренесинин 1-бөлүгүнүн 11-пункту, 249-статьянын 2-бөлүгү жана 260-беренесинин 1-бөлүгү) - тиешелүү токтом чыгарылган учурдан тартып 24 сааттын ичинде;
- кылмыш-жаза сот өндүрүшүн камсыз кылуу чаралары - адамды кармоо (КЖПКнын 96-беренеси), бөгөт коюу чарасын тандоо, өзгөртүү же жокко чыгаруу (КЖПКнын 104-1091-беренелери, 116-беренеси), кызматтан убактылуу четтетүү (КЖПКнын 120-беренеси), мүлккө камак салуу (КЖПКнын 121-беренеси) жөнүндө процессуалдык чечимдер кабыл алынган учурларда токтоосуз;
- тергөө судьясы тарабынан бөгөт коюу чарасын колдонуунун мөөнөтүн узартуу жөнүндө (КЖПКнын 115-беренеси) чечим кабыл алынган учурдан тартып – 24 саттан кечиктирилбестен;
- сотко чейинки өндүрүштүн мөөнөтүн узартуу жөнүндө (КЖПКнын 162-беренесинин 4,5-бөлүгү) – ушул маселелер боюнча прокурор өтүнүчтү канааттандырган учурдан тартып – 24 сааттын ичинде;
- тергөөчү тарабынан шектүүгө, айыпталуучуга карата издөө жарыялоо жөнүндө (КЖПКнын 248-беренеси) –тийиштүү токтом чыгарылган учурдан тартып - 24 сааттын ичинде;
- сот тарабынан кылмыш иши прокурорго кайтарылганда (КЖПКнын 278-беренеси) – прокурорго иштин материалдары соттон келип түшкөн учурдан тартып – 24 сааттын ичинде;
- баштапкы эсепке алуунун электрондук документтеринде, ошондой эле электрондук кылмыш ишинин алкагында каралган башка маалыматтар -процессуалдык чечим кабыл алынгандан кийин 24 сааттын ичинде.
- башка маалыматтар, алгачкы эсепке алуу электрондук документтери, ошондой эле электрондук кылмыш ишинин алкагында процессуалдык чечим кабыл алынгандан кийин 24 сааттын ичинде.
4-глава. КБРдеги маалыматтарды берүү
35. КБРден маалыматтар ушул Жобого ылайык көчүрмө түрүндө берилет.
36. КБРден көчүрмө – бул ушул Жобонун 26-28-пункттарында аныкталган параметр менен алынган, кылмыш тууралуу маалыматтын катталгандыгын күбөлөндүргөн документ.
37. КБРден көчүрмө төмөндөгү маалыматтарды камтыйт:
-
- МЭЖдын жана кылмыш ишинин номери;
- арыздын, билдирүүнүн келип түшкөн датасы, жасалган же даярдалып жаткан кылмыштар жөнүндө арыз, билдирүү тууралуу маалыматтарды КБРге киргизүү датасы жана убактысы;
- кылмыштын укуктук квалификациясы;
- жасалган же даярдалып жаткан кылмыш тууралуу арыз же билдирүүнүн негизинде башталган сотко чейинки өндүрүш ишинин жыйынтыгы;
- жабырлануучунун, арыз ээсинин фамилиясы, аты, атасынын аты (жеке жактар үчүн - жеке номер ЖИН, юридикалык жак үчүн - аталышы жана идентификациялык номер);
- жасалган же даярдалып жаткан кылмышты күбөлөндүрө турган окуянын кыскача баяндалышы (фабуласы);
- айыпталуучу катарында жоопко тартылган адамдын анкеталык маалыматтары жана фамилиясы, аты, атасынын аты жана ал адамга карата тергөөнүн жыйынтыгы;
- сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашырган орган;
- каттоочунун фамилиясы, аты, атасынын аты жана кызматы.
38. Каттоочулар киргизилген маалыматтын чегинде КБРден көчүрмөнү өз алдынча түзөт (алат) жана аны өз колу менен күбөлөндүрөт. Аталган көчүрмө кылмыш ишине тиркелет.
39. Кармоочу КБРден маалыматтарды Кыргыз Республикасынын КЖПКнын жана Кыргыз Республикасынын “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын сактоо менен берет.
40. Башталган сотко чейинки өндүрүштү текшерүү баардык каттоочулар тарабынан КБРге киргизилген бир белги же кылмыштар тууралуу маалыматтардын жыйындысы боюнча жүргүзүлөт, атап айтканда:
-
- жасалган же даярдалып жаткан кылмыштын датасы (анын ичинде болжолдуу датасы);
- кылмыш жасалган аймак;
- жабырлануучунун же арыз ээсинин фамилиясы, аты, атасынын аты;
- юридикалык жактын аталышы;
- жасалган же даярдалып жаткан кылмышты күбөлөндүрүшү мүмкүн болгон жагдайларды аныктоо булагы;
- айыпталуучу катарында жоопко тартылган адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты жана башка анкеталык маалыматтар.
41. КБРге киргизилген маалыматтарга жетүү КЖПКда белгиленген компетенциясына жана функционалдык милдеттерине ылайык колдонуучуларга ролдорду ыйгаруу принциптеринде түзүлөт.
5-глава. Кылмыштарды КБРде эсепке алуу
42. КБРдин түзүү каттоочу тарабынан арызда же билдирүүдө көрсөтүлгөн же жасалган (даярдалып жаткан) же кайсыл бир булактан өз алдынча аныкталган кылмыш жөнүндө маалыматтарды системага киргизген учурдан тартып эсепке алынып, мөөнөтү башталат. Оозеки арыздар прокурор, тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу адамы тарабынан протоколго киргизилет жана ага арыз ээси кол коет.
43. Прокурорго, тергөөчүгө же сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу органдарга келип түшкөн арыз, билдирүүлөр жана башка булактардан аныкталган, жасалган же даярдалып жаткан кылмыштар жөнүндө жагдайларды күбөлөндүргөн билдирүүлөр боюнча кылмыштарды эсепке алуу КЖПКнын 144-беренесине ылайык каттоочу тарабынан КБРге маалыматтарды киргизүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
44. Кылмыштарды эсепке алуунун негиздери:
-
- кылмыш ишин козгоо жөнүндө токтом;
- мурда эсепке алынбаган кылмыш жөнүндө материалдарды башка кылмыш ишинин ичинен өзүнчө өндүрүшкө бөлүү жөнүндө токтом;
- кылмышты эсептен чыгаруу менен (реабилитациялык негиздер боюнча) мурда кыскартылган, кылмыш ишти кыскартуу жана кылмыш иши боюнча өндүрүштү кайра баштоо жөнүндө токтомду жокко чыгаруу тууралуу токтом;
- белгиленген тартипте таризделген чет мамлекеттен келип түшкөн сотко чейинки өндүрүштүн материалдарын өзүнүн өндүрүшүнө кабыл алуу жөнүндө токтом.
Кылмышты каттоо фактысы КБРге тийиштүү маалыматтар киргизилген учурдан тартып башталат.
45. Тергөөчү, прокурор тарабынан маалыматты МЭЖге каттагандан кийин (КЖПКнын 148-беренеси) сотко чейинки өндүрүштү баштоого негиз болот жана токтоосуз тергөөгө чейинки текшерүү иши башталат жана анын жыйынтыгы менен КЖПКнын 153-беренесинин 3-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттө кылмыш ишин козгоо же кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечимдери кабыл алынат (КЖПКнын 153-беренесинин 2-бөлүгү).
Кылмыш ишин козгоо жөнүндө маалыматтар КБРге киргизилет, ага автоматтык түрдө кылмыш ишинин номери берилет жана кылмыш ишин козгоо жөнүндөгү токтому генерацияланат.
46. Кылмыш иштин номери төмөнкүдөй реквизиттерден турат: кылмыш иши өндүрүштө экендигин билдирген код, кылмыш ишин козгогон органдын индекси, жылы, кылмыш иштин катар номери. Сотко чейинки өндүрүштүн номеринин реквизиттери сотко чейинки өндүрүштүн баардык этаптарында сакталат.
47. Аймагы боюнча жасалган же даярдалып жаткан кылмыш тууралуу областын, шаардын, райондун коду - прокурор, тергөөчү КБРге кылмыш жөнүндө маалымат киргизгенден кийин, региондук маалымдамага ылайык аныктайт. Областарга, шаарларга, райондорго коддорду ыйгаруу сотко чейинки өндүрүштү жүргүзгөн бардык органдар боюнча бирдей болот жана КБРдин кармоочусу тарабынан аныкталат.
48. КБРге кылмышты мүнөздөөчү маалыматтар киргизилүүгө тийиш. Маалыматтар КБРде чагылдырылат жана кармоочу аныктаган шартта тиешелүү деңгээлдеги прокурорго, кирүү мүмкүндүгүнүн деңгээлине ылайык сотко чейинки өндүрүш органынын жетекчилигине жеткиликтүү абалда болот.
49. Бир нече жасалган (даярдалып жаткан) кылмыштар боюнча маалыматтар бир арызда же прокурор, тергөөчү тарабынан аныкталган билдирүүдө көрсөтүлүп, жасалган (даярдалган) убактысына, жасаган (даярдалып жаткан) кылмыш боюнча шектүү жана айыпталуучунун болгондугуна карабастан, КБРге ар бир кылмыш өзүнчө киргизилет.
50. Мурда эсепке алынбаган кылмыш жөнүндө материалдарды башка кылмыш ишинин ичинен өзүнчө өндүрүшкө бөлгөндө (КЖПКнын 142-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пункту, 6-бөлүгү) тергөөчү, прокурор аныкталган кылмыш жөнүндө маалыматты, ошондой эле аны табуу булагы жөнүндө маалыматты КБРге киргизүүгө милдеттүү. Бул кылмыш иш боюнча жаңы номер берилет.
51. Кылмыш иштин ичинен материалдарды кылмышка кошо катышкан адамга карата өзүнчө сотко чейинки өндүрүшкө бөлүп чыгууда, КБРде жаңы электрондук форма толтурулуп, ошол эле каттоо номерине “А”, “Б” жана башка тамгаларын берүү менен жүргүзүлөт, бирок жаңы кылмыш деп эсептелинбейт жана жаңыдан каттоого алынбайт. Ал эми КБРде “бөлүнгөн” деген реквизит колдонулат.
52. Кылмыш жөнүндө арызды, билдирүүнү кабыл алуу жана каттоо тартиби менен байланышкан кылмыш жөнүндө соттун жеке аныктамасы келип түшкөндө (КЖПКнын 147-беренесинин 3-бөлүгү) прокурор аны КБРге каттоого жана сотко чейинки өндүрүштүн башталышына карата чараларды көрүүгө милдеттүү.
53. Кылмышты эсептен чыгаруу менен (реабилитациялык негиздер боюнча) өндүрүштөн кыскартуу токтомун жокко чыгаруу жана анын тергөөсү жандандырылган учурда, прокурор КБРге тийиштүү маалыматтарды киргизүүгө милдеттүү. Ошол эле учурда кылмыш ишинин номери мурдагы бойдон калат (мурда өндүрүштөн кыскартылган кылмыш иши).
54. Чет мамлекеттин компетенттүү органдары тарабынан мыйзамда белгиленген тартипте келип түшкөн кылмыш иштер боюнча кылмыштар эсепке алынууга тийиш. Бул кылмыштарды эсепке алуу кылмыш ишин өзүнүн өндүрүшүнө алган орган тарабынан жүргүзүлөт. Бул орган “Чет мамлекеттин компетенттүү органдарынан сотко чейинки өндүрүш үчүн келип түшкөн кылмыш ишинин” тиешелүү реквизиттерин көрсөтүү менен маалыматтарды КБРге киргизет (эгерде көрсөтүлгөн кылмыштар жөнүндө маалыматтар буга чейин КБРге киргизилбеген болсо).
55. Ар кандай булактардан бир эле кылмыш жөнүндө келип түшкөн арыздар же билдирүүлөр боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруу фактысы аныкталганда прокурор, тергөөчү мындай материалдарды бир өндүрүшкө бириктирет, бул жөнүндө КБРге тиешелүү белги коюлат. Бир эле факты боюнча бир нече кылмыш иш болгон учурда бир кылмыш иши (убактысы боюнча биринчи козголгон) калат, ал эми калгандары кармоочу тарабынан жокко чыгарылууга тийиш.
56. КБРге кылмыштын фабуласы киргизилген учурда, кылмыштын жасалган күнү (анын ичинде болжолдуу датасы), убактысы, дареги, орду, жасалган ыкмасы, куралы, каражаттары жана аткаруунун (даярдоонун) башка өзгөчөлүктөрү, зыяндын суммасы, жабырлануучу болуп саналган жеке жактын (жактардын) аты-жөнү же юридикалык жактын (жактардын) маалыматтары, кылмышты жасаган деп шектелгендер же айыпталгандар жөнүндө маалыматтар жана башка керектүү маалыматтар милдеттүү түрдө чагылдырылат.
57. Эгерде сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө кылмыштын жасалган (даярдалган) датасы, убактысы жана орду жөнүндө так маалыматтар аныкталса, анда КБРдин тиешелүү реквизиттериндеги маалыматтары түзөтүлүүгө жана оңдолууга тийиш.
58. Кылмыш иши козголгон учурда кылмыш анык эмес шарттарда жасалган деп эсептелет, эгерде:
-
- кылмыш жасаган адам аныкталбаганда;
- шектүү изин суутпай издөө иш-чараларынын же жеке иликтөөнү ишке ашыруунун натыйжасында аныкталса;
- кылмыш тергөө амалдарынын жүрүшүндө аныкталса.
Эгерде кылмыш аныкталбаган шартта жасалып, 24 сааттын ичинде шектүү аныкталса жана КЖПКнын 96-беренесинин негизинде кармалса, анда кылмыш “изи сууй электе” ачылды деп эсептелет.
59. КБРде бир кылмыш катары төмөнкүлөр эсепке алынат (каттоого бир электрондук маалыматтык эсепке алуу документи толтурулат):
-
-
- бир канча адам тарабынан ар кандай түрдө кылмышка кошо катышуу менен жасалган кылмыш (КЖКнын 41 жана 42-беренелери);
- бир кылмыштуу аракеттин натыйжасында эки же андан көп адамдарга зыян келтирилсе (мисалы: ар башка адамдарга тиешелүү буюм, баалуулуктар, акча ж.б. нерселер бир имараттын ичинде уурдалса), каржы пирамидалары менен байланышкан кылмыштардан тышкары;
- созулуп жаткан кылмыш (КЖКнын 20-беренеси), (мисалы: куралды, ок дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыруучу түзүлүштөрдү, баңгизаттарын мыйзамсыз сатып алуу, сактоо, өткөрүп берүү, сатуу, ташуу же алып жүрүү; алдамчылык; опузалоо);
- уланып жаткан кылмыш (КЖКнын 34-беренеси), (мисалы, уруп-сабап кыйноо, үй-бүлөлүк зомбулук ж.б.);
- ар бири анча маанилүү болбогон ыраттуу бир катар окшош жасалган иш-аракеттер, бирок жалпысынан коомго олуттуу коркунуч келтирип, бир кылмыш болуп квалификациялангандар (мисалы: бир дүкөндө бир убакыт мезгил ичинде бир ниет менен байланышкан анча маанилүү эмес өлчөмдөгү товарлар уурдалса);
- бир аракет менен ар кандай кылмыш жасоо, мында алардын эң оор кылмышы эсепке алынууга тийиш (мисалы: жыныстык ооруну жугузуу менен зордуктоодо, зордуктоонун белгилери менен гана эсепке алынат);
- аракеттердин жыйындысынын бир бөлүгү негизги кылмыштын ыкмасы болгондо (мисалы, кызмат абалынан пайдалануу менен күнөлүүгө ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу, кызмат абалынан пайдалануу ыкмасы уурдоо болуп саналат);
- ар кандай кылмыштын курамынын элементтери болуп, бирок бир кылмыш катары квалификацияланганда (мисалы: бийликтен аша чабуу, жабырлануучуга карата зордук-зомбулук көрсөтүү менен коштолгондо, зыяндуу бейбаштык, бийлик өкүлүнө карата каршылык көрсөтүү);
- иш жүзүндө ар кандай объектиге коркунуч келтирип, бирок бир кылмышты гана түзсө (мисалы: жашоосуна, ден соолугуна жана жабырлануучунун менчигине коркунуч келтирген каракчылык);
- эгерде бир убакта өз алдынча аракеттери жасалып, КЖКнин ар башка беренелери менен квалификацияланса (идеалдуу айкалыш).
-
60. КБРде коомдук жайда жасалган кылмыштар тууралуу маалыматтар камтылышы керек. Коомдук жай деп шаардын ичи же болбосо сырты жана калктуу конуш жалпы колдонуучу атайын даярдалган жерлер, ошондой эле жарандардын эс алуу жана кызмат көрсөтүү, массалык иш-чара өткөрүү жайы болуп эсептелинет. Коомдук жайларга төмөнкүлөр кирет:
- көчөлөр, кичи көчөлөр, сейил бактар, бульварлар, аянттар, кабат үйлөрдүн алды жана короосу;
- кинотеатрлар, театрлар, цирк, концерттик, көрүү жана коюлуучу зал, спорт аренасы жана башка жабык имараттар, жалпы эс алуучу жайлар, түнкү клубдар жана дискотекалар, дүкөн, коомдук тамактануучу жайлар, иштеген мезгилдеги – пляждар;
- билим берүү жана эс алуу уюмдары;
- саламаттык сактоо уюмдары;
- музейлер жана китепканалар;
- жергиликтүү жана алыскы каттамдагы поезддер, аба, суу транспорт каттамдары, шаардык, шаар аралык автобус салондору, маршруттук такси жана шаардык электр транспорттору;
- аэропорттордун имараттары, темир жол, автомобиль автобекеттери, темир жол бекеттеринин перрондору;
- өткөрүү режимин колдонбогон мамлекеттик органдардын жана уюмдардын имараттары;
- өткөрүү режими бар объекттерде, бейбаштык жасалган учурларда жумушчулар жамааты иш үчүн колдонгон жумуш орду болгон бөлмөлөр.
61. Коомдук жайлар төмөнкүдөй бөлүнөт:
-
- туруктуу (ар убакытта кирүүгө ачык болгон жерлер: көчөлөр, кичи көчөлөр, сейил багы, бульварлар, суу жээктери, аянттар, вокзалдар, короолор (жеке үйлөрдүн короосун кошпогондо);
- мезгилдүү (белгилүү сааттарда калкты тейлөөгө жана анын эс алуусуна арналган бөлмөлөр: базарлар, билим берүү жана дарылоо - ден соолукту чыңдоо мекемелери, эс алуу зоналары, маданий, оюн-зоок, спорттук мекемелер, коомдук транспорт, соода ишканасы, жүргүнчү поездинин вагону).
62. Коомдук жайларда жасалган жалпы кылмыштардын санынан көчөдө жасалгандар өзүнчө бөлүнөт, башкача айтканда социалдык пландагы жабдылган жайларда жасалса: көчөдө, аянтчада, бульварларда, суу жээгинде, көпүрөдө, кууш жолдордо, тосулбаган короолордо (жеке короону кошпогондо), турак жайлардын арасында, токой-парк зоналарында, шаардын ичинде (калктуу конушта) иштеп жаткан мезгилде сейил багында, пляжда, эс алуу зоналарында, базарларда жана стадиондордо.
63. Коомдук жайда жасалды деп КБРде төмөнкүлөр эсепке алынбайт:
- кылмыш жасаган учурда өз милдетин аткарбаган коомдук багыттагы объектиде жасалган кылмыштар;
- көзөмөл режиминдеги объектиде, иштеген кызматкерлердин жамааттык жумушунда жана корголуучу автостоянкада жасалган кылмыштар;
- көмөкчү жайларда, кийим чечүүчү жайда жана мекеменин, уюмдун кызматтык кабинетинде, соода жана оюн-зоок жайларында, анын ичинде, окуу жана башка жайлардын спорт залдарынын чечинүүчү жайларында жасалган кылмыштар;
- таксиде жасалган кылмыштар (маршруттук таксини кошпогондо);
- кароосуз калган имараттын аймагында, канчалык тосулгандыгына карабастан, жер алдындагы коммуникацияларда, жердин ылайыкталбаган участокторунда, эч кандай инфраструктурасы жок автожолдордо жасалган кылмыштар;
- квартирадан урдоодо жана башка ушул сыяктуу турак жайларда, жатакананын турак жайында, мейманкана, эс алуу үйүндө, жүргүнчү ташуучу поезд вагонунда (жүргүнчүлөр жок учурунда), жылдыруу учурунда, жол айрылышында, жол бүткөн жерде жана токтотуп туруучу жерлерде жасалган кылмыштар;
- бейбаштыктан сырткары, жалпы колдонуучу коомдук жайлар болгон коммуналдык квартираларда, үйлөрдүн үстүндө, жертөлөдө, лифттерде жасалган кылмыштар;
- созулуп кеткен кылмыштар;
- транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздугуна каршы кылмыштар.
64. Жашыруун өндүрүш тартибинде тергөөгө алынган кылмыштар жөнүндөгү сотко чейинки өндүрүштү КБРге каттоодо, жарыяланбай турган маалыматтар формага ылайык толтурулбайт. “Кылмышты баяндоо” реквизитине “жашыруун өндүрүш” деп жазылат.
65. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жашыруун атайын (айтылбаган) тергөө амалдарын жүргүзүүдө купуялуулукту камсыздоо максатында КБРге каттоодо арыз ээсине псевдонимин колдонууга жана “кылмыш баяндамасы” реквизиттерин толтурбоого жол берилет.
Купуялуулукту камсыздоо шарты жоюлган учурда, ошондой эле сотко чейинки өндүрүш боюнча кийинки чечимдер кабыл алынганда токтоосуз жогорудагы маалыматтарга оңдоолор ушул Жобонун 15-главасына ылайык киргизилет.
6-глава. Номенклатуралык ишке чыгышталган
материалдарды каттоо жана эсепке алуу
66. Эгерде МЭЖге катталган маалыматта кылмыштын же укук бузуунун ачык белгилери жок болсо (катуу музыка, бузулган светофор, жол тыгыны, сууу ташкыны ж.б.), ал боюнча КБРдин кармоочусу аныктаган мөөнөттө текшерүү аракеттерин жүргүзгөн укук коргоо органынын ыйгарым укуктуу кызматкеринин рапортунун негизинде, укук коргоо органынын жетекчилигинин макулдугу менен, чогултулган материал номенклатуралык ишке чыгышталат.
67. Номенклатуралык ишке кодировкасы менен 15 сандуу номер берилет “НД-XXX-YYYY-NNNNNN”, ал номер чыгыштоо тастыкталган учурдан тартып өзгөрүүсүз калат (биринчи кош белги - бул КБРде маалыматтын абалы, анда “НД” номенклатуралык иш деп чечмеленет, андан кийинки 3 сан – материалды чыгыштаган органдын индексин аныктайт, андан кийинки 4 сан – чыгышталган жыл, акыркы 6 сан – чыгышталган материалдын катар номерин аныктайт).
68. “КБР” АМСке маалыматтарды киргизүүдө, кагаз нускасын басып чыгаруу мүмкүнчүлүгү менен материалды номенклатуралык ишке чыгыштоо жөнүндө рапорт генерацияланат, ал милдеттүү түрдө номенклатуралык ишинин материалдарына тиркелет.
69. Номенклатуралык ишке чыгышталган МЭЖдын материалы, укук коргоо органынын нөөмөт бөлүгүндө сакталууга тийиш.
70. Көзөмөлдөөчү же жогору турган прокурор номенклатуралык ишке чыгыштоо жөнүндө чечимди жокко чыгарат.
71. МЭЖдын материалдарында тергөөгө чейинки текшерүүнү баштоо үчүн себептер аныкталган учурда, кагаз түрүндө материалдар тергөө кызматынын башчысына “КБР” АМСте тиешелүү иш-аракеттерди аткаруу менен берилет.
7-глава. Кылмыш ишин козгоодон баш тартуу токтомдору
чыгарылган тергөөгө чейинки текшерүү материалдарын
КБРге каттоо жана эсепке алуу
72. Кылмыш ишин козгоодон баш тартылган тергөөгө чейинки текшерүү материалдарын эсепке алуунун негиздери болуп тергөөчүнүн, прокурордун КЖПКнын 154-беренесине ылайык кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чыгарылган токтомдору болуп саналат.
73. КБРге кылмыш ишин козгоодон баш тартылган чечимдер тууралуу маалыматтарды киргизүүдө, тийиштүү тергөөгө чейинки текшерүү материалы боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартуу токтомун чыгарууда система автоматтык түрдө номер ыйгарат жана ал кийинки реквизиттерден турат XX-YYY-GGGG-NNNNNN-01-KK-RRR, анда биринчи XX-YYY-GGGG-NNNNNN – бул МЭЖ номерин түшүндүрөт, 01 - “кылмыш ишин козгоодон баш тартылган” статусун билдирет, KK – кабыл алынган чечимдин номери (кылмыш ишин козгоодон баш тартуу токтомун жокко чыгаруунун санынан көз каранды), RRR - баш тартуу материалынын катар номери (кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечимдеринин санына карабастан сакталып калат).
74. Кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарылган тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдары жөнүндө маалыматтар (баш тартуунун негиздерине карабастан) тиешелүү отчеттуулукту түзүүдө колдонулат.
75. Эгерде алынган арызда, билдирүүдө укук бузуу жөнүндө маалымат болсо, тергөөчү, прокурор материалдарды Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде белгиленген тартипте же дисциплинардык тартипте кароого жиберүүгө милдеттүү.
8-глава. КБРде кылмыш иштеринин кыймылын
каттоо жана эсепке алуу
76. Төмөндөгү кабыл алынган процессуалдык чечимдер, кылмыш иштерди, алардын кыймылын эсепке алуунун негиздери болуп саналат:
-
- КЖПКнын 153-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде кылмыш иш козгоо жөнүндө (КБРге маалыматтар киргизилгенден кийин автоматтык түрдө кылмыш ишинин номери ыйгарылат жана КЖПКнын 161-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык кылмыш ишин козгоо жөнүндө токтом генерацияланат);
- кылмыш ишин КЖПКнын 157 жана 161-беренелерине ылайык өзүнүн өндүрүшүнө (анын ичинде тергөө тобу тарабынан өзүнүн өндүрүшүнө кабыл алганда, бир тергөөчүдөн башка тергөөчүгө өткөрүлүп берилгенде, мурда кабыл алынган чечим прокурор тарабынан жокко чыгарылганда) кабыл алуу жөнүндө;
- кылмыш иштеринин материалдарын бириктирүү жөнүндө (КЖПКнын 141-беренеси);
- тергөө мөөнөтүн узартуу жөнүндө (КЖПКнын 162-беренеси);
- тергөөнү токтотуу жөнүндө (КЖПКнын 246-беренеси);
- жашаган жери белгисиз болгон же катуу оорусуна байланыштуу шектүүгө, айыпталуучуга карата (КЖПКнын 142-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пункту); жашы жеткендер менен бирге кылмышты жасоого катышкан балдарга карата (КЖПКнын 142-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пункту); кылмыш жасаган белгисиз адамдарга (кошо катышуучуларга) карата (КЖПКнын 142-беренесинин 4-бөлүгү) материалдарды кылмыш иштерден өзүнчө өндүрүшкө бөлүү жөнүндө;
- сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергелип жаткан айыпталуучунун кылмышы менен байланышпаган, башка адам тарабынан жасалган жаңы кылмыш белгилүү болгондо, кылмыш иштердин материалдарын өзүнчө өндүрүшкө бөлүү жөнүндө (КЖПКнын 142-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пункту). Сотко чейинки өндүрүштү баштоого негиз болгон бөлүнүп алынган материал КБРге белгилүү болгон кылмыш иши катары өзүнчө катталат, ал боюнча жаңы каттоо номерин ыйгаруу менен кылмыш иши козголот (КЖПКнын 148-беренеси 1-бөлүгүнүн 4-пункту);
- кылмыш иштерин тергөөнүн караштуулугу (КЖПКнын 159-беренеси) жана аймактык караштуулугу (КЖПКнын 160-беренеси) боюнча өткөрүп берүү жөнүндө;
- кылмыш ишин кыскартуу жөнүндө (КЖПКнын 257-беренеси, КЖПКнын 27-беренесинде каралган негиздер болгондо). Ал эми, кылмыш ишин кыскартуу жөнүндө маалыматтарды КБРге киргизгенде автоматтык түрдө кылмыш ишин кыскартуу жөнүндө токтом генерацияланат;
- айыптоо актысы менен келип түшкөн кылмыш иштер боюнча прокурордун чечими жөнүндө (КЖПКнын 262, 263-беренелери). Прокурор тарабынан кабыл алынган чечим КБРге киргизилет;
- прокурор тарабынан кылмыш иши боюнча медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу токтомун бекитүү менен сотко жиберүү жөнүндө (КЖПКнын 487-беренеси);
- кыскартылган кылмыш ишин кыскартуу чечимин жокко чыгаруу (КЖПКнын 258-беренеси) жана сотко чейинки өндүрүштү жандандыруу жөнүндө (КЖПКнын 260-беренеси);
- токтотулган сотко чейинки өндүрүштү жандандыруу жөнүндө (КЖПКнын 249-беренеси);
- мыйзамду күчүнө кирген соттун чечими жөнүндө (КЖПКнын 426-беренеси);
- кылмыш ишти прокурорго кайтарып берүү же ишти караштуулугу боюнча жөнөтүү жөнүндө (КЖПКнын 277 жана 278-беренелери). Бул боюнча маалыматтар прокурор тарабынан КБРге киргизилет;
- сотко чейинки өндүрүш иштеринин баардык материалдарын же кылмыш иштерин Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан кылмыш куугунтуктоону улантуу үчүн чет мамлекеттин компетенттүү органдарына жөнөтүү жөнүндө (КЖПКнын 518-беренеси);
- чет мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жиберилген кылмыш иштеринин жана кылмыш боюнча материалдардын келип түшүшү жөнүндө (ЖПКнын 519-беренеси);
- күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө процессуалдык макулдашууну түзүү жөнүндө (КЖПКнын 500-503-беренелери);
- системада белгиленген иш-аракеттердин алгоритмине жана электрондук ишти калыптандыруучу процессуалдык документтердин шаблондоруна ылайык, сотко чейинки өндүрүш учурунда кабыл алынган башка процессуалдык чечимдер.
77. Кылмыш ишинин номери КБР АМС тарабынан автоматтык түрдө берилет жана ZZ-YYY-GGGG-NNNNNN код ыйгарылат, ZZ - кылмыш ишинин статусу, YYY - органдын индекси, GGGG - катталган жыл, NNNNNN - кылмыш ишинин катар номери.
78. Кылмыштардын катарынан чыгарганда (жокко чыгарууда, реабилитациялоочу негиздер менен кыскартылса) анын кыймылы, кабыл алынган процессуалдык чечимдер жөнүндө баардык маалыматтар “КБР” АМСте сакталат.
9-глава. Кылмыштарды мүнөздөгөн көрсөткүчтөрдү
КБРде эсепке алуу
79. Кылмыш ишин козгоо, ошондой эле кылмыш ишин өзүнүн өндүрүшүнө кабыл алуу жөнүндө чечимдердин формасынын реквизиттери кызмат адамы тарабынан токтоосуз толтурулат. Киргизилген реквизиттердин негизинде чечимдин формасына ылайык тиешелүү процессуалдык документтер генерацияланат.
80. Кылмыш жасаган шектүү же айыпталуучу мас абалында болгондугун көрсөтүүчү реквизиттин формасы, айыптоо актысынын мазмунуна же күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнүн негизинде адам мас абаланда болгондугу белгиленет.
Шектүүнүн, айыпкердин мас абалында (алкоголдук, баңгилик, токсикалык мас болуу) кылмыш жасагандыгы катары айыптоо актысында камтылган маалыматтардын, ал эми кыскартылган иштер боюнча – иште (материалда) камтылган күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнүн, кылмыш ишинин башка материалдары же кылмыш ишти кыскартуу жөнүндөгү токтомдогу маалыматтардын негизинде эсептелет.
81. Мурда кылмыш жасаган шектүү, айыпталуучу жөнүндө маалымат, соттолгондугу алынып салынгандыгына же жазасын өтөгөнүнө карабастан эсепке алынат.
82. КБРге каттоо боюнча чечим кабыл алууда, сотко чейинки өндүрүштү токтотуу, ошондой эле кыскартуу же болбосо айыптоо актысы менен прокурорго жиберүүдө, келтирилген жана өндүрүлгөн зыяндын суммасы ар бир кылмыш боюнча өз-өзүнчө көрсөтүлөт.
83. Сотко чейинки өндүрүш боюнча процессуалдык чечимдерди кабыл алуунун формалары анын козголгон датасына карабастан бардык кылмыш иштери боюнча КБРге киргизилет.
10-глава. КБРде кылмыштарды тергөөнүн жана бетин ачуунун натыйжалары менен байланышкан көрсөткүчтөрдү эсепке алуу
84. Кылмыштардын бетин ачуу жөнүндө маалыматтар сотко чейинки өндүрүштүн акыркы жыйынтыгы боюнча аныкталат. Сотко чейинки өндүрүштүн жыйынтыгы боюнча төмөнкү чечимдердин бири кабыл алынганда, кылмыштын бети ачылды деп эсептелинет:
-
- прокурор тарабынан кылмыш иш боюнча айыптоо актысы бекитилгенде (КЖПКнын 262-беренесинин 1-пункту);
- прокурор тарабынан кылмыш иш боюнча медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу тууралуу токтом бекитилсе (КЖПКнын 487- беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пункту);
- КЖПКнын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7, 9, 9-1, 11, 12, 13-пункттарынын жана 2-бөлүгүнүн негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери кыскартылса.
85. Бети ачылган кылмыштардын катарына ушул Жобонун 84- пунктунда каралган, отчеттук мезгилде КБРге киргизилген кылмыштар боюнча маалыматтар кирет.
86. Ушул Жобонун 84-пунктунда каралган чечимдердин бири кабыл алынбаган, ошондой эле төмөнкү шарттарда кылмыштын бети ачылган эмес деп эсептелинет:
-
- кылмыш иши сот тарабынан сот отурумун дайындоо үчүн тоскоолдуктарды четтетүү максатында прокурорго кайтарылганда (КЖПКнын 278-беренеси);
- кылмыш иши сот тарабынан тергөө аракеттерин жүргүзүү жана жаңы айып коюу же айыптын квалификациясын өзгөртүү боюнча жаңы айыптоо актысын түзүү үчүн прокурорго кайтарылганда (КЖПКнын 300-беренесинин 3-бөлүгү);
- кылмыш иши сот тарабынан кылмыш ишин жасаган адамдын өздүгүн аныктоо үчүн кайтарылганда (КЖПКнын 350-беренесинин 3-бөлүгү).
87. Эгерде кылмыш иштин тергөөсү аяктап, сотко жиберилсе жана КЖПКнын 350-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 3-пункттары боюнча актоо өкүмү чыгарылган болсо кылмыш эсептен чыгарылат.
88. Кылмыш иш реабилитациялоочу негиздер менен кыскартылса кылмыштардын катарынан чыгарылат.
89. КЖПКнын 246-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2, 3 жана 4-пункттарынын негизинде мурда өндүрүштөн токтотулган кылмыш иштер, сотко жиберилгенде же болбосо реабилитацияланбаган негиздер менен кыскартылса бети ачылбаган кылмыштардын катарынан чыгарылып, бети ачылган кылмыштарга киргизилет.
90. Бети ачылган кылмыштардын пайызы бети ачылган кылмыштардын 100гө көбөйтүлгөн санынан жана бети ачылган жана бети ачылбаган кылмыштардын санынын суммасына болгон катышы менен аныкталат.
91. Кылмыштын бетин ачууга көмөк көрсөткөн күчтөрдү жана каражаттарды чагылдырган реквизиттердин тобун толтуруунун тартиби жана эрежелери КБРдин кармоочу менен макулдашуу боюнча ведомстволук ченемдик актылар менен регламенттелет.
11-глава. КБРде кылмыштарды жасоого шектүүлөрдү (айыпталуучуларды), ошондой эле реабилитацияланбаган негизде кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечими кабыл алынган адамдарды эсепке алуу
92. Кылмыш жасоого шектүүлөрдү (айыпталуучуларды), ошондой КЖПКнын 27-беренесинин 2-бөлүгүнүн көрсөтүлгөн реабилитацияланбаган негиздер боюнча жазыктык куугунтуктоону токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынган адамдарды, КБРде КЖПКнын 43-беренсинин 1-бөлүгүнө ылайык шектүү деп таанылганда, айыпталуучуга карата процессуалдык чечим кабыл алынганда (КЖПКнын 240-беренесине ылайык) электрондук-эсепке алуу формаларынын (ф.2.0) негизинде эсепке алынат.
93. Реабилитацияланбаган негиздер боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган адамдарды эсепке алуу 1Л электрондук-эсепке алуу формасынын негизинде жүзөгө ашырылат.
94. Прокурор же сот тарбынан процессуалдык чечимдер кабыл алынган учурда, форма прокурор тарабынан толтурулат же болбосо маалыматтар соттун ведомстволук маалыматтык системасы аркылуу жиберилет.
95. Эгерде КЖПКнын 246-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун негизинде өндүрүштөн токтотулса же болбосо КЖПКнын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-6, 8, 10 жана 14-пункттарында каралган негизде кыскартылган учурда, КЖПКнын 43, 45, 240, 241-беренелерине ылайык шектүү, айыпталуучу деп табылса КБРде чечим кабыл алуу формасы бул адамга карата процессуалдык чечим кабыл алынгандан кийин гана мурда толтурулган формага өзгөртүү киргизүү менен толтурулат (ф.2.0).
96. Адамдын жашы, кесиби, кызматы жана билими жөнүндө маалыматтар кылмышты жасоо учуруна карата көрсөтүлүп, бул учурда жашы толук толгон жылы менен эсептелет.
97. Алкоголдук, баңгилик, токсикоманиялык мас абалында кылмыш жасаган адамдын абалы айыптоо актысынын мазмунунун негизинде жана реабилитацияланбаган негизде кыскартылган кылмыш иштин негизинде көрсөтүлөт.
98. Мурда кылмыш жасаган адамдар тууралуу маалымат анын соттолгондугу алып салынганына же өтөп бүткөндүгүнө карабастан эске алынат.
99. Кылмыш же аны жасаганга шектелген (айыпталган) адамга карата толтурулган формада, сөзсүз түрдө кармалгандыгы, бөгөт коюу чарасынын тандалгандыгы, мөөнөтүнүн узартылгандыгы, өзгөртүлгөндүгү, бөгөт коюу чарасынын алынып салынгандыгы, бошотулгандыгынын негизи тууралуу маалымат көрсөтүлөт.
Кылмыш иштер боюнча сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзгөн КБРдин катточулары, шектүү, айыпталуучу адамдар кармалгандан кийин (КЖПКнын 96, 97-беренелери) милдеттүү түрдө кечиктирбестен жана толук шартта маалыматтарды КБРдин электрондук маалыматтык эсептик документи болгон – 2.0 формасына киргизет, анын жыйынтыгы менен шектүүнү, айыпталуучуну кармоо жөнүндө токтому автоматтык түрдө генерацияланат жана ал кылмыш иштин материалдарына милдеттүү түрдө тиркелүүгө жатат.
12-глава. КБРде электрондук эсепке алуу документинин
(алфавиттик баракча) адамга карата түзүлүшү
100. Каттоочу тарабынан төмөндөгү чечимдердин бирин кабыл алуу жөнүндө маалыматтарды КБРге киргизүүдө:
-
- тергөөчү тарабынан айыптоо актысы түзүлүп, аны бекитүү үчүн прокурорго жиберилген кылмыш жасаган адамга карата (КЖПКнын 256-беренесинин 6-бөлүгү);
- медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө токтомун бекитүү үчүн прокурорго жиберилген адамга карата (КЖПКнын 487-берене);
- сотко чейинки өндүрүш иши төмөнкү негиздердин бири боюнча кыскартылган адамдарга карата: КЖПКнын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7, 9, 9-1, 11-13-пункттары (КЖПКнын 257, 258-беренелери);
- КЖПКнын 27-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде кылмыш-жаза сот өндүрүш тутумунан чыгарылышына байланыштуу айыпкер балага карата (КЖПКнын 467-беренеси).
КБР АМС 2.0 формасы толтурулган ар бир адамга карата алфавиттик баракчаны толтуруу аракеттер жасалгандан кийин автоматташтырылган түрдө алфавиттик баракчаны генерациялайт.
101. “КБР” АМСте бир өндүрүшкө бириктирилген көп эпизоддук кылмыш иштер боюнча алфавиттик баракча, “КБР” АМCте негизги болгон кылмыш иштин номерин чагылдыруу менен ар бир адам үчүн өзүнчө генерацияланат.
Эки же андан көп кылмыш жасаган жана эки же андан көп кылмыш иштери боюнча жоопко тартылып жаткан, бирок тергөөсү өз-өзүнчө жүргүзүлүп бир өндүрүшкө бириктирилбеген кылмыш иштер боюнча адамга карата алфавиттик баракча “КБР” АМС тарабынан ар бир иш боюнча өзүнчө генерацияланат.
102. Генерцияланган учурда ар бир электрондук алфавиттик баракчага система тарабынан автоматтык түрдө уникалдуу код ыйгарылат ХХ-ХХХ-ХХХХ-ХХХХХХ-YYY, биринчи 15 сан (белгиленген Х) кылмыш ишинин номерин, ал эми калган 3 сан (белгиленген Y) алфавиттик баракчанын катар номерин билдирет.
Алфавиттик баракча төмөнкү талаптарга жооп берүүсү жана бул маалыматтарды камтышы керек:
-
- кыскартуусуз жана өздүгүн ырастоочу документке ылайык жазылган фамилиясы, аты, атасынын аты (эгерде атасынын аты болсо), туулган күнү, айы жана жылы толук жазылган;
- ЖИН – жеке идентификациялык номери (бар болсо);
- кылмыш ишинин номери, угузулган айыбы (КЖКнын беренеси);
- улуту, жарандыгы;
- “жашаган жери” реквизитине жарандын туруктуу же негизги жашаган жери көрсөтүлөт. 18 жашка чыга элек балдардын же камкордукка алынган жарандардын жашаган жери катары алардын өкүлдөрү - ата-энелеринин, асырап алуучулардын же камкорчулардын жашаган жери көрсөтүлөт. Туруктуу жашаган жери жок адамдардын катарына, келген жери боюнча каттоодо турган адамдар эсепке алынбайт;
- билими, кесиби. Ошондой эле, кылмыш жасаган адамдын кылмыш жасаган учурдагы иштеген кызмат орду (окуусу) милдеттүү түрдө көрсөтүлөт;
- бөгөт коюу чарасы.
Электрондук алфавиттик баракчадагы маалыматтын сапаты жана толуктугу 2.0 формасын толтуруу стадиясындагы маалыматтын туура жана өз убагында киргизилишинен көз каранды, толтурулган реквизиттердин мазмуну кылмыш иштердин материалдарына толугу менен ылайык келиши керек.
103. Анкеталык маалыматтарды (фамилиясы, аты, атасынын аты) киргизүү адамдын расмий документтеринде (кыргыз/орус алфавитинде) колдонулган алфавитке так ылайык, тактап айтканда мамлекеттик же расмий тилдерде жүргүзүлүүгө тийиш.
104. Чет мамлекеттин жаранына 2.0 формасын толтурууда милдеттүү түрдө анын инсандыгын ырастоочу, тактап айтканда улуттук паспортто латын литери менен жазылган анкеталык маалыматтар расмий документтерге ылайык көрсөтүлөт.
105. Расмий документтерде транслитерация болгон учурда фамилиясынын, атынын жана атасынын атынын транслитерациясы кашаанын ичинде көрсөтүлөт.
106. Алфавиттик баракча автоматтык түрдө тиешелүү өлчөмдөгү система аркылуу түзүлөт (туурасы 140 мм, бийиктиги 95 мм). Алфавиттик карточканы басып чыгарууда кагаздын тыгыздыгы 150-160 г/кв. м кем болбоого тийиш.
107. Система алфавиттик баракчаны генерациялагандан кийин баракча басылып чыгарылып, андан ары текшерүү жана отчеттук мезгилге карата топтоо үчүн тергөө бөлүмүнүн башчысына берилет.
Текшерилген алфавиттик баракчалар кийинки отчеттук мезгилдин ар бир айынын 5-күнүнөн кечиктирбестен системасы тарабынан автоматтык түрдө түзүлгөн реестр менен прокуратура органдарынын аймактык укуктук статистика жана эсепке алуу бөлүмдөрүнө (мындан ары - УСЭАБ) тапшырылат.
108. Прокуратура органдарынын аймактык УСЭАБү отчеттук мезгилде келип түшкөн алфавиттик баракчаларды текшергенден кийин органдарга бөлүү менен жалпыланган реестр түзөт жана отчеттук мезгилдин ар бир айынын 10-күнүнөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ыйгарым укуктук органына жиберет.
109. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ыйгарым укуктуу органы кошумча текшерүүдөн кийин бардык алфавиттик баракчалар реестр менен отчеттук мезгилдин кийинки ар бир айынын 15-күнүнөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгына (мындан ары – МТББ) жөнөтүлөт.
110. КБР АМС тарабынан түзүлгөн алфавиттик баракчада толук же так эмес маалыматтарды тапкан кызматкер прокуратура органдарынын аймактык УСЭАБнө өзгөртүү же жетишпеген маалыматтарды киргизүү жөнүндө тийиштүү өтүнүч менен кайрылууга тийиш.
111. Электрондук эсепке алуу документин (алфавиттик баракчаны) оңдоо (түзөтүү) тиешелүү өтүнүч каттын негизинде системага оңдоочу маалыматтарды киргизүү жолу менен жүргүзүлөт, андан кийин система жаңы номер менен жаңы документти толтурат жана алфавиттик баракчага автоматтык түрдө түзөтүү киргизилгендиги тууралуу белги жана түзөтүүнүн датасы пайда болот.
112. Жеке маалыматтарды тактоо токтомунун формасын генерациялоодо алфавиттик карточкадагы оңдоо автоматтык түрдө жүргүзүлөт.
113. Өзгөчө кырдаалдарда (узакка созулган өзгөчө кырдаал болгон учурда) алфавиттик баракчаны кол менен толтурууга уруксат берилет, бир эле учурда прокуратура органдарынын УСЭАБнүн аймактык бөлүмүнүн жетекчисине жазуу жүзүндө билдирүү зарыл. Өзгөчө кырдаал четтетилгенден кийин, алфавиттик баракча “КБР” АМСте генерацияланып, прокуратура органдарынын аймактык УСЭАБнө жөнөтүлүүгө тийиш.
114. Прокурор тарабынан КЖПКнын 262-беренесинин 4-пункту (айыптоо актысы менен), КЖПКнын 487-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пункту ылайык (медициналык мүнөздөгү чараларды колдонуу жөнүндө токтому менен) келип түшкөн кылмыш иштери боюнча, реабилитациялык негиздер менен (КЖПКнын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-6, 8, 10 жана 14-пункттары) кыскартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, токтоосуз Кыргыз Республикасынын ИИМдин МТББнын атайын эсепке алуу базаларынан алфавиттик баракчаны эсептен чыгаруу боюнча чаралар көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ыйгарым укуктуу органына билдирүүгө тийиш.
13-глава. Алынган баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, баңгизат каражаттарын камтыган өсүмдүктөр өскөн аянттарды жана башка буюм далилдерди КБРде эсепке алуу
115. Иш боюнча алынган баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун жана прекурсорлорунун, баңгизаттарын кармаган өсүмдүктөрдүн өсүү аянттарынын жана башка буюм далилдерди эсепке алуу формасы кылмыш иш боюнча алынып, далил катары берилген учурларда, баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун жүгүртүү чөйрөсүндө кылмыштар боюнча сотко чейинки өндүрүш учурунда толтурулат (КЖКнын 36-главасында көрсөтүлгөн кылмыштардын тизмесине ылайык).
116. Иш боюнча алынган баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, баңгизаттары бар өсүмдүктөрдүн өсүү аянттарын жана башка буюм далилдерди эсепке алуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет (КЖКнын 282, 284 жана 288-беренелери).
117. Алынган баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, баңгизаттарын камтыган өсүмдүктөрдүн өскөн аянттарын жана иш боюнча башка буюмдук далилдерди эсепке алуунун тартиби “КБР” АМС тарабынан тиешелүү маалымдамалар системадагы катологтон билүүгө бодлот.
118. КБРдин каттоочулары болгон баңги каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүү менен байланышкан кылмыш иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштү ишке ашыруучу укук коргоо органдарынын кызмат адамдары, баңги каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган каражаттар боюнча жүргүзүлгөн химиялык экспертизанын натыйжаларын алган учурда, толук негиздеги маалыматтарды токтоосуз КБРге киргизүүгө милдеттүү, анын натыйжасында система 1-Н формасындагы статистикалык баракчаны автоматтык түрдө генерациялайт жана ал милдеттүү түрдө иштин материалдарына тиркелүүгө тийиш.
Алынган баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлордун акыркы салмагы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын соттук экспертизалардын негизинде КБРдин кармоочусу тарабынан эсепке алынат.
119. Кылмыш иши боюнча бардык алынган, сакталган, берилген, кайтарылган же жок кылынган буюмдук далилдерди эсепке алуу (КЖПКнын 86-87-беренесине ылайык) “КБР” АМСтын кармоочусу тарабынан белгиленген тартипте тиешелүү электрондук-эсепке алуу 1-Н формасынын негизинде жүргүзүлөт.
14-глава. КБРде жабырлануучуну эсепке алуу
120. Жабырлануучуга карата форма (форма 1П) КЖПКнын 40-беренесине ылайык ар бир адамга өзүнчө толтурулат.
121. Кылмыш иштери боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу КБРдин каттоочулары жабырлануучу деп таануу жөнүндө токтом чыгарууда КБРге токтоосуз, толук өлчөмдө маалымат киргизүүгө милдеттүү, анын натыйжасында система адамды жабырлануучу катары таануу жөнүндө токтомду автоматтык түрдө генерациялайт (форма 1П) жана ал милдеттүү түрдө иштин материалдарына тиркелүүгө тийиш.
Жабырлануучуга карата формасы (форма 1П) милдеттүү түрдө анык маалыматтарды камтууга тийиш:
-
- инсандыгын ырастоочу документке ылайык толук фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо), туулган күнү, датасы жана жылы;
- ЖИН - жеке идентификациялык номер (бар болсо);
- улуту, жарандыгы;
- алектенген ишинин түрү тууралуу маалымат.
122. Эгерде кылмыштын натыйжасында адам өлүмгө учураса же адам арыз бере албай турган абалда болсо, аны жабырлануучу катары тартуу жөнүндө арыз берген жакын туугандарынын ичинен бир адам, күйөөсү (жубайы) жабырлануучу деп таанылган учурда, жабырлануучу адамга карата форма жабыр тарткан адамга карата толтурулат (каза болгон, бала же аракетке жөндөмсүз адам).
15-глава. Соттун чечимдерин жана өкүм же башка соттук чечимдер чыгарылган адамдарды КБРде эсепке алуу
123. Айыпталуучуларга, акталгандарга жана соттолгондорго карата мыйзамдуу күчүнө кирген соттук чечимдерди эсепке алуунун негиздери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
-
- айыптоо өкүмү;
- актоо өкүмү;
- кылмыш ишин же кылмыш куугунтуктоону кыскартуу жөнүндө соттун чечими;
- ишти кыскартуу жана айыпталуучуга медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө соттун токтому.
124. Айыптоо актысын бекитүү үчүн кылмыш ишин прокурорго жөнөтүүдө тергөөчү эсепке алуу маалыматтары киргизилген тийиштүү формадагы статистикалык карточкаларды (1.2 формасы – кылмыш иштин сотто кароонун жыйынтыгы боюнча бирдиктүү статистикалык карточка жана 2.1 формасы – соттолуучуга карата бирдиктүү карточка) тиркейт жана ага керектүү эсептик маалыматтар киргизилет.
125. Соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин статистикалык карточкалардын тиешелүү формаларына соттук өндүрүшкө тиешеси бар маалыматтар киргизилип, алар ишти караган соттун колу менен күбөлөндүрүлөт жана үч сутканын ичинде прокуратура органдарынын укуктук статистикасы жана эсепке алуу тармагынын аймактык бөлүмүнө жиберилет.
126. Прокуратура органдарынын УСЭАБ тарабынан кылмыш, жарандык сот өндүрүшү жана соттук чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмдөрүнөн кылмыш иштин сот тарабынан аяктоо жөнүндө маалыматтары жума сайын суралып, статистикалык карточкалардын прокуратура органдарына келишин байкоону, отчеттук мезгилде жогоруда аталган статистикалык карточкаларды жыйноону жана Башкы прокуратуранын ыйгарым укуктуу органына өткөрүп берүүнү камсыз кылат жана андан ары ИИМдин МТББна атайлаштырылган эсепке алууну жүргүзүү үчүн жиберилет.
127. Соттун өкүмү же башка чечим чыгарылган адамга карата 1.2 формасы соттун өкүмү же чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмдүн же соттун чечиминин негизинде ыйгарым укуктуу прокурор тарабынан КБРге толтурулат жана киргизилет.
Соттук чечимдер боюнча маалыматтарды “КБР” АМСке (ведомстволук) автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу жиберилиши мүмкүн.
16-глава. КБРдеги маалыматтарды оңдоо
128. КБРге киргизилген маалыматтардын кылмыш иштин материалына, кылмыш ишин козгоодон баш тартуу материалдарына шайкеш келбеген фактылар аныкталган учурда, форма ичиндеги маалыматтарды оңдоо жолу менен аныкталган каталарды четтетүү боюнча чаралар көрүлөт.
129. Электрондук-эсепке алуу формаларындагы маалыматтарды оңдоо КБРди кармоочунун ушул эле формаларга мурда киргизилген маалыматтарды өзгөртүүсүнөн турат.
КБРге киргизилген маалыматтарды оңдоо демилгечилердин кылмыш-укуктук статистикасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга түз жиберилүүчү өтүнмө каттарынын негизинде, ырастоочу процессуалдык документтерди тиркөө менен, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен макулдашылган ыйгарым укуктуу прокурордун рапорту боюнча жүргүзүлүп, бул тууралуу маалыматтарды редакциялаган (оңдоо) органга кечиктирүүсүз билдирилет.
130. Көзөмөлдөөчү прокурордун өтүнүч каты боюнча маалыматтар оңдолгондон кийин, аталган маалыматтар андан ары кылмыш куугунтуктоо органынын өтүнүч каты боюнча прокурордун макулдугу менен гана өзгөртүлүшү мүмкүн.
131. Отчеттук мезгилде киргизилген, кылмыштын бетин ачууга көмөк болуучу күчтөрдү жана каражаттарды чагылдырган реквизиттер, сотко чейинки өндүрүштү жүргүзгөн органдын жазуу жүзүндөгү өтүнүч каты боюнча оңдолот.
132. Оңдоп-түзөө жөнүндө өтүнүч киргизүүнүн ар бир учуру боюнча текшерүү жүргүзүлүп, статистикалык отчеттун бурмаланышына жана башка терс натыйжаларга алып келген так эмес маалыматтарды киргизүүгө жол берген адамдардын тартиптик жоопкерчилигин кароону талап кылат.
133. КБРдеги маалыматтарды жокко чыгаруу (эсептен чыгаруу), тиешелүү өтүнүч каттардын негизинде, ошондой эле өз демилге боюнча маалыматтары жокко чыгарылган органга кийин кабарлоо менен, КБРдин кармоочусу тарабынан гана ишке ашырылат. Маалыматтарды жокко чыгаруу тууралуу ар бир өтүнүч боюнча система менен иштөө эрежелерин бузууга жол берген жакты тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени чечүү менен кылдат текшерүү жүргүзүлөт.
Жокко чыгаруу (эсептен чыгаруу) өтүнүчтү сотко чейинки өндүрүштүн номерин жана эсептен чыгаруу убактысын көрсөтүү менен “жокко чыгарылган (эсептен чыгарылган) сотко чейинки өндүрүш” деген мөөр менен тастыкталып, ал КБР системасында көрсөтүлгөн убакытка дал келүүгө тийиш. Мөөр билдирмеге, арызга, 1.0-формасына же КБР кылмышты каттоо үчүн негиз болгон башка документтерге коюлат.
Сотко чейинки өндүрүштөр жөнүндө жокко чыгарылган (эсептен чыгарылган) жана түзөтүлгөн маалыматтар боюнча “КБР” АМСте тиешелүү белгилөө жүргүзүлөт.
134. Система тарабынан түзүлгөн алфавиттик баракчаларга оңдоолорду киргизүү ушул Жобонун 110-112-пункттарына ылайык жүргүзүлөт.
135. КБРде генерацияланган кылмыш ишин козгоодон баш тартуу, кылмыш ишин козгоо жөнүндө, тергөөнү токтотуу, кылмыш иштин кыскартуу токтомдору жана башка генерацияланган чечимдер КБРден оңдолууга (редактирование) жатпайт. Ар бир ушундай учурларда көзөмөлдөөчү прокурор тарабынан каттоочунун негизсиз (катачалыктан улам) чечимдерин жокко чыгаруу маселелери каралууга тийиш.
17-глава. КБРге каттоочуларды, колдонуучуларды киргизүү
жана ролдорду ыйгаруу тартиби
136. КБРдеги аракеттер каттоочулардын жана колдонуучулардын ролдоруна ылайык жүргүзүлөт.
137. Каттоочулар менен колдонуучулардын кызмат орундары жана ролдору тууралуу маалыматтар Башкы прокуратуранын ыйгарым укуктуу органы тарабынан КБРдин каттоочулары жана каттоочусу бар ар бир тиешелүү орган боюнча, административдик-уюштуруу түзүмүнүн маалымдамасына киргизилет. Маалымдаманын негизинде, ушул Жобонун 22-25-пункттарына ылайык КБРдин кармоочусу тарабынан КБРге кирүүгө укугу бар колдонуучулар киргизилет.
138. КБРдин кармоочусу тарабынан прокурордук көзөмөлдү жана ведомстволук контролду жүргүзүү максатында, көзөмөлдүк жана тармактык органдардагы кылмыш иштер боюнча маалыматтарды алуу үчүн прокуратура жана укук коргоо органдарынын жетекчилерине, көзөмөлдөөчү прокурорлорго, ошондой эле КЖПКнын 146-беренесине ылайык сотко чейинки өндүрүш органдарынын кызмат адамдарына кирүү мүмкүнчүлүгү берилет.
139. Ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилери кадрдык өзгөрүүлөр болгон учурда КБРге тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү же колдонууну токтотуу үчүн Башкы прокуратуранын ыйгарым укуктуу органына тиешелүү документтерди токтоосуз жиберишет.
18-глава. Кылмыш жөнүндөгү арыз менен укук коргоо органдарына кайрылган жарандардын, КБРдеги маалыматка жетүү тартиби
140. Укук коргоо органына кылмыш жөнүндөгү арызы же билдирүүсү менен түздөн-түз кайрылган арыз ээсине, ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан арызды же билдирүүнү кабыл алган укук коргоо органынын кызмат адамы тууралуу, аны каттоонун датасы жана убактысы жөнүндө маалыматтарды камтыган кабарлоо-талону, ошондой эле уникалдуу каттоо номери (же тийиштүү QR-коду) берилет.
141. Кабарлоо-талону эки бөлүктөн турат:
-
- кабарлоо-талонунун дүмүрчөгү - укук коргоо органында калтырылат;
- кабарлоо-талонунун айрылган бөлүгү- арыз ээсине берилет.
Кабарлоо-талонунун дүмүрчөгүнүн түп нускасы отчеттуулуктун так бланк документи болуп саналып, укук коргоо органдарында 3 жыл сакталат.
142. Кабарлоо-талонунун айрылган бөлүгүндө “КБР” АМС МЭЖдын уникалдуу каттоо номери (же тийиштүү QR-коду) көрсөтүлүп, ал боюнча арыз ээси андан ары өз арызын кароонун, кылмыш иш жөнүндө иштин жүрүшүнө байкоо жүргүзө алат.
Кабарлоо-талонунун айрылган бөлүгүнүн арткы бетинде Интернет-ресурстун дареги көрсөтүлүп, ал боюнча арыз ээси жогоруда көрсөтүлгөн маалыматты алаары тууралуу жана арызды кабыл алган укук коргоо органынын телефону көрсөтүлөт.
19-глава. Штаттык эмес кырдаалдар пайда болгон учурда
кылмыштар жөнүндө жана сотко чейинки өндүрүштүн
маалыматтарын каттоо тартиби
143. Авариялык кырдаалдар болгондо же болбосо КБРге кирүүгө мүмкүндүк болбогон учурда жасалган же болбосо даярдалып жаткан кылмыштар жөнүндө маалыматтар авариялык эсепке алуу журналында (кагаз түрүндө) катталат.
144. Маалыматтарды авариялык маалымат журналында каттоо, сотко чейинки өндүрүштү баштоого негиз болуп саналат.
145. Сотко чейинки өндүрүштүн каттоо номери жана маалыматты авариялык эсепке алуу журналынын кагаз вариантындагы каттоо номери КБРде белгиленген принциптерге ылайык жасалат.
146. КБРге кирүүгө мүмкүндүк болбогон абалга алып келген штаттык эмес кырдаал жөнүндө акт түзүлөт, анда кылмыштар жөнүндө кабыл алынган арыздардын, билдирүүлөрдүн же рапорттордун себептери, узактыгы, саны жана тизмеси чагылдырылат, ошондой эле КБРге кире албаган мезгилде катталган окуялар жана алар боюнча башталган сотко чейинки өндүрүштөр жөнүндө башка маалыматтар көрсөтүлөт. Түзүлгөн акт авариялык журналга тиркелет.
147. КБРге кирүү мүмкүнчүлүгү калыбына келтирилгенден кийин, каттоо үчүн жооптуу кызмат адамы каттоо номерлерин сактоо менен авариялык журналда катталган сотко чейинки өндүрүштүн бардык материалдарын токтоосуз түрдө КБРге киргизүүгө милдеттүү.
148. Эгерде сотко чейинки өндүрүштүн бир органынын кызматкерлеринде КБРге кирүүгө мүмкүндүгү жок болгон учурда, сотко чейинки өндүрүштүн башка органынан же ыйгарым укуктуу органдан маалыматтарды киргизүүгө жол берилет.
20-глава. Кылмыш ишин козгоодон баш тартуу токтомдору чыгарылган материалдарды эсепке алуунун жана алардын сакталышынын, кыскартылган кылмыш иштеринин архивге берүүнүн тартиби. МЭЖге катталган материалдардын, кылмыш ишин козгоодон баш тартылган материалдардын жана кылмыш иштеринин ведомстволор арасындагы жана прокуратура органдарынын ичиндеги кыймылынын тартиби
149. Системада генерацияланган номерлерге ылайык кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган тергөөгө чейинки текшерүүлөрдүн материалдары процессуалдык чечим кабыл алынган учурдан тартып 24 сааттан кечиктирилбестен кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарылган материалдарды эсепке алуу журналына катталууга тийиш.
150. Кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечимдерин каттоо журналы төмөндөгү кызмат адамдары тарабынан жүргүзүлөт:
-
- прокуратура органдарында - ведомстволук буйрук менен бекитилген жооптуу кызматкер;
- ИИО - тергөө кызматынын кеңсесинин (канцеляриянын) иш жүргүзүүчү кызматкери. Штат боюнча иш жүргүзүүчү кызматкери жок болгон учурда, ИИОнун жетекчисинин буйругу менен бекитилген жооптуу кызмат адамы;
- УКМК, ЖАМК, МБК - тергөө кызматынын жетекчилери же ведомстволук буйруктун негизинде бекитилген жоопту кызмат адамы.
151. Кылмыш ишин козгоодон баш тартуу токтомдору чыгарылган материалдарды эсепке алуу журналындагы жазуулардын толуктугун жана тууралыгын ар бир отчеттук мезгил үчүн эсепке алуу-каттоо ишинин абалын жана эсепке алуу маалыматтарын текшерүүнү жүзөгө ашыруунун алкагында органдын тергөө кызматынын жетекчиси тарабынан ай сайын текшерилип турушу керек.
152. Кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечими кабыл алынган материал (генерацияланган кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечими материалга тигилүү менен) процессуалдык чечим кабыл алынган күнү, бирок 24 сааттан кечиктирбестен аталган журналды жүргүзүүгө жооптуу адамга тапшырылууга тийиш.
Аталган жооптуу кызматкерлер декада сайын (ар бир 10 күндө) кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарылып, аларга тапшырылган материалдарды прокуратура органдарына жиберишет.
Прокуратура органдары тарабынан материалдын мыйзамдуулугу окулуп, зарылчылыгы жоюлгандыгына байланыштуу кайтарылып берилгенден кийин алар чечим кабыл алган органдын архивинде сакталат.
153. Прокуратуранын тергөөчүлөрү жана прокурорлор кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечими кабыл алынгандан кийин генерацияланган токтомду материалга тиркеп, прокуратуранын кеңсесинин кызматкерине жогору турган прокуратурага кабыл алынган чечимди текшерүү үчүн тапшырат.
Кабыл алынган чечим окулуп, текшерилип бүткөндөн кийин кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечимин кабыл алган прокуратуранын кеңсесинин архивинде сактоо үчүн кайтарылат.
154. Кылмыш ишин козгоодон баш тартуу токтомдору чыгарылган материалдар архивде 5 жыл сакталат. Сактоо мөөнөтү бүткөндөн кийин аталган материалдар белгиленген тартипте жок кылынат.
Номенклатуралык ишке чыгышталган материалдар чечим кабыл алган органда бир жыл ичинде сакталат. Номенклатуралык ишке чыгышталган материалдарды жок кылуу прокуратура органдары тарабынан көзөмөл иретинде окулуп чыккандан кийин гана мүмкүн.
155. ИИОнун тергөөчүлөрү тарабынан отчеттук мезгилде кыскартылган кылмыш иштер белгиленген тартипте ИИМдин МТББнын архивине тапшырылат.
УКМК, ЖАМК, МБКнын тергөөчүлөрү тарабынан кыскартылган кылмыш иштер, белгиленген ички тартипке ылайык процессуалдык чечим кабыл алган органдын архивине тапшырылат.
Прокуратура органдарынын тергөөчүлөрү жана прокурорлору тарабынан кыскартылган кылмыш иштер прокуратура органдарынын аймактык УСЭАБнө белгиленген тартипте тапшырылат.
156. Кыскартылган кылмыш иштерди тергөөчүлөрдө, прокурорлордо сактоого катуу тыюу салынат.
157. Кыскартылган кылмыш иштер көзөмөлдөөчү прокурор тарабынан окулуп чыккандан кийин, отчеттук айдын 20-күнүнөн кечиктирбестен тиешелүү архивдик кызматтарга тапшырылууга тийиш.
158. МЭЖдын материалдары (процессуалдык чечим кабыл алынбаган), кылмыш ишин козгоодон баш тартылган материалдарынын, кылмыш иштеринин (кыскартылган, токтотулган, тергөө стадиясында турган, тергөөсү аяктаган) ведомстволор ортосундагы жана прокуратура органдарынын ичиндеги кыймылы, электрондук документти жүгүртүү системасы аркылуу жүргүзүлөт. Ар бир материал жана кылмыш иш боюнча жолдомо кат өзүнчө даярдалат.
21-глава. КБРде маалыматтык коопсуздукту камсыздоо
159. КБРдин маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу маселелери, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жашыруун сырлары, электрондук башкаруу жана жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
Тергөө маалыматтарынын ачыкка чыгарылышына жол бербөө максатында, “КБР” АМСтын “Электрондук иш” материалдарын көчүрүүгө, жүктөп алууга жана басууга (кагаз түрүндөгү кылмыш ишине тиркөө максатынан тышкары), фото-видеого тартууга жана скриншот кылууга, ошондой эле, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде көрсөтүлбөгөн маалыматтык системаларына же кандайдыр бир маалымат базаларына (ИИМдин “Таза тергөө” сыяктуу) киргизүүгө тыюу салынат.
160. Эсептик жазуу жөнүндө маалыматтарды “КБР” АМСте (логин, сыр сөз) үчүнчү жактарга берүүгө, “КБР” АМС менен иштөөдө бир эле колдонуучунун атын бир нече кызматкердин пайдалануусуна катуу тыюу салынат.
161. Бардык деңгээлдеги укук коргоо органдарынын жетекчилери:
-
- чектелген маалыматтарды, анын ичинде жарандардын өздүк маалыматтарын ачыкка чыгаруу (жарыялоо) учурларын болтурбоо боюнча чараларды көрүшөт;
- мезгил-мезгили менен “КБР” АМС менен иштөөдө маалыматтык коопсуздук маселелери боюнча инструктаж өткөрүп турат;
- системага уруксатсыз кирүүгө жол бербөө жана купуя маалыматтардын корголушун камсыз кылуу боюнча дайыма иш-чараларды өткөрүп турат;
- кызматкерлердин кызматы боюнча орун которууда, өргүүгө чыгууда, кызматкерди иштен бошотууда жана башка кадрдык өзгөртүүлөрдө “КБР” АМСке кирүүсүн контролдоону жүзөгө ашырышат.
162. “КБР” АМСтын кармоочусу КБРде камтылган маалыматтарды уруксатсыз кирүү жеткиликтүүлүгүнөн коргоо боюнча уюштуруучулук, технологиялык жана программалык иш-чаралардын комплексин жүзөгө ашырат.
163. “КБР” АМСтын кармоочусу тарабынан КБРдеги маалыматтарга уруксатсыз жетүү же аны ачыкка чыгаруу фактысы аныкталганда, буга күнөөлүү кызматкердин КБРге кирүүсүнө бөгөт коет жана тиешелүү органдын жетекчилигине жана көзөмөлдөөчү прокурорго билдирет.
Бул пайдалануучуну кайрадан каттоо кызматтык териштирүү жүргүзүлгөндөн кийин, бузууларды четтетүү жана мындан ары жол бербөө боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө КБРдин кармоочусуна милдеттүү түрдө маалымдоо менен жүргүзүлөт.
22-глава. Контролдоо жана көзөмөлдөө
164. Прокурорлор, укук коргоо органдарынын тергөө кызматтарынын, алгачкы текшерүү органынын жетекчилерилери көзөмөлдү камсыз кылышат:
-
- КЖПКда жана ушул Жободо аныкталган мөөнөттөрдө КБРге маалыматтарды анык, объективдүү жана толук киргизүүнү;
- ушул Жобонун талаптарынын аткарылышын;
- ушул Жобонун талаптарынын бузулгандыгы жөнүндө прокуратура органдарынын укуктук статистика жана эсепке алуу бөлүмдөрүнүн билдирүүлөрү боюнча тиешелүү чараларды көрүүгө;
- эсепке алуу-каттоо тартибинин абалына.
165. Башкы прокуратуранын ыйгарым укуктуу органынын жана анын аймактык прокуратура органдарындагы бөлүмдөрүнүн жетекчилери өз компетенциясынын чегинде:
-
- КБРдеги маалыматтардын тууралыгын жана объективдүүлүгүн контролдоону жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат;
- каттоочулар тарабынан кылмыштар жөнүндө маалыматтардын КБРге объективдүү киргизилишин жана алардын КЖПКнын жана ушул Жобонун талаптарына ылайык тергелишине дайыма текшерүүнү жүргүзүүнү камсыз кылат;
- КБРге киргизилген формалардагы реквизиттер талаптагыдай толтурулбаганда, КЖПКнын жана ушул Жобонун талаптарынын бузулгандыгы аныкталган учурда, аларды четтетүү жана тийиштүү күнөөлүү кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу максатында прокурордук чара көрөт.