Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилген коопсуздукту жана сактоону камсыз кылуу жаатындагы КР ИИМ тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө
БУЙРУК №3
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана анын аймактык бөлүктөрү тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы № 603 токтомунун 2-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүүнүн өзүнчө тизмесинин 2-пунктуна ылайык, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү келишим боюнча жеке жана юридикалык жактардын объектилерин кайтаруу жана коопсуздугун камсыздоо (милициялык, аскерлешкен жана кароолдук) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматы:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык, ушул буйруктун “Эркин-Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин расмий веб-сайтына расмий жарыялануусун камсыз кылсын;
2) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун кагаз түрүндө жана электрондук алып жүрүүчүлөрдө көчүрмөлөрүн эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде, жарыялоо булактарын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
3) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөлөрүн эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн;
4) жогоруда көрсөтүлгөн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарына ылайык мамлекеттик кызматты көрсөтүү боюнча иштерди уюштурсун;
5) жогоруда көрсөтүлгөн кызматты көрсөтүүнүн сапатын андан ары жакшыртуу жана оптималдаштыруу боюнча чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Басма сөз кызматынын башчысынын м.у.а. милициянын полковниги С.Б. Макилов ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин расмий сайтына жарыяласын.
4. Буйруктун талаптарынын жеткиликтүү аткарылышына жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы милициянын генерал-майору Т.Т. Абитовго жүктөлсүн.
5. Буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору О.Дж. Урмамбетовго жүктөлсүн.
6. Буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
7. Буйрук тиешелүүлүгү боюнча жарыялансын.
Министр
милициянын генерал-лейтенанты
У.О. Ниязбеков
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү келишим боюнча жеке жана юридикалык жактардын объектилерин кайтаруу жана коопсуздугун камсыздоо (милициялык, аскерлешкен жана кароолдук) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтому менен бекитилген мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестринин 8-главасынын 7-пункту)
1. Мамлекеттик кызматтын паспорту |
||
1
|
Кызматтын аталышы
|
Келишим боюнча жеке жана юридикалык жактардын объектилерин кайтаруу жана коопсуздугун камсыздоо (милициялык, аскерлешкен жана кароолдук) – мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестринин 8-главасынын, 7-пункту |
2 |
Кызматты көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы |
Коомдук тартипти, инсандын жана коомдун коопсуздугун камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча аткаруучу-тескөөчү милдеттерди жүзөгө ашыруучу мамлекеттик укук коргоо органы (мындан ары - КР ИИМ). Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматы (башкы башкармалык укугунда) Кыргыз Республикасынын өзгөчө маанилүү, маанилүү, олуттуу жана башка объекттеринин коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле менчигинин формасына карабастан объекттерди жана мүлктөрдү келишимдин негизинде күзөткө алуу иштерин жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ведомстволук бөлүмү (мындан ары – КР ИИМдин КК) |
3 |
Мамлекеттик кызматтын керектөөчүлөрү |
Юридикалык жана КР ИИМдин КК менен келишим түзүүгө жана көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматты сатып алууга мүмкүнчүлүгү бар 18 жаштан жогорку жеке жактар |
4 |
Мамлекеттик кызматты алуунун укуктук негиздери |
“Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Электрондук колтамга жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 22-октябрындагы №676 КПҮ “Кыргыз Республикасынын маанилүү режимдик объектилердин, жашоо турмушка зарыл жана тиричиликти камсыздоо объектилеринин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” токтому; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-февралындагы №75 “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгын Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматы деп өзгөртүп атоо жөнүндө” токтому; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 “Мамлекеттик органдарынын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө” токтому; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы №525 “Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги №200 “Түндүк” электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасындагы маалыматтык системалардын өз ара аракеттенүүсүнө карата талаптарды бекитүү жөнүндө” токтому. |
5
|
Мамлекеттик кызматты көрсөтүүнүн акыркы жыйынтыгы |
Жеке жана юридикалык жактардын менчиктеринин бардык формадагы объектилерин эки тараптуу келишимдин негизинде куралдуу кайтаруу жана коопсуздугун камсыз кылуу: - милициялык кайтаруу; - борборлоштурулган байкоо жүргүзүү пульттарын пайдалануу менен кайтаруу; - күзөттүк кайтаруу; - аскерлешкен кайтаруу; - жеке жана юридикалык жактарды кайтаруу; - жарандардын батирлерин жана үйлөрүн кайтаруу; - жүктөрдү коштоо жана коммерциялык иш-чараларды кайтаруу; - айгай баскычы |
6 |
Мамлекеттик кызматты көрсөтүүнүн шарттары |
арыз ээси кайрылган учурда, кызматты көрсөтүү төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат: - жандуу кезек күтүү принциби боюнча. -санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана өрткө каршы коопсуздук талаптарына ылайык келген имараттарда; Бөлмөлөрдү күтүү үчүн орундар, ажатканалар (короодогу – борбордук суу түтүктөрүнө жана канализацияга кошуу мүмкүнчүлүгү болбогон аймактарда), жылытуу системасы, суу түтүктөрү жана телефон менен жайгаштырат. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, тылдын эмгекчилери жана аларга теңдеш адамдар, майыптыгы менен жана майыптар, боюнда бар аялдар) кезексиз тейленишет же эгерде алар жайга чыга алышпаса кызматкерлер арыздарды кабыл алуу үчүн аларга түшүшөт. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызматты алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат. Иштөө графиги: дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 9.00 дөн 19.00 гө чейин, түшкү тыныгуу саат 12.00 дөн 14.00 гө чейин. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө арызды кабыл алуу иш күндөрү саат 09.00 дөн 19.00 гө чейин жүргүзүлөт. |
7 |
Мамлекеттик кызматты көрсөтүүнүн мөөнөтү |
Кызматты алууга документтерди кабыл алуу үчүн чектелген убакыт – 20 мүнөткө чейин. Электрондук кызматтардын мамлекеттик порталы аркылуу (portal.tunduk.kg) - 10 мүнөткө чейин. Техникалык бекемдигинин жана кайтаруу сигналынын каражаттары менен жабдылгандыгынын предметине текшерүүнүн алгачкы актысы - 10 жумушчу күнгө чейин түзүлөт. Керектөөчүнүн актыда көрсөтүлгөн сунуштарды аткаруусу жана объектини техникалык каражаттар менен жабдуу – текшерүүнүн актысында көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин. Кайталап текшерүү жана келишимге чейинки текшерүүнүн актысын түзүү – 10 жумушчу күнгө чейин. Мамлекеттик кызматты көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү бир жылдан ашпаган мөөнөткө түзүлө турган эки тараптуу келишимде айтылат. Эгерде мөөнөт аяктаганга эки ай калганда тараптардын бири да аны токтотууну талап кылбаса, келишим ошол эле мөөнөткө жана ошол эле шарттарда узартылды деп эсептелет. Келишим 10 иш күндөн кем эмес жазуу жүзүндөгү билдирүүнү жөнөтүү жолу менен тараптардын биринин демилгеси боюнча мөөнөтүнөн мурда төмөндөгү учурларда бузулушу мүмкүн: - объектинин ишмердигинин токтошу; - келишимдин шарттарынын системалуу түрдө бузулушу |
Мамлекеттик кызматты алуучуларга маалымдоо |
||
8 |
Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат (зарыл болгон маалыматтардын тизмеги) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымдоо |
Мамлекеттик кызмат жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - Электрондук кызматтын мамлекеттик порталында portal.tunduk.kg; - адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укук тартибин кайтаруу, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында – www.mvd.kg; - КР ИИМдин ККнын бөлүктөрүнө жеке кайрылганда; - КР ИИМдин ККнын бөлүктөрүндөгү маалымат такталарынан, брошюраларынан, буклеттеринен. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 |
Мамлекеттик кызмат жөнүндө маалыматтарды жайылтуу ыкмалары (мүнөздөп көрсөтүү же мүмкүн болгон бардык ыкмаларды санап өтүү) |
Көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө маалыматты жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат: - ЖМК (гезиттер, радио, телеберүү); - Электрондук кызматтын мамлекеттик порталы portal.tunduk.kg; - адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укук тартибин кайтаруу, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты – www.mvd.kg; - маалымат такталары, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланыштар; - адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укук тартибин кайтаруу, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы. Даректер, телефон номерлер, иштөө убактысы, КР ИИМдин ККнын бөлүктөрүнүн тизмеси мамлекеттик кызматтын стандарты менен бирге такталарда, адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укук тартибин камсыздоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында жана КР ИИМдин ККнын бөлүктөрүндө жайгаштырылат. |
Тейлөө жана мамлекеттик кызматты көрсөтүү |
||
10 |
Кардарлар менен баарлашуу |
КР ИИМдин ККнын жана анын бөлүктөрүндөгү кызматты көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин иш бөлмөлөрүнүн эшиктеринде маалымат тактачалары жайгаштырылат. Калк менен иштеген бардык кызматкерлерде аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген көрнөкчө (таанытма) бар. Кардарлар менен баарлашууда кызматкерлер этиканын төмөндөгү негизги принциптерин сакташат: сылык, кайрымдуу, туура, сабырдуу, принципиалдуу болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешин угуп жана анын позициясын түшүнө билүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерине аргумент келтирүүнү билүү. Бардык кызматкерлер тарабынан кызматтык нускамалардын (функционалдык милдеттердин) жана этикалык ченемдердин сакталышын, кызыкчылыктардын кагылышуусун жокко чыгарган жарандарга карата көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген кесиптик жана этикалык ченемдердин сакталуусу милдеттүү. Медициналык-социалдык себептер боюнча өзгөчө муктаждыктары бар адамдар (майыптыгы менен жана майыптар, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен сүйлөшүү жана аларга кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт. |
11 |
Купуялыкты камсыз кылуу жолдору |
Арыз ээси жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 |
Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызматтын керектөөчүсү тарабынан жасалган аракеттердин тизмеги |
Арызды электрондук форматта берүү үчүн мамлекеттик кызматтын керектөөчүсү электрондук сурамды Электрондук кызматтардын мамлекеттик порталы аркылуу жөнөтүшү керек portal.tunduk.kg. Электрондук форматта сурамды берүүгө талаптар Электрондук кызматтардын мамлекеттик порталында көрсөтүлгөн. Ошондой эле кызматты алуу үчүн жарандар КР ИИМдин ККнын бөлүктөрүнө кайрылып, төмөндөгү документтерди көрсөтө алышат: 1) КР ИИМдин КК менен келишим түзүүгө жана көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматты сатып алууга мүмкүнчүлүгү бар 18 жаштан жогорку жеке жактарга: - каалаган формадагы жазуу жүзүндөгү арыз; - өздүгүн күбөлөндүрүүчү документ (паспорт, күбөлүк); 2) юридикалык жактарга: - каалаган формадагы жазуу жүзүндөгү арыз; - ишеним кат; Кызмат көрсөтүү келишимге кол коюлган учурдан тартып жүзөгө ашырылат. Керектөөчүлөрдөн келип түшкөн арыздар каттоо журналдарына милдеттүү тартипте белгиленет. |
13 |
Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтын наркы |
Мамлекеттик кызмат төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт. Баа прейскуранты монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдашуусу боюнча адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укук тартибин кайтаруу, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигинин буйругу менен бекитилет. Кызматтын наркы маалымат тактачаларында жана адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укук тартибин кайтаруу, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында (www.mvd.kg) жайгаштырылган баалардын прейскурантында чагылдырылат. |
14 |
Мамлекеттик кызматтын сапатынын параметрлери |
Мамлекеттик кызматты көрсөтүүнүн сапаты төмөндөгү критерийлер менен аныкталат: - ишенимдүүлүк жана көрсөтүлүүчү кызматтын стандартында белгиленген кызматты көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөтүнө ылайык өз убагында болуусу. - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, улуту, дини, жашы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жетимдүүлүк, жарандардан кызматты алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызматты көрсөтүүнүн шарттары ушул стандартта белгиленген талаптарга ылайык келиши: имаратка кирүү жеткиликтүүлүгү, коммуналдык-тиричилик ыңгайынын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызматты көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызматты көрсөтүүнүн бардык жол-жобосунун жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы натыйжанын (алынган кызматтын) арыз ээсинин күтүүсүнө ылайык келиши; - жарандардын даттануу жана сунуш китебинин жеткиликтүү жерде болушу; |
15 |
Кызматты электрондук форматта көрсөтүү |
Кызмат Электрондук кызматтардын мамлекеттик порталы аркылуу электрондук форматта кызматты алууга арызды кабыл алуу бөлүгүндө көрсөтүлөт - portal.tunduk.kg Онлайн интерактивдүүлүк баскычы - 3.
|
Мамлекеттик кызматты көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби |
||
16 |
Мамлекеттик кызматты көрсөтүүдөн баш тартуу |
Мамлекеттик кызматты көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн: - 18 жашка чыга элек адамдарга; - арыз ээсинин аныкталбаган үлгүдөгү өздүгүн тастыктаган документтерди бергенде (кемтиктери, тактары, сүрүлгөн жерлери бар); - адамдын башка адамдын атынан аракет кылуусуна расмий ыйгарым укугу жок болгондо (нотариалдык күбөлөндүргөн ишеним кат, туугандыгын тастыктаган документ); - арыз ээси ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди бербеген учурда. |
17 |
Даттануу тартиби |
Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын жетекчилигине түздөн-түз же өзүнүн өкүлдөрү аркылуу оозеки же жазуу жүзүндө даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндө даттануу эркин түрдө берилет жана керектөөчүнүн аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, даттануунун маңызын, кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн же анын өкүлүнүн колун жана датасын камтууга тийиш. Даттанууларды жана доолорду кароо “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте жүзөгө ашырылат. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттандырбаган учурда арыз ээси чечимге сот тартибинде даттанууга укуктуу. |
18 |
Мамлекттик кызматтын стандартын кайра карап чыгуу мезгилдүүлүгү |
Мамлекеттик кызматтын стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен үзгүлтүксүз каралып турууга тийиш. |