facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын ИИМдин 17.07.2024-ж., №433 буйругу

(19.07.2024-ж. жарыяланды)
Кыргыз Республикасынын ИИМдин 17.07.2024-ж., №433 буйругу «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы №304 токтому менен бекитилген Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилген, коопсуздукту камсыз кылуу жана сактоо жаатында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын бекитүү жөнүндө» 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын    3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, инсандын жана коомдун коопсуздугун коргоо, ошондой эле коомдук тартипти камсыз кылуу, кылмыштардан жана кырсыктардан жапа чеккен, ошондой эле жардамга муктаж болгон адамдарга кечиктирилгис жардам көрсөтүү, кылмыштарды жана укук бузууларды аныктоо, алдын алуу, бөгөт коюу жана бетин ачуу, алар жөнүндө келип түшкөн маалыматтарды каттоо максатында, буйрук кылам:

1. “Жарандардын укуктары же эркиндиктери, же коомдук тартиптин бузулушун ички иштер органдары тарабынан токтотуу (болтурбоо) боюнча шашылыш жардам” Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматы:

1) ушул буйрукту “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, “Эркин-Тоо” гезитинде же Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигин расмий сайтында расмий жарыялануусун камсыз кылсын;

2) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жана электрондук түрдө жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;    

3) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун эки нускадагы мамлекеттик жана расмий тилдердеги көчүрмөлөрүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Басма сөз кызматы ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин расмий сайтына жарыяласын.

4. Кыргыз Республикасынын ИИМдин КККнын, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун ИИББнын, облустук жана Ош шаардык ИИБдин башчылары:

1) карамагындагы бөлүктөрдүн өздүк курамы тарабынан ушул буйруктун талаптарын окуп, үйрөнүүсүн жана аткаруусун уюштурсун;

2) Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын ушул буйрук менен бекитилген талаптары менен камсыз кылышсын.

5. Ушул буйруктун талаптарынын жеткиликтүү аткарылышына жоопкерчилик ушул буйруктун 4-пунктунда көрсөтүлгөн жетекчилерге жүктөлсүн.

6. Ушул буйруктун талаптарынын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору О.Дж. Урмамбетовго жүктөлсүн.

7. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Министр
милициянын генерал-лейтенанты                                                                                                                           У.О. Ниязбеков

 

Кыргыз Республикасынын ИИМдин
«____»_______ 2024-ж.
№ _______ буйругуна
тиркеме

 

Ички иштер органдары тарабынан жарандардын укуктарынын жана эркиндиктеринин же болбосо коомдук тартиптин бузулушун токтотуу (болтурбоо) боюнча шашылыш жардам” Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн СТАНДАРТЫ

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтому менен бекитилген

Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 8-бөлүмүнүн 9-пункту)

8 бөлүм. Коопсуздукту жана сактоону камсыз кылуу

Мамлекеттик кызматтын паспорту

  1.  

Кызматтын аталышы

Ички иштер органдары тарабынан жарандардын укуктарынын жана эркиндиктеринин же болбосо коомдук тартиптин бузулушун токтотуу (болтурбоо) боюнча чукул жардам - мамлекеттик кызматтардын Бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 8-бөлүмүнүн 12-пункту

  1.  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кызматты көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы

Адам укугун жана эркиндигин коргоо, укук тартибин сактоо, коомдук  коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - КР ИИМ).

ИИОнун облустук, шаардык жана райондук ички иштер органдарынын бөлүмдөрү жана милиция пункттары.

Ички иштер органдарынын нөөмөт бөлүктөрүнүн ишине жалпы жетекчиликти Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын Ыкчам башкаруу Борбору (мындан ары - Ыкчам башкаруу борбору) жүзөгө ашырат.

  1.  

Мамлекеттик кызматтын керектөөчүлөрү

Жеке жана юридикалык жактар

  1.  

Мамлекеттик кызматты алуунун укуктук негизи

- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси;

- Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси;

- “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- “Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- “Жарандар менен иштөөнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

-“Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

 “Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

- “Курал жөнүндө”Кыргыз Республикасынын  Мыйзамы

  1.  

Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтын соӊку жыйынтыгы

Ушуну менен, акыркы натыйжа төмөнкүлөрдүн бири же бир нечеси болушу мүмкүн:

- окуянын алдын алуу,

- коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу,

- өмүргө, мүлккө же айлана-чөйрөгө коркунуч туудурган кырдаалдарда жана башка өзгөчө жагдайларда жардам сурап кайрылууларга өз убагында чара көрүү;

- убактылуу коргоо ордерин берүү;

- окуя фактыны АМС КБР МЭЖге каттоо талонун берүү;

  1.  

Мамлекеттик кызматты көрсөтүүнүн шарттары

Арыз ээси кайрылган учурда, кызматты көрсөтүү төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат:

жазуу жүзүндө кайрылган учурда:

- белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайда; Жайларды күтүү үчүн орундар, даратканалар (короодогу – борбордук суу түтүктөрүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүн болбогон аймактарда), жылытуу системасы, суу түтүктөрү жана телефон менен жайгаштырат.

жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканалар, жуунуучу бөлмөлөр), анын ичинде көрүүсү жана угуусу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана таяныч - кыймылдоо аппаратынын бузулуусу менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар (мындан ары – калктын аз мобилдүү тобу) үчүн пандустар, кармагычтар менен жабдылган (имараттарга, жайларга) тоскоолдуксуз жетүү мүмкүнчүлүгү бар болгондо;

-жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдеш адамдар, калктын аз мобилдүү тобу, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет же эгерде алар бөлмөгө чыга алышпаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн аларга ылдый түшөт.

- коомдук коркунучтун жогорку даражасындагы окуяларды кошпогондо, жандуу кезекте (принципби боюнча);

-келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызматты алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат, эмерек, жазуу калемсаптар.

Телефон аркылуу кайрылган учурда:

- окуя болгон жерге чыгуу менен токтоосуз чара көрүү;

Кызмат көрсөтүүдө андан ары маңызы боюнча чечим кабыл алуу үчүн маалыматты КБР МЭЖ автоматташтырылган маалымат системасына милдетүү чурда каттоо киргизүү каралган.

  1.  

Мамлекеттик кызматты көрсөтүүнүн мөөнөтү

Токтоосуз.

      Кызмат көрсөтүү жарандар кайрылган учурдан тартып башталат. Чакыруу болгон жерде шашылыш жардам көрсөтүү-жекече, белгиленген ченемдик мөөнөттөрсүз кырдаалды жөнгө салуу деңгээлине чейин

Мамлекеттик кызматты алуучуларга маалымдоо

  1.  

Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат (керектүү маалыматтын тизмеги) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымдоо

Мамлекеттик кызмат жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот:

- КР ИИМдин коомдук кабылдамасында;

- КР ИИМдин сайтында: https://www.mvd.kg/;

- КР ИИМге жеке кайрылганда, ошондой эле ички иштер органдарынын облустук, шаардык жана райондук нөөмөт бөлүктөрүндө, милициянын бөлүмчөлөрүндө жана пункттарында;

- КР ИИМдин жана ички иштер органдарынын облустук, шаардык жана райондук нөөмөт бөлүктөрүндөгү, милициянын бөлүмчөлөрүндөгү жана пункттарындагы маалыматтык стенддерден, брошюралардан, буклеттерден;

Жарандарды ички иштер органдарынын облустук, шаардык жана райондук нөөмөт бөлүктөрүндө кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт.

Мамлекеттик кызмат тууралуу маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет.

  1.  

Мамлекеттик кызмат жөнүндө маалыматтарды жайылтуунун ыкмалары (мүмкүн болгон бардык ыкмаларды мүнөздөө же санап өтүү)

Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалыматтарды жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат:

- ЖМК (гезиттер, радио, телекөрсөтүү);

- КР ИИМдин сайты: https://www.mvd.kg/;

- маалыматтык стенд, брошюралар, буклеттер;

- жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланышуу (“102” телефону жана ички иштер органдарынын аймактык бөлүктөрүнүн кызматтык номерлери (күнү-түнү);

- КР ИИМдин коомдук кабылдамасы жана ички иштер органдарынын облустук, шаардык, райондук нөөмөт бөлүктөрү, милициянын бөлүмчолөрү жана пункттары.

Даректери, телефон номурлары жана иштөө режими, анын ичинде ички иштер органдарынын облустук, шаардык жана райондук нөөмөт бөлүктөрүнүн Мамлекеттик кызматтын стандарты менен бирге КР ИИМдин, ошондой эле жогоруда аталган нөөмөт бөлүктөрүнүн стендине, сайтына жайгаштырылат.

Тейлөө жана мамлекеттик кызматты көрсөтүү

  1.  

Келүүчүлөр менен сүйлөшүү

КР ИИМдин, ошондой эле ички иштер органдарынын облустук, шаардык жана райондук нөөмөт бөлүктөрүндө, милициянын бөлүмчөлөрүндө жана пункттарында кызматты көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин иш бөлмөлөрүнүн эшиктеринде маалымат тактачалары жайгаштырылат.

Калк менен иштеген бардык кызматкерлерде аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген табличкалары (бейдждери) бар.

Келүүчүлөр менен сүйлөшүүдө кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, боорукер, так, сабырдуу, принципиалдуу болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешин угуп жана анын позициясын түшүнө билүү, ошондой эле кабыл алынып жаткан чечимдерди далилдей билүү.

Бардык кызматкерлер тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген этикалык ченемдерди сактоону, жарандарга карата көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышуусун жокко чыгарган кызматтык нускамалар (функционалдык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер сакталууга тийиш.

Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ адамдар (ДМЧА, улгайган жарандар, согуштун ардагери жана тыл эмгекчилери, кош бойлуу аялдар) менен баарлашуу жана аларга кызматты көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт

  1.  

Купуялуулукту камсыз кылуу ыкмалары

Арыз ээси жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн

  1.  

Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызматтын керектөөчүлөрү тарабынан жасалуучу аракеттердин тизмеги

Мамлекеттик кызматты алуу үчүн төмөнкүлөр керек:

- керектөөчүнүн өзүнүн да, башка жарандардын да ички иштер органдарына оозеки же жазуу жүзүндө кайрылуусу;

- техникалык мүмкүнчүлүктөр болгон учурда "Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык электрондук кайрылууларды кабыл алуу;

- “102” телефону же Кыргыз Республикасынын ИИОнун аймактык жана түрүмдүү бөлүктөрүнүн нөөмөт бөлүмдөрүнүн номурлары  боюнча билдирүү;

- ички иштер органдарынын карамагында турган маалыматтык-телелкоммуникациялык каражаттар боюнча электрондук арыздарды же кайрылууларды кабыл алуу

Келип түшкөн арыздар кайрылган күнү, кайрылуучу жарандардын аты-жөнү, дареги, байланыш телефондору көрсөтүлү менен милдеттүү түрдө “Кылмыштуулуктун бирдиктүү реестринин маалыматтык журналына” АМСте катталат.

  1.  

Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтын наркы

Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт

  1.  

Мамлекеттик кызматтын сапатынын параметрлери

Мамлекеттик кызматты көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер боюнча аныкталат:

- көрсөтүлүүчү кызматтын стандартында билдирилген кызматты көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүк жана өз убагында болуусу;

- жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө;

- жетимдүүлүк, жарандардан кызматты алуусу үчүн стандартта көрсөтүлгөн  документтерди гана талап кылуу;

- кызматты көрсөтүү шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка кирүү жетимдүүлүгү, комуналдык-тиричилик ыңгайынын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда);

- мамлекеттик кызматты көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызматты көрсөтүүнүн бардык жол-жобосунун жүрүшүндө консультация берүү;

- соңку жыйынтыктын (алынган кызматтын) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келиши;

- жарандардын даттануу жана сунуш китебинин жеткиликтүү жерде болушу

  1.  

Электрондук форматта кызмат көрсөтүү

Электрондук арыздарды жана кайрылууларды кабыл алуу «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын карамагындагы маалыматтык-телекоммуникациялык каражаттарды (мобилдик тиркемелер, программалар) пайдалануу менен жүргүзүлөт.

Мамлекеттик кызматты көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби

  1.  

Мамлекеттик кызматты көрсөтүүдөн баш тартуу

Баш тартууга жол берилбейт

  1.  

Даттануу тартиби

Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз ээси ички иштер органдарынын облустук, шаардык жана райондук нөөмөт бөлүктөрүнүн, милициянын бөлүмчөлөрүнүн жана пункттарынын же болбосо Ыкчам башкаруу борборунун жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө кайрылууга укуктуу.

Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана анда кызматты алуучунун аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле доонун маңызы, кызматты алуучунун кол тамгасы, жана датасы камтылууга тийиш.

Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумушчу күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет.

Кайрылуунун тартиби (арыз, даттануу), аларды кароонун тартиби, кайрылуунун мөөнөттөрү, талаптары жана укуктук натыйжалары "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" жана "жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.

Даттанууларды жана дооматтары кароо ички иштер органдарынын облустук, шаардык жана райондук нөөмөт бөлүктөрүнүн же КР ИИМдин КККнын Ыкчам башкаруу борборунун жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсине жооп жөнөтүү мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоого тийиш.

Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси ички иштер органдарынын облустук, шаардык жана райондук нөөмөт бөлүктөрүнүн же Ыкчам башкаруу борборунун чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу.

  1.  

Мамлекеттик кызматтын стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү (кайталануусу)

Мамлекеттик кызматтын стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен үзгүлтүксүз кайра каралып турушу керек.