facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

Кыргыз Республикасынын ИИМдин 15.05.2024-ж., №298 буйругу «Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан маалымат берүү жаатында көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын административдик регламенттерин бекитүү жөнүндө»

(20.05.2024-ж. жарыяланды)

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2024-жылдын 12-мартындагы № 1 “Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү реестрине (тизмегине) киргизилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан маалымат берүү жаатында көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” буйругуна ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык  буйрук кылам:

         1. Бирдиктүү реестрине (тизмегине) киргизилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү төмөнкү мамлекеттик кызматтардын административдик регламенттери бекитилсин:

1)  1-тиркемеге ылайык, “Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттуулугунун бар же жоктугу тууралуу маалымдама берүү”;

2) 2-тиркемеге ылайык, “Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттуулугунун бар же жоктугу тууралуу маалымдаманы тез аранын ичинде акы төлөмө негизде берүү”.

         2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары, Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын, облустардын ички иштер башкармалыктарынын башчылары:

1) мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча ишти мамлекеттик кызматтардын бекитилген административдик регламенттерине ылайык так уюштурушсун;

2) мамлекеттик кызматты көрсөтүүнүн сапатын жана оптималдаштырууну мындан ары жакшыртуу боюнча чараларды көрүшсүн.

         3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Басма сөз кызматынын башчысы ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин расмий сайтына жарыяласын.

         4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2023-жылдын 30-мартындагы № 1 “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан маалымат берүү тармагында көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын административдик регламенттерин бекитүү жөнүндө” буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

         5. Бул буйруктун талаптарынын жеткиликтүү аткарылышына жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын башчысынын орун басарына, Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын, облустардын ички иштер башкармалыктарынын башчыларына жүктөлсүн.

         6. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары – Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын башчысы милициянын генерал-майору С.Н. Ниязбековго жүктөлсүн.

         7. Буйрук тиешелүүлүгү боюнча жарыялансын.

        

Министр
милици
янын генерал-лейтенанты                                                                                                                            У.О. Ниязбеков