facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү реестрине (тизмегине) киргизилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан маалымат берүү жаатында көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө

                                                                                                                                                        Жарыяланды 15.03.2024

                                                                                        БУЙРУК 

12.03.2024-ж. № 1                                                                                                                                                                      Бишкек ш.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү реестрине (тизмегине) киргизилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан маалымат берүү жаатында көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы
№ 603 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты жөнүндө” токтомунун 2-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына берилген айрым ченем жаратуучу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 2-пунктуна ылайык,  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын
3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуучу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана анын аймактык бөлүктөрү тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында,  буйрук кылам:  

1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү реестрине (тизмегине) киргизилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан маалымат берүү жаатында көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкү стандарттары бекитилсин:

1) “Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттуулугунун бар же жоктугу тууралуу маалымдама берүү” 1-тиркемеге ылайык;

2) “Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттуулугунун бар же жоктугу тууралуу маалымдаманы тез аранын ичинде акы төлөмө негизде берүү” 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы:   

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык, ушул буйруктун “Эркин-Тоо” гезитине же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий веб-сайтында расмий жарыяланышы камсыз кылынсын;

2) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйрукту эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук алып жүрүүчү аркылуу жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн;

3) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде буйруктун көчүрмөлөрү Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтүлсүн;

4) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жогоруда көрсөтүлгөн стандарттарына ылайык, мамлекеттик кызматтарды эффективдүү көрсөтүү боюнча иштер уюштурулсун;

5) Көрсөтүлгөн кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын андан ары жакшыртуу жана оптималдаштыруу боюнча чаралар көрүлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Басма сөз кызматы ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин расмий сайтына жарыяласын.

4. Буйруктун талаптарынын талаптагыдай аткарылышына жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын башчысынын орун басарына жана  мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүчү республиканын ички иштер органдарынын аймактык бөлүктөрүнүн жетекчилерине жүктөлсүн.  

5. Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары - Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын башчысы милициянын генерал-майору С.Н. Ниязбековго жүктөлсүн.

6. Буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумушчу күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

7. Буйрук тиешелүүлүгү боюнча жарыялансын.

Министр

милициянын генерал-лейтенанты                                      Улан Ниязбеков

Кыргыз Республикасынын

ИИМдин 12.03.2024-ж.

№ 1 буйругуна 1-тиркеме

1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту

1

Кызмат көрсөтүүнүн аталышы

Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттуулугунун бар же жоктугу тууралуу маалымдама берүү

2

Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы

Адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - Кыргыз Республикасынын  ИИМ).

Кыргыз Республикасынын ИИМдин ишмердүүлүгүнө маалыматтык-телекоммуникациялык технологияларды киргизүү жана колдонуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ИИМдин ведомстволук бөлүгү.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин аймактык бөлүктөрү

3

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрү

Жеке жактар

4

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери

Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Мыйзамы;  

Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Электрондук колтамга жөнүндө” Мыйзамы;  

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 336 “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгын түзүү жөнүндө” токтому;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмесин) бекитүү жөнүндө” токтому;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 “Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому;  

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 200 “Түндүк” электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасындагы маалыматтык системалардын өз ара аракеттенүүсүнө карата талаптарды бекитүү жөнүндө” токтому

5

Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы

Маалым кат:

- мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу тууралуу;

- мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы жана соттуулугу жөнүндө маалыматтын жоктугу тууралуу;

- мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы тууралуу маалыматтын бар экендиги жөнүндө

6

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты

Кызмат көрсөтүү электрондук жана кагаз форматтарында төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат:

- Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук форматта (portal.tunduk.kg):  

1) интернет байланыш бар болгондо;

2) квалификацияланган электрондук кол тамга бар болгондо;

- кагаз форматында - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайда жандуу жана/же электрондук кезек күтүү принциби боюнча;

- жарандардын, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын жана таяныч-кыймыл аппараты бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын (мындан ары - ДМЧА) пандустар, кармагычтар менен жабдылган имаратка (имараттарга, жайларга) жана санитардык гигиеналык жайларга (ажатканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу.

Жайлар күтүү үчүн орундар, ажатканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда - сырттагы ажатканалар), жылуулук, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылат.

Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдеш адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленишет, эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн түшүп келет.

Келүүчүлөргө ыңгайлуу болуш үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жайгаштырылат.

Иштөө убактысы: дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 9:00дөн 18:00гө чейин, түшкү тыныгуу 12:00дөн 13:00гө чейин.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө арыз жумушчу күндөрү саат 09:00дөн 18:00гө чейин кабыл алынат, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу арызды кабыл алуу күнү-түнү жүзөгө ашырылат.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү төмөндөгүдөй жүзөгө ашырылат: жумушчу күндөрү саат 16:00дөн 18:00гө чейин. Керектөөчү жумуш убактысы аяктагандан кийин, дем алыш жана майрам күндөрү кайрылган учурда, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык арыздарды кабыл алуу жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыктарын берүү кийинки жумушчу күнүндө жүзөгө ашырылат

7

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - 7 жумушчу күндөн ашпайт.

Арыз электрондук форматта толтурулат жана берилет - 2-10 мүнөт.

Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын кагаз форматында берүү үчүн чектелген убакыт - 5-20 мүнөт

2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү

8

Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат (керектүү маалыматтардын тизмеги), стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымдоо

Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот:

- Кыргыз Республикасынын  ИИМдин коомдук кабылдамасынан;

- Кыргыз Республикасынын  ИИМдин сайтынан: https://mvd.gov.kg;

- Кыргыз Республикасынын  ИИМге жеке кайрылууда;

-  Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан portal.tunduk.kg;

- Кыргыз Республикасынын  ИИМдин маалымат такталарынан, брошюралардан, буклеттерден.

Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет

9

Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү)

Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат:

- ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү);

- Кыргыз Республикасынын  ИИМдин сайты: https://mvd.gov.kg;

- маалымат такталары, брошюралар, буклеттер;

- жеке кайрылуу жана телефон боюнча байланыш;

-  Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы portal.tunduk.kg;

- Кыргыз Республикасынын  ИИМдин коомдук кабылдамасы.  

Даректер, телефон номерлер жана иштөө режими, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен биргеликте Кыргыз Республикасынын  ИИМдин тактасында, сайтында жайгаштырылат

3. Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү

10

Келүүчүлөр менен пикир алмашуу

Кыргыз Республикасынын ИИМдин аймактык бөлүктөрүндө кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин иш бөлмөлөрүнүн каалгаларында маалыматтык көрнөкчөлөр жайгаштырылат.

Калк менен иштеген бардык кызматкерлерде аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке көрнөкчөлөр (таанытмалар) бар.

Келүүчүлөр менен баарлашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылыктык, ак ниеттүүлүк, сыпайлык, чыдамкайлык, принципиалдуулук, маселенин маани-маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, сүйлөшүп жаткан адамды уга билүү жана анын көз карашын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер тарабынан кызматтык нускаманын (иш милдеттердин) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык, көз карандысыздык жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдери сакталууга тийиш.

Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ адамдар үчүн (ДМЧА, кары-картаң пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт

11

Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары

Арыз ээси жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн

12

Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү электрондук форматта алуу үчүн керектөөчүнүн Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы portal.tunduk.kg аркылуу электрондук суроо-талапты жөнөтүүсү зарыл.

Электрондук форматта суроо-талапты берүүгө талаптар Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында көрсөтүлгөн.

Электрондук табыштама мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсү Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына табыштаманы берген учурда түзүлүүчү PDF (Portable Document Format) форматындагы электрондук документ болуп саналат.

Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу жиберилүүчү электрондук табыштама Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын пайдалануунун белгиленген эрежелерине ылайык, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсүнүн квалификацияланган электрондук кол тамгасы менен ырасталууга тийиш.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсү жеке кабинетинде электрондук табыштаманын статусуна байкоо жүргүзө алат.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсүнүн жеке кабинетине Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында штрих-коду менен электрондук форматта жиберилет.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү кагаз түрүндө алуу үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсү өздүгүн күбөлөндүрүүчү документти көрсөтүүсү зарыл.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсү кызмат көрсөтүүнү өз алдынча алуу үчүн органга кайрыла албаган учурда, башка жеке жак кызмат көрсөтүүнү алууга муктаж болуп жаткан жарандын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каты жана паспортунун көчүрмөсү менен кайрыла алат.

Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн өздүгүн күбөлөндүрүүчү документти мамлекеттик же болбосо расмий тилдеги расмий котормосу менен көрсөтүүсү зарыл.

Эгерде мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсү бала болсо, ата-энеси (асырап алуучу) анын өздүгүн күбөлөндүрүүчү документти, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн/паспортун, ал эми баланы асырап алган учурда - асырап алуу жөнүндө күбөлүктү да көрсөтүшү керек.

Эгерде мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсү ага карата камкорчулук (көзөмөлчүлүк) белгиленген адам болсо, камкорчуга (көзөмөлчүгө) анын өздүгүн күбөлөндүрүүчү документти, камкорчулукка алынгандын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн/паспортун жана камкорчулукту (көзөмөлчүлүктү) белгилөө жөнүндө соттун чечимин көрсөтүү зарыл.

Кызматты көрсөтүү максатында жабдып туруучу белгиленген тартипте “Түндүк” электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттешүү системасы аркылуу арыз ээси жөнүндө башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан маалымат алууга укуктуу

13

Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы

Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт

14

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер боюнча аныкталат:

- кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болуусу;

- жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, мүлк жана башка ынанымы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө;

- жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу;

- кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын бул стандартта белгиленген талаптарга ылайык келиши: имаратка кирүү мүмкүндүгү, коммуналдык-тиричиликтик; ыңгайлуулуктардын бар болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басылган жана электрондук форматтарда) бар болушу жана жеткиликтүүлүгү;

- мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайлыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бардык жол-жобосунун жүрүшүндө консультация берүү;

- аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү;

- жарандардын даттануулары жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу

15

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү

Кызмат Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы portal.tunduk.kg аркылуу электрондук форматта көрсөтүлөт.

Онлайн интерактивдүүлүк баскычы - 5

4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби

16

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алууга суроо-талапта туура эмес маалыматтарды берген же ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди бербеген учурда кызмат көрсөтүүдөн баш тартылышы мүмкүн

17

Даттануу тартиби

Кызматтар талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда, арыз ээси Кыргыз Республикасынын  ИИМдин жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу.

Даттануу жазуу жүзүндө, электрондук же оозеки формада берилет.

Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле даттануунун маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун кол тамгасын, датасын камтууга тийиш.

Электрондук даттануу расмий сайтта көрсөтүлгөн https://mvd.gov.kg электрондук почтага берилет.

Электрондук даттанууда кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсүнүн толук аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, даттануунун маңызы милдеттүү түрдө көрсөтүлөт.

Даттанууларды кароо Кыргыз Республикасынын  ИИМдин жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

Жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу катталган күндөн тартып 14 жумушчу күндүн ичинде каралат.

Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси Кыргыз Республикасынын  ИИМдин чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу

18

Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу негизде кайра каралып турууга тийиш

Кыргыз Республикасынын

ИИМдин 12.03.2024-ж.

№ 1 буйругуна 2-тиркеме         

1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту

1

Кызмат көрсөтүүнүн аталышы

Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттуулугунун бар же жоктугу тууралуу маалымдаманы тез аранын ичинде акы төлөмө негизде берүү

2

Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы

Адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - Кыргыз Республикасынын  ИИМ).

Кыргыз Республикасынын ИИМдин ишмердүүлүгүнө маалыматтык-телекоммуникациялык технологияларды киргизүү жана колдонуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ИИМдин ведомстволук бөлүгү.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин аймактык бөлүктөрү

3

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрү

Жеке жактар

4

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери

Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Мыйзамы;  

Кыргыз Республикасынын “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Мыйзамы;  

Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы;  

Кыргыз Республикасынын “Электрондук колтамга жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 336 “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгын түзүү жөнүндө” токтому;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмесин) бекитүү жөнүндө” токтому;  

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 “Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүнд” токтому;  

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 200 “Түндүк” электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасындагы маалыматтык системалардын өз ара аракеттенүүсүнө карата талаптарды бекитүү жөнүндө” токтому;

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 86 “Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө” токтому

5

Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы

Маалым кат:

- мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу тууралуу;

- мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы жана соттуулугу жөнүндө маалыматтын жоктугу тууралуу;

- мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы тууралуу маалыматтын бар экендиги жөнүндө

6

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты

Кызмат көрсөтүү электрондук жана кагаз форматтарында төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат:

- Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (portal.tunduk.kg) аркылуу электрондук форматта, төмөнкүлөр бар болгон шартта:

1) интернет байланыштын;

2) квалификацияланган электрондук кол тамганын;

- кагаз форматында - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайда жандуу жана/же электрондук кезек күтүү принциби боюнча;

- жарандардын, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын жана таяныч-кыймыл аппараты бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын (мындан ары - ДМЧА) пандустар, кармагычтар менен жабдылган имаратка (имараттарга, жайларга) жана санитардык гигиеналык жайларга (ажатканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгү болгондо.

Жайлар күтүү үчүн орундар, ажатканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда - сырттагы ажатканалар), жылуулук, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылат.

Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленишет, эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн түшүп келет.

Келүүчүлөргө ыңгайлуу болуш үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жайгаштырылат.

Иштөө убактысы: дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 9:00дөн 18:00гө чейин, түшкү тыныгуу 12.00дөн 13.00гө чейин. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө арызды кабыл алуу жумушчу күндөрү жүзөгө ашырылат:

- 3 жумушчу саат 9:00дөн 14:30га чейин, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн  жыйынтыктарын берүү арыз берген күнү жүзөгө ашырылат.

Арыз саат 14:30дан кийин берилген учурда, арызды текшерүү кийинки жумушчу күнү аткарылат жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыктарын берүү саат 12:00дө жүзөгө ашырылат;

- 1 жумушчу күн саат 00:00дөн 17:00гө чейин.

Арыз саат 17:00дөн кийин берилген учурда, арызды текшерүү кийинки жумушчу күнү аткарылат жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыктарын берүү бир жумушчу күндөн кийин жүзөгө ашырылат.

- 3 жумушчу күн саат 00:00дөн 23:59га чейин.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү төмөндөгүдөй жүзөгө ашырылат: жумушчу күндөрү саат 16:00дөн 18:00гө чейин.

Керектөөчү иш убактысы аяктагандан кийин, дем алыш жана майрам күндөрү кайрылган учурда, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык арыздарды кабыл алуу жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыктарын берүү кийинки жумушчу күнүндө жүзөгө ашырылат

7

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү:

  • 3 жумушчу саат;
  • 1 жумушчу күн;
  • 3 жумушчу күн.

 Маалым катты берүү кошумча текшерүүлөрдү талап кылган учурда, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсүнүн макулдугу боюнча үч жумушчу күнгө узартылышы мүмкүн.

Арыз электрондук форматта толтурулат жана берилет - 2-10 мүнөт.

Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын кагаз форматында берүү үчүн чектелген убакыт - 5-20 мүнөт

2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү

8

Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат (керектүү маалыматтардын тизмеги), стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымдоо

Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот:

- Кыргыз Республикасынын ИИМдин коомдук кабылдамасынан;

- Кыргыз Республикасынын ИИМдин сайтынан: https://mvd.gov.kg;

- Кыргыз Республикасынын ИИМге жеке кайрылууда;

-  Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында portal.tunduk.kg;

- Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалымат такталарынан, брошюралардан, буклеттерден. 

Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет

9

Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү)

Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат:

- ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү);

- Кыргыз Республикасынын ИИМдин сайты: https://mvd.gov.kg;

- маалымат такталары, брошюралар, буклеттер;

- жеке кайрылуу жана телефон боюнча байланыш;

-  Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы portal.tunduk.kg;

- Кыргыз Республикасынын ИИМдин коомдук кабылдамасы. 

Даректер, телефон номерлер жана иштөө режими, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен биргеликте Кыргыз Республикасынын ИИМдин тактасында, сайтында жайгаштырылат

3. Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү

10

Келүүчүлөр менен пикир алмашуу

Кыргыз Республикасынын ИИМдин аймактык бөлүктөрүндө кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин иш бөлмөлөрүнүн каалгаларында маалыматтык көрнөкчөлөр жайгаштырылат.

Калк менен иштеген бардык кызматкерлерде аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке көрнөкчөлөр (таанытмалар) бар. 

Келүүчүлөр менен баарлашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылыктык, ак ниеттүүлүк, сыпайлык, чыдамкайлык, принципиалдуулук, маселенин маани-маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, сүйлөшүп жаткан адамды уга билүү жана анын көз карашын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер тарабынан кызматтык нускаманын (иш милдеттердин) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык, көз карандысыздык жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдери сакталууга тийиш.

Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ адамдар үчүн (ДМЧА, кары-картаң пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт

11

Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары

Арыз ээси жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн

12

Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү кагаз форматында алуу үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсү өзүнүн идентификациялык жеке номерин (мындан ары - ИЖН), маалым кат алган жерин, телефон номерин киргизүүсү жана автоматташтырылган маалыматтык системасына туташтырылган электрондук капчык, интернет/мобилдик банкинг же төлөм терминалы аркылуу төлөм жүргүзүүсү зарыл, анын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын ИИМде арыз автоматтык түрдө түзүлөт.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү электрондук форматта алуу үчүн керектөөчүнүн Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы portal.tunduk.kg аркылуу электрондук суроо-талапты жөнөтүүсү зарыл.

 Электрондук форматта суроо-талапты берүүгө талаптар Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында көрсөтүлгөн.

Электрондук табыштама мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсү Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына табыштаманы берген учурда түзүлүүчү PDF (Portable Document Format) форматындагы электрондук документ болуп саналат. 

Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу жиберилүүчү электрондук табыштама Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын пайдалануунун белгиленген эрежелерине ылайык, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсүнүн квалификацияланган электрондук кол тамгасы менен ырасталууга тийиш.

Төлөм Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынын онлайн-төлөм сервиси аркылуу жүзөгө ашырылат, ал автоматтык түрдө электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик системасына жөнөтүлөт.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсү жеке кабинетинде электрондук табыштаманын статусуна байкоо жүргүзө алат.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсүнүн жеке кабинетине Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында штрих-коду менен электрондук форматта жиберилет.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын кагаз форматында алуу үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсү өздүгүн күбөлөндүргөн документти кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция менен көрсөтүүсү зарыл.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсү кызмат көрсөтүүнү өз алдынча алуу үчүн органга кайрыла албаган учурда, башка жеке жак кызмат көрсөтүүнү алууга муктаж болуп жаткан жарандын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каты жана паспортунун көчүрмөсү менен кайрыла алат.

Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн өздүгүн күбөлөндүрүүчү документти мамлекеттик же болбосо расмий тилдеги расмий котормосу менен көрсөтүүсү зарыл.

Эгерде мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсү бала болсо, ата-энеси (асырап алуучу) анын өздүгүн күбөлөндүрүүчү документти, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн/паспортун, ал эми баланы асырап алган учурда - асырап алуу жөнүндө күбөлүктү да көрсөтүшү керек.

Эгерде мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсү ага карата камкорчулук (көзөмөлчүлүк) белгиленген адам болсо, камкорчуга (көзөмөлчүгө) анын өздүгүн күбөлөндүрүүчү документти, камкорчулукка алынгандын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн/паспортун жана камкорчулукту (көзөмөлчүлүктү) белгилөө жөнүндө соттун чечимин көрсөтүү зарыл.

Кызмат көрсөтүү максатында жабдып туруучу белгиленген тартипте “Түндүк” электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттешүү системасы аркылуу арыз ээси жөнүндө башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан маалымат алууга укуктуу

13

Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы

Мамлекеттик кызмат акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт. 

Баалардын прейскуранты монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин жетекчилигинин буйругу менен бекитилет.

Кызмат көрсөтүүнүн наркы баалардын прейскурантында чагылдырылат, ал Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалымат такталарында жана расмий сайтында (https://mvd.gov.kg;) жайгаштырылган.

Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына кызмат акысыз көрсөтүлөт - 1 жумушчу күн

14

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер боюнча аныкталат:

- кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болуусу;

- жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, мүлк жана башка ынанымы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; 

- жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; 

- кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын бул стандартта белгиленген талаптарга ылайык келиши: имаратка кирүү мүмкүндүгү, коммуналдык-тиричиликтик; ыңгайлуулуктардын бар болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басылган жана электрондук форматтарда) бар болушу жана жеткиликтүүлүгү;

- мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайлыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бардык жол-жобосунун жүрүшүндө консультация берүү;

- аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү;

- жарандардын даттануулары жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу

15

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү

Кызмат Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы portal.tunduk.kg аркылуу электрондук форматта көрсөтүлөт.

Онлайн интерактивдүүлүк баскычы - 5.

Ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсү автоматташтырылган маалыматтык тутумга туташтырылган мобилдик тиркемелер, анын ичинде интернет/мобилдик банкинг, электрондук капчык же төлөм терминалдары аркылуу суроо-талап берүү этабында кызмат жарым-жартылай электрондук форматта көрсөтүлөт, анын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын ИИМде арыз автоматтык түрдө түзүлөт

4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби

16

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алууга суроо-талапта туура эмес маалыматтарды берген же ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди бербеген учурда кызмат көрсөтүүдөн баш тартылышы мүмкүн

17

Даттануу тартиби

Кызматтар талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда, арыз ээси Кыргыз Республикасынын  ИИМдин жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу.

Даттануу жазуу жүзүндө, электрондук же оозеки түрдө берилет. 

Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле даттануунун маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун кол тамгасын, датасын камтууга тийиш. Электрондук даттануу https://mvd.gov.kg расмий сайтында көрсөтүлгөн электрондук почтага берилет.

Электрондук даттанууда кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсүнүн толук аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле даттануунун маңызы милдеттүү түрдө көрсөтүлөт.