facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы 2021-жылдын 5-майы № 60

(КР 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1-глава. Жалпы жоболор

1-берене. Укуктук жөнгө салуу предмети

Ушул Мыйзам укук бузуулардын алдын алуунун укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт жана Кыргыз Республикасында укук бузуулардын алдын aiyy чөйрөсүндө келип чыгуучу коомдук мамилслерди жөнгө салат.

 

2-берене. Негизги түшүнүктөр

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:

1) укук бузуу - укук бузуу жана кылмыш кылуу объекттеринин муну жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык жоопкерчилик каралган укукка каршы жосуну (аракети же аракетсиздиги);

2)  укук бузуулардын алдын алуу - укук бузуулардын алдын алуу субъекттери тарабынан көрүлүүчү, жарандарды коргоо деңгээлин жогорулатууга, кылмьш1туулуктун деңгээлин төмөндөтүүге, укук бузууларды жасоого өбөлгө болуучу себептерди жана шарттарды аныктоого, четтетүүгө түздөн-түз же кыйыр түрдө багытталган укуктук, социалдык-экономикалык, психологиялык, маалыматтык, уюштуруучулук жана башка чаралардын системасы;

3)  укук бузуулардын алдын алуу предмети – укук бузуу жана кылмыш субъекттери тарабынан укук бузуулардын жасалышына өбөлгө болуучу объективдүү жана субъективдүү себептер жана шарттар;

4)  укук бузуулардын алдын алуу объекти - укук бузуулардын алдын алуу багытталган жеке жана юридикалык жактар;

5)  укук бузуулардын алдын алуу субъекти - ушул Мыйзамга ылайык укук бузуулардын алдын алууну жүзөго ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары. Коммерциялык эмес уюмдар, юридикалык жана жеке жактар укук бузуулардын алдын алууну жүзөго ашырууда алдын алуу субъекттерине көмөк көрсөтө алышат;

6)  социалдык тобокелдик топторундагы адамдар - турмуштук оор кырдаалдарга туш болгон, экономикалык, социалдык кыйынчылыктарга, ички жана тышкы миграцияга байланышкан көйгөйлөрдү башыиан өткөрүп жаткан үй-бүлөлөрдө жашаган жарандар, анын ичинде бапдар жана жаштар;

7)  социалдык жат жүрум-турум – укук бузуу же кылмыш болуп саналбаган, бирок укук бузууларга алып келиши мүмкүн болгон жеке жактын аракети же аракетсиздиги;

8)  укук бузуулардын алдыи алуу боюнча биргелешкен план - конкреггүү аймакта укук бузуулардын алдын алуу боюнча күн мурунтан белгиленген жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бекитилген иш-чаралардын комплекси.

(КР 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

3-берене. Укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук негизи

Укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана укук бузуулардын алдын алууга байланышкан Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары. ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер түзөт.


4-берене. Укук бузуулардын алдын алуунун максаттары жана милдеттери

1. Укук бузуулардын алдын алуунун максаттары жарандардын корголуу деңгээлин жогорулатуу, кылмыштуулуктун деңгээлин гөмөндөтүү, укук бузууларды жасоого өбөлгө болуучу себептерди жана шарттарды аныктоо, четтетүү болуп саналат.

2.  Укук бузуулардын алдын алуунун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1)  инсандын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу;

2)  жарандардын укуктук ан-сезиминин жана укуктук маданиятынын деңгээлин жана кызмат адамдарынын жоопкерчилигии жогорулатуу, мыйзамдуулукту бекемдөө, ошондой эле укук бузууларга жана мыйзам бузууларга карата жол берилгис мамилелерди калыптандыруу;

3)  укук бузуулардын алдын алуу системасын түзүү жана мамлекеггик органдарды кылмыштуулуктун кесеиеттери менен күрөшүүдөн укук бузуулардын алдын алууга кайра багыттоо;

4)  укук бузууларды жасоонун себепгерин жана укук бузууларды жасоого оболго болуучу шарттарды изилдөө жана аныктоо, аларды чегтетүү боюнча чараларды көрүү;

5)  укук бузуулардан жабырлануучуларды, укук бузууларды жасоого конген адамдарды, ошондой эле укук бузууларды жасаган адамдарды социалдык реабилитациялоо жана социалдык көнүктүрүү;

6)  укук бузуулардын алдын алуу субъекттеринин укук бузуулардын алдын алууну жүзөгө ашыруу боюнча өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу.

 

5-берене. Укук бузуулардын алдын алуу принциптери

 

Укук бузуулардын алдын алуу төменкү принциптердин негизинде жүзөгө ашырылат:

1)  адамдын укуктарынын жана эркиндиктеринин артыкчылыгы, укук бузуулардын алдын алуу субъекттеринин адамдын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу үчүн жоопкерчилиги;

2)  мыйзамдуулук;

3)  укук бузуулардын алдын алууну жүзөгө ашырууда мамиленин системалуулугун жана бирдиктуүлүгүн камсыз кылуу;

4)  укук бузуулардын алдын алууда көрүлгөн чаралардын ачык-айкындуулугу, үзгүлтүксүздүгү, ырааттуулугу, өз убагындалыгы, объективдүүлүгү, жетиштүүлүгү жана илимий негиздүүлүгү;

5)  укук бузуулардын алдын алууну жүзөгө ашыруудагы компетенттүүлүк жана комплекстүүлүк;

6)  укук бузуулардын алдын алуу субъекттеринин ортосундагы кызматташуу жана өз ара аракеттенүү.

 

6-берене. Укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат

Укук бузууларды алдын алуу чөйросүндөгү мамлекеттик саясат төмөнкү жолдор аркылуу жүзогө ашырылат:

1) укуктук жөнго салуу аркылуу укук бузуулардын алдын алуу системасын өнүктүрүү, укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндө концепцияларды, нротраммаларды жана пландарды кабыл алуу, укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндо мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коммерциялык эмес уюмдардын, юридикалык жана жеке жактардын күч-аракеттерин координациялоо;

2) укук бузууларды эсепке алуу, талдоо жана болжолдоо системасын өнүктүрүү;

3) укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндө заманбап маалыматтык системаларды жана технологияларды киргизүү, коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу;

4) мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карата ишенимди жогорулатуу максатында алдын алуу субъекттеринин калк менен ез ара аракеттенүүсүнүн механизмдерин өркүндөтүү;

5) укук бузуулардын алдын алууга коомчулуктун жана жарандардын көңүлүн бурдуруу.

 

7-берене. Укук бузуулардын алдын алуу объекттери

1.  Укук бузуулардын жалпы алдын алуу объекттерине төмөнкүлөр кирет:

1)  Кыргыз Рсспубликасынын жарандары, Кыргыз Республикасынын аймагында жүргон чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар;

2)  юридикалык жактар

3)  мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары.

2.  Укук бузуулардын атайын алдын алуу объекттерине төмөнкүлөр кирет:

1) социалдык тобокелдик топторундагы адамдар;

2)  аларга коргоо ордерлери берилген адамдар;

3)  кылмыш жасаган жана соттарабынан күнөөлүү деи таанылган адамдар;

4) укук бузууларды жасаган адамдар.

3.  Виктимологиялык алдын алуу объекттерине кылмыштын натыйжасында дене боюна, моралдык же материалдык зыян келтирилген адамдар жана алардын жакын туугандары кирет.

(КР 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

2-глава. Укук бузуулардын алдын алуу субъекттери жана алардын ыйгарым укуктары

8-берене. Укук бузуулардын алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктары

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде:

1)  укук бузуулардын алдын алуу чөйросүндо бирдиктүү мамлекеттик саясазты жүргүзүүнү камсыз кылат;

2)  укук бузуулардын алдын алуу боюнча мамлекеттик саясаттын концепциясын бекитет;

3)  тиешелүү жылга республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган каражатгардын чектеринде Укук бузуулардын алдын алуу боюнча мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттердин улуттук планын белгиленген тартипте иштеп чыгат жана ишке ашырат;

4)  укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык кеңешти түзөт жана иштөө тартибин аныктайт жана укук бузуулардын алдын алуу субъекттеринин оз ара аракеттенүүсүн координациялайт;

5)  укук бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча аткаруу бийлигинин органдарынын ыйгарым укуктарын аныктайт, укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндө аткаруу бийлигинин органдарынын ишин контролдоону жүзогө ашырат;

6)  укук бузууларды алдын алуу чөйрөсүндө. анын ичинде укук бузуулардын алдын алуу боюнча муниципалдык программаларды ишке ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көмок көрсөтөт;

7)  координациялык комиссиялардын жана коомдук алдын алуу борборлорунун ишинин типтүү жоболорун жана укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик стандарггарын бекитет;

8) укук бузууларды эсепке алуу, талдоо жана болжолдоо, анын ичинде жасалган кылмыштардан жана укук бузуулардан Кыргыз Республикасынын экономикасына келтирилген зыяндарды талдоо системасынын иштөөсү, кылмыштардын жана укук бузуулардын кесепеттерин минималдаштыруу боюнча чараларды иштеп чыгуу үчүн шарттарды түзөт.

(КР 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

9-берене. Укук бузуулардын алдын алуу боюнча прокуратура органдарынын ыйгарым укутары

Ушул Мыйзамды ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын прокуратура орган дары:

1)  укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык кенештин ишине, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча программаларды жана пландарды иштеи чыгууга катышат;

2)  укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндө мыйзамдардын аткарылышын көзомөлдөөну жүзөго ашырат;

3)  жазыктык-укуктук статистиканы жүргүзөт жана кылмыштуулукка карты күрөшүү чөйрөсүндө криминологиялык маалымагты талдоо жана кырдаалды болжолдоо боюнча укук коргоо органдарынын ишин координациялоону жүзөгө ашырат.

 

10-берене. Укук бузуулардын алдын алуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары

Укук бузуулардын алдын алууга көмөктөшүүнүн алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн аймагында:

1)  укук бузуулардын алдын алуу субъекттеринин ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат. өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде тийиштүү ченемдик укуктук актыларды кабыл алат;

2)  коомдук алдын алуу борборлорунун ишин уюштурат жана жетекчиликти жүзөгө ашырат, алардын ишине колдоо көрсөтөт;

3)  алдын алуунун башка субъекттери менен биргеликте өзүнүн аймагында укук бузуулардын алдын алуу боюнча биргелешкен пландарды, программаларды бекитет жана ишке ашырат, алардын аткарылышы жонүндө жооптуу тараптардын отчетторун угат;

4)  социалдык-экономикалык өнүктүрүү пландарында укук бузуулардын алдын алуу боюнча чараларды карайт;

5)  социалдык заказды жайгаштыруу, гранттык жардамды бөлүп берүү, ошондой эле мыйзамдарга каршы келбеген башка каржылоо булактарын тартуу аркылуу алардын иши укук бузуулардын алдын алуу боюнча чараларды көрүүгө байланышкан коммерциялык эмес уюмдарды тартууну карайт;

6)  өзүнүн компетенциясынын чектеринде укук бузуулардын жеке алдын алуу пландарын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышат.


11-берене. Укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссиялар

1)  Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек, Ош шаарларынын, областтык маанидеги шаарлардын мэриялары укук бузуулардын алдын алуу боюнча өздөрүнүн аймактык координациялык комиссияларын түзөт. Укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссиялардын курамына жергиликтүү кеңештердин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, укук бузуулардын алдын алуу субъекттери болуп саналган мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүнь өкүлдөрү, коомдук бирикмелер, жергиликтүү жамааттардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирет.

2.  Укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссиянын ишин жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, Бишкек, Ош шаарларынын жана обласпык маанидеги шаарлардын мэрлери же болбосо алардыи орун басарлары жетектейт.

3.  Укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссиялар:

1)  алдын алуу субъекттери болуп саналган мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн ишин уюштурат жана координациялайт, укук бузуулардын алдын алуу боюнча иш пландарды талкуулайт жана беки гет;

2)  укук бузуулардын алдын алуу субъекттери болуп саналган мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин, коомдук алдын алуу борборлорунун жетекчилеринин Укук бузуулардын алдын алуу боюнча мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттердин улуттук планын ишке ашырылышынын жүрүшү жөнүндө жылдык отчетторун угат;

3)  коомдук алдын алуу борборлорунун ишине, анын ичинде грантгык, техникалык жана донордук жардамдарды тартуу жолу менен финансылык комок корсотот, коомдук алдын алуу борборлорунун ишин координациялайт;

4)  бюджетник каражагтарды бөлүштүрүүдө, алдын алуу иш-чараларын жүр]'үзүүдө аксакалдар сотторуна, аялдар кецештерине, жаштар уюмдарына жана коммерциялык эмес уюмдарга магериалдык же башка жардамдарды корсотот;

5)  укук бузуулардын себептерин жана шарттарын четтетүүгө (нейтралдаштырууга) түрткү берүүчү, жарандардын мыйзамга баш ийген жүрүм-турумуна дем берүүчү, менчигинин түрүнө карабастан, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын, коммерциялык эмес уюмдардын экономикалык, маданий жана башка ишинин формаларын онүктүрөт;

6)  аймактык пробация органдарына комок корсотот, эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулган жарандар үчүн социалдык реабилитациялоо борборлорун түзөг жана иштөөсүн камсыз кылат;

7)  балдарды коргоо боюнча, билим берүү чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын алдындагы балдардын иштери боюнча комиссия, жергиликтүү оз алдынча башкаруунун аткаруу органы жана социалдык маселелер боюнча жергиликтүү оз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын комиссиясы менен кылмыштуулукка. баңгиликке жана аракечтикке каршы күрөшүү боюнча ар кандай акцияларды өткөрүүдө оз ара аракеттенүүнү камсыз кылат;

8)  жергиликтүү кеңештерге укук бузуулардын алдын алуу боюнча биргелешкен пландарды каржылоо, укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндө, анын ичинде мамлекеттик социалдык заказ программасынын алкагында конкреттүү маселелерди чечүүгө багытталган социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттерден каражаттарды болүү жөнүндо сунуш киргизет


12-берене. Коомдук алдын алуу борборлору

1.  Коомдук алдын алуу борбору - ушул Мыйзамда белгиленген ыйгарым укуктардын алкагында укук бузуулардьш алдын алуу боюнча иш-чараларды биргелешип пландаштыруу үчүн жергиликтүү жамааттын, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн жана жарандардын координациялык механизми.

2.  Коомдук алдын алуу борборунун уюмдаштыруучу документтери коомдук алдын алуу борборлору жөнүндө типгүү жобонун негизинде жергиликгүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.

3.  Коомдук алдын алуу борборлорунун уюштуруучулук-укуктук формасын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аныктайт.

4.  Жергиликтүү маанидеги өткөрүп берилүүчү маселелерди аткарууну каржылоо каражагтарын же булактарын бир эле убакта аныктоо жана өткөрүп берүү менен коомдук тартипти сактоо жана укук бузуулардьн алдын алуу бөлүгүндөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айрым ыйгарым укуктарын коомдук алдын алуу борборлоруна өткөрүп берүү тартиби жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.

5.  Коомдук алдын алуу борборлору шаардын, райондун жана айыл аймагынын аймагында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан түзүлөт.

6.  Коомдук алдын алуу борборунун иши жергиликтүү бюджеттен каржыланат.

 

13-берене. Укук бузуулардын алдын алууга коммерциялык, коммерциялык эмес уюмдардын, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн жана жарандардын катышуусу

Коммерциялык, коммерциялык эмес уюмдар, жарандык коомдун өкүлдөрү жана жарандар төмөнкүлөргө укуктуу:

1) укук бузуулардьш алдын алуу субъекттерине укук бузуулардьш алдын алууда жана укук тартибин камсыз кылууда социалдык, укуктук, юридикалык, психологиялык жана башка колдоону жана жардамды көрсөтүүгө, анын ичинде:

а)  коомдук алдын алуу борборлорунун, укук бузуулардьш алдын алуу боюнча координациялык комиссиялардын ишине кагышууга;

б)  Укук бузуулардын алдын алуу боюнча мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттердин улуттук планын жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча биргелешкен пландарды иштеп чыгууга катышууга;

в)  укук бузуулардын алдын алуу жана укук тартиби чөйрөсүндө изилдөөлөрдү жүргүзүүго жана изилдөөлөрдүн натыйжаларын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бсрүүгө;

2) укук бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча маалыматтык жана агартуучулук иштерди жүзөгө ашырууга;

3) укук бузуулардын алдын алуу субъекттери менен өз ара аракеттенүүгө;

4) укук бузуулардын алдын алуу боюнча ишти өркүндөтүү тууралуу сунуштарды мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына киргизүүгө;

5) жашы жете элек жетим балдар жана эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулган, туугандары менен карым-катышын жоготкон жана турак жайы жок адамдар жана укук бузуулардын алдын алуунун башка объекттери үчүн баш калкалоо жайларды, көнүктүрүү жана реабилитациялоо борборлорун түзүүгө;

6) Укук бузуулардын алдын алуу боюнча мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттердин улуттук планын жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча биргелешкен пландардын ишке ашырылышынын коомдук мониторингин жүзогө ашырууга;

7) укук бузуулардын алдын алуу субъекттеринин ишинин натыйжалуулугун кез карандысыз баалоону жүзөгө ашырууга.

 

14-берене. Жалпыга маалымдоо каражаттары 

1.  Жалпыга маалымдоо каражаггарынын органдары:

1)  укук бузуулардын алдын алуу боюнча иш-чараларды чагылдырууну жүргүзөт;

2)  укук бузуулардын алдын алуу боюнча материалдарды жайгаштыруу үчүн эфирдик убакыт жана басма сөз аянтчаларын берет.

2.  Республикалык же жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу жалпыга маалымдоо каражаттары укук бузуулардын алдын алуу жөнүнде маалыматгарды акысыз негизде жайылтууну жүзөгө ашырат.

3.  Жеке менчик тартибинде каржылануучу жалпыга маалымдоо каражаттары укук бузууларды алдын алуу жөнүндө маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражатгары жана жарнама жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жайылтууну жүзөгө ашырат.

 

3-глава. Укук бузуулардын алдын алуу системасы

15-берене. Укук бузуулардын алдын алуу системасы

Укук бузуулардын алдын алуу системасы төмөнкүлөрдөн турат:

1)  укук бузуулардын жалпы алдын алуу;

2)  укук бузуулардын атайын алдын алуу;

3)  пробациялык көзөмел;

4)  укук бузуулардын виктимологиялык алдын алуу.

 

16-берене. Укук бузуулардын жалпы алдын алуу

Укук бузуулардын жалпы алдын алуу укук бузуулардын алдын алуу субъектгери тарабынан төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат:

1)  укук бузуулардын алдын алуу боюнча биргелешкен пландарды, ички ведомстволук пландарды жана укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү иш жөнүндө коомчулукка маалымдоо боюнча иш-чараларды бскитүү жана ишке ашыруу;

2)  программаларды жана пландарды ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо;

3)  коомдук коопсуздук жана кылмыштуулукка карты күрөшүү чөйрөсүндө изилдөөлөрдү жүргүзүү, криминологиялык статистика жана талдоо жүргүзүү;

4)  коомдук коопсуздук жана укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндө мыйзамдарды өркүндөтүү.

 

17-берене. Укук бузуулардын атайын алдын алуу

Укук бузуулардын атайын алдын алуу болуп укук бузуулардын айрым түрлөрүн алдын алууга, аларды жасоонун себептерин жана шарттарын четтетүүгө, адамдардын өзүнчө категорияларын аныктоого жана аларга төмөнкүлөр боюнча алдын алуунун таасир этүүгө багытталган иш-чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча укук бузуулардын алдын алуу субъекттеринин иши саналат:

1)  мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана укук бузуулардын алдын алуунун башка субъекттери тарабынан адам укуктарын жана эркиндиктерин бузуулардын алдын алуу;

2)  үй-бүлөлүк зомбулуктун жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу;

3)  адам сатуунун, эмгектик эксплуатациялоонун. кулчулуктун жана мыйзамсыз миграциянын алдын алуу;

4)  радикалдуулукту төмөндөтүү, экстрем измди жана терроризмди ооздукгоо боюнча алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү;

5)  аракечтиктин, баңгиликтин, токсикоманиянын алдын алуу;

6)  коррупцияга карты аракеттенүү жана кызматтык кылмыштардын алдын алуу;

7)  орт жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндө алдын алуу иш-чараларын жүзөгө ашыруу.

 

18-берене. Алдын алуунун таасир этүү чаралары

1. Алдын алуунун таасир этүү чараларына төмөнкүлөр кирет:

1) алдын алуу ацгемелешүүсүн жүргүзүү;

2) расмий эскертүү берүү;

3) реабилитациялык программаларга. социалдык көнүктүрүү боюнча программаларга жана коррекниялоо программаларына алдын алуу объектисин киргизүү.

2. Укук бузууларды атайын алдын алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карты келбеген, адамдын жана жарандын негизги укуктарын бузбаган жана адам укуктарын чектебеген башка чараларды камтышы мүмкүн.

3. Алдын алуунун таасир этүү чаралары атайын алдын алуу субъекттери тарабынан жүргүзүлөт, аларга төмөнкүлөр кирет:

1) ички иштер органдары;

2) улуттук коопсуздук органдары;

3) прокуратура органдары;

4) (КР 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5) жазаларды аткаруу органдары;

6) жарандык коргоо жаатындагы органдар;

7) санитардык-эпидемиолэгиялык көзөмөл органдары;

8) саламаттык сактоо органдары;

9) билим берүү органдары;

10) эмгек жана социалдык коргоо чөйрөсүндогү органдар.

(КР 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

19-берене. Алдын алуу аңгемелешүүсү

1. Алдын алуу аңгемелешүүсү - укук бузуулардын алдын алуу объектине укук бузууларды даярдоонун жана жасоонун коомго коркунучтуулугу, укук бузууларды жасоонун натыйжасында келип чыгуучу укуктук кесепеггер тууралуу оозеки түшүндүрүү, ошондой эле аларды жасоого жол бербөөгө ынандыруу.

2. Алдын алуу аңгемелешүүсү коомдук жайлардагы, жашаган, иштеген, окуган жериндеги жүрүм-туруму жана иш-аракеттери, же болбосо жашоо образы укук бузууларга алып келиши мүмкүн болгон укук бузуулардын алдын алуу объекта менен жүргүзүлөт.

 

20-берене. Алдын алуу аңгемелешүүсүн жүргүзүүнүн тартиби

1.  Алдын алуу аңгемелешүүсүнө чакыруу жазуу жүзүндө жүзөгө ашырылат.

2.  Алдын алуу аңгемелешүүсү укук бузуулардын атайын алдын алуу субъектинин кызмат адамы тарабынан жүргүзүлөт.

3.  Алдын алуу аңгемелешүүсүн жүргүзүүдө укук бузуулардын алдын алуу субъектинин кызмат адамы укук бузуулардын алдын алуу объектине анын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт.

4.  Алдын алуу аңгемслешүүсүно жакын тууганы, жактоочусу же аңгемелешүүго чакырылган адам тарабынан аныкталган ар кандай башка адам катыша алат.

5.  Жашы жете элек менен алдын алуу ацгемелешүүсү мыйзамдуу өкүлдердүн катышуусунда гана жүргүзүлөт. Аңгемелешүүге педагогдор, психологдор жана кызмат адамы тарабынан чакырылган башка адамдар катыша алат.

6.  Алдын алуу аңгемелешүүсүнүн узактыгы үч сааттан ашпайт.

7.  Алдын алуу аңгемелешүүсү түнкү убакта жүргүзүлүшү мүмкүн эмес.

8.  Алдын алуу аңгемелешүүсү укук бузууларды атайын алдын алуу субъектинин органынын имаратында жүргүзүлөт, аңгемелешүү укук бузуулардын алдын алуу объектинин жашаган же жүргөн, окуган, иштеген жеринде да жүргүзүлүшү мүмкүн.

9.  Алдын алуу аңгемелешүүсүнүн жыйынтыктары боюнча протокол түзүлөт. Протоколдун көчүрмөсү аңгемелешүү жүргүзүлгөн адамга берилет. Эгерде алдын алуу аңгемелешүүсү жүргүзүлгөн адам протоколго кол коюудан баш тарткан учурда, алдын алуу аңгемелешүүсүн жүргүзгөн кызмат адамы бул тууралуу протоколго жазат.

10. Аңгемелешүүнүн жыйынтыктары боюнча аңгемелешүү жүргүзүлгөн адамга прокурордук чара көрүү актыларынын бири чыгарылышы же расмий эскертүү берилиши мүмкүн.

 

21-берене. Прокурордук чара көрүү актысы, расмий эскертүү

1. Укукка каршы жосундар даярдалыг жаткандыгы тууралуу маалыматтар болгон учурда. укук бузуулардын алдын алуу максатында прокурор «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык прокурордук чара көрүү актысын чыгарат.

2.  Укук бузууларды жасоонун алдын ала эскертүү максатында укук бузуулардын алдын алуу субъекта тарабынан укук бузууларды даярдоого же жасоого жол берилбестиги жөнүндө жазуу жүзүндогү расмий эскертүү берилет.

3.  Расмий эскертүү темөнкү жарандарга берилет:

1)  мас абалында, баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарды, аларга окшошторду, ууландыруучу же башка маң кылуучу заттарды колдонуудан келип чыккан абалда жасалган укук бузуусу үчүн жыл ичинде кайрадан жоопкерчиликке гартылган;

2)  үй-бүлө мүчөсүнө карата жасаган укук бузуусу үчүн жоопкерчиликке тартылган;

3)  мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарга. башка жарандардын укуктарына, эркиндиктерине жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына коркунуч туудурушу жана зыян келтириши же укук бузууларды жасоого алып келиши мүмкүн болгон жосундарды жасагандыгы тууралуу маалыматтарды алган.

4.  Укук бузууларды атайын алдын алуу субъектинин кызмат адамы расмий эскертүү жарыялайт жана эскертүү чыгарылган адамга расмий эскертүүнүн көчүрмөсүн тапшырат, анын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт.

5.  Расмий эскертүүнүн көчүрмөсүн алгандыгы жана укуктары жана милдеггери түшүндүрүлгөндүгү тууралуу расмий эскертүүнүн түп нускасында ага карата расмий эскертүү чыгарылган адам жана расмий эскертүүнүн көчүрмөсүн тапшырган жана укуктарын жана милдетгерин түшүндүргөн кызмат адамы тарабынан тиешелүү жазуу жүргүзүлөт.

6.  Эгерде ага карата расмий эскертүү чыгарылган жаран расмий эскертүүнүн түп нускасына кол коюудан баш тартса, расмий эскертүүнүн кочүрмөсүн тапшырган кызмат адамы бул тууралуу расмий эскертүүнүн түп нускасына жазуу жүргүзөт.

7.  Расмий эскертүүнүн формасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

(КР 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

22-берене. Укук бузуулардын жекече алдын алуу планы

1.  Укук бузуулардын жекече алдын алуу планы - бул укук бузуулардын атайын алдын алуу субъекттеринин укук бузуулардын атайын алдын алуу объекта менен укук бузууларды жасоосун алдын ала эскертүү жана жол бербөө жана ага алдын алууга таасир этүү максатында иштөө планы. Укук бузуулардын жеке алдын алуу планы укук бузуулардын атайын алдын алуу объектинин ыктыярдуу макулдугу менен иштелип чыгат жана жүзөгө ашырылат

2.  Укук бузуулардын жекече алдын алуу планы төмөнкүлердү камтыйт:

1)  укук бузуулардын алдын алуу объектине анын жашаган, иштеген, окуган жери боюнча байкоо жүргүзүү чараларын;

2)  үй-бүлө мүчөлөрүнөн, кошуналарынан, чогуу иштеген кесиптештеринен, педагогдордон жана мугалимдерден укук бузуулардын атайын алдын алуу объектинин жүрүм-туруму жөнүндө маалыматтарды чогултуу жана талдоо;

3)  жарандарды сурамжылоо;

4)  сураштырып билүү;

5)  укук бузуулардын атайын алдын алуу объектине психологиялык жана социалдык жардам алуусуна комок көрсөтүү;

6)  укук бузуулардын алдын алуу боюнча коомдук жана билим берүү иш-чараларына катышуу.

7)  Жашы жете элекке карата укук бузуулардын жеке алдын алуу планы анын ата-энесинин (же камкорчуларынын), педагогдордун жана психологдордун катышуусу менен түзүлөт.

 

23-берене. Укук бузуулардын атайын алдын алуу объекттеринин укуктары

1.  Укук бузуулардын атайын алдын алуу объекттери төмөнкүлөргө укуктуу:

1)  аларга карата алдын ала таасир этүү чараларын колдонуунун негиздерин билүүгө;

2)  алар менен жүргүзүлген алдын алуучу аңгемелешүүлордүн протоколдору, расмий эскертүүнүн мазмуну, жекече алдын алуу планы менен таанышууга;

3)  протоколдордун, расмий эскертүүнүн жана укук бузуулардын жеке алдын алуу планынын көчүрмөлөрүн алууга;

4)  сотго укук бузуулардын атайын алдын алуу субъекттеринин чечимдерине даттанууга.

2.  Алдын ала таасир этүү чараларын жүзөгө ашыруу жөнүндө чечимдер кабыл алынган жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын чектөөгө жол берилбейт.

 

24-берене. Укук бузуулардын виктимологиялык алдын алуу

1.  Укук бузуулардын виктнмологиялык алдын алуу болуп укук бузуулардын алдын алуу субъекттеринин конкреггүү адамдын укук бузуудан жабырлануучу болуу тобокелдигин төмөндөтүүгө багытталган алдын алуу чараларын көрүү боюнча иши саналат.

2.  Укук бузуулардын виктнмологиялык алдын алуу чаралары болуп төменкүлөр саналат:

1)  инсандын жеке, гендердик жана социалдык-психологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен укук бузуулардан жабыркагандарга карата алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү;

2)  калкты, анын ичинде укук бузуулардан жабыркагандарды инсандардын ортосундагы чыр-чатактарды чечүү ыкмаларына үйрөтүү;

3)  укук бузуулардан жабыркагандарды аныктоо жана коргоо боюнча чараларды көрүү;

4)  укук бузуулардан жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча адистештирилген мекемелерди түзүү;

5)  укук бузулардан жабыркагандардын дене боюнун жана психологиялык коопсуздугун камсыз кылууга, ага өзүн өзү коргоонун мыйзамда каралган ыкмалары жана каражаттары жөнүндө маалымат береге багыгталган атайын комплекстүү чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;

6)  салыштырмалуу түрде көбүрөөк социалдык жат жүрүм-турум байкалган же укук бузуулар жасалган жайларды (аймактарды) системалуу контролдоо;

7)  кол салуу учурунда коргонуу чаралары жөнүндө маалымаггарды кеңири жайылтуу жолу менен калкты укуктук жактан тарбиялоо жана окутуу;

8)  социалдык жат жүрүм-турум, даярдалып жаткан, жасалуучу же жасалган укук бузуулар тууралуу маалымат алуу максатында укук бузуулардын алдын алууну түздөн-түз жүзөгө ашыруучу органдын же мекеменин алдында ишеним телефондорун, «тынымсыз байланышты», куткаруу кызматтарын уюштуруу;

9)  алдын алуу программаларынын жана иш-чараларынын долбоорлорун жалпы талкуулоону уюштуруу, аларды өткөрүүдо көйгөйлөрдү жана кемчиликтерди аныктоо жана четтетүү максатында веб-сайттарды, блогдорду, чаттарды уюштуруу, интернет тармагында роликтерди жайылтуу;

10) виктимизация масштабдарын жана факторлорун, мамлекеттик органдар жана башка алдын алуу субъекттери тарабынан укук бузуулардан жабыркагандар үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын аныктоого багытталган виктимологиялык изилдөөлердү жүргүзүү жана виктимологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары боюнча мамлекеттик органдардын жана башка укук бузуулардын алдын алуу субъекттеринин ишин өркүндөтүү;

11)  укук бузуулардын алдын алуунун заманбап методдору жөнүнде электрондук адабияттарды жайылтуу.

3.  Укук бузуулардын виктимологиялык алдын алуу чараларын колдонуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

(КР 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

4-глава. Корутунду жоболор

25-берене. Укук бузуулардын алдын алуу субъекттерин жана укук бузуулардын алдын алууга катышкан башка субъекттерди финансылык жана материалдык-техникалык камсыз кылуу

Укук бузуулардын алдын алуу субъекттеринин, ошондой эле укук бузуулардын алдын алууну жүргүзүүдө алдын алуу субъекттерине комок көрсөтүүчү коммерциялык эмес уюмдардын, юридикалык жана жеке жактардын ишин финансылык жана материалдык-техникалык камсыз кылуу Укук бузуулардын алдын алуу боюнча мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттердин улуттук планында каралган каражаттардын алкагында жүзөгө ашырылат.

 

26-берене. Кызмат адамдарынын жоопкерчилиги

Укук бузуулардын алдын алуу субъектгери болуп саналган мамлекеттик органдардын кызмат адамдары ушул Мыйзамдын талаптарын агкарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн тартип, жазык жоопкерчилигин тартышат.

 

27-берене. Алдын ала таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө чечимге даттануу тартиби

Алдын ала таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө чечим ага карата чечим чыгарылган адам тарабынан административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйросүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даттанылышы мүмкүн.

 

28-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күнден тартып алты ай өткондөн кийин күчүнө кирет.

2. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмонкүлөр күчүн жоготту ден таанылсын:

1) «Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 25-июнундагы № 82 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы,2005-ж., № 9, 640-ст.);

2)  «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 141 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1044-ст.);

3)  «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлердү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Мыйзамынын 6-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2725-ст.);

4)  «Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 26-январындагы № 26 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 1,26-ст.);

5)  «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 64 Мыйзамынын 5-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 4, 291-ст.);

       3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

           -алты айлык мөенөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин

             (КР 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын
Президенти                                                                                                                                                                         С.Н. Жапаров