facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

Кыргыз Республикасынын Укук Бузуулар Жөнүндө Кодекси 2021-жылдын 28-октябры №128

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамы менен колдонууга киргизилди)

 

ЖАЛПЫ БӨЛҮК

 

I БӨЛҮМ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУК БУЗУУЛАР ЖӨНҮНДӨ МЫЙЗАМ АКТЫЛАРЫ

 

1-глава. Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдардын

милдеттери жана принциптери

 

1-берене. Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдары

 

Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдары (мындан ары – мыйзамдар) Кыргыз Республикасынын Конституциясына (мындан ары – Конституция) негизделет жана ушул Кодекстен, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынан (мындан ары – мыйзамдар), ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат, алар Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунун курамдык бөлүгү болуп саналат.

 

2-берене. Укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарынын милдеттери

 

1. Ушул Кодекстин милдеттери болуп адамдын жана жарандын укуктарын, эркиндиктерин жана кызыкчылыктарын, юридикалык жактардын кызыкчылыктарын, коомдук жана мамлекеттик кызыкчылыктарды, айлана-чөйрөнү, коомдук башкаруу тартибин укукка каршы кол салуулардан коргоону укуктук камсыз кылуу саналат.

2. Ушул Кодекс көрсөтүлгөн милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн укук бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликтин принциптерин жана негиздерин белгилейт, кандай жосундар укук бузуулар болуп саналарын, алар жөнүндө иштерди кароо тартибин, аларды жасагандыгы үчүн жаза чараларынын жана кошумча укуктук кесепеттердин түрлөрүн аныктайт.

 

2-глава. Укук бузуулар жөнүндө мыйзамдардын колдонулушу

 

3-берене. Ушул Кодекстин убакытта колдонулушу

 

1. Укук бузууларды жасаган адам, аны жасаган убакта ушул Кодекстин колдонуудагы жоболорунда аныкталган негизде жана тартипте жоопкерчиликке тартылууга тийиш.

2. Ушул Кодекстин укук бузууларды жасаган адамдын жоопкерчилигин белгилөөчү же күчөтүүчү же укуктук абалын башкача түрдө начарлатуучу жоболору кайтарым күчкө ээ эмес.

3. Ушул Кодекстин укук бузууларды жасаган адамдын жоопкерчилигин жокко чыгаруучу же жеңилдетүүчү же укуктук абалын башкача түрдө жакшыртуучу жоболору кайтарым күчкө ээ.

 

4-берене. Ушул Кодекстин мейкиндикте колдонулушу

 

1. Ушул Кодекс Кыргыз Республикасынын аймагында жасалган укук бузуулар үчүн жоопкерчиликти аныктайт.

2. Эгерде укук бузуу Кыргыз Республикасынын аймагында башталса, аяктаса же ага бөгөт коюлса, укук бузуу анын аймагында жасалды деп таанылат.

 

5-берене. Ушул Кодекстин адамдардын чөйрөсү боюнча колдонулушу

 

1. Укук бузууну жасагандыгы үчүн жеке жана юридикалык жактар жоопкерчиликке тартылууга тийиш.

2. Кыргыз Республикасынын аймагында чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык иммунитетке ээ болгон башка адамдар тарабынан укук бузуулар жасалган учурда, алардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе эл аралык укуктун ченемдерине ылайык чечилет.

 

3-глава. Укук бузуулар үчүн жоопкерчилик принциптери

 

6-берене. Укук бузуулар үчүн жоопкерчилик принциптери

 

1. Укук бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчилик мыйзамдуулук, мыйзам алдында теңдик, күнөөсүздүк презумпциясы, бузуулар үчүн жоопкерчиликтин сөзсүз болушу, адилеттүүлүк, жаза чараны жекелештирүү, гумандуулук принциптерине негизделет.

2. Укук бузуулар үчүн жоопкерчилик принциптерин сактабоо, алардын мүнөзүнө жараша далилдерге жол бербестикти же кабыл алынган чечимди жокко чыгарууну таануу үчүн негиз болуп саналат.

 

7-берене. Мыйзамдуулук принциби

 

1. Укук бузуу, жаза чарасы жана кошумча укуктук кесепеттер ушул Кодексте аныкталат.

2. Ушул Кодексте каралган адамдын жана жарандын ден соолугуна, жеке жана юридикалык жактардын жеке менчик укугуна кол салгандыгы, коомдук тартипти, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары (мындан ары – ченемдик укуктук актылар) менен белгиленген башка талаптарды бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылууга тийиш.

3. Укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарды окшоштугу боюнча колдонууга тыюу салынат.

 

4. Укук бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу ыйгарым укуктуу органдар тарабынан ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда белгиленген алардын ыйгарым укуктарынын негизинде жана чектеринде жүзөгө ашырылат.

 

8-берене. Мыйзам алдындагы теңдик принциби

 

1. Укук бузуу жасаган жеке жактар мыйзам алдында тең жана жынысына, расасына, тилине, майыптыгына, этностук таандыктыгына, диний ишенимине, саясий же башка ынанымдарына, билимине, тегине, мүлктүк же башка абалына, ошондой эле башка жагдайларга карабастан, жоопкерчиликке тартылууга тийиш.

2. Укук бузуу жасаган юридикалык жактар мыйзам алдында тең жана менчигинин түрүнө, турган жерине, уюштуруучулук-укуктук түрүнө, баш ийүүсүнө жана башка мүнөздөмөлөрүнө карабастан, жоопкерчиликке тартылууга тийиш.

3. Жеке жана юридикалык жактар үчүн жаза чаралардын ар кандай түрлөрү жана өлчөмдөрү белгиленген ушул Кодекстин жоболорунда мыйзам алдында теңдик принциби бузулбайт.

 

9-берене. Күнөөсүздүк презумпциясы

 

Адамдын укук бузууну жасаган фактысы мыйзамда белгиленген тартипте далилденмейинче жана ыйгарым укуктуу органдын чечими менен белгиленмейинче, ал бузууну жасоодо күнөөсүз деп эсептелет жана ага карата жаза чарасы колдонулушу мүмкүн эмес.

 

10-берене. Укук бузгандыгы үчүн жоопкерчиликтин сөзсүз болуу принциби

 

1. Укук бузууларды жасаган ар бир адам ушул Кодекске ылайык жоопкерчиликке тартылат.

2. Ушул Кодексте каралган учурларда жана негиздерде гана жаза чарасын колдонуудан бошотууга жол берилет.

 

11-берене. Адилеттүүлүк принциби

 

1. Ушул Кодекстин негизинде адамга карата колдонулуучу жаза чарасы жасалган укук бузуунун мүнөзүнө жана аны жасоо жагдайларына ылайык келүүгө тийиш.

2. Бир эле укук бузуу үчүн эки жолу жоопкерчиликке тартууга жол берилбейт.

 

12-берене. Жаза чарасын жекелештирүү принциби

 

Ыйгарым укуктуу орган келтирилген зыяндын түрүн жана өлчөмүн, жаза чарасын жеңилдетүүчү жана оордотуучу жагдайларды эске алууга жана өз чечиминде тандап алынган жаза чарасын жүйөлөштүрүүгө милдеттүү.

 

13-берене. Гумандуулук принциби

 

1. Ушул Кодекстин негизинде жеке жакка карата колдонулуучу жаза чарасы адамдын дене-боюн жабыркатуу жана ар-намысын кемсинтүү максатын көздөбөйт.

2. Ушул Кодекстин негизинде юридикалык жакка карата колдонулуучу жаза чарасы анын ишкердик беделине зыян келтирүү максатын көздөбөйт.

 

II БӨЛҮМ

УКУК БУЗУУ

 

4-глава. Укук бузуу түшүнүгү. Укук бузуу субъекти жана анын күнөөсү

 

14-берене. Укук бузуу түшүнүгү жана анын субъекти

 

1. Ушул Кодексте жоопкерчилик каралган, жеке жана юридикалык жак тарабынан жасалган укукка каршы, күнөөлүү жосун укук бузуу деп таанылат.

2. Эгерде бул жосун Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык жоопкерчиликке алып келбесе, ушул Кодексте каралган укук бузуулар үчүн жоопкерчилик келип чыгат.

3. Жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле кызмат адамдары укук бузуу субъекттери болуп саналат.

 

15-берене. Укук бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылуучу жеке жактар

 

1. Он алты жаш курагына толгон жеке жактар укук бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылууга тийиш.

2. Алкоголду, баңгизат, психотроптук каражаттарды же башка маң заттарын колдонуунун кесепетинен же көңүл коюуну жана реакциянын ылдамдыгын төмөндөтүүчү медициналык дары-дармектердин таасиринен улам мас абалдагы адамдын укук бузууларды жасагандыгы, аны ушул Кодекс боюнча жоопкерчиликтен бошотпойт.

Эскертүү. Жеке жактар деп Кыргыз Республикасынын жараны, чет өлкөлүк жаран, жарандыгы жок адамдар түшүнүлөт.

 

16-берене. Кызмат адамдарынын укук бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчилиги

 

Кызмат адамдары ушул Кодексте каралган укук бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылышат.

Эскертүү. Кызмат адамдары деп туруктуу, убактылуу же атайын ыйгарым укук менен бийликтин өкүлүнүн функцияларын жүзөгө ашыруучу, же болбосо мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарда, мекемелерде, ишканаларда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө жана башка аскердик түзүмдөрүндө уюштуруу-тескөө жана (же) административдик-чарбалык жана (же) контролдук-текшерүү жана (же) каттоо функцияларын аткаруучу адамдар түшүнүлөт.

Уюштуруу-тескөө функциялары кызматы боюнча баш ийген адамдарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууну билдирет.

Административдик-чарбалык функциялар мүлктү жана акча каражаттарын башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууну билдирет.

Контролдук-текшерүү функциялары жеке же юридикалык жактарды текшерүүлөрдү, ревизияларды жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууну билдирет.

Каттоо функциялары жарандардын жана юридикалык жактардын кыймылдуу жана (же) кыймылсыз мүлккө болгон укуктарын, жарандардын жарандык абалдын актыларын, жарандарды, чет өлкөлүк жарандарды, жарандыгы жок адамдарды документтештирүү, ошондой эле мыйзамдарга ылайык катталууга тийиш болгон башка укуктарды каттоону билдирет.

Бийлик өкүлү – өзүнө кызматтык көз карандысыздыкта же ведомстволук баш ийүүдө турбаган адамдарга карата тескөөчү ыйгарым укуктары мыйзамда белгиленген тартипте берилген адам.

 

17-берене. Укук бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылуучу юридикалык жактар

 

Юридикалык жак, анын ичинде чет өлкөлүк юридикалык жак, ошондой эле алардын Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан юридикалык жак статусу жок өкүлчүлүктөрү, филиалдары укук бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылууга тийиш.

Ишкердик ишти жүзөгө ашырууга байланыштуу укук бузууларды жасаган жеке ишкерлер (жумушчуларды жалдоо укугу менен) юридикалык жак катары жоопкерчиликке тартылат.

 

18-берене. Жеке жактардын күнөөсүнүн түрлөрү

 

1. Эгерде укук бузуу жасаган жак өзүнүн аракетинин (аракетсиздигинин) укукка каршы мүнөзүн аңдап билсе, анын зыяндуу кесепеттерин алдын ала көрө билсе жана алардын келип чыгышын кааласа же түшүнүп туруп жол берсе, же болбосо ага көңүл кош мамиле кылса укук бузуу атайын жасалды деп таанылат.

2. Эгерде укук бузуу жасаган жак өзүнүн аракетинин (аракетсиздигинин) зыяндуу кесепеттеринин келип чыгуу мүмкүнчүлүгүн алдын ала көрө билсе, мындай кесепеттердин алдын алууга текебердик менен ишенсе, же болбосо мындай кесепеттердин келип чыгышын билүүгө тийиш болуп жана билиши мүмкүн болуп туруп, аларды алдын ала көрө билбесе, укук бузуу этиятсыздыктан жасалды деп таанылат.

 

19-берене. Юридикалык жактардын күнөөсү

 

Укук бузуу жасаган юридикалык жак, эгерде аны менен эмгек мамилелеринде болгон жеке жактын, же юридикалык жактын кызыкчылыктарында аныкталган аракеттерди аткарган жеке жактын (анын ичинде келишим боюнча), өзүнүн жосунунун укукка каршы экендигин аңдап билсе же түшүнө алса жана түшүнүүгө тийиш болсо күнөөлүү деп таанылат.

 

5-глава. Адамдын күнөөлүүлүгүн жана укук бузуунун укукка каршы экендигин жокко чыгаруучу жагдайлар

 

20-берене. Адамдын күнөөлүүлүгүн жокко чыгаруучу жагдайлар

 

Өнөкөт психикалык оорунун, убактылуу акылынан адашуунун, кем акылдыгын же психикасынын башка оорулуу абалынын айынан өз аракетин (аракетсиздигин) аңдап биле албаган жана башкара албаган адамдын укукка каршы жосунду жасашы, жеке адамдын күнөөлүүлүгүн жокко чыгаруучу жагдай деп таанылат.

21-берене. Укук бузуунун укукка каршы экендигин жокко чыгаруучу жагдайлар

 

Укук бузуунун укукка каршы экендигин жокко чыгаруучу жагдайлар болуп зарыл болгон коргонуу, өтө зарылдык, укукка каршы жосун жасаган адамды кармоодо зыян келтирүү, күч колдонуп же психикалык мажбурлоо, мыйзамдуу буйрукту же тескемени аткаруу саналат.

 

22-берене. Зарыл болгон коргонуу

 

Ушул Кодексте жоопкерчилик каралган, бирок зарыл болгон коргонуу абалында жасалган, башкача айтканда адамды, турак жайды жана анын менчигинде же башка укугунда турган башка объекттерди, ошондой эле же коргонуучунун же болбосо башка адамдын башка укуктарын, коомдун жана мамлекеттин мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын кол салуучуга зыян келтирүү жолу менен укукка каршы кол салуудан коргоо максатында жасалган аракет, эгерде бул аракеттер келтирилген коркунучтун даражасына шайкеш келсе, укук бузуу болуп саналбайт.

 

23-берене. Аргасыз зарылдык

 

Аргасыз зарылдык абалында, башкача айтканда инсандын укуктарына жана эркиндиктерине, юридикалык жактардын кызыкчылыктарына, коомдук тартипке, менчикке, башкаруунун белгиленген тартибине кооптуулук жараткан коркунучтарды четтетүү үчүн, эгерде бул жагдайларды кооптуулукту башка каражаттар аркылуу четтетүүгө мүмкүн болбосо, укук менен корголуучу кызыкчылыктарга зыян келтирүү укук бузуу болуп саналбайт.

 

24-берене. Укукка каршы аракеттерди жасаган адамды кармоо учурунда зыян келтирүү

 

1. Адамды бийлик органдарына өткөрүп берүү максатында аны укукка каршы жосун жасап жаткан учурда же түздөн-түз жасагандан кийин кармоо учурунда зыян келтирүү, эгерде мында кармоо чараларына кармалган адамдын аракетинин мүнөзүнө, коомдук коркунучтун даражасына жана кармоонун жагдайларына ачык дал келбөөгө жол берилбесе, укук бузуу болуп саналбайт.

2. Кармоо каражаттарынын жана ыкмаларынын аны жасаган адамдын жана жосундун коркунучтуулугуна, ошондой эле анын натыйжасында кармоонун зарылдыгы менен талап кылынбаган зыян атайын келтирилген кармоо жагдайларында ачык эле дал келбөөсү, укукка каршы жосун жасаган адамды кармоо үчүн зарыл болгон чаралардан аша чабуу деп таанылат. Мында этиятсыздыктан зыян келтирүү жоопкерчиликке алып келбейт.

 

25-берене. Күч колдонуу же психикалык мажбурлоо

 

Түздөн-түз күч колдонуп (психикалык) мажбурлоо таасиринин астында, анын кесепетинен адам өзүнүн кыймыл аракеттерин башкара албаган абалда жасалган, укук менен корголгон кызыкчылыктарга зыян келтирген адамдын жосуну укук бузуу болуп саналбайт.

 

26-берене. Кызмат адамынын же коллегиялуу органдын мыйзамдуу чечимдерин аткаруу

 

1. Адамдын укук менен корголуучу кызыкчылыктарга зыян келтирген жосуну, эгерде ал кызмат адамынын же коллегиялуу органдын мыйзамдуу чечимин аткаруу максатында жасалса, укук бузуу болуп саналбайт.

2. Кызмат адамынын же коллегиялуу органдын чечимдери, эгерде алар мыйзамдарда белгиленген тартипте жана алардын ыйгарым укуктарынын чегинде тийиштүү адам же коллегиялуу орган тарабынан берилсе, мыйзамдуу болуп саналат.

3. Кызмат адамынын же коллегиялуу органдын мыйзамсыз чечимин аткаруудан баш тартуу укук бузуу болуп саналбайт.

4. Адам мыйзамсыз чечимди аткаргандыгы үчүн бул чечимди кабыл алган адам же коллегиялуу орган менен бирдей жоопкерчиликке тартылууга тийиш.

5. Эгерде адам кабыл алынган чечимдин мыйзамсыз мүнөзүн аңдап билбесе жана түшүнө албаса, анда укук бузуу үчүн жоопкерчиликти бул чечимди кабыл алган адам же коллегиялуу орган гана тартат.

 

III БӨЛҮМ

УКУК БУЗУУНУН УКУКТУК КЕСЕПЕТТЕРИ

 

6-глава. Жаза чаралары

 

27-берене. Жаза чарасы түшүнүгү жана анын максаттары

 

1. Жаза чарасы укук бузуу жасагандыгы үчүн мамлекет тарабынан колдонулуучу таасир этүүчү чара болуп саналат.

2. Жеке жакка карата жаза чарасы укук тартибин камсыз кылуу, Конституцияны жана ченемдик укуктук актыларды сактоо, ошондой эле ошол адамдын өзү жана башка адамдар тарабынан дагы жаңы укук бузууларды жасоону болтурбоо максатында колдонулат.

3. Жаза чарасы юридикалык жакка карата укук тартибин калыбына келтирүү жана ошол юридикалык жактын өзү менен дагы, башка жактар тарабынан да жаңы укук бузууларды жасоону болтурбоо максатында колдонулат.

 

28-берене. Жаза чарасынын түрлөрү

 

Укук бузууларды жасагандыгы үчүн жаза чараларынын төмөнкүдөй түрлөрү колдонулушу мүмкүн:

1) эскертүү;

2) коомдук иштер;

3) айып пул;

4) чет өлкөлүк жарандарды чыгарып жиберүү;

5) камак.

 

29-берене. Эскертүү

 

Эскертүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жазуу жүзүндө чыгарылат жана келечекте буга окшогон укук бузууларга жол бербөө максатын көздөйт. Эскертүү, ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүндө каралган учурларда, зыяндуу кесепеттерге алып келбеген укук бузууларды жасаганда колдонулушу мүмкүн.

 

30-берене. Коомдук иштер

 

1. Коомдук иштер укук бузуучунун негизги жумушунан же окуусунан бош болгон убактысында коомдун жана мамлекеттин пайдасына акысыз иштерди аткаруусун түшүндүрөт.

2. Коомдук иштер сот тарабынан 8ден 40 саатка чейин, ал эми он алтыдан он сегиз жаш куракка чейинки балдарга 4төн 20 саатка чейинки мөөнөткө дайындалат.

3. Коомдук иштер элүү беш жаштан ашкан аялдарга жана алтымыш жаштан ашкан эркектерге, кош бойлуу аялдарга, үч жашка чейинки балдары бар аялдарга, биринчи же экинчи топтогу майыптуулугу бар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга карата колдонулбайт.

4. Түнкү убакта коомдук ишке тартууга тыюу салынат. Укук бузуучуну коомдук ишке тартууда укук бузуучунун ден соолугуна жана өмүрүнө зыян келтирүүчү ууландыруучу, радиоактивдүү жана башка заттар колдонулууга тийиш эмес.

 

31-берене. Айып пул

 

1. Айып пул укук бузууну жасоого күнөөлүү жакка сот, ыйгарым укуктуу орган тарабынан салынуучу мамлекеттин кирешесине өндүрүлүүчү акчалай жаза чарасы болуп саналат.

2. Айып пулдун өлчөмү укук бузуу жасалган учурда белгиленген эсептик көрсөткүчкө карата, ушул Кодексте түздөн-түз көрсөтүлгөн айрым учурларда – монополияга каршы жөнгө салуу жана атаандаштыкты өнүктүрүү чөйрөсүндө укук бузууларды жасагандыгы үчүн товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн каражаттын эселенген суммасы менен аныкталат

3. Жеке жактарга салынуучу айып пулдун эң аз өлчөмү 10 эсептик көрсөткүчтөн кем боло албайт.

Жеке жактарга салынуучу айып пулдун эң көп өлчөмү 200 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш.

4. Юридикалык жактарга салынуучу айып пулдун эң аз өлчөмү 50 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш.

Юридикалык жакка салынуучу айып пулдун эң көп өлчөмү, ушул Кодекстин 10 000 эсептик көрсөткүч өлчөмүнөн ашпаган айып пулдун өлчөмү белгилениши мүмкүн болгон 318-беренесинде жана 2000 эсептик көрсөткүч өлчөмүнөн ашпаган айып пулдун өлчөмү белгилениши мүмкүн болгон 144-беренесинде каралган укук бузууларга салынган айып пулдарды кошпогондо, 650 эсептик көрсөткүчтөн аша албайт же ушул берененин 6-бөлүгүндө каралган тартипте аныкталуучу эселенген чоңдукта берилиши мүмкүн.

5. Жеке же юридикалык жактын товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн каражаттын суммасынан эсептелген айып пулдун эң аз өлчөмү укук бузуу табылган мезгилде түшкөн каражатынын суммасынын жыйынды өлчөмүнүн жыйырмасынын биринен кем болбоого тийиш.

Айып пулдун эң көп өлчөмү жеке же юридикалык жактын укук бузуу учурунда табылган мезгилде бардык товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн каражатынын суммасынын ондон биринен кем болбоого тийиш.

6. Укук бузуу жасалган рынокто укук бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн каражатынын суммасына, же болбосо укук бузуу жасалган рынокто укук бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алууда кеткен чыгашаларынын суммасына карата эсептелүүчү айып пулдун өлчөмү, эгерде укук бузуучу мурдагы календарлык жылда товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуу же сатып алуу боюнча ишти жүзөгө ашырбаса, укук бузуу табылган жылдан мурдагы календарлык жыл үчүн, же болбосо укук бузуу табылган күндөн мурунку календарлык жылдын бөлүгү үчүн бардык товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн каражаттын суммасынын жыйынды өлчөмүнүн жыйырма бешинен ашпоого тийиш.

Укук бузуучунун мамлекет тарабынан жөнгө салынуучу бааларды (тарифтерди, коюлган бааларды, ставкаларын жана ушул сыяктуу) мыйзамсыз жогорулатуусунун натыйжасында товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан алынган түшкөн каражатынын суммасынан эсептелүүчү айып пулдун өлчөмү, укук бузуу жасалган жөнгө салуунун бүт мезгилинде, бирок бир жылдан ашпаган мезгилде түшкөн ашыкча каражаттын эки эселик өлчөмүнөн ашпоого тийиш.

7. Ушул беренени колдонуу максатында товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн каражат Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин «киреше» түшүнүгүнө ылайык, ал эми товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алууга чыгымдар Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык документ түрүндө ырасталган чыгымдар боюнча аныкталат.

 

32-берене. Чет өлкөлүк жарандарды укук бузуу жасагандыгы үчүн чыгарып жиберүү

 

1. Чет өлкөлүк жарандарды укук бузуу жасагандыгы үчүн чыгарып жиберүү – бул чет өлкөлүк жарандарды мажбурлоо, контролдоо менен Кыргыз Республикасынын чегинен чыгарып коюу.

2. Чет өлкөлүк жарандар, мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, алардын Кыргыз Республикасында жүрүүсүнүн тартибин бузуу менен байланышкан укук бузууларды жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен чыгарылууга тийиш.

3. Чет өлкөлүк жаранды Кыргыз Республикасынын чегинен чыгаруу сот тарабынан жаза чарасы катары дайындалат.

4. Чет өлкөлүк жаран Кыргыз Республикасынан соттун чечиминде көрсөтүлгөн мөөнөттө чыгып кетүүгө милдеттүү.

Эгерде чет өлкөлүк жаранга чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынып, ал соттун чечиминде белгиленген мөөнөттө Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кетпесе, ал чыгарууну уюштуруу үчүн зарыл болгон мөөнөттө, бирок 30 суткадан ашпаган мөөнөттө адистештирилген борборлорго жайгаштырылууга тийиш, бул тууралуу аталган жакка аны чыгаруу жөнүндө соттун чечимин чыгарууда эскертилет.

Чет өлкөлүк жарандарды чыгаруу, адистештирилген борборлордун иштөө тартиби жана аларга карата талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

 

33-берене. Камак

 

1. Камак укук бузуучуну ички иштер органдары тарабынан аныкталган жайларда коомдон обочолонтуу шарттарында кармоодо турат жана жети суткага чейинки мөөнөткө колдонулат.

Камакка алынгандарды кармоо жайы санитардык ченемдерге ылайык келүүгө жана кандайдыр бир ооруларга чалдыгуу (жугузуу) мүмкүндүгүн жокко чыгарууга тийиш.

Камак өтөө жайларынын иштөө тартиби жана анда адамдарды кармоо талаптары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

2. Камак жеке жактарга карата укук тартибин калыбына келтирүү жана адамды тарбиялоо, ошондой эле бул адамдын өзү менен да, башка адамдар тарабынан дагы жаңы укук бузууларды жасоону болтурбоо максатында колдонулат.

3. Камак сот тарабынан укук бузуу жасалган жери боюнча, ал эми өзгөчө же согуштук абал шарттарында – комендант тарабынан колдонулат.

4. Камакка алуу балдарга, элүү беш жаш курагынан ашкан аялдарга жана алтымыш жаш курагынан ашкан эркектерге, кош бойлуу аялдарга, үч жаш курагына чейинки баласы бар аялдарга, он алты жаш курагына чейинки баланы жалгыз тарбиялап жаткан жактарга, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген биринчи жана экинчи топтогу майыптыгы бар адамдарга карата колдонулушу мүмкүн эмес.

5. Аскер кызматчыларына карата камак ушул Кодексте каралган учурларда беш суткага чейинки мөөнөткө колдонулат.

Аскер кызматчылары гауптвахтада кармалат.

 

7-глава. Укук бузуулардын кошумча укуктук кесепеттери

 

34-берене. Укук бузуунун кошумча укуктук кесепеттеринин түшүнүгү, анын түрлөрү жана колдонуу шарттары

 

1.           Укук бузуулардын кошумча укуктук кесепеттери болуп жаңы укук бузууларды жасоону болтурбоо же жаза чараларын аткарууну камсыз кылууга багытталган мажбурлоо чаралары саналат.

2. Укук бузуулардын кошумча укуктук кесепеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) туум;

2) мүлктү убактылуу алып коюу;

3) атайын токтотуучу жайларга транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоо, дөңгөлөктөргө блокираторлорду же шаймандардын башка түрлөрүн колдонуу;

4) транспорт каражатын башкаруудан четтетүү;

5) атайын укуктан ажыратуу;

6) кызмат адамын ээлеген кызматынан бошотуу;

7) иштин белгилүү түрүн токтотуу, объектти баштапкы абалына келтирүү, объектти же болбосо анын бөлүгүн бузуу (демонтаждоо).

3. Кошумча укуктук кесепеттер жасалган укук бузуулардын жагдайларынан улам келип чыккан укук бузуулардын категорияларына карабастан, ыйгарым укуктуу орган тарабынан колдонулат.

4. Укук бузуунун кошумча укуктук кесепеттери мүлктү алып коюу, адистештирилген унаа токтотуучу жайга транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоо, дөңгөлөктөргө блокираторлорду же башка шаймандардын түрлөрүн колдонуу, транспорт каражатынан башкарууну четтетүү түрүндө, укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн болгон куракка жеткенген чейин жеке жак жосун жасаган учурларда да колдонулат.

 

35-берене. Туум

 

1. Төлөө мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн өз убагында төлөнбөгөн айып пулдун суммасынан 1 пайызга барабар өлчөмдө пайыздарда эсептелген акчалай төлөм туум болуп саналат.

2. Туумдун өлчөмү туумду кошуп эсептөө мөөнөтү өткөндөн кийин, салынган айып пулдун суммасынан 100 пайыз эсебинде кошуп эсептелет.

 

36-берене. Мүлктү убактылуу алып коюу

 

1. Мүлктү убактылуу алып коюу соттун, ыйгарым укуктуу органдын чечиминин негизинде төмөнкү предметтерди жана башка буюмдарды мажбурлоо тартибинде жүзөгө ашырылат:

1) укук бузууну жасоонун каражаты, ошондой эле предмети (куралы) же объекти болуп саналган;

2) укук бузуу жасоонун натыйжасында алынган.

Мүлктү убактылуу алып коюу жөнүндө укук бузуулар жөнүндө протоколго белги коюлат.

2. Мүлктү убактылуу алып коюу жана аны андан ары жиберүү жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин аны андан ары сактоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан, ал эми сотторго ведомстволук караштуулуктагы иштер боюнча укук бузуулар жөнүндө протокол түзгөн орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

3. Убактылуу алып коюлган мүлктү менчик ээсине кайтарып берүү, жок кылуу же мамлекеттин кирешесине конфискациялоо жөнүндө маселе ушул Кодекстин 540-беренесинде каралган тартипте сот тарабынан чечилет.

 

37-берене. Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоо жана дөңгөлөктөрдүн блокираторлорун же шаймандардын башка түрлөрүн колдонуу

 

1. Мажбурлап эвакуациялоо деп транспорт каражатын укук бузуу жасалган жерден же жол транспорт кырсыгы болгон жерден атайын унаа токтотуучу жайга мажбурлап алып баруу түшүнүлөт.

2. Дөңгөлөктөрдү блокировкалоо транспорт каражатынын айдоочусу жол кыймылынын эрежелерин жана автомобиль жолдорун колдонуу жана коргоо тартибин белгилөөчү ченемдик укуктук актыларды бузган учурда, транспорт каражатын кыймылга келтирүү мүмкүнчүлүгүн (дөңгөлөктүн айлануусун) жокко чыгарган транспорт каражатына техникалык каражаттарды мажбурлап орнотуудан турат.

Шаймандардын башка түрлөрүн рулдук башкарууну жана газ педалдарын блокировкалоо үчүн колдонулат (мотоциклдер, трициклдер, квадроциклдер жана башка мототранспорт үчүн).

3. Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоодо менчик ээсине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тийиштүү сайтка маалыматты жайгаштыруу жолу менен транспорт каражатынын турган жери жөнүндө кабар берилет, бул тууралуу маалыматтар Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин Автоматташтырылган маалыматтык тутумуна (АМТ) киргизилет. Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоо жана дөңгөлөктөрдү блокираторлорду колдонуу тууралуу укук бузуу жөнүндө протоколдо тиешелүү белги коюлат.

4. Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоо жана аны сактоо боюнча чыгымдардын орду укук бузууну жасаган адам тарабынан толтурулат.

5. Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоо, адистештирилген унаа токтотуучу жайга алып баруу, аны сактоо жана дөңгөлөктөргө блокираторлорду же шаймандардын башка түрлөрүн колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

 

38-берене. Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү

 

1. Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү – бул укук бузууларды болтурбоо (токтотуу) максатында транспорт каражатын башкарууга убактылуу тыюу салуу.

2. Жеке жактар транспорт каражатын башкаруудан төмөнкү учурларда четтетилет:

1) эгерде транспорт каражатын башкарган адамдын транспорт каражатынын катталганы жөнүндө күбөлүгү, тийиштүү категориядагы айдоочулук күбөлүгү жок болсо;

2) эгерде транспорт каражатын башкарган адам жараксыз деп таанылган айдоочулук күбөлүктү жана/же транспорт каражатынын катталганы жөнүндө күбөлүктү (транспорт каражатынын мамлекеттик каттоосун убактылуу токтотуу) алып жүрсө;

3) эгерде транспорт каражатын мамлекеттик каттоонун номердик белгилери же алардын бири жок болсо, анын ичинде эгерде алар стандарттуу эмес (жасалма) болсо, же болбосо башка транспорт каражатына берилген (жалган) болсо;

4) эгерде транспорт каражатынын кузовунун жана шассисинин номери ошол транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктөгү маалыматтарга шайкеш келбесе;

5) эгерде транспорт каражатын мас абалдагы адам башкарып баратса жана бул медициналык, анын ичинде атайын техникалык каражаттарды колдонуу менен жүргүзүлгөн күбөлөндүрүүнүн натыйжалары менен ырасталса, же болбосо бул адам күбөлөндүрүүдөн өтүүдөн баш тартса;

6) эгерде транспорт каражатына жабдууларды орнотуу же аны кайра жабдуу ченемдик талаптарды бузуу менен жүргүзүлсө, анын ичинде, эгерде транспорт каражаты атайын үндүү (көп сигналдуу) сигнализация же жаркылдап туруучу жарык сигнал менен жабдылса, же болбосо айнегине пайдаланууга тыюу салынган пленка капталса (пленканы ошол жерден алып койгон учурлардан тышкары);

7) Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору менен жүрүү үчүн транспорт каражаттарынын белгиленген жол берилген

салмак-габариттик параметрлеринин ченемдерин сактабоо (ашыруу);

8) ушул Кодекстин 21-главасында каралган укук бузууларды жасаганда салынган 100 эсептик көрсөткүчтөн ашкан айып пулду ушул Кодекстин 563-беренесинин 1-бөлүгү менен белгиленген төлөө мөөнөтүн бузганда;

9) чет өлкөлүк ташуучулардын Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча өтүүгө уруксаты же атайын уруксаты болбогон, же болбосо ташуунун тиешелүү түрүнө ылайык келбеген эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашыруусу;

10) транспорт каражаттарынын айдоочусу тарабынан транспорт каражатынын же башка мүлктүн ээлерине материалдык зыян, ошондой эле адамдын ден соолугуна жеӊил жаракат алып келген Жол кыймылынын эрежелери бузулганда;

11) транспорт каражаттарын каттоо тартиби бузулганда;

12) адам автоээнбаштык жасаганда.

3. Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү четтетүүнүн бардык себептери толугу менен жоюлганга чейин адамдын транспорт каражатын башкаруусуна тыюу салуу жана жол бербөө аркылуу колдонулат.

4. Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү жөнүндө ички иштер чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдын жана транспорт чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдын кызматкери тарабынан укук бузуулар жөнүндө протоколго тиешелүү жазуу жүргүзүлөт, ал эми ушул берененин 2-бөлүгүнүн 7–9-пункттарында каралган учурларда өзүнчө протокол түзүлөт жана транспорт каражатын башкаруудан четтетүү түрүндө кошумча укуктук кесепеттерди колдонуу тууралуу токтом чыгарылат.

5. Айдоочу транспорт каражатын башкаруудан четтетилген учурда ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, ошондой эле транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган иш боюнча чечим чыгарылганга жана ушул беренеде көрсөтүлгөн жана адамды транспорт каражатын башкаруудан четтетүү үчүн негиз болгон себептер жоюлганга чейин транспорт каражатын убактылуу сактоо үчүн адистештирилген (айыптык) токтотуучу жерге жеткирет.

6. Ушул Кодекстин 520-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган учурларда, ушул Кодекстин 21-главасында каралган, фото жана кинотартуу, виедожазуу функциялары бар, сертификатталган атайын контролдоо-өлчөөчү техникалык каражаттар менен автоматтык режимде тартылган, Кыргыз Республикасынын аймагында катталбаган транспорт каражатында жасалган укук бузуулар жөнүндө маалыматтар автоматтык маалыматтык тутумда бар болсо, бул транспорт каражатын башкарган адамга карата укук бузуу жөнүндө протокол кагаз жүзүндө же электрондук формада түзүлөт жана бул адам транспорт каражатын башкаруудан четтетилет.

 

39-берене. Атайын укуктан ажыратуу

 

1. Адамга берилген атайын укуктан ажыратуу (транспорт каражаттарын башкаруу укугу, аңчылык кылуу укугу, лицензия ж.б.) бул укукту пайдалануунун тартибин жыл ичинде эки же андан көп жолу бузгандыгы үчүн колдонулат.

2. Адам ушул Кодекстин 95, 131, 147, 193, 427 жана 428-беренелеринде каралган укук бузууларды жыл ичинде эки же андан көп жолу жасаган, ошондой эле башка укук бузууларды жыл ичинде үч же андан көп жолу жасаган учурда, ушул Кодекстин 572-беренесинде белгиленген тартипте атайын укуктан ажыратуу түрүндө кошумча укуктук кесепетти колдонуу жөнүндө маселе демилгеленет.

Ошондой эле, адам тарабынан башка укук бузуулар үч жана андан көп жасалган учурларда, ыйгарым укуктуу орган атайын укуктан ажыратуу жөнүндө маселени мыйзамда белгиленген тартипте чечет.

3. Алкоголдук, баңги мас абалында унаа айдоо, ошондой эле жол-транспорт кырсыгы болгон жерди уруксатсыз таштап кетүү учурларын кошпогондо, транспорт каражаттарын майыптыгына байланыштуу колдонгон адамдарга транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу колдонулбайт.

 

40-берене. Кызмат адамын ээлеген кызматынан бошотуу

 

1. Кызмат адамы тарабынан ушул Кодекстин 435 жана 436-беренелеринде каралган укук бузуулар жыл ичинде кайталап жасалган учурда, сот мыйзамдуу күчүнө кирген чечимди аткаруу үчүн тиешелүү органга жиберет.

2. Кызмат адамын ээлеген кызматынан бошотуу түрүндө кошумча укуктук кесепеттер ушул Кодекстин 437-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган укук бузууну жасаган кызмат адамдарына карата дагы колдонулат.

 

41-берене. Иштин белгилүү бир түрүн токтотуу, объектти анын баштапкы абалына келтирүү, объектти же болбосо анын бөлүгүн бузуу (демонтаждоо)

 

Жактар тарабынан иштин белгилүү бир түрүн жүзөгө ашырууда ушул Кодекстин 74, 98, 144, 274, 276 жана 318-беренелеринде каралган укук бузууларды жасоонун натыйжасында мыйзамдарынын талаптары бузулган учурда ыйгарым укуктуу орган материалдарды иштин белгилүү түрүн токтотуу, объектти анын баштапкы абалына келтирүү, объектти же болбосо анын бөлүгүн бузуу (демонтаждоо) жөнүндө чечимди кабыл алууга ыйгарым укуктуу тиешелүү органга жөнөтөт, же болбосо эгерде бул маселе анын компетенциясына кирсе, өз алдынча кароого милдеттүү.

Тиешелүү орган мындай материалдар келип түшкөн учурда иштин белгилүү бир түрүн токтотуу, объектти анын баштапкы абалына келтирүү же объектти же анын бөлүгүн бузуу (демонтаждоо) жөнүндө маселени мыйзамда белгиленген тартипте кароого милдеттүү.

 

8-глава. Жаза чараларын колдонуунун жана аларды дайындоодон бошотуунун жалпы эрежелери

 

42-берене. Жаза чараларын колдонуу

 

Жаза чараларын колдонууда жасалган укук бузуунун мүнөзү, келтирилген зыяндын өлчөмү, жаза чараларын жеңилдетүүчү, же болбосо оордотуучу жагдайлар, ал эми жеке жакка карата укук бузуучунун ким экендиги да эске алынат.

 

43-берене. Балдарга карата жаза чараларын колдонуу

 

1. Укук бузуу жасагандыгы үчүн он алты жаштан он сегиз жаш курагына чейинки балдарга салынуучу айып пулдун өлчөмү ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгү менен каралган айып пулдун өлчөмүнүн 50 пайызынан ашпоого, бирок 50 эсептик көрсөткүчтөн көп эмес болууга тийиш.

Он алтыдан он сегиз жашка чейинки курактагы баланын айып пул төлөө үчүн жетиштүү расмий иштеп тапканы жок болгондо, бул айып пул (ушул бөлүктө көрсөтүлгөн өлчөмдө) анын ата-энесине же жана аларды алмаштыруучу адамдарга салынат.

2. Он алтыдан он сегиз жаш куракка чейинки балдарга карата жаза чараларынын башка түрлөрү (камакка алууну кошпогондо) жалпы негиздерде колдонулат.

3. Укук бузууну биринчи жолу жасаган он алтыдан он сегиз жашка чейинки курактагы бала сот же укук бузуу жөнүндө ишти караган ыйгарым укуктуу орган тарабынан ага карата ушул Кодекстин 44-беренесинде каралган тарбиялык таасир көрсөтүү чараларын колдонуу менен дайындалган жаза чарасын аткаруудан бошотулушу мүмкүн.

 

44-берене. Тарбиялык таасир көрсөтүү чаралары

 

1.      Он алтыдан он сегиз жаш куркка чейинки балага тарбиялык таасир көрсөтүүнүн төмөнкү чаралары дайындалышы мүмкүн:

1) мыйзамды түшүндүрүү;

2) келтирилген зыянды калыбына келтирүү боюнча милдеттенмени жүктөө;

3) бош убактысын чектөө жана баланын жүрүм-турумуна карата өзгөчө талаптарды коюу.

2. Мыйзамды түшүндүрүү он алтыдан он сегиз жаш куракка чейинки балага анын жасаган жосуну менен келтирилген зыянды жана ушул Кодексте каралган укук бузууларды кайталап жасоонун юридикалык кесепеттерин түшүндүрүүдө турат.

3. Келтирилген зыяндын ордун толтуруу милдети он алтыдан он сегиз жашка чейинки курактагы балага анын физикалык абалын, мүлктүк абалын жана тиешелүү эмгек көндүмдөрүнүн болушун эске алуу менен жүктөлөт.

4. Он алтыдан он сегиз жаш куракка чейинки баланын бош убактысын чектөө жана жүрүм-турумуна өзгөчө талаптарды коюу белгилүү жайларга барууга, эс алуунун белгилүү формаларын пайдаланууга, анын ичинде транспорт каражатын башкаруу менен байланышкан тыюу салууну карашы мүмкүн.

5. Он алтыдан он сегиз жашка чейинки курактагы балага бир эле убакта тарбиялык таасир көрсөтүүнүн бир нече чаралары дайындалышы мүмкүн.

6. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган тарбиялык таасир көрсөтүү чараларын колдонуу мөөнөтү сот тарабынан узактыгы бир айдан үч айга чейинки мөөнөткө белгиленет.

7. Он алтыдан он сегиз жашка чейинки курактагы бала ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3-пункту менен каралган тарбиялык таасир көрсөтүү чараларын экиден көп жолу аткарбаган учурда ички иштер органдары бул чараларды жокко чыгаруу жана ушул Кодекстин 559-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган эскирүү мөөнөтү өтүп кетпесе, жаза чарасын салуу жөнүндө маселени чечүү үчүн материалдарды сотко жөнөтөт.

 

45-берене. Жоопкерчиликти жеңилдетүүчү жагдайлар

 

1. Зыяндардын ордун ыктыярдуу толтуруу же келтирилген зыянды жоюу жеке жана юридикалык жактардын жоопкерчилигин жеңилдетүүчү жагдайлар деп таанылат.

2. Ошондой эле жеке жактардын жоопкерчилигин жеңилдетүүчү жагдайлар деп төмөнкүлөр таанылат:

1) он алтыдан он сегиз жаш куракка чейинки балдар тарабынан укук бузуунун жасалышы;

2) кош бойлуу же беш жашка чейинки курактагы баласы бар аял тарабынан укук бузуунун жасалышы;

3) укук бузуу жасалгандан кийин жабыр тартканга түздөн-түз медициналык же башка жардамдын көрсөтүлүшү;

4) укук бузууну коркутуунун таасири менен, же болбосо материалдык көз карандылыктан улам жасоо;

5) күнөөлүүнүн күнөөсүн чын дилден мойнуна алышы;

6) укук бузуунун жеке же үй-бүлөлүк оор жагдайлардан улам жасалышы.

 

46-берене. Жоопкерчиликти оордотуучу жагдайлар

 

1. Жеке жана юридикалык жактардын жоопкерчилигин оордотуучу жагдайлар болуп төмөнкүлөр таанылат:

1) укукка каршы жүрүм-турумду токтотуу жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын талабына карабастан, аны улантуу;

2) адамдардын тобу тарабынан, башкача айтканда, алардын өз ара алдын ала сүйлөшүп алгандыгына карабастан, эки же андан көп адам тарабынан биргелешип укук бузууларды жасоо;

3) согуштук же өзгөчө абал шарттарында, же болбосо коомдук кырсыктардын шарттарында укук бузууларды жасоо;

4) бир жылдын ичинде бир түрдүү укук бузууну кайталап жасоо;

5) 18 жаш куракка чейинки балдарды укук бузууга тартуу;

6) алкоголдук мас же болбосо баңгизаттарын, психотроптук же башка мас кылуучу каражаттарды колдонуудан улам мас абалында адамдын укук бузуу жасоосу.

2. Укук бузуулар жөнүндө ишти караган сот, ыйгарым укуктуу орган укук бузуучунун инсандыгынан жана жасалган жосундун жагдайларынан улам ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдайларды оордотуучу деп тааныбашы мүмкүн.

Эскертүү. Ушул Кодексте коомдук кырсык деп адам курмандыктарына, адамдардын ден соолугуна же курчап турган чөйрөгө зыян келтирүүгө, олуттуу материалдык жоготууларга жана адамдардын жашоо турмушунун шарттарынын бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон же алып келген кооптуу жаратылыштык же техногендик кубулуштун, авариянын, катастрофанын, табигый, биологиялык (эпидемия, эпизоотия, эпифитотия) же башка кырсыктын, жок кылуучу заманбап каражаттардын таасиринин натыйжасында Кыргыз Республикасынын аймагында же анын айрым бөлүктөрүндө түзүлгөн абал таанылат.

 

47-берене. Бир нече укук бузууларды жасаганда жаза чараларын колдонуу

 

Бир эле адам тарабынан эки же андан ашык укук бузуулар жасалган учурда ар бир укук бузуу үчүн жаза чарасы өзүнчө колдонулат.

 

48-берене. Жаза чарасын колдонуунун эскириши

 

1. Жеке жактарга карата жаза чарасы укук бузуу жасалган күндөн тартып алты айдын ичинде, ал эми укук бузуу улантыла берсе, укук бузуу аныкталган күндөн тартып алты айдын ичинде колдонулушу мүмкүн.

2. Кызмат адамдарына карата жаза чарасы адам укук бузууну жасаган күндөн тартып бир жыл ичинде колдонулушу мүмкүн.

3. Юридикалык жактарга карата жаза чарасы адам укук бузууну жасаган күндөн тартып бир жылдын ичинде колдонулушу мүмкүн.

4. Эгерде укук бузуу жасаган адам ыйгарым укуктуу органдан качса, ошол качып жүргөн бүтүндөй убакытта эскирүү мезгилинин өтүшү токтотулуп турат. Адам табылган күндөн тартып эскирүүнүн мөөнөтүнүн өтүшү кайра жандандырылат. Мында туум ушул Кодекстин 35-беренесине ылайык эсептелет.

5. Адамдын аракеттеринде укук бузуунун белгилери болгондо, кылмыш-жаза ишин козгоодон баш тарткан же болбосо кылмыш-жаза иши кыскартылган учурда кылмыш-жаза ишин козгоодон баш тарткандыгы жөнүндө, же болбосо аны кыскартуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып эки айдан кечиктирбестен жаза чарасы салынышы мүмкүн.

6. Эскертүү түрүндө жаза чарасы укук бузуу табылган учурларда, ал жасалгандан кийин жана жасалган жеринде түздөн-түз колдонулушу мүмкүн.

7. Жоопкерчиликке тартылууга тийиш болгон адамдын аныкталбаганына байланыштуу укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүш токтотулган учурда жаза чарасын колдонуу мөөнөтүнүн эскириши бир жылды түзөт.

8. Монополияга каршы мыйзамдарды бузган учурда эскертүү түрүндөгү жаза чарасы ишти кароодо колдонулат.

 

49-берене. Укук бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу учуру

 

Жаза чарасын колдонуу жөнүндө соттун же болбосо тиешелүү ыйгарым укуктуу органдын чечими күчүнө кирген учурдан тартып адам укук бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылды деп эсептелет.

 

50-берене. Коомдук иштердин жана камактын мөөнөттөрүн эсептөө

 

Коомдук иштердин мөөнөтү сааттар, камактын мөөнөтү суткалар менен эсептелет.

 

51-берене. Коомдук иштерге тартуу түрүндө жаза чарасын алмаштыруу

 

Коомдук иштерди аткаруудан экиден көп жолу баш тартылган учурда сот, эгерде жаза чарасы катары камакка алуу каралган болсо, бул түрү беш суткага чейинки мөөнөткө камакка алуу менен алмаштырылат, калган учурларда айып пул менен алмаштырылат.

 

52-берене. Убакыттын өтүшү менен адамды жаза чарасына тартылган эмес деп эсептөөнүн мөөнөтү

 

Эгерде жаза чарасына тартылган адам жаза чарасын аткаруу аяктаган күндөн тартып бир жыл бою жаңы укук бузуу жасабаса, анда ал адам жаза чарасына тартылган эмес деп эсептелет.

 

53-берене. Зыяндын ордун толтуруу жана бузууларды четтетүү

 

1. Укук бузуу жасаган жана жоопкерчиликке тартылуучу адам келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттүү.

2. Укук бузуу жасаган адам келтирилген зыяндын ордун ыктыярдуу толтуруудан качкан учурда, анын ордун толтуруу жарандык сот өндүрүшү тартибинде жүзөгө ашырылат.

3. Укук бузуу жасаган адам, аны жоопкерчиликке тартууга негиз болуп аныкталган бузууларды жоюуга милдеттүү. Жаза чарасын колдонуу жана аны аткаруу адамды аныкталган бузууну жоюу милдетинен бошотпойт.

Эскертүү. Ушундай жолдор менен өтүү үчүн транспорт каражаттарынын жол берилүүчү салмак-габариттик параметрлеринин белгиленгенден ашып кетишинин натыйжасында Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдоруна келтирилген зыяндын ордун толтуруу, мындай бузууну жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда орнотулган жана колдонулуучу атайын контролдоочу-өлчөөчү техникалык каражаттар жана фото жана видео фиксациялоо функциясы бар приборлор менен фиксацияланган учурда жүргүзүлбөйт.

 

54-берене. Жаза чарасын жана туум түрүндөгү кошумча укуктук кесепетти колдонуудан бошотуу

 

Жаза чарасы жана туум түрүндөгү кошумча укуктук кесепет төмөнкү учурларда колдонулбайт:

1) жаза чарасын колдонуунун эскирүү мөөнөтү аяктаганда;

2) укук бузуу жасаган адам каза болгондо;

3) укук бузуу жасаган юридикалык жак мыйзамда каралган учурларда жоюлганда;

4) жеке жак укук бузуу жасалгандан кийин өз аракетин (аракетсиздигин) аңдап билүү жана өзүн-өзү башкаруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуучу психикалык оору менен ооруп калганда.

 

9-глава. Укук бузууларды жана аларды жасаган адамдарды каттоо

 

55-берене. Укук бузууларды, аларды жасаган адамдарды, ошондой эле колдонулган жаза чараларын жана кошумча укуктук кесепеттерди каттоо

 

1. Укук бузууларды, аларды жасаган жактарды, ошондой эле колдонулган жаза чараларын жана кошумча укуктук кесепеттерди каттоо Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин Автоматташтырылган маалымат тутумунда (АМТ) жүзөгө ашырылат.

2. Укук бузуулардын бирдиктүү реестри жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан аныкталып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

3. Ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдары, прокурор укук бузуу жөнүндө протоколду түзгөндөн кийин 48 сааттан кечиктирбестен, Укук бузуулардын бирдиктүү реестрине тиешелүү маалыматтарды киргизүүгө милдеттүү.

4. Сот, ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдары, прокурор Укук бузуулардын бирдиктүү реестринде укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун андан аркы натыйжаларын токтоосуз киргизет.

5. Ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамынын укук бузууларды эсепке алуудан жашыруусу же Укук бузуулардын бирдиктүү реестрине тиешелүү маалыматтарды киргизбөөсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

 

ӨЗГӨЧӨ БӨЛҮК

 

IV БӨЛҮМ

ИНСАНГА КАРШЫ УКУК БУЗУУЛАР

 

10-глава. Ден соолукка каршы укук бузуулар

 

56-берене. Уруп-сабоо

 

Дене-бойлук ооруларды келтирген уруп-сабоо же башка зомбулук аракеттерди жасоо, эгерде бул аракеттерде кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралган квалификациялык белгилер камтылбаса, –

200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга, же болбосо 20дан 40 саатка чейинки мөөнөткө коомдук иштерге тартууга алып келет.

 

57-берене. Ден соолукка атайын жеңил зыян келтирүү

 

Адамдын ден соолугунун кыска убакытка бузулуусуна алып келбеген ден соолукка атайын жеңил зыян келтирүү, –

200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга, же болбосо 20дан 40 саатка чейинки мөөнөткө коомдук иштерге тартууга алып келет.

 

58-берене. Зарыл коргонуу чектеринен аша чабууда, укук бузуу жасаган адамды камакка алуу үчүн зарыл болгон чаралардан аша чабууда ден соолукка атайылап анча оор эмес зыян келтирүү

 

Зарыл коргонуу чектеринен аша чабууда, укук бузуу жасаган адамды камакка алуу үчүн зарыл болгон чаралардан аша чабууда ден соолукка атайылап анча оор эмес зыян келтирүү, –

100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга, же болбосо 20дан 40 саатка чейинки мөөнөткө коомдук иштерге тартууга алып келет.

 

59-берене. Жардам көрсөтпөө

 

Эгерде күнөөлүү жак жабыр тарткан жакка жардам көрсөтө ала туруп, өмүрү же ден соолугу үчүн коркунучтуу болгон абалда турган жана жаш бала, карыя, оору же алсыздыгынын натыйжасында өзүн-өзү сактоо чараларын көрүү мүмкүндүгүнөн ажыраган адамга жардам көрсөтпөө же жабыр тарткан жактын ушундай абалы жөнүндө тиешелүү мекемелерге же болбосо жактарга билдирбөө, –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга, же болбосо 20дан 40 саатка чейинки мөөнөткө коомдук иштерге тартууга алып келет.

 

V БӨЛҮМ

ЖАРАНДАРДЫН ШАЙЛОО УКУКТАРЫН, САЛАМАТТЫК САКТОО, ЭМГЕК, АДЕП-АХЛАК, МАДАНИЙ МУРАСТАРДЫ ЖАНА АБАТТАШТЫРУУНУ ИШКЕ АШЫРУУ ЧӨЙРӨСҮНДӨ БАШКАРУУ ТАРТИБИНЕ КАРШЫ УКУК БУЗУУЛАР

 

11-глава. Жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу чөйрөсүндө башкаруу тартибине каршы укук бузуулар

 

60-берене. Шайлоо процессинин катышуучуларынын укуктарын бузуу

 

Шайлоочунун, шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн, Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкердин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкердин же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы кызмат ордуна талапкердин, талапкердин ишенимдүү адамынын, ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, байкоочунун, эл аралык байкоочунун укуктарын бузуу –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

61-берене. Шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган чечимдерди жана талаптарды аткарбоо

 

Жеке жана юридикалык жактардын шайлоо жөнүндө мыйзамдарда каралган маалыматтарды же материалдарды белгиленген мөөнөттөрдө шайлоо комиссиясына бербөөсү, ошого тете шайлоону даярдоо жана өткөрүү үчүн зарыл болгон шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган шайлоо комиссиясынын чечимдерин жана талаптарын аткарбоосу, –

жеке жактарга 50 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

62-берене. Шайлоочулардын жана шайлануучу кызмат ордуна талапкерлердин билип туруп анык эмес маалыматтарды берүүсү

 

1. Жарандын шайлоо комиссиясына, каттоо органына шайлоочуларды каттоо жана тизмеге киргизүү максатында билип туруп туура эмес маалыматтарды берүүсү, ошого тете шайлоочулардын тизмесине киргизүү максатында мыйзамсыз каттоо боюнча башка адамдардын аракеттери –

200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкердин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкердин билип туруп шайлоо жөнүндө мыйзамдарда каралган анык эмес маалыматтарды, документтерди, анын ичинде башка мамлекеттин жарандыгы жоктугу тууралуу документти берүүсү, ошондой эле талапкерликке көрсөтүү, каттоо жана шайлануу үчүн тоскоол болгон маалыматтарды жашыруусу, –

200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

63-берене. Шайлоочунун (референдумдун катышуучусунун) акчалай каражаттарды жана материалдык баалуулуктарды алуусу

 

Добушту сатып алуучулардын же алардын атынан чыккан жактардын пайдасына активдүү шайлоо укугун ишке ашыргандыгы үчүн шайлоочунун (референдумдун катышуучусунун) жеке өзү, же болбосо ортомчу аркылуу акчалай каражаттарды жана (же) материалдык баалуулуктарды алуусу –

10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

Эскертүү. Ушул беренеде каралган аракеттерди жасаган адам, эгерде шайлоону жана референдумду даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө акчалай каражаттарды жана материалдык баалуулуктарды алгандыгы тууралуу өз ыктыяры менен билдирсе, жоопкерчиликтен бошотулат.

 

64-берене. Шайлоого катышуу үчүн өргүү берүүдөн баш тартуу

 

Депутаттыкка же башка шайлануучу кызматка талапкер болуп катталган талапкерге, талапкердин ишенимдүү адамына, же болбосо шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө мамлекеттик бийлик органдарына же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө катышуу үчүн мыйзамда каралган өргүүнү берүүдөн администрациянын (иш берүүчүнүн) баш тартуусу –

жеке жактарга 50 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

65-берене. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу

 

1. Шайлоочу, байкоочу, талапкер же анын өкүлү, ишенимдүү адамы тарабынан шайлоо жөнүндө мыйзамдарда каралган шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарынын бузулушу, –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Жалпыга маалымдоо каражаты тарабынан жасалган ошол эле жосун, –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Саясий партия же анын өкүлү, ишенимдүү адамы тарабынан жасалган ошол эле жосун, –

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

66-берене. Талапкер жөнүндө билип туруп жалган маалыматтарды жайылтуу

 

Депутаттыкка же башка шайлануучу кызмат ордуна талапкер жөнүндө талапкердин ар-намысына же кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды билип туруп жайылтуу, –

жеке жактарга 125 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

67-берене. Талапкердин ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарынын жайылтуусу

 

Шайлоо дайындалгандан тартып шайлоонун жыйынтыктары расмий жарыяланганга чейинки мезгил ичинде талапкердин, саясий партиянын ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарынын жайылтуусу, –

юридикалык жактарга 175 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

68-берене. Жашыруун үгүт материалдарын жайылтуу

 

Мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде, же болбосо референдум мезгилинде алардын чыгарылышы үчүн жооптуу уюмдар жана адамдар жөнүндө маалыматтар камтылбаган үгүттүк басма материалдарын, же болбосо чет өлкөдө даярдалган материалдарды жайылтуу, –

жеке жактарга 125 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

69-берене. Үгүт материалдардын жок кылуу же бузуу

 

Депутаттыкка же башка шайлануучу кызматка талапкердин портретин, укма-көрмө материалдарын, анын өмүр баяны жазылган плакатты, же болбосо имараттарда, курулмаларда же башка объекттерде илинген башка үгүт материалдарын атайылап жок кылуу, же болбосо бузуу, –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

Эскертүү. Үгүт материалдары имараттын, курулманын же башка объекттин менчик ээсинин (ээсинин) макулдугу жок илинсе, ал ушул берене боюнча жоопкерчиликтен бошотулат.

 

12-глава. Балдардын кызыкчылыктарына жана үй-бүлө мамилелеринин тартибине каршы укук бузуулар

 

70-берене. Үй-бүлөлүк зомбулук

 

Үй-бүлөлүк зомбулук (үй-бүлөдөгү зомбулук) – бул дене-бойлук, психологиялык, экономикалык зомбулукту атайылап колдонуу же дене-бойлук зомбулук кылуу менен коркутуу, ошондой эле үй-бүлө мүчөсүнүн бири /ага теңештирилген жак тарабынан үй-бүлөнүн башка мүчөсүнө/ага теңештирилген жакка карата кайдыгер мамиле, –

40 саатка коомдук иштерге тартууга, же болбосо үчтөн жети суткага чейин камакка алууну колдонууга алып келет.

 

71-берене. Убактылуу коргоо ордеринин шарттарын аткарбоо

 

Жосунда кылмыштын белгилери жок болгондо, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамга берилген убактылуу коргоо ордеринин шарттарын аткарбоо –

40 саатка коомдук иштерге тартууга же болбосо үчтөн жети суткага чейин камакка алууну колдонууга алып келет.

 

72-берене. Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын түзөтүү программасынан өтүүдөн баш тартуусу

 

Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын түзөтүү программасынан өтүүдөн баш тартуусу, –

эскертүүгө, же болбосо 40 саатка коомдук иштерге тартууга алып келет.

 

73-берене. Бала асырап алуу сырын ачыкка чыгаруу

 

Бала асырап алуучулардын эркине каршы бала асырап алуунун сырын ачыкка чыгаруу –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

74-берене. Балдардын ден соолугуна, дене-бойлук, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын бузуу

 

Балдардын ден соолугуна, дене-бойлук, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын бузуу, анын ичинде балдардын тыюу салынган же чектелген жерлерде болуусуна (ата-энесинин, аларды алмаштыруучу адамдардын, ошондой эле тиешелүү объекттердин ээлеринин) уруксат берүүсү, –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

13-глава. Саламаттык сактоо жана эмгек чөйрөсүндө укук бузуулар

 

75-берене. Донордук канды жүгүртүү тартибин бузуу

 

Донордук канды, анын компоненттерин же препараттарын жүгүртүү тартибин бузуу –

жеке жактарга 30 эсептетик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

76-берене. Өзгөчө кырдаалдар, өзгөчө же согуштук абал режими мезгилинде дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жогорулатылган баада сатуу

 

Өзгөчө кырдаал, өзгөчө же согуштук абал режими мезгилинде дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жогорулатылган баада сатуу –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

77-берене. Дары каражаттарын, медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө белгиленген тартипти, талаптарды, эрежелерди бузуу

 

1. Дары каражаттарын, медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө белгиленген тартипти, талаптарды, эрежелерди бузуу, –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жарнамалоодо мыйзамдардын талаптарын бузуу, –

жеке жактарга –125 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

78-берене. Элдик медицина (дарылоо) менен алектенүү тартибин бузуу

 

Элдик медицина менен алектенүү (дарылоо) тартибин бузуу, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

79-берене. Врачтык сырды ачыкка чыгаруу

 

Бейтаптын оорусу же аны медициналык күбөлөндүрүүнүн натыйжалары жөнүндө маалыматтарды ошол маалыматтар кесиптик же кызматтык милдеттерди аткаруусуна байланыштуу белгилүү болуп калган медициналык, фармацевтикалык же бөлөк кызматкердин ачыкка чыгаруусу, –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

80-берене. Милдеттүү медициналык кароо эрежелерин бузуу

 

Кызматкерлерди милдеттүү түрдө медициналык кароо эрежелерин бузуу же милдеттүү медициналык кароодон өтпөгөн адамдын иштөөсүнө жол берүү, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

81-берене. Сапатсыз тамак-аш азыктарын сатуу

 

Сапатсыз тамак-аш азыктарын, анын ичинде үйдө даярдалган химиялык, уулуу, канцерогендик заттарды жана биологиялык кошулмаларды ашыкча камтыган тамак-аш азыктарын билип туруп же этиятсыздык менен сатуу –

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

82-берене. Калкты ызы-чуудан коргоо жөнүндө талаптарды бузуу

 

Калктуу конуштарда же болбосо коомдук жайларда тынчтыкты сактоо эрежелерин бузуу –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

83-берене. Белгиленбеген жерлерде тамеки заттарын тартуу

 

Белгиленбеген жерлерде тамеки заттарын тартуу, –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

84-берене. Калкты тамеки заттарынын зыяндуу таасиринен коргоо эрежелерин бузуу

 

Тамеки тарткандар үчүн милдеттүү түрдө өзүнчө жай бөлүп берүү эрежелерин, тамеки заттарын тартуу жайлары жөнүндө көргөзмө маалыматты жайгаштыруу же мындай жайды жабдуу тууралуу талаптарды бузуу –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

85-берене. Тамеки заттарын сатуу жана жүгүртүү тартибин бузуу

 

1. Тамеки заттарын мыйзамда каралган медициналык эскертүүсү же маалымат берүүчү жазуусу жок сатуу, –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Зыяндуу заттардын жол берилген деңгээлдеринен ашуусу жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бузуу менен тамеки заттарын сатуу, –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Балдарга тамеки заттарын сатуу –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

86-берене. Радиациялык кырсыктарды жоюуга тартуу эрежелерин бузуу

 

Радиациялык кырсыктарды же алардын кесепеттерин жоюуга жактардын айрым категорияларын тартуу эрежелерин бузуу, –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

87-берене. Эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдын талаптарын бузуу

 

1. Сунуш кылынган жумуш медициналык корутундуга ылайык анын ден соолугу үчүн зыяндуу болуп саналган адам менен эмгек келишимин түзүү, –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Өзүнчө категориядагы адамдарды түнкү, ченемден ашык иштерге же дем алыш күндөрдө ишке тартуу эрежелерин бузуу –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Өзүнчө категориядагы адамдарды оор иштерге, зыяндуу же коркунучтуу эмгек шарттары бар иштерге тартуу эрежелерин бузуу –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4. Иш берүүчүнүн кызматкерлердин ден соолугу жана коопсуз эмгек шарттарын түзүү, санитардык-гигиеналык ченемдерди жана техникалык регламенттердин жана эмгекти коргоо боюнча башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоону камсыз кылуучу каражаттарды жана технологияларды киргизүү боюнча милдеттерин аткарбоосу же талаптагыдай аткарбоосу, –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

5. Жарандарды жумуштан негизсиз четтетүү –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга – 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

88-берене. Ишке кабыл алуудан негизсиз баш тартуу

 

Эмгек мыйзамдарында белгиленген айрым категориядагы жарандарды ишке кабыл алуудан негизсиз баш тартууга тыюу салууну бузуу, –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

89-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды иш менен камсыз кылуу боюнча талаптарды аткарбоо

 

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды жумушка орноштуруу үчүн белгиленген квотаны аткарбоо –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

90-берене. Эмгек акыны, пенсияны, жөлөкпулду төлөбөө

 

1. Менчигинин түрүнө карабастан ишкананын, мекеменин же уюмдун кызмат адамынын эмгек акыны, пенсияны, жөлөкпулду жана социалдык төлөмдөрдү төлөө үчүн багытталган акча каражаттарын өз багытында колдонбоосу, бул алардын өз убагында төлөнбөөсүнө алып келсе, –

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Иш берүүчүнүн өндүрүштөгү күтүүсүз кырсык же кесиптик оорунун кесепетинен эмгекке жарамдуулугун толук же жарым-жартылай жоготкон кызматкерге бир жолку берилүүчү жөлөкпулду жана зыяндын ордун толтуруучу суммаларды төлөбөөсү, –

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

91-берене. Кош бойлуу аял менен эмгек келишимин мыйзамсыз бузуу

 

Кош бойлуу аял, үч жашка чейинки курактагы балдары бар аял менен эмгек келишимин мыйзамсыз бузуу, –

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

92-берене. Эмгек келишимин түзбөстөн ишке тартуу

 

1. Иш берүүчүнүн адамдарды эмгек келишимин түзбөстөн жумушка тартуусу –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Иш берүүчүнүн жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөн бир тараптуу баш тартуусу –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

93-берене. Чет өлкөлүк жумушчу күчтү Кыргыз Республикасына тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузуу

 

Чет өлкөлүк жумушчу күчтү Кыргыз Республикасына тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузуу –

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

94-берене. Чек ара эмгек мигранты тарабынан Кыргыз Республикасында эмгек ишин жүзөгө ашыруунун эрежелеринин бузулушу

 

Чек ара эмгек мигранты тарабынан Кыргыз Республикасында эмгек ишин жүзөгө ашыруунун эрежелеринин бузулушу –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

95-берене. Жарандарды ишке орноштуруу боюнча мыйзамсыз иш

 

1. Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө уруксатсыз же уруксатта каралган шарттарды бузуу менен жумушка орноштуруу боюнча ишти жүзөгө ашыруу, –

жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 550 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, жаза чаралары колдонулгандан кийин кайталап жасалган ошол эле аракет, –

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

14-глава. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды,

аларга окшош түрлөрүн же прекурсорлорун жүгүртүү

чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы укук бузуулар

 

96-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, аларга окшош түрлөрүн сатуу максатысыз анча көп эмес өлчөмдө мыйзамсыз даярдоо

 

Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, аларга окшош түрлөрүн сатуу максатысыз мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү, –

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга, же болбосо 40 саатка коомдук иштерге тартууга алып келет.

Эскертүү. Баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын, аларга окшош түрлөрүнүн же прекурсорлорунун тизмеги, ушул Кодекстин беренелери боюнча жосундарды квалификациялоо үчүн мааниге ээ болгон алардын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

 

97-берене. Жапайы өскөн баңгизатын камтыган өсүмдүктөрдү жок кылуу, тыюу салынган баңгизатын камтыган өсүмдүктөрдү көп эмес өлчөмдө айдоо же өстүрүү боюнча чараларды көрбөө

 

Адамдардын өздөрүнүн карамагындагы жер участокторунда жапайы өскөн баңгизатын камтыган өсүмдүктөрдү жок кылуу боюнча чараларды көрбөө, же болбосо тыюу салынган баңгизатын камтыган өсүмдүктөрдү көп эмес өлчөмдө айдоо же өстүрүү–

жеке жактарга 125 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

98-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, аларга окшош түрлөрүн же прекурсорлорун өндүрүү жана жүгүртүү эрежелерин бузуу

 

1. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, аларга окшош түрлөрүн же прекурсорлорун өндүрүү жана мыйзамдуу жүгүртүү боюнча белгиленген эрежелерди бузуу, –

жеке жактарга 125 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Ошол эле жосун бир жылдын ичинде кайталап жасалса, –

жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 450 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

99-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, прекурсорлорду же аларга окшош түрлөрүн жок кылуу тартибин бузуу

 

Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, прекурсорлорду же аларга окшош түрлөрүн жок кылуу тартибин бузуу –

кызмат адамдарына 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

100-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же аларга окшош түрлөрүн инвентаризациялоо тартибин бузуу

 

Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же аларга окшош түрлөрүн инвентаризациялоо тартибин бузуу –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

101-берене. Баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарды, аларга окшош түрлөрүн жана прекурсорлорун, баңги зат каражаттарын, психотроплук заттарды камтыган, жүгүртүүгө тыюу салынган өсүмдүктөрдү, же болбосо алардын прекурсорлорун жана баңги зат каражаттарын же психотроптук каражаттарды камтыган алардын бөлүктөрүн колдонууга чакыруу

 

1. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же алардын прекурсорлорун, баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды, камтыган өсүмдүктөрдү, же болбосо алардын прекурсорлорун жана баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды камтыган алардын бөлүктөрүн, же болбосо алардын перкурсорлорун, ошондой эле жаңы потенциалдуу кооптуу психоактивдүү заттарды колдонууга чакыруу жана жарнамалоо –

жеке жактарга 175 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 550 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Ошол эле аракеттер:

1) билим берүү мекемелеринде, ошондой эле адамдар жалпы чогулган объекттерде жасалса;

2) жалпыга маалымдоо каражаттарын же электрондук маалымат ресурстарын пайдалануу менен жасалса, –

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

15-глава. Адеп-ахлакты жана тарыхый-маданий мурасты коргоо чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы, тил жөнүндө мыйзамдарды бузуулар

 

102-берене. Ата-энелик милдеттерден качуу

 

1. Он алты жашка чейинки курактагы баланын ушул Кодексте жоопкерчилиги каралган укук бузуулардын белгисин камтыган жосундарды жасоосуна алып келген ата-энелердин же аларды алмаштыруучу адамдардын балдарды тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбагандыгы, –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Он алты жашка чейинки курактагы бала тарабынан кылмыштын белгилерин камтыган жосундарды жасоосуна алып келген ата-энелердин же аларды алмаштырган адамдардын балдарды тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбагандыгы,–

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

103-берене. Тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоо, пайдалануу жана кайтаруу талаптарын бузуу

 

1. Тарыхый-маданий мурас объекттерин, алардын аймактарын жана коргоо зоналарын сактоо, пайдалануу жана коргоо талаптарын бузуу, ошого тете анын күтүү режимин сактабоо –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурасынын өзгөчө баалуу объекттерине, алардын аймактарындагы тарыхый-маданий мурас объекттерине, мамлекеттик маанидеги тарыхый-маданий коруктардын (корук-музейлердин) аймактарындагы, ошого тете аларды коргоо зоналарындагы объекттерге карата жасалган жосундар, –

жеке жактарга 125 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, тарыхый-маданий мурастар табылган объекттерге карата же алардын аймагында жасалган жосундар, –

жеке жактарга 125 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

104-берене. Тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо жана пайдалануу боюнча мамлекеттик органдын уруксатысыз иштерди жүргүзүү

 

Эгерде мындай уруксат милдеттүү түрдө болсо, тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо жана пайдалануу боюнча мамлекеттик органдын уруксатысыз жер казуу, курулуш, мелиоративдик, чарбалык жана башка иштерди жүргүзүү, –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

105-берене. Археологиялык чалгындоону же казууларды уруксатсыз жүргүзүү

 

1. Белгиленген тартипте алынган уруксаты жок же болбосо уруксатта каралган шарттарды бузуу менен археологиялык чалгындоону же казууларды жүргүзүү, –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, этиятсыздыктын айынан археологиялык мурас объектин бузууга же жок кылууга алып келген жосундар, –

жеке жактарга 125 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

106-берене. Тарыхый-маданий баалуулуктарды жашырып коюу

 

Археологиялык талаа иштеринин натыйжасында табылган тарыхый-маданий баалуулуктарды (антропогендик, антропологиялык, палеозоологиялык, палеоботаникалык жана тарыхый-маданий баалуулукка ээ башка объекттерди кошуп алганда) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Музей фондуна туруктуу сактоого өткөрүп берүүдөн качуу, –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет

 

107-берене. Уят сөздөрдү камтыган тексттерди пайдалануу, ошондой эле маалыматтык билдирүүлөрдү аларды жайгаштыруу үчүн белгиленбеген жерлерде чаптоо, илүү

 

1. Уят сөздөрдү камтыган тексттер менен көрнөктөрдү, кулактандырууларды, прейскуранттарды жана башка көрсөтмө маалыматты юридикалык жана жеке жактардын имараттарында жайгаштыруу, –

эскертүүгө алып келет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган аракет эскертүү берилгенден кийин бир айдын ичинде оңдолбосо же алты айдын ичинде кайталанып жасалса, –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Шаардык, айылдык калктуу конуштарда уят сөздөрдү камтыган сырткы жарнаманы жайгаштыруу, ошондой эле кулактандырууларды, баракчаларды, плакаттарды жана башка маалыматтык билдирүүлөрдү аларды жайгаштыруу үчүн белгиленбеген жерлерде чаптоо, илүү –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

108-берене. Жарандардын тилди эркин тандоо укугун бузуу

 

1. Жарандардын тилди эркин тандоо укугун бузуу же болбосо тилди колдонууда тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү жаратуу –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Ошол эле аракет, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары тарабынан жасалса, –

кызмат адамдарына 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

109-берене. Порнографиялык мүнөздөгү предметтерди жайылтуу

 

Порнографиялык мүнөздөгү чыгармаларды, сүрөттөрдү же башка предметтерди сатуу максатында ташып келүү, даярдоо, ташуу же башкача которуштуруу же болбосо жарнамалоо, ошого тете, мындай предметтерди сатуу же башкача жайылтуу –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

16-глава. Абатташтырууну коргоо чөйрөсүндөгү укук бузуулар

 

110-берене. Көп батирлүү турак үйлөрдүн жалпы пайдалануудагы жерлерин санитардык күтүү эрежелерин бузуу

 

Көп батирлүү турак үйлөрдүн жалпы пайдалануудагы жерлерин: жертөлөлөрүн, жарым жертөлөлөрүн, кургатуучу жайларын, чатырларынын астын, чатырларын, тепкич клеткаларын, лифттерин, подьезддерди, үй алдындагы аймактарды санитардык жактан күтүү эрежелерин бузуу –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

111-берене. Көп батирлүү турак үйлөрдүн жалпы мүлкүнүн элементтерин өзүм билемдик менен пайдалануу

 

Көп батирлүү турак үйлөрдүн жалпы мүлк элементтерин: жертөлөлөрүн, жарым жер төлөөлөрүн, кургатуучу жайларын, чатырларынын астын, чатырларын, тепкич клеткаларын, лифттерин, подьезддерин, инженердик жабдууларын, үй алдындагы аймактарды өзүм билемдик менен пайдалануу, –

баштапкы абалга келтирүү менен жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

112-берене. Көп батирлүү турак үйлөрдөгү турак жайларды пайдалануу эрежелерин бузуу

 

1. Көп батирлүү үйлөрдөгү турак жайларды өнөр жай мүнөзүндөгү максаттар үчүн берүү, өткөрүп берүү, тейлөө чөйрөсүнүн уюмдарын жайгаштыруу үчүн аларды соода орундары катары пайдалануу, ошондой эле туруктуу жашоодон тышкары ар кандай башка максаттарда пайдалануу –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Көп батирлүү үйлөрдөгү турак жайларды мейманкана катары берүү, өткөрүп берүү, пайдалануу –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

113-берене. Көп батирлүү турак үйлөрдөгү жалпы мүлктү күтүү боюнча милдеттерди аткарбоо

 

Менчик ээлери тарабынан көп батирлүү үйлөрдөгү жалпы мүлктү күтүү боюнча милдеттердин жана турак жай мыйзамдарынан келип чыгуучу башка талаптардын бузулушу, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

114-берене. Аймакты абатташтыруу эрежелерин бузуу

 

Калктуу конуштагы аймакты абатташтыруу эрежелерин бузуу, ошондой эле ошол аймакта тазалыкты жана тартипти камсыз кылуу эрежелерин сактабоо –

эскертүүгө же жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

115-берене. Белгиленбеген жерлерге таштандыларды таштоо, өрттөө

 

1. Белгиленбеген жерлерге турмуш-тиричилик таштандыларын жана башка буюмдарды таштоо –

эскертүүгѳ же жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Белгиленбеген жерлерге өндүрүштүк, өнөр жай таштандыларын жана медициналык калдыктарды таштоо –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Таштандыларды, турмуш-тиричиликтик катуу, өндүрүштүк, өнөр жай калдыктарын жана башка предметтерди, ошондой эле жалбырактарды өрттөө –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

Эскертүү. Белгиленбеген жерлер деп бул атайын аталган максаттарда пайдаланууга бөлүнбөгөн жерлер түшүнүлөт.

 

116-берене. Суу чарба курулмаларын зыянга учуратуу

 

Суу чарба курулмаларын же болбосо түзүлмөлөрүн бузуу, коллектордук-дренаждык тутумун зыянга учуратуу, ошого тете аларды эксплуатациялоо эрежелерин атайын же этиятсыздык менен бузуу, –

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

117-берене. Суу менен жабдуу, саркынды сууларды чыгаруу жана борбордук жылытуу тутумдарынын инженердик тармактарынын жана курулмаларынын бүтүндүгүн бузуу

 

Тиешелүү кызматтар менен макулдашпастан суу менен жабдуу, саркынды сууларды чыгаруу жана борбордук жылытуу тутумдарынын тышкы инженердик тармактарынын жана курулмаларынын, ошондой эле үйлөрдүн ичинде жайгашкан тармактардын бүтүндүгүн, бузуу, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

118-берене. Люктарды, кудуктарды ачуу, тээктерин жөнгө салуу, пломбаларды жулуу

 

Суу менен жабдуу, саркынды сууларды чыгаруу жана борбордук жылытуу тутумдарынын люктарын жана кудуктарын ачуу, жылытуу, суу менен жабдуу тутумунун кадимкидей иштешин бузууга алып келүүчү тээктерди жөнгө салуу, пломбаларын жулуу, –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

119-берене. Бак-дарактарды ичүүчү суу менен сугаруу

 

Бак-дарактарды суу менен жабдуунун адистештирилген уюмдарынын уруксатысыз суу менен жабдуу тутумундагы ичүүчү суу менен сугаруу –

эскертүүгө же жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

120-берене. Суу менен жабдуу, саркынды сууларды чыгаруу жана борбордук жылытуу тутумдарына өзүм билемдик менен кошулуу

 

Суу менен жабдуу, саркынды сууларды чыгаруу жана борбордук жылытуу тутумдарына өзүм билемдик менен кошулуу –

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

121-берене. Жылытуу тутумунан ысык сууну (жылуулук булагын) өзүм билемдик менен алуу

 

Ысык сууну борбордук жылытуу тутумунан (жылуулук булагынан, радиаторлордон) чарбалык жана жеке муктаждыктар үчүн пайдалануу максатында өзүм билемдик менен алуу –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

122-берене. Жүргүнчү ташуучу лифтти пайдалануу эрежелерин бузуу

 

1. Көп батирлүү турак үйлөрдөгү жүргүнчү ташуучу лифтти колдонуунун эрежелерин бузуу –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Көп батирлүү турак үйлөрдөгү лифт жабдууларын бузуу –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

123-берене. Көрүстөндөрдү күтүү эрежелерин бузуу

 

Көрүстөндөрдү күтүү эрежелерин бузуу –

эскертүүгө же жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

124-берене. Калктуу конуштарда жаныбарларды багуу эрежелерин бузуу

 

Калктуу конуштарда жаныбарларды багуу эрежелерин бузуу –

эскертүүгө же жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

125-берене. Темир жол транспортунда тазалык эрежелерин сактабоо

 

Поезддин вагонунан таштандыларды же башка предметтерди ыргытуу –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

VI БӨЛҮМ

КООМДУК ТАРТИПТИ, КООМДУК КООПСУЗДУКТУ, ӨНДҮРҮШТҮН, КУРУЛУШТУН КООПСУЗДУГУН, ТРАНСПОРТТУН

КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗ КЫЛУУ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ БАШКАРУУ ТАРТИБИНЕ КАРШЫ УКУК БУЗУУЛАР

 

17-глава. Коомдук тартипти камсыз кылуу, курал-жаракты, башка кооптуу предметтерди жана заттарды жүгүртүү, ошондой эле коомдук жана өрт коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы укук бузуулар

 

126-берене. Майда бейбаштык

 

Майда бейбаштык, башкача айтканда, коомдук жайларда сөгүнүү (анын ичинде тилдөө), жарандарга кордоп тийишүү башка коомдук тартипти, жарандардын тынчтыгын бузган жана башка аракеттер (табигый муктаждыктарын белгиленбеген коомдук жайларда аткаруу, мүлктү анча чоң эмес өлчөмдө атайын бузуу, агрессияны көрсөтүү ж.б.), –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга, же болбосо 30дан 40 саатка чейинки мөөнөткө коомдук иштерге тартууга, же болбосо үчтөн беш суткага чейин камакка алууга алып келет.

 

127-берене. Баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды медициналык көрсөтмөлөрү жок колдонуу, коомдук жайларда спирт ичимдиктерин ичүү

 

Көчөлөрдө, стадиондордо, гүл бакчаларда, коомдук транспортто, же болбосо башка коомдук жайларда баңгизат каражаттарын, же болбосо психотроптук заттарды медициналык көрсөтмөлөрү жок колдонуу же спирт ичимдиктерин ичүү –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга, же болбосо 20 саатка чейинки мөөнөткө коомдук иштерге тартууга алып келет.

 

128-берене. Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө

 

Коомдук тартипти сактоо боюнча милдеттерин өтөп жүргөн ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга же болбосо 20 саатка чейинки мөөнөткө коомдук иштерге тартууга алып келет.

 

129-берене. Коменданттык сааттын талаптарын (шарттарын) сактабоо

 

Өзгөчө же согуштук абал мезгилинде киргизилген коменданттык сааттын убагында атайын берилген өткөрмөлөрсүз жана өздүгүн ырастаган документтерсиз көчөлөрдө жана башка коомдук жерлерде же болбосо турак жайдан тышкары жүрүү, –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга, же болбосо үч суткага чейин камакка алууну колдонууга алып келет.

 

130-берене. Өзгөчө же согуштук абал шарттарында укук тартибин бузуу

 

Өзгөчө же согуштук абал жарыяланган аймактарда укук тартибин бузууга багытталган аракеттер, же болбосо коомдук тартипти жана жеке адамдардын тынчтыгын бузган аракеттер, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

131-берене. Ок атуучу, газ, пневматикалык, ыргытма жана электрдик куралдан атуу

 

Калктуу конуштарда, калктуу конуштардын чегинен тышкары адамдар көп чогулган жерлерде жана атууга болбой турган башка жерлерде ок атуучу, газ, пневматикалык, ыргытма жана электрдик куралдан мыйзамсыз атуу, –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга, же болбосо 30 сааттык мөөнөткө коомдук иштерге тартууга алып келет.

 

132-берене. Адистештирилген кызматтарды билип туруп жалган чакыруу

 

Милиция, өрттөн сактоо, медициналык тез жардам же башка адистештирилген кызматты билип туруп жалган чакыруу –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

133-берене. Ок атуучу, газ, пневматикалык, ыргытма жана электрдик куралын, же болбосо алардын атуучу ок-дарыларын сактоо жана ташуу эрежелерин бузуу

 

1. Ички иштер органдарынын уруксаты бар ок атуучу, газ, пневматикалык, ыргытма жана электрдик куралын, же болбосо алардын атуучу ок-дарыларын сактоо же ташуу эрежелерин жеке адамдын бузуусу, –

эскертүүгө же жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Алардын сакталышы үчүн жооптуу ишкананын, мекеменин же уюмдун кызматкеринин ок атуучу, газ, пневматикалык, ыргытуучу жана электрдик куралын, же болбосо атуучу ок-дарыларды сактоо же ташуу эрежелерин бузуусу, же болбосо анын ок атуучу куралды же атуучу ок-дарыларды максатсыз пайдалануусу –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Адамдын алкоголдук, баңгизаттан же токсикоманиялык мас абалында ок атуучу, газ, пневматикалык, ыргытуучу жана электрдик куралын алып жүрүүсү, –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

134-берене. Ок атуучу, газ, пневматикалык, ыргытма жана электрдик куралын каттоо мөөнөттөрүн бузуу

 

Жарандардын ок атуучу (мергенчилик), газ, пневматикалык, ыргытма жана электрдик куралын каттоо (кайра каттоо) боюнча белгиленген мөөнөттөрдү же ички иштер органдарында аны каттоого коюу эрежелерин бузуусу –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

135-берене. Ок атуучу, газ, пневматикалык, ыргытма жана электрдик куралын сатып алуу, сактоо, берүү же сатуу тартибин бузуу

 

1. Жарандардын ок атуучу (мергенчилик), газ, пневматикалык, ыргытма жана электрдик куралын ички иштер органдарынын уруксаты жок сатып алышы, башка адамдарга бериши же сатышы –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Соода ишканасынын (уюмунун) сайсыз мергенчилик ок атуучу куралын, газ, пневматикалык, ыргытма жана электрдик куралын жана алардын атуучу ок-дарыларын ички иштер органдарынын уруксаты жок жарандарга, ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга сатуусу, –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

136-берене. Жумушка паспортсуз кабыл алуу

 

Иш берүүчүнүн жарандарды жумушка паспортсуз кабыл алуусу –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

137-берене. Паспортту мыйзамсыз алып коюу

 

Жарандын паспортун күрөөгө алуу же башка мыйзамсыз алып коюу, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

138-берене. Массалык иш-чараларды өткөрүү убагында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу эрежелерин бузуу

 

Спорттук, маданий мүнөздөгү массалык иш-чараларды өткөрүү убагында аларды уюштурууга жана өткөрүүгө жооптуу жактардын коомдук коопсуздукту камсыз кылуу эрежелерин бузуусу, –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

139-берене. Тынч чогулуштарды өткөрүү тартибин бузуу

 

Тынч чогулуштарды өткөрүүнүн мыйзамда белгиленген тартибин бузуу, –

30 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

140-берене. Журналисттин мыйзамдуу кесиптик ишине тоскоолдук кылуу

 

Маалыматты жайылтууга, же болбосо жайылтуудан баш тартууга мажбурлоо жолу менен журналисттин мыйзамдуу кесиптик ишине тоскоолдук кылуу –

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

141-берене. Абийир жана дин тутуу эркиндигине укугун жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу

 

1. Диний уюмдардын ишине же диний жөрөлгөлөрдү жасоого мыйзамсыз тоскоолдук кылуу –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары тарабынан жасалган ошол эле жосун, –

кызмат адамдарына 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

142-берене. Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө мыйзамдарды бузуу

 

1. Диний билим берүү тартибин регламенттеген ченемдерди бузуу, –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Диний уюмдардын же алардын өкүлдөрүнүн мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ишине кийлигишүүсү, –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Диний мүнөздөгү адабияттарды, басылма же аудио жана видео материалдарды коомдук жайларда, ошондой эле турак жайларды, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерди кыдыруу жолу менен жайылтуу –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4. Диний ишти дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында каттоосуз жүзөгө ашыруусу, –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

143-берене. Өрт коопсуздугу эрежелерин бузуу

 

Өрт коопсуздугу эрежелерин бузуу, –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

18-глава. Өндүрүш жана курулуш коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө башкаруу тартибине каршы укук бузуулар

 

144-берене. Долбоорлоо жана куруу эрежелерин бузуу

 

1. Имараттарды жана курулмаларды долбоорлоодо, курууда техникалык регламенттердин, курулуш ченемдеринин, эрежелеринин жана стандарттарынын, ошондой эле алар менен өз ара байланышкан башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 2000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Курулуш объектин жайгаштыруу менен байланыштуу шаар куруу документтерин ишке ашырууда техникалык регламенттерди, курулуш ченемдерин, эрежелерин жана стандарттарын, ошондой эле алар менен өз ара байланышкан башка ченемдик укуктук актыларды бузуу, –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 2000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Эксплуатациялоо процессинде имараттардын жана курулмалардын, анын ичинде көп батирлүү турак үйлөрдөгү жайлардын архитектуралык түрүн өзгөртүү тартибин бузуу, аларды мыйзамсыз кайрадан жабдуу, кайра профилдөө жана кайра конструкциялоо –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4. Курулуш материалдарын, буюмдарын же конструкцияларды өндүрүүдө, сатууда, ташууда же болбосо курулушта колдонууда техникалык регламенттердин, стандарттардын талаптарын бузуу –

жеке жактарга 125 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

5. Курулуш объекттерин пайдаланууга берилүүчү курулуп бүткөн объекттердин шайкештигин баалоосуз эксплуатациялоо –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

145-берене. Шаар куруу жана архитектура объекти жөнүндө билип туруп жалган маалымат берүү

 

1. Шаар куруу жана архитектура объекти жөнүндө билип туруп жалган маалымат берүү, –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Шаар куруу-архитектура иши үчүн тиешелүү маалыматты берүүдөн баш тартуу –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

146-берене. Жаңыдан тургузулуп жаткан жана кайра конструкцияланып жаткан имараттардын жана курулмалардын бекемдигинин, ишенимдүүлүгүнүн, туруктуулугунун, сейсмикалык туруктуулугунун белгиленген деңгээлин жана алардын эксплуатациялык көрсөткүчтөрүн камсыз кылбоо

 

Жаңыдан тургузулуп жаткан жана кайра конструкцияланып жаткан имараттардын жана курулмалардын бекемдигинин, ишенимдүүлүгүнүн, туруктуулугунун, сейсмикалык туруктуулугунун белгиленген деңгээлин жана алардын эксплуатациялык көрсөткүчтөрүн камсыз кылбоо –

жеке жактарга 125 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

147-берене. Объекттердин курулушуна автордук жана техникалык көзөмөл жүргүзүүдө мыйзамдардын талаптарын бузуу

 

1. Автордук жана техникалык көзөмөл жүргүзүүдө мыйзамдардын талаптарын бузуу, ошого тете ченемдерди бузуу менен аткарылган иштердин шайкештигин ырастоо, –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Жаза чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалган ошол эле жосундар, –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

148-берене. Объектти жана курулманы долбоорлоодо, курууда, кайра конструкциялоодо, эксплуатациялоодо, ошондой эле жаңы технологияларды пайдаланууда санитардык ченемдерди бузуу

 

Объекти жана курулманы долбоорлоодо, курууда, кайра конструкциялоодо, объектти эксплуатациялоодо, ошондой эле жаңы технологияларды пайдаланууда санитардык ченемдерди бузуу –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

149-берене. Бөлүнүп берилген же бекитилген жер участогун өзүм билемдик менен кеңейтүү

 

Бөлүнүп берилген же бекитилген жер участогун өзүм билемдик менен кеңейтүү, –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

19-глава. Аба транспортунун кыймылынын коопсуздугун жана аны эксплуатациялоону камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине

каршы укук бузуулар

 

150-берене. Аба мейкиндигин пайдалануу эрежелерин бузуу

 

Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануунун, атап айтканда: аба кемелеринин, учкучу жок аба кемелеринин учууларынын, ракеталарды атуунун, ок атуунун, жардыруу иштерин жана Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануу менен байланышкан иштин башка түрлөрүнүн тартибин бузуу, ал төмөнкүдөй түрдө жасалса:

1) ишти учуу планын көрсөтпөстөн (кабарлабай туруп контролдонбогон аба мейкиндигинен учууда), учууну аткарууга уруксатсыз жүзөгө ашыруу, аба кемелеринин учуу коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү ишти уруксатсыз жүзөгө ашыруу;

2) аба кемелеринин Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануудагы тыюу салууларды жана чектөөлөрдү сактабоосу;

3) Кыргыз Республикасынын коргоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын уруксаты жок аба кемесинин тыюу салынган зонанын, учуу чектелген зонанын аймагынын үстүнөн учуп өтүшү же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кесип өтүү эрежелерин бузуу;

4) учуу коопсуздугуна коркунуч келтирилген учурларды жана авиациялык кырсыктын алдын алуу учурларын кошпогондо, аба кемелеринин тигинен, капталдан узунунан кеткен эшелондошууну сактабагандыгы, белгиленген ченемдерден ашкан аралыкта аба кыймылын тейлөөчү аба трассаларынан жана каттамдарынан четтөөсү;

5) учуу коопсуздугуна коркунуч келтирилген жана авиациялык кырсыктын алдын алуу учурларын кошпогондо, аба мейкиндигин пайдалануучулардын аба кыймылын тейлөө органдарынын командаларын аткарбоосу, –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

151-берене. Учууну аткаруу эрежелерин бузуу

 

1. Учууну аткаруу ченемдерин, эрежелерин жана жол-жоболорун бузуу же аткарбоо, анын ичинде учууну жүргүзүүгө карата жалпы талаптарды бузуу, –

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Жарандык авиация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана авиация техникасын өндүрүүчүлөрдүн учуу коопсуздугуна коркунуч алып келүүчү буйруктарынын, инспектордук жазма буйруктарынын, учуу жарактуулугунун директивасынын талаптарын аткарбоо, –

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Коркунучтуу жүктөрдү аба аркылуу ташуу эрежелерин бузуу же аткарбоо, –

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

152-берене. Авиациялык электр байланышын пайдалануу эрежелерин бузуу

 

Авиациялык электр байланышын пайдалануу эрежелерин, анын ичинде байланышты түзүү жана жүргүзүү эрежелерин, авиациялык электр байланыш каражаттарын пайдалануу тартибин бузуу, ошондой эле ага тоскоолдуктарды түзүү; учууларды радиотехникалык камсыз кылуу каражаттарын эксплуатациялоонун техникалык эрежелерин бузуу; учууларды радиотехникалык камсыз кылуу каражаттарын жер үстүндө жана учууда текшерүүнү уюштурууну жана жүргүзүүнү бузуу –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

153-берене. Авиациялык коопсуздук эрежелерин бузуу

 

1. Авиациялык коопсуздук ченемдерин, эрежелерин же жол-жоболорун бузуу же аткарбай коюу, –

1) контролдонуучу зонага же жарандык авиация уюмунун баруу чектелген корголуучу зонасына адамдардын жана автотранспорт каражаттарынын санкциясыз кирүүсү;

2) аэродромдун, вертодромдун иштеп жаткан аймагындагы, анын ичинде контролдонуучу зонада же баруу чектелген кайтарылуучу зонада коомдук тартиптин жана авиациялык коопсуздукка жана учуулардын коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү жүрүм-турум эрежелери адамдар тарабынан бузулганда;

3) адамдардын контролдонуучу зонада же баруу чектелген кайтарылуучу зонада өткөрмөлөрдү, анын ичинде транспорт каражаттарына өткөрмөлөрдү талаптагыдай пайдаланбоосу;

4) аэропорттун (аэродромдун, вертодромдун), аба кемелеринин эксплуатанттарынын, анын ичинде чет элдик авиаташуучулардын, май куюучу уюмдардын, жүк терминалдарынын, тез тамактануу цехтеринин, жерде тейлөөчү кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткирүүчүлөрүнүн, аэронавигациялык каражаттарды тейлөө органынын аэронавигациялык каражаттарды жеткирүүчүлөрдүн, контролдонуучу жана корголуучу зоналарда кызмат көрсөтүүчү уюмдардын (алымсыз соода дүкөндөрүнүн, коомдук тамактануу ишканаларынын ж.б.), авиациялык коопсуздук программаларынын жоктугу, жаңыртылбашы же аткарбоосу, –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Контролдонуучу зонаны же баруу чектелген корголуучу зонаны тосмолоону күтүү боюнча чараларды көрбөө –

жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 450 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Жарандык аба кемесинин бортуна текшерүүдөн өтпөгөн адамдардын, кол жүгүнүн же багаждын, жүктүн, почтанын, борт запастарынын, же болбосо жарандык аба кемелери менен ташууга тыюу салынган предметтердин же заттардын өтүп кетишине жол бербөө боюнча чараларды көрбөй коюу, –

юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4. Жарандык аба кемесинин бортуна текшерүүдөн өтпөгөн адамдарды, кол жүгүн же багажды, жүктү, почтаны, борт запастарын, же болбосо жарандык аба кемелери менен ташууга тыюу салынган предметтерди же заттарды жеткирүү же жеткирүүгө көмөктөшүү, –

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

154-берене. Аба ташуулары чөйрөсүндө ташуучунун жарандык жоопкерчилигин камсыздандыруу жѳнүндѳ мыйзамдардын талаптарын бузуу

 

Аба ташууларды жүргүзүүдө «Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана «Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу же аткарбоо –

юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

155-берене. Аба кемелерин тейлөөдө жана аэродромду эксплуатациялык күтүүдө транспорт каражаттарынын айдоочуларынын атайын автотранспорттун жана механизация каражаттарынын кыймылын жана иштешин уюштуруу боюнча талаптарды сактабоосу же бузуусу

 

Техникалык жана коммерциялык тейлөөдө аба кемелерине атайын унаалар менен келүү (кетүү) эрежелерин бузуу; аба кемелерин буксирлөө эрежелерин уюштуруу эрежелерин бузуу; транспорт каражаттарынын айдоочуларынын аба кемелерин тейлөөдө жана аэродромду эксплуатациялык күтүүдө белгиленген кыймылдын ылдамдыгын бузуусу; транспорт каражаттарынын айдоочуларынын аэродромдун, перрондун аймагында же аба кемелерин тейлөө занасында белгиленген кыймылдын ылдамдыгын ашыруусу –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

156-берене. Аба кемелерин кайтаруу эрежелерин бузуу

 

Аба кемелерин же контролдонуучу зонада же баруу чектелген кайтарылуучу зонада объекттерди коргоо эрежелерин бузуу –

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

157-берене. Аэродромго жанаша аймакта курулуш эрежелерин бузуу

 

Аба кемелеринин учуусу үчүн коркунучтуу объекттерди аэродромго жанаша аймакта куруу же жайгаштыруу эрежелерин бузуу, –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

158-берене. Аэродромду, вертодромду, кондуруу аянтчаларын эксплуатациялоо шарттарын бузуу

 

Аэродромду, вертодромду, кондуруу аянтчаларын пайдалануунун шарттарын бузуу, –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

159-берене. Аэродромдун аймагында канаттуулардын жана жаныбарлардын жалпы топтолгон уяларын жайгаштырууну жана пайдаланууну бузуу

 

Аэродромдун аймагында канаттуулардын жана жаныбарлардын жалпы топтолгон уяларын жайгаштырууну жана пайдаланууну бузуу, –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

160-берене. Лазердик, жарык берүүчү, прожектордук жана радио нурдануучу каражаттарды пайдалануу эрежелерин бузуу

 

Лазердик, жарык берүүчү, прожектордук жана радио нурдануучу каражаттарды пайдалануу эрежелерин бузуу, –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

161-берене. Авиациялык күйүүчү-майлоочу материалдарды жана атайын суюктуктарды кабыл алуу, сактоо, май куюуга берүүгө даярдоо жана алардын сапатын контролдоо эрежелерин бузуу

 

Авиациялык күйүүчү-майлоочу материалдарды жана атайын суюктуктарды кабыл алуу, сактоо, май куюуга берүүгө даярдоо жана алардын сапатын контролдоо эрежелерин бузуу –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

162-берене. Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясын авиаотун менен камсыз кылуу уюмдарына карата сертификаттык талаптарды бузуу

 

Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясын авиаотун менен камсыз кылуу уюмдарына карата сертификаттык талаптарды бузуу –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

163-берене. Авиациялык персоналдын иштөөсүнө жол берүү тартибин бузуу

 

Авиациялык же тейлөөчү персоналдын иштөөсүнө жол берүү тартибин бузуу –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

164-берене. Аба кемелерин кароо жүргүзүү эрежелерин бузуу

 

Жарандык авиациянын аба кемелерин учуу алдында же учуудан кийин кароо жүргүзүү эрежелерин бузуу –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

165-берене. Жарандык аба кемесинде жүрүм-турум эрежелерин бузуу

 

Жарандык аба кемесинде жүргөн адамдардын аба кемесинин экипажынын буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн, анын ичинде сүрөткө, киного тартуу жана видеого тартуу эрежелерин аткарбоосу, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

20-глава. Суу транспортунун кыймылынын жана аны эксплуатациялоонун коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине

 каршы укук бузуулар

 

166-берене. Кемени сүзүүгө чыгаруу эрежелерин бузуу

 

Суу же дарыя кемесин сүзүүгө чыгаруу (багыттоо) эрежелерин бузуу, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

167-берене. Кемелерди пайдалануу эрежелерин бузуу

 

1. Эксплуатациялоого тыюу салынган кемени башкаруу же аны жүктөө, жабдуу, жүргүнчүлөрдү батыштыруу эрежелерин же сүзүү шарттарына карата чектөөлөрдү бузуу менен айдоо –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Бул кемени башкарууга укугу жок адамдын кемени айдоосу же мындай кемени башкарууга укугу жок адамга айдаганга берүү, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Кемени айдоочунун кемени пайдалануунун башка эрежелерин бузуусу, –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

168-берене. Кемелердин маневр жасоо эрежелерин бузуу

 

Кемелердин маневр жасоо эрежелерин бузуу, –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

169-берене. Мас абалындагы айдоочуларга кеме айдоого жол берүү

 

Алкоголдук, баңгизаттык, же башкача мас абалындагы кеме айдоочунун же башка адамдын, же белгиленген мөөнөттө медициналык кароодон өтпөгөн адамдын кеме айдоосуна жол берүү, –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

170-берене. Чакан көлөмдүү кемелердин кыймылынын эрежелерин бузуу

 

Кеме айдоочулардын чакан кемелердин кыймылынын эрежелерин бузуусу –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

171-берене. Суу транспортунда кыймылдын коопсуздук эрежелерин бузуу

 

1. Жүргүнчүлөрдү суу транспорту менен ташууда «Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу же аткарбоо –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Порттогу сууларда кемелердин кыймылы же токтоп туруу эрежелерин, кемелердеги жүргүнчүлөрдүн коопсуздук эрежелерин бузуу –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

172-берене. Кемелерди каттоо тартибин бузуу

 

Кемелерди милдеттүү каттоо тартибин бузуу, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

173-берене. Кемелерди эксплуатациялоо эрежелерин бузуу

 

1. Суу транспортунда жүктөрдү ташуу эрежелерин бузуу –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Навигациялык жабдуу, байланыш, сигнал берүү каражаттарын, же башка гидротехникалык курулмаларды эксплуатациялоо же алардын иштөө режиминин эрежелерин бузуу –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

174-берене. Кемелердеги радиоорнотмолорду пайдалануу эрежелерин бузуу

 

Кемелердеги радиоорнотмолорду пайдалануу эрежелерин бузуу –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

175-берене. Кемелердин токтоп туруусу үчүн базаларды (курулмаларды) күтүү эрежелерин бузуу

 

Кемелердин токтоп туруусу үчүн базаларды (курулмаларды) күтүү эрежелерин бузуу, –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

176-берене. Суудагы иштерди жүргүзүүнүн коопсуздук эрежелерин бузуу

 

Сууда суучулдук жана башка иштерди жүргүзүү эрежелерин бузуу –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

21-глава. Автомототранспорт жана электротранспорт кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы укук бузуулар

 

177-берене. Жол курулмаларын бузуу

 

1. Жолду, көчөнү, темир жол өткөөлүн же башка жол курулмаларын же болбосо жол кыймылын уюштуруунун техникалык каражаттарын бузуу –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Курулуш аянтчаларынан кеткен көчөнүн же жолдун өтүүчү бөлүгүн булгоонун алдын алууга карата чараларды көрбөө, жолдун өтүүчү бөлүгүндөгү оңдоо-курулуш иштеринин натыйжасында бузулган жолдун же көчөнүн элементтерин калыбына келтирүү эрежелерин бузуу жол кыймылынын коопсуздугуна коркунуч келтирсе, –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

178-берене. Автомобиль жолдорун, көчөлөрдү, темир жол өткөөлдөрүн жана башка жол курулмаларын күтүү эрежелерин бузуу

 

1. Калктуу конуштардагы жолдордо жумуштарды жүргүзүү, жолдорду, темир жол өткөөлдөрүн жана жол курулмаларын күтүү боюнча талаптарды, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу эрежелеринде белгиленген башка талаптарды аткарбоо, –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, жабыр тарткан жактын саламаттыгына жеңил зыян келтирүү, транспорт каражатын, жүктөрдү, жолдорду, жолдогу жана башка курулмаларды же башка мүлктү бузуу менен жол-транспорт кырсыгына алып келген аракет, –

жеке жактарга 125 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Жолдордо жана башка жол курулмаларында уруксат документтери жок оңдоо-өндүрүш иштерин жүргүзүү –

жеке жактарга 125 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

179-берене. Автомобиль жолдорунун бөлүү тилкесин сактоо эрежелерин бузуу

 

1. Жол жээгиндеги тилкелерде тиешелүү органдар менен макулдашпастан, соода түйүндөрүн, тамактануу пункттарын, сервистерди же жарнама такталарын, паннолорду, афишаларды, транспаранттарды, көрнөктөрдү, плакаттарды, белгилерди, көрсөткүчтөрдү куруу же уюштуруу –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Автомобиль жолуна бөлүнгөн тилкедеги участокту айдоо, тигилген бак-дарактарды кыюу же сындыруу, чымдарды же кыртышты оюп алуу, чоң жолго кошулуучу жолдорду өзү билемдик менен куруу же бөлүүчү тилкени бузуу, канализациялык, өнөр жайлык, мелиорациялык сууларды жана агынды сууларды суу бургуч курулмаларга жана резервдерге агызуу, –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

180-берене. Жолдун жүрүүчү бөлүгүндө жайгашкан кароочу кудуктарды, жер алдындагы коммуникацияларды күтүү эрежелерин бузуу

 

1. Жолдун жүрүүчү бөлүгүндө жайгашкан кароочу кудуктарды, жер алдындагы коммуникацияларды күтүүнүн эрежелерин бузуу, ага тете жолдун үстүңкү бетине суунун, техникалык суюктуктардын, буунун чыгышына жана ушул себептен улам жол бетинин бузулушуна, муздун пайда болушуна, көрүүнүн чектелишине жана башка тоскоолдуктарга алып келген жер астындагы коммуникациялардын бузуктарын оңдоо үчүн чараларды көрбөө, –

юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, адамдын саламаттыгына жеңил зыян келтирүү, транспорт каражаттарын, жүктөрдү жана башка мүлктү бузуу менен жол-транспорт кырсыгына алып келген жосун, –

юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

181-берене. Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн транспорт каражаттарынын белгиленген жол берилген салмак-габариттик параметрлеринин ченемдерин сактабоо (ашыруу)

 

Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн транспорт каражаттарынын белгиленген жол берилген салмак-габариттик параметрлеринин ченемдерин сактабоо (ашыруу), –

жеке жактарга 175 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 550 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

182-берене. Транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу

 

1. Эксплуатациялоого тыюу салынган, техникалык бузуктары бар транспорт каражаттарын башкаруу, –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Ушул транспорт каражаты үчүн милдеттүү болгон техникалык кароодон өтпөгөн транспорт каражатын айдоо, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Транспорт каражатын каттоо тартибин бузуу, –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4. Транспорт каражатын мамлекеттик каттоонун номердик белгилери же анын бирөөсү жок башкаруу, ага тете мамлекеттик каттоонун номердик белгилерин (белгисин) идентификациялоого тоскоолдук жараткан же болбосо алардын түрүн өзгөртүүгө же жашырууга мүмкүндүк берген түзүлүштөрдү жана материалдарды колдонуу менен мамлекеттик каттоонун номердик белгилери бар транспорт каражатын башкаруу (идентификациялоого тоскоол болгон түзүлүштөрдү жана материалдарды жеринде жоюу учурларынан тышкары), –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

5. Номердик белгини жайгаштыруу эрежелерин бузуу –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

6. Мотошлемдерди же коопсуздук курларын пайдалануу эрежелерин бузуу, –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

7. Ыйгарым укуктуу адамдын пайдаланууга тыюу салынган техникалык бузугу бар же милдеттүү техникалык кароодон өтпөгөн, же болбосо белгиленген тартипте катталбаган транспорт каражатынын жол кыймылына катышуусуна жол берүүсү, –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

183-берене. Техникалык кароону жүргүзгөн диагностикалык борборлордун, ошондой эле автомототранспорт каражаттарын оӊдоо боюнча кызматтарды көрсөтүүчү субъекттердин жоопкерчилиги

 

1. Диагностикалык борборлордун техникалык кароо жүргүзүүдө өздөрүнүн функцияларын талаптагыдай аткарбашы, техникалык регламенттердин талаптарын сактабашы жана укукка каршы аракеттерди (аракетсиздиктерди) жасашы –

юридикалык жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын тийиштүү маалымкаты жок, жол-транспорт кырсыгына мүнөздүү бузугу бар автомототранспорт каражаттарын оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү, –

жеке жактарга 50 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

184-берене. Транспорт каражаттарын документи жок башкаруу

 

1. Адамдын транспорт каражатын тиешелүү категориядагы айдоочулук күбөлүгү же транспорт каражатын каттоочу документи жок башкаруусу, –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Жер үстүндө жүрүүчү транспорт каражатынын ээсинин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырууну ырастаган, мыйзамдарда каралган документи жок транспорт каражатын башкаруу, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Кандай болбосун транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамдын транспорт каражатын башкаруусу, же транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамга мындай транспорт каражатын башкарууга берүү, –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

Эскертүү. Бул берененин жоболору мыйзамдарда белгиленген тартипте транспорт каражатын айдоого үйрөнүү курстарынан өтүп жаткан адамдарга карата колдонулбайт.

 

185-берене. Транспорт каражатынын айдоочусунун ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин транспорт каражатын токтотуу жөнүндө талаптарын аткарбоосу

 

Транспорт каражатынын айдоочусунун ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин транспорт каражатын токтотуу жөнүндө талаптарын аткарбоосу –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

186-берене. Транспорт каражатынын айдоочусунун жараксыз айдоочулук күбөлүктү жана транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктү көрсөтүүсү

 

Транспорт каражатынын айдоочусунун жараксыз айдоочулук күбөлүктү көрсөтүүсү жана бул фактынын андан кийин да белгиленүүсү –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Транспорт каражатынын айдоочусунун транспорт каражатын каттоо (транспорт каражатын мамлекеттик каттоону убактылуу токтотуу) жөнүндө жараксыз күбөлүктү көрсөтүүсү –

жеке жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

187-берене. Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан ашуусу

 

1. Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан 10 км/сааттан көп, бирок 20 км/сааттан көп эмес ашуусу –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан 20 км/сааттан көп, бирок 40 км/сааттан көп эмес ашуусу –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан 40 км/сааттан көп, бирок 60 км/сааттан көп эмес ашуусу –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4. Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан 60 км/сааттан көп ашуусу –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

188-берене. Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу

 

1. Жол белгилеринин талаптарын, жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбоо (каршы кыймылдын тилкесине чыгуу менен озуп өтүүнү же болбосо маневр жасоо эрежелерин бузууларды кошпогондо); токтоо же токтоп туруу эрежелерин бузуу; коопсуз аралыкты, интервалды сактабоо же болбосо жолдун жүрүүчү бөлүгүндө транспорт каражаттарын жайгаштырууну бузуу же автомагистралдар боюнча жүрүү эрежелерин бузуу; светофордун тыюу салуучу сигналы же жөнгө салуучунун тыюу салуучу жаңсоосу болгондо жол белгилери же жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн чийиндери менен белгиленген стоп-линиянын алдында токтоо жөнүндө Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын аткарбоо; каршы кыймыл тилкесине чыкпай туруп кууп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузуу; тышкы жарык берүүчү приборлорду же болбосо эскертүүчү сигналдарды пайдалануу эрежелерин бузуу (бардык механикалык транспорт каражаттарына сутканын жарык убагында калктуу конуштардан тышкары жерлерде фаранын жандырылган жакын жарыгы менен жүрүү талаптарын кошпогондо) –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Өткөөлдөрдөн өтүү же светофордун тыюу салуучу сигналында же болбосо жөнгө салуучунун тыюу салуучу жаңсоосунда өтүү эрежелерин бузуу; маршруттук транспорт каражаттары үчүн тилкеде токтоо же токтоп туруу эрежелерин бузуу; айдоону үйрөтүү эрежелерин бузуу; жөө жүрүүчүнүн өткөөлдөрүнөн өтүү эрежелерин бузуу, жөө жүрүүчүнүн өткөөлдөрүндө жөө жүрүүчүгө артыкчылыктарды бербөө, ага тете тротуар менен же болбосо жөө жүрүүчүнүн же велосипед жолунда жүрүү; жүктөрдү ташуу же болбосо транспорт каражаттарын сүйрөтүү эрежелерин бузуу; айдоочунун транспорт каражатында жүрүп баратканда колдун жардамысыз сүйлөшүүгө мүмкүндүк берүүчү техникалык түзүлүштөр менен жабдылбаган байланыш каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузуу (кечиктирилгис кызматтык милдеттерин аткарган учурдагы атайын транспорт каражаттарынын айдоочуларын кошпогондо); автомобиль жолдоруна айдоочулар, жүргүнчүлөр же жол кыймылынын башка катышуучулары тарабынан таштандыларды жана башка предметтерди ыргытуу (таштап салуу, үйүп салуу, өрттөө) –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Каршы кыймыл тилкесине чыгуу менен озуп өтүү же болбосо манёвр жасоо эрежелерин бузуу; жалпы пайдалануудагы транспорт каражаттарына артыкчылык бербөө, анын ичинде жалпы пайдалануудагы транспорт каражаттарынын токтоочу жерлеринен өтүү эрежелерин бузуу; кыймылдаткычтын иштетилген газдарын чыгаруучу тутумунун үнүнүн (күрүлдөшүнүн) деңгээлин күчөтүү үчүн кайра жабдуу, ага тете жабдууларды орнотуу –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4. Атайын жарык берүүчү жана үн чыгаруучу сигналдык түзүлүштөрдү иштетүү менен жүрүп бараткан транспорт каражаттарынын кыймылына артыкчылык бербөө, –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

Эскертүү. Жол кыймылынын катышуучулары жолдун кайсы жеринде турганына, ошондой эле светофордун сигналдарынын, жол белгилеринин же болбосо жол чийиндеринин талаптарына карабастан жөнгө салуучунун сигналдарынын жана буйруктарынын талаптарына баш ийүүгө милдеттүү. Ыкчам жана атайын кызматтардын транспорт каражаттарынын айдоочулары жаркылдоочу маяктарын күйгүзүп, кечиктирилгис кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда ушул берененин талаптарын (жөнгө салуучунун сигналдарынан тышкары) аткарбашы мүмкүн. Алар кыймыл учурунда мындай артыкчылыкты өздөрүнө жол бошотулуп жаткандыгына ынанганда гана пайдалана алат.

 

189-берене. Автоээнбаштык

 

Автоээнбаштык, башкача айтканда, транспорт каражатынын айдоочусунун коомду ачыктан-ачык урматтабагынын билдирген, жол кыймылынын эрежелерин жана транспорт каражатын пайдаланууну бузуу менен коштолгон (автомобиль жарышы, белгиленбеген жерлерде ар кандай түрдөгү көрсөтмөлүү айдоо ж.б.) коомдук тартипти жана жарандардын тынчтыгын ачыктан-ачык бузган атайын аракеттери, –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

190-берене. Жөө жүрүүчүнүн, велосипедчендин, араба башкаруучунун, мал айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу

 

Жөө жүрүүчүнүн, велосипедчендин, араба башкаруучунун, мал айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу, –

эскертүүгө же жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

191-берене. Кечиктирилгис учурларда транспорт каражатын бербей коюу

 

Ички иштер органдарынын, улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерине же медициналык кызматкерге кечиктирилгис учурларда транспорт каражатын бербей коюу, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

192-берене. Жол кыймылынын башка эрежелерин бузуу

 

1. Ушул Кодексте эске алынгандарды кошпогондо, жол кыймылынын эрежелеринин башка талаптарын бузуу, –

эскертүүгө же жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Транспорт каражатынын, жүктүн, автомобиль жолунун, көчөнүн, темир жол өткөөлүнүн, жол курулмасынын же башка мүлктүн бузулушуна алып келген жол кыймылынын эрежелерин бузуу, –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Эгерде укук бузуучунун аракеттеринде кылмыштын белгилери жок болсо, адамдын ден соолугуна зыян келтирүү менен жол кыймылынын эрежелерин бузуу, –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4. Аракеттеринде кылмыштын белгилери жок болгондо, Жол кыймылынын эрежелерин бузуу менен жол-транспорт кырсыгынын катышуучу болуп саналган айдоочу кырсык болгон жерди таштап кетсе, –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

Эскертүү. Жарандык-укуктук жоопкерчилиги камсыздандырылган адам, эгерде жол-транспорт кырсыгынын катышуучусу милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарга ылайык кырсык жөнүндө биргелешип кабарлоо түзүү укугун пайдаланган шартта, транспорт каражатынын бузулуусуна алып келген бул беренеде каралган жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт.

 

193-берене. Мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу, мас абалындагы же транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамга транспорт каражатын башкарууга берүү

 

1. Алкоголь, баңгизат, психотроптук жана башка маң кылуучу заттар менен мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу, –

жеке жактарга 175 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга, же болбосо 30дан 40 саатка чейинки мөөнөткө коомдук иштерге тартууга алып келет.

2. Айдоочунун жана транспорт каражатын башкарган адамдардын белгиленген тартипке ылайык мас абалын күбөлөндүрүүдөн өтүүдөн баш тартуусу –

жеке жактарга 175 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга, же болбосо 30дан 40 саатка чейинки мөөнөткө коомдук иштерге тартууга алып келет.

3. Алкоголдук, баңгизаттык же кандай болбосун башкача мас абалындагы адамдын, же болбосо бул каражатты башкарууга укугу жок адамдын автомототранспорт каражатын башкаруусуна мындай транспорт каражатын эксплуатациялоо үчүн жооптуу адамдын жол берүүсү, буга тете автомототранспорт каражатынын айдоочусунун, же болбосо ээсинин мас абалындагы адамдын, же болбосо бул каражатты башкарууга укугу жок адамдын башкаруусуна берүүсү, –

жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жосундар адамдын ден соолугуна этиятсыздыктан залал келтирсе, эгерде укук бузуучунун аракеттеринде кылмыштын белгилери жок болсо, –

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга, же болбосо 40 саатка коомдук иштерге тартууга, же болбосо үчтөн беш суткага чейинки мөөнөткө камакка алууга алып келет.

5. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн жосун бир жылдын ичинде кайталанып жасалса, –

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга, же болбосо 40 саатка коомдук иштерге тартууга, же болбосо үчтөн беш суткага чейинки мөөнөткө камакка алууга алып келет.

 

194-берене. Ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаруу

 

1. Айдоочунун тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган же транспорт каражатынын конструкциясында каралбаган кошумча жабдуулар орнотулган транспорт каражатын башкаруусу, –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Сыртына ыкчам кызматтардын транспорт каражаттарынын атайын түстүү графикалык схемалары мыйзамсыз түшүрүлгөн же атайын үн чыгаруучу же жарык берүүчү сигналдар орнотулган транспорт каражатын башкаруу, –

жеке жактарга түшүрүлгөн түстүү графикалык схемаларды өчүрүү менен 55 эсептик көрсөткүч; юридикалык жактарга түшүрүлгөн түстүү графикалык схемаларды, жарнамаларды, жазууларды, сүрөттөрдү өчүрүү менен 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Айдоочунун маңдайкы айнеги жана (же) алдыңкы эшиктердин каптал айнектери күңүрттөлгөн, анын ичинде колго жасалган, өнөр жайлык түрдө даярдалган, же болбосо аларда пардалар пайдаланылган же айнектеринде чагылышкан күңүрттөөчү жабуусу бар транспорт каражатын башкаруусу –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

Эскертүү. Транспорт каражаттарынын айнектеринин жарык өткөрүүсү (күңүрттөлүүсү) Бажы бирлигинин Техникалык регламентинин талаптарына ылайык келүүсү керек.

Ушул ченем Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан тизмеги аныкталуучу атайын автоунааларга карата колдонулбайт.

 

195-берене. Кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин бузуу

 

1. «Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу же аткарбоо –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Айдоочунун кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин же автомобиль жолдору, көчөлөр же темир жол өткөөлдөрү аркылуу ири габариттүү же болбосо оор салмактуу транспорт каражаттарынын жүрүү эрежелерин бузуусу, –

жеке жактарга 175 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Айдоочунун ири габариттүү жана оор салмактуу жүктөрдү ташуу эрежелерин бузуусу, –

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4. Ири габариттүү жана оор салмактуу автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташыган айдоочулардын транспорт каражатын тийиштүү уруксаты жок башкаруусуна жол берүү –

жеке жактарга 175 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 550 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

196-берене. Идентификациялык номерлери каттоо документтериндеги жазууларга ылайык келбеген транспорт каражаттарын эксплуатациялоо

 

Курамдык бөлүктөрүнүн идентификациялык номерлери каттоо документтериндеги жазууларга ылайык келбеген транспорт каражаттарын эксплуатациялоо же аларды жок кылуу –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

197-берене. Транспорт каражатын жолго чыгаруу эрежелерин бузуу

 

Техникалык абалы же жабдуулары жол кыймылынын эрежелерине, жол кыймылынын коопсуздук стандарттарына же техникалык эксплуатациялоого ылайык келбеген транспорт каражаттарын жолго чыгаруу эрежелерин бузуу –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

198-берене. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу менен байланышкан автомобиль жолдорун, көчөлөрдү, темир жол өткөөлдөрүн, жол курулмаларын куруу, оңдоо жана күтүү, экплуатациялоого жаткан механикалык транспорт каражаттарын техникалык тейлөө жана оңдоо ченемдерин жана эрежелерин бузуу

 

1. Транспорт каражаттарын же алардын тетиктерин, же болбосо аларды кошумча жабдуудагы башка предметтерди оңдоодо, автомобиль жолдорун, көчөлөрдү, темир жол өткөөлдөрүн, жол курулмаларын курууда, оңдоодо же күтүүдө техникалык регламенттердин эрежелерин, ченемдерин же талаптарын бузуу –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Автомобиль жолдорунун, дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын, айыл чарба жана токой чарба тракторлорунун жана алардын чиркегичтеринин коопсуздугу боюнча техникалык регламенттердин жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу менен байланышкан талаптарын бузуу, –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Автомобиль жолдорунун, дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын, айыл чарба жана токой чарба тракторлорунун жана алардын чиркегичтеринин техникалык регламенттердин талаптарына шайкештигин баалоо боюнча эрежелерди бузуу –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

199-берене. Автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерин бузуу

 

1. Балдардын же туристтердин уюштурулган топторун ташуу эрежелерин бузуу, –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Каттамдык такси катары же шаар аралык же болбосо эл аралык жүргүнчүлөрдү ташууларда пайдаланылуучу транспорт каражаттары менен ташылуучу адамдардын санына карата талаптарды айдоочунун бузуусу, ошондой эле айдоочуда жүргүнчүлөрдү ташуу келишими, же болбосо каттамдын паспорту болбогондо –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууда «Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу же аткарбоо –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4. Айдоочулардын иштөө же эс алуу режимин бузуу –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

5. Айдоочунун ар бир кезмети сайын рейске чыгар алдындагы медициналык кароодон өтүү же рейске чыгар алдындагы транспорт каражаттарынын техникалык абалын контролдон өткөрүү бөлүгүндө жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерин бузуусу, –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

6. Жеңил таксинин айырмалоочу шарттуу белгилери жок бөлүгүндө жеңил такси менен жүргүнчүлөрдү жана жол жүктөрүн ташуу жана жеңил таксилер менен автобекеттердин жана автостанциялардын аймагынан тышкары шаар аралык жана эл аралык каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташуу (диспетчердик кызматтын тапшырыгы боюнча ташуулардан тышкары) эрежелеринин талаптарын бузуу –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

7. Кыргыз Республикасында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелеринин башка талаптарын бузуу –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

200-берене. Эл аралык автомобилдик ташуу эрежелерин бузуу

 

1. Транспорт каражаттарын каттаган мамлекетти таанытуучу белгилери жок эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашыруу, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Эл аралык автомобилдик ташууну контролдук түзүлүш (тахограф) жок, жандырылбаган же бузук тахограф менен, ага тете айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимин чагылдырган каттоо баракчаларын (тахограммдарды) жүргүзүүсүз же алар жок учурда жүзөгө ашыруу, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Эл аралык каттамда жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууда кыймылдын белгиленген каттамынан четтөө –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4. Автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү эл аралык үзгүлтүксүз эмес ташууларды жүзөгө ашырууда жүргүнчүлөрдүн тизмеси жок болсо –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

5. Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча өтүүгө уруксатсыз же атайын уруксатсыз, ташуунун түрүнө туура келбеген уруксаттар менен эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашыруу –

жеке жактарга 175 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 550 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

6. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ташуучуларын кошпогондо, ташуучунун эл аралык автомобилдик ташууларды Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан пункттардын ортосунда автомобилдик ташууну жүзөгө ашыруусу, ошого тете Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ташуучуларынын Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан пункттардын ортосунда жүктөрдү автомобилдик ташууларды жүзөгө ашыруу шарттарын сактабоо, –

жеке жактарга 175 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 550 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

7. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин транспорттук (автомобилдик) контролдоочу ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген кабарламаны аткарбастан, эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашыруу, ошондой эле кабарламада көрсөтүлгөн каттамдан четтөө, –

жеке жактарга 175 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 550 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

22-глава. Темир жол транспортун жана магистралдык өткөрүү түтүктөрүн эксплуатациялоо коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башкаруу

тартибине каршы укук бузуулар

 

201-берене. Темир жол транспортунда кыймылдын коопсуздук эрежелерин бузуу

 

1. Поезддерде жүрүү эрежелерин бузуу, башкача айтканда, поезддердин кыймылынын бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон предметтерди темир жол жолдоруна салуу (өзүм билемдик менен поезддерди зарылдыксыз токтотуу), –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Темир жол аркылуу арабанын өтүү эрежелерин бузуу жана (же) мал айдап өтүү (темир жолго жакын мал жаюу) –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Темир жол аркылуу өтүү эрежелерин бузуу (белгиленбеген жерлерде темир жол аркылуу өтүү, темир жол менен басып жүрүү) –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4. Жүргүнчүлөрдүн темир жол транспортунда тыюу салынган предметтерди ташуусу –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

5. Темир жол транспортунда кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин бузуу –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

202-берене. Магистралдык өткөрүү түтүктөрүн кайтаруу жана алардын коопсуздук эрежелерин бузуу

 

1. Магистралдык өткөрүү түтүктөрүн кайтаруу эрежелерин бузуу –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Магистралдык өткөрүү түтүктөрүнүн коопсуздук эрежелерин, анын ичинде экологиялык коопсуздук эрежелерин бузуу –

жеке жактарга 125 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

VII БӨЛҮМ

ЭКОЛОГИЯЛЫК, САНИТАРДЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК, ВЕТЕРИНАРДЫК ЖАНА ФИТОСАНИТАРДЫК, РАДИАЦИЯЛЫК КООПСУЗДУКТУ ЖАНА АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГООНУ КАМСЫЗ КЫЛУУ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ БАШКАРУУ ТАРТИБИНЕ КАРШЫ УКУК БУЗУУЛАР

 

23-глава. Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө башкаруу тартибине каршы укук бузуулар

 

203-берене. Инновациялар чөйрөсүндөгү экологиялык коопсуздук талаптарын бузуу

 

Илимий-изилдөөлөрдү жүргүзүүдө, ачылыштарды, ойлоп табууларды киргизүүдө, жаңы техниканы, импорттук жабдууларды, технологияларды же тутумдарды колдонууда экологиялык коопсуздук талаптарын бузуу –

жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 450 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

204-берене. Пестициддер жана агрохимикаттар менен операцияларды жүзөгө ашырууда экологиялык коопсуздук талаптарын бузуу

 

1. Пестициддерге жана агрохимикаттарга, аларды өндүрүү процесстерине карата талаптарды, ченемдик укуктук актыларда, анын ичинде техникалык регламенттерде белгиленген талаптарды бузуу –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Ченемдик укуктук актыларда, анын ичинде техникалык регламенттерде белгиленген пестициддерди жана агрохимикаттарды ташууга (транспорттоого), сактоого, сатууга, колдонууга, утилдештирүүгө карата талаптарды бузуу –

жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 450 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

205-берене. Пестициддерди камтуунун жол берилген деңгээли боюнча айыл чарба чийки заттарын жана азык-түлүк азыктарын жүгүртүүдөн алып салуу, утилдештирүү жана жок кылуу эрежелерин бузуу

 

Пестициддерди же агрохимикаттарды камтуунун жол берилген деңгээли боюнча талаптарга ылайык келбеген айыл чарба чийки заттарын жана тамак-аш азыктарын рынокто жүгүртүүдөн алып салуу, утилдештирүү эрежелерин бузуу –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

206-берене. Минералдык жер семирткичтер менен операцияларды жүзөгө ашырууда экологиялык коопсуздук талаптарын бузуу

 

Минералдык жер семирткичтерге, аларды өндүрүү, сактоо процесстеринде, ошондой эле аларды маркалоого жана колдонууга карата ченемдик укуктук актыларда, анын ичинде техникалык регламенттерде белгиленген талаптарды бузуу –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

207-берене. Биологиялык активдүү заттар жана биотехнология предметтери менен операцияларды жүзөгө ашырууда экологиялык коопсуздук талаптарын бузуу

 

Микроорганизмдерди, башка биологиялык активдүү заттарды же биотехнология предметтерин өндүрүүдө экологиялык коопсуздук талаптарын бузуу –

жеке жактарга 125 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

208-берене. Биологиялык активдүү заттардын жаңы штаммдарын түзүү, өндүрүү жана аларды пайдалануу эрежелерин бузуу

 

Микроорганизмдердин жана башка биологиялык активдүү заттардын жаңы штаммдарын түзүү, өндүрүү же болбосо аларды пайдалануу эрежелерин бузуу –

жеке жактарга 175 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 550 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

209-берене. Мамлекеттик экологиялык экспертизанын талаптарын аткарбоо

 

Мамлекеттик экологиялык экспертизанын талаптарын аткарбоо –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

210-берене. Кырсыктардын экологиялык кесепеттерин болтурбоо жана жоюу боюнча чараларды көрбөө

 

1. Айлана-чөйрөгө кырсыктардын же башка зыяндуу таасирдин экологиялык кесепеттерин болтурбоо же жоюу боюнча чараларды көрбөө –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Өзгөчө экологиялык кырдаал зонасында жасалган ошол эле жосун –

жеке жактарга 125 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Өзгөчө экологиялык кырдаал зонасында айлана-чөйрөнү калыбына келтирүү же жаратылыш ресурстарын кайра калыбына келтирүү боюнча милдеттүү иш-чараларды аткаруу тартибин бузуу –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

211-берене. Жаратылышты коргоо курулмаларын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу

 

Жаратылышты коргоо курулмаларын же жабдууларын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу, –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

212-берене. Калдыктарды кайра иштетүү боюнча орнотмолорду эксплуатациялоо эрежелерин бузуу

 

Калдыктарды кайра иштетүү же утилдештирүү боюнча орнотмолорду же өндүрүштүк, өнөр жай, турмуш-тиричилик же башка калдыктарын сактоо, же болбосо көмүү үчүн объекттерди эксплуатациялоо эрежелерин бузуу –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

213-берене. Калдыктардан продукция өндүрүү тартибин бузуу

 

Калдыктардан продукция өндүрүү тартибин бузуу –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

24-глава. Калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттыгын, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы укук бузуулар

 

214-берене. Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы техникалык регламенттердин, санитардык эрежелердин, гигиеналык ченемдердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу

 

1. Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы техникалык регламенттердин, санитардык эрежелердин, гигиеналык ченемдердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Адамдар узак убакыт бою, же болбосо убактылуу болуучу объекттердеги же жайлардагы абага карата жасалган ошол эле жосун –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Турак жай имараттарында, жайларда, батирлерде, үйлөрдө жана үйдүн жанындагы участоктордо санитардык-гигиеналык ченемдерди же санитардык-эпидемияга каршы ченемдерди бузуу –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуудагы жосун –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

5. Тамак-аш азыктарын же азык-түлүк чийки заттарын өндүрүүдө, жүгүртүүдө же болбосо сатууда техникалык регламенттердин талаптарын бузуу –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

215-берене. Техникалык регламенттердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык келбеген продукцияны жүгүртүү эрежелерин бузуу

 

1. Техникалык регламенттердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык келбеген продукцияларды жүгүртүүдөн алып коюу, андан ары пайдалануу тартибин бузуу –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Техникалык регламенттердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык келбеген жүгүртүүдөн алып салынган продукцияны кайра иштетүү, утилдештирүү же жок кылуу тартибин бузуу –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

216-берене. Чектөө иш-чараларынын (карантиндин) талаптарын (эрежелерин) бузуу

 

1. Өзгөчө кырдаал режиминин шарттарында чектөө иш-чараларынын (карантиндин) талаптарын (эрежелерин) бузуу –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Өзгөчө же согуштук абалдын шарттарында чектөө иш-чараларынын (карантиндин) талаптарын (эрежелерин) бузуу –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

217-берене. Химиялык продукцияларды жана материалдарды жүгүртүүдө ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу

 

Химиялык продукцияны өндүрүүдө, жүгүртүүдө, сактоодо, жок кылууда же утилдештирүүдө, химиялык заттарды же материалдарды, уулуу заттарды, биотехнологиялык продукттарды же башка биологиялык агенттерди жок кылууда же утилдештирүүдө техникалык регламенттин жана (же) башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

218-берене. Фитосанитардык чараларды аткаруу жана контролдоо эрежелерин бузуу

 

Фитосанитардык чараларды аткаруу же контролдоо эрежелерин бузуу –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

219-берене. Карантиндик зыянкечтерге каршы күрөшүү эрежелерин бузуу

 

Карантиндик зыянкечтерге, өсүмдүктөрдүн илдеттерине же отоо чөптөргө каршы күрөшүү эрежелерин бузуу –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

220-берене. Карантиндик режим зоналарынан материалдарды ташып келүү тартибин бузуу

 

Өзгөчө карантиндик режим өлкөлөрүнөн же зоналарынан материалдарды ташып келүү тартибин бузуу –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

221-берене. Өсүмдүктөрдү коргоо эрежелерин бузуу

 

Айыл чарба же башка багыттагы өсүмдүктөрдү айдоо технологиясын сактабоо, өсүмдүктөрдү экологиялык жактан негизсиз коргоо жолу менен өсүмдүктөрдү зыяндуу организмдердин тарап кетишинен коргоо эрежелерин бузуу –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

222-берене. Ветеринардык эрежелерди бузуу

 

1. Жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарынын алдын алуу жана аларды жоюу боюнча ветеринардык-санитардык эрежелерди бузуу –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Жаныбарлардын карантини боюнча эрежелерди же башка карантиндик чектөөлөрдү бузуу –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

25-глава. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы укук бузуулар

 

223-берене. Радиоактивдүү заттарды жүгүртүүдө коопсуздук талаптарын бузуу

 

1. Радиоактивдүү заттар менен иштөөдө «Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу же аткарбоо –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Радиоактивдүү заттарды казып алууда же аларды жүгүртүүдө коопсуздук талаптарын бузуу –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

224-берене. Радиоактивдүү калдыктарды жүгүртүүдө жумуштарды коопсуз жүргүзүү талаптарын бузуу

 

Радиоактивдүү калдыктарды жүгүртүүдө жумуштарды коопсуз жүргүзүү талаптарын бузуу –

жеке жактарга 125 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

225-берене. Кырсыктардын алдын алуу тартибин бузуу

 

Радиоактивдүү калдыктарды сактоочу жайларда же болбосо радиоактивдүү калдыктарды жүгүртүүгө арналган объекттерде кырсыктардын алдын алуу же алардын кесепеттерин жоюу тартибин бузуу –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

226-берене. «Кыргыз Республикасында уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу

 

«Кыргыз Республикасында уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

227-берене. Радиациялык коопсуздук зонасы режиминин талаптарын бузуу

 

Атайын белгиленген радиациялык булгануу зонасында радиациялык коопсуздук талаптарын бузуу –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

26-глава. Маалыматтык коопсуздук чөйрөсүндөгү укук бузуулар

 

228-берене. Компьютердик маалыматка укукка каршы жетүү

 

Бөтөн корголуучу компьютердик маалыматка укукка каршы жетүү, аны жок кылуу, блоктоо, модификациялоо же көчүрүү менен коштолсо –

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

27-глава. Атмосфераны, жерди, жер казынасын, сууларды, башка жаратылыш ресурстарын коргоо чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы укук бузуулар

 

229-берене. Атмосфераны коргоо боюнча талаптарды бузуу

 

Атмосферанын бузулушуна алып келген өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын, алардын өсүүсүнө түрткү берүүчүлөрдү, минералдык жер семирткичтерди же башка препараттарды жүгүртүү эрежелерин бузуу –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

230-берене. Булгоочу заттарды атмосферага чыгарууну жүзөгө ашыруу тартибин бузуу

 

Булгоочу заттарды атмосферага чыгарууну жүзөгө ашыруу тартибин бузуу –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

231-берене. Атмосфераны пайдалануу эрежелерин бузуу

 

Атмосфералык абаны негизги өндүрүштүк багыттагы чийки зат катары пайдалануу эрежелерин бузуу –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

232-берене. Атмосферанын жана атмосфералык кубулуштардын абалын жасалма өзгөртүүгө багытталган ишти жүзөгө ашыруу тартибин бузуу

 

Чарбалык максаттарда атмосферанын жана атмосфералык кубулуштардын абалын жасалма өзгөртүүгө багытталган ишти жүзөгө ашыруу тартибин бузуу –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

233-берене. Булгоочу заттарды камтуу ченемдеринен ашып кеткен транспорттук жана башка кыймылдуу каражаттарды эксплуатациялоого чыгаруу

 

Иштеп жаткан мезгилде тышка бөлүп чыгарган газында булгоочу заттардын камтылышы, же физикалык факторлордун таасиринин деңгээли белгиленген ченемдерден ашып кеткен автомобилдерди, самолетторду, кемелерди же башка кыймылдуу каражаттарды же болбосо орнотмолорду эксплуатациялоого чыгаруу –

юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

234-берене. Бөлүп чыгарууда булгоочу заттардын камтылышы ченемдерден ашып кеткен автомототранспорттук жана кыймылдуу башка каражаттарды эксплуатациялоо

 

Бөлүп чыгарууда булгоочу заттардын камтылышы белгиленген ченемдерден ашып кеткен автомототранспорттук же башка кыймылдуу каражаттарды, же болбосо орнотмолорду эксплуатациялоо –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

235-берене. Жаратылыш-корук фондунун аймактарын жана объекттерин пайдалануу тартибин бузуу

 

Жаратылыш-корук фондунун аймактарын же объекттерин пайдалануу тартибин бузуу, –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

236-берене. Сууларды булгануудан жана таштандыларга толуп бүтөлүүсүнөн коргоо боюнча талаптарды бузуу

 

Суулардын булгануусуна же таштандыга толуп, бүтөлүүсүнө алып келген таштандыларды ыргытуу белгиленген ченемдерден ашса –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

237-берене. Айыл чарба жерлерин жана башка жерлерди бузуу

 

Уулуу химикаттарды, өсүмдүктөрдүн өсүшүнө түрткү берүүчү же кооптуу башка химиялык же биологиялык заттарды сактоодо, пайдаланууда жана ташууда аларды жүгүртүү эрежелерин атайын же этиятсыздык менен бузуу –

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

238-берене. Айдоо жерлерин тепсөө

 

Айдоолорду атайын же этиятсыздык менен тепсөө, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн талаадагы жыйналган түшүмүн жок кылуу же бузуу, көчөттөрдү зыянга учуратуу –

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

239-берене. Жерлерди пайдалануу эрежелерин бузуу

 

Жерлерди пайдалануу эрежелерин, анын ичинде жерлерди пайдалануунун жаратылышты коргоо режиминин талаптарын бузуу –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

240-берене. Токой фондунун жерлерин пайдалануу тартибин бузуу

 

Мамлекеттик токой фондунун жерлерин пайдалануу тартибин бузуу –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

241-берене. Күрдүү кыртыштын катмарын алуу, сактоо жана жаткыруу шарттарын аткарбоо

 

Күрдүү кыртыштын катмарын алуу, сактоо же жаткыруу шарттарын аткарбоо –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

242-берене. Жерге жайгаштыруу эрежелерин бузуу

 

1. Жерге жайгаштыруу долбоорлорунун жоболорун бузуу –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Товардык айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү үчүн айыл чарба багытындагы жер участокторун пайдалануу тартибин бузуу –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

243-берене. Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуу

 

1. Пайдалуу кендер жаткан аянттарга курулуштарды куруу тартибин бузуу –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Пайдалуу кендер чыккан жерлерди сарамжалдуу пайдалануу талаптарын бузуу –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Маркшейдердик документтерди жоготуу –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4. Пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү эрежелерин бузуу –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

5. Мунай же газ бургулоочу скважиналарда, кен чыккан жерлерде же болбосо мунай заттарын, ууландыруучу, башка жарылгыч же уулуу заттарды ташууда өрттүн, кырсыктардын алдын алуу же аларды жоюу эрежелерин бузуу –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

6. Жер казынасын пайдалануунун атайын шарттарын бузуу –

жеке жактарга 175 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 550 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

244-берене. Жер казынасын геологиялык изилдөө боюнча иштерди жүргүзүү эрежелерин бузуу

 

Жер казынасын геологиялык изилдөө боюнча иштерди жүргүзүү эрежелерин бузуу –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

245-берене. Жаратылыш ресурстарын пайдалануу лимиттеринен ашып кетүү

 

Жаратылыш ресурстарын пайдалануу лимиттеринен ашып кетүү –

жеке жактарга 175 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 550 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

246-берене. Суу ресурстарын сактоо эрежелерин бузуу

 

Суу ресурстарын сактоо эрежелерин бузуу –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

247-берене. Суу фондунун жерлерин пайдалануу эрежелерин бузуу

 

Суу коргоо зоналарында же суу фондунун жерлеринде чарбалык иштин режимин бузуу, суу фондунун жерлерин багыты боюнча пайдаланбоо –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

248-берене. Атайын суу пайдалануу эрежелерин бузуу

 

Атайын суу пайдалануу же гидротехникалык жумуштарды жүргүзүү эрежелерин бузуу –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

249-берене. Сугат суу менен камсыз кылуу үчүн ирригациялык тутумду экплуатациялоо жана күтүү эрежелерин бузуу

 

Калктуу конуштардын ичиндеги айыл чарба багытындагы жерлерди жана башка жерлерди сугат суу менен камсыз кылуу үчүн белгилүү ирригациялык тутумду пайдалануу жана күтүү эрежелерин бузуу –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

250-берене. Суу бөлүштүрүү эрежелерин жана сууну пайдалануу эрежелерин бузуу

 

1. Калктуу конуштардын ичиндеги айыл чарба багытындагы жерлерди жана башка жерлерди сугаруу үчүн белгиленген суу бөлүштүрүү эрежелерин жана суу пайдалануу эрежелерин бузуу, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Суу пайдалануучунун калктуу конуштардын ичинде айыл чарба багытындагы жерлерди жана башка жерлерди сугаруу үчүн суу берүү кызматына өз убагында акы төлөө боюнча милдеттерди аткарбоосу жана/же акы төлөөдөн качуусу –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

251-берене. Менчигинин түрүнө карабастан жерлердеги табигый жана маданий жайыт жерлерин бузуу

 

1. Жайытты пайдаланууга ылайык эс алууга бөлүнгөн табигый жайыт жерлеринде белгиленген мөөнөттөн мурда мал жаюуну, ошондой эле тиешелүү уруксаты жок табигый жана маданий жайыттар аркылуу мал айдоону билдирген менчигинин түрүнө карабастан жерлердеги табигый жана маданий жайыт жерлерин бузуу –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Менчигинин түрүнө карабастан жерлердеги табигый жана маданий жайыттарда өсүп турган чөптөр аркылуу автомобиль, трактор, комбайн жана башка транспорт каражаттары менен өтүү –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

252-берене. Жайыттарды жана чөп чабындыларды пайдалануунун белгиленген режимин бузуу

 

Жайыттарды жана чөп чабындыларды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планында белгиленген, белгиленген тартипте кабыл алынган жана күчүнө кирген режимди бузуу –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

28-глава. Өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы укук бузуулар

 

253-берене. Өсүмдүктөрдү өрттөө тартибин бузуу

 

Өсүмдүктөрдү же анын калдыктарын өрттөө тартибин бузуу –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

254-берене. Өсүмдүктөрдүн жапайы түрлөрүнө интродукция жана акклиматташтыруу жүргүзүү тартибин бузуу

 

Өсүмдүктөрдүн жапайы түрлөрүнө интродукция жана акклиматташтыруу жүргүзүү тартибин бузуу –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

255-берене. Зоологиялык жана ботаникалык коллекцияларды түзүү жана жүгүртүү эрежелерин бузуу

 

Зоологиялык же болбосо ботаникалык коллекцияларды түзүү жана жүгүртүү эрежелерин бузуу –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

256-берене. Токойлордо өрт коопсуздугу эрежелерин бузуу

 

Токойлордо өрт коопсуздугу эрежелерин бузуу, –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

257-берене. Жаныбарлар байыр алган чөйрөнү коргоо боюнча талаптарды бузуу

 

257-берене. Жаныбарлардын жашоо чөйрөсүн коргоо боюнча талаптарды бузуу

 

1. Жаныбарлардын жашоо чөйрөсүн коргоо боюнча талаптарды, алардын көбөйүү шарттарын жана жаныбарлардын миграция жолдорун бузуу, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык корголгон же болбосо Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген жаныбарлардын түрлөрүнүн жашоо чөйрөсүнө, көбөйүү шарттарына же миграция жолдоруна карата жасалган, ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жосун –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Жаныбарларды жер которуштуруу, акклиматташтыруу же болбосо аргындаштыруу, генетикалык жактан өзгөрүлгөн организмдерди чыгаруу же пайдалануу тартибин бузуу –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4. Жапайы айбанаттардын өлүшүнүн, алардын байыр алган чөйрөсүнүн начарлашынын алдын алуу же жаныбарлар дүйнөсүнө тийгизүүчү терс таасирлерди жок кылуу эрежелерин бузуу –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

258-берене. Токойлорду калыбына келтирүү жана жакшыртуу эрежелерин бузуу

 

Токойлорду калыбына келтирүү, абалын же түрдүк курамын жакшыртуу, алардын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу же токой ресурстарын пайдалануу эрежелерин бузуу, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

259-берене. Токой үчүн пайдалуу фаунаны жок кылуу

 

Токой үчүн пайдалуу фаунаны жок кылуу, –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

260-берене. Токойду калыбына келтирүү эрежелерин бузуу

 

Токойду калыбына келтирүү жана токой чарбасын жүргүзүү эрежелерин бузуу, –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

261-берене. Мыйзамсыз аңчылык кылуу же жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин кармоо

 

1. Олуттуу эмес зыян келтирген мыйзамсыз аңчылык кылуу же жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин кармоо, анын ичинде балык же болбосо суу жаныбарларын кармоо –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Урук таштоочу жерлерде же алардын баруучу миграциялык жолдорунда жасалган ошол эле жосун –

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

Эскертүү. Ушул беренеде олуттуу эмес зыян деп укук бузуу жасалган учурда мыйзамдарда белгиленген 10дон 100гө чейинки эсептик көрсөткүч түзгөн материалдык (мүлктүк) залал эсептелет.

 

262-берене. Мыйзамсыз кармалган жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин чыгарып кетүү, ташуу, сактоо жана сатуу

 

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык корголгон, же болбосо Кыргыз Респебликасынын Кызыл китебине киргизилген мыйзамсыз кармалган жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин, ошондой эле алардын азыктарын, бөлүктөрүн, терилерин, алардан жасалган буюмдарды чыгарып кетүү, ташуу, сактоо жана сатуу –

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Мыйзамсыз кармалган балыктарды жана андан иштелип чыккан продукцияны жана уруктарды ташып кетүү, ташуу, сактоо жана сатуу –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Балыктардын өзгөчө баалуу жана эндемикалык түрлөрүнө карата жасалган ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган жосундар –

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

263-берене. Аң уулоо эрежелерин бузуу

 

Аң уулоо эрежелерин бузуу –

жеке жактарга 125 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

264-берене. Жапайы өсүмдүктөрдүн жана (же) алардын бир бөлүгүнүн жана продуктуларынын чийки заттарын сатып алуу жана сатуу тартибин бузуу

 

Жапайы өсүмдүктөрдүн дарылык, же болбосо техникалык чийки заттарын сатып алуу жана сатуу тартибин бузуу –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

265-берене. Өсүмдүктөрдү өстүрүү технологиясын бузуу

 

Зыяндуу организмдердин таралышына алып келген айыл чарба же башка багыттагы өсүмдүктөрдү өстүрүү технологиясын бузуу –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

266-берене. Балык уулоо эрежелерин бузуу

 

1. Ышкыбоздук балык уулоо эрежелерин бузуу –

эскертүүгө же жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Өнөр жайлык балык уулоо эрежелерин бузуу –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

267-берене. Балык уулоодо балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды пайдалануу

 

Балык уулоодо балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды пайдалануу –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

268-берене. Балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды алып келүү, өндүрүү, даярдоо жана сатуу

 

Балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды алып келүү, өндүрүү, даярдоо жана сатуу –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

269-берене. Суу топтоо курулмаларын эксплуатациялоо тартибин бузуу

 

Суу топтоо курулмаларын суу объекттеринде эксплуатациялоо тартибин бузуу –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

270-берене. Тоют кошумчаларын колдонуу тартибин бузуу

 

Жаныбарлар үчүн биологиялык стимуляторлорду, антибиотиктерди, гормондук жана башка препараттарды колдонуу тартибин бузуу –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

VIII БӨЛҮМ

 МЕНЧИКТИ, ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИКТИ КОРГОО ЖАНА ЧАРБАЛЫК ЖАНА КАРЖЫЛЫК ИШТЕРДИ ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ БАШКАРУУ ТАРТИБИНЕ КАРШЫ УКУК БУЗУУЛАР

 

29-глава. Менчикти коргоо чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы укук бузуулар

 

271-берене. Майда уурулук

 

Башка бирөөнүн мүлкүн майда өлчөмдө уурдоо, башкача айтканда жашыруун алып коюу, –

жеке жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга, же болбосо 20дан 30 саатка чейинки мөөнөткө коомдук иштерге тартууга алып келет.

Эскертүү. Ушул Кодекстин 271–273-беренелеринде каралган аракет, эгерде уурдап алынган мүлктүн наркы укук бузуу жасоо учуруна карата мыйзамдарда белгиленген 10 эсептик көрсөткүчтөн ашпаса, майда өлчөмдө жасалган деп таанылат.

 

272-берене. Алдоо же ишенимди кыянатттык менен пайдалануу аркылуу майда өлчөмдө мүлктүк зыян келтирүү

 

Алдоо же ишенимди кыянатттык менен пайдалануу аркылуу мүлктүн менчик ээсине же башка ээсине майда өлчөмдө мүлктүк зыян келтирүү –

200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

273-берене. Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыянга учуратуу

 

Башка бирөөнүн мүлкүн майда өлчөмдө залал келтирүү менен жок кылуу же зыянга учуратуу –

200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

30-глава. Өнөр жай коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы укук бузуулар

 

274-берене. Өнөр жай коопсуздугу жаатында кооптуу өндүрүш объекттеринде иш жүргүзүү эрежелерин белгилөөчү ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу

 

1. Өнөр жай коопсуздугу жаатында кооптуу өндүрүш объекттеринде иш жүргүзүү эрежелерин белгилөөчү ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Жаза чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалган ошол эле жосун –

жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 450 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

275-берене. Жарылгыч материалдарга тиешелүү эрежелерди бузуу

 

1. Өнөр жай тармактарында жана мамлекеттик көзөмөл органдарынын контролундагы объекттерде жарылгыч материалдарды жана пиротехникалык буюмдарды даярдоо, эсепке алуу, сатуу, ташуу, сактоо, ташып келүү, ташып кетүү, пайдалануу жана жок кылуу боюнча эрежелерди, ченемдерди жана нускамаларды бузуу –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. «Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу же аткарбоо –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

276-берене. Кооптуу өндүрүш объекттеринде лицензиясыз (уруксат) же лицензиянын (уруксат) колдонуу шарттарын бузуу (аткарбоо) менен иш жүргүзүү

 

1. Кооптууу өндүрүш объекттеринде лицензиясыз (уруксат) же лицензиянын (уруксат) колдонуу шарттарын бузуу (аткарбоо) менен иш жүргүзүү –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Жаза чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалган ошол эле жосун –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Өнөр жай коопсуздугунун экспертизасынын талаптарын аткарбоо –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

277-берене. Электр энергетикасы жөнүндө мыйзамдарды бузуу

 

1. Керектөөчүнүн электр энергиясын пайдалануу эрежелерин бузуусу, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Электр тармактарын сактоо эрежелерин бузуу –

эскертүүгө же жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Электр станцияларын же тармактарын бириккен энергетика тутумуна туташтырылган электр энергетика объекттеринин энергетикалык жабдууларын же керектөөчүлөрдүн энергетикалык жабдууларын техникалык эксплуатациялоо эрежелерин бузуу –

эскертүүгө же жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

278-берене. Жылуулук энергиясын пайдалануу эрежелерин бузуу

 

Жылуулук энергиясын пайдалануу эрежелерин бузуу –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

279-берене. Газ менен камсыз кылуу эрежелерин бузуу

 

1. Жаратылыш газын эсепке алуу түйүндөрүн орнотуу же жаратылыш газын керектөөчүлөргө аны коммерциялык эсепке алуусуз бөлүштүрүү боюнча талаптарды бузуу –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Жаратылыш газын ташуу эрежелерин бузуу –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

280-берене. Газды керектөө эрежелерин бузуу

 

Газды керектөө эрежелерин бузуу –

эскертүүгө же жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

281-берене. Электрдик жылуулук техникалык жабдууларын эксплуатациялоо тартибин бузуу

 

Электрдик жылуулук техникалык жабдууларын эксплуатациялоо тартибин бузуу –

эскертүүгө же жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

31-глава. Ишкердикти жүзөгө ашыруу, монополияга каршы жөнгө салуу жана атаандаштыкты өнүктүрүү чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине

каршы укук бузуулар

 

282-берене. Спиртти жана алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жана сатуу тартибин бузуу

 

1. Сыраны (буга алкоголсуз сыра кирбейт), алкоголдук же жеңил алкоголдук ичимдиктерди чекене сатуу боюнча чектөөлөрдү бузуу, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Спиртти жана алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жана сатуу эрежелерин бузуу –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Алкоголдук ичимдиктерди балдарга сатуу –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

283-берене. Спирт ичимдиктерин үй шартында даярдоо, сатып өткөрүү жана сактоо

 

Үй шартында спирт ичимдиктерин (көлөмүндө 40 пайыздан ашык этил спиртинин үлүшүн камтуу менен) сатып өткөрүү максатында даярдоо, сатып өткөрүү же болбосо сактоо, сатып өткөрүү максатысыз аларды жасап чыгаруу үчүн өндүрүш каражаттарын даярдоо же сактоо –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

284-берене. Ишкердикти лицензиясы жок жүзөгө ашыруу

 

Мыйзамда милдеттүү түрдө алынуусу каралган лицензиясы (уруксаты) жок ишкердикти жүзөгө ашыруу –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Лицензиялоонун талаптарын бузуу –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

285-берене. Лицензия алуу үчүн анык эмес маалыматтарды берүү

 

Ишкердиктин айрым түрлөрүн жүзөгө ашырууга лицензия (уруксат) берүүчү органга лицензия (уруксат) алуу үчүн анык эмес маалыматтарды берүү –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

286-берене. Соода эрежелерин бузуу

 

Соода, анын ичинде белгиленбеген жерлерде колдон-колго, лотоктордо, автоунааларда товарлардын бардык түрлөрү менен соода жүргүзүү эрежелерин бузуу, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

287-берене. Товар рыногунда үстөмдүк абалдан кыянаттык менен пайдалануу

 

Чарба жүргүзүүчү субъекттин (адамдар тобунун) товардык рынокто үстөмдүк абалды кыянаттык менен пайдаланышы –

юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, же болбосо укук бузуу жасалган рынокто укук бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн пайдасынын суммасынын өлчөмүнөн бирден он беш пайызга чейин, бирок укук бузуучунун бузуу мезгилиндеги бардык товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн пайдасынын суммасынын жыйынды өлчөмүнөн элүүдөн биринен ашык эмес айып пул салууга алып келет.

Эскертүү. Жүгүртүү айып пулунун суммасынын эселигин эсептөөдө ушул Кодексте жана/же көрсөтүлгөн чөйрөнү жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларда каралган жеңилдетүүчү жана оордотуучу жагдайлар эсепке алынат.

 

288-берене. Чарба жүргүзүүчү субъекттин (адамдардын тобунун) атаандаштыкты чектеген макулдашууну (картелди) түзүү же атаандаштыкты чектөөчү макулдашылган иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу

 

1. Чарба жүргүзүүчү субъекттин (адамдардын тобунун) атаандаштыкты чектеген жана монополияга каршы мыйзамдарга ылайык жол берилбеген макулдашууларды (картелдерди) түзүүсү же макулдашылган аракеттерди жүзөгө ашыруусу, ага тете атаандаштык рыногун талдоонун жыйынтыгы боюнча белгиленген мезгил үчүн тиешелүү товардык рынокто атаандаштыкты чектөөгө алып келген кандай болбосун башка макулдашууларды түзүүсү, –

юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, же болбосо укук бузуу жасалган рынокто укук бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн пайдасынын суммасынын өлчөмүнөн бирден он бешке чейин, же болбосо административдик укук бузуу жасалган рынокто укук бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алууга чыгымдарынын суммасынын өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Монополияга каршы мыйзамдарга ылайык чарба жүргүзүүчү субъекттин «вертикалдуу» макулдашууну түзүүсү же болбосо ага катышуусу –

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, кызмат адамдарына 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга – укук бузуу жасалган рынокто укук бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн пайдасынын суммасынын бир жүздүктөн баштап беш жүздүккө чейин өлчөмүндө, же болбосо укук бузуу жасалган рынокто укук бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алууга чыгымдарынын суммасынын өлчөмүндө, эгерде укук бузуу жасалган рынокто укук бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн пайдасынын суммасы, же болбосо укук бузуу жасалган рынокто укук бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алууга чыгымдарынын суммасы укук бузуучунун бардык товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн пайдасынын суммасынын биргелешкен өлчөмүнүн 75 пайызынан ашса же товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуу мыйзамдарга ылайык жөнгө салынуучу баалар (тарифтер) боюнча жүзөгө ашырылган укук бузуу жасалган рынокто, – укук бузуу жасалган рынокто укук бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн пайдасынын суммасынын эки миңдиктен баштап эки жүз миңдикке чейин өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

Эскертүү. Жүгүртүү айып пулунун суммасынын эселигин эсептөөдө ушул Кодексте жана/же укук бузуунун көрсөтүлгөн чөйрөсүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларда каралган жеңилдетүүчү жана оордотуучу жагдайлар эске алынат.

 

289-берене. Ак ниет эмес атаандаштык

 

Мыйзамдардын жоболоруна, иш жүргүзүүнүн каада-салттарына, абийирдүүлүктүн, аң сезимдүүлүктүн жана адилеттүүлүктүн талаптарына карама-каршы келген жана башка чарба жүргүзүүчү субъекттерге – атаандаштарга зыян келтириши мүмкүн болгон же келтирген, же болбосо алардын ишинин беделине зыян келтирген чарба жүргүзүүчү субъекттердин ишкердик ишке артыкчылык алууга багытталган каалаган аракеттери, –

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

290-берене. Бааларды (тарифтерди) түзүүнүн жана колдонуунун белгиленген тартибин бузуу

 

1. Мамлекет тарабынан жөнгө салынуучу бааларды (социалдык маанилүү товарларга максималдуу бааларды, табигый монополиядагы субъекттердин товарларына, жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө баалардын (тарифтердин) деңгээлин жогорулатуу, белгиленген үстөктөрдү, монополияга каршы мыйзамдар жана ички соода жөнүндө мыйзамдар менен белгиленген бааларга максималдуу үстөктөрдү жогорулатуу, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Мамлекет тарабынан жөнгө салынуучу товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө бааларды (тарифтерди) төмөндөтүү, ички соода жөнүндө мыйзамдарга ылайык белгиленген бааларга карата белгиленген минималдык үстөктөрдү төмөндөтүү, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

291-берене. Бааларды (тарифтерди) макулдашуу тартибин бузуу

 

Материалдарды макулдашууга бербөө (өз убагында бербөө), ошондой эле билип туруп жалган (такталбаган) же толук эмес маалымдамаларды (маалыматтарды) бааларды (тарифтерди) түзүүнүн жана колдонуунун белгиленген тартибин бузуу менен берүү –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

292-берене. Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга өтүнүч каттарды, билдирүүлөрдү (арыздарды) жана маалыматтарды бербөө

 

Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга өтүнүч каттарды, билдирүүлөрдү (арыздарды) бербөө, эгерде мындай өтүнүч каттарды жана билдирүүлөрдү (арыздарды) берүү монополияга каршы мыйзамдарга ылайык милдеттүү болуп саналса; билип туруп такталбаган маалыматтар камтылган өтүнүч каттарды жана билдирүүлөрдү (арыздарды) берүү, ага тете монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабына өтүнүч каттарды жана билдирүүлөрдү (арыздарды), маалыматтарды берүүнүн монополияга каршы мыйзамдарда белгиленген тартибин жана мөөнөттөрүн бузуу –

юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

293-берене. Соода ишин жүзөгө ашырууда монополияга каршы эрежелерди бузуу

 

1. Соода тармактарын уюштуруу аркылуу азык-түлүк товарларын сатуу боюнча соода ишин жүзөгө ашырган чарба жүргүзүүчү субъекттин же соода тармактарына азык-түлүк товарларын жеткирүүнү жүзөгө ашырган чарба жүргүзүүчү субъекттин Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишинде атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү боюнча ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттерден качуусу, –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Соода тармактарын уюштуруу аркылуу азык-түлүк товарларын сатуу боюнча соода ишин жүзөгө ашырган чарба жүргүзүүчү субъекттин же соода тармактарына азык-түлүк товараларын жеткирүүнү жүзөгө ашырган чарба жүргүзүүчү субъекттин басмырлоочу шарттарды түзүүсү, анын ичинде товардык рынокко жетүү же башка чарбалык субъекттердин товардык рыноктон чыгуусу үчүн тоскоолдуктарды түзүүсү, ошондой эле монополияга каршы (атаандаштык) мыйзамдарда тыюу салынган шарттарды контрагентке таңуулоо, –

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

294-берене. Монополияга каршы мыйзамдарга ылайык жол берилбеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин экономикалык ишин координациялоо

 

Жеке жана юридикалык жактардын монополияга каршы мыйзамдарга ылайык жол берилбеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин экономикалык ишин координациялоосу –

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

32-глава. Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүзөгө ашыруу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы укук бузуулар

 

295-берене. Мамлекеттик сынамдык эн белгини даярдоо же пайдалануу эрежелерин бузуу

 

Мамлекеттик сынамдык эн белгини даярдоонун же пайдалануунун эрежелерин бузуу –

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

296-берене. Баалуу металлдардан зергердик жана башка буюмдар менен операцияларды жүргүзүүдѳ мыйзамдарда белгиленген талаптарды сактабоо

 

1. Баалуу металлдардан зергердик жана башка тиричилик буюмдарын жасоодо жана оңдоодо эсепке алууну жүргүзүү боюнча мыйзамдарда белгиленген талаптарды сактабоо –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Баалуу материалдардан жана асыл таштардан буюмдарды жана сыныктарын сатууда жана сатып алууда мыйзамдарда белгиленген талаптарды сактабоо –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

297-берене. Евразия экономикалык бирлигине кирбеген өлкөлөрдөн алып келинген баалуу металлдардан зергердик жана башка буюмдарды сыноо жана эн белги салуу үчүн берүүнүн мыйзамдарда белгиленген талаптарын бузуу

 

Евразия экономикалык бирлигине кирбеген өлкөлөрдөн алып келинген баалуу металлдардан зергердик жана башка буюмдарды сыноо жана эн белги салуу үчүн берүүнүн талаптарын бузуу, –

жеке жактарга 125 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

298-берене. Жеке алтын чайкоочулардан чайкап алынган алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алуу, аларды эсепке алуу жана сатуу боюнча мыйзамдарда белгиленген талаптарды сактабоо

 

Жеке алтын чайкоочулардан чайкап алынган алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алуу, аларды эсепке алуу жана сатуу боюнча мыйзамдарда белгиленген талаптарды сактабоо –

жеке жактарга 125 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

33-глава. Финансылык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда банктык жана башка ишти жүзөгө ашыруу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине

каршы укук бузуулар

 

299-берене. Лицензиясы (күбөлүгү) жок банк операцияларын жүзөгө ашыруу

 

Мыйзамдарда белгиленген тартипте берилүүчү лицензиясы (күбөлүгү) жок банк операцияларын, анын ичинде чет өлкөлүк валюта менен алмаштыруу операцияларын жүзөгө ашыруу, –

жеке жактарга 175 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 550 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

300-берене. Банк мыйзамдарын бузуу

 

Банктардын же финансы-кредиттик мекемелердин кызмат адамы же ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган же жөнгө салынган башка жактар тарабынан банк мыйзамдарынын жоболорун бузуу, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттүү түрдө аткарылуучу жазма буйруктарын аткарбоо –

юридикалык жактарга 550 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

301-берене. Банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жалган жарнамасы

 

Эгерде мындай операциялар (кызмат көрсөтүүлөр) банктык лицензияда (күбөлүктө) каралбаса, жүргүзүлүп жаткан банктык операциялар же көрсөтүлүүчү банктык кызмат көрсөтүүлөр жана башка финансы-кредиттик кызмат көрсөтүүлөр менен операциялар тууралуу маалыматтарды ачыкка чыгаруу, ошондой эле аларды көрсөтүүнүн шарттарын анык эмес чагылдыруу –

юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

302-берене. Төлөө балансы боюнча маалыматтарды бербөө

 

1. Иш жүзүндөгү жана болжолдуу төлөө балансын түзүү үчүн көрсөткүчтөрдүн курамы боюнча маалыматты бербөө же болбосо өз убагында бербөө –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ачылган эсептерди жана салымдарды каттабоо –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

303-берене. Улуттук валютаны кабыл алуудан баш тартуу

 

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасын (банкноталарын жана тыйындарын) төлөөгө кабыл алуудан баш тартуу –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

304-берене. Улуттук валютага түшүрүлгөн сүрөттөрдү пайдалануу

 

Өзүнүн өзгөчөлүктөрү (өлчөмү, түсү, түшүрүлгөн сүрөттөрү) боюнча төлөм жүгүртүүсүндө Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын чыныгы банкноталары катары кабыл алынышы мүмкүн болгон улуттук валютанын банкноталарына (тыйындарына) түшүрүлгөн сүрөттөрдү же кандайдыр бир жарым фабрикаттарды (бир же бир нече түстөрдө) пайдалануу жана көчүрүп чыгаруу, –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

Эскертүү. Эгерде сүрөттөлүшү өтө чоңойтулган (150 пайыздан кем эмес) же өтө кичирейтилген (50 пайыздан аз) масштабда, ошондой эле жарык менен берилүүчү жарнама түрүндө берилсе, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий уруксаты жок Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын банкноталарынын (тыйындарынын) сүрөттөлүшүн бир же бир нече түстөрдө көчүрүп чыгарууга жол берилет.

 

305-берене. Банк операцияларын аткаруу тартибин бузуу

 

1. Банк операцияларынын аткаруу тартибин, мөөнөттөрүн бузуу, –

юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Банк операцияларын аткаруу тартибин бузуу, ал активдерди же кирешелерди олуттуу жоготууга же болбосо банктын төлөө жөндөмсүздүгүнүн белгилеринин келип чыгышына алып келсе, –

юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

306-берене. Валюта мыйзамдарын бузуу

 

1. Валюта баалуулуктары менен операцияларды жүзөгө ашыруу, чет өлкөлүк валюта же валюта баалуулуктарын сатуу эрежелерин бузуу –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Ыйгарым укуктуу банктардын ишеним кат боюнча жана резиденттердин эсебинен чет өлкөлүк валюталарды сатып алуу эрежелерин бузуусу –

юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

307-берене. Күрөө жөнүндө мыйзамдарды бузуу

 

Күрөөнү токтотуу жөнүндө күрөө кабарлоосуна жазууларды өз учурунда киргизбөө –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

34-глава. Эсептерди жүргүзүү, бухгалтердик эсепти жана салык салууну жүзөгө ашыруу, ошондой эле күзөт-детектив кызматы чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы укук бузуулар

 

308-берене. Салык салуудан качуу, бухгалтердик эсепти бурмалоо жана отчетторду берүү мөөнөттөрүн бузуу

 

1. Бухгалтердик эсептин жоктугу же анын бурмаланышы, же болбосо бухгалтердик жана салыктык отчетторду, баланстарды, эсептешүүлөрдү жана бюджетке салыктарды чегерүү жана төлөө менен байланышкан башка документтерди белгиленген мөөнөттөрүндө бербөө, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Пайданы, кирешени же салык салуунун башка объекттерин жашыруудан (азайтуудан) билинген салык салуудан качуу –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Нөлдүк көрсөткүчтөрү бар салыктык отчетторду берүү мөөнөттөрүн бузуу –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

309-берене. Салык кызматы органдарында катталбастан экономикалык ишти жүргүзүү

 

Салык кызматы органдарында катталбастан экономикалык ишти жүргүзүү –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

310-берене. Контрафакттык продукцияларды мыйзамсыз даярдоо

 

Сатып өткөрүү максатында чыгармалардын же фонограммалардын, компьютердик программалардын же маалыматтар базаларынын контрафакттык нускаларын мыйзамсыз даярдоо, буга тете эле аларды сатып өткөрүү же болбосо сатып өткөрүү максатында сактоо –

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

311-берене. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын тиешелүү документтерсиз алып өтүү

 

Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын тиешелүү документтерсиз алып өтүү –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

312-берене. Мурда колдонулган идентификациялоонун тиешелүү каражаттарын кайталап пайдалануу же Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына товарларды алып кирүү, ошого тете тиешелүү идентификациялоо каражаттары менен маркаланууга тийиш болгон товарларды аларга идентификациялоо каражаттарын баспастан сактоо жана сатып өткөрүү

 

Мурда колдонулган идентификациялоонун тиешелүү каражаттарын кайталап пайдалануу же Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына товарларды алып кирүү, ошого тете тиешелүү идентификациялоо каражаттары менен маркаланууга тийиш болгон товарларды аларга идентификациялоо каражаттарын баспастан сактоо жана сатып өткөрүү –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

313-берене. Алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын акциздик маркаларсыз өндүрүү, импорттоо жана сатуу

 

Алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын акциздик маркаларсыз өндүрүү, импорттоо жана сатуу, эгерде мындай укук бузуу кылмыштын белгилерин камтыбаса, –

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

314-берене. Акциздик маркаларды жасалмалоо

 

Пайдалануу максатында акциздик маркаларды жасалмалоо же болбосо мурда колдонулган акциздик маркаларды кайталап пайдалануу, буга тете эле аларды сатып өткөрүү максатында сактоо же сатып өткөрүү –

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

315-берене. Спирт ичимдиктерин жана тамеки буюмдарын минималдуу чекене баадан төмөн баада сатуу

 

Тамеки буюмдарын жана спирт ичимдиктерин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген минималдуу чекене баадан төмөн баада сатуу, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

316-берене. Мунай заттарын сатуу тартибин бузуу

 

Кыргыз Республикасында мунай заттарын ташып киргизүү, сактоо, өндүрүү жана сатуу тартибин бузуу –

жеке жактарга 125 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

317-берене. Банктык төлөм карталарын жана электрондук акчаларды пайдалануу менен операцияларды жасоо үчүн каралган жабдуулардын (программалык-техникалык түзүлүштүн) жоктугу жана накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуудан баш тартуу

 

1. Соода ишин жүзөгө ашырууда (жумуштарды аткарууда, кызмат көрсөтүүдө) банктык төлөм карталарын жана электрондук акчаларды пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алууга милдеттүү болгон сатуучуларда (аткаруучуларда) банктык төлөм карталарын жана/же электрондук акчаны пайдалануу менен төлөмдөрдү жүзөгө ашырууга багытталган жабдуулардын (программалык-аппараттык түзүлүштүн) жоктугу, –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Соода ишин жүргүзүүдө (жумуштарды аткарууда, кызмат көрсөтүүдө) банктык төлөм карталарын жана / же электрондук акчаны пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алууга милдеттүү болгон сатуучулардын (аткаруучулардын) аларды кабыл алуудан баш тартуусу, –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

318-берене. Накталай эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн белгиленген тартибин бузуу менен акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу же контролдук-кассалык машиналарды колдонбостон акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу

 

1. Накталай эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн белгиленген тартибин бузуу менен акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Контролдук-кассалык машиналарды колдонуусуз калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жаза чарасы колдонулгандан кийин кайталанып жасалса, –

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4. Сатып алуучуга (кардарга) контролдук-кассалык чекти өткөрбөө, бербөө же төлөнгөндөн аз сумманы көрсөткөн контролдук-кассалык чекти берүү, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

5. Экономикалык ишти жүргүзүү үчүн ижарага берүүчү субъекттин же базарларда (кичи базарларда) жана соода борборлорунда (үйлөрүндө) соода орундарын берүүчү субъекттин ижарачыларга контролдук-кассалык машиналардын болушу жөнүндө талаптар менен камсыз кылбоосу, –

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 10 000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

6. Ушул берененин 5-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жаза чарасы колдонулгандан кийин кайталанып жасалса, –

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 10 000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

319-берене. Контролдук-кассалык машиналарды колдонуу боюнча талаптарды бузуу менен ишти жүзөгө ашыруу

 

Салык мыйзамдарында коюлган контролдук-кассалык машиналарды колдонуу боюнча талаптарды бузуу менен ишти жүзөгө ашыруу, ага тете контролдук-кассалык машиналарды пайдалануунун типтүү эрежелерин бузуу –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

320-берене. Салык органдарынын кызматкерлерине контролдук-кассалык машиналарга жана товарларды, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнү эсепке алуунун программалык каражаттарына жеткиликтүүлүгүнө тоскоолдук кылуу

 

Салык органдарынын кызматкерлерине контролдук-кассалык машиналарга жана товарларды, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнү эсепке алуунун программалык каражаттарына жеткиликтүүлүгүнө тоскоолдук кылуу –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

321-берене. Бузук контролдук-кассалык машинаны пайдалануу

 

Бузук контролдук-кассалык машинаны пайдалануу –

эскертүүгө же жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

322-берене. Бирдиктүү салык декларациясын бербөө жана салыкты төлөбөө

 

Бирдиктүү салык декларациясын бербөө, ошого тете бирдиктүү салык декларациясын анык эмес, толук эмес же бурмаланган маалыматтар менен берүү же салыкты белгиленген мөөнөттө төлөбөө –

эскертүүгө же жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

Эскертүү. Ушул берененин колдонулушу «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык декларация тапшырууга милдеттүү жактарга жайылтылбайт.

 

323-берене. Коммерциялык, банктык сырды, салык төлөөчүнүн сырын ачыкка чыгаруу

 

Коммерциялык, банктык түзүүчү маалыматтарды же башка сырды, буга тете салык төлөөчүнүн маалыматтарынын сырын алардын ээлеринин макулдугусуз, бул сырлар кызматы же жумушу боюнча ишенип берилген же белгилүү болгон адамдын мыйзамсыз ачыкка чыгаруусу же пайдалануусу, –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

324-берене. Жалган ишкердик

 

Жалган ишкердик, башкача айтканда кирешелерди жашыруу же башка мүлктүк пайда алуу максатында уставдык ишин жүзөгө ашырууну көздөбөстөн, коммерциялык же болбосо башка уюмдарды түзүү –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

325-берене. Жекече детективдик жана күзөт кызматынын кызматчысынын ыйгарым укуктарынан аша чабуусу

 

Жекече детективдик жана күзөт кызматынын жетекчисинин же кызматчысынын ыйгарым укуктарынан аша чабуусу –

200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

35-глава. Банктык эмес финансы рыногун жөнгө салуу боюнча башкаруу тартибине каршы укук бузуулар

 

326-берене. Баалуу кагаздарды мыйзамсыз чыгаруу

 

Мыйзамда белгиленген тартипте каттоодон өтпөгөн (эмиссияларды) акцияларды, облигацияларды же башка баалуу кагаздарды чыгаруу, –

юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

327-берене. Инвесторлордун укуктарынын бузулушу

 

Эмиссиянын проспектисинде так эмес маалыматтарды же болбосо ачык сунуштарды көрсөтүү же эмиссиянын проспектисинде мыйзамда белгиленген тартипте жарыялабай туруп, баалуу кагаздарды сатуу, ага тете милдеттүү түрдө ачык болушу мыйзамдарда каралган маалыматтарды инвесторлорго бербөө, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

328-берене. Инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясынын  милдеттерин аткарбай коюшу

 

Инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясынын кызмат адамынын мыйзамдарда, үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелеринде белгиленген милдеттерин аткарбай коюусу же сактабай коюусу, –

юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

329-берене. Инвестициялык фонддун каражаттарын максатсыз пайдалануу

 

Инвестициялык фонддун тартылган акча каражаттарын максатсыз пайдалануу –

юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

330-берене. Инвестициялык фонддордун ишин чектөөнү сактабоо

 

Мыйзамдарда белгиленген чектөөлөргө карабастан, инвестициялык фонддордун иш жүргүзүүсү, –

юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

331-берене. Инвестициялык фонддун эсепке алуу боюнча талаптарды бузуусу

 

Инвестициялык фонддун мүлкүн эсепке алуу же сактоо боюнча мыйзамдардын талаптарын сактабоо, ага тете баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген мүлктү сактоо же баалуу кагаздарга укуктарды эсепке алуу тартибин бузуу, –

юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

332-берене. Күбөлүгү болбой туруп баалуу кагаздар боюнча иш жүргүзүү

 

Баалуу кагаздар менен операцияларды жүргүзүү укугун берүүчү адистин квалификациялык күбөлүгү болбостон баалуу кагаздар менен операцияларды жүргүзүү, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

333-берене. Кызматтык маалыматтарды ак ниетсиз пайдалануу

 

Эмитентке же баалуу кагаздын рыноктук наркына таасир этиши мүмкүн болгон баалуу кагаздарга тиешелүү кызматтык маалыматты эмитент жеке пайда көрүү максатында колдонушу же аны үчүнчү жактарга бериши, –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

334-берене. Анык эмес маалыматтарды берүү

 

Баалуу кагаздар рыногунун ишине контролду жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын кызмат адамына анык эмес (жалган) маалыматтарды же документтерди берүү же маалыматтарды же документтерди берүүдөн баш тартуу, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

335-берене. Баалуу кагаздарды ачык сатууну (жазылууну) өткөрүү тартибин бузуу

 

Баалуу кагаздар жөнүндө мыйзамдарда белгиленген эрежелерди же болбосо баалуу кагаздарды чыгаруу же ачык сатууну (жазылууну) өткөрүү тартибин эмитент же баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын бузуусу, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

336-берене. Кармоочунун реестрин жүргүзүү эрежелерин бузуу

 

1. Мыйзамдар менен белгилегенген документсиз баалуу кагаздар укугун эсепке алуу, анын ичинде баалуу кагаздардын кармоочуларынын реестрин, депонун эсептерин жүргүзүү жана сактоо, укуктарды каттоо (келип чыгуу, өтүү, өзгөрүү, жүктөө жана токтотуп туруу) тартибин бузуу, –

юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Аны жок кылууга, уурдоого же материалдык зыян алып келүүчү башка кесепеттерге алып келген баалуу кагаздарды кармоочулардын реестринде камтылган маалыматтарды сактоонун же иштеп чыгуунун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн чараларды көрбөө, –

юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

337-берене. Баалуу кагаздар менен операциялар боюнча кирешелер жөнүндө эсепке алуунун же отчеттуулуктун жоктугу

 

Баалуу кагаздар менен операциялар боюнча кирешелер жөнүндө эсепке алуунун же отчеттуулуктун жоктугу, же болбосо мындай отчеттуулуктун белгиленген тартибин бузуу менен жүргүзүү, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

338-берене. Маалыматтарды ачуу тартибин бузуу

 

Эмитент же кесипкөй катышуучу тарабынан баалуу кагаздар рыногундагы маалыматтарды ачуу боюнча мыйзамдарда белгиленген талаптарды сактабоо –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

339-берене. Баалуу кагаздарды ак ниетсиз жарнамалоо

 

Эгерде мындай төлөөлөр чыгаруунун шарттарында каралбаса дивиденддер, пайыздар же башка түрдөгү кирешелерге төлөмдөр түрүндө баалуу кагаздар боюнча кирешелерди ачык кепилдик кылуу, же болбосо анын наркын жогорулатуу жолу менен баалуу кагаздар боюнча болжолдонгон кирешенин өлчөмү тууралуу потенциалдуу чектелбеген инвесторлордун чөйрөсүнө чейин маалыматтарды жеткирүү, ага тете потенциалдуу инвесторлорду жаңылууга алып баруучу же алып келген баалуу кагаздарды сатып алуунун жана сатуунун колдонуудагы шарттарына тийиштүү анык эмес маалыматтарды берүү, –

юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

340-берене. Акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүү тартибин бузуу

 

Акционердик коомдун жетекчисинин акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүүнүн мыйзамда белгиленген мөөнөттөрүн же тартибин бузуусу, –

юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

341-берене. Дивиденддерди төлөө тартибин жана мөөнөттөрүн бузуу

 

Акционердик коом тарабынан дивиденддерди төлөө тартибин же мөөнөттөрүн бузуу же аларды төлөп бербөө –

юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

342-берене. Баалуу кагаздар менен операцияларды түзүү, жол-жоболоштуруу жана каттоо эрежелерин бузуу

 

Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу тарабынан баалуу кагаздар менен операцияларды түзүүнүн, жол-жоболоштуруунун жана каттоонун белгиленген эрежелерин бузуу –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

343-берене. Камсыздандыруу ишин жүзөгө ашыруу тартибин бузуу

 

1. Камсыздандыруу уюмунун финансылык туруктуулугун камсыз кылуу, камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү боюнча камсыздандыруу тарифтеринин белгиленген чектик өлчөмдөрүн сактоо боюнча талаптарды камсыздандыруучу уюмдар тарабынан бузуу же аткарбоо –

юридикалык жактарга 450 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамдарына коюлуучу квалификациялык талаптарды бузуу же сактабоо, –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу уюмдары тарабынан камсыздандыруу төлөмдөрүн (камсыздандыруу төлөмдөрүн) жүзөгө ашырбоо же өз убагында жүргүзбөө, –

юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

344-берене. Камсыздандыруучу уюмдардын милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарды бузуусу

 

Камсыздандыруу уюмдарынын милдеттүү камсыздандыруунун айрым түрлөрү жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бузуусу же аткарбоосу –

юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

345-берене. Ломбард иши жөнүндө мыйзамдарды бузуу

 

Ломбард иши жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бузуу же аткарбоо, –

юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

346-берене. Лотереялык иш жөнүндө мыйзамдарды бузуу

 

Лотереялык компаниялардын лотереялык иш жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бузуусу же аткарбоосу, –

юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

347-берене. Топтолмо пенсиялык фонддор жана пенсиялык активдерди башкаруу жөнүндө мыйзамдарды бузуу

 

Топтолмо пенсиялык фонддордун топтолмо пенсиялык фонддор жана пенсиялык активдерди башкаруу жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бузуусу же аткарбоосу –

юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

348-берене. Аудитордук иш чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуу

 

1. Аудитордун, аудитордук уюмдун жана кесиптик аудитордук бирикмелердин аудитордук иш чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуусу, –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Коомдук кызыкчылыктар субъектин, ири ишкердикти текшерүүгө жол берилген аудитордук уюм тарабынан жасалган ошол эле жосун, –

юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмесинин баштапкы эсептик документтерди, бухгалтердик эсептин каттоолорун, бухгалтердик эсептин, финансылык отчеттуулуктун жумушчу план-эсептерин жана эсеп саясатынын башка документтерин кагаз жүзүндө да, эсепке алуунун компьютерлештирилген тутумунда алып жүрүүдө да архив иши боюнча мыйзамдар, ошондой эле башка мыйзамдар менен белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө сактоо боюнча талаптарды сактабоосу, –

юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

349-берене. Аудиторлордун жана аудитордук уюмдардын аудитордук иштин чектөөлөрүн сактабоосу

 

1. Аудитордун эки же/жана андан ашык аудитордук уюмдарда эмгек жана/же жарандык-укуктук келишим боюнча ишти жүзөгө ашыруусу, –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Аудитордун жана аудитордук уюмдун аудитордук иш жөнүндө мыйзамдарда каралбаган иштин түрлөрүн жүзөгө ашыруусу, –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Аудитордук уюмдун аудитордук иш жөнүндө мыйзамдарда белгиленген талаптарга ылайык келбөөсү, –

юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4. Аудиторлордун жана аудитордук уюмдардын аудитордук иштин стандарттарын сактабоосу –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

5. Аудитордук иш жөнүндө мыйзамдарга карама-каршы келген учурларда аудитордук уюмдун же аудитордун аудитти жүргүзүүсү же аудитордук кызмат көрсөтүүсү, –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

350-берене. Милдеттүү аудит боюнча талаптарды сактабоо

 

1. Юридикалык жактын милдеттүү аудиттин натыйжалары боюнча финансылык отчеттуулуктун толук комплектин аудитордук корутунду менен бирге жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого карата талаптарды бузуусу –

юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Аудитордук иш жана бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарга ылайык милдеттүү аудиттен өтүүгө тийиш болгон аудиттен өтүүчү юридикалык жактын милдеттүү аудитти жүргүзүүдөн качышы, –

юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Коомдук кызыкчылыктын, ири ишкердиктин субъекти болуп саналган юридикалык жактын коомдук кызыкчылыктын субъекттерине аудит жүргүзүүгө жол берилген аудитордук уюмдардын милдеттүү аудит жүргүзүү жөнүндө талаптарын сактабоосу, –

юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

351-берене. Бухгалтердик эсепти жүргүзүүгө жана отчет түзүүгө карата талаптарды сактабоо

 

1. Банктык эмес финансы рыногунун субъекттеринин жана алардын жетекчилеринин баштапкы эсептик документтерди, бухгалтердик эсепти каттоолорду, бухгалтердик эсептин, финансылык отчеттуулуктун план-эсептерин жана эсеп саясатынын башка документтерин кагаз жүзүндө, ошондой эле эсепке алуунун компьютерлештирилген тутуму түрүндө архив иши боюнча мыйзамдары, ошондой эле башка мыйзамдар менен белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдүн ичинде талаптарды сактабоосу, –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Ачык кызыкчылыктын, ири жана орто ишкердиктин субъекттеринин жана алардын жетекчилеринин баштапкы эсептик документтерди, бухгалтердик эсепти каттоолорду, бухгалтердик эсептин, финансылык отчеттуулуктун план-эсептерин жана эсеп саясатынын башка документтерин кагаз жүзүндө, ошондой эле эсепке алуунун компьютерлештирилген тутуму түрүндө архив иши боюнча мыйзамдары, ошондой эле башка мыйзамдар менен белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдүн ичинде талаптарды сактабоосу, –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Коомдук кызыкчылыктын, ири жана орто ишкердиктин субьекттеринин бухгалтердик эсепти жана кассалык операцияларды жүргүзүүнү уюштуруу талаптарын сактабоосу, –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4. Коомдук кызыкчылыктын, ири жана орто ишкердиктин субъекттеринин менчигинин түрүнө карабастан Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарын сактабоосу, –

юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

352-берене. Аудитордук ишти жүзөгө ашырууда алынган купуя маалыматтарды ачыкка чыгаруу

 

Аудитордук ишти жүзөгө ашырууда алынган маалыматтарды жана документтерди ишенип берилген же кызматы же жумушу боюнча белгилүү болгон адамдын мыйзамсыз ачыкка чыгаруусу, –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

353-берене. Коомдук кызыкчылыктын субъектинин, ири жана орто ишкердиктин субъекттеринин Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийине финансылык отчеттуулукту жана аудитордук корутундуну бербөөсү

 

Коомдук кызыкчылыктын субъектинин, ири жана орто ишкердиктин субъекттеринин Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийине финансылык отчеттуулукту жана аудитордук корутундуну бербөөсү, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

36-глава. Социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы укук бузуулар

 

354-берене. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу менен байланышкан документтерди берүү жана төлөмдөрдү төлөө мөөнөттөрүн бузуу

 

Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу менен байланышкан документтерди берүү жана төлөмдөрдү төлөө мөөнөттөрүн бузуу, –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

37-глава. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы укук бузуулар

 

355-берене. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын бузуу

 

1. Ички контроль тутумун уюштуруунун талаптарын бузуу (ички контроль программасын колдонуу, тобокелдикке багытталган мамилелерди колдонуу, кардарларды талаптагыдай текшерүүнү колдонуу),-

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 550 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Юридикалык жактардын бенефициардык ээлеринин айкындуулукту камсыз кылуу боюнча талаптарды жана жогорку тобокелдиктеги коммерциялык эмес уюмдардын белгиленген талаптарын бузуусу,-

жеке жактарга 120 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 570 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Маалыматтарды жана документтерди сактоо боюнча талаптарды бузуу, –

жеке жактарга 140 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 590 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4. Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органы тарабынан суралган маалыматтарды жана документтерди берүү тартибин жана мөөнөтүн бузуу, –

жеке жактарга 160 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 610 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

5. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык контролдоого жана кабарлоого тийиш болгон операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү берүү талаптарын, тартибин жана мөөнөттөрүн бузуу, –

жеке жактарга 180 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 630 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

6. Максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу жана операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуп туруу боюнча талаптарды бузуу, –

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

7. «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында тыюу салынган аракеттерди жасоо, –

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

38-глава. Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү укук бузуулар

 

356-берене. Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуу

 

1. Сатып алуучу уюмдун кызмат адамдарынын, конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн же сатып алуучу уюмдун сатып алуулар бөлүмүнүн кызматкерлеринин 1 000 000 сомдон аз суммага пландалган сатып алуулардын жол-жоболорун жүргүзүүдө мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуусу, эгерде бул аракеттерде кылмыш жоопкерчилиги каралган аракеттин белгилери камтылбаса, –

кызмат адамдарына, жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Сатып алуучу уюмдун кызмат адамдарынын, конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн же сатып алуучу уюмдун сатып алуулар бөлүмүнүн кызматкерлеринин 1 000 000 сомдон көп, бирок 3 000 000 сомдон аз суммага пландалган сатып алуулардын жол-жоболорун жүргүзүүдө мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуусу, эгерде бул аракеттерде кылмыш жоопкерчилиги каралган аракеттердин белгилери камтылбаса, –

кызмат адамдарына, жеке жактарга 125 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Сатып алуучу уюмдун кызмат адамдарынын, конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн же сатып алуучу уюмдун сатып алуулар бөлүмүнүн кызматкерлеринин 3 000 000 сомдон көп, бирок 5 000 000 сомдон аз суммага пландалган сатып алуулардын жол-жоболорун жүргүзүүдө мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуусу, эгерде бул аракеттерде кылмыш жоопкерчилиги каралган аракеттердин белгилери камтылбаса, –

кызмат адамдарына, жеке жактарга 175 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4. Сатып алуучу уюмдун кызмат адамдарынын, конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн же сатып алуучу уюмдун сатып алуулар бөлүмүнүн кызматкерлеринин 5 000 000 сомдон көп суммага пландалган сатып алуулардын жол-жоболорун жүргүзүүдө мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуусу, эгерде бул аракеттерде кылмыш жоопкерчилиги каралган аракеттердин белгилери камтылбаса, –

кызмат адамдарына, жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

39-глава. Бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы укук бузуулар

 

357-берене. Бажы чек арасынан өткөндүгү жөнүндө кабарлабоо

 

1. Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды же болбосо транспорт каражаттарын алып чыгуу же алып келүү ниети жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органына кабарлабоо, –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Эгерде мындай кабарлоо белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын бажы органдарында катталса, Кыргыз Республикасынын бажы органына анык эмес кабарлоо, ага тете белгиленген жерге жана көрсөтүлгөн убакытта товарды же транспорт каражатын жеткирбөө, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

358-берене. Товардын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрбөө

 

1. Ташуучунун авария болгон же өзүнүн алы жеткис аракеттеринин учурунда Кыргыз Республикасынын бажы органы тарабынан белгиленген жерге жеткирүүгө кабыл алынгандардын же транзит аркылуу алынып өтүлгөн товарларды же транспорт каражаттарын сактоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрбөгөндүгү же болбосо аларды уруксат берилбеген колдонууга жол бергендиги, –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Ташуучунун авария болгон же өзүнүн алы жеткис аракеттеринин учурунда ошол иштердин жагдайлары тууралуу, Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан белгиленген жерге жеткирүүгө кабыл алынгандардын же транзит аркылуу алынып өтүлгөн товарлардын, же транспорт каражатынын жайгаштырылган орду тууралуу билдирбегендиги, же болбосо жакынкы бажы органына аларды ташып жеткирүүнү камсыз кылбагандыгы, –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

359-берене. Бажы органынын уруксаты жок товарларды берүү

 

1. Бажы контролунда турган товарды же транспорт каражатын бажы органынын уруксаты жок башка жактарга берүү (өткөрүп берүү) же болбосо аларды жоготуу, –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Бажы контролунда турган товардын же транспорт каражатынын бажылык же башка документтерин жоготуу же кабыл алынгандарды Кыргыз Республикасынын бажы органына жеткирип бербөө, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Товарды, транспорт каражатын жана алардын документтерин жеткирип берүүнүн бажы органы тарабынан белгиленген мөөнөтүн сактабоо, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4. Бажы органы тарабынан белгиленген жерге бажы контролунда турган товарды же транспорт каражатын жеткирип бербөө жана алардын документтерин тапшырбоо, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

360-берене. Пайдаланууда жана (же) тескөөдө чектелген товарларды, ошондой эле шарттуу чыгарылган товарларды жана транспорт каражаттарын пайдалануу жана (же) тескөө тартибин бузуу

 

Пайдаланууда жана (же) тескөөдө чектелген товарларды, ошондой эле шарттуу чыгарылган товарларды жана транспорт каражаттарын бажы мыйзамдарында каралгандан тышкары башка максаттарда, анын ичинде мындай жеңилдиктер берилгенге байланыштуу пайдалануу жана (же) тескөө, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

361-берене. Бажы чек арасы аркылуу өтүп жаткан транспорт каражатын токтотпоо

 

Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу өтүп жаткан транспорт каражатын же Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өтүп жаткан транспорт каражатын товар катары Кыргыз Республикасынын бажы органы аныктаган жерде токтотпоо, –

эскертүүгө же болбосо жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

362-берене. Уруксаты жок транспорт каражатын жөнөтүү

 

Токтотмодо турган ордунан Кыргыз Республикасынын бажы органынын уруксаты жок товар катары бажы контролундагы транспорт каражатын же болбосо Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу өтүп жаткан транспорт каражатын жөнөтүү, –

эскертүүгө же болбосо жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

363-берене. Бажы операцияларын жүргүзүү тартибин бузуу

 

Бажы жол-жобосуна товарларды жайгаштырууга байланыштуу бажы операцияларын жүргүзүү тартибин бузуу, башкача айтканда товарды бажы жол-жобосуна жайгаштырууга, аны өткөрүү боюнча орундарына, убактысына жана аракеттерине байланышкан бажы операцияларынын башталышы жана аякташы жөнүндө белгиленген талаптарды аткарбоо, –

эскертүүгө же болбосо жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

364-берене. Бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарлар менен укукка каршы операцияларды жүргүзүү

 

Ушул главанын башка беренелеринде каралган учурларды кошпогондо, убактылуу сактоодо турган же бажы декларациясы аяктала элек товар же транспорт каражаты менен операцияларды жүргүзүү, алардын абалын өзгөртүү, белгиленген талаптарды жана шарттарды бузуу менен аларды пайдалануу же тескөө, –

эскертүүгө, же болбосо жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

365-берене. Бажылык идентификациялоо каражаттарын өзгөртүү

 

Кыргыз Республикасынын бажылык органдары колдонгон бажы идентификациялоо каражаттарын өзгөртүү, жок кылуу, бузуу же болбосо жоготуу, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

366-берене. Товарларды декларациялоо тартибин бузуу

 

Ушул главанын башка беренелеринде каралган учурларды кошпогондо, товарды же транспорт каражатын декларациялоо тартибин бузуу, башкача айтканда декларациялоонун түрү жана орду жөнүндө белгиленген талаптарды сактабоо, декларациялоо жүргүзүүгө байланышкан (анын ичинде декларациялоо учурунда убактылуу, толук эмес же мезгилдүү бажы декларацияларын пайдалануу) жосундарды жасоо, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

367-берене. Бажы декларациясын берүү мөөнөттөрүн бузуу

 

Кыргыз Республикасынын бажы органына белгиленген мөөнөттө товарга же транспорт каражатына бажы декларациясын, ага тете бажы максаттары үчүн зарыл документтерди бербөө, –

эскертүүгө, же болбосо жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

368-берене. Бажы аймагынын чегинен тышкары чыгарып кетпөө же болбосо товарларды кайтарып бербөө

 

1. Мурда алып келинген товарды же транспорт каражатын, эгерде мындай чыгарып кетүү милдеттүү болсо, Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары чыгарып кетпөө же болбосо мурда алынып келинген товарды же транспорт каражатын, эгерде контрабанда белгилери жок болсо, белгиленген мөөнөттө мындай кайтарып берүү милдеттүү болуп саналса, Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы аймагына кайра кайтарып бербөө, –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Контрабанданын белгилери жок болгон учурда, кайра чыгарып кетүүнү же кайра алып келүүнү тастыктоо катары жасалма документтерди, анык эмес документтерди, мыйзамсыз жол менен алынган документтерди же болбосо башка товарларга жана транспорт каражаттарына тийиштүү документтерди Кыргыз Республикасынын бажы органына берүү, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

369-берене. Товарларды жок кылуу тартибин бузуу

 

Товарларды жок кылуу тартибин бузуу, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

370-берене. Бажы жол-жоболоруна жайгаштырылган товарлар менен мыйзамсыз операцияларды жүргүзүү

 

Ушул главанын башка беренелеринде каралган учурларды кошпогондо, товарлар же транспорт каражаттары менен мыйзамсыз операцияларды жүргүзүү, алардын абалын өзгөртүү, бажылык жол-жоболорду бузуу менен пайдалануу же болбосо тескөө, ага тете бажы жол-жоболорунун башка чектөөлөрүн, талаптарын же шарттарын сактабоо, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

371-берене. Товарларды бажы чек аралары аркылуу алып өтүүдө чектөөлөрдү колдонуунун тартибин сактабоо

 

Ушул главанын башка беренелеринде каралган учурларды кошпогондо, экономикалык жөнгө салуунун же болбосо башка чектөө чаралары колдонулган товарды же транспорт каражатын мындай чараларды (чектөөлөрдү) колдонуунун белгиленген тартибин бузуу менен Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек аралары аркылуу алып өтүү, –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

372-берене. Товарды же транспорт каражатын мыйзамсыз орун которуштуруу

 

1. Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу товарды же транспорт каражатын орун которуштуруу:

1) бажы контролунан кыйгап өтүү, башкача айтканда бажы органдары тарабынан белгиленген жерлерден сырткары же бажылык жол-жоболоштуруу жүргүзүүнүн белгиленген убактысынан тышкары;

2) бажы контролунан жашырынып өтүү, башкача айтканда жашыруун жайларды же болбосо товарларды таап алууну кыйындаткан башка ыкмаларды пайдалануу же бир товарды башка товардын түрүнө айландыруу менен;

3) бажы максаттары үчүн зарыл документ катары бажы органына жасалма документтерди, анык эмес документтерди, мыйзамсыз жол менен алынган документтерди, так эмес маалыматтар камтылган документтерди, же башка товарларга, же болбосо транспорт каражаттарына тийиштүү документтерди берүү, ошого тете башка товарларга же болбосо транспорт каражаттарына тийиштүү идентификациялоонун жасалма каражаттарын же болбосо идентификациялоонун анык каражаттарын пайдалануу;

4) бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүп жаткан товарды же транспорт каражатын декларациялабоо же анык эмес декларациялоо менен коштолсо, башкача айтканда бажылык максат үчүн керектүү болгон анык маалыматтарды белгиленген форма боюнча билдирбөө же болбосо товар же транспорт каражаты, алардын бажылык жол-жоболору жөнүндө же болбосо башка маалыматтарды билдирбөө, -

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Эгерде аларды ташып чыгууда ташып чыгуу (экспорттук) бажы алымдарын төлөө же болбосо тыюу салуу каралбаса, Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы аймагынан чыгарып кетүү максатында Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн же сатып алынган товарга же транспорттук каражатка карата ошол эле жосундар жасалса, –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

373-берене. Майда экономикалык контрабанда жолу менен бажы аймагына киргизилген товарларды ташуу, сактоо, сатып алуу

 

Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы аймагына билип туруп мыйзамсыз жол менен алып келинген товарлардын же транспорт каражаттарынын дүң партияларын ташуу, сактоо, сатып алуу, –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

374-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөбөө

 

Бажы төлөмдөрүн төлөбөө, эгерде аракетте да кылмыштын белгилери камтылбаса, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

375-берене. Товарларды убактылуу сактоо мөөнөттөрүн бузуу

 

Убактылуу сактоо кампасында, алуучунун кампасында жана (же) башка жерде сактоо мөөнөтү, сактоо мөөнөтүнүн чектелген мөөнөтүнөн ашып кетсе, товарларды бажылык жол-жоболоштурууга ылайык тескөөдө чыгарууну же алууну камсыз кылуу боюнча чараларды көрбөө, –

эскертүүгө же болбосо жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

376-берене. Бажы иши чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашыруу тартибин бузуу

 

1. Бажы өкүлүнүн, бажы ташуучунун, убактылуу сактоо кампасынын, эркин же бажы кампасынын, алымсыз соода дүкөнүнүн ээсинин Евразия экономикалык бирлигинин жана (же) Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарына ылайык ишти жүзөгө ашыруу шарттарын жана милдеттерин аткарбоосу, –

юридикалык жактарга 450 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор тарабынан ошол эле жосундар жасалса, –

юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

377-берене. Бажы контролунда турган товарларды жүктөө же башка операцияларды бажы органынын уруксатысыз же кабарлоосуз жасоо

 

1. Бажы контролунда турган товарларды түшүрүү, кайра жүктөө (которуп жүктөө) же башка жүк операциялары боюнча операцияларды жасоо же болбосо бажы контролунда турган ташылуучу товарларды ташуучу эл аралык жүк транспорт каражаттарын алмаштыруу, бажы органына билдирилбеген учурларда, эгерде мындай билдирүү милдеттүү болсо, –

эскертүүгө же болбосо жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Бажы контролунда турган товарларды түшүрүү, кайра жүктөө (которуп жүктөө) же башка жүк операциялары боюнча операцияларды жасоо, мындай товарлардан сынамык жана үлгү алуу, мындай товарлар турушу мүмкүн болгон жайларды же башка жерлерди ачуу, же болбосо бажы контролунда турган ташылуучу товарларды ташуучу эл аралык жүк транспорт каражаттарын алмаштыруу, бажы органына билдирилбеген учурларда, эгерде мындай билдирүү милдеттүү болсо, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

378-берене. Товарларды жана транспорт каражаттарын жана алардын документтерин бажы органына бербөө

 

Товарларды жана транспорт каражаттарын жеткирген жеринде тапшырбоо жана алардын документтерин Кыргыз Республикасынын бажы органына бербөө, –

эскертүүгө, же болбосо жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

379-берене. Бажы жол-жоболорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктабоо

 

Аяктоо талабы белгиленген бажы жол-жоболорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктабоо, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

380-берене. Бажы транзитинин тартибин сактабоо

 

Ташуучунун бажы органы белгилеген бажы транзитинин мөөнөтүн же бажы органы аныктаган товарларды ташуу, же болбосо бажы органы белгилеген жерден айырмаланган бажы контролунун зонасына товарларды жеткирүү каттамдарын бузуусу, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

40-глава. Банкроттук чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине

каршы укук бузуулар

 

381-берене. Карызкордун төлөөгө кудуретсиздигин атайылап түзүү же жогорулатуу

 

Карызкордун төлөөгө кудуретсиздигин атайылап түзүү же жогорулатуу же болбосо жеке кызыкчылык же үчүнчү жактын кызыкчылыгы үчүн карызкорго зыян келтирүү, –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

382-берене. Администратордун өз милдеттерин аткаруусуна тоскоол болуу

 

Администратордун өз милдеттерин аткаруусуна тоскоол болуу же болбосо администратордун мыйзамдуу талаптарын аткарбай коюу, –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

383-берене. Администратордун банкроттук жөнүндө мыйзамдарды бузуусу

 

1. Администратордун банкроттук жөнүндө мыйзамдарды бузуусу,-

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган аракеттер карызкорго, кредиторлорго жана башка кызыкдар жактарга 1000 жана андан ашык эсептик көрсөткүч өлчөмүндө зыян келтирүүгө алып келсе, –

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

384-берене. Банкроттук процессиндеги мыйзамсыз иш-аракеттер

 

Мүлктү же мүлктүк милдеттенмелерди, мүлк жөнүндө маалыматтарды, анын өлчөмүн, жайгашкан жерин же мүлк жөнүндө башка маалыматтарды жашыруу, мүлктү башка менчикке берүү, мүлктү ээликтен ажыратуу же жок кылуу, ага тете экономикалык ишти чагылдыруучу бухгалтердик эсепти жана башка эсептик документтерди жашыруу, жок кылуу, бурмалоо, эгерде бул аракеттер карызкор уюмдун жетекчиси же менчик ээси же жеке ишкер, администратор тарабынан банкроттук учурунда же банкротту алдын алууда жасалса, –

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

41-глава. Керектөөчүлөрдүн укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу, стандартташтыруу, метрология жана сертификаттоо чөйрөсүндөгү укук бузуулар

 

385-берене. Техникалык жөнгө салуу жаатындагы мыйзам бузуу

 

1. Техникалык регламенттерде жана ченемдик укуктук актыларда белгиленген талаптарга ылайык келбеген продукцияны жүгүртүүгө чыгаруунун тартибин бузуу, –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Техникалык регламенттерде жана ченемдик укуктук актыларда белгиленген талаптарга ылайык шайкештикти ырастаган документтерсиз продукцияны жүгүртүүгө чыгаруу менен байланышкан мыйзам бузуулар, –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Техникалык регламенттердин талаптарына ылайык келбөөсүнө алып келген продукцияны сактоо эрежелерин бузуу, –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4. Ырастоо жол-жоболорун жүргүзүү эрежелерин бузуу, милдеттүү жол-жоболорду өткөрүүсүз шайкештикти тастыктаган документтерди берүү, –

юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

5. Аккредитациялоо боюнча иштерди жүргүзүү тартибин бузуу, –

юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

6. Аккредитацияланган сыноочу лабораторияда (борбордо) сыноолорду жүргүзүү тартибин бузуу, –

юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

7. Тамак-аш эмес продукцияга таандык тобокелдиктер жөнүндө керектөөчүлөргө маалымат берүү эрежелерин бузуу, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

8. Шайкештик белгиси менен маркалоонун жоктугу, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

9. Жарактуулук мөөнөтү бүткөн товарларды сатуу,-

жеке жактарга 50 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

386-берене. Техникалык регламенттердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык келбеген продукцияларды жүгүртүү эрежелерин бузуу

 

1. Техникалык регламенттердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык келбеген продукцияларды жүгүртүүдөн алып коюу, андан ары пайдалануу тартибин бузуу, –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Техникалык регламенттердин талаптарына ылайык келбеген, жүгүртүүдөн алынган продукцияны кайра иштетүү, утилдештирүү же жок кылуу тартибин бузуу, –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

387-берене. Метрологиялык эрежелерди бузуу

 

Өлчөө каражаттарын алардын тибин бекитпестен же аларга метрологиялык аттестация жүргүзбөстөн, текшерилбеген өлчөө каражаттарын жүгүртүүгө чыгаруу, ошого тете эле өлчөө каражаттарын тиешелүү уруксаты жок даярдоо, оңдоо жана текшерүү, текшерүү ыкмаларын жана эрежелерин бузуу, –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

388-берене. Мөөрдү (пломбаны) атайын бузуу же жулуп салуу

 

Ыйгарым укуктуу кызмат адамы койгон мөөрдү (пломбаны) атайын бузуу же жулуп салуу, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

389-берене. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдорун даярдоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу

 

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдорун даярдоо эрежелерин бузуу, –

жеке жактарга 50 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

390-берене. Товарларды (жумуштарды), кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда керектөөчүлөрдүн укуктарын бузуу

 

1. Ченөөдөн, салмактоодон, эсептен алдоо, –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Тейлөө кепилдик мөөнөтүнөн, сапаты начар, ошондой эле талаптагыдай эмес сапаттагы азык-түлүк эмес товарларын окшош товарга алмаштыруудан баш тартуу же ал үчүн акча берүүдөн баш тартуу, –

жеке жактарга 50 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Товарды сатып өткөрүүдө товарга чапталган таңгакта же ярлыкта көрсөтүлгөн баалардын өлчөмүн жогорулатуу, –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4. Керектөөчүлөр үчүн товарларга (кызматтарга, жумуштарга) улуттук валютада баалар (тарифтер) жөнүндө маалыматтын жоктугу, –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

391-берене. Өлчөө техникасынын каражаттарын өндүрүү, оңдоо, сатуу жана пайдалануу тартибин бузуу

 

Өлчөө техникасынын каражаттарын өндүрүү, оңдоо, сатуу, жүгүртүү, текшерүү, калибрлештирүү же метрологиялык аттестациялоо, мамлекеттик метрологиялык көзөмөл жайылтылган чөйрөлөрдө өлчөөлөрдү же алардын натыйжаларын пайдалануу шарттарын аткаруу эрежелерин бузуу, –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

392-берене. Товарды таңгактоо эрежелерин бузуу

 

Товарды таңгактоо же таңгакталган товарды сатуу (сатып өткөрүү) эрежелерин бузуу, –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

393-берене. Жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүү эрежелерин бузуу

 

1. Жүргүнчүнү жеңилдетилген шартта ташуудан баш тартуу, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Жүргүнчүлөр үчүн зарыл маалыматтардын жоктугу бөлүгүндө жүргүнчүлөрдү ташуучу автомобиль транспортунун кызмат көрсөтүү эрежелерин бузуу, –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

394-берене. Жылуулук менен жабдуу чөйрөсүндөгү бузуу

 

1. Жылуулук энергиясы менен жабдуу тартибин бузуу, –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Жылуулук энергиясын керектөөчүнүн жылуулукту иштеп чыгуучу жабдууну жылуулук түйүнүнө кошуу тартибин бузуусу, –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

395-берене. Электр энергетикасы чөйрөсүндөгү бузуулар

 

1. Энергия берүүчүнүн алдында өзүнүн милдеттерин бузбай аткарган керектөөчүнү же энергия менен жабдуудан өчүрүп коюу тыюу салынган керектөөчүнү электр энергиясы менен камсыз кылбоо, –

юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Өзү бекитилген аймакта электр энергиясы менен жабдууну жүзөгө ашыруучу энергия берүүчүнүн электр энергиясы менен жабдуу эрежелерин бузуусу, –

юридикалык жактарга 450 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

396-берене. Энергияны үнөмдөө чөйрөсүндөгү бузуулар

 

1. Энергетикалык стандарттардын талаптарына шайкештиги бөлүгүндө өндүрүшкө жаңы технологияларды же жабдууларды киргизүү эрежелерин бузуу же объектилерди долбоорлоо, куруу же реконструкциялоо, ишке киргизүү, пайдалануу учурунда энергияны үнөмдөө талаптарын бузуу, –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Энергетикалык экспертизаны жүргүзүү же эксперттик корутундуну даярдоо тартибин бузуу же мамлекеттик энергетикалык экспертизанын талаптарын аткарбоо, –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Энергия үнөмдөөчү жабдуунун же энергияны үнөмдөө тутумунун техникалык деңгээлин колдоо же жогорулатуу эрежелерин бузуу, –

эскертүүгө же жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4. Отун-энергетикалык ресурстардын салыштырма чыгымдарынын ченемдерин белгилөө эрежелерин бузуу же мындай ченемдерден ашып кетүү, –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

42-глава. Интеллектуалдык менчик укугуна зыян келтирүүчү укук бузуулар

 

397-берене. Автордук жана чектеш укуктарды бузуу

 

Автордук укуктун, чектеш укуктардын объекттерин, электрондук-эсептөө машиналары үчүн программаларды, маалыматтар базаларын мыйзамсыз пайдалануу, ошондой эле сатуу максатында чыгармалардын, фонограммалардын, электрондук-эсептөө машиналары үчүн программалардын контрафакттык нускаларын сатып алуу, сактоо, ордун которуу же жасоо, эгерде бул аракеттерде кылмыштын белгилери камтылбаса, –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

398-берене. Патент ээсинин өзгөчө укуктарын бузуу

 

Патенттелген ойлоп табууну, пайдалуу моделди же өнөр жай үлгүсүн, селекциялык жетишкендикти автордун же арыз берүүчүнүн макулдугусуз ойлоп табуунун маани-маңызын, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн селекциялык жетишкендик жөнүндө маалыматтар расмий жарыяланганга чейин зыян келтирүү менен же киреше табуу максатында мыйзамсыз пайдалануу, эгерде бул аракеттерде кылмыштын белгилери камтылбаса, –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

399-берене. Товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) жекелештирүү каражаттарын мыйзамсыз пайдалануу

 

1. Кыргыз Республикасында катталбаган товардык белгиге карата эскертүүчү маркалоо, тейлөө белгисин же товардын чыккан жеринин аталышын мыйзамсыз пайдалануу, эгерде бул аракеттерде кылмыштын белгилери камтылбаса, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Бөтөн товардык белгини, тейлөө белгисин, товардын чыгарылган жеринин аталышын же бир түрдүү товарлар үчүн ага окшош белгилерди мыйзамсыз пайдалануу, эгерде бул аракеттерде кылмыштын белгилери камтылбаса, –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

IX БӨЛҮМ

МААЛЫМАТ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ, ГИДРОМЕТЕОРОЛОГИЯЛЫК ИШ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ, АСКЕР КООПСУЗДУГУН, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ЧЕК АРА КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗ КЫЛУУ, КООМДУК КЫЗМАТТЫН ИШИН КАМСЫЗ КЫЛУУ, СОТ АДИЛЕТТИГИН ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ БАШКАРУУ ТАРТИБИНЕ КАРШЫ УКУК БУЗУУЛАР

 

43-глава. Маалымат, статистикалык жана жарнама иши, кинематография, телекөрсөтүү, радиоуктуруу жана байланыш чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы укук бузуулар

 

400-берене. Инсандыгын ырастоочу документтерди алмаштыруу мөөнөтүн бузуу

 

Жубайлардын никеге турууда же никени бузууда фамилияларын өзгөрткөн учурда; фамилиясын, атын, атасынын атын которткондо; жарандык абалдын актыларын каттоодо өзгөртүүлөрдү жана оңдоолорду киргизүүдө инсандыгын ырастаган документтерин алмаштыруунун мөөнөтүн бузуу, –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

401-берене. Дипломатиялык жана кызматтык паспортторду берүү, пайдалануу жана кайтарып берүү эрежелерин бузуу

 

1. Дипломатиялык жана кызматтык паспортторду берүү, пайдалануу жана кайтарып берүү эрежелерин бузуу, –

жеке жактарга, кызмат адамдарына 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жаза чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, –

жеке жактарга, кызмат адамдарына 175 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

402-берене. Архивдик мыйзамдардын талаптарын бузуу

 

1. Иш кагаздарын жүргүзүү эрежелерин бузуу, –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Архивдик документтерди түзүү, эсепке алуу, сакталышын же ага адамдардын жетүүсүн камсыз кылуу эрежелерин бузуу, –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Архивдик документтерди жоготуу, бузуу же мыйзамсыз жок кылуу, –

жеке жактарга 175 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 550 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

403-берене. Жарнама жөнүндө мыйзамдарды бузуу

 

Жарнаманы тапшырык кылууда, чыгарууда жана жайылтууда жарнама жөнүндө мыйзамдарда каралган ченемдерди бузуу, –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

404-берене. Талаптагыдай эмес жана билип туруп жасалган жалган жарнама

 

Жарнама берүүчүнүн товарларга, жумуштарга же кызмат көрсөтүүлөргө, аларды өндүрүүчүлөргө же сатуучуларга карата талаптагыдай эмес же билип туруп жалган маалыматтарды таркатуусу, ошого тете милдеттүү түрдө сертификацияланууга же лицензияланууга тийиш болгон, бирок шайкештик сертификаты же лицензиясы жок продукцияны жарнамалоо, –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдалануу менен жасалган ошол эле аракеттер, –

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

405-берене. Жарнамалоо эрежелерин бузуу

 

Пиво, алкоголдук жана тамеки продукцияларын, дары-дармектерди, медициналык багыттагы буюмдарды, дарылоонун, алдын алуунун, диагностикалоонун, калыбына келтирүүнүн методдорун жарнамалоо эрежелерин бузуу, ошондой эле жарнамалоого тыюу салынган товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жарнамалоо,–

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

406-берене. Телекөрсөтүү жана радиоберүү жөнүндө мыйзамдарды бузуу

 

Телекөрсөтүү жана радиоберүү жөнүндө мыйзамдарды же телерадиоуюмдардын лицензиянын шарттарын бузуусу, –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

407-берене. Телерадиоберүү жаатындагы монополияга каршы чектөөлөрдү бузуу

 

Телекөрсөтүү жана радиоберүү чөйрөсүндөгү монополияга каршы чектөөлөрдү бузуу, –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

408-берене. Байланыш жаатындагы мыйзамдардын талаптарын бузуу

 

Байланыш жаатындагы иштин каалагандай түрүн жүзөгө ашырууга укуктарды берүү эрежелерин бузуу, –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

409-берене. Электр байланышы, маалыматтарды берүү, почта байланышы жана радиожыштык спектрин пайдалануу чөйрөсүндөгү иштин эрежелерин бузуу

 

Электр байланышы, маалыматтарды берүү, почта байланышы жана радиожыштык спектрин пайдалануу чөйрөсүндөгү иштин эрежелерин бузуу, –

юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

410-берене. Маалыматты жашыруун алууга арналган атайын техникалык каражаттарды Кыргыз Республикасына алып келүү жана (же) анын чегинен тышкары алып кетүү эрежелерин бузуу

 

Маалыматты жашыруун алууга арналган атайын техникалык каражаттарды Кыргыз Республикасына алып келүү жана (же) анын чегинен тышкары алып кетүү эрежелерин бузуу, –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

411-берене. Ыкчам издөө иш-чараларын мыйзамсыз жүргүзүү жана маалыматты жашыруун алууга арналган атайын техникалык каражаттарды сактоо

 

Мыйзам менен ыйгарым укук берилбеген жеке жана юридикалык жактардын ыкчам издөө иш-чараларын мыйзамсыз жүргүзүүсү жана маалыматты жашыруун алууга арналган атайын жана техникалык каражаттарды мыйзамсыз сактоосу, –

жеке жактарга 175 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 550 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

412-берене. Байланыш жаатындагы техникалык ченемдерди бузуу

 

Байланыш жаатындагы техникалык ченемдерди бузуу, –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

413-берене. Чубалгыларды жана байланыш курулмаларын коргоо эрежелерин бузуу

 

Чубалгыларды жана байланыш курулмаларын коргоо эрежелерин бузуу, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

44-глава. Гидрометеорологиялык иш чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы укук бузуулар

 

414-берене. Гидрометеорологиялык станциялардын сактыгын бузуу

 

Жаратылыш чөйрөсүнүн абалына байкоо жүргүзүүчү гидрометеорологиялык станциялардын же посттордун сактыгын бузуу, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

415-берене. Гидрометеорологиялык станциялардын кайтарылуучу зоналарындагы иштерди аткаруунун тартибин бузуу

 

Бардык түрдөгү гидрометеорологиялык станциялардын же посттордун кайтарылуучу зоналарындагы иштерди аткаруу тартибин бузуу, –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

416-берене. Гидрометеорологиялык станцияларды бузуу, бүлүндүрүү

 

1. Гидрометеорологиялык станцияларды, постторду, ушул объекттердеги приборлорду же жабдууларды бузуу, бүлүндүрүү, –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Гидрометеорологиялык станцияларды, постторду бүлүндүрүү, ушул объекттердеги приборлорду же жабдууларды уурдоо, эгерде бул аракетте кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралган аракеттердин белгилери камтылбаса, –

жеке жактарга 125 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

417-берене. Гидрометеорологиялык маалымат продукцияларын жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу берүү тартибин бузуу

 

Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу болжолдорду берүү тартибин бузуу, же бурмалоо же болбосо маалымат булагын көрсөтпөө же финансылык пайда алуу максатында үчүнчү жакка гидрометеорологиялык маалымат продукцияларын берүү, –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

45-глава. Аскер коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башкаруу

тартибине каршы укук бузуулар

 

418-берене. Аскердик эсепке алуу эрежелерин бузуу

 

Аскерге милдеттүү же аскерге чакырылуучу аскердик эсепке алуу эрежелерин бузуу, –

эскертүүгө же жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

419-берене. Аскердик-эсепке алуу документтерин пайдалануу эрежелерин бузуу

 

Аскердик-эсепке алуу документтерин пайдалануу эрежелерин аскерге милдеттүү же аскерге чакырылуучу тарабынан бузуусу, аларды бузууга же жоготууга алып келсе, –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

420-берене. Мобилизациялык даярдык жана мобилизациялоо жөнүндө мыйзамдардын башка талаптарын бузуу

 

Мобилизациялык даярдык жана мобилизациялоо жөнүндө мыйзамдардын башка талаптарын бузуу, –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

421-берене. Резервдегинин же аскерге милдеттүүнүн жыйынга (окууга) келүүдөн качуусу

 

1. Резервдегинин же аскерге милдеттүүнүн жыйынга (окууга) келүүдөн качуусу, –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга, же болбосо 20 дан 30 саатка чейинки мөөнөткө коомдук иштерге тартууга алып келет.

2. Атайын өзүнүн денесине жаракат келтирүү же болбосо ооруну симуляциялоо, документтерди бурмалоо же башка алдамчылык жол менен жасалган ошол эле аракет, эгерде анда кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралган аракеттин белгилери камтылбаса, –

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга же 30дан 40 саатка чейинки мөөнөткө коомдук иштерге тартууга алып келет.

 

422-берене. Аскерге чакырылуучунун же аскерге милдеттүүнүн аскердик катталуудан качуусу

 

Аскерге чакырылуучунун же аскерге милдеттүүнүн аскердик катталуудан качуусу,-

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга же 30дан 40 саатка чейинки мөөнөткө коомдук иштерге тартууга алып келет.

 

423-берене. Аскер кызматын өтөө тартибин бузуу

 

1. Аскер кызматынын милдеттерин аткаруу учурунда же аткаруу менен байланыштуу аскер кызматчысынын башка аскер кызматчысын мазактоосу, –

үч суткага чейин камакка алууга алып келет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган аракет жаза чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, –

үчтөн беш суткага чейин камакка алууну колдонууга алып келет.

3. Чакыруу же контракт боюнча тынч убакта аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматкери тарабынан бөлүктү же кызмат ордун өзү билип таштап кетүүсү, ага тете бөлүктөн бошонууда, дайындалууда, которулууда, иш сапардан келгенде, өргүүдө же дарылануу мекемесинде жүргөндө жүйөлүү себептерсиз эки суткадан ашык, бирок он суткадан көп эмес кызматка келбей коюусу, –

үчтөн беш суткага чейин камакка алууга алып келет.

4. Аскер кызматчысынын аскердик кызматынын милдеттерин алкоголдук, баңгилик же токсикалык мас абалында аткаруусу, –

үчтөн беш суткага чейин камакка алууга алып келет.

5. Баш ийбөө, башкача айтканда начальниктин буйругун аткаруудан ачык баш тартуу, ага тете начальниктин баш ийүүсүндөгүлөргө белгиленген тартипте берилген буйрукту атайын аткарбоосу, кызматтын кызыкчылыктарына олуттуу зыян келтирбесе, –

үчтөн беш суткага чейин камакка алууга алып келет.

 

424-берене. Ооруну симуляциялоо же денесине зыян келтирүү жолу менен аскердик кызматтын милдеттерин аткаруудан качуу

 

Аскер кызматчысынын ооруну симуляциялоо же өзүнө кандайдыр бир жаракат келтирүү (денесине зыян келтирүү) жолу менен аскер кызматынын милдеттерин аткаруудан качуусу, –

үчтөн беш суткага чейин камакка алууга алып келет.

 

425-берене. Кароолдук кызмат өтөө эрежелерин бузуу

 

Кароолдун (вахтанын) курамына кирген адамдын кароолдук (вахталык) кызмат өтөөнүн уставдык эрежелерин атайын же этиятсыздык менен бузуусу, эгерде бул этиятсыздыктан ден соолукка анча оор эмес зыян келтирсе, –

үчтөн беш суткага чейин камакка алууга алып келет.

 

426-берене. Коомдук тартипти коргоо жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча кызмат өтөө эрежелерин бузуу

 

Коомдук тартипти коргоо жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча аскердик наряддын курамына кирген адамдын кызмат өтөө эрежелерин атайын же этиятсыздык менен бузуусу, эгерде бул этиятсыздыктан ден соолукка анча оор эмес залал келтирсе, –

үчтөн беш суткага чейин камакка алууга алып келет.

 

46-глава. Кызыл Жарым Айдын, Кызыл Кресттин же Кызыл Кристаллдын эмблемаларын пайдалануу эрежелерине зыян келтирүүчү укук бузуулар

 

427-берене. Кызыл Жарым Айдын, Кызыл Кресттин же Кызыл Кристаллдын эмблемаларын мыйзамсыз пайдалануу

 

Кызыл Жарым Айдын, Кызыл Кресттин жана/же Кызыл Кристаллдын эмблемаларын, «Кызыл Жарым Ай» же «Кызыл Крест» же «Кызыл Кристалл» деген аталыштарды, айырмалануучу сигналын же аларга окшош болуп саналган же жаңылыштан ошондой кабыл алынышы мүмкүн болгон каалаган башка белгини же сигналды мыйзамсыз пайдалануу, аталган эмблемалардын сүрөттөрүн же сөздөрдү белгилерде плакаттарда, кулактандырууларда, жарнама барактарында же коммерциялык документтерде жайгаштыруу же аларды товарларды же таңгактарды маркалоо үчүн пайдалануу, сатууга сунуш кылуу же ушундай жол менен маркаланган товарларды сатуу, –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

428-берене. «Кызыл түстүн фонунда ак крест» коргоо эмблемасынын сүрөтүн мыйзамсыз пайдалануу

 

«Кызыл түстүн фонунда ак крест» коргоо эмблемасынын сүрөтүн же ага окшош ар кандай башка белгини соода же фабрикалык белги катары, же болбосо мындай белгилердин курамдык бөлүгү катары пайдалануу, ошондой эле ак ниет коммерция кылууга карама-каршы келген максаттарга пайдалануу, –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

47-глава. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы укук бузуулар

 

429-берене. Мамлекеттик чек ара режимин, чек арага жакын аймактардагы чек ара режимин жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимди бузуу

 

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара режимин бузуу –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Чек арага жакын аймактардагы чек ара режимин жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимди бузуу –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

430-берене. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасына чакырган же кабыл алган адамдардын, алардын жүрүүсүнүн белгиленген тартибин бузуусу

 

1. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасына чакырган же кабыл алган адамдын, аларды каттоонун жашап туруу, жүрүү, жашаган жерин өзгөртүү укугун, ошондой эле Кыргыз Республикасынан өз убагында чыгып кетүүгө документтерди жол-жоболоштуруунун белгиленген тартибин бузуусу, –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүнүн жана жүрүүнүн чыныгы жүйөлөрүнө тийиштүү болбогон максаттарда чакыруу, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

431-берене. Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасында белгиленген жүрүү тартибин же эмгек ишин жүзөгө ашыруу же транзиттик өтүү эрежелерин бузуусу

 

1. Кыргыз Республикасында жүрүү укугун ырастаган документтери (виза, каттоо, жашоого уруксаты, качкындыгын таануу жөнүндө өтүнүчтү каттоо тууралуу күбөлүк, качкындын ырастамасы, тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган учурларда эмгек ишин жүзөгө ашырууга уруксат) жок болгон чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасында жүрүү, жашоо же эмгек ишин жүзөгө ашыруу тартибин бузуусу, же болбосо колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен мындай документтерди пайдалануусу, же болбосо мыйзамдуу жүрүү мөөнөтү өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүдөн качуусу, кирүүдө билдирилген максатына ылайык келбеген максатта республиканын аймагында жүрүүсү, Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттик өтүү эрежелерин сактабоо, –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, тышкы миграция чөйрөсүндөгү укук бузууларды четтетүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын жазма буйругун ал тапшырылган учурдан тартып 30 күндүн ичинде аткарбоо, –

чет өлкөлүк жарандарды Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарууга алып келет.

432-берене. Кайрылмандын статусу бар адамдын кайрылман ырастамасын каттоо тартибин бузуусу жана (же) жоготуусу (бузуусу)

 

Кайрылмандын статусу бар адамдын белгиленген каттоо тартибин бузуусу, кайрылман ырастамасын жоготуусу (бузуусу), ошондой эле мындай ырастаманы колдонуу мөөнөтүн бузуусу, –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

48-глава. Коомдук кызматтын иши чөйрөсүндөгү укук бузуулар

 

433-берене. Прокурордук чара көрүү актыларын карабоо же прокурордун мыйзамдуу талаптарын аткарбоо

 

Мыйзамдарда белгиленген тартипте прокурордук чара көрүү актыларын карабоо, ошондой эле прокурордун мыйзамдуу талаптарын аткарбоо, –

Кызмат адамдарына 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

434-берене. Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, жазма буйруктарын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу

 

Ыйгарым укуктуу органдын (ыйгарым укуктуу органдын тышкы миграция чөйрөсүндөгү укук бузууларды жоюу жөнүндө жазма буйруктарын кошпогондо) мыйзамдуу чечимдерин, жазма буйруктарын, тескемелерин же талаптарын аткарбоо же талаптагыдай эмес аткаруу, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

435-берене. Кызмат адамдарынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузуусу

 

Кызмат адамдарынын ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуусу жарандардын же мамлекеттин укуктарын жана кызыкчылыктарын бузууга алып келсе, –

кызмат адамдарына 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

436-берене. Кызмат адамдарынын ишкердиктин субъекттерине мыйзамсыз текшерүү жүргүзүүсү жана алардын мыйзамдуу ишине тоскоолдук кылуусу

 

Мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, анын ичинде көзөмөл кылуучу, укук коргоо жана контролдоо функцияларын жүзөгө ашыруучу кызмат адамдарынын жеке ишкердин же юридикалык жактын ишине мыйзамсыз кийлигишүүсү, ошондой эле алардын мыйзамдуу ишине тосколдук жаратуусу, анын ичинде кызмат адамдарынын мыйзамсыз текшерүүлөрдү жүргүзүү жолу менен тоскоолдук жаратуусу, эгерде бул текшерүүлөр жеке жана юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузууга алып келсе, ошондой эле кызмат адамдарынын өз ыйгарым укуктарынын чегинен чыккан жана жеке ишкердин же юридикалык жактын укуктарын, эркиндиктерин жана кызыкчылыктарын бузууга алып келген аракеттерди жасоосу, –

кызмат адамдарына 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

437-берене. Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу

 

1. Шайлоону жана референдумду даярдоонун, өткөрүүнүн жүрүшүндө, добуш берүү күнү талапкердин, мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын жетекчилеринин административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануусу, –

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Ошол эле аракет, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын жетекчилери, ошондой эле 30 пайыздан ашык мамлекеттик (муниципалдык) үлүшү бар уюмдардын жетекчилери тарабынан жасалса, –

жеке жактарга, кызмат адамдарына 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

438-берене. Мамлекеттик же муниципалдык кызматчылардын мүлкү жана кирешелери тууралуу декларацияларды бербөөсү же талаптагыдай эмес берүүсү

 

1. Мамлекеттик же муниципалдык кызматчылардын мүлкү жана кирешелери тууралуу декларацияларды белгиленген мөөнөттө бербөөсү, –

жеке жактарга, кызмат адамдарына 30 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Мамлекеттик же муниципалдык кызматчылардын мүлкү жана кирешелери тууралуу декларацияларды анык эмес же толук эмес маалыматтар менен берүүсү, –

жеке жактарга, кызмат адамдарына 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган ошол эле аракетти (аракетсиздикти) кайталап жасоо, же болбосо жаза чарасы колдонулгандан кийин бузууларды жойбоо, –

жеке жактарга, кызмат адамдарына 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

439-берене. Ыйгарым укуктуу органга маалыматтарды, маалымдамаларды отчетторду берүү тартибин бузуу

 

Ыйгарым укуктуу органга берүү мыйзам менен берүү каралган маалыматтарды, маалымдамаларды, отчетторду бербөө, өз учурунда бербөө же анык эмес маалыматтарды берүү –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

440-берене. Ыйгарым укуктуу органдын ишине тоскоолдук кылуу

 

Ыйгарым укуктуу органдын текшерүүлөрдү, анын ичинде кароону (текшерүүнү) жүзөгө ашырууда, мындай текшерүүлөрдү, кароону (текшерүүнү) жүргүзүү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясынын чегинде жүзөгө ашырылганда анын ишине тоскоолдук кылуу, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

441-берене. Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын бузуу

 

Юридикалык жактардын, алардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттө мамлекеттик кайра каттоого алып келбеген, мамлекеттик кайра каттоосуз жана маалыматтарды өзгөртүү жөнүндө кабарлоосуз ишти жүзөгө ашыруусу, ошондой эле Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн зарыл болгон анык эмес маалыматтарды берүүсү, -

юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

49-глава. Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу, соттун чечимин аткаруу, ошондой эле жаза аткаруу тутумундагы мекемелердин тартибине каршы укук бузуулар

 

442-берене. Сотту сыйлабагандыкты көрсөтүү

 

Сотту сыйлабагандыкты көрсөтүү, же болбосо процесстин катышуучусу же башка адам судьянын тескемесине баш ийбөөсү же сотко текеберчилиги жөнүндө айгинелеген сот жыйналышынын жүрүшүндө белгиленген тартипти бузуу, –

жеке жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

443-берене. Аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарды бузуу

 

1. Соттук аткаруучунун мыйзамдуу талаптарын аткарбоону, анын ичинде мүлккө болгон өзүнүн укуктары жөнүндө анык эмес маалыматтарды берүүнү, иштен бошогондугу тууралуу, жаңы иш, окуган жери, пенсия алган жери, башка кирешелери же турган жери жөнүндө анык эмес маалыматтарды берүү менен билдирилген аткаруу өндүрүшү тууралуу мыйзамдарды карызкордун бузуусу, –

жеке жактарга 50 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Карызкордон акча каражаттарын алуу жөнүндө аткаруу документиндеги камтылган талаптарды банктын же башка кредиттик уюмдардын аткарбай коюусу, –

юридикалык жактарга 550 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Карызкор болуп саналбаган жактын соттук аткаруучунун мыйзамдуу талаптарын аткарбоо, конфискацияланган мүлктү алуудан баш тартуу, карызкордун мүлктүк абалы тууралуу анык эмес маалыматтарды берүү, аткарылуучу документтерди өз учурунда жөнөтпөө менен билдирилген аткаруу өндүрүшү тууралуу мыйзамдарды бузуусу, –

жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 450 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4. Өзүнө берилген аткаруу документтерин жоготуусу, –

жеке жактарга, кызмат адамдарына 55 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

444-берене. Аткаруу документинде камтылган мүлктүк эмес мүнөздөгү талаптарды аткарбоо

 

Аткаруу жыйымы алынгандан кийин соттук аткаруучу тарабынан белгиленген мөөнөттө аткаруу документтеринде камтылган мүлктүк эмес мүнөздөгү талаптардын карызкор тарабынан аткарылбоосу, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

445-берене. Кылмыш-жаза процессинин катышуучуларына карата коопсуздук чаралары тууралуу маалыматтарды ачыкка чыгаруу

 

Судьяга же сот адилеттигин ишке ашырууга катышкан башка адамдарга, сот аткаруучуга, жабырлануучуга, күбөгө жана кылмыш-жаза процессинин башка катышуучуларына, ага тете жубайларына, алардын кимиси болбосун жакын туугандарына карата колдонулуучу коопсуздук чаралары тууралуу маалыматтарды жайылтуу, бул маалыматтар ишенип берилген же анын кызматтык ишине байланыштуу белгилүү болгон адам тарабынан жасалса, –

жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

446-берене. Жаза аткаруу тутумунун мекемелеринде, тергөө изоляторлорунда кармалып турган адамдарга тыюу салынган предметтерди берүү

 

Жаза аткаруу тутумунун мекемелеринде, тергөө изоляторлорунда кармалып турган адамдарга ушул мекемелерде сактоого жана пайдаланууга тыюу салынган продукттарды жана (же) предметтерди текшерип кароодон жашырып кандай болбосун ыкма менен берүү же берүүгө аракет кылуу, –

жеке жактарга 175 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

50-глава. Башкаруу тартибине каршы укук бузуулар

 

447-берене. Расмий документтерди жана мамлекеттик сыйлыктарды мыйзамсыз сатып алуу

 

Кыргыз Республикасынын, Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун укуктарды берүүчү же милдеттерден бошотуучу расмий документин же мамлекеттик сыйлыгын мыйзамсыз сатып алуу, –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

448-берене. Жасалма штампты даярдоо

 

Ишкананын, мекеменин, уюмдун жасалма штампын даярдоо же сатуу, –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

449-берене. Транспорт каражатынын жалган мамлекеттик каттоонун номердик белгисин пайдалануу

 

Транспорт каражатын жалган же стандарттуу эмес (жасалма) мамлекеттик каттоонун номердик белгилери (белгиси) менен башкаруу –

жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

450-берене. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдорун мазактоо

 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун же Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнин мазактоо, –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

ПРОЦЕССУАЛДЫК БӨЛҮК

 

X БӨЛҮМ

УКУК БУЗУУЛАР ЖӨНҮНДӨ ИШТЕР БОЮНЧА ӨНДҮРҮШ

 

51-глава. Укук бузуулар жөнүндө иштерди козгоого жана аларды

кароого ыйгарым укуктуу органдар

 

451-берене. Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу органдар

 

1. Укук бузуулар жөнүндө иштер төмөнкүлөр тарабынан каралат:

1) райондук жана аларга теӊдештирилген шаардык соттордун судьялары;

2) министрликтер, ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар өздөрүнүн компетенцияларына ылайык;

3) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, шайлоо комиссиялары;

4) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы;

5) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары.

2. Ыйгарым укуктуу органдар өздөрүнүн чечимдери менен укук бузуулар жөнүндө протоколду түзүүгө жана токтом чыгарууга, ушул Кодексте каралган учурларда жаза чарасын көрүүгө ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын тизмегин аныктайт жана укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укук берилген туруктуу иштөөчү комиссияларды түзөт.

Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана жеке курамы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн – жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.

Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө типтүү жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

3. Ыйгарым укуктуу орган айрым укук бузуу фактылары боюнча жаза чарасын салууга укугу жок укук бузуулар жөнүндө протоколду түзүү укугун коомдук уюмдардын өкүлдөрүнө жана органдарга (егерлерге, коомдук балык инспекторлоруна ж.б.) өткөрүп бере алат.

 

452-берене. Прокурор жана анын ыйгарым укуктары

 

1. Прокурор укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү жүзөгө ашыруучу органдар жана алардын кызмат адамдары тарабынан мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын сакталышына көзөмөл жүргүзөт.

2. Башкы прокуратура Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин Автоматташтырылган маалымат тутумунун (АМТ) ээси болуп саналат.

3. Прокурор көзөмөлдү жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө төмөнкүлөргө укуктуу:

1) укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү козгоого;

2) укук бузуу жөнүндө ишти кароого катышууга, өтүнүчтөрдү билдирүүгө;

3) укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүшкө тиешелүү материалдарга, документтерге жана башка маалыматтарга толук жетүүгө;

4) укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү жүргүзгөн ыйгарым укуктуу кызмат адамынан өндүрүштүн жүрүшүндө жол берилген мыйзам бузууларды жоюуну талап кылууга;

5) өзүнүн токтому менен укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органынын кызмат адамынын жана төмөн турган прокурордун, анын ичинде жеке жана юридикалык жактардын мыйзамсыз жана негизсиз чечимдерин жокко чыгарууга;

6) өзүнүн токтому менен мыйзамсыз кармоодо болгон адамды бошотууга;

7) ушул Кодексте белгиленген тартипте укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук чечимдерге даттанууга;

8) ушул Кодексте каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.

4. Прокурордун ушул Кодексте каралган тартипте укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү жүргүзгөн органдарга жазуу жүзүндө берилген талаптары жана көрсөтмөлөрү бул органдар үчүн милдеттүү болуп саналат.

Берилген көрсөтмөлөрдү жогору турган прокурорго даттануу аларды аткарууну токтотпойт.

 

453-берене. Кызмат адамдарынын ыйгарым укуктары

 

Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу кызмат адамдары өздөрүнө берилген ыйгарым укуктардын чегинде кызматтык милдеттерин аткарып жаткан учурда гана ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүндө каралган жаза чараларын бере алышат.

 

454-берене. Сот

 

1. Соттор ушул Кодекстин төмөнкү беренелеринде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана жаза чараларды көрөт:

1) укук бузуулар жөнүндө протоколдор ички иштер органдары тарабынан түзүлгөн ушул Кодекстин 56–59, 70–72, 96, 126–129, 131, 193-беренесинин 1, 2, 4, 5-бөлүктөрү, 271 жана 431-беренесинин 2-бөлүгү боюнча;

2) укук бузуулар жөнүндө протоколдор улуттук коопсуздук органдары тарабынан түзүлгөн ушул Кодекстин 410, 411-беренелери жана 431-беренесинин 2-бөлүгү боюнча;

3) укук бузуулар жөнүндө протоколдор коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар тарабынан түзүлгөн ушул Кодекстин 421–426-беренелери боюнча.

2. Соттор прокурорлор тарабынан ушул Кодекстин 99, 401, 433, 435–439-беренелери боюнча каралган укук бузуулар боюнча козголгон иштерди карашат жана жаза чараларын көрүшөт.

 

455-берене. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, шайлоо комиссиялары

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, шайлоо комиссиялары ушул Кодекстин 60–62, 64–69-беренелеринде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана жаза чараларды көрөт.

 

456-берене. Ички иштер органдары

 

Ички иштер органдары ушул Кодекстин 63, 73, 74, 83-беренелери, 85-беренесинин 3-бөлүгү, 93-95, 97-99, 101, 102, 108, 109, 112-беренесинин 2-бөлүгү, 125, 130, 132–135, 137–142, 153-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 1 жана 2-пункттары, 160, 165, 177–180, 182–192, 193–беренесинин 3-бөлүгү, 194–201, 228, 272, 273, 310, 325, 430-беренелери, 431-беренесинин 1-бөлүгү, 432, 445, 447–450-беренелери менен каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карашат жана жаза чараларды көрүшөт.

 

457-берене. Айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу орган

 

Айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу орган ушул Кодекстин 159, 203-213, 217, 218, 223–227, 229-236, 239, 240, 245, 253–268-беренелеринде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана жаза чараларды көрөт.

 

458-берене. Эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган

 

Эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ушул Кодекстин 86–92 жана 136-беренелеринде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана жаза чараларды көрөт.

 

459-берене. Энергетикалык жана өндүрүш коопсуздугу боюнча, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган

 

Энергетикалык жана өндүрүш коопсуздугу боюнча, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган ушул Кодекстин 116–118, 120–122, 180, 202, 243, 244, 269, 274–281, 385, 386, 394–396-беренелеринде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана жаза чараларды көрөт.

 

460-берене. Өрт коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу орган

 

Өрт коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу орган ушул Кодекстин 143-беренесинде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана жаза чараларды көрөт.

 

461-берене. Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган

 

Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ушул Кодекстин 144–149, 157 жана 249-беренелеринде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана жаза чараларды көрөт.

 

462-берене. Жер жана суу мыйзамдарынын сакталышын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган

 

Жер жана суу мыйзамдарынын сакталышын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган ушул Кодекстин 237, 239, 241, 242, 251 жана 252-беренелеринде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана жаза чараларды көрөт.

 

463-берене. Транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган

 

Транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ушул Кодекстин 125, 166–179, 181, 195, 198–202 жана 393-беренелеринде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана жаза чараларды көрөт.

 

464-берене. Жарандык авиациянын ыйгарым укуктуу органы

 

Жарандык авиациянын ыйгарым укуктуу органы ушул Кодекстин 150–165-беренелеринде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана жаза чараларды көрөт.

 

465-берене. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган

 

Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ушул Кодекстин 75–84, 85-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндө, 98, 100, 148, 214–216, 385, 386, 405, 427 жана 428-беренелеринде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана жаза чараларды көрөт.

 

466-берене. Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу орган

 

Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу орган ушул Кодекстин 103–106-беренелеринде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана жаза чараларды көрөт.

 

467-берене. Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган

 

Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ушул Кодекстин 282 жана 283-беренелеринде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана жаза чараларды көрөт.

 

468-берене. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ушул Кодекстин 299-306, 323-беренелери жана 355-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана жаза чараларды көрөт.

 

469-берене. Финансылык чалгындоо органы

 

Финансылык чалгындоо органы ушул Кодекстин 355-беренесинде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана жаза чараларды көрөт.

 

470-берене. Мамлекеттик салык кызматынын ыйгарым укуктуу органы

 

Мамлекеттик салык кызматынын ыйгарым укуктуу органы ушул Кодекстин 308, 309, 311–316, 318–324 жана 354-беренелеринде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана жаза чараларды көрөт.

 

471-берене. Жалпыга маалымдоо каражаттары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган

 

Жалпыга маалымдоо каражаттары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ушул Кодекстин 406 жана 407-беренелеринде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана жаза чараларды көрөт.

 

472-берене. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган

 

Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ушул Кодекстин 326–353-беренелери жана 355-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана жаза чараларды көрөт.

 

473-берене. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган

 

Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ушул Кодекстин 357–380-беренелеринде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана жаза чараларды көрөт.

 

474-берене. Банкроттук иштер боюнча ыйгарым укуктуу орган

 

Банкроттук иштер боюнча ыйгарым укуктуу орган ушул Кодекстин 381–384-беренелеринде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана жаза чараларды көрөт.

 

475-берене. Ветеринардык көзөмөл чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган

 

Ветеринардык көзөмөл чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ушул Кодекстин 222, 270, 385 жана 386-беренелеринде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана жаза чараларды көрөт.

 

476-берене. Фитосанитардык коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу орган

 

Фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ушул Кодекстин 218, 219, 220 жана 221-беренелеринде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана жаза чараларды көрөт.

 

477-берене. Дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу орган

 

Дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу орган ушул Кодекстин 142-беренесинде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана жаза чараларды көрөт.

 

478-берене. Юстиция органдары

 

Юстиция органдары ушул Кодекстин 307, 355-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндө жана 441-беренелеринде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана жаза чараларды көрөт.

 

479-берене. Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган

 

Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Кодекстин 400-беренесинде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана жаза чараларын көрөт.

 

480-берене. Баалуу металлдарды жүгүртүүнү контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган

 

Баалуу металлдарды жүгүртүүнү контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ушул Кодекстин 295–298-беренелеринде жана 355-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана жаза чараларды көрөт.

 

481-берене. Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган

 

Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ушул Кодекстин 356-беренесинде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана жаза чараларды көрөт.

 

482-берене. Метрологиялык көзөмөл чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган

 

Метрологиялык көзөмөл чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ушул Кодекстин 385-беренесинин 4-6-бөлүктөрүндө, 387–392-беренелеринде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана жаза чараларын көрөт.

 

483-берене. Байланыш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган

 

Байланыш чѳйрѳсүндѳгү ыйгарым укуктуу орган ушул Кодекстин 408, 409, 412 жана 413-беренесинде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана жаза чараларды көрөт.

 

484-берене. Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу орган

 

Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу орган ушул Кодекстин 397–399-беренелеринде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана жаза чараларды көрөт.

 

485-берене. Улуттук коопсуздук органдары

 

Улуттук коопсуздук органдары ушул Кодекстин 228-беренесинде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана жаза чараларын көрөт.

 

486-берене. Аткаруу документтерин аткаруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу орган

 

Аткаруу документтерин аткаруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу орган ушул Кодекстин 443 жана 444-беренелеринде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана жаза чараларды көрөт.

 

487-берене. Жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган

 

Жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ушул Кодекстин 446-беренесинде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана жаза чараларды көрөт.

 

488-берене. Соттордо коопсуздукту камсыз кылуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу орган (сот приставдар кызматы)

 

Сот приставдар кызматы ушул Кодекстин 442-беренесинде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана жаза чараларды көрөт.

 

489-берене. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган

 

Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ушул Кодекстин 429-беренесинде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана жаза чараларды көрөт.

 

490-берене. Гидрометеорологиялык иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган

 

Гидрометеорологиялык иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ушул Кодекстин 414–417-беренелеринде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана жаза чараларды көрөт.

 

491-берене. Архивдик иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган

 

Архивдик иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ушул Кодекстин 402-беренесинде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана жаза чараларды көрөт.

 

492-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Кодекстин 107, 110, 111, 112-беренесинин 1-бөлүгүндө, 113-115, 118–124, 157, 159, 177, 179, 180, 238, 239, 242, 245-253, 308-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана жаза чараларды көрөт.

 

493-берене. Коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган

 

Коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ушул Кодекстин 418–420-беренелеринде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана жаза чараларды көрөт.

 

494-берене. Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган

 

Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ушул Кодекстин 286-294, 317, 403, 404 жана 405-беренелеринде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана жаза чараларды көрөт.

 

495-берене. Лицензия (уруксат) берүү боюнча ыйгарым укуктуу органдар

 

Лицензия (уруксат) берүү боюнча ыйгарым укуктуу органдар ушул Кодекстин 284 жана 285-беренелеринде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карашат жана жаза чараларды көрүшөт.

 

496-берене. Чечимдери жана талаптары аткарылбаган же ыйгарымукуктарын аткарууда аларга тоскоолдуктар жаратылган ыйгарым укуктуу органдар

 

Чечимдери, жазма буйруктары, тескемелери же талаптары талаптагыдай аткарылбаган же ыйгарым укуктарын аткарууда аларга тоскоолдуктар жаратылган тиешелүү ыйгарым укуктуу органдар ушул Кодекстин 434, 439 жана 440-беренелеринде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карашат жана жаза чараларды көрүшөт.

 

52-глава. Укук бузуулар жөнүндө өндүрүштүн катышуучулары жана

алардын укуктары

 

497-берене. Укук бузуулар жөнүндө өндүрүштүн катышуучулары

 

1. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштүн катышуучулары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) укук бузууну жасагандыгы үчүн тартылып жаткан адам;

2) укук бузуу менен зыян келтирилген жабыр тартуучу адам;

3) күбө;

4) эксперт;

5) адис;

6) котормочу;

7) мыйзамдуу өкүл;

8) жактоочу, өкүл, адвокат.

2. Укук бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылуучу жеке адам укук бузуу жөнүндө ишти кароодо жеке өзү катышат, ал эми юридикалык жак ушул Кодексте каралган учурларды кошпогондо, өкүл аркылуу катышат.

Эгерде укук бузуучу укук бузуу жөнүндө ишти кароо жери жана убакыты жөнүндө талапка ылайык билдирилгендигине карабастан, эки же андан көп жолу келбесе, сот, ыйгарым укуктуу орган тарабынан иш анын катышуусуз каралышы мүмкүн.

3. Укук бузуу жөнүндө иш сот тарабынан каралган учурларда, ишке укук бузуу жөнүндө протокол түзгөн органдын кызмат адамы катыша алат, ал иш боюнча далилдерди берүүгө, өтүнүч киргизүүгө, иштин жагдайлары боюнча түшүндүрмө берүүгө, соттун чечимине даттанууларды киргизүүгө укуктуу. Ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы ошондой эле ушул Кодексте каралган башка укуктарга ээ.

 

498-берене. Укук бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылган жактын укуктары жана милдеттери

 

1. Укук бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан жак төмөнкүлөргө укуктуу:

1) укук бузуулар жөнүндө өндүрүштүн тартиби, өзүнүн укуктарын жана милдеттерин ишке ашыруу жөнүндө ыйгарым укуктуу органдан түшүндүрмөлөрдү алууга;

2) ушул Кодексте белгиленген тартипте укук бузуулар жөнүндө ишти кароонун датасы, убактысы жана орду тууралуу маалымат алууга;

3) укук бузуулар жөнүндө ишти кароодо ушул Кодексте белгиленген тартипте өзү же өкүлү аркылуу катышууга;

4) белгиленген тартипте укук бузуулар жөнүндө иштин материалдары менен таанышууга, маалыматтарды жазып алууга, документтерден көчүрмөлөрдү чыгарууга, жол-жобо аракеттери жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалыматтарды алууга;

5) далилдерди же көрсөтмөлөрдү жазуу, оозеки же башка түрдө берүүгө;

6) укук бузуулар жөнүндө ишти кароодо башка катышуучулардын түшүндүрмөлөрүнө, жүйөлөрүнө жана өтүнмөлөрүнө каршы пикирин билдирүүгө;

7) судьяны, ыйгарым укуктуу органдын өкүлүн четтетүү жөнүндө билдирүүгө;

8) укук бузуулар жөнүндө ишти кароого башка катышуучуларды тартуу тууралуу өтүнүч кылууга;

9) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам алууга;

10) документтерди же маалыматтарды талап кылууга;

11) өзүнүн эсебинен экспертизаны даярдоо жөнүндө өтүнүч кылууга;

12) ишти кароонун мөөнөттөрүн токтотуу же кайра жандандыруу, ошондой эле узартуу жөнүндө өтүнүч кылууга;

13) котормочунун, адвокаттын кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууга;

14) укук бузуулар жөнүндө иш боюнча чечим менен таанышууга, укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтомдун нускасын алууга;

15) укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтомго даттануу берүүгө.

Укук бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адам укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүш учурунда, мыйзам менен каралган башка укуктарды да ишке ашырат.

2. Укук бузууларды жасагандыгы үчүн тартылып жаткан жак төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) сотко, ыйгарым укуктуу органга өзүнүн ким экендигин тастыктоого жана өзүнүн жашаган жери жөнүндө маалымат берүүгө;

2) сотко, ыйгарым укуктуу органга өз убагында өзүнүн байланыш маалыматтарынын жана жашаган жеринин өзгөрүлгөндүгү тууралуу кабарлоого;

3) себебин көрсөтүү менен сотко, ыйгарым укуктуу органга алардын чакыруусу боюнча келе албай тургандыгы жөнүндө өз учурунда билдирүүгө.

 

499-берене. Мыйзамдуу өкүлдөр

 

1. Өзүнө карата укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүш жүргүзүлүп жаткан жеке жак же жабыр тартуучу балдар же өзүнүн дене бою же психикалык абалынан улам жеке адам өзүнүн укуктарын өз алдынча жүзөгө ашыра албаса, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону мыйзамдуу өкүлдөрү, балдардын укугун коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү ишке ашырат.

2. Он сегиз жашка чейинки курактагы адам жасаган укук бузуулар жөнүндө ишти кароодо анын мыйзамдуу өкүлүнүн катышуусу милдеттүү болуп саналат.

3. Өзүнө карата укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүш жүргүзүлүп жаткан же жабыр тартуучу болуп саналган юридикалык жактын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону анын мыйзамдуу өкүлү, өкүлү жүзөгө ашырат.

 

500-берене. Жактоочу, өкүл жана адвокат

 

1. Укук бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамга, ошондой эле анын мыйзамдуу өкүлүнө юридикалык жардам көрсөтүү үчүн укук бузуулар жөнүндө өндүрүшкө – жактоочу, ал эми жабыр тартуучуга юридикалык жардам көрсөтүү үчүн өкүл катыша алат.

2. Жактоочу же өкүл катары укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүшкө катышууга адвокатка же башка жакка жол берилет.

3. Адвокаттын ыйгарым укуктары ордер менен тастыкталат. Юридикалык жардам көрсөткөн башка адамдын ыйгарым укуктары мыйзамдарга ылайык жол-жоболоштурулган ишеним кат менен күбөлөндүрүлөт.

4. Адвокатка, жактоочуга жана өкүлгө адам иш жүзүндө кармалган же укук бузуулар жөнүндө протокол түзүлгөн учурдан баштап ишке катышууга жол берилет.

5. Ушул Кодекстин 498-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 3, 9, 13-пункттарында каралган укуктардан тышкары, жактоочу жана өкүл корголуучу сыяктуу эле укуктарга ээ.

 

501-берене. Жабыр тартуучу

 

1. Укук бузуулар менен дене-бойлук, мүлктүк же моралдык жактан зыян келтирилген же болбосо ишкердик аброюна зыян келтирилген жеке же болбосо юридикалык жак жабыр тартуучу болуп саналат.

2. Жабыр тартуучу иштин бардык материалдары менен таанышууга, түшүнүк берүүгө, далилдерди келтирүүгө, өтүнүчтөрдү жана четке кагууларды билдирүүгө, өкүлгө ээ болууга, укук бузуулар жөнүндө протоколго жана укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтомго даттанууга, ушул Кодекс менен берилген башка процессуалдык укуктарды пайдаланууга укуктуу.

3. Укук бузуулар жөнүндө иш жабыр тартуучунун катышуусу менен каралат. Ал жок болгон учурда ишти кароонун орду жана убактысы жөнүндө ага тийиштүү түрдө маалымдоо тууралуу маалыматтар бар болгон учурда гана иш каралышы мүмкүн.

4. Жабыр тартуучу ушул Кодекстин 502-беренесине ылайык күбө катары суралышы мүмкүн.

5. Укук бузуулар жөнүндө өндүрүштө жабыр тарткан жактын катышуусуна байланыштуу чыгымдардын орду аткаруу өндүрүшү тууралуу мыйзамдарда белгиленген тартипте укук бузуучунун эсебинен толтурулат.

 

502-берене. Күбө

 

1. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча күбө катары ошол факты боюнча аныктоого тиешеси бар кайсы бир жагдайлар белгилүү болушу мүмкүн болгон ар кандай адамдар чакырылышы мүмкүн.

2. Он сегиз жашка чейинки балдар күбө катары суралууда мыйзамдуу өкүлдөрдүн, ал эми алар жок учурда – балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын өкүлдөрүнүн, ошондой эле психолог жана/же педагогдун катышуусу милдеттүү.

3. Соттун, ыйгарым укуктуу органдын чакыруусу боюнча күбө белгиленген убакта келүүгө, түшүнүк берүүгө, иш боюнча ага белгилүү болгондордун баарын билдирүүгө жана берилген суроолорго жооп берүүгө милдеттүү. Эгерде ыйгарым укуктуу орган ал жашаган же турган шаардын же райондун чегинде жайгашса, отурумда күбөнүн катышуусу милдеттүү болуп саналат.

Зарылчылык болгон учурда өтүнмө боюнча күбө жашаган жери же убактылуу турган жери боюнча өзүнүн түшүндүрмөсүн берүүгө укуктуу.

4. Күбө эне тилинде же өзү билген тилде түшүндүрмө берүүгө, жазуу түрүндөгү жазылмаларын пайдаланууга укуктуу.

5. Күбө өзүнө, жубайына жана чөйрөсү мыйзамда аныкталган жакын туугандарына каршы түшүндүрмө берүүгө милдеттүү эмес.

6. Күбө түшүндүрмө берер алдында сот, ыйгарым укуктуу орган анын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт.

7. Төмөнкүлөр күбө боло албайт:

1) аракетке жөндөмсүз жеке жактар;

2) укук бузуулар жөнүндө өндүрүшкө катышуучулардын өкүлдөрү.

 

503-берене. Эксперт

 

1. Эксперт атайын билимдин зарылчылыгы келип чыкканда сот, ыйгарым укуктуу орган тарабынан дайындалат.

2. Эксперт илим жана техника жаатында эксперттик атайын билими бар, иштин бүтүшүнө кызыкдар болбогон жана укук бузуулар жөнүндө өндүрүштүн катышуучулары сунуш кылган адамдардын ичинен дайындалат.

3. Эксперт чакыруу боюнча келүүгө жана алдына коюлган маселелер боюнча объективдүү корутунду берүүгө милдеттүү, ал коюлган маселелерди чечүүгө компетенттүү болуп саналат.

4. Эксперт төмөнкүлөргө укуктуу:

1) экспертизанын предметине тийиштүү иштин материалдары менен таанышууга;

2) корутунду берүү үчүн зарыл болгон кошумча материалдарды ага берүү жөнүндө өтүнүчүн билдирүүгө;

3) соттун, ыйгарым укуктуу органдын уруксаты менен укук бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамга, күбөлөргө, жабыр тартуучуга экспертизанын предметине тийиштүү суроолорду берүүгө;

4) ишти кароого катышууга;

5) жоопкерчиликке тартылган жактын же жабыр тартуучунун тууганы болгон учурда, ошондой эле иштин чечилишине жеке кызыкдар болгон жагдайда өзүн четтетүүнү билдирүүгө.

5. Экспертизаны жүргүзүүгө байланыштуу чыгымдардын орду – өзүнүн демилгеси боюнча жүргүзүлгөн өндүрүштүн катышуучусунун эсебинен, ал эми ыйгарым укуктуу органдар үчүн аларга каралган каражаттардын эсебинен толтурулат.

6. Эксперт билип туруп жалган корутунду берген учурда, кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат.

 

504-берене. Адис

 

1. Укук бузуулар жөнүндө өндүрүшкө катышуу үчүн адис катары далилдерди табууга, бекемдөөгө жана алууга, ошондой эле техникалык каражаттарды колдонууга көмөктөшүү үчүн зарыл атайын билими бар, иштин бүтүшүнө кызыкдар болбогон адам дайындалышы мүмкүн.

2. Укук бузуулар жөнүндө өндүрүшкө катышууга адистерди тартуу менен байланышкан чыгымдардын орду – анын демилгеси боюнча чакырылган катышуучунун эсебинен, ыйгарым укуктуу органдар үчүн аларга каралган каражаттардын эсебинен толтурулат.

 

505-берене. Котормочу

 

1. Котормочу укук бузуулар жөнүндө иш өндүрүшү өзүндө турган сот, ыйгарым укуктуу орган тарабынан же иши жүргүзүлүп жаткан тилди билбеген катышуучунун өтүнүчү боюнча дайындалат.

2. Котормочу ыйгарым укуктуу органдын чакыруусу боюнча келүүгө жана котормону так аткарууга, тийиштүү протоколдо котормонун туура экендигин тастыктап кол коюуга милдеттүү.

3. Укук бузуулар жөнүндө өндүрүшкө катышууга котормочуну тартуу менен байланышкан чыгымдардын орду – анын демилгеси боюнча чакырылган катышуучунун эсебинен, ыйгарым укуктуу орган үчүн аларга каралган каражаттардын эсебинен толтурулат.

 

53-глава. Укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү

жүргүзүү тартиби

 

506-берене. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү ачуу

 

1. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү ачууга төмөнкүлөр жүйө болуп саналат:

1) ыйгарым укуктуу орган тарабынан укук бузуу жагдайы бар экендигин көрсөткөн жетиштүү маалыматтардын түздөн-түз табылышы;

2) укук коргоо же башка мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, укук бузуу жагдайы бар экендигин көрсөткөн маалыматтар камтылган материалдардын келип түшүүсү;

3) жеке жана юридикалык жактардын билдирүүлөрү жана арыздары, ошондой эле маалыматтын башка булактарындагы билдүрүлөр (анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Интернетте), анын ичинде укук бузуу жагдайынын болушун көрсөтүүчү маалыматтарды камтыган видео же фото материалдар;

4) фото жана кино тартуу, видеожазма функциялары же фото жана кино тартуу, видеожазма каражаттары бар автоматтык режиминде иштеп турган атайын техникалык каражаттар аркылуу жол кыймылы чөйрөсүндөгү укук бузууларды жазып алуу;

5) Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча транспорт каражаттарын өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору менен өтүү үчүн белгиленген ченемден ашкан транспорт каражаттарынын максималдык өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразага тартуу жана өлчөө үчүн жыйымдарды алуу тартибинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын пайдалануу жана аларды сактоо тартибин бузууларды фото жана кино тартуу, видеожазуу функциялары бар автоматтык режимде иштеген атайын техникалык каражаттар же фото жана кино тартуу, видеожазуу каражаттары менен жазып алуу.

2. Укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүш кагаз жана (же) электрондук формада Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалымат тутумун (АМТ) жана электрондук санариптик колтамгасын (ЭСК) колдонуу менен жүзөгө ашырылат.

Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалымат тутумун (АМТ) пайдалануучулар ага кабыл алынган чечимдер жана материалдын жылышы тууралуу маалыматтарды киргизет.

 

507-берене. Маалыматтар базасына ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү жүргүзүүсүнүн өзгөчөлүктөрү

 

1. Укук бузуу фактысын белгилөө үчүн, ошондой эле укук бузуу жөнүндө иш боюнча протокол түзүүгө зарыл болгон, укук бузуучу туралуу маалыматтар камтылган маалымат базасына ээ болгон ыйгарым укуктуу органдар тарабынан укук бузуулар аныкталса, укук бузууну аныктаган ыйгарым укуктуу орган укук бузуучунун катышуусуз укук бузуу жөнүндө протоколун түзүүгө укуктуу.

Ушул беренени колдонуу үчүн жагдайлар төмөнкү критерийлерге туура келүүгө тийиш:

1) ыйгарым укуктуу органдын маалымат базасы укук бузуучу тууралуу маалыматты (жеке жактын фамилиясы, аты, атасынын аты (эгер бар болсо), юридикалык жактын аталышы) камтууга;

2) ыйгарым укуктуу органдын маалымат базасы укук бузуучунун жайгашкан жери (жашаган жери, катталган жери, жайгашкан жери, иш жүргүзүүчү жери) жөнүндө маалыматтарды камтууга;

3) укук бузуу фактысын укук бузуучунун катышуусуз аныктоого мүмкүн.

2. Укук бузуу фактысы аныкталганда ушул берененин талаптарына ылайык ыйгарым укуктуу орган укук бузуучунун катышуусуз протокол түзөт жана ыйгарым укуктуу орган жайгашкан дарек боюнча ишти кароо дайындалган убактысы жана орду тууралуу билдирүүнү кайра кабарлоосу менен почта аркылуу жөнөтөт.

Мындай учурларда ишти кароо мөөнөтү протокол түзгөн учурдан тартып 25 календарлык күндөн ашпаган убакытка белгиленет.

3. Ушул беренени колдонууда укук бузуулар жөнүндө иш ыйгарым укуктуу органдын комиссиясынын курамында гана каралат.

 

508-берене. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү токтотуунун негиздери, тартиби жана мөөнөттөрү

 

1. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүш аны аяктоого тоскоол болгон төмөнкү негиздердин бири болгон учурда сот, ыйгарым укуктуу орган тарабынан токтотулат:

1) укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылууга тийиш болгон жеке жактын турган жери аныкталбаганда;

2) укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылууга тийиш болгон жеке жактын психикалык же башка оор оорулар менен ооругандыгы;

3) укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылууга тийиш болгон жак аныкталбаганда;

4) укук бузуу жөнүндө өндүрүшкө катышууга бөгөт болгон юридикалык жактын кайра уюштурулушу;

5) укук бузуу жөнүндө ишти кароонун алкагында дайындалган экспертизанын корутундусу даяр болбогондо.

2. Иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө ыйгарым укуктуу орган токтом чыгарат.

Сот тарабынан каралуучу иштер боюнча өндүрүштү ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун негизинде токтотуу жөнүндө токтомду укук бузуу жөнүндө протокол түзгөн орган чыгарат.

3. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү токтотууга чейин ыйгарым укуктуу орган укук бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартылууга тийиш болгон адам жок учурда жүргүзүлүшү мүмкүн болгон бардык процесстик аракеттерди аткарууга милдеттүү.

4. Иш боюнча өндүрүш токтотулгандан кийин ыйгарым укуктуу орган укук бузууларды жасаган жакты табуу жана аныктоо чараларын көрүүгө милдеттүү.

5. Укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү токтотуу тууралуу маалыматтар Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалымат тутумуна (АМТ) киргизилет.

 

509-берене. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтотулган өндүрүштү кайра жандандыруу

 

1. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтотулган өндүрүш токтотуу үчүн негиздер жараксыз болгондон кийин соттун, ыйгарым укуктуу органдын токтому менен кайра жандандырылат.

2. Иш боюнча өндүрүштү кайра жандандыруу жөнүндө укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылган адамга же анын мыйзамдуу өкүлүнө кабарланат.

3. Ушул Кодекстин 508-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык иши токтотулган укук бузууларды жасаган мурда аныкталбаган адам табылган учурда, иш боюнча өндүрүштү кайра жандандыруу жөнүндө токтом протокол түзгөн орган тарабынан жаза чарасын колдонуу жөнүндө маселени чечүү үчүн ишти андан ары сотко токтоосуз жиберүү менен чыгарылат.

4. Укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү жандандыруу жөнүндө маалыматтар Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалымат тутумуна (АМТ) киргизилет.

 

510-берене. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү жокко чыгаруучу жагдайлар

 

Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүш төмөнкүдөй жагдайлар болгон учурда башталышы мүмкүн эмес, ал эми башталган иш кыскартылууга тийиш:

1) адамдын жосунунда укук бузуулар курамынын жок экендигин аныктаган чечимдин мыйзамдуу күчүнө кириши;

2) адамдын күнөөсүн жана ушул Кодекстин 22–26-беренелеринде каралган жосундун укукка каршы экендигин жокко чыгарган жагдайлар болгондо;

3) адам ушул Кодекстин 54-беренесинде каралган шарттарда жаза чара жана туум түрүндөгү кошумча укуктук кесепеттерди колдонуудан бошотулганда;

4) укук бузуу жагдайынын жана курамынын жоктугу;

5) укук бузуу жасалган учурда адамдын он алты жаш куракка жете электиги;

6) жасалган жосун үчүн жоопкерчиликти жокко чыгарган жана ошол эле жосун үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин белгилеген мыйзамдын жоболору бир убакта күчүнө кирген учурду кошпогондо, укук бузуу үчүн жоопкерчиликти белгилеген актынын жокко чыгарылышы;

7) укук бузуулар жөнүндө иш каралган учурга карата ушул Кодекстин 48-беренесинде каралган эскирүү мөөнөттөрүнүн бүтүшү;

8) укукка каршы аракет же аракетсиздик жасаган адамдын акыл-эси жайында болбогондо;

9) жоопкерчиликке тартылган адамга карата ошол эле факты боюнча соттун же ыйгарым укуктуу органдын жаза чара көрүү жөнүндө токтомунун, же болбосо укук бузуу жөнүндө ишти кыскартуу тууралуу жокко чыгарылбаган токтомунун болушу;

10) иш боюнча өндүрүш башталган жана жүргүзүлүп жаткан адам каза болгондо;

11) укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүш жүргүзүлүп жаткан юридикалык жактын жоюлушу жөнүндө жазуу юридикалык жактардын Бирдиктүү мамлекеттик реестрине соттун чечиминин негизинде киргизилгенде;

12) укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылган конкреттүү жеке адамга карата ошол эле факт боюнча кылмыш ишинин болушу.

 

511-берене. Далилдер

 

1. Укук бузуу жѳнүндѳ иш боюнча далил болуп бардык иш жүзүндөгү маалыматтар саналат, ыйгарым укуктуу орган алардын негизинде анын өндүрүшүндөгү иш боюнча ушул Кодексте белгиленген тартипте укук бузуунун жагдайлары бар же жок экендигин, укук бузууну жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын күнөөсүн жана укук бузуу жөнүндө ишти туура чечүү үчүн маанилүү болгон башка жагдайларды аныктайт.

2. Бул маалыматтар кагаз түрүндө же электрондук формада түзүлгөн укук бузуулар жөнүндө протокол, кагаз түрүндө же электрондук колтамга менен күбөлөндүрүлгөн электрондук формада чыгарылган токтом, укук бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартылган адамдардын, жабыр тартуучулардын, күбөлөрдүн түшүндүрмөлөрү, адистердин түшүндүрмөлөрү, экспертизалардын корутундулары, башка документтер, буюм далилдери менен аныкталат.

Укук бузуулар жөнүндө материалдарды кароодо далил катары сертификатталган атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттардын жана приборлордун маалыматтары, ошондой эле фото жана видео жазуусу бар техникалык каражаттар (видеокамераларда, видеорегистратордо, мобилдүү жабдуулар менен приборлордун видеокамераларында) менен түшүрүлгөн маалыматтар далил катары каралышы мүмкүн.

 

512-берене. Буюм далилдери

 

1. Укук бузуунун түздөн-түз объектиси болуп саналган буюмдар, документтер, акчалар, баалуулуктар жана транспорт каражаттары, өзүндө укук бузуулардын изи түшкөн башка предметтер же укук бузууларды таап билүүнүн жана аларды жасаган жакты табуунун каражаты болуп эсептелүүчү, ошондой эле иштин чыныгы жагдайларын белгилөөчү каражат болуп кызмат кылышы мүмкүн болгон предметтер укук бузуулар жөнүндө иш боюнча буюм далилдери катары эсептелет.

2. Буюм далилдеринин белгилери болгон предметтерге ээлик кылган бардык жактар мындай предметти ыйгарым укуктуу органга көрсөтүүгө милдеттүү.

3. Буюм далилдери укук бузуулар жөнүндө ишке тиркелет. Алар укук бузуулар жөнүндө протоколдордо же башка протоколдордо толугу менен баяндалууга тийиш. Зарылчылыкка жараша буюм далилдери сүрөткө тартылып же башка техникалык каражаттардын жардамы менен белгиленип жана мөөр чапталып бекитилүүгө тийиш.

4. Укук бузуулар жөнүндө иш өндүрүшүндө турган сот, ыйгарым укуктуу орган иш биротоло чечилгенге чейин буюм далилдеринин сакталышын камсыз кылуу үчүн бардык чараларды көрүүгө милдеттүү.

5. Буюм далилдерин сактоонун тартиби жана мөөнөттөрү – ушул Кодекс менен, ал эми аны менен жөнгө салынбаган бөлүгү башка ченемдик укуктук актылар менен белгиленет.

6. Эгерде өзүнүн чоңдугунан же башка себептерден улам буюм далилдерин ишке тиркөөгө мүмкүн болбосо, бул иш өндүрүшүндө турган ыйгарым укуктуу орган алар турган жер тууралуу белги коёт, ошондой эле сүрөткө тартат, алардын натыйжалары ишке тиркелет.

7. Андан аркы өндүрүш же кароо үчүн ишти башка мамлекеттик органга же сотко өткөрүп бергенде буюм далилдери иш менен кошо жөнөтүлөт.

 

513-берене. Атайын техникалык каражаттар

 

1. Метрологиялык сыноодон өткөн жана тиешелүү сертификаты бар өлчөөчү приборлор атайын техникалык каражаттар болуп саналат.

2. Жол кыймылынын эрежелерин же Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн транспорт каражаттарынын белгиленген жол берилген салмак-габариттик параметрлеринин ченемдерин бузууларды аныктоо үчүн пайдаланылуучу фото жана кино тартуу, видео жазуу функциялары бар атайын техникалык каражаттар тийиштүү автоматташтырылган маалыматтык тутумга интеграцияланууга тийиш.

3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн атайын техникалык каражаттардын көрсөтмөлөрү укук бузуулар жөнүндө протоколдо жана укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтомдо белгиленет.

4. Атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттардын көрсөтмөлөрү ушул Кодекстин 520-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган тартипте укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча токтомдо чагылдырылат.

5. Фото жана кино тартуу, видео жазуу функциялары бар, автоматтык режимде иштеген, укук бузууларды аныктоо үчүн атайын техникалык каражаттарды колдонууга кошумча маалымат белгилерин (тактачаны) милдеттүү түрдө орнотуу менен жол берилет.

 

514-берене. Укук бузууларды атайын техникалык каражаттар менен жазып түшүрүүдө укук бузуулар үчүн жоопкерчиликтин өзгөчөлүгү

 

1. Сертификатталган атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттар жана приборлор менен укук бузууларды жазып түшүрүү учурунда жол кыймылы чөйрөсүндөгү бузуулар үчүн жоопкерчиликке транспорт каражаттарынын менчик ээлери (ээлери) тартылат.

2. Транспорт каражатынын менчик ээси (ээси) текшерүүнүн жүрүшүндө анын билдирүүсү же арызы боюнча укук бузуулар жасалганга чейин башка жактын укукка каршы аракетинин натыйжасында каражат анын ээлигинен чыгарылып кеткендиги аныкталса, ошол транспорт каражатынын катышуучусу менен жасалган укук бузуулар үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.

3. Сертификатталган атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттар жана приборлор менен жазып түшүрүү учурунда транспорт каражаттарынын белгиленген салмак-габариттик параметрлерин бузгандыгы үчүн транспорт каражаттарынын менчик ээлери (ээлери) жоопкерчиликке тартылат.

 

515-берене. Далилдерге баа берүү

 

Сот, ыйгарым укуктуу орган иштин бардык шарттарын жалпылап туруп ар тараптан, толук жана объективдүү жана аны жалпылап иликтөөнүн негизинде өзүнүн ички ынанымы боюнча далилдерге баа берет. Эч кандай далилдер алдын ала белгиленген юридикалык күчкө ээ боло албайт.

 

516-берене. Материалдарды прокурорго, тергөө органына берүү

 

Эгерде укук бузуулар жөнүндө иш каралган учурда сот же ыйгарым укуктуу орган укук бузууларда кылмыштын белгилери камтылганын аныктаса, ал материалдарды тийиштүүлүгү боюнча прокурорго же болбосо тергөө органына жөнөтөт, бул тууралуу маалымат Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалымат тутумуна (АМТ) киргизилет.

 

54-глава. Укук бузууларды процессуалдык жол-жоболоштуруу

 

517-берене. Укук бузуулар жөнүндө протоколдун мазмуну

 

1. Укук бузуулар жасалганда прокурор же ыйгарым укуктуу орган тарабынан укук бузуу жөнүндө кагаз түрүндөгү же кызмат адамынын электрондук кол тамгасы менен күбөлөндүрүлгөн электрондук формада протокол түзүлөт.

2. Укук бузуулар жөнүндө протоколдо төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) аны түзүүнүн күнү, убактысы жана орду;

2) протоколду түзгөн адамдын кызмат орду, фамилиясы, аты, атасынын аты;

3) укук бузууларды жасагандыгы үчүн ишке тартылып жаткан адам жөнүндө маалымат;

4) укук бузуулар жасалган орду, күнү, убактысы жана аны жасагандыгы жөнүндө күбөлөндүргөн жагдайлар;

5) ушул Кодекстин укук бузуулар үчүн жоопкерчиликти караган беренеси;

6) эгерде күбөлөр жана жабыр тарткандар бар болсо, алар жөнүндө маалыматтар;

7) укук бузууларды жасагандыгы үчүн тартылган адамдын түшүндүрмөсү;

8) укук бузуулар жөнүндө ишти чечүү үчүн зарыл болгон башка маалыматтар.

3. Укук бузуулар жөнүндө протоколду түзөөрдөн мурда прокурор, ыйгарым укуктуу орган укук бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартылган адамга анын төмөнкү укуктарын түшүндүрүүгө милдеттүү:

1) өкүлдүн жардамынан пайдаланууга;

2) түшүндүрмө берүү же түшүндүрмө берүүдөн жана суроолорго жооп берүүдөн баш тартууга;

3) ыйгарым укуктуу органдын чечимине сотко даттанууга.

Укук бузууну жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылган жактын өтүнүчү боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы көрсөтүлгөн укуктардын ар бирин толук түшүндүрүүгө милдеттүү.

4. Протоколго аны түзгөн адам жана укук бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адам кол коёт.

Күбөлөр жана жабыр тарткандар болгон учурда протоколго ошол адамдар да кол коёт.

5. Укук бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адам протоколго кол коюудан баш тарткан учурда протоколго бул жөнүндө жазуу жазылат. Укук бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адам протоколдун мазмуну боюнча түшүндүрмөлөрүн жана сын пикирлерин тиркөөгө, ошондой эле ага кол коюудан өзүнүн баш тартуусунун жүйөсүн баяндоого укуктуу.

6. Протокол эки нускада түзүлөт, анын бири укук бузуулар жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан жакка кол койдуруу менен тапшырылат.

 

518-берене. Укук бузуулар жөнүндө протоколду түзүү жана укук бузуулар жасалган жерде аны кароо

 

1. Укук бузуулар жөнүндө иш ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы тарабынан укук бузуулар жасалган жерде каралат жана чечилет, эгерде:

1) ушул Кодекстин 519-беренесинде каралган жагдайлар жок болсо;

2) укук бузуу сот тарабынан каралууга тийиш болбосо;

3) жаза чарасы катары эскертүү колдонулса. Мындай учурда жаза чарасын жана кошумча укуктук кесепеттерди колдонуу жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын чечими протоколдо жол-жоболоштурулат, анын көчүрмөсү укук бузуучуга жеринде тапшырылат.

Жазуу түрүндөгү форма менен катар электрондук колтамга менен күбөлөндүрүлгөн укук бузуу жөнүндө протоколдун электрондук формасы пайдаланылышы мүмкүн;

4) адам укук бузууларды жасагандыгы тууралуу фактыны жана ага ушул жаза чарасын жана кошумча укуктук кесепеттердин колдонуларын талашып-тартышпаса.

2. Эгерде адам укук бузуулар фактысын же жаза чарасын же ыйгарым укуктуу орган колдоно турган кошумча укуктук кесепеттерин талашып-тартышса, анда укук бузууларды кароо ушул Кодексте каралган жалпы тартипте ишке ашырылат. Мындай учурда укук бузуулар болгон жерде түзүлгөн протокол ушул Кодекске ылайык жаза чарасын берүү үчүн ыйгарым укуктуу органдын кароосуна жөнөтүлөт.

3. Эгерде жак укук бузуулар жасалгандыгынын фактысын, ага карата жаза чарасын жана кошумча укуктук кесепеттердин колдонуларын талашып-тартышпаса, анда укук бузуу жасалган жерде ушул Кодекстин 539-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган талаптарды сактоо менен токтом чыгарылат, ага протоколду түзгөн адам кол коёт, мында көрсөтүлгөн токтом укук бузуучуга анын көчүрмөсү тапшырылган учурдан тартып күчүнө кирет.

 

519-берене. Укук бузуулар жөнүндө протоколду түзүүнүн өзгөчө учурлары

 

1. Жагымсыз аба-ырайынын шарттарында же протоколду түзүү үчүн зарыл болгон адам жөнүндө маалыматты тактоо үчүн техникалык каражаттарды пайдаланган учурда ыйгарым укуктуу орган бул үчүн жарактуу болгон жакынкы жайларда же транспорт каражатында протокол түзүүгө укугу бар.

2. Эгерде адамда ким экендигин тастыктаган документ жок болсо жана мындай учурда ал өзүнүн ким экенин ырастаган жана өзү жашаган жер жөнүндө маалымат берүүдөн баш тартса, анда ыйгарым укуктуу орган укук бузуулар жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамды органдын жайына алып барууга укуктуу. Мындай учурларда протоколду түзүүнүн мөөнөтү үч сааттан ашык болбоого тийиш.

3. Алып келингендиги жөнүндө укук бузуулар тууралуу протоколго тийиштүү жазуу жазылат. Мындай учурда ыйгарым укуктуу органдын жайына алып келүүнүн башталышынын жана бүтүшүнүн так убактысы көрсөтүлөт. Ыйгарым укуктуу органдын жайына чейин алып келүү (ташуу) убактысы үч сааттан ашпоого тийиш.

4. Адамдын талабы боюнча ыйгарым укуктуу орган ага алып келинген убакытты жана протоколду түзүүнү тастыктаган документтерди берүүгө милдеттүү.

5. Ушул берененин 2 жана 3-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн мөөнөт адам талаптарды аткаруунун натыйжасында ыйгарым укуктуу органдын өкүлү менен же тийиштүү жайда (транспорт каражатында) калган учурдан башталат.

6. Адам суроолорго түшүндүрмөлөрдү берүүдөн баш тарткан учурда, ыйгарым укуктуу орган протокол түзүү үчүн зарыл болгон адам жөнүндө маалыматтарды өз алдынча аныктоого милдеттүү.

7. Ыйгарым укуктуу орган протоколду түзүүнүн ар бир учурун ушул Кодекстин 55-беренесине ылайык Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалымат тутумуна (АМТ) киргизет.

 

520-берене. Укук бузуулар жөнүндө протокол түзүлбөй турган учурлар

 

1. Ушул Кодекстин 21-главасында каралган жана автоматтык режимде иштеп турган фото жана кино тартуу, видеожазуу функциялары бар сертификатталган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарды колдонуу менен түшүрүлгөн укук бузуулар аныкталган учурда укук бузуулар жөнүндө протокол түзүлбөйт, ал эми укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтом укук бузуулар жөнүндө өндүрүш ачылган адамдын катышуусу жок чыгарылат жана ушул Кодекстин 539-беренесинде каралган тартипте жол-жоболоштурулат.

2. Автоматтык режимде иштеп жаткан фото жана кино тартуу, видео жазуу функциялары бар сертификатталган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарын колдонуу менен алынган материалдарды тиркемеси менен, укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтом электрондук документ түрүндө жол-жоболоштурулат, анын юридикалык күчү ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамынын электрондук санариптик кол тамгасы менен тастыкталат.

3. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтом жана автоматтык режимде иштеп жаткан фото жана кино тартуу, видео жазуу функциялары бар сертификатталган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарын колдонуу менен алынган материалдар электрондук документти кагаз түрүндөгү документке которуу жолу менен даярдалат. Ошол токтомдун көчүрмөсү укук бузуулар жөнүндө иш өндүрүшү ачылган адамга почта, тапшырык почта жөнөтүүлөрү боюнча же электрондук түрдө укук бузуулар субъектинин электрондук почтасына жөнөтүлөт, же болбосо электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы же көрсөтүлгөн токтом чыгарылган күндөн тартып үч күндүн ичинде уюлдук телефонуна СМС-билдирүү аркылуу жарыяланат.

4. Өзгөчө учурларда, ушул Кодекстин 21-главасында каралган укук бузуулар аныкталганда жана автоматтык режимде иштеген фото жана кино тартуу, видео жазуу функциялары бар сертификатталган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарын колдонуу менен аныкталган, ушул Кодекстин 508-беренесине ылайык алар жөнүндө иш боюнча өндүрүш токтотулган, укук бузган жактарга карата кагаз жүзүндө же электрондук түрдө протокол түзүлөт. Иш боюнча андан аркы өндүрүш жалпы тартипте жүзөгө ашырылат.

 

521-берене. Укук бузуу жөнүндө протоколду, укук бузуу жөнүндө иш козгоо тууралуу прокурордун токтомун жөнөтүү

 

1. Укук бузуулар жөнүндө протокол, укук бузуу жөнүндө иш козгоо тууралуу прокурордун токтому (укук бузуу жөнүндө протокол менен бирге) сотко же укук бузуулар жөнүндө ишти кароо боюнча ыйгарым укуктуу органга укук бузуулар жөнүндө протокол түзүлгөн, иш козгоо тууралуу токтом чыгарылган учурдан тартып үч сутканын ичинде жөнөтүлөт.

2. Камакка алуу түрүндө жаза чарасына алып келген укук бузуу жөнүндө протокол түзүлгөндөн кийин токтоосуз соттун кароосуна өткөрүп берилет.

3. Укук бузуулар жөнүндө протокол туура эмес түзүлгөндө жана иштин башка материалдары туура эмес жол-жоболоштурулганда укук бузуулар жөнүндө ишти караган соттон же органдан алган күндөн тартып үч суткадан ашык эмес мөөнөттө протоколдун жана башка материалдардын кемчиликтери жоюлат.

4. Укук бузуулар жөнүндө протокол жана иштин башка материалдары кайтарылганда, ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган учурларда протоколдун жана иштин башка материалдарынын кемчиликтери жоюлган күндөн тартып үч сутканын ичинде укук бузуулар жөнүндө ишти караган сотко же органга кайрадан жөнөтүлөт.

 

55-глава Укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштүн мыйзамдуулугун камсыз кылуу чаралары

 

522-берене. Укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштүн мыйзамдуулугун камсыз кылуу чараларынын түрлөрү

 

Укук бузуулар жасалган жерде протоколду түзүү мүмкүн болбогондо, укук бузууга бөгөт коюу, аны бузду деп шектелгендин өздүгүн аныктоо, укук бузуу жөнүндө протоколду түзүү, ишти өз убагында жана туура кароону камсыз кылуу жана иш боюнча кабыл алынган токтомду аткаруу максатында ыйгарым укук берилген кызмат адамы өз ыйгарым укуктарынын чегинде укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү камсыз кылуунун төмөнкү чараларын көрүүгө укуктуу:

1) укук бузуулар жөнүндө протокол түзүлгөн жерге укук бузуучуну алып келүүгө;

2) кармоого;

3) айдап келүүгө;

4) жеке текшерүүгө жана транспорт каражатын, чакан кемени жана буюмдарды карап чыгууга;

5) алкоголь, баңги зат, психотроптук жана башка маң кылуучу заттар менен мас болгон абалды аныктоону күбөлөндүрүүгө.

 

523-берене. Укук бузуучуну укук бузуу жѳнүндѳ протокол түзүү жерине алып келүү

 

1. Укук бузуучуну укук бузуу жөнүндө протокол түзүү жерине алып келүү – эгерде протокол түзүү милдеттүү болуп саналса, аны жеринде түзүү мүмкүн болбогондо укук бузуу жөнүндө протоколду түзүү максатында адамды мажбурлап коштоп келүү. Алып келүү мыйзамдарды сактоону көзөмөлдөө же контролдоо жүктөлгөн кызмат адамдары тарабынан ички иштер органына (милицияга) же башка кызматтык жайга жүзөгө ашырылат.

2. Алып келүү кыска мөөнөттө жүргүзүлүүгө тийиш.

3. Укук бузуу же кармоо тууралуу протоколго алып келүү жөнүндө тиешелүү жазуу жазылат.

 

524-берене. Кармоо

 

1. Кармоо – жеке жактын эркиндигин кыска мөөнөткө чектөө, эгерде бул жарандардын, коомдун коопсуздугун камсыз кылуу, ишти туура кароо, укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтомду аткаруу үчүн зарыл болсо, өзгөчө учурларда гана колдонулушу мүмкүн.

2. Укук бузуучунун кармалгандыгы жөнүндө ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан протокол түзүлөт, анда датасы жана убактысы, укук бузуучу жөнүндө маалымат, кармоонун негиздери, буюмдарды убактылуу алып коюу жөнүндө, күбөлөр жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.

Протоколго кармоону жүзөгө ашырган кызмат адамы, эгерде болсо күбөлөр кол коёт.

Адамдарды кармоо жөнүндө маалымат Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалымат тутумуна (АМТ) киргизилет.

3. Кармалган адамдын кармалган жери жөнүндө туугандарына, анын иштеген (окуган) жери боюнча администрацияга, ошондой эле коргоочуга эң кыска мөөнөттө кабарланат.

4. Кармалган адам ыйгарым укуктуу органга иш жүзүндө жеткирилген учурдан тартып ага квалификациялуу юридикалык жардам алууга укук берилет.

5. Он алты жаштан он сегиз жаш курагына чейинки баланы кармоо жөнүндө аны кармаган учурдан тартып үч сааттан кечиктирбестен, анын ата-энесине же алардын ордун алмаштырган адамдарга, ошондой эле бардык зарыл болгон процессуалдык аракеттер ыйгарым укуктуу орган тарабынан аткарылгандан кийин бала өткөрүлүп бериле турган балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга милдеттүү түрдө кабарланат.

6. Кармалган адамга Ушул Кодексте каралган анын укуктары жана милдеттери түшүндүрүлөт, бул тууралуу кармоо жөнүндө протоколго тиешелүү белги коюлат.

7. Прокурор мыйзамсыз кармалган адамды бошотуу жөнүндө токтоосуз түрдө аткарылууга тийиш болгон токтом чыгарууга укуктуу.

8. Кыргыз Республикасынын Президенти, экс-президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, судья, Кыргыз Республикасынын Президенттигине катталган талапкерлер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер, прокурор, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен) жана анын орун басарлары кармалышы жана укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү камсыз кылуу чараларына тартылышы мүмкүн эмес.

 

525-берене. Кармоону жүзөгө ашырууга укуктуу органдар

 

Укук бузуу жасаган адамды кармоо мыйзамдарга ылайык буга ыйгарым укуктуу органдар (кызмат адамдары) тарабынан гана жүргүзүлүшү мүмкүн, атап айтканда:

1) ички иштер органдары тарабынан – үй-бүлөлүк зомбулук, үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча адамга берилген коргоо ордеринин шарттары бузулганда; майда бейбаштык; өзгөчө кырдаалдын шарттарында белгиленген талаптар бузулганда; алкоголдук, баңги же башка мас абалында жол кыймылынын эрежелери; аңчылык эрежелери бузулганда; баңги каражаттарын же болбосо психотроптук заттарды сатуу максатын көздөбөстөн, аз өлчөмдө мыйзамсыз даярдоодо, сатып алууда, сактоодо, ташууда же жөнөтүүдө;

2) экологиялык коопсуздук, айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары тарабынан – флора жана фауна объекттерине тийиштүү укук бузуулар жасалганда;

3) Мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдары тарабынан – чек ара режими же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында режим бузулганда жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан чыгарылган укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтомду аткаруу үчүн;

4) бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдары тарабынан бажы ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдар бузулганда;

5) транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган – транспортту эксплуатациялоо ченемдери бузулганда.

 

526-берене. Кармоо мөөнөттөрү

 

1. Укук бузган адамды кармоо мөөнөтү үч сааттан ашпоого тийиш.

2. Өзгөчө учурларда, материалдар сот же согуштук же өзгөчө абал шарттарында комендант тарабынан каралганга чейин, укук бузуу боюнча кошумча жагдайларды тактоо зарыл болгондо же кармалган адамдын өздүгүн аныктоо зарыл болгондо, ички иштер органынын башчысы же анын орун басарлары тарабынан кармоо мөөнөтү кармалган учурдан тартып 24 сааттын ичинде, бул жөнүндө прокурорго жазуу жүзүндө кабарлоо менен 48 саатка чейин узартылышы мүмкүн, мында кармалган адам кармалган учурдан тартып 24 сааттын ичинде анын кармалуусунун мыйзамдуулугу жөнүндө маселени чечүү үчүн сотко жеткирилүүгө тийиш.

3. Мамлекеттик чек ара режимин же Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимди бузган адамдар протокол түзүү үчүн үч саатка чейинки мөөнөткө, ал эми ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган учурларда 48 саатка чейинки мөөнөткө кармалышы мүмкүн, мында кармалган адам кармалган учурдан тартып 24 сааттын ичинде анын кармалуусунун мыйзамдуулугу жөнүндө маселени чечүү үчүн сотко жеткирилүүгө тийиш, ошондой эле бул тууралуу кармалган учурдан тартып 24 сааттын ичинде прокурорго жазуу жүзүндө кабарландырылат.

4. Эгерде адамды кармоого негиздер жок болуп чыкса, ал токтоосуз бошотулууга тийиш.

5. Кармалган ар бир адамга кармоонун жүйөсү жөнүндө кечиктирилбей билдирилүүсү, медициналык кароого, дарыгердин жардамына жана мамлекет кепилдеген квалификациялык юридикалык жардамга укугун кошуп алганда, анын укуктары түшүндүрүлүүгө жана камсыз кылынууга тийиш.

6. Иш жүзүндө эркиндигинен ажыратылган учурдан тартып адамга кармоону жүргүзгөн орган тарабынан коопсуздук камсыз кылынат.

7. Кармалган адамга анын кармалгандыгы жана жайгашкан жери тууралуу телефон аркылуу туугандарына кабарлоого мүмкүнчүлүк берилет.

8. Кармоонун мөөнөтү укук бузуучуну факт жүзүндө кармаган учурдан тартып эсептелет, бул тууралуу кармоо жөнүндө протоколдо көрсөтүлөт.

 

527-берене. Алып келүү

 

1. Иш боюнча өндүрүш жүргүзүлүп жаткан жеке жакты же юридикалык жактын өкүлүн, жоопкерчиликке тартылуучу он алтыдан он сегиз жашка чейинки курактагы баланын мыйзамдуу өкүлүн алып келүү, алар талаптагыдай кабарланган шартта, жүйөлүү себептерсиз эки жолудан көп келбей койгон учурда ишке ашырылат.

2. Алып келүү ички иштер органы тарабынан соттун же укук бузуу жөнүндө ишти карап жаткан ыйгарым укуктуу органдын токтомунун негизинде жүргүзүлөт.

 

528-берене. Өздүк кароо жана буюмдарын карап чыгуу

 

1. Өздүк кароого ыйгарым укуктуу ички иштер органдарынын, аскерлештирилген күзөттүн, Мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын буга ыйгарым укуктуу кызмат адамдары тарабынан, ал эми мыйзамдарда түздөн-түз каралган учурларда, буга ыйгарым укуктуу башка органдар тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.

2. Өздүк кароо каралуучу менен бирдей жыныстагы ыйгарым укуктуу адам тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.

3. Транспорт каражатын, чакан кемелерди жана буюмдарды кароо ички иштер органдарынын, салык кызматынын, аскерлештирилген күзөттүн, Мамлекеттик чек араны коргоо, бажы иштери, экологиялык коопсуздук боюнча жана айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын, ошондой эле мыйзамдарда түздөн-түз каралган учурларда, башка органдардын буга ыйгарым укуктуу кызмат адамдары тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.

4. Транспорт каражатын, чакан кемени, буюмдарды, кол жүгүн, багажды, аңчылык жана балык уулоо куралдарын, олжолонгон продукцияны жана башка буюмдарды кароо алар менчигинде же ээлигинде болгон адамдын катышуусунда жүзөгө ашырылат. Кийинкиге калтырууга болбой турган учурларда, көрсөтүлгөн буюмдар, предметтер менчик ээси (ээлик кылуучу) жок болгон учурда фото жана видеожазуу техникалык каражаттарын колдонуу менен каралышы мүмкүн.

5. Өздүк кароо жана транспорт каражатын, чакан кемелерди жана буюмдарды карап чыгуу жөнүндө протокол түзүлөт же болбосо укук бузуу жөнүндө протоколго же кармоо жөнүндө протоколго тиешелүү жазуу жазылат.

 

529-берене. Алкоголь, баңгизат, психотроптук жана башка маң кылуучу заттар менен мас болгон абалды аныктоону күбөлөндүрүү

 

1. Транспорт каражатын башкарган адамдын мас абалында экендигинин ачык белгилери болсо, анын мас абалын күбөлөндүрүү үчүн атайын техникалык каражаттар колдонулат. Бул адам атайын техникалык каражаттарды пайдалануу менен мас абалын күбөлөндүрүүдөн баш тартканда, же болбосо мындай күбөлөндүрүүнүн жыйынтыгы менен макул болбогондо, ал медициналык күбөлөндүрүүгө жиберилет.

Күбөлөндүрүү жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

2. Мас абалын күбөлөндүрүү үчүн атайын техникалык каражаттарды колдонуу жөнүндө же медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө протоколго белги коюлат, анын көчүрмөсү өзүнө карата ушундай чара көрүлүп жаткан адамга тапшырылат.

3. Мас абалын күбөлөндүрүү үчүн атайын техникалык каражаттарды колдонуу жөнүндө же медициналык күбөлөндүрүү жүргүзүү жөнүндө белги укук бузуу жөнүндө протоколго аны түзгөн кызмат адамы, ошондой эле мас абалын күбөлөндүрүү үчүн атайын техникалык каражаттар колдонулган же медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөн айдоочу кол коёт. Айдоочу протоколго кол коюудан баш тартканда бул тууралуу протоколго тиешелүү жазуу жазылат. Айдоочу протоколдун мазмуну боюнча түшүндүрмө берүүгө жана сын пикирин айтууга, ошондой эле ага кол коюудан баш тартуусунун себептерин көрсөтүүгө укуктуу. Мындай түшүндүрмөлөр жана сын пикирлер протоколго тиркелет. Протоколдун көчүрмөсү айдоочуга берилет.

4. Мас абалын медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө акт тиешелүү протоколго тиркелет.

 

530-берене. Кармоого, өздүк кароого, транспорт каражаттарын, чакан кемелерди жана буюмдарын кароого, мүлкүн убактылуу алып коюуга даттануу

 

Кармоо, өздүк кароо, транспорт каражаттарын, чакан кемелерди жана буюмдарды кароо, мүлкүн убактылуу алып коюу, күбөлөндүрүү жүргүзүүгө кабылган адам ушул Кодекстин 547-беренесине ылайык тийиштүү чечимге карата сотко даттанууга укуктуу.

 

56-глава. Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо

 

531-берене. Укук бузуулар жөнүндө ишти кароого даярдоо

 

Сот же ыйгарым укуктуу орган укук бузуу жөнүндө ишти кароого даярдоодо төмөнкү маселелерди аныктайт:

1) тиешелүү ишти кароо анын компетенциясына киреби;

2) тиешелүү ыйгарым укуктуу органдын ишти кароосун жокко чыгарган жагдайлар барбы;

3) укук бузуу жөнүндө протокол, ошондой эле иштин башка материалдарын жол-жоболоштуруу туура түзүлгөнбү;

4) ушул Кодекстин 510-беренесинде каралган укук бузуу жөнүндө өндүрүштү жокко чыгаруучу жагдайлар барбы;

5) укук бузууларды маңызы боюнча кароо үчүн колдо бар материалдар жетиштүүбү;

6) өтүнүчтөр же четтетүүгө билдирүүлөр барбы.

 

532-берене. Ыйгарым укуктуу органдын өкүлүн четтетүүгө негиздер

 

Укук бузуулар жөнүндө өндүрүштө жаткан ишти сот, ыйгарым укуктуу органдын өкүлү, ыйгарым укуктуу органдын комиссиясынын мүчөлөрү төмөнкү учурларда карай албайт, эгерде ал:

1) укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын же жабыр тартуучунун, алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, жактоочунун же өкүлүнүн тууганы болсо;

2) иштин чечилишине жеке, түз же кыйыр кызыкдар болсо.

 

533-берене. Укук бузуулар жөнүндөгү ишти кароого даярдоодо сот же ыйгарым укуктуу орган кабыл алуучу чечим

 

1. Укук бузуулар жөнүндө ишти кароого даярдоодо сот же ыйгарым укуктуу орган төмөнкүдөй чечим кабыл алат:

1) ишти кароонун убактысын жана ордун дайындоо жөнүндө;

2) адамдарды чакыруу, иш боюнча зарыл кошумча материалдарды талап кылуу, экспертизаны дайындоо жөнүндө;

3) ишти кароону кийинкиге калтыруу жөнүндө;

4) протокол түзүүгө жана башка иштин материалдарын жол-жоболоштурууга укугу жок адам тарабынан түзүлгөн, протокол түзүү/токтом чыгаруу жана башка материалдарды жол-жоболоштуруу туура эмес болгондо, же болбосо ишти кароодо берилген материалдардын толуктоого мүмкүн болбогон толук эмес болгон учурларда, протокол/токтом түзгөн ыйгарым укуктуу органдын өкүлүнө же кызмат адамына укук бузуу жөнүндө протоколду жана иштин башка материалдарын кайтарып берүү жөнүндө;

5) эгерде ошол ишти кароо анын компетенциясына кирбесе, үч жумушчу күндүн ичинде укук бузуулар жөнүндө протоколду/токтомду жана башка материалдарын караштуулугуна жараша кайтарып берүү жөнүндө;

6) ушул Кодексте каралган учурларда судьяны, ыйгарым укуктуу органдын өкүлүн четтетүү жөнүндө;

7) ушул Кодекстин 508-беренесинде каралган жагдайлар болгондо өндүрүштү токтотуу жөнүндө;

8) ушул Кодекстин 510-беренесинде каралган жагдайлар болгондо өндүрүштү кыскартуу жөнүндө.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1–6-пункттарында каралган чечимдер аныктама түрүндө чыгарылат.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 7 жана 8-пункттарында каралган чечим токтом түрүндө чыгарылат.

4. Соттун жана ыйгарым укуктуу органдын бардык чечимдери Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалымат тутумуна (АМТ) киргизилет.

 

534-берене. Укук бузуулар жөнүндө иш каралган жер

 

1. Ушул Кодекстин 56–59, 70–72, 96, 99, 126–129, 131, 193, 271, 401, 410, 411, 421–426-беренелеринде, 431-беренесинин 2-бөлүгүндө, 433, 435–439-беренелеринде каралган укук бузуулар боюнча иштер укук бузуу жасалган жерде каралат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди кошпогондо, укук бузуулар боюнча иштер ыйгарым укуктуу орган жайгашкан жер боюнча каралат.

 

535-берене. Укук бузуулар жөнүндө ишти кароонун мөөнөтү

 

1. Укук бузуулар жөнүндө иш сот же ыйгарым укуктуу орган тарабынан укук бузуу жөнүндө протокол/прокурордун укук бузуу тууралуу ишти козгоо жөнүндө токтому жана иштин башка материалдары алынган күндөн тартып он күндүк мөөнөттө каралат.

2. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштүн катышуучусунан өтүнүч келип түшкөн же болбосо иш жагдайларын кошумча аныктоо зарыл болгон учурларда ишти кароо мөөнөтү, ишти караган сот же ыйгарым укуктуу орган тарабынан он күндөн ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн.

3. Жаза чарасы катары камакка алуу түрүндө каралган укук бузуулар жөнүндө иш укук бузуулар жөнүндө протокол жана башка иштин материалдары келип түшкөн күнү, бирок адам кармалган учурдан тартып 48 сааттан кечиктирилбей каралат.

 

536-берене. Укук бузуулар жөнүндөгү ишти кароо тартиби

 

1. Сот же ыйгарым укуктуу орган укук бузуулар жөнүндөгү ишти кароого киришип:

1) ишти ким карай тургандыгын, кандай иш карала тургандыгын, укук бузуу үчүн ким жана ушул Кодекстин кайсы беренесинин негизинде жоопкерчиликке тартыларын жарыялайт;

2) ушул Кодекстин 520-беренесинде каралган учурларды кошпогондо, жеке жактын, же жеке жактын мыйзамдуу өкүлүнүн же болбосо юридикалык жактын мыйзамдуу өкүлүнүн, ошондой эле ишти кароого катышуучу башка жактардын келгендигин күбөлөндүрөт;

3) иш боюнча өндүрүштүн катышуучуларынын ким экенин аныктайт жана жактын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, жактоочунун жана ыйгарым укуктуу өкүлдүн ыйгарым укуктарын текшерет;

4) иш боюнча өндүрүштүн катышуучуларынын келбей калышынын себептерин айкындайт жана алар жокто ишти кароо же болбосо ишти кароону кийинкиге калтыруу тууралуу чечим кабыл алат;

5) ушул Кодекстин 527-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурларда ишти кароодо анын катышуусу милдеттүү болуп саналган адамды айдап келүү жөнүндө аныктама чыгарат;

6) ишти кароого катышып жаткан жактардын укуктарын жана милдеттерин чечмелеп түшүндүрөт;

7) билдирилген четтетүүлөрдү жана өтүнүч каттарды чечет;

8) укук бузуулар жөнүндөгү протоколду/токтомду, ал эми зарылчылык болгондо – иштин башка материалдарын жарыя кылат.

2. Сот же ыйгарым укуктуу орган тарабынан иш боюнча өндүрүш жүргүзүлүп жаткан жеке жактын, юридикалык жактын өкүлүнүн түшүндүрмөсү, укук бузуулар жөнүндө өндүрүшкө катышып жаткан башка жактардын көрсөтмөлөрү, адистин түшүндүрмөсү жана эксперттин корутундусу угулат, башка далилдер териштирилет, ишти кароодо прокурор катышкан учурда анын позициясы угулат.

Сот ишке катышкан жактардын, алардын өкүлдөрүнүн өтүнүчү боюнча же өз демилгеси менен ишке катышкан жактардын сот отурумуна видео-конференц-байланыш тутумун пайдалануу жолу менен катышуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени чечет.

3. Сот укук бузуулар жөнүндө иштерди адвокаттын жана прокурордун катышуусу менен карайт.

4. Иш боюнча ыйгарым укуктуу органдын комиссиясынын чечими жыйналышка катышкан комиссия мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Ыйгарым укуктуу органдын комиссиясынын отуруму, эгерде ага комиссия мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн эки көпчүлүк мүчөлөрү катышса, комиссиянын отуруму болуп өттү деп эсептелет.

 

537-берене. Укук бузуулар жөнүндөгү ишти кароодо такталууга тийиш болгон жагдайлар

 

Сот же ыйгарым укуктуу орган укук бузуулар жөнүндөгү ишти кароодо төмөнкүлөрдү аныктоого милдеттүү:

1) укук бузуу фактысы болгондугун;

2) аны жасаганга ушул жактын күнөөлүүлүгүн же күнөөсүнүн жоктугун;

3) укук бузуу үчүн бул адам жоопкерчиликке тартылууга тийишпи;

4) жоопкерчиликти жеңилдеткен жана оордоткон жагдайларды;

5) материалдык зыян келтирилгендигин;

6) ишти туура чечүү үчүн мааниге ээ болгон тиешелүү башка жагдайларды.

 

538-берене. Укук бузуулар жөнүндө ишти кароонун протоколу

 

1. Сот же ыйгарым укуктуу орган тарабынан укук бузуу жөнүндө ишти кароодо, ушул Кодекстин 520-беренесинде каралган учурларды кошпогондо, протокол жүргүзүлөт.

2. Ишти кароонун протоколунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) ишти кароочу күн жана орду;

2) судьянын кызматы, фамилиясы, аты, атасынын аты же ыйгарым укуктуу органдын комиссиясынын аталышы жана курамы;

3) кандай иш каралып жаткандыгы;

4) ишти кароодо катышуучу адамдардын келиши жөнүндө маалыматтар;

5) баш тартуулар, өтүнүчтөр жана аларды кароонун натыйжалары;

6) ишти кароого катышуучу тиешелүү адамдардын түшүндүрмөлөрү, көрсөтүүлөрү, түшүндүрүүлөрү жана корутундулары;

7) ишти кароодо изилденген документтер көрсөтүлөт.

3. Протоколго тиешелүү түрдө судъя жана сот отурумунун катчысы, ыйгарым укуктуу органдын комиссиясынын төрагасы жана ыйгарым укуктуу органдын комиссиясынын катчысы кол коёт.

 

539-берене. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтом

 

Сот же ыйгарым укуктуу орган (анын кызмат адамдары) укук бузуу жѳнүндѳ иш боюнча кагаз түрүндө же болбосо электрондук кол тамга менен күбөлөндүрүлгөн электрондук документ формасында токтом чыгарат, бул маалыматтар Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалымат тутумуна (АМТ) киргизилет.

2. Токтомдо төмөнкүлөр камтылууга тийиш:

1) соттун аталышы, судьянын же токтом чыгарган ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамынын фамилиясы, аты, атасынын аты;

2) ишти кароо күнү;

3) иши каралып жаткан адам жөнүндө (жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы менен байланышкан укук бузуулар боюнча, транспорттук каражат жөнүндө) маалымат;

4) ишти кароодо аныкталган жагдайлардын баяндамасы;

5) бул укук бузуулар үчүн жоопкерчилик каралган ушул Кодекстин беренесин көрсөтүү;

6) иш боюнча кабыл алынган чечим.

3. Эгерде сот же ыйгарым укуктуу орган тарабынан жаза чарасын колдонуу жөнүндө маселени чечүүдө бир эле убакта күнөлүүнүн материалдык зыяндын ордун толтуруусу жөнүндө маселе чечилсе, анда иш боюнча токтомдо орду толтурууга тийиш болгон зыяндын өлчөмү, ордун толтуруу мөөнөтү жана тартиби көрсөтүлөт.

4. Мүлктү убактылуу алып коюу түрүндөгү кошумча укуктук кесепеттер колдонулган учурда соттун иш боюнча токтому менен ушул Кодекстин 540-беренесине ылайык алып коюлган мүлктүн андан аркы тагдыры жөнүндө маселе чечилиши керек.

Мүлктү убактылуу алып коюу түрүндөгү кошумча укуктук кесепеттер колдонуунун алкагында ыйгарым укуктуу орган ишти караган учурда, ал укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтомду жана протоколду, ошондой эле ушул Кодекстин 540-беренесинде каралган тартипте чечим кабыл алуу үчүн башка материалдарды сотко жөнөтөт.

5. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча кабыл алынган токтомго судъя, ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы кол коёт.

6. Укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтом, эгерде ал даттанылбаса, даттануунун мөөнөтү бүткөндөн кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.

 

540-берене. Алып коюлган мүлк жөнүндө чечим кабыл алуу

 

1. Мүлктү убактылуу алып коюу түрүндөгү кошумча укуктук кесепеттер колдонулган учурда ыйгарым укуктуу орган укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтомду жана протоколду сотко жөнөтөт, ошондой эле ушул беренеде каралган учурларды кошпогондо, чечим кабыл алуу үчүн башка материалдар да, бул жөнүндө маалыматтар Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалымат тутумуна (АМТ) киргизилет.

2. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтом, башка материалдар ыйгарым укуктуу орган тарабынан ага даттануу мөөнөтү өтүп кеткен учурдан тартып үч күндүн ичинде сотко жөнөтүлөт.

3. Сот ыйгарым укуктуу органдан материалдарды алганда 10 календардык күндүн ичинде аларды карайт жана төмөнкүдөй чечимдердин бирин чыгарат:

1) убактылуу алып коюлган мүлктү ээсине кайтарып берүү жөнүндө;

2) убактылуу алып коюлган мүлктү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жок кылуу жөнүндө;

3) убактылуу алып коюлган мүлктү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте конфискациялоо жөнүндө.

Ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген материалдарды кароонун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган соттун чечими токтом түрүндө чыгарылат.

4. Соттун чечими ушул Кодекске ылайык апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн.

 

541-берене. Токтомдордун түрлөрү

 

1. Сот же ыйгарым укуктуу орган укук бузуу жѳнүндѳ иш боюнча төмөнкүдөй, алардын электрондук көрүнүшү Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалымат тутуму (АМТ) тарабынан түзүлгөн токтомдордун бирин чыгарат:

1) жаза чарасын колдонуу жөнүндө;

2) иш боюнча өндүрүштү кыскартуу жөнүндө;

3) туумду кошуп эсептөө жөнүндө.

2. Адам айып пул төлөөдөн баш тарткан жана ушул Кодекстин 35-беренесинде көрсөтүлгөн туум эң көп өлчөмгө жеткен учурда, ыйгарым укуктуу орган туумду кошуп эсептөө жөнүндө токтом чыгарат.

Туумду кошуп эсептөө жөнүндө токтом анын өлчөмүн, ошондой эле айып пулдун өлчөмүн жана жаза чарасына алынууга тийиш болгон жалпы сумманы көрсөтүү менен сот аткаруучуларынын ишин уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга аткаруу өндүрүшү тууралуу мыйзамдарга ылайык жаза чарасын колдонуу үчүн жиберилет.

3. Соттор тарабынан айып пул салынган иштер боюнча туумду кошуп эсептөө жөнүндө токтом укук бузуу жөнүндө протокол түзгөн орган тарабынан чыгарылат.

4. Ушул Кодекстин 508-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун негизинде токтотулган иш боюнча, ушул Кодекстин 48-беренесинде каралган жаза чарасын колдонуунун эскирүү мөөнөттөрү өтүп кеткендигине байланыштуу өндүрүштү кыскартуу жөнүндө чечим укук бузуулар жөнүндө протоколду түзгөн орган тарабынан кабыл алынат.

 

542-берене. Иш боюнча токтомду жарыялоо жана анын көчүрмөсүн тапшыруу

 

1. Токтом ишти кароо аяктагандан кийин дароо жарыя кылынат.

2. Токтомдун көчүрмөсү үч күндүн ичинде ал өзүнө карата чыгарылган адамга, ошондой эле жабыр тартуучуга тапшырылат же жиберилет, көрсөтүлгөн дареги боюнча почта аркылуу же байланыштын башка каражаттары аркылуу жөнөтүлөт.

3. Токтомдун көчүрмөсү адамга кол койдуруу менен тапшырылат. Эгерде токтомдун көчүрмөсү жөнөтүлсө, ал тууралуу иш кагазына тийиштүү жазуу жазылат.

4. Айып пул салуу жана туумдарды кошуп эсептөө жөнүндө маалыматтар тиешелүү сайтта (порталда) жарыяланат.

 

543-берене. Укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча документтерди тапшыруу

 

1. Ушул Кодексте белгиленген учурларда укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча документтер (аныктамалар, протоколдор, токтомдор, буйруктар) укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштүн катышуучуларына «Почта байланышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тапшырык почта жөнөтмөсү аркылуу сот же ыйгарым укуктуу орган (ыйгарым укуктуу адам) тарабынан жиберилет же болбосо ыйгарым укуктуу кызмат адамы өзү тапшырат.

2. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча документ тиешелүү ыйгарым укуктуу органдын, соттун адамдары тарабынан анын төмөнкүдөй жеткирилгени тууралуу кабарландырылган учурдан тартып тапшырылды деп эсептелет:

1) өзүнө карата укук бузуулар жөнүндө иш боюнча документтер түзүлгөн адамга жеке тапшырылганда;

2) өзүнө карата укук бузуулар жөнүндө иш боюнча документтер түзүлүп жаткан адамдын үй-бүлөсүнүн жашы жеткен мүчөлөрүнүн бирине, ошондой эле ал катталган жеринде жашаган башка адамдарга жеке тапшырылганда.

 

544-берене. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча документти кабыл алуудан баш тартуу

 

1. Өзүнө карата укук бузуу жөнүндө иш боюнча документтер түзүлгөн жак же анын үй-бүлөсүнүн жашы жеткен мүчөлөрү, ошондой эле өзүнө карата укук бузуулар жөнүндө иш боюнча документтер түзүлүп жаткан жактын катталган жеринде жашаган башка жактар укук бузуулар жөнүндө иш боюнча документти кабыл алуудан баш тарткан учурда, документти алып барган адам ага тиешелүү белги коюу менен аны жөнөткөн ыйгарым укуктуу органга (кызмат адамына) кайрадан кайтарат. Мындай учурда укук бузуулар жөнүндө иш боюнча документ расмий тартипте тапшырылды деп эсептелет.

2. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча документ даректелген жактын документти кабыл алуудан баш тартуусу ишти кароо же болбосо айрым процесстик иш-аракеттерди жасоо үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.

 

545-берене. Кабарландыруу

 

Сот же ыйгарым укуктуу орган ишти кароо же башка процесстик аракеттерди ишке ашыруу башталганга чейин 24 сааттан кечиктирилбестен кабарландыруу (билдирүү, чакыруу кагазын, телефонограмма, телеграмма жөнөтүү, факсимилдик байланыш, электрондук почта же башка мындай билдирүү фактысын тастыктаганга мүмкүнчүлүк берген байланыш каражаттарын колдонуу) аркылуу укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштүн катышуучуларына ишти кароонун датасы жана орду, айрым процесстик аракеттер тууралуу билдирет, иштерди кароодо же башка процесстик аракеттерди ишке ашырууга катышуу үчүн аларды чакырат.

 

546-берене. Фото жана кино тартуу, видео фиксациялоо функциялары бар атайын техникалык каражаттардын жардамы менен аныкталган укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү жүргүзүүнүн өзгөчөлүгү

 

1. Ушул Кодексте жоопкерчилик каралган укук бузуулар фото жана кино тартуу, видео фиксациялоо функциялары бар атайын техникалык каражаттардын жардамы менен аныкталганда атайын техникалык каражаттардан алынган маалыматтар (сертификатталган программалык камсыз кылуу аркылуу электрондук форматта реалдуу убакыт режиминде) укук бузган адамдын катышуусуз электрондук токтом түзүү (толтуруу) үчүн тиешелүү ыйгарым укуктуу органдын автоматташтырылган маалыматтык тутумуна (маалымат базасына) жиберилет. Реалдуу убакыт режиминде укук бузуулар жөнүндө электрондук токтом толтурулгандан (түзүлгөндөн) кийин ал «Электрондук колтамга жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте аткаруу бийлигинин тиешелүү органынын тиешелүү ыйгарым укуктуу кызмат адамынын электрондук колтамгасы менен бекитилет.

2. Аткаруу бийлигинин тиешелүү органынын автоматташтырылган маалыматтык тутумунун маалыматтарынын негизинде транспорт каражатынын менчик ээсине карата укук бузуулар жөнүндө токтом толтурулат (түзүлөт).

3. Ушул Кодекстин 21-главасында каралган маалыматтарга толуктоо иретинде укук бузуулар жөнүндө токтомдо төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) укук бузууну аныктоо үчүн пайдаланылган атайын техникалык каражаттардын (укук бузуу жасалган фактыны далилдеген жана ээси (менчик ээси) жөнүндө маалыматтарды ырастаган фото жана видео материалдар) жардамы менен алынган маалыматтар;

2) укук бузуулар жөнүндө электрондук токтомго байланыштуу өтүнүч каттарды берүүнүн тартиби;

3) айып пулдун суммасы жана аны төлөөнүн тартиби.

4. Ушул Кодексте каралган укук бузуулардын фото сүрѳттѳрү жана видео жазуулары укук бузуулар жөнүндө тиешелүү иш боюнча өндүрүш аяктаганга чейин сакталат.

5. Фото жана кино тартуу, видео фиксациялоо функциялары бар атайын техникалык каражаттардын жардамы менен аныкталган бир эле укук бузуу үчүн укук бузуу жөнүндө токтомду кайталап түзүүгө тыюу салынат. Фото жана кино тартуу, видео фиксациялоо функциялары бар, иштеп жаткан атайын техникалык каражаттар орнотулган жерлерде электрондук токтом гана түзүлөт.

6. Өзүнө карата укук бузуу жөнүндө түзүлгөн токтом, адам ага макул болбогон учурда ыйгарым укуктуу органга өтүнүч кат менен кайрыла алат. Өтүнүч кат жеке өзүнө жеткирилиши, почта же Интернет маалыматтык-коммуникациялык түйүнү аркылуу, укук бузгандыгы жөнүндө токтом тапшырылган күндөн тартып он күндүн ичинде жөнөтүлүшү мүнкүн.

Токтом менен макул болбогон адамдын өтүнүчү ушул Кодекстин 533-беренесинде белгиленген тартипте каралат.

 

57-глава. Иш боюнча токтомго даттануу тартиби

 

547-берене. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтомго даттануу тартиби жана мөөнөтү

 

1. Укук бузуу жөнүндө иш боюнча ыйгарым укуктуу органдын токтому райондук (шаардык) сотко даттанылышы мүмкүн.

2. Укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтомго даттануу токтомдун көчүрмөсү тапшырылган же аны почта аркылуу алган күндөн тартып, он күндүн ичинде берилиши мүмкүн. Көрсөтүлгөн мөөнөт жүйөлүү себептерден улам өтүп кеткен учурда өзүнө карата токтом чыгарылган адамдын арызынын негизинде бул мөөнөт сот тарабынан ордуна келтирилет.

Мөөнөттү өткөрүп жиберүүнүн жүйөлүү себептери документтер менен тастыкталган адамдын оорусу, анын иш сапарында жүргөндүгү, табигый кырсыктар ж.б. болушу мүмкүн.

3. Соттун, сотко түздөн-түз караштуулугу боюнча ушул Кодекстин 454-беренесинде каралган укук бузуулар боюнча кабыл алынган токтом областтык жана аларга теӊештирилген сотторго токтомдун көчүрмөсү берилген күндөн тартып он күндүн ичинде апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн.

 

548-берене. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтомго прокурордун даттануу укугу

 

Ушул Кодекстин 452-беренесинин 3-бөлүгүнүн 5-пунктунда каралган укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтомго прокурордун даттануу укугу.

 

549-берене. Даттануу берилгендигине байланыштуу токтомдун аткарылышын токтото туруу

 

1. Даттанууну берүү сот тарабынан даттануу каралганга чейин жаза чарасын берүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын токтомунун аткарылышын токтото турат.

2. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча ыйгарым укуктуу органдын токтомуна даттануу келип түшкөн күндөн тартып он күндүк мөөнөттө сот тарабынан каралат.

 

550-берене. Укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтомго даттанууну райондук (шаардык) соттун судьясынын кароосуна даярдоо

 

Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча ыйгарым укуктуу органдын токтомуна даттанууда райондук (шаардык) сот ушул Кодекстин 56-главасында каралган эрежелерди колдонот.

 

551-берене. Райондук (шаардык) соттун судьясы тарабынан укук бузуу жөнүндө иш боюнча ыйгарым укуктуу органдын токтомуна даттануусун кароо

 

1. Укук бузуу жөнүндө иш боюнча ыйгарым укуктуу органдын токтомуна даттанууну кароонун жыйынтыгы менен, райондук (шаардык) соттун судьясы төмөнкүдөй чечимдердин бирин кабыл алат:

1) укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтомду өзгөртүүсүз, ал эми даттанууну – канааттандыруусуз калтыруу тууралуу;

2) укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтомду жокко чыгаруу жана укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү кыскартуу тууралуу.

2. Даттанууларды кароонун жыйынтыгы боюнча чечим токтом түрүндө чыгарылат жана токтоосуз мыйзамдуу күчүнө кирет.

3. Укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтомго даттануу боюнча токтомдун көчүрмөсү үч күндүн ичинде токтом чыгарылган адамга жана жабыр тартуучуга жөнөтүлөт.

 

552-берене. Соттун түздөн-түз караштуулугундагы укук бузуулар боюнча кабыл алынган укук бузуу жөнүндө иш боюнча соттун токтомуна апелляциялык тартиптеги даттанууну областтык же ага теңештирилген сот тарабынан кароо

 

1. Областтык жана ага теӊештирилген сот үч судьянын курамында апелляциялык тартипте ушул Кодекстин 454-беренесине ылайык түздөн-түз соттун караштуулугундагы укук бузуулар боюнча иштин жыйынтыгы менен кабыл алынган укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтомго даттанууну кароонун жыйынтыгы менен, төмөнкүдөй чечимдердин бирин кабыл алат:

1) укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтомду өзгөртүүсүз, ал эми апелляциялык даттанууну, апелляциялык сунушту – канааттандыруусуз калтыруу тууралуу;

2) укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтомду жокко чыгаруу жана иш боюнча өндүрүштү кыскартуу тууралуу.

2. Областтык жана ага теӊештирилген сот укук бузуулар жөнүндө иш боюнча соттун токтомуна даттанууда ушул Кодекстин 56-главасында каралган эрежелерди колдонот.

3. Даттанууларды апелляциялык тартипте кароонун жыйынтыгы боюнча чечим аныктама түрүндө чыгарылат, мыйзамдуу күчүнө токтоосуз кирет жана даттанууга жатпайт.

4. Укук бузуу жөнүндө иш боюнча түздөн-түз соттун караштуулугу боюнча каралган иштин жыйынтыгы менен кабыл алынган токтомго карата берилген апелляциялык даттануу боюнча соттун аныктамасынын көчүрмөсү үч күндүн ичинде ага карата чыгарылган адамга жана жабыр тартуучуга анын өтүнүчү боюнча жөнөтүлөт.

 

553-берене. Укук бузуу жөнүндөгү ишти кыскартуудан улам токтомду жокко чыгаруунун кесепеттери

 

1. Укук бузуу жөнүндөгү ишти кыскартуу менен токтомду жокко чыгаруу айып пул жана туум түрүндө алынган акчалай суммасын, алынып коюлган буюмдарды кайтарып алууга, ошондой эле мурда кабыл алынган токтомго байланыштуу башка чектөөлөрдү жокко чыгарууга алып келет. Буюмдарды кайтарууга мүмкүн болбогондо, укук бузуу жасалган учурдагы анын наркынын орду толтурулат.

2. Зарыл учурларда же ага карата токтом жокко чыгарылган адамдын өтүнүчү боюнча анын иштеген, окуган же жашаган жерине токтомдун жокко чыгарылгандыгы тууралуу билдирилет.

 

554-берене. Укук бузуу жөнүндө иш боюнча ыйгарым укуктуу органдын токтомуна даттануу боюнча кабыл алынган райондук (шаардык) соттун судьясынын токтомуна даттануу

 

1. Укук бузуу жөнүндө иш боюнча ыйгарым укуктуу органдын токтомуна даттануу боюнча кабыл алынган райондук (шаардык) соттун судьясынын токтомуна тараптар аппеляциялык тартипте даттануусу мүмкүн.

2. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча соттун токтомуна даттануу аны чыгарган күндөн тартып он күндүн ичинде берилиши мүмкүн.

3. Апелляциялык инстанциядагы соттогу иш боюнча өндүрүш ушул Кодекстин 56-главасында каралган эрежелер боюнча жүзөгө ашырылат.

4. Даттанууну кароонун жыйынтыгы боюнча апелляциялык инстанциядагы сот төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:

1) апелляциялык даттанууну канааттандыруусуз калтыруу жөнүндө;

2) биринчи инстанциядагы соттун токтомун жокко чыгаруу жөнүндө жана укук бузуулар жөнүндө иш боюнча ыйгарым укуктуу органдын токтомун өзгөртүүсүз калтыруу жөнүндө;

3) биринчи инстанциядагы соттун токтомун жокко чыгаруу жөнүндө жана укук бузуу жөнүндө иш боюнча ыйгарым укуктуу органдын токтомун жокко чыгаруу жана укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү кыскартуу жөнүндө.

5. Апелляциялык даттанууну кароонун жыйынтыгы боюнча чечим аныктама түрүндө чыгарылат.

6. Апелляциялык даттанууну кароонун жыйынтыгы боюнча соттун аныктамасы мыйзамдуу күчүнө токтоосуз кирет жана даттанууга жатпайт.

7. Апелляциялык инстанциядагы соттун аныктамасынын көчүрмөсү беш күндүн ичинде укук бузуулар жөнүндө иш боюнча тараптарга жөнөтүлөт.

 

XI БӨЛҮМ

ЖАЗА ЧАРАЛАРЫН АТКАРУУ ТАРТИБИ

 

58-глава. Жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтомду аткаруу тартиби

 

555-берене. Жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтомду аткаруунун милдеттүүлүгү

 

1. Жаза чарасын колдонуу жөнүндөгү токтомду бардык жеке жана юридикалык жактар аткарууга милдеттүү.

2. Жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтом ал мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып аткарылууга тийиш.

 

556-берене. Жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтомдун аткарылышы

 

1. Соттун жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтомун аткаруу укук бузуу жөнүндө протокол түзгөн органга жүктөлөт.

Калган учурларда жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтомдун аткарылышы ыйгарым укуктуу органга жүктөлөт.

2. Сотттун жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтому даттанылган учурда, ушул токтомду күчүндө калтыруу тууралуу соттун чечими укук бузуулар жөнүндө протокол түзгөн органга аны аткаруу үчүн мыйзамдуу күчүнө киргенден тартып үч сутканын ичинде жөнөтүлөт.

Ыйгарым укуктуу органдын жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтому сотко даттанылган учурда, ушул токтомду күчүндө калтыруу тууралуу соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып үч сутканын ичинде аны аткаруу үчүн ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт.

3. Жаза чарасын колдонуу жөнүндө соттун токтому жокко чыгарылган жана укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүш кыскарган учурда, иштин материалдары архивдик иш боюнча мыйзамдарга ылайык укук бузуу жөнүндө протокол түзгөн органга сактоо үчүн кайтарылып берилет.

Жаза чарасын колдонуу жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын токтому сот тарабынан жокко чыгарылган жана укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүш кыскарган учурда, иштин материалдары Кыргыз Республикасынын архив иши боюнча мыйзамдарына ылайык сактоо үчүн ыйгарым укуктуу органга кайтарылып берилет.

 

557-берене. Жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтомду аткаруу тартиби

 

Жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтом ушул Кодексте белгиленген тартипте аны аткарууга ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

Камакка алуу жөнүндө соттун токтому ички иштер органдары тарабынан ушул Кодексте белгиленген тартипте аткарылат.

Бир адамга карата жаза чара колдонуу жөнүндө бир нече токтом чыгарылган учурда, ар бир токтом өз алдынча аткарылат.

 

558-берене. Жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтомду аткаруунун кыскартылышы

 

Жаза чарасын колдонуу жөнүндөгү токтомду чыгарган сот же ыйгарым укуктуу орган төмөнкү учурларда токтомду аткарууну токтотот:

1) эгерде укук бузуу үчүн адам жоопкерчиликке тартылган ушул Кодекстин беренеси күчүн жоготсо;

2) укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылган адам каза болсо;

3) жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтомду аткаруу мөөнөтүнүн эскириши аяктаса.

 

559-берене. Жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтомду аткаруунун эскириши

 

1. Эгерде жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтом мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып үч жылдын аралыгында аткарууга киргизилбесе, ал аткарылбайт.

2. Эгерде укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылган адам жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтомду аткаруудан баш тартса, эскирүү мөөнөтүнүн жүрүшү токтотулат, мындай учурда эскирүү мөөнөтүн эсептөө ошол адам табылган күндөн баштап кайра жүргүзүлөт.

 

560-берене. Эскертүү берүү жөнүндө токтомдун аткарылышы

 

Эскертүү түрүндө жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтом ушул Кодекстин 542-беренесине ылайык токтом чыгарган сот, же ыйгарым укуктуу орган тарабынан токтомдун көчүрмөсүн тапшыруу же жөнөтүү жолу менен аткарылат.

 

561-берене. Коомдук иштерге тартуу жөнүндө токтомду аткаруу

 

1. Коомдук иштерге тартуу жөнүндө соттун токтому Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте пробация органдары менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталуучу объекттерде укук бузуучунун жашаган жери боюнча пробация органдары тарабынан аткарылат.

2. Коомдук иштердин түрлөрүнүн жана аткаруу объекттеринин тизмеги пробация органдары менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталат.

3. Коомдук иштер түрүндөгү жаза чарасы жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген токтому пробация органдарына келип түшкөн күндөн тартып он күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен аткарылат.

4. Коомдук иштерге тартылган укук бузуучулар соттун токтому күчүнө кирген күндөн тартып он күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен соттун чечимин аткаруу үчүн пробация органына келүүгө милдеттүү.

5. Пробация органдары:

1) коомдук иштерге тартуу түрүндө жаза чарасы колдонулган адамдарды эсепке алууну жүргүзөт;

2) аларга коомдук иштерге тартуу түрүндөгү жаза чарасын өтөө тартибин жана шарттарын түшүндүрөт;

3) коомдук иштерди аткаруунун объекттерин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашат;

4) алар тарабынан иштелген убакыттын суммалык эсебин жүргүзөт.

 

562-берене. Коомдук иштерге тартуу жөнүндө токтомду аткаруунун тартиби жана шарттары

 

1. Коомдук иштер адамдар тарабынан иштен же окуудан бош убакытта акысыз негизде аткарылат.

2. Коомдук иштерге тартуу түрүндөгү жаза чарасы колдонулган адамдар төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) коомдук ишке тартуу түрүндө жаза чарасын аткаруунун белгиленген тартибин жана шарттарын сактоого;

2) алар үчүн белгиленген объекттерде иштөөгө;

3) коомдук иштерди аткаруу жерине өз убагында келүүгө;

4) эмгекке ак ниет мамиле кылууга;

5) ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин администрациясынын мыйзамдуу талаптарын аткарууга;

6) жума ичинде бир жолу катталуу жана профилактикалык аңгемелешүү үчүн пробация органдарына келүүгө.

3. Укук бузуучу I же II топтогу майып деп таанылганда, кош бойлуу болгондо, пробация органдары сотко аларды жаза чарасын андан ары өтөөдөн бошотуу жөнүндө сунуштама жиберет.

4. Коомдук иштердин бир суткадагы узактыгы төмөнкүлөрдөн ашпоого тийиш:

1) 18 жаштан жогору укук бузуучулар (жеке жактар) үчүн – төрт сааттан;

2) жалпы билим берүү уюмдарынын (мектептердин), башталгыч жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын, окуу жылынын ичинде окуусун иш менен айкалыштырган 16 жаштан 18 жашка чейинки окуучулар үчүн – эки сааттан.

5. Укук бузуучуга негизги иштеген жери боюнча кезектеги өргүүнүн берилиши коомдук иштерди аткарууну токтотпойт. Жүйөөлүү себептер болгондо пробация органдары укук бузуучуларга жуманын ичинде сааттардын санынан аз иштөөгө уруксат берүүгө укуктуу.

6. Туруктуу иштеген жери жок жана окуу жайларында окубаган 18 жаштан ашкан укук бузуучуларга алардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен коомдук иштерге тартуу убактысы күнүнө сегиз саатка чейин, бирок жумасына кырк сааттан ашык эмес узартылышы мүмкүн.

7. Коомдук иштерди аткаруу аныкталган ишкананын, уюмдун жана мекеменин администрациясына төмөнкүлөр жүктөлөт:

1) эмгек жөнүндө мыйзамдарга ылайык, эмгектин коопсуз шарттарын камсыз кылуу;

2) адамдардын алар үчүн аныкталган иштерди аткаргандыгын контролдоо,

3) иштелип бүткөн убакыттын эсепке алуу табелин жүргүзүү, пробация органына учурдагы жуманын акыркы күнүнөн кечиктирбестен аткарылган иштердин актыларын түзүү жана жөнөтүү;

4) адамдардын коомдук ишти аткарууда жүрүм-туруму жана/же андан баш тарткандыгы тууралуу пробация органдарына маалымдоо жана кабарлоо.

8. Коомдук иштерди аткаруу учурунда адам жаракат алган учурда зыяндын ордун толтуруу эмгек мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

9. Укук бузуучу тарабынан коомдук иштерди аткаруунун тартиби жана шарттары бузулса, пробация органы анын себептерин аныктагандан кийин мыйзамдарга ылайык каралган жаза чарасынын башка түрүнө алмаштыруу жөнүндө укук бузуучуга жазуу жүзүндө эскертет.

10. Коомдук иштердин тартибин жана шарттарын бузуу болуп төмөнкүлөр саналат:

1) соттун токтому күчүнө кирген күндөн тартып он күндүн ичинде пробация органына өз убагында келбей коюу;

2) коомдук иштерди аткаруу жерине өз убагында келбөө;

3) эмгек тартибин бузуу;

4) эмгекке карата ак ниет мамиле жасабоо;

5) пробация органына каттоо үчүн жүйөлүү себептерсиз бир жолку келбей коюу;

6) ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин администрациясынын мыйзамдуу талаптарын көӊүлгө албоо;

7) коомдук иштерди аткаруу тартибин жана шарттарын кайталап бузуу.

11. Укук бузуучунун пробация органына белгиленген мөөнөттө келбей коюусунун жүйөлүү себептери болуп оорусу жана башка документтер менен тастыкталган аны пробация органына өз убагында барууга тоскоолдук жараткан жагдайлар эсептелет.

12. Пробация органы коомдук иштерди аткаруудан качкан укук бузуучуларга карата сотко сунуштама киргизет.

 

563-берене. Айып пул салуу жөнүндө токтомду аткаруу мөөнөтү жана тартиби

 

1. Айып пул, айып пул салынгандыгы жөнүндө токтом тапшырылган күндөн баштап отуз календардык күндөн кечиктирбестен, ал эми токтомго даттанылган учурда, ал даттануу канааттандырылбагандыгы тууралуу билдирүүнү алган күндөн баштап он беш күндөн кечиктирилбестен төлөнүүгө тийиш.

2. Укук бузуу жасалгандан башка жерде айып пулду төлөөнү өндүрүүдө айып пулду төлөө банк картасын пайдалануу менен терминал аркылуу жүргүзүлөт, ал эми төлөөнүн мындай түрүн пайдалануу мүмкүн болбогондо, укук бузуулар үчүн, жоопкерчиликке тартылып жаткан адамга ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген формадагы айып квитанциясы берилет, ал так финансылык отчеттуулук документи болуп саналат жана эки нускада түзүлөт. Укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адам салынган жаза чарасы менен макул экендигин ыктыярдуу айып пулду төлөө жана айып квитанциясынын биринчи нускасына кол коюу менен тастыктайт, мында анын экинчи нускасы ушул жаза чарасы колдонулган адамга берилет.

3. Айып пулду төлөө бузуу жасалгандан башка жерде төлөнгөн учурда, укук бузуу жасагандыгы үчүн салынган айып пул бузуучу тарабынан банк мекемелерине же почта байланышынын улуттук операторуна накталай же накталай эмес төлөм түрүндө төлөнөт.

4. Өндүрүп алынган, анын ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан салынган айып пулдун суммалары республикалык жана жергиликтүү бюджетке которулат.

Айып пулдарды төлөөдөн келип түшкөн каражаттарды тиешелүү мамлекеттик органдардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана алардын кызматкерлерине дем берүү үчүн бөлүштүрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

5. Ушул Кодекстин 177–181-беренелерин, 182-беренесинин 4-бөлүгүн, 192, 193 жана 195–200-беренелерин кошпогондо, 21-главасында каралган укук бузуулар үчүн айып пулдар айып салуу жөнүндө токтомду алган күндөн тартып он беш календардык күндүн ичинде төлөнгөн учурда, айып пулдардын өлчөмү 70 пайызга азайтылат.

 

564-берене. Айып пул салуу жөнүндө токтомду аткаруу боюнча өндүрүштүн аякташы

 

Айып пул салуу тууралуу токтом боюнча айып жаза чарасы толук аткарылганда, аткарылгандыгы тууралуу белги коюу менен токтомду чыгарган ыйгарым укуктуу органга кайтарылат, ал эми айып пул сот тарабынан салынса – укук бузуулар жөнүндө протокол түзгөн органга жөнөтүлөт.

 

565-берене. Чет өлкөлүк жарандарды чыгаруу жөнүндө токтомдун аткарылышы

 

Чет өлкөлүк жарандарды Кыргыз Республикасынын чегинен чыгаруу жөнүндө токтом Мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, ички иштер органдары тарабынан аткарылат.

Чет өлкөлүк жарандарды чыгаруу жөнүндө токтомду аткаруу, көрсөтүлгөн адам чыгарылып жаткан аймактагы чет мамлекеттин бийлик өкүлүнө чет өлкөлүк жаранды расмий өткөрүп берүү жолу менен, же болбосо Кыргыз Республикасынан чыгарылып жаткан адамдын өз алдынча чыгуусун контролдоо жолу менен жүргүзүлөт.

Эгерде чыгарылып жаткан адамды чет мамлекеттин өкүлүнө берүү Кыргыз Республикасынын көрсөтүлгөн мамлекет менен түзүлгөн келишими менен каралбаса, чыгаруу Мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган аныктаган жерде жүзөгө ашырылат.

Эгерде чыгаруу көрсөтүлгөн мамлекет менен Кыргыз Республикасынын келишиминде каралса, чет өлкөлүк жаранды Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пунктунан чыгаруу жөнүндө анын аймагына (аймагы аркылуу) көрсөтүлгөн адам чыгарылып жаткан чет өлкөлүк бийликке кабарланат.

Чет өлкөлүк жаранды чагаруу жөнүндө токтомдун аткарылышы эки тараптуу же бир тараптуу акт түрүндө жол-жоболоштурулуп, токтомго тиркелип коюлат.

 

566-берене. Камакка алуу жөнүндө токтомду аткаруунун мөөнөттөрү

 

Камакка алуу жөнүндө соттун токтому чыгарылгандан кийин токтоосуз аткарылат.

Камакка алуу жөнүндө токтомду аткаруу камакка алынган адамдын камоодо болуусуна тоскоолдук кылуучу оорусу, жаракаты же майыптыгы бар экени тууралуу медициналык корутундунун негизинде, ошондой эле өзгөчө жеке жагдайлар (жакын тууганы катуу ооруп калган же каза болгон, же болбосо камакка алынган адамга же анын үй-бүлөсүнө олуттуу материалдык зыян келтирилген өзгөчө кырдаалдар) келип чыккан учурда судья тарабынан үч суткалык мөөнөткө чейин токтотулушу же кыскартылышы мүмкүн. Камакка алууну токтото туруунун мөөнөтү камакта болуу мөөнөтүнө эсептелбейт.

Камакка алуу жөнүндө токтомдун аткарылышы токтотулган адам камак өтөө жайына көрсөтүлгөн мөөнөттө кайтып келүүдөн качкан учурда, көрсөтүлгөн жак ички иштер органдары тарабынан камак өтөө жайына өткөрүп берилгенге чейин кармалууга тийиш.

 

567-берене. Камак өтөө тартиби

 

1. Камакка алынган адамдар ички иштер органдары тарабынан аныкталган жерлерде камакта кармалат. Камакка алуу жөнүндө токтомду аткарууда камакка алынгандар жеке текшерүүлөргө дуушар болушат.

2. Кармоонун мөөнөтү камакка алуу мөөнөтүнө эсептелет.

 

59-глава. Кошумча укуктук кесепеттерди аткаруу тартиби

 

568-берене. Айып пул салуу жана туумдарды өндүрүү жөнүндө токтомду мажбурлап аткартуу

 

Укук бузуу үчүн айып пулду мыйзамда белгиленген мөөнөттө ыктыярдуу тартипте төлөбөгөн жана анын эң көп өлчөмүнө жеткен учурда ыйгарым укуктуу орган (өндүрүп алуучу) туумду кошуп эсептөө жөнүндө токтом чыгарат жана мыйзамдар менен каралган тартипте мажбурлап аткартуу үчүн айып пул салуу жана туумдарды кошуп эсептөө жөнүндө өз токтомун сот аткаруучусуна жөнөтөт.

 

569-берене. Мүлктү алып коюу жөнүндө соттун чечимин аткаруу

 

1. Убактылуу алып коюлган мүлктү менчик ээсине кайтарып берүү жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими аткаруу үчүн ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт.

2. Убактылуу алып коюлган мүлктү жок кылуу, же болбосо убактылуу алып коюлган мүлктү конфискациялоо жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган органга аткаруу үчүн жөнөтүлөт.

 

570-берене. Транспорт каражаттарын адистештирилген токтотуучу жайга мажбурлап эвакуациялоо, дөңгөлөктөрдүн блокиротарлорун же башка шаймандарды колдонуу

 

1. Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоо, адистештирилген токтотуучу жайга жеткирүү, аны сактоо жана дөңгөлөктөрдүн блокираторлорун же шаймандардын башка түрлөрүн колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

2. Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоого жана аны сактоого кеткен чыгымдардын орду укук бузуу жасаган адам тарабынан толтурулат.

 

571-берене. Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү түрүндөгү кошумча укуктук кесепеттерди аткаруу

 

1. Укук бузууларга бөгөт коюу (токтотуу) максатында транспорт каражатын башкаруудан четтетүү ушул Кодекстин 38-беренесинде каралган жагдайлар келип чыккан учурда ички иштер органдарынын ыйгарым укуктуу адамдары тарабынан токтоосуз аткарылат.

2. Айдоочу транспорт каражатын башкаруудан четтетилген учурда, ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, ошондой эле транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган иш боюнча чечим кабыл алынганга жана транспорт каражатын башкаруудан четтетүүгө негиз катары кызмат кылган себептер жоюлганга чейин транспорт каражатын убактылуу сактоо үчүн адистештирилген (айыптык) унаа токтотуучу жайга жеткирет.

 

572-берене. Атайын укуктан ажыратуу түрүндө кошумча укуктук кесепеттерди аткаруу

 

1. Ушул кодекстин 39-беренесинде белгиленген учурда атайын укуктан ажыратуу түрүндөгү кошумча укуктук кесепеттерди колдонуу мыйзамдарда каралган тартипте мындай укукту берүүгө ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Адамды атайын укуктан ажыратуу жөнүндөгү маселени демилгелөө боюнча ыйгарым укук компетенциясына кирбеген сот, ыйгарым укуктуу орган адамга белгилүү ишти жүргүзүү үчүн укук (лицензия, уруксат ж.б.) берүүчү тийиштүү органга материалды (жаза чарасы жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген токтомдун көчүрмөсүн) жиберүүгө милдетүү.

3. Жакка аныкталган ишти жүзөгө ашырууга укук берүүчү тиешелүү орган, материалдар келип түшкөндө мыйзамда белгиленген тартипте өз алдынча же сотко кайрылуу аркылуу атайын укуктан ажыратуу жөнүндө чечимди кабыл алууга милдеттүү.

 

573-берене. Кызмат адамын ээлеген кызматынан бошотуу түрүндөгү кошумча укуктук кесепеттерди аткаруу

 

Кызмат адамын ээлеген кызматынан бошотуу түрүндөгү кошумча укуктук кесепеттерди колдонуу жөнүндө чечим соттун токтомунун негизинде аталган кызмат адамын ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алууга ыйгарым укуктуу тийиштүү орган тарабынан аткарылат.

 

574-берене. Иштин белгилүү бир түрүн токтотуу, объектти баштапкы абалына келтирүү, объектти же болбосо анын бөлүгүн бузуу (демонтаждоо) түрүндөгү кошумча укуктук кесепеттерди аткаруу

 

Иштин белгилүү бир түрүн токтото туруу, объектти баштапкы абалына келтирүү буга ыйгарым укуктуу тийиштүү органдын чечиминин негизинде аткарылат.

Курулуш жумуштарынын өндүрүшүн токтотуу жөнүндө чечимдин аткарылышы курулуш жумуштарын жүргүзүүгө уруксат документтерин чакыртып алуу жолу менен жүргүзүлөт.

Объектти баштапкы абалына келтирүү, объектти же болбосо анын бөлүгүн бузуу (демонтаждоо) ыйгарым укуктуу органдар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти     

С.Н. Жапаров

 

2021-жылдын 22-сентябрында              Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган