Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Процессуалдык Кодекси 2021-жылдын 28-октябры №129
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамы менен колдонууга киргизилди)
ЖАЛПЫ БӨЛҮК
I БӨЛҮМ
НЕГИЗГИ ЖОБОЛОР
1-глава. Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза сот өндүрүшү жөнүндө мыйзамдары жана аны колдонуу чөйрөсү
1-берене. Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза сот өндүрүшү жөнүндө мыйзамдары
1. Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш-жаза сот өндүрүшү Кыргыз Республикасынын Конституциясына (мындан ары – Конституция) жана ушул Кодекске ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдары Конституцияга негизделген ушул Кодекстен, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптеринен жана ченемдеринен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерден (мындан ары – эл аралык келишимдер) турат.
3. Кылмыш-жаза процессуалдык сот өндүрүшүнүн тартибин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболору ушул Кодекске киргизилген шартта гана колдонулууга жатат.
4. Эгерде кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине же Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чечилүүсү тийиш болгон маселени кароо зарылдыгы келип чыкса, ал тиешелүү тартипте чечилет.
2-берене. Ушул Кодекстин мейкиндикте колдонулушу
1. Конституция Кыргыз Республикасынын бардык аймагында жогорку юридикалык күчкө ээ болот жана түздөн-түз колдонулат. Ушул Кодекстин жана Конституциянын ченемдеринин ортосунда карама-каршылык болгон учурда Конституциянын ченемдери колдонулат.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш-жаза сот өндүрүшү кылмыштын жасалган жерине карабастан, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде ушул Кодекстин мейкиндикте колдонулушунун башка эрежелери белгиленбесе, ушул Кодекске ылайык жүргүзүлөт.
3. Ушул Кодекстин ченемдеринин жана Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын ортосунда карама-каршылык болгон учурда конституциялык мыйзам колдонулат. Ушул Кодекстин ченемдери менен башка мыйзамдардын ортосунда карама-каршылык болгон учурда ушул Кодекстин ченемдери колдонулат.
3-берене. Ушул Кодекстин убакытта колдонулушу
1. Кылмыш-жаза сот өндүрүшү, эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, процессуалдык иш-аракетти аткаруу, процессуалдык чечимди кабыл алуу учурунда колдонуудагы мыйзамга ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Процесстин катышуучуларына жаңы милдеттерди жүктөгөн, тикелей же кыйыр түрдө укуктарын жокко чыгарган же аларды азайткан, аларды пайдаланууну кошумча шарттар менен чектеген кылмыш-жаза процессуалдык мыйзам өткөн мезгилге карата колдонулбайт.
3. Далилдердин жол берилгендиги алар алынган учурдагы колдонулган мыйзамга ылайык аныкталат.
4-берене. Ушул Кодекстин чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга карата колдонулушу
1. Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга карата кылмыш-жаза сот өндүрүшү, эгерде Кыргыз Республикасынын өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса, ушул Кодекстин ченемдерине ылайык жүргүзүлөт.
2. Эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык иммунитетке ээ болгон адамдарга карата, ушул Кодексте каралган процессуалдык аракеттер иммунитет укугуна ээ болгон адам кызмат кылган же кызматта турган чет мамлекеттин, же ал персоналынын мүчөсү болгон же болуп турган эл аралык уюмдун макулдугу менен жүргүзүлөт. Тиешелүү адамдын иммунитетти колдонору же колдонбостугу жана мындай иммунитеттин көлөмү канчалык экени жөнүндө маалымат ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
5-берене. Ушул Кодексте камтылган негизги түшүнүктөрдүн аныктамасы
Ушул Кодексте камтылган түшүнүктөр, эгерде мыйзамдарда өзгөчө көрсөтмөлөр болбосо, төмөнкү маанилерге ээ:
1) алгачкы текшерүү органдары – Ушул Кодекске ылайык алгачкы текшерүү иштерин жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана алардын кызмат адамдары;
2) апелляциялык инстанция – биринчи инстанциядагы сот тарабынан чыгарылган, мыйзамдуу күчүнө кире элек өкүмдөргө жана токтомдорго, ошондой эле соттук контролдоо тартибинде тергөө судьясы тарабынан чыгарылган токтомдорго даттануулар жана сунуштар боюнча кылмыш иштерин кароочу соттук коллегия;
3) арыз ээси – кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тартибинде алгачкы текшерүү органына, тергөөчүгө, прокурорго кайрылган адам;
4) атайын тергөө аракеттери – кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө тартылган, кызыкчылыктарына таасирин тийгизе турган жактарга кабарланбастан жүргүзүлгөн жана тергөө аракеттери менен аны аныктоо мүмкүн болбогон учурда, жагдайларды тактоого, кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө далилденүүгө тийиш болгон маалыматтарды алууга багытталган аракеттер;
5) атайын билимдер – сотко чейинки өндүрүштө жана сотто кылмыш ишин кароодо маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон илим, техника, искусство же кол өнөрчүлүк жаатындагы кесипкөй билимдер жана жөндөмдөр;
6) айыптоочу тарап – прокурор, тергөөчү, тергөө бөлүмүнүн жетекчиси, алгачкы текшерүү органы, жабырлануучу, анын өкүлү, мыйзамдуу өкүлү, жеке айыптоочу;
7) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери – алгачкы текшерүү, тергөө, прокуратура, сот органдарында жана жазаны аткаруу мекемелеринде балдардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын жактоого ыйгарым укуктуу адам;
8) балдар иштери боюнча адистешкен тергөөчү, прокурор, судья – балдар үчүн юстиция маселелери боюнча кошумча адистештирилген окуудан өткөн жана мыйзам менен келишпестикке барган балага, жабырлануучу жана күбө болгон балдарга карата кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу кызмат адамы;
9) балдардын иштери боюнч адистешкен адвокат – мыйзам менен келишпестикке барган балага, жабырлануучу жана күбө болгон балдарга карата кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө коргоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу, балдар үчүн юстиция маселелери боюнча кошумча адистештирилген окуудан өткөн адвокат;
10) биринчи инстанциядагы сот – соттук отурумунда иштин жагдайларын түздөн -түз изилдөөгө, аныктоого жана ал боюнча тиешелүү чечимди чыгарууга ыйгарым укуктуу райондук жана ага теңештирилген шаардык сот;
11) бөгөт коюу чарасы – айыпталуучуга карата тергөөчү, прокурор, тергөө судьясы, сот тарабынан колдонулуучу адамдын укуктарын жана эркиндиктерин убактылуу чектөөчү чара;
12) вердикт – айыпталуучунун күнөөлүүлүгү же күнөөсүздүгү жөнүндө негизги маселени кошуп алганда, анын алдына коюлган маселелер боюнча сот арачылар коллегиясынын чечими;
13) даттануу – кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучулары тарабынан алгачкы текшерүү органынын, тергөөчүнүн, прокурордун, тергөө судьясынын, соттун чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) карата жазуу жүзүндө (же) электрондук формада (колтамга коюлган же электрондук колтамга менен күбөлөндүрүлгөн) берилген каршы пикир;
14) документ генерациясы – Кылмыштардын бирдиктүү реестринде камтылган шаблондордун негизинде автоматтык түрдө документтерди түзүүгө мүмкүндүк берүүчү электрондук операция;
15) кылмыш-жаза сот өндүрүшү – сотко чейинки жана сот өндүрүшү;
16) жабырлануучу-бала – 18 жашка чыга элек, кылмыш менен дене боюна, моралдык жана (же) материалдык зыян келтирилген жак;
17) адамды өткөрүп берүү – берилүүгө тийиш болгон адам суратуучу мамлекеттин территориясында кылмыш жасаган жана аны суратылган мамлекеттин жазык мыйзамдары боюнча тааныган шартта жазыктык куугунтуктоо жана өкүмдү аткаруу үчүн адамды бир мамлекеттен экинчи мамлекетке өткөрүп берүү;
18) жакты камакта убактылуу кармоо – изделип жаткан адамды чет мамлекетке өткөрүп берүү (экстрадициялоо) максатында суроо-талап келип түшкөнгө чейин, ага карата чет мамлекеттин компетенттүү органынын адамды убактылуу камакка алуу жөнүндө чечимин аткаруу боюнча сот тарабынан колдонула турган камсыз кылуу чарасы;
19) жакын туугандар – ата-энеси, балдары, асырап алуучулар, асырап алынгандар, бир атадан жана бир энеден тараган жана атасы же энеси бөлөк болгон ага-инилер жана эже-сиңдилер, чоң ата, чоң эне, таята, таене, неберелер;
20) жеке аныктама – иш боюнча аныкталган мыйзам бузуу фактылары боюнча чараларды көрүүнү талап кылуу менен мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан, уюмдардын жана башка кызмат адамдарынын көңүлүн буруу жөнүндө тергөө судьясы, судья, сот тарабынан чыгарылуучу чечим;
21) издөө чаралары – тергөөчүнүн, прокурордун жана соттун тапшыруусу боюнча алгачкы текшерүү органы тарабынан аткарылуучу сотко чейинки өндүрүш органынан жана соттон жашырынып жүргөн жана (же) кылмыш-жаза жоопкерчилигинен качкан адамдын жүргөн жерин, дайынсыз жоголгон адамдарды, иш үчүн мааниси бар буюмдарды жана документтерди аныктоого багытталган чаралар;
22) иш жүзүндө кармоо – жүрүү эркиндигин кошуп алганда белгилүү жерде кармалган адамдын иш жүзүндө эркиндигинен ажыратуу же чектөө, мажбурлап кармап туруу, алгачкы текшерүү жана тергөө органдарына мажбурлап жеткирүү учуру (кармоо, бөлмөгө жабуу, бир жерге барууга же ордунда калууга мажбурлоо жана ушул сыяктуу), ошондой эле кармалган адамга кандайдыр бир процессуалдык статус берилгенин же башка формалдуу жол-жоболорду жүзөгө ашырганына карабастан, көрсөтүлгөн чектөөлөр анык болгон анын убактысын көрсөтүү менен адамдын жеке эркиндигин олуттуу чектеген башка аракеттер;
23) кассациялык инстанция – апелляциялык инстанциядагы соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмдөрүнө жана аныктамаларына кассациялык даттануулар, сунуштар боюнча иштерин караган Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун (мындан ары – Жогорку сот) соттук коллегиясы;
24) коргоо – кылмыш-жаза процессине тартылган адамдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу максатында адвокат тарабынан жүзөгө ашырылуучу процессуалдык иш;
25) коргоочу тарап – шектүү, айыпталуучу, соттолгон, акталган, ошондой эле алардын мыйзамдуу өкүлү, адвокат, материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтурууга жооптуу адам;
26) күбө бала – 18 жашка толо элек, ага кылмыш иши боюнча белгилүү болгон жагдайлар жөнүндө көрсөтмө берүү үчүн чакырылган адам;
27) күбөнүн жана жабырлануучунун көрсөтмөлөрүн депонирлөө – сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүдө соттук далилдерди алдын ала камсыз кылуу (сактоо) максатында тергөө судьясы тарабынан тараптардын биринин өтүнмөсү боюнча күбөнү же жабырлануучуну суракка алуу;
28) күбөлүк иммунитет – өзүнө жана өзүнүн жакын туугандарына, күйөөсүнө (жубайына), ошондой эле ушул Кодексте каралган башка учурларда каршы көрсөтмө бербөөгө адамдын укугу;
29) күнөөнү моюнга алуу жөнүндө макулдашуу – ушул Кодекске ылайык прокурор менен айыпталуучунун ортосунда түзүлгөн жазуу жүзүндөгү макулдашуу;
30) кылмыш иштери боюнча эл аралык укуктук жардам жөнүндө суроо-талап – эл аралык келишимдин жана улуттук мыйзамдардын талаптарына ылайык жол-жоболоштурулган, кылмыш иши боюнча белгилүү процессуалдык аракеттерди жүргүзүү өтүнүчү менен чет мамлекеттин компетенттүү органынын же кызмат адамынын дарегине жөнөтүлүүчү документ;
31) Кылмыштардын бирдиктүү реестри – сотко чейинки өндүрүштүн башталышы, процессуалдык аракеттер жана чечимдер, ишинин кыймылы, арыз ээлери жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучулары жөнүндө маалыматтарды киргизүүчү маалыматтардын электрондук базасы;
32) кылмыш куугунтугу – шектүүнүн, айыпталуучунун кылмыш жасаганын ашкерелөө максатында айыптоочу тарап жүзөгө ашыруучу процессуалдык иш;
33) кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу – баланын өсүүсүнө, укуктук маданиятын жана укуктук тарбиясын жогорулатууга, кылмыштын кайрадан жасалышына жол бербөөгө көмөктөшүүгө багытталган, кылмыш жасаганы үчүн кылмыш куугунтугуна альтернативдүү жол-жобо;
34) мамлекеттик айыптоочу – кылмыш иши боюнча сотто мамлекеттин атынан айыптоону колдоочу прокурор;
35) медиация – медиатордун (медиаторлордун) көмөктөшүүсү алдында, алардын өз ара алгылыктуу макулдашууга жетишүү максаттарында кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын ортосунда кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жөнгө салуунун ыктыярдуу жол-жоболору;
36) медиатор – медиация жөнүндө мыйзамдын талаптарына жооп берген, медиация жүргүзүүдө кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тараптарына жардам көрсөтүүчү көз карандысыз жеке жак;
37) менчигинде же башка укукта турган башка объект – менчик же башка укукта турган транспорт каражаты, жер участогу, гараж, турмуш-тиричилик, кызматтык, чарбалык, өндүрүштүк же башка багыттагы башка курулма же жай;
38) мыйзам менен келишпестикке барган бала – иш боюнча шектүү, айыпталуучу, соттолуучу, соттолгон болуп саналган 18 жашка чыга элек адам;
39) мыйзамдуу өкүлдөр – шектелген, айыпталуучу баланын же жабырлануучу баланын, күбө баланын ата-энеси, асырап алуучулары, камкорчулары же көзөмөлчүлөрү, алар көзөмөлүндө турган мекеменин же уюмдун, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү;
40) өкүлдөр – мыйзамдын же макулдашуунун күчүнө ылайык жабырлануучунун мыйзамдуу кызыкчылыктарын билдирүүгө ыйгарым укуктуу адамдар;
41) өкүм – айыпталуучунун күнөөлүү эмеси же күнөөлүү экени жана ага жаза дайындоо же болбосо аны жаза өтөөдөн бошотуу жөнүндө биринчи же апелляциялык инстанциядагы сот тарабынан чыгарылуучу чечим;
42) пробациялык баяндама – инсандыгын, социалдык-турмуш-тиричилик шарттарын жана кылмыш жасоого өбөлгө болгон башка жагдайларды изилдөөнүн негизинде айыпталуучунун социалдык-психологиялык портрети жөнүндө пробация органдарынын корутундусу;
43) прокурор – Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору (мындан ары – Башкы прокурор), анын орун басарлары, областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлору, райондук (шаардык) прокурорлор, аскер прокурорлору жана райондук (шаардык) прокурорлорго теңдештирилген прокурорлор, алардын орун басарлары жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышуучу жана тиешелүү ыйгарым укуктарга ээ болгон прокуратура органдарынын башка кызмат адамдары;
44) процессуалдык аракеттер – ушул Кодексте каралган тергөө, соттук же башка аракеттер;
45) процессуалдык чечимдер – кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жүргүзүп жаткан органдардын өз компетенцияларынын чегинде чыгарган жана ушул Кодексте аныкталган формада чагылдырылган кылмыш-жаза процессуалдык укукту колдонуу актылары;
46) реабилитация – мыйзамсыз же негизсиз кылмыш куугунтугуна алынган адамдын укуктарын жана эркиндиктерин калыбына келтирүү жана ага келтирилген материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтуруу тартиби;
47) реабилитацияланган – мыйзамсыз же негизсиз кылмыш куугунтугуна байланыштуу келтирилген материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтурууга укугу бар жак;
48) реплика – соттук отурумда тараптардын жарыш сөздөргө катышуучусунун башка катышуучулардын сүйлөгөн сөзүнө карата сын-пикири;
49) санариптик маалымат – кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө маалыматтык-телекоммуникациялык тутумдарда сакталган жана жүгүртүлгөн жана аларды андан ары сотко чейинки өндүрүштө далилдөө үчүн пайдаланылуучу санариптик маалыматтар;
50) сотко чейинки өндүрүш – Кылмыштардын бирдиктүү реестрине кылмыш жөнүндө арызды, билдирүүлөрдү каттоодон, тергөөгө чейинки текшерүүдөн, прокурор тарабынан иштин материалдарын маңызы боюнча кароо үчүн сотко жиберүүдөн турган кылмыш-жаза сот өндүрүшү;
51) сот – бардык сот инстанцияларында кылмыш иштери боюнча сот адилеттигин, соттук контролду жүзөгө ашыруучу, ошондой эле өзүнүн компетенциясына кирген башка маселелерди чечүүчү орган;
52) сот арачысы – мыйзамда белгиленген тартипте сот арачыларынын талапкерлеринин тизмесине киргизилген жана кылмыш ишин кароого катышууга тандалып алынган Кыргыз Республикасынын жараны;
53) сунуштама – ушул Кодексте белгиленген тартипте сот актысына карата киргизилген прокурордун чара көрүү актысы;
54) тергөө бөлүмүнүн жетекчиси – тиешелүү тергөө бөлүмүнө башчылык кылган кызмат адамы, ошондой эле анын орун басары;
55) тергөө (териштирүү) – Кылмыштардын бирдиктүү реестрине иштин кыймылы жана процессуалдык чечимдер тууралуу маалыматтарды киргизүү менен кылмыш иши козголгон учурдан тартып прокурор тарабынан ишти маңызы боюнча кароо үчүн сотко жөнөткөнгө чейинки кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн баскычы;
56) тергөөчү – сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу кызмат адамы;
57) тергөө аракеттери – иш үчүн мааниси бар маалыматтарды топтоо жана изилдөө боюнча ушул Кодексте белгиленген тартипте тергөөчү, прокурор тарабынан жүргүзүлүүчү аракеттер;
58) тергөө судьясы – айыпталуучунун укуктарын жана эркиндиктерин чектөөчү чараларды колдонуучу, алгачкы текшерүү органынын кызмат адамынын, тергөөчүнүн, тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин, прокурордун аракеттеринин (аракетсиздигинин) жана чечимдеринин мыйзамдуулугуна соттук контролду жүзөгө ашыруучу судья;
59) тергөөгө чейинки текшерүү – Кылмыштардын бирдиктүү реестрине кылмыш жөнүндө арыз же билдирүү катталган учурдан тартып кылмыш ишин козгоо же кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин сотко чейинки өндүрүш баскычы;
60) турак жай – жашоого ылайыктуу жана ага ылайыксыз жайлары бар жеке турак үй, менчигинин түрүнө карабастан турак жай фондуна кирген жана туруктуу же убактылуу жашоо үчүн пайдаланылуучу турак жай, ага тете эле турак жай фондуна кирбеген, бирок убактылуу жашоо үчүн пайдаланылуучу башка жай же курулма;
61) түнкү убакыт – саат 22.00дөн 06.00 саатка чейинки убакыт аралыгы;
62) токтом – өкүмдү кошпогондо, кылмыш иши боюнча өндүрүштө судья (сот) тарабынан чыгарылган чечим; тергөө судьясынын чечими; мыйзамдуу күчүнө кирген тиешелүү сот актысын кайра кароодо Жогорку сот чыгарган сот актысы; тергөөчүнүн, тергөө органынын жетекчисинин, прокурордун сотко чейинки өндүрүштө чыгарылган чечими;
63) төрагалык кылуучу – кылмыш ишин коллегиалдык кароодо соттук отурумга жетекчилик кылган судья, ошондой эле кылмыш-жаза ишин жекече караган судья;
64) эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамды өткөрүп берүү – бир мамлекеттин соту тарабынан соттолгон адамды жазасын андан ары өтөө үчүн ал жараны болуп саналган же анын аймагында туруктуу жашаган башка мамлекетке өткөрүп берүү;
65) эксперттик уюм – экспертизаларды уюштуруу жана жүргүзүү үчүн түзүлгөн адистештирилген уюм, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
66) элдешүү жөнүндө макулдашуу – кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын ортосундагы өз алдынча же медиатордун жардамы менен жетишилген жазуу жүзүндөгү макулдашуу;
67) электрондук документ – маалымат электрондук-санариптик формада берилген жана электрондук санариптик колтамга аркылуу ырасталган документ;
68) электрондук иш – электрондук-санариптик формада жүзөгө ашырыла турган, кылмыш катталгандан тартып тергөөгө чейинки текшерүүнүн, тергөөнүн, соттук териштирүүнүн жана жаза аткаруунун кыймылын билдирүүчү, тиешелүү ведомстволук маалыматтык тутумдардын маалыматынан түзүлгөн, кагаз түрүндө процессуалдык документтер менен иштегенге мүмкүнчүлүктүү, электрондук колтамга аркылуу ырасталган, Кылмыштардын бирдиктүү реестринде топтолгон кылмыш-жаза сот өндүрүшү;
69) электрондук алып жүрүүчү – эсептөөчү техникалык каражаттардын жардамы менен иштетилүүчү маалыматты жазуу, сактоо жана кайра чыгаруу үчүн пайдаланылуучу тышкы мобилдик материалдык түзүлмө;
70) экстрадициялык камакка алуу – чет мамлекеттин компетенттүү органынын адамды камакка алуу жөнүндө чечимин аткаруу үчүн чет мамлекетке өткөрүп берүү (экстрадициялоо) максатында, өткөрүп берүү жөнүндө чет мамлекеттин
суроо-талабы келип түшкөндөн кийин издөөдөгү адамга сот тарабынан колдонулуучу камсыз кылуу чарасы;
71) экономикалык ишти жүзөгө ашыруучу ишкердик субьект – мыйзамда белгиленген тартипте катталган жана өзүнүн уюштуруучулук-укуктук формасына жана менчигинин формасына карабастан, өз тобокелчилиги жана өзүнүн мүлктүк жоопкерчилиги астында пайда табуу максатында мыйзамдарда тыюу салынбаган ишти жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактар;
72) юридикалык жак – менчигинде, чарба жүргүзүүсүндө же ыкчам башкаруусунда өзгөчөлөнгөн мүлкү бар жана өзүнүн милдеттенмелери боюнча ошол мүлкү менен жооп берген, өз атынан мүлккө байланышкан жана мүлккө байланышпаган жеке укуктарга жана милдеттенмелерге ээ боло алган жана жүзөгө ашырган жана сотто доогер жана жоопкер катары чыга алган уюм.
2-глава. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн милдеттери жана принциптери
6-берене. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн милдеттери
Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) инсанды, коомду жана мамлекетти кылмыштардан коргоо;
2) инсанды мыйзамсыз жана негизсиз айыптоодон, соттоодон, анын укуктарын жана эркиндиктерин чектөөдөн коргоо;
3) кылмыштарды тез жана толук териштирүү;
4) кылмыш жасаган жактарды ашкерелөө жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу;
5) адилеттүү соттук териштирүү жана кылмыш-жаза мыйзамын туура колдонуу;
6) мыйзамсыз айыпталган же соттолгон учурларда күнөөсүздү токтоосуз жана толук реабилитациялоо;
7) материалдык залалдын жана моралдык зыяндын ордун толтурууну камсыз кылуу.
7-берене. Укуктун жана мыйзамдуулуктун үстөмдүүлүк принциби
1. Кыргыз Республикасында кылмыш-жаза сот өндүрүшү укуктун үстөмдүүлүк принцибин сактоо менен жүзөгө ашырылат, ага ылайык адам, анын укуктары жана эркиндиктери эң жогорку баалуулуктар катары таанылат.
2. Алгачкы текшерүү органынын кызмат адамы, тергөөчү, прокурор, тергөө судьясы, сот, кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышуучу башка органдар жана жактар Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, ушул Кодекстин жана башка мыйзамдарынын жоболорун бекем сактоого милдеттүү.
8-берене. Сот тарабынан гана сот адилеттигин жүзөгө ашыруу принциби
1. Кыргыз Республикасында кылмыш иштери боюнча сот адилеттиги сот тарабынан гана жүзөгө ашырылат. Ушул Кодексте каралган учурларда кылмыш-жаза сот өндүрүшү сот арачыларынын катышуусу менен жүзөгө ашырылат.
2. Соттун өкүмү болмоюнча эч ким кылмыш жасоого күнөөлүү деп таанылышы, ошондой эле кылмыш жазасына тартылышы мүмкүн эмес.
3. Соттун компетенциясы, анын юрисдикциясынын чектери, кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жүзөгө ашыруу тартиби мыйзам менен аныкталат жана каалагандай өзгөртүлүшү мүмкүн эмес. Кылмыш иштерин кароо үчүн өзгөчө же атайын сотторду түзүүгө жол берилбейт. Өзгөчө соттордун, ошондой эле башка мыйзамсыз түзүлгөн соттордун өкүмдөрү жана башка чечимдери юридикалык күчкө ээ эмес жана аткарылууга жатпайт.
4. Соттун кылмыш иши боюнча өкүмү жана башка чечимдери ушул Кодексте каралган тартипте тиешелүү соттор тарабынан гана текшерилиши жана кайра каралышы мүмкүн.
9-берене. Судьялардын көз карандысыздык принциби
1. Судьялар көз карандысыз жана Конституцияга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына гана баш ийишет.
2. Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча судьянын ишине кийлигишүүгө тыюу салынат жана мыйзам боюнча жоопкерчиликке алып келет.
3. Судьялардын көз карандысыздыгы Конституция менен кепилденет.
10-берене. Сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу принциби
Сот, прокурор, тергөөчү кылмыштан жабыр тарткандардын сот адилеттигине жеткиликтүүлүгүн жана келтирилген зыяндын ордун мыйзамда белгиленген учурларда жана тартипте толтуруусун камсыз кылууга милдеттүү.
11-берене. Инсандын ар-намысын жана кадыр-баркын урматтоо принциби
1. Инсандын ар-намысын жана кадыр-баркын урматтоо кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышкан бардык органдар жана адамдар үчүн милдеттүү.
2. Тергөө, сот жана башка процессуалдык аракеттерди жүргүзүүдө коркутууга, зомбулук жана башка мыйзамсыз аракеттерди жасоого жол берилбейт.
3. Камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалып алынган адамды, ошондой эле кылмыш жасоодо шектүү болуп кармалган адамды камакта кармоо, анын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирбей турган шартта жүзөгө ашырылууга тийиш.
4. Ишке катышкан адамдардын эч кимиси зомбулукка, кыйноолорго жана башка ырайымсыз же адамдын кадыр-баркын кемсинтүүчү мамилеге жана жазага тартылышы мүмкүн эмес.
12-берене. Инсандын кол тийгистик принциби
1. Ушул Кодексте каралгандан башка негизде жана тартипте эч ким камакка алынышы мүмкүн эмес. Соттун чечимине чейин адам 48 сааттан ашык эмес мөөнөткө, ал эми бала – 24 сааттан ашык эмес мөөнөткө кармалууга кириптер болушу мүмкүн.
2. Сот, прокурор, тергөөчү жана алгачкы текшерүү органы мыйзамсыз кармалган, эркиндигинен ажыратылган, медициналык же психиатриялык стационарга мыйзамсыз жайгаштырылган же ушул Кодексте каралгандагыдан ашык мөөнөткө камакта кармалган жакты токтоосуз бошотууга милдеттүү.
3. Кыйноолорду жана катаал мамилени колдонуу жолу менен алынган кандай гана болбосун далилдер сот тарабынан кабыл алынбашы керек.
13-берене. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо принциби
1. Ар бир адамга кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн бардык баскычында анын укуктарын жана эркиндиктерин соттук коргоого кепилдик берилет.
2. Сот, прокурор, тергөөчү жана алгачкы текшерүү органы кылмыш-жаза процессине катышкан жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоону камсыз кылууга, аларды жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды түзүүгө, процесстин катышуучуларынын мыйзамдуу талаптарын канааттандырууга өз убагында чараларды көрүүгө милдеттүү.
3. Эч ким өзүнө, өзүнүн жубайына жана (же) чөйрөсү ушул Кодексте аныкталган жакын туугандарына каршы күбөлүк кылууга милдеттүү эмес.
4. Кылмыш-жаза иши боюнча сот ишин жүргүзүүдө жарандын укуктарын жана эркиндиктерин бузуунун натыйжасында ага келтирилген залалдын орду мыйзамда белгиленген негиздер боюнча жана тартипте толтурулууга тийиш.
5. Жабырлануучуга, күбөгө же ишке катышкан башка жактарга, ошондой эле алардын жакын туугандарына, жубайына зомбулук колдонуу, мүлкүн жок кылуу же залалга учуратуу коркунучу келтирилгени же башка коркунучтуу, мыйзамга каршы аракеттерге дуушар кылынганы тууралуу жетиштүү маалыматтар болгондо, сот, прокурор, тергөөчү, алгачкы текшерүү органы өз кызмат укуктарынын чегинде андай адамдардын өмүрүн, ден соолугун, ар-намысын, кадыр-баркын жана мүлкүн коргоого мыйзамда каралган чараларды көрүүгө милдеттүү.
6. Айыпталуучунун күнөөсүздүгүн көрсөткөн фактылар табылган учурда, сот аны актоого милдеттүү.
7. Прокурор шектүүнүн, айыпталуучунун күнөөсүздүгүн көрсөткөн фактылар табылган учурда, ал адамды кылмыш куугунтугун кыскартуу үчүн чараларды көрүүгө, ал эми айыпталуучуга карата – сотто айыптоону колдоодон баш тартууга милдеттүү.
8. Тергөөчү шектүүнүн, айыпталуучунун күнөөсүздүгүн көрсөткөн фактылар табылган учурда, ал жакка карата кылмыш-жаза куугунтуктоосун кыскартууга милдеттүү.
9. Эч ким өзүнүн кылмыш жасаганын жеке моюнга алуусунун негизинде гана соттолууга тийиш эмес.
10. Эч ким кандайдыр бир жарандык-укуктук милдеттенмени аткара албаганы үчүн эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн эмес.
14-берене. Турак жайдын жана башка объекттердин кол тийгистик принциби
1. Ар ким өзүнүн менчигинде же башка укукта турган турак жайынын жана башка объекттеринин кол тийгистигине укуктуу. Эч ким менчикте же башка укукта турган турак жайга жана башка объекттерге аларды пайдаланган адамдын эркине каршы кире албайт.
2. Тинтүү, алып коюу, кароо жүргүзүү жана башка процессуалдык аракеттерди жүзөгө ашырууга, ошондой эле менчикте же башка укукта турган турак жайга жана башка объекттерге кирүүгө соттун чечиминин негизинде гана жол берилет.
3. Тинтүү, алып коюу, кароо жүргүзүү жана башка процессуалдык аракеттерди жүзөгө ашырууга, ошондой эле менчикте же башка укукта турган турак жайга же башка объектилерге кирүүгө ушул Кодексте каралган учурларда, соттун чечими жок жол берилет. Мындай аракеттердин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү сот тарабынан каралууга тийиш.
4. Ушул беренеде белгиленген кепилдиктер жана чектөөлөр юридикалык жактарга да жайылтылат.
15-берене. Менчиктин кол тийгистик принциби
1. Менчик кол тийгис. Эч ким өз мүлкүнөн эркине каршы ажыратылышы мүмкүн эмес. Менчик ээсинин эркинен тышкары мүлктү алып коюуга соттун чечими боюнча гана жол берилет.
2. Эгерде ал иш боюнча буюм далили болуп саналса, ошондой эле ушул Кодексте каралган учурларда жана тартипте менчикке таандык мүлк ээсинен алынышы мүмкүн.
16-берене. Жеке жашоонун, кат алышуунун, телефон менен жана башка сүйлөшүүлөрдүн, почта, телеграф, электрондук жана башка билдирүүлөрдүн жашырындуулугун коргоо принциби
1. Жарандын кат алышуусунун, телефон жана башка сүйлөшүүлөрүнүн, почта, телеграф, электрондук жана башка билдирүүлөрүнүн жашырындуулугуна укугун чектөөгө соттун чечиминин негизинде гана жол берилет.
2. Почта, телеграф жөнөтүүлөрүнө камак салуу жана аларды байланыш мекемелеринен алууну жүргүзүү, телефон жана башка сүйлөшүүлөрдү контролдоо, жазып алуу, абоненттердин жана (же) абоненттик түзүлмөлөрдүн ортосундагы байланыштар жөнүндө маалыматтарды алуу соттун чечиминин негизинде гана жүргүзүлүшү мүмкүн.
17-берене. Күнөөсүздүк презумпциясы
1. Ар ким анын күнөөлүүлүгү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун айыптоо өкүмү менен белгиленмейинче, кылмыш жасоого күнөөсүз деп эсептелет.
2. Эч ким өзүн күнөөсүздүгүн далилдөөгө милдеттүү эмес. Шектүүнү, айыпталуучуну коргоодо келтирилген далилдерди четке кагуу жана күнөөнү далилдөө жүгү айыптоо тарабында жатат.
3. Ушул Кодекстин ченемдери бири-бирине карама-каршы келгенде, алардын кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн принциптерине ылайык келген ченемдери колдонулууга тийиш.
Шектүүнүн же айыпталуучунун күнөөлүүлүгү боюнча кандай болбосун күмөн саноолор алардын пайдасына чечмеленет. Кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарын колдонууда пайда болгон күмөн саноолор да шектүүнүн, айыпталуучунун пайдасына чечилүүгө тийиш.
4. Айыптоо өкүмү божомолдорго негизделиши мүмкүн эмес.
18-берене. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүн тараптардын тең укуктуулугунун жана атаандаштыгынын негизинде жүзөгө ашыруу принциби
1. Кылмыш-жаза сот өндүрүшү айыптоо жана коргоо тараптарынын тең укуктуулугунун жана атаандаштыгынын негизинде жүзөгө ашырылат.
2. Айыптоо, коргоо жана сот тарабынан ишти чечүү бири-биринен ажыратылган жана ар түрдүү органдар жана адамдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Сот объективдүүлүктү жана калыстыкты сактоо менен тараптардын процессуалдык укуктарын жана милдеттерин жүзөгө ашыруусу үчүн зарыл шарттарды түзөт.
4. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышуучу тараптар тең укуктуу. Соттун процессуалдык чечими, ар бир тараптын бирдей негизде катышуусун камсыз кылуу менен изилденген далилдерге гана негизденет.
5. Тараптар кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө өзүнүн позициясын, аны жактоо ыкмаларын жана каражаттарын өз алдынча жана сотко, башка органдарга жана адамдарга көз карандысыз тандайт. Сот тараптын өтүнмөсү боюнча ушул Кодексте каралган тартипте ага зарыл материалдарды алууга көмөк көрсөтөт.
19-берене. Иштин жагдайларын изилдөөнүн ар тараптуулук, толуктук жана объективдүүлүк принциби
1. Тергөөчү иштин жагдайларын ар тараптуу, объективдүү жана толук изилдөө үчүн ушул Кодексте каралган бардык чараларды көрүүгө, шектүүнү, айыпталуучуну айыптоочу жана актоочу, ошондой эле алардын жоопкерчилигин жеңилдетүүчү жана оордотуучу жагдайларды аныктоого милдеттүү.
2. Сот иште болгон жана берилген далилдерди изилдейт. Сот өз демилгеси боюнча тергөөнүн толук эместигин четтетүү максатында кошумча далилдерди чогултууга укуксуз.
Кылмыш ишин карап жаткан сот объективдүүлүктү жана калыстыкты сактоо менен айыптоочу жана коргоочу тараптарга алардын жагдайларын ар тараптуу жана толук изилдөөгө укуктарын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон шарттарды түзөт.
3. Кылмыш иши боюнча тергөө жүргүзүүдө тергөөчү кылмыш жасоого көмөк көрсөткөн себептерди жана шарттарды аныктоого милдеттүү. Ушундай негиздер болгон учурда тергөөчү токтом чыгарып, аны менен мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын кызмат адамдарынын көңүлүн иш боюнча аныкталган мыйзамды бузуу фактыларына, кылмыш жасоого көмөк көрсөткөн жана тийиштүү чараларды көрүүнү талап кылган себептерге жана шарттарга бурат.
Жеке аныктама төмөн турган сот тарабынан ишти териштирүүдө жол берген мыйзам бузууларды аныктаганда жогору турган сот тарабынан чыгарылат.
20-берене. Шектүүгө, айыпталуучуга, соттолгонго, акталганга коргонуу укугун камсыз кылуу принциби
1. Шектүүнүн, айыпталуучунун, соттолгондун, акталгандын коргонууга укугу бар.
2. Коргонуу укугу медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу боюнча өндүрүш жүргүзүлүп жаткан жакка да камсыз кылынат.
3. Ушул Кодексте каралган учурларда, шектүүнүн, айыпталуучунун адвокатынын жана (же) мыйзамдуу өкүлүнүн милдеттүү катышуусу кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жүзөгө ашырып жаткан кызмат адамдары тарабынан камсыз кылынат.
4. Ушул Кодексте каралган учурларда шектүү, айыпталуучу, соттолгон, акталган мыйзамда аныкталган тартипте мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардамды колдонууга укуктуу.
21-берене. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тил принциби
1. Кылмыш-жаза сот өндүрүшү мамлекеттик жана (же) расмий тилдерде жүргүзүлөт.
2. Сот өндүрүшү жүргүзүлүп жаткан тилди билбеген ишке катышуучу адамдарга эне тилинде билдирүү жасоо, көрсөтмө берүү, өтүнмө билдирүү, иштин материалдары менен таанышуу, сотто чыгып сүйлөө жана котормочутин кызматынан пайдалануу укугу берилет.
22-берене. Аракеттерге (аракетсиздиктерге) жана чечимдерге даттануу принциби
Соттун, прокурордун, тергөөчүнүн, тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин, алгачкы текшерүү органынын аракеттери (аракетсиздиги) жана чечимдери ушул Кодексте белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
23-берене. Далилдерди калыс жана эркин баалоо принциби
1. Судья, сот арачысы, прокурор жана тергөөчү өздөрүнүн милдеттерин аткарууда иштин жыйынтыгына алдын ала ынанымдын же жеке кызыкчылыктардын таасиринде болбоого, каралып жаткан конкреттүү кылмыш ишине карата бир тараптуу болбоого же бир тараптын кызыкчылыктары үчүн экинчи тарапка зыян келтирүүчү негизсиз аракеттерди көрбөөгө тийиш.
2. Судья, сот арачысы, ошондой эле прокурор, тергөөчү болгон далилдердин жыйындысына негизделген өзүнүн ички ишенимине таянып, мыйзамды жетекчиликке алуу менен далилдерди баалайт.
3. Сотко чейинки өндүрүштө тергөөчү, прокурор тарабынан далилдерди баалоо судья үчүн милдеттүү мааниге ээ болбойт.
4. Эч кандай далил алдын ала белгиленген күчкө ээ эмес жана судья тарабынан жыйындысында бааланат.
3-глава. Кылмыш куугунтугу
24-берене. Кылмыш куугунтугунун түрлөрү
1. Жасалган кылмыштын мүнөзүнө жана оордук даражасына жараша кылмыш куугунтугу жеке-ачык жана ачык тартипте жүзөгө ашырылат.
2. Жеке-ачык айыптоо кылмыш иштерине коркунучу аз жана анча оор эмес кылмыштар, ошондой эле Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 1-бөлүгүндө жана 155-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштар жөнүндө кылмыш иштери кирет.
Жеке-ачык айыптоо иштери боюнча тергөө жабырлануучунун же анын мыйзамдуу өкүлүнүн арызы боюнча гана башталат жана тараптардын жарашуусу менен Кылмыш-жаза кодексинин 57-беренесине ылайык кыскартылышы мүмкүн.
3. Эгерде ушул кылмыш көз каранды же алсыз абалдагы, же болбосо башка себептер менен өзүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргой албаган адамдарга карата жасалса, тергөөчү, прокурор ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кандай болбосун кылмыш боюнча жана жабырлануучунун же анын мыйзамдуу өкүлүнүн арызы болбосо да сотко чейинки өндүрүштү баштайт.
4. Калган кылмыштар тууралуу иштер ачык айыптоо кылмыш иштери болуп саналат. Бул иштер боюнча кылмыш куугунтугу жабырлануучунун арыз бербегенине карабастан жүзөгө ашырылат.
25-берене. Кылмыш куугунтугун жүзөгө ашыруу милдети
1. Жеке-ачык жана ачык айыптоо иштери боюнча мамлекеттин атынан кылмыш куугунтугун тергөөчү, прокурор жүзөгө ашырат.
2. Кылмыштын белгилери аныкталган ар бир учурда тергөөчү, прокурор ушул Кодексте каралган кылмыштын окуясын, кылмыш жасоого айыпталуучу жакты аныктоо боюнча чараларды көрөт.
3. Тергөөчү, прокурор ушул Кодекстин 24-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган учурларда жабырлануучунун эркине карабастан иштер боюнча кылмыш куугунтугун жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу.
4. Тергөөчүнүн, прокурордун, алгачкы текшерүү органынын ушул Кодексте белгиленген ыйгарым укуктарынын чектеринде коюлган талаптары, тапшырмалары жана суроо-талаптары менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын бардык мекемелеринин, ишканаларынын, уюмдарынын, кызмат адамдарынын жана жарандарынын аткаруусу үчүн милдеттүү.
26-берене. Жарандардын кылмыш куугунтугун жана айыптоону жүзөгө ашырууга же катышууга укугу
1. Жабырлануучу, ал эми ал каза болсо же курагы же ден соолугу боюнча кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө өзүнүн эркин билдире албаган учурда анын кандай болбосун жашы жеткен жакын туугандарынын биринин, жубайынын ушул Кодексте каралган тартипте шектүүгө, айыпталуучуга карата кылмыш куугунтугуна катышууга укугу бар.
2. Соттук териштирүүнүн убагында прокурордун айыптоодон баш тартуусу жабырлануучуну айыптоону колдоо укугунан ажыратпайт.
3. Эгерде жабырлануучу же анын укугун улантуучусу өндүрүштүн кандай болбосун учурунда шектүүнүн, айыпталуучунун күнөөсүздүгү (катышы жоктугу) жөнүндө ынанымга келсе, анда ал кылмыш куугунтугунан же айыптоону колдоодон баш тартууга жана тергөөчүгө, прокурорго, сотко баш тартуунун жүйөсүн баяндоого укуктуу.
27-берене. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жокко чыгаруучу жагдайлар
1. Төмөнкү учурларда кылмыш иши козголушу мүмкүн эмес, ал эми козголгон иш кыскартылууга жатат:
1) кылмыш окуясы болбогондо;
2) жосунда кылмыш курамы болбогондо;
3) кылмыш-жаза мыйзамынын күчүнөн улам, залал келтирген жосун укук чегинде болгондо: зарыл коргонуу; аргасыз зарылдык; күчтөп же психикалык мажбурлоо; кылмыш жасаган адамды кармоо; кызмат орду боюнча мыйзамды, буйрукту (тескемени), милдеттерди аткаруу; негиздүү тобокелчилик; атайын тапшырманы аткаруу;
4) ушул Кодексте каралган учурларда жабырлануучунун арызы жок болгондо;
5) соттун, адамга карата ошол эле айыптоо боюнча күчүнө кирген мыйзамдуу өкүмү же болбосо соттун кылмыш куугунтугунун мүмкүн эместигин белгилеген жокко чыгарылбаган башка чечими болсо;
6) тергөөчүнүн, прокурордун жакка карата ошол эле жосун боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартуу же болбосо ишти кыскартуу жөнүндө жокко чыгарылбаган токтому болсо;
7) каза болгонду реабилитациялоо же башка адамдарга карата ишти тергөө үчүн өндүрүш зарыл болгон учурларды кошпогондо, кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жүзөгө ашыруу учурунда каза болгон адамга карата;
8) кылмышты аягына чыгаруудан ыктыярдуу баш тарткан адамга карата;
9) Кылмыш-жаза кодексинин Өзгөчө бөлүгүнүн жоболорунан улам кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулууга жаткан жакка карата;
10) жосундун декриминалдашуусуна байланыштуу;
11) эгерде ал жасалган жосун үчүн жаза колдонууну жокко чыгарса мунапыс актысынын натыйжасында;
12) кылмыш куугунтугунун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткенде;
13) жабырлануучу жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тартканда жана (же) ушул Кодекстин 58-главасына ылайык жана Кылмыш-жаза кодексинин 57-беренесинде каралган тартипте жабырлануучу айыпталуучу менен макулдашууга жетишкенде;
14) соттук териштирүүнүн убагында прокурор айыптоону колдоодон баш тартканда.
2. Сот адилеттиги тутумунан алып чыгууга байланыштуу ушул Кодекстин 467-беренесинде каралган учурларда айыпталуучу балага карата кылмыш иши кыскартылышы мүмкүн.
3. Эгерде ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн жагдайлар соттук териштирүүнүн маалында аныкталса, сот ишти териштирүүнү аягына чейин жеткирет жана актоо өкүмүн чыгарат.
4. Эгерде айыпталуучу буга каршы болсо, ушул берененин 1-бөлүгүнүн 10-12 жана 14-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча ишти кыскартууга жол берилбейт. Бул учурда иш боюнча өндүрүш улантыла берет жана ага негиздер болгондо актоо өкүмүн же соттолгон адамды жазаны өтөөдөн бошоткон айыптоо өкүмүн чыгаруу менен аяктайт.
5. Эгерде айыпталуучу буга каршы болсо, ушул берененин 1-бөлүгүнүн 13-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча ишти кыскартууга жол берилбейт. Бул учурда иш боюнча өндүрүш улантыла берет жана ага негиздер болгондо актоо өкүмүн же айыптоо өкүмүн чыгаруу менен аяктайт.
Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 13-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча төмөнкү учурларда ишти кыскартууга жол берилбейт:
1) ушул Кодекстин 155-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык козголгон кылмыш иштери боюнча;
2) эгерде адам уюшкан топтун же кылмыштуу уюмдун курамында кылмыш жасаса;
3) Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык козголгон кылмыш иштери боюнча.
6. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-6, 8 жана 10-пункттарында көрсөтүлгөн жагдайлар реабилитациялоочуларга кирет.
II БӨЛҮМ
СОТ ЖАНА КЫЛМЫШ-ЖАЗА СОТ ӨНДҮРҮШҮНҮН КАТЫШУУЧУЛАРЫ
4-глава. Сот
28-берене. Сот
1. Сот кылмыш иштери боюнча сот адилеттигин жүзөгө ашырат.
2. Кылмыш иштери көз карандысыз, компетенттүү жана калыс сот тарабынан каралууга тийиш.
29-берене. Соттун курамы
1. Кылмыш иштерин кароо судья тарабынан жеке же сот тарабынан коллегиалдуу жүзөгө ашырылат. Конкреттүү ишти кароо үчүн соттун курамы судьялардын адистешүүсүн эске алуу менен, анын түзүлүшүнө соттук териштирүүнүн натыйжасына кызыкдар адамдардын таасир көрсөтүүсү болбогон тартипте, анын ичинде автоматташтырылган тутумду пайдалануу менен түзүлөт.
2. Ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган кылмыш иштеринен тышкары, кылмыш-жаза иштерин кароо биринчи инстанциядагы сотто судья тарабынан жеке жүзөгө ашырылат.
3. Сот арачыларынын катышуусу менен кылмыш иштерин кароо сот тарабынан ушул Кодекстин 45-главасында белгиленген эрежелер боюнча жүзөгө ашырылат.
4. Кылмыш иштерин апелляциялык тартипте кароо курамы 3 судьядан турган соттук коллегия тарабынан жүзөгө ашырылат.
5. Кылмыш иштерин кассациялык тартипте кароо курамы 3 судьядан турган Жогорку соттун соттук коллегиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.
6. Кылмыш иши соттук коллегия тарабынан кароодо ошол соттун төрагасынын же анын орун басарынын тапшырмасы боюнча коллегия мүчөлөрүнүн бири төрагалык кылат.
7. Бир коллегиядагы судьяларга апелляциялык инстанциядагы ишти кароого катышууга тоскоолдук кылуучу жагдайлар болгон учурларда областтык жана ага теңештирилген соттун төрагасы, ал эми кассациялык инстанцияда – Жогорку соттун төрагасы, анын орун басарлары ишти кароого катышууга башка коллегиянын судьяларын тартууга укуктуу.
8. Сотко чейинки өндүрүштө соттук контролдоо тергөө судьясы тарабынан жеке жүзөгө ашырылат.
30-берене. Судья
1. Ишти өз компетенциясынын чегинде жеке кароочу, соттун отурумун даярдоо же өкүмдү же башка чечимди аткарууну камсыз кылуу боюнча тескөө аракеттерин жүзөгө ашыруучу, өтүнмөлөрдү жана даттанууларды чечүүчү судьяга соттун ыйгарым укуктары таандык.
2. Судьялар коллегиясынын курамында ишти кароочу судья каралып жаткан ишке байланыштуу келип чыккан бардык маселелерди чечүүдө төрагалык кылуучу жана башка судьялар менен тең укуктардан пайдаланат. Каралып жаткан маселелер боюнча башка судьялардын ой-пикири менен макул болбогон учурда судья өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө баяндоого укуктуу.
31-берене. Соттун ыйгарым укуктары
1. Сот төмөнкүлөргө ыйгарым укуктуу:
1) адамды күнөөсүз деп таанууга;
2) адамды кылмыш жасоого күнөөлүү деп таанууга жана ага жаза дайындоого;
3) жосунду Кылмыш-жаза кодексинин ченемдери боюнча квалификациялоого жана сот өндүрүшү айыпталуучунун күнөөлүүлүгү жөнүндө вердикт чыгарган сот арачыларынын катышуусу менен жүзөгө ашырган учурларда айыпталуучуга жаза дайындоого;
4) адамга карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын жана (же) мажбурлап дарылоону колдонууга;
5) адамга балдарга карата колдонулуучу тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонууга;
6) төмөн турган сот тарабынан кабыл алынган чечимди жокко чыгарууга же өзгөртүүгө;
7) кылмыш иштери боюнча айыпталуучуну жана жабырлануучуну медиатор менен маалыматтык жолугушууга жөнөтүүгө;
8) ушул Кодексте каралган башка чечимдерди кабыл алууга.
2. Сотко чейинки өндүрүштө адам укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына соттук контролду тергөө судьясы жүзөгө ашырат.
3. Сот ишти кайрадан баштоого жана жаңыдан же жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароого укуктуу.
32-берене. Тергөө судьясынын ыйгарым укуктары
1. Тергөө судьясы сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө төмөнкү чечимдерди кабыл алууга ыйгарым укуктуу:
1) кылмыш жасаганга шектүү адамды кармоонун мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү жөнүндө;
2) күрөө, үй камагы, экстрадициялык камак, камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чараларын колдонуу жөнүндө;
3) бөгөт коюу чарасынын мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө;
4) бөгөт коюу чараларын өзгөртүү жөнүндө;
5) тиешелүү экспертизаларды жүргүзүү үчүн камакта турбаган айыпталуучуну медициналык же психиатриялык стационарга жайгаштыруу жөнүндө;
6) жеке жана юридикалык жактардын эсептеринде жана аманаттарында же банктарда жана кредиттик уюмдарда сактоодо турган акчалай каражаттарын кошуп алганда, мүлкүнө, баалуу кагаздарына жана алардын сертификаттарына камак салуу жөнүндө;
7) айыпталуучуну кызмат ордунан убактылуу четтетүү жөнүндө;
8) каза болгон адамдын жакын туугандарынын, жубайынын макулдугу болбогондо, эксгумация жүргүзүү жөнүндө;
9) анда жашап турган адамдардын менчигинде турган турак жайды, ошондой эле башка укуктарындагы башка объекттерди, алардын макулдугу болбогондо кароо жүргүзүү жөнүндө;
10) алып коюуну жана (же) тинтүүнү жүргүзүү жөнүндө;
11) ушул Кодекстин 237-239-беренелеринде көрсөтүлгөн атайын тергөө аракеттерин кошпогондо, ушул Кодексте каралган атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү жөнүндө;
12) ушул Кодексте каралган башка маселелер боюнча.
2. Тергөө судьясы соттук контролдоону жүзөгө ашыруунун алкактарында алгачкы текшерүү органынын, тергөөчүнүн, прокурордун, тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин аракеттерине (аракетсиздигине) жана чечимдерине карата кылмыш-жаза сот өндүрүшүн катышуучуларынын даттанууларын карайт.
3. Ушул Кодексте каралган учурларда, тергөө судьясы:
1) тергөөнүн жүрүшүндө тараптардын биринин өтүнмөсү боюнча күбөнүн же жабырлануучунун көрсөтмөлөрүн депонирлейт;
2) эгерде айыпталуучу ушул Кодекстин 112-беренесинин 6-бөлүгүндө каралган бузуулардын бирине жол берген учурларда күрөөнү мамлекеттин пайдасына алуу тууралуу маселени чечет;
3) күбөлөргө, жабырлануучуларга жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларына карата коопсуздукту камсыз кылуу чараларын колдонуу жөнүндө чечим кабыл алат;
4) күнөөсүн мойнуна алуу жөнүндө процессуалдык макулдашууну бекитет.
4. Тергөө судьясы ушул Кодекске ылайык ишти маңызы боюнча чечүүдө соттук кароонун предмети болушу мүмкүн болгон маселелерди алдын ала чечпеши, тергөөнүн багыты жана тергөө аракеттерин жүргүзүү жөнүндө көрсөтмөлөрдү бербеши, прокурордун жана сотко чейинки өндүрүштү ишке ашыруучу адамдын ордуна аракеттерди жасабашы жана чечимдерди кабыл албашы керек.
33-берене. Сот арачыларынын ыйгарым укуктары
1. Сот арачыларынын катышуусу менен кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жүзөгө ашырууда сот арачылары ушул Кодексте белгиленген тартипте, алардын алдына коюлган, ушул Кодекстин 350-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2 жана 4-пункттарында каралган маселелерди чечет.
2. Сот арачылары төмөнкүгө укуктуу:
1) иштин жагдайын өзүнүн ички ишеними менен өз алдынча баалоо мүмкүнчүлүгүн алуу жана сот арачыларынын коллегиясынын алдына коюлган суроолорго жооп берүү үчүн сотто каралып жаткан бардык далилдерди изилдөөгө катышууга;
2) кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучуларына суроолорду башчы аркылуу төрагалык кылуучуга кат жүзүндө берүүгө;
3) буюм далилдерин, документтерди кароого, жерди жана жайларды кароолорду жүргүзүүгө далилдерди изилдөө боюнча бардык башка аракеттерге катышууга;
4) төрагалык кылуучудан ишке тиешелүү болгон мыйзам ченемдерин жана алар үчүн түшүнүксүз башка суроолорду чечмелеп берүүнү суранууга;
5) соттук отурумдун учурунда кыскача жазууларды жүргүзүүгө.
3. Сот арачылары төмөнкүгө милдеттүү:
1) соттук отурумдун убагында тартипти сактоого жана төрагалык кылуучунун мыйзамдуу тескөөлөрүнө баш ийүүгө;
2) тыныгуу жарыяланган же ишти угуу кийинкиге калтырылган учурда соттук отурумду улантуу үчүн сот тарабынан көрсөтүлгөн убакытта келүүгө;
3) ишти угуу убагында соттун отурум залынан чыгып кетпөөгө;
4) каралып жаткан кылмыш ишинин жагдайлары боюнча соттун курамына кирбеген адамдар менен сүйлөшпөөгө;
5) ишти териштирүүнүн жүрүшүндө жана соттук отурумунан тышкары иш боюнча маалыматтарды чогултпоого;
6) сот арачыларынын алдына коюлган суроолор боюнча кеңешүүнүн жана добуш берүүнүн жашырындуулугун бузбоого;
7) аларга соттун жабык отуруму убагында белгилүү болуп калган маалыматтарды, ошондой эле сот арачыларын тандоодо алар жөнүндө белгилүү болуп калган фактыларды ачыкка чыгарбоого;
8) эгерде каралып жаткан кылмыш ишинде мамлекеттик жашыруун же мыйзам менен корголуучу башка сырды түзгөн маалыматтар болсо ачыкка чыгарбоого. Мындай учурларда сот арачыларынан ачыкка чыгарбоо жөнүндө тилкат алынат.
4. Сот арачысы ушул беренеде каралган милдеттерди аткарбаганда, төрагалык кылуучу тарабынан сот арачысынын ишти андан ары кароого катышуудан четтетилишине жана мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
5-глава. Процесстин айыптоочу тараптан катышуучулары
34-берене. Прокурор
1. Башкы прокурор өз компетенциясынын чектеринде ушул Кодекстин ченемдерин колдонуу маселелери боюнча укуктук актыларды кабыл алат, алар кылмыш-жаза куугунтуктоо органдары үчүн милдеттүү аткарууга тийиш.
2. Прокурор – ушул Кодексте каралган компетенциянын чектеринде төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу кызмат адамы:
1) мамлекеттик укуктук статистика жана эсепке алуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөөнү;
2) ыкчам издөө ишин, сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу органдардын мыйзамдарды сактоосун көзөмөлдөөнү;
3) сотко чейинки өндүрүштү;
4) сотто мамлекеттик айыптоону колдоону;
5) сотто жарандын же мамлекеттин кызыкчылыктарына өкүлчүлүк кылууну;
6) соттун чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөөнү.
3. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө прокурор көз карандысыз жана мыйзамга гана баш ийет.
35-берене. Прокурордун ыйгарым укуктары
1. Прокурор кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жасалган же даярдалып жаткан кылмыштар жөнүндө билдирүүлөрдү кабыл алуунун, каттоонун жана чечүүнүн аткарылышынын мыйзамдуулугун, Кылмыштардын бирдиктүү реестрине киргизилген маалыматтардын толуктугун жана аныктыгын текшерүүгө;
2) сотко чейинки өндүрүшкө тиешелүү материалдарга, документтерге жана башка маалыматтарга толук жеткиликтүү болууга;
3) ыкчам издөө ишин жүзөгө ашыруучу жана алгачкы текшерүү органдарынын мыйзамдарды аткарышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырууга;
4) тергөөчүнүн ушул Кодексте каралган ыйгарым укуктарын пайдалануу менен сотко чейинки өндүрүштү баштоого жана (же) жүргүзүүгө;
5) кылмыш иштерин козгоого, тергөөнүн караштуулугуна ылайык, өзгөчө учурларда - тергөөнүн караштуулугуна карабастан, тергөөчүгө же тергөөчүлөрдүн тобуна, төмөн турган прокурорго өткөрүп берүүгө. Өзгөчө учурлар төмөнкүлөр болуп саналат: тергөөчү ишти калыс тергөө жүргүзбөөсү; кызмат адамдарынын карамагында турган тергөөчүгө тигил же бул чечимди кабыл алдыруу максатында кысым көрсөтүүсү; иштин коомдук маанилүүлүгү; ушул иш боюнча кылмышты ачкан органдын иш боюнча тергөө жүргүзүүсүнүн максатка ылайыктуулугу;
6) кармоонун мыйзамдуулугун текшерүүгө жана ушул Кодекстин талаптарын бузуу менен кармалган адамдарды бошотуу жөнүндө токтом чыгарууга;
7) сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу органдардын мыйзамдарды аткарууларына көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырууга;
8) алгачкы текшерүү органына, тергөөчүгө тигил же бул процессуалдык аракеттерди жүргүзүү жөнүндө жазуу жүзүндө көрсөтмө берүүгө;
9) текшерүү, инвентаризация жүргүзүү жана (же) экспертизаларды дайындоо жөнүндө токтомдорду чыгарууга;
10) көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруучу прокурордун көрсөтмөлөрүнө макул болбогон тергөөчүнүн каршы пикирин кароого;
11) тергөөчүнүн, тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин, төмөн турган прокурордун мыйзамсыз жана негизсиз чечимин жокко чыгарууга, иш боюнча өндүрүштү токтотуу, кыскартуу жөнүндө токтомдорду чыгарууга;
12) алгачкы текшерүү органынан, тергөөчүдөн сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө жол берилген мыйзам бузууларды четтетүүнү талап кылууга;
13) соттун чечиминин негизинде жол бериле турган күрөө, үй камагы, камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чараларын өзгөртүү, колдонуу жөнүндө, айыпталуучуну камакта кармоонун мөөнөтүн узартуу жөнүндө тергөөчүнүн өтүнүчүн сот алдында козгоодо, ошондой эле экстрадициялык камакка алууга макулдук берүүгө же болбосо баш тартууга;
14) соттун алдында атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү жөнүндө тергөөчүнүн өтүнүчүнө макулдук берүүгө же болбосо макулдук берүүдөн баш тартууга;
15) кылмыш-жаза сот өндүрүш тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө токтомду жана келишимди бекитүүгө;
16) тергөөнүн мөөнөтүн узартууга же болбосо аларды узартуудан баш тартууга;
17) алгачкы текшерүү органынын, тергөөчүнүн, төмөн турган прокурордун чечимдерине жана аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууларды чечүүгө;
18) тергөөчүгө билдирилген четтетүүнү, ошондой эле анын өзүн өзү четтетүүсүн чечүүгө;
19) тергөөчүнү жана төмөн турган прокурорду, эгерде алар мыйзам бузууга жол беришсе, сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашырууга андан ары катышуудан четтетүү тууралуу токтом чыгарууга;
20) эгерде иммунитеттен пайдаланган адамдар айыпталуучу катары тартылууга тийиш болсо, аларды кылмыш куугунтугуна иммунитеттен ажыратуу жөнүндө сунуштама менен тиешелүү органдарга кайрылууга;
21) күнөөнү моюнга алуу жөнүндө макулдашууну түзүү тууралуу өтүнүчтү канааттандырууга же баш тартууга;
22) жабырлануучуга, күбөгө жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышкан башка адамдарга карата коргоо чараларын колдонуу жөнүндө тапшырма берүүгө;
23) кылмыш иши боюнча айыптоо актысын, медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө токтомду бекитүүгө, же болбосо жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрү менен кошумча тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн ишти тергөөчүгө кайтарып берүүгө, өзүнүн токтому менен айыптоо актысынын айрым пункттарын жокко чыгарууга же айыпталуучунун аракеттерин жеңилдетүү жагына кайра квалификациялоого, же болбосо кылмыш ишин кыскартууга же болбосо кылмыш ишинин бөлүгүндө кыскартууга;
24) сотто айыптоону колдоого;
25) кылмыш куугунтугунан баш тартууга жана (же) коюлган айыпты өзгөртүүгө;
26) ушул Кодексте белгиленген тартипте сот чечимдерине даттанууга;
27) ушул Кодексте каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.
2. Сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүгө байланыштуу прокурордун тергөө жана алгачкы текшерүү органдарына ушул Кодексте каралган тартипте берген жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрү бул органдар үчүн милдеттүү болуп саналат.
Алынган көрсөтмөлөрдү жогору турган прокурорго даттануу аларды аткарууну токтотпойт.
36-берене. Тергөөчү
1. Тергөөчү ушул Кодексте каралган компетенциянын чектеринде кылмыш иши боюнча тергөөнү жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу кызмат адамы болуп саналат.
2. Тергөөчү тергөөгө чейинки текшерүүнү баштайт жана жүргүзөт, ушул Кодексте каралган тергөө аракеттерин аткарат.
3. Тергөөчү тергөөгө чейинки текшерүү, тергөөнүн багыттары жана тергөө аракеттерин жүргүзүү жөнүндө бардык чечимдерди өз алдынча кабыл алат жана аларды мыйзамдуу жана өз убагында жүргүзүү үчүн жоопкерчилик тартат, буга мыйзамда каралган ушул Кодексте белгиленген прокурордун макулдугун же тергөө судьясынын чечимин алуу учурлары кирбейт.
37-берене. Тергөөчүнүн ыйгарым укуктары
1. Тергөөчү төмөнкүлөргө ыйгарым укуктуу:
1) ушул Кодекстин талаптарына ылайык тергөө аракеттерин жүргүзүүгө;
2) жабырлануучуга материалдык зыяндын жана моралдык залалдын ордун толтурууга карата чараларды көрүүгө;
3) окуя жана ага тиешеси бар адамдар жөнүндө маалыматтарды камтыган документтерди, материалдарды талап кылууга;
4) текшерүү, инвентаризация жана (же) экспертизаларды жүргүзүү жөнүндө токтомдорду чыгарууга ;
5) сотко чейинки өндүрүшкө байланыштуу алгачкы текшерүү органынан ыкчам-издөө аракеттерин жүргүзүү жана кылмышты ачуу, жоголгон адамдарды жана буюмдарды табуу боюнча көрүлүүчү чаралар жөнүндө маалыматтарды алууга;
6) кылмыш иши боюнча алгачкы текшерүү органына ал үчүн милдеттүү болгон ыкчам-издөө аракеттерин жана (же) атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү жөнүндө жазуу жүзүндө тапшырмаларды берүүгө;
7) алгачкы текшерүү органына кармоо, алып келүү жөнүндө чечимдерди аткарууну тапшырууга, ошондой эле өзүнүн талабы боюнча алгачкы текшерүү органынан тергөө, атайын тергөө жана башка процессуалдык аракеттерди жүргүзүүдө көмөк алууга;
8) алгачкы текшерүү органына күбөлөргө, жабырлануучуларга жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларына карата коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чараларды жүзөгө ашырууну тапшырууга;
9) тиешелүү мамлекеттик жана башка органдардан адистердин жана эксперттердин жардам көрсөтүүлөрүн талап кылууга;
10) зарыл болгон учурда кылмыш иши боюнча өндүрүшкө катышуу үчүн котормочуну тартууга;
11) адамдын кылмыш жасаганына негиздүү шектенүү болгондо, аны кармоого;
12) кылмыш иши боюнча өндүрүшкө адвокаттын катышуусун камсыз кылууга, ал эми мамлекет тарабынан кепилдик берилген юридикалык жардам алууга укугу бар адамдарга адвокаттын дайындалышын талап кылууга;
13) адамды айыпталуучу катарында жоопко тартуу жөнүндө токтом чыгарууга жана айыбын угузууга;
14) жабырлануучу деп танууга жана анын өкүлүн сотко чейинки өндүрүшкө катыштырууга;
15) котормочуга, адиске, экспертке карата четтетүүнү чечүүгө;
16) кылмыш иши боюнча өндүрүшкө байланыштуу өтүнүчтөрдү чечүүгө;
17) компетенциясынын чектеринде даттанууларды чечүүгө;
18) бөгөт коюу чараларын колдонуу, өзгөртүү жана узартуу жөнүндө жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүн камсыз кылуунун башка чараларын колдонуу жөнүндө өтүнүчтөрдү берүүгө;
19) кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүштү кабыл алуу, токтотуу, кайра баштоо, кыскартуу жөнүндө токтом чыгарууга;
20) прокурордун жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрүн жана тапшырмаларын аткарууга;
21) айыпталуучуну жана жабырлануучуну медиатор менен маалыматтык жолугушууга жиберүүгө;
22) баланы кылмыш-жаза сот тутумунан чыгаруу жөнүндө келишим түзүүгө жана токтом чыгарууга;
23) ушул Кодексте каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.
2. Тергөөчү прокурордун кылмыш иши боюнча чечими менен макул болбогон учурда өзүнүн каршы пикирин жазуу жүзүндө баяндоо менен жогору турган прокурорго кайрылууга укуктуу. Бул учурда жогору турган прокурор өзүнүн токтому менен төмөн турган прокурордун чечимин жокко чыгарууга же тергөө өндүрүшүн башка тергөөчүгө тапшырууга укуктуу.
3. Тергөөчүнүн кылмыш иши боюнча токтомун уюмдардын жетекчилери аткарууга милдеттүү. Тергөөчүнүн токтомун аткарбай коюу мыйзамга ылайык жоопкерчиликке алып келет.
38-берене. Тергөө бөлүмүнүн жетекчиси
1. Тергөө бөлүмүнүн жетекчиси сотко чейинки өндүрүштү уюштурат.
2. Тергөө бөлүмүнүн жетекчиси төмөнкүлөргө ыйгарым укуктуу:
1) сотко чейинки өндүрүштү тергөөчүгө же тергөөчүлөрдүн тобуна тапшырууга, ошондой эле тергөөчүдөн кылмыш ишин алып коюуга жана мындай өткөрүп берүүнүн негиздерин милдеттүү түрдө көрсөтүү менен башка тергөөчүгө өткөрүп берүүгө;
2) эгерде ал ушул Кодекстин талаптарын бузууга жол берсе, тергөөчүнү андан ары тергөө өндүрүшүнөн четтетүүгө;
3) Кылмыштардын бирдиктүү реестрине маалыматтардын өз убагында жана туура киргизилишин, ошондой эле тергөөчүлөрдүн алардын өндүрүшүндө турган кылмыш иштери жана материалдары боюнча аракеттерин, тергөөчүлөрдүн тергөө, үй камагы жана камакта кармоо мөөнөттөрүн сактоолорун, ушул Кодексте белгиленген учурларда прокурордун жазуу жүзүндөгү тапшырмаларынын жана көрсөтмөлөрүнүн, башка тергөөчүлөрдүн тапшырмаларынын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырууга;
4) тергөө бөлүмүнүн жетекчиси тергөөчүнүн өндүрүшүндө турган кылмыш иши боюнча териштирүүгө катышууга, тергөөчүнүн ыйгарым укуктарын пайдалануу менен жеке өзү тергөө жүргүзүүгө укуктуу.
3. Тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин кылмыш иши боюнча көрсөтмөлөрү тергөөчүнүн өз алдынчалыгын, ушул Кодекстин 37-беренесинде белгиленген анын укуктарын чектей албайт. Тергөөчүгө көрсөтмөлөр жазуу жүзүндө берилет жана аткаруу үчүн милдеттүү, бирок ал макул болбогон учурда прокурорго даттанылышы мүмкүн.
39-берене. Алгачкы текшерүү органы
1. Алгачкы текшерүү органына төмөнкүлөр кирет:
1) ички иштер органдары;
2) жаза-аткаруу тутумунун органдары жана мекемелери;
3) аскер бөлүктөрүнүн, бирикмелеринин командирлери жана аскердик мекемелердин начальниктери;
4) чек ара бөлүктөрүнүн командирлери;
5) аба кемелеринин командирлери;
6) улуттук коопсуздук органдары;
7) бажы органдары;
8) өзгөчө кырдаалдар кызматынын органдары;
9) алыскы жерлердеги геологиялык чалгындоо партияларынын, экспедициялардын жетекчилери;
10) Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин башчылары.
2. Алгачкы текшерүү органы өз компетенциясынын чектеринде:
1) жасалган же даярдалып жаткан кылмыш жөнүндө арыздарды, билдирүүлөрдү Кылмыштардын бирдиктүү реестрине каттоону камсыз кылат;
2) окуянын издерин сактоо чараларын көрөт;
3) кылмыштарды алдын алуу, бөгөт коюу, кылмыш жасаган адамдарды табуу жана издөө үчүн жарандардын конституциялык укуктарын чектебеген ыкчам-издөө иш-чараларын, ошондой эле тергөөчүнүн тапшырмасы боюнча кылмышты ачуу жана далилдерди чогултуу үчүн атайын тергөө аракеттери боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын жүзөгө ашырат;
4) өз компетенцияларынын чегинде аракеттенишкен прокурорго жана тергөөчүгө алар талап кылган маалыматтарды жана материалдарды берет;
5) прокурордун жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрүн жана тапшырмаларын, тергөөчүнүн тапшырмаларын, анын ичинде жабырлануучуларды, күбөлөрдү, кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышуучу башка адамдарды коргоо чараларын колдонуу жөнүндө тапшырмаларды аткарат;
6) айдап келүүнү жүзөгө ашырат;
7) ушул Кодекске ылайык, соттун жазуу жүзүндөгү тапшырмаларын жана тескемелерин аткарат;
8) бөгөт коюу чарасынын шарттарынын жана тартиптеринин сакталышын контролдоону жүзөгө ашырат.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3-5, 7-9 жана 10-пункттарында көрсөтүлгөн алгачкы текшерүү органдары жыйналган материалдарды ушул Кодексте аныкталган тергөө караштуулугу боюнча тергөөчүгө же прокурорго өткөрүп берүү менен, окуянын изин сактоо боюнча гана кечиктирилгис чараларды көрөт.
40-берене. Жабырлануучу
1. Кылмыштан дене-боюна, моралдык зыян жана (же) материалдык залал келтирилген жеке жак жабырлануучу болуп саналат.
Кылмыштан мүлктүк зыян келтирилген юридикалык жак жабырлануучу деп таанылышы мүмкүн. Бул учурда жабырлануучунун укуктарын жана милдеттерин юридикалык жактын өкүлү жүзөгө ашырат.
2. Жеке же юридикалык жакта жабырлануучунун укуктары жана милдеттери жабырлануучу деп таануу жөнүндө токтом чыккан учурдан тартып келип чыгат.
Эгерде кылмыштын натыйжасында адам өлүмгө учураса же адам арыз бере албай турган абалда болсо, аны жабырлануучу катары тартуу жөнүндө арыз берген жакын туугандарынын ичинен бир адам, жубайы жабырлануучу деп таанылат, ал эми бир нече арыз болгондо - бир нече адам жабырлануучу катары таанылышы мүмкүн.
Арыз бере албай турган абалда тургандан кийин адам өзүнүн укугунан пайдалана алат жана ал аны жабырлануучу катары тартуу жөнүндө арыз бере алат.
Эгерде адам өзүнө карата кылмыш жасалганы жөнүндө арыз бербесе же өзүн жабырлануучу катары тартуу жөнүндө арыз бербесе, анда тергөөчү, сот анын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана ал адамды жабырлануучу деп таануусу мүмкүн. Мындай макулдук болбосо, ал адам зарыл болгон учурда күбө катары тартылат.
3. Тергөөчү, сот кылмыш жасалганы жөнүндө арызды же адамды жабырлануучу катары тартуу жөнүндө арызды алган учурдан тартып адамды жабырлануучу деп таанууга милдеттүү.
Кылмыш жасалганы жөнүндө арыз же адамды жабырлануучу катары тартуу жөнүндө арыз материалдык залал жана (же) моралдык зыян келтирилбеген адам тарабынан берилген деп эсептөөгө жетиштүү негиздер болгондо, тергөөчү, сот жабырлануучу деп таануудан баш тартуу тууралуу токтом чыгарат, ал прокурорго же сотко даттанылышы мүмкүн.
4. Жабырлануучунун төмөнкүлөргө укугу бар:
1) айыпталуучуга коюлган айыптын маңызын билүүгө;
2) өз эне тилинде же өзү билген тилде көрсөтмө берүүгө;
3) далилдерди келтирүүгө;
4) өтүнүч жана четтетүү билдирүүгө;
5) котормочунун кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдаланууга;
6) өкүлүнө ээ болууга;
7) мыйзамда каралган учурларда мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардамга;
8) медициналык мекемеде күбөлөндүрүүдөн өтүүгө;
9) анын өтүнүчү же болбосо анын өкүлүнүн өтүнүчү боюнча жүргүзүлүүчү тергөө аракеттерине катышууга;
10) анын катышуусу менен жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин протоколдору менен таанышууга, алардын көчүрмөлөрүн алууга жана аларга карата пикирин билүүгө;
11) сотко чейинки өндүрүш аяктагандан кийин мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды кошпогондо, кылмыш ишинин бардык материалдары менен таанышууга жана алардын көчүрмөлөрүн алууга;
12) өзүн жабырлануучу деп таануу жөнүндө, кылмыш куугунтугун кыскартуу жөнүндө токтомдордун, айыптоо актысынын көчүрмөлөрүн, ошондой эле соттук чечимдердин көчүрмөлөрүн алууга;
13) сотко катышууга;
14) соттук жарыш сөздөрдө чыгып сүйлөөгө, айыптоону колдоого;
15) соттук отурумдун протоколу менен таанышууга жана ага карата пикирлерин берүүгө;
16) алгачкы текшерүү органынын, тергөөчүнүн, тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин, прокурордун жана соттун аракеттерине жана чечимдерине даттанууга;
17) соттун чечимдерине даттанууга;
18) иш боюнча берилген даттануулар, сунуштамалар жөнүндө кабардар болууга жана аларга каршы пикирин берүүгө;
19) даттанууларды жана сунуштамаларды сотто кароого катышууга;
20) мыйзамда белгиленген учурларда кылмыш менен келтирилген залалдын ордуна мамлекеттин эсебинен компенсация алууга;
21) кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө буюм далили катары же башка негиздер боюнча андан алынып коюлган, кылмыш жасаган адамдан алынган мүлкүн, өзүнө таандык расмий документтердин түп нускасын кайтарып алууга;
22) шектүүдөн, айыпталуучудан, соттолгондон кылмыш менен келтирилген мүлктүк залалдын жана (же) моралдык зыяндын ордун толтурууга;
23) мыйзамда каралган учурларда, анын ичинде медиация тартибинде жарашууга.
5. Жабырлануучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) алгачкы текшерүү органынын, тергөөчүнүн, прокурордун, соттун чакыруусу боюнча келүүгө;
2) көрсөтмө берүүгө, иш боюнча бардык ага белгилүү болгондорду туура айтып берүүгө;
3) өзүндө болгон буюмдарды, документтерди, ошондой эле үлгүлөрдү салыштырып изилдөө үчүн берүүгө;
4) алгачкы текшерүү органынын, тергөөчүнүн, прокурордун, соттун талабы боюнча күбөлөндүрүүдөн өтүүгө;
5) эгерде ал бул тууралуу ушул Кодекстин 167-беренесинде белгиленген тартипте алдын ала эскертилсе, иш боюнча өзүнө белгилүү жагдайлар туурасында маалыматтарды ачык жарыялабоого;
6) процессуалдык аракеттерди жүргүзүүдө жана соттук отурумдун убагында ушул Кодексте белгиленген тартипти сактоого;
7) тергөөчү же сот тарабынан жөнөтүлгөндө, медиатор менен маалыматтык жолугушууга барууга.
6. Жабырлануучу чакыртуу боюнча жүйөлүү себепсиз келбей койгондо ал мажбурлоо жолу менен келтирилет.
7. Көрсөтмө берүүдөн баш тартканы же качканы жана алдын ала билип туруп жалган көрсөтмө бергени үчүн жабырлануучу Кылмыш-жаза кодексинин 364, 365-беренелеринде каралган жоопкерчиликти тартат.
8. Жабырлануучу өзүнө же өзүнүн туугандарына, жубайына каршы көрсөтмө берүүгө милдеттүү эмес.
9. Ишке жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлүнүн жана өкүлүнүн катышуусу, аны ушул беренеде каралган укуктардан ажыратпайт.
10. Жабырлануучуга шектүүнүн, айыпталуучунун жана соттолгондун эсебинен материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтуруу мүмкүн болбогон учурда, материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары – Министрлер Кабинети) тарабынан аныкталган тартипте адистештирилген фонддун эсебинен жүргүзүлөт.
41-берене. Жеке айыптоочу
1. Мамлекеттик айыптоочу айыптоодон баш тарткан учурда сотто айыптоону өз алдынча колдогон жеке ачык айыптоо иштери боюнча жабырлануучу жеке айыптоочу болуп саналат.
2. Жеке айыптоочуга ушул Кодекстин 295-беренесинде каралган укуктар берилет.
42-берене. Жабырлануучунун өкүлү
1. Мыйзам күчүнө ылайык кылмыш иши боюнча өндүрүштө жабырлануучунун мыйзамдуу кызыкчылыктарын жактоого ыйгарым укуктуу адвокаттар жана башка адамдар жабырлануучунун өкүлү боло алат.
Жабырлануучунун өкүлү катары жубайы, жабырлануучунун жакын туугандарынын бири же жабырлануучу уруксат берүү жөнүндө өтүнмө берген башка адам да болушу мүмкүн. Мындай адамдардын ыйгарым укуктары талаптагыдай жол-жоболоштурулган ишеним кат менен ырасталат.
2. Баланын же өзүнүн дене боюнун же психикасынын абалы боюнча өз укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын өз алдынча коргоо мүмкүнчүлүгүнөн айрылган жабырлануучунун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн милдеттүү түрдө ишке катышууга алардын мыйзамдуу өкүлдөрү тартылат.
3. Жабырлануучунун өкүлү жабырлануучу сыяктуу эле процессуалдык укуктарга жана милдеттерге ээ болот.
4. Жабырлануучунун ишке жеке өзүнүн катышуусу, аны бул иш боюнча өз өкүлүнө ээ болуу укугунан ажыратпайт.
5. Жабырлануучу болуп саналган юридикалык жактын өкүлү анын жетекчиси, мыйзам же уставдык документтер менен ыйгарым укук берилген адам же ишеним каттын негизинде аракеттенүүчү адам боло алат.
6-глава. Процесстин коргоочу тараптан катышуучулары
43-берене. Шектүү
1. Төмөнкүлөр шектүү болуп саналат:
1) ушул Кодексте каралган тартипте кылмыш жасоого шектенүү боюнча кармалган;
2) ага карата кылмыш иши козголгон;
3) шектүү катары суракка алынган.
2. Тергөө органы кармалган адамды шектүү катары 48 сааттан ашык кармап турууга укуксуз. Көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөн учурга карата тергөө органы кармалганды бошотууга же жана бөгөт коюу чарасын колдонуу менен айып коюуга милдеттүү.
3. Тергөө органы кылмыш ишин кыскартуу же аны айыпталуучу катарында тартуу жөнүндө токтом чыгарган учурдан тартып адам шектүүнүн абалында болбой калат.
44-берене. Шектүүнүн укуктары жана милдеттери
1. Шектүүнүн төмөнкүлөргө укугу бар:
1) өзүнүн эмнеге шектелип жатканын билүүгө;
2) кылмыш ишин козгоо жөнүндө токтомдун, кармоо жөнүндө токтомдун көчүрмөлөрүн алууга;
3) өзүнүн укуктары жөнүндө жазуу жүзүндө түшүндүрмө алууга;
4) өзүн жеке же тандап алынган адвокаттын жардамы менен коргоого;
5) кармаганда бир жолу телефон менен акысыз натыйжалуу жана көзөмөлдөнгөн сүйлөшүүгө;
6) биринчи сурак жүргүзүлгөн учурдан тартып, ал эми кармалганда – иш жүзүндө кармалган учурдан тартып адвокат алууга, тандап алынган адвокаты болбогон учурда – мамлекет кепилдеген юридикалык жардам алууга;
7) мыйзамда каралган учурларда мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардамга;
8) өзүнүн адвокаты менен саны, узактыгы чектелбеген, тыңшап угуу мүмкүнчүлүгү жок шарттарда жекеме-жеке жолугушууга;
9) көрсөтмө берүүгө же көрсөтмө берүүдөн баш тартууга;
10) көрсөтмөнү эне тилинде же өзү билген тилде берүүгө;
11) котормочунун кызмат көрсөтүүсүнөн пайдаланууга;
12) далилдерди келтирүүгө;
13) өтүнүчүн жана четтетүүлөрдү билдирүүгө;
14) өзүнүн катышуусу менен жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин протоколу менен таанышууга, жана алар боюнча протоколго түшүрүлүүчү пикирлерин берүүгө, ошондой эле алардын көчүрмөлөрүн алууга;
15) тергөөчүнүн уруксаты менен анын өтүнүчү же анын адвокатынын же болбосо мыйзамдуу өкүлүнүн өтүнүчү боюнча жүргүзүлүүчү тергөө аракеттерине катышууга;
16) алгачкы текшерүү органдарынын аракеттерине, тергөөчүнүн, прокурордун аракетине жана чечимдерине даттанууга;
17) иш жүзүндө кармалгандан кийин медициналык кароого жана врачтын жардамына;
18) мыйзамда каралган учурларда, анын ичинде медиация тартибинде жабырлануучу менен элдешүүгө.
2. Шектүү төмөнкүгө милдеттүү:
1) ишти териштирүүнү жүргүзүп жаткан органдын чакыруусу боюнча келүүгө;
2) тергөөчүнүн, прокурордун талаптарына баш ийүүгө.
3. Шектүү кылмыш ишинин тергөөсүн жүргүзүп жаткан органдын талабы боюнча төмөнкүлөргө кириптер кылынышы мүмкүн:
1) кароого, ошондой эле кармалганда жеке тинтүүгө;
2) врачтык кароого, дактилоскопиядан өтүүгө, фото, видео тартууга;
3) күбөлөндүрүүдөн өтүүгө;
4) экспертизадан өтүүгө.
4. Биологиялык тегинин үлгүлөрүн (кан, чач, адамдын организиминен бөлүнүп чыккандарды) мажбурлап алуу, мындай үлгүлөрдү алуу инсандын ар-намысын жана кадыр-баркын сыйлоо укугун бузуу менен коштолгон учурларды кошпогондо, тергөө судьясынын токтомунун негизинде жүргүзүлөт.
5. Шектүү ошондой эле ушул Кодексте каралган башка укуктарга ээ болот.
6. Шектүүнү, айыпталуучуну ар бир жолу убактылуу бөлөк кармоочу жайга же камакта кармоочу жайга жеткирүүдө, ошондой эле анын өзүнөн, анын адвокатынан, жакын туугандарынан, жубайынан ага карата алгачкы текшерүү жана тергөө органдарынын кызматкерлери тарабынан зомбулук, кыйноо же катаал мамиле колдонулганы жөнүндө даттануу түшкөндө, тиешелүү документти түзүү менен ал милдеттүү медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүлүүгө тийиш. Медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү милдети убактылуу бөлөк кармоочу жайдын же камакта кармоочу жайдын администрациясына жүктөлөт.
45-берене. Айыпталуучу, соттолгон, акталган
1. Айыпталуучу деп ага карата ушул Кодексте белгиленген тартипте аны айыпталуучу катары тартуу жөнүндө токтом чыгарылган, ошондой эле ага карата ушул Кодексте белгиленген тартипте айыптоо актысы бекитилген адам таанылат.
2. Өзүнө карата актоо өкүмү чыккан айыпталуучу акталган деп, ал эми мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмү чыкканда – соттолгон деп эсептелет.
46-берене. Айыпталуучунун, соттолгондун (акталгандын) укуктары жана милдеттери
1. Айыпталуучунун төмөнкүлөргө укугу бар:
1) аны айыпталуучу катары тартуу жөнүндө, экспертизаларды дайындоо жөнүндө токтомдордун, ага тиркелген маалымкаттары менен кошо айыптоо актысынын көчүрмөлөрүн алууга;
2) өзүнө коюлуп жаткан айып боюнча көрсөтмө берүүгө же көрсөтмө берүүдөн баш тартууга;
3) өз эне тилинде же билген тилде көрсөтмө берүүгө;
4) далилдерди келтирүүгө;
5) өтүнүчтөрдү жана четтетүүлөрдү билдирүүгө;
6) өз укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого жана коргоого карата даярдануу үчүн жетиштүү убакыт алууга;
7) квалификациялуу котормочунун кызматынан пайдаланууга;
8) өзүн өзү же өзү тандаган адвокаттын жардамы менен коргоого;
9) мыйзамдарда каралган учурларда, мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардамга;
10) санын жана узактыгын чектөөсүз, тоскоолдуксуз өзүнүн адвокаты менен жекеме-жеке сүйлөшүүгө;
11) өзүнүн өтүнүчү же адвокаттын өтүнүчү боюнча жүргүзүлүүчү тергөө аракеттерине катышууга;
12) эксперттин корутундусу менен таанышууга;
13) анын катышуусу менен жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин протоколу менен таанышууга жана протоколго киргизилүүчү пикирлерин берүүгө, ошондой эле алардын көчүрмөлөрүн алууга;
14) тергөө бүткөндөн кийин кылмыш ишинин бардык материалдары менен таанышууга жана андан зарыл маалыматтарды көчүрүп алууга;
15) алгачкы текшерүү органынын кызматкеринин аракеттерине, тергөөчүнүн, прокурордун аракеттерине жана чечимдерине даттанууга;
16) эгерде ал өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза каралган кылмышты жасаганына айыпталып жатса, анын кылмыш ишин сот арачыларынын катышуусу менен кароо жөнүндө өтүнүч берүүгө;
17) мыйзамда каралган учурларда, анын ичинде медиация тартибинде жабырлануучу менен элдешүүгө.
2. Айыпталуучу иштин соттук териштирүүсүнө катышууга, тараптардын бардык укуктарынан пайдаланууга, акыркы сөзүн айтууга, соттун аракетине жана чечимине даттанууга укуктуу.
3. Айыпталуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) тергөө жүргүзүп жаткан органдын чакыруусу боюнча келүүгө;
2) камакка алынган учурда жеке тинтүүгө алынууга;
3) врачтык кароодон, дактилоскопиядан өтүүгө, сүрөткө тартылууга, күбөлөндүрүүдөн, экспертизадан өтүүгө, биологиялык заттардын (кандын, адамдын организминен чыгуучу заттардын) үлгүсүн берүүгө;
4) тергөөчүнүн, прокурордун, тергөө судьясынын, судьянын, соттун тескөөлөрүнө баш ийүүгө;
5) сотко чакыруу боюнча келүүгө;
6) сотто төрагалык кылуучунун тескөөлөрүнө баш ийүүгө;
7) төрагалык кылуучунун уруксатысыз соттук отурумдун залынан чыгып кетүүгө;
8) соттук отурумда тартипти сактоого;
9) сот жибергенде медиатор менен маалыматтык жолугушууга келүүгө.
4. Айыпталуучу ошондой эле ушул Кодексте каралган башка укуктарга ээ болот жана башка милдеттерди аткарат.
5. Айыпталуучу баланын же аракетке жөндөмсүз айыпталуучунун укуктарын ушул Кодексте каралган тартипте анын мыйзамдуу өкүлү жүзөгө ашырат.
6. Айыпталуучу убактылуу камакта кармоочу жайга жеткирилген ар бир жолу, ошондой эле анын өзүнөн, анын адвокатынан, жакындарынан ага карата зомбулук, кыйноо же катаал мамиле жасалганы тууралуу даттануу түшкөн учурда, ал тийиштүү документти түзүү менен милдеттүү түрдө медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүлүүгө тийиш. Медициналык күбөлөндүрүүнү жүргүзүү милдети камакта кармоо жайынын администрациясына жүктөлөт.
7. Соттолгон же акталган төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Соттук отурумдун протоколу менен таанышууга жана ага карата пикирлерин берүүгө;
2) соттун чечимдеринин көчүрмөлөрүн алууга жана аларга даттанууга;
3) иш боюнча берилген даттануулар жана сунуштамалар жөнүндө билүүгө жана аларга каршы пикирлерин берүүгө;
4) даттанууларды жана сунуштамаларды соттук кароолорго катышууга;
5) авдокат, мыйзамга ылайык мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам алууга.
47-берене. Материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтуруу үчүн жооптуу жак
1. Мыйзам күчүнөн улам кылмыш менен же Кылмыш-жаза кодексинде тыюу салынган акыл-эси жайында эместин, ошондой эле баланын жосуну менен келтирилген материалдык зыян жана моралдык залал үчүн мүлктүк жоопкерчилик тартуучу жеке жак тергөөчү, сот тарабынан өндүрүшкө тартылат.
2. Келтирилген материалдык зыяндын жана моралдык залалдын ордун толтурууга жооптуу жак, ушул Кодексте белгиленген айыпталуучу, соттолгон адамдай эле укуктарга жана милдеттерге ээ. Зыяндын ордун толтурууга жооптуу адамга, материалдык зыяндын жана моралдык залалдын ордун толтурууга байланыштуу кылмыш-жаза өндүрүшүнөн кабыл алынган процессуалдык чечимдер жөнүндө билдирилет жана ал алардын көчүрмөлөрүн ушул Кодексте белгиленген учурларда жана тартипте алат.
48-берене. Жабырлануучу, шектүү, айыпталуучу баланын мыйзамдуу өкүлдөрү жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери
1. Балдар жасаган кылмыштар жөнүндө иштер боюнча ишке милдеттүү катышуу үчүн алардын мыйзамдуу өкүлдөрү, ошондой эле балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери тартылат.
2. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин, ошондой эле жабырлануучу, шектүү, айыпталуучу баланын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн ишке катышуусу ушул Кодекстин 54-главасында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
49-берене. Адвокат
1. Адвокат – кылмыш-жаза сөт өндүрүшүндө шектүүнүн, айыпталуучунун, соттолгондун, акталгандын, жабырлануучунун, күбөнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону жүзөгө ашыруучу жана аларга квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүчү адам.
2. Адвокат ишке шектүүнү, айыпталуучуну, жабырлануучуну, күбөнү биринчи суракка алган, шектүүнү, айыпталуучуну жеткирген же иш жүзүндө кармаган учурдан тартып катышат. Адвокат ырастамасын жана ордерин көрсөткөндө кылмыш-жаза иштери боюнча өндүрүшкө катышууга укуктуу.
3. Эгерде алардын биринин кызыкчылыгы экинчисинин кызыкчылыктарына карама-каршы келсе, бир эле адам эки шектүүнүн, айыпталуучунун, күбөнүн, жабырлануучунун адвокаты боло албайт.
4. Адвокат алгачкы текшерүү же тергөө органдарына, прокуратурага же сотко чакырылган кандай болбосун адамдын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону жүзөгө ашырууга укугу бар, мында адвокат ушул Кодексте жана мыйзамда каралган ыйгарым укуктарга жана кепилдиктерге ээ болот.
50-берене. Адвокатты чакыруу, алмаштыруу, квалификациялуу юридикалык жардам үчүн төлөм
1. Адвокат шектүү, айыпталуучу, соттолгон, акталган, жабырлануучу, күбө, алардын мыйзамдуу өкүлдөрү, ошондой эле шектүүнүн, айыпталуучунун, соттолгондун, акталгандын, жабырлануучунун, күбөнүн тапшыруусу жана макулдугу менен башка адамдар тарабынан чакырылат.
2. Адвокаттын кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышуусуна шектүүнүн, айыпталуучунун, соттолгондун, акталгандын, жабырлануучунун укугу тергөөчү, сот тарабынан камсыз кылынат.
3. Мамлекеттин эсебинен мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардамга укуктуу адамдар мыйзамга ылайык адвокат менен камсыз кылынат. Мамлекеттин эсебинен мамлекет тарабынан кепилденген квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөн адвокаттын акысын төлөө мыйзамга ылайык жүргүзүлөт.
4. Шектүү, айыпталуучу, соттолгон, акталган, жабырлануучу, күбө тарабынан тандалган адвокаттын катышуусу мүмкүн болбогон учурларда, тергөөчү, сот адвокаттардын мамлекеттик реестри аркылуу мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам боюнча адвокат берүүгө милдеттүү.
5. Адвокат кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө 5 суткадан ашык, ал эми бөгөт коюу чарасын колдонууда – 2 сааттан ашык катыша албаган учурда, тергөөчү, тергөө судьясы, сот адвокаттардын мамлекеттик реестри аркылуу мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам боюнча адвокат берүүгө милдеттүү.
Мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам боюнча адвокаттардын мамлекеттик реестри аркылуу адвокатты дайындоо тартиби ушул Кодексте жана мыйзамда аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
51-берене. Адвокаттын милдеттүү катышуусу
1. Адвокаттардын кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышуусу милдеттүү, эгерде:
1) шектүүнүн, айыпталуучунун сүйлөө, угуу, көрүү функциялары олуттуу бузулгандыктан узакка созулган катуу оорунун, ошондой эле акыл-эсинин начардыгынын, кем акылдыгынын, башка дене-боюнун же психикалык мүчүлүштүктөрүнүн кесепетинен өзүнүн актоо укугун өз алдынча жүзөгө ашыруу кыйын болгон учурда;
2) шектүүнүн, айыпталуучунун өтүнүчү бар болсо;
3) шектүү, айыпталуучу кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тилин билбесе же жетиштүү деңгээлде билбесе;
4) шектүүнүн, айыпталуучунун жашы жете элек болсо;
5) жак өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы боюнча шектелсе же айыпталса;
6) шектүү, айыпталуучу мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчысы болуп саналса;
7) шектүүнүн, айыпталуучунун кызыкчылыктарынын ортосунда карама-каршылыктар болсо жана эгерде алардын бирөөнүн адвокаты болсо;
8) кылмыш-жаза иши боюнча өндүрүшкө жабырлануучунун адвокаты катышса;
9) кылмыш-жаза иши сот арачыларынын катышуусу менен сот тарабынан каралууга тийиш болсо;
10) адамдын акыл-эсинин жайында экени, психикалык оорулар же акыл-эсинин ордунда экени шек туудурган башка маалыматтардын фактысы аныкталган учурдан тартып – медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу чараларды колдонуу каралып жаткан же аларды колдонуу жөнүндө маселе чечилип жаткан адамдарга карата;
11) процессуалдык макулдашуу жана аны түзүү жөнүндө өтүнүч билдирилсе.
2. Адамды кармоодо сот шектүүнүн, айыпталуучунун бөгөт коюу чарасын колдонуу, өзгөртүү жана узартуу жөнүндө тергөөчүнүн өтүнүчүн караганда адвокаттын катышуусу милдеттүү.
52-берене. Адвокаттан баш тартуу
1. Шектүү, айыпталуучу адвокаттан баш тартууга укуктуу. Мындай баш тартууга шектүүнүн, айыпталуучунун өзүнүн демилгеси боюнча гана жол берилет жана иште прокурордун, ага тете башка шектүүлөрдүн, айыпталуучулардын адвокаттарынын катышуусу үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.
2. Сотко чейинки өндүрүштө адвокаттан баш тартуу адвокаттын катышуусунда жүзөгө ашырылат.
3. Адвокаттан баш тартканда жактоо шектүүнүн, айыпталуучунун өзү тарабынан жүзөгө ашырылат.
4. Шектүү, айыпталуучу тарбынан билдирилген адвокаттан баш тартууга ушул Кодекстин 51-беренесинде каралган учурларда жол берилбейт.
5. Шектүүнүн, айыпталуучунун адвокатын ишке катышуудан бошотуу тергөөчүнүн, прокурордун токтому менен жол-жоболоштурулат.
53-берене. Адвокаттын ыйгарым укуктары
1. Юридикалык жардам көрсөтүү менен адвокат кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө тараптардын тең укуктуулук жана атаандаштык башталышында катышат.
2. Ишке катышкан учурдан тартып адвокат төмөнкүлөргө укуктуу:
1) иш боюнча шектүүнүн, айыпталуучунун, соттолгондун, акталгандын, жабырлануучунун, күбөнүн пайдасына күбөлөөчү материалдарды жеке өзү же мыйзамга ылайык жеке детективди пайдалануу менен чогултууга жана сотко чейинки өндүрүштө жана сотто көрсөтүүгө;
2) күбөлөрдүн, эксперттин жазуу жүзүндөгү билдирүүлөрүн жана түшүндүрмөлөрүн алууга, кароонун жеке протоколдорун түзүүгө;
3) тергөө судьясынын алдында далилдерди депонирлөө жөнүндө өтүнүч берүүгө;
4) тергөө судьясына ушул Кодекстин 182-беренесинде каралган тартипте экспертти чакыруу менен экспертизаны дайындоо жөнүндө, ошондой эле демилгеси боюнча эксперт тартылып жаткан тараптын эсебинен келишимдик негизде экспертиза жүргүзүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылууга;
5) адамды кармоодо жана айыбын угузууда катышууга;
6) шектүүнү, айыпталуучуну, жабырлануучуну, күбөнү суракка алууга, ошондой эле анын катышуусу менен же анын өтүнүчү боюнча жүргүзүлүүчү башка тергөө аракеттерине катышууга;
7) шектүү, айыпталуучу, соттолгон, акталган менен алардын санын жана узактыгын чектебестен жана тыңшап угуу мүмкүнчүлүгүн болтурбаган шарттарда жеке жолугушууларга;
8) кармоо жөнүндө токтом, айыпталуучу катарында жоопко тартуу жөнүндө, бөгөт коюу чараларын колдонуу жөнүндө токтомдор менен, шектүүнүн, айыпталуучунун катышуусу менен жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин протоколдору, шектүүгө, айыпталуучуга берилген же болбосо берилүүгө тийиш болгон документтер менен таанышууга, ошондой эле алардын көчүрмөлөрүн алууга;
9) сотко чейинки өндүрүш аяктагандан кийин кылмыш-жаза ишинин бардык материалдары менен таанышууга жана алардын көчүрмөлөрүн алууга;
10) өтүнүч билдирүүгө;
11) сотко катышууга;
12) четтетүүлөрдү билдирүүгө;
13) тергөө судьясынын, судьянын, соттун, прокурордун, тергөөчүнүн аракеттерине (аракетсиздигине) жана чечимдерине даттанууга жана аларды кароого катышууга;
14) сот алдында мажбурлап алып келүү жөнүндө өтүнүч берүүгө;
15) далилдерди талап кылып алууга;
16) коргоонун мыйзамга каршы келбеген башка бардык каражаттарын жана ыкмаларын пайдаланууга.
3. Тергөө аракеттерин жүргүзүүгө катышып жаткан адвокат тергөөчүнүн уруксаты менен суракка алынып жаткан адамдарга суроолорду берүүгө укуктуу. Тергөөчү адвокаттын суроолорун четке кага алат, бирок четке кагылган суроолорду протоколго киргизүүгө милдеттүү. Адвокат тергөө аракеттеринин протоколунда андагы жазуулардын тууралыгы жана толуктугу боюнча өзүнүн жазуу жүзүндөгү пикирлерин киргизүүгө укуктуу.
4. Адвокат коммерциялык жана башка мыйзам менен корголгон сырларды түзгөн маалыматтарды ачыкка жарыялабоо жөнүндө мыйзам актыларында белгиленген тартипти сактоо менен жактоону жүзөгө ашыруу, жабырлануучунун кызыкчылыктарын коргоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды төмөнкү жолдор менен алууга укуктуу:
1) аудиовидео жазуу жүргүзүү;
2) юридикалык жактардан маалымкаттарды, мүнөздөмөлөрдү, башка документтерди суратып алуу.
Юридикалык жактар адвокатка ал сураган документтерди же алардын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн 10 сутканын ичинде берүүгө милдеттүү.
Камакта кармоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө маселени кароодо суратылган маалымкаттар, мүнөздөмөлөр жана башка документтер адвокатка токтоосуз, бирок 2 суткадан кечиктирилбестен берилиши керек;
3) келишимдик негизде сот экспертизасын жүргүзүүнү демилгелөө;
4) эксперттик мекемеге тиешелүү экспертизаны келишимдик негизде жүргүзүү жөнүндө суроо-талап жиберүү;
5) адисти келишимдик негизде тартуу;
6) алардын макулдугу менен кылмыш-жаза ишине тиешеси бар маалыматтарга болжолдуу ээ болгон адамдарды сурамжылоо, анын ичинде илимий-техникалык каражаттарды пайдалануу менен.
5. Адвокат төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүгө;
2) шектүүнүн, айыпталуучунун, соттолгондун, акталгандын, жабырлануучунун, күбөнүн макулдугусуз, кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышуусуна байланыштуу ага белгилүү болуп калган жана мыйзам менен корголуучу адвокаттык же башка сырларды түзгөн маалыматтарды ачыкка чыгарбоого;
3) адвокаттын кесиптик этикасын сактоого.
6. Адвокат шектүүнүн, айыпталуучунун, соттолгондун, акталгандын, жабырлануучунун жана күбөнүн кызыкчылыгына каршы кандайдыр бир аракеттерди жасоого укуксуз.
7. Кылмыш-жаза иши үчүн мааниси бар адвокат жыйнаган далилдер анын өтүнүчү боюнча ишке кошуп тиркелет. Тиркелген материалдар ушул Кодекстин талаптарына ылайык сот, тергөөчү тарабынан изилденүүгө, баа берилүүгө тийиш.
54-берене. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери
1. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери шектелген бала иш жүзүндө кармалган учурдан тартып же баланы биринчи суракка алган учурдан тартып ишке катышат.
2. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери төмөнкүлөргө укуктуу:
1) иштин материалдары менен таанышууга;
2) тергөө судьясынын, судьянын, соттун, прокурордун, тергөөчүнүн, жаза аткаруу мекемелеринин кызматкерлеринин чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздиктерине) даттанууга жана аларды кароого катышууга.
3. Ишке катышкан учурдан тартып балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) баланын турмуштук кырдаалына баа берүүгө жана талдоо жүргүзүүгө, алардын жыйынтыгы боюнча корутунду түзүүгө;
2) баланын социалдык-психологиялык мүнөздөмөсүн түзүүгө;
3) анын корутундусуна негизделген, баланы социалдык, психологиялык, педагогикалык реабилитациялоо боюнча чараларды иштеп чыгууга;
4) бала катышуучусу болуп саналган же катышуучусу боло турган процессуалдык аракеттер жөнүндө бала үчүн түшүнүүгө жеткиликтүү формада баланын кабардар болуусун камсыз кылууга.
4. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери жабырлануучу балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын сотко чейинки өндүрүштө да, ошондой эле сотто дагы жактайт жана ушул берененин 2 жана 3-бөлүктөрүндө каралган укуктардан жана милдеттерден пайдаланат.
5. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери тарабынан чогултулган материалдар анын өтүнүчү боюнча ишке кошо тиркелет.
6. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери баланы социалдык коштоону жүзөгө ашырат жана баланы кылмыш-жаза сот өндүрүшү тутумунан чыгаруу жөнүндө келишимдин аткарылышын контролдойт.
7-глава. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышуучу башка адамдар
55-берене. Күбө
1. Кылмыш-жаза сот өндүрүшү боюнча өзүнө белгилүү болгон жагдайлар жөнүндө көрсөтмөлөрдү берүү үчүн чакырылган адам күбө катары таанылат.
2. Күбө ишке айыптоочу, адвокат, жабырлануучунун кызыкчылыктарынын өкүлү, материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтурууга жооптуу адам катары катыша албайт.
3. Ишке жабырлануучунун, айыпталуучунун мыйзамдуу өкүлдөрүнүн катышуусу, аларды күбө катары суракка алуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт.
4. Күбө катары төмөнкүлөр суракка алынууга жатпайт:
1) судья – иш боюнча өндүрүшкө катышуусуна байланыштуу өзүнө белгилүү болуп калган иштин жагдайлары жөнүндө;
2) сот арачысы – ушул кылмыш-жаза иши боюнча өндүрүшкө катышуусуна байланыштуу өзүнө белгилүү болуп калган кылмыш-жаза ишинин жагдайлары жөнүндө;
3) жабырлануучунун өкүлү – иш боюнча өз милдеттерин аткаруусуна байланыштуу өзүнө белгилүү болуп калган жагдайлар жөнүндө;
4) адвокат, адвокаттын жардамчысы – юридикалык жардамга кайрылуу же аны көрсөтүү менен байланыштуу өздөрүнө белгилүү болуп калган жагдайлар жөнүндө;
5) психологиялык же дене бою кемчилдиктеринен улам иш үчүн мааниси бар жагдайларды туура кабылдоого жана алар жөнүндө көрсөтмө берүүгө жөндөмсүз адам;
6) шектүүнүн, айыпталуучунун жакын туугандары, жубайы;
7) медиатор – медиация жүргүзүүгө байланыштуу өзүнө белгилүү болуп калган жагдайлар жөнүндө;
8) дин кызматчысы – сыр айтуудан өзүнө белгилүү болуп калган жагдайлар жөнүндө.
5. Эгерде ушул берененин 4-бөлүгүнүн 6-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар көрсөтмө берүүнү кааласа, анда алар ушул Кодекстин эрежелери боюнча суракка алынат.
6. Күбө төмөнкүлөргө укуктуу:
1) көрсөтмөнү эне тилинде же өзү билген башка тилде берүүгө, квалификациялуу котормочунун кызмат көрсөтүүсүнөн пайдаланууга;
2) аны суракка алууга катышкан котормочуга четтетүү билдирүүгө;
3) көрсөтмөлөрүн өз колу менен баяндоого;
4) сурактын протоколу менен таанышууга, ага толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;
5) көрсөтмөлөрдү берүүдө кыска жазууларды жана документтерди пайдаланууга;
6) соттун, прокурордун, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын кызматкеринин аракеттерине даттанууга;
7) иш боюнча өндүрүштө тарткан чыгымдарынын ордун толтуртууга;
8) кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жүргүзүп жаткан орган тарабынан буюм далили катары же башка негиздер боюнча алынган мүлкүн, өзүнө тиешелүү расмий документтердин түп нускаларын алууга;
9) сурак жүргүзүүдө адвокат алууга.
7. Күбө төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) соттун, прокурордун, тергөөчүнүн чакыруусу боюнча келүүгө;
2) иш боюнча бардык ага белгилүү болгондорду туура билдирүүгө жана коюлган суроолорго жооп берүүгө;
3) иш боюнча өзүнө белгилүү болгон жагдайлар жөнүндө маалыматтарды сурак жүргүзүүчүнүн уруксаты жок ачык жарыялабоого.
8. Күбө жүйөлүү себепсиз келбей койгондо, ал мажбурлап алып келиниши мүмкүн.
9. Алдын ала билип туруп жалган көрсөтмө бергени же көрсөтмөлөрдү берүүдөн баш тартканы же качканы үчүн күбө Кылмыш-жаза кодексинин 364 жана 365-беренелерине ылайык жоопкерчилик тартат.
10. Күбө өзүнө каршы же өзүнүн жакын туугандарына, жубайына каршы күбө болууга милдеттүү эмес.
56-берене. Эксперт
1. Cотко чейинки өндүрүштүн же соттук териштирүүнүн жүрүшүндө келип чыккан маселелерди атайын илимий билимдерди пайдалануу менен чечүү жана анын негизинде корутунду берүү үчүн сот, тергөөчү, прокурор же алардын талабы боюнча эксперттик уюмдун жетекчиси тарабынан дайындалган, кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө кызыкдар болбогон адам эксперт болуп саналат. Эксперт процесстин катышуучулары тарабынан сунушталган адамдардын ичинен дайындалышы мүмкүн.
2. Эксперт илим, техника, искусство, кол өнөрчүлүк жаатында коюлган маселелер боюнча корутунду берүү үчүн жетиштүү атайын билими болууга тийиш.
3. Адам иш боюнча укук маселелери боюнча эксперт катары дайындалышы же башкача түрдө өндүрүшкө тартылышы мүмкүн эмес.
4. Зарыл болгондо иш боюнча бир нече эксперт дайындалышы мүмкүн.
5. Экспертти чакыруу, экспертизаны дайындоо жана жүргүзүү ушул Кодексте каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
6. Эксперт төмөнкүлөргө укуктуу:
1) экспертизанын предметине таандык иштин материалдары менен таанышууга;
2) салыштырмалуу изилдөө жана корутунду берүү үчүн зарыл болгон объекттерди жана үлгүлөрдү алууга;
3) корутунду берүү же башка эксперттердин катышуусу менен экспертиза жүргүзүү үчүн ага зарыл болгон кошумча материалдарды берүүнү талап кылууга;
4) эгерде коюлган маселелер анын атайын билимдеринин чегинен чыгып кетсе, корутунду берүүдөн баш тартууга;
5) тергөө аракеттерин жүргүзүүгө катышууга жана өзү жүргүзүп жаткан экспертизанын предметине тийиштүү суроолорду берүүгө;
6) экспертизанын предметине тийиштүү маселелер боюнча соттук териштирүүгө катышууга.
7. Эксперт төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) соттун, тергөөчүнүн, прокурордун чакыруусу боюнча келүүгө;
2) өзүнүн алдына коюлган маселелер боюнча объективдүү корутунду берүүгө;
3) сотко чейинки өндүрүштүн материалдарын ачык жарыялабоого;
4) тергөө аракеттерин жүргүзүүдө жана соттук отурумдун убагында тартипти сактоого.
8. Эксперт жүйөлүү себепсиз келбей койгондо, ага тартиптик жаза чарасы көрүлүшү мүмкүн.
9. Эксперт алдын ала билип туруп жалган корутунду берген учурда Кылмыш-жаза кодексинин 364-беренесине ылайык жоопкерчилик тартат.
10. Эксперт төмөнкүлөргө укуксуз:
1) экспертиза жүргүзүүгө байланыштуу маселелер боюнча процесстин катышуучулары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө;
2) эгерде соттун, тергөөчүнүн, прокурордун атайын уруксаты болбосо, берилген объекттерди толук же жарым-жартылай жок кылууга же болбосо алардын тышкы көрүнүшүн же негизги касиеттерин өзгөртүүгө алып келиши мүмкүн болгон изилдөөлөрдү жүргүзүүгө.
57-берене. Адис
1. Экспертизалардын суроолорун коюу үчүн предметтерди жана документтерди табууда, бекемдөөдө, алып коюуда, техникалык каражаттарды колдонууда көмөк көрсөтүү үчүн, ошондой эле тараптарга жана сотко өзүнүн кесиптик компетенциясына кирген маселелерди түшүндүрүү үчүн зарыл атайын билимге жана көндүмдөргө ээ, ишке кызыкдар эмес адам иш боюнча өндүрүшкө катышуу үчүн адис катары тартылышы мүмкүн.
2. Адис төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өзүн чакыртуунун максатын билүүгө;
2) эгерде тиешелүү атайын билимдерге жана көндүмдөргө ээ болбосо, иш боюнча өндүрүшкө катышуудан баш тартууга;
3) соттун, тергөөчүнүн, прокурордун уруксаты менен тергөө аракеттеринин катышуучуларына суроолорду берүүгө;
4) өзү катышып жаткан тергөө аракеттеринин протоколу менен таанышууга жана протоколго жазылуусу тийиш билдирүүлөрдү жана пикирлерди киргизүүгө;
5) тергөө судьясынын, судьянын, соттун, тергөөчүнүн, прокурордун чечимдерине аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууга;
6) өзү аткарган иш үчүн сыйакы алууга, кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө келтирилген чыгашалардын ордун толтуртууга;
7) салыштырма изилдөө үчүн зарыл объекттерди жана үлгүлөрдү алууга;
8) эгерде коюлган маселелер анын атайын билиминин чектеринен чыкса, изилдөө өндүрүшүнөн баш тартууга.
3. Адис төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) соттун, тергөөчүнүн, прокурордун чакыруусу боюнча келүүгө;
2) атайын билимдерди, көндүмдөрдү жана илимий-техникалык каражаттарды пайдалануу менен тергөө аракеттерин жүргүзүүгө жана соттук териштирүүгө катышууга;
3) өзү аткарган аракеттер боюнча түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
4) тергөө аракеттерин жүргүзүүдө жана соттук отурумдун убагында тартипти сактоого;
5) иштин жагдайлары жөнүндө маалыматтарды жана ишке катышуусуна байланыштуу ага белгилүү болуп калган башка маалыматтарды ачык жарыялабоого.
4. Адис өз милдеттерин аткаруудан жүйөлүү себептерсиз баш тартканда же качканда ага тартиптик жаза чарасы көрүлүшү мүмкүн.
58-берене. Котормочу
1. Кылмыш-жаза процессине кызыкдар эмес, тиешелүү тилди билген же болбосо сурдокотормо үчүн зарыл болгон билими жана көндүмү бар жана шектүү, айыпталуучу, соттолгон, акталган, алардын адвокаттары же болбосо жабырлануучу же алардын өкүлдөрү, ошондой эле күбөлөр жана процесстин башка катышуучулары жүрүп жаткан сот өндүрүшү алып барылып жаткан тилди билбеген учурларда, ошого тете жазуу жүзүндөгү документтерди которуу үчүн тергөө жана соттук аракеттерге катышуу үчүн тартылган адам котормочу болуп саналат.
2. Адамды котормочу катары дайындоо жөнүндө тергөө судьясы, судья, тергөөчү токтом, ал эми сот – аныктама чыгарат.
3. Котормочу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өзү өндүрүшүнө катышкан тергөө аракеттеринин протоколу менен, ошондой эле соттук отурумдун протоколу менен таанышууга жана протоколго киргизилүүгө жаткан пикирлерин жасоого;
2) эгерде ал котормочулук үчүн зарыл билимге ээ болбосо, иш боюнча өндүрүшкө катышуудан баш тартууга;
3) тергөө судьясынын, судьянын, соттун, тергөөчүнүн, прокурордун чечимине, аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууга;
4) өзү аткарган иш үчүн сыйакы алууга жана тарткан чыгымдарынын ордун толтуртууга.
4. Котормочу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) тергөө судьясынын, судьянын, соттун, тергөөчүнүн, прокурордун чакыруусу боюнча келүүгө;
2) өзүнө тапшырылган котормону так жана толук аткарууга;
3) анын катышуусу менен жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин протоколунда, ошондой эле алардын эне тилине же билген тилине которулган процесстин катышуучуларына берилүүчү процессуалдык документтерге котормонун тууралыгын өзүнүн колтамгасы менен ырастоого;
4) иштин жагдайларын же котормочу катары ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга байланыштуу, ага белгилүү болуп калган башка маалыматтарды ачык жарыялабоого;
5) тергөө аракеттерин жүргүзүүдө жана соттук отурум убагында тартипти сактоого.
5. Алдын ала билип туруп туура эмес которгон учурда котормочу Кылмыш-жаза кодексинин 364-беренесине ылайык жоопкерчилик тартат.
59-берене. Медиатордун укуктары жана милдеттери
1. Мыйзамдын талаптарына ылайык медиация жүргүзүү үчүн тараптар тарабынан тартылган көз карандысыз жеке жак медиатор болуп саналат.
2. Медиатор төмөнкүлөргө укуктуу:
1) медиация тартибинде элдешүү жөнүндө макулдашуу (медиативдик макулдашуу) түзүүдө тараптарга көмөктөшүүгө;
2) медиациянын тараптары менен жолугушуулардын саны жана узактыгы жекече жана чектелбеген купуя кездешүүгө;
3) медиациянын тараптары башкача макулдашпаса жана эгерде бул жарашууга жардам бериши мүмкүн болсо, талашка кызыкдар башка катышуучулар менен өз ара аракеттенүүгө;
4) эгерде жүргүзүп жаткан медиация жол-жоболору тараптардын элдешүүсүнө алып келбейт деп эсептесе, медиация жол-жоболорун өткөрүүдөн баш тартууга.
3. Медиатор төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) тергөөчүнүн же болбосо соттун жиберүүсү боюнча тараптарды маалыматтык жолугушууда кабыл алууга;
2) тараптарга элдешүү укугун, медиациянын маңызын жана принциптерин түшүндүрүрүүгө;
3) медиациянын жол-жоболорун жүргүзүү жөнүндө келишимдин долбоорун даярдоого;
4) медиациянын жол-жоболорун өткөрүүнүн жүрүшү жана этаптары жөнүндө медиациянын тараптарына маалымдоого;
5) эгерде тараптар башкача макулдашпаса, медиация жол-жобосунун купуялыгын сактоого;
6) элдешүү жөнүндө макулдашуунун (медиативдик макулдашуунун) долбоорун даярдоого;
7) тараптар медиациядан баш тарткан учурда, бул жөнүндө жазуу жүзүндө же электрондук формада тараптарды медиацияга жиберген органга кабарлоого;
8) эгерде медиация башталганга чейин же жүрүшүндө анын калыстыгына таасир көрсөтүүчү жагдайлар келип чыкса, медиация жол-жобосун жүргүзүүдөн баш тартууга.
3. Медиатор сотко чейинки өндүрүшкө кылмыш жөнүндө арыз жана билдирүү катталган учурдан тартып, ошондой эле сотко чейинки өндүрүштө же соттук териштирүүнүн кандай болбосун баскычында катышууга укуктуу.
60-берене. Соттук отурумдун катчысы
1. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө кызыкдар болбогон мамлекеттик кызматчы соттук отурумдун катчысы болуп саналат, ал соттук отурумдун протоколун жүргүзөт.
2. Соттук отурумдун катчысы төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) протоколдоону камсыз кылуу зарыл болгон бардык убакта соттук отурумдун залында болууга жана төрагалык кылуучунун уруксаты жок соттук отурумунан кетпөөгө;
2) протоколдо соттун аракеттерин жана чечимдерин, соттук отурумуна катышуучу бардык адамдардын өтүнүчтөрүн, каршы пикирлерин, көрсөтмөлөрүн, түшүндүрмөлөрүн, ошондой эле илимий-техникалык каражаттарды пайдалануу менен соттук отурумдун протоколунда чагылдырылуусу тийиш болгон башка жагдайларды толук жана туура баяндоого;
3) соттук отурумдун протоколун ушул Кодексте белгиленген мөөнөттө түзүүгө;
4) төрагалык кылуучунун мыйзамдуу тескөөлөрүнө баш ийүүгө;
5) жабык соттук отурумуна катышуусу менен байланыштуу ага белгилүү болуп калган жагдайлар жөнүндө маалыматтарды ачык жарыялабоого.
3. Соттук отурумдун протоколуна билип туруп туура эмес же чындыкка дал келбеген маалыматтар киргизилген учурда, ошондой эле соттук отурумдун протоколунун толук жана туура түзүлүшү үчүн соттук отурумдун катчысы мыйзамда каралган тартип жоопкерчилигин тартат.
61-берене. Сот приставы
1. Соттордун ишинин белгиленген тартибин камсыз кылуу боюнча мыйзам менен жүктөлгөн милдеттерди аткаруучу кызмат адамы сот приставы болуп саналат.
2. Сот приставы:
1) соттук отурумдун залында талаптагыдай тартипти камсыз кылат жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жазаларды салат;
2) соттук отурумдун залында катышып отурган адамдар тарабынан тартиптин сакталышын көзөмөлдөйт;
3) соттук отурумда тартипти бузган адамдардын сот залынан чыгып кетүүсү жөнүндө төрагалык кылуучунун тескөөсүн аткарат;
4) төрагалык кылуучунун сот процессинин катышуучуларынын келүүсүн камсыз кылуу менен байланышкан тескөөлөрүн аткарат.
3. Сот приставынын ушул беренеде каралган милдеттерди аткаруу менен байланышкан талаптары соттук отурумдун залында катышып отурган бардык жактар үчүн милдеттүү болуп саналат.
8-глава. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышууну жокко чыгаруучу жагдайлар. Четтетүүлөр
62-берене. Иш боюнча өндүрүшкө катышууну жокко чыгаруучу жагдайлар
1. Тергөөчү, прокурор, тергөө судьясы, судья иш боюнча өндүрүшкө катыша алышпайт, эгерде алар:
1) жабырлануучу, материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтуруу үчүн жооптуу адам же ушул иш боюнча күбө болуп саналышса;
2) сот арачысы, тергөө судьясы, эксперт, адис, котормочу, соттук отурумдун катчысы, адвокат, шектүүнүн, айыпталуучунун мыйзамдуу өкүлү, жабырлануучунун өкүлү, материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтуруу үчүн жооптуу адамдын өкүлү катары катышса;
3) ушул иш боюнча өндүрүштүн катышуучуларынын кимисинин болбосун жакын тууганы же жубайы болуп саналса.
2. Эгерде ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдар ушул кылмыш-жаза ишинин натыйжасына жеке, түз же кыйыр кызыкдар деп болжолдоого негиз берүүчү башка жагдайлар болгон учурларда, алар кылмыш-жаза иши боюнча өндүрүшкө катыша алышпайт.
63-берене. Четтетилүүгө жаткан адамдардын иш боюнча өндүрүшкө катышуусуна жол берилбестик
1. Ушул главада каралган четтетүү үчүн негиздер болгондо тергөөчү, прокурор, тергөө судьясы, судья, соттук отурумдун катчысы, котормочу, эксперт, адис, адвокат, ошондой эле жабырлануучунун өкүлдөрү иш боюнча өндүрүшкө катышуудан четтетилүүгө тийиш.
2. Эгерде ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдар иш боюнча өндүрүшкө катышуудан четтетилбеген учурда, четтетүү шектүү, айыпталуучу, мыйзамдуу өкүл, адвокат, ошондой эле прокурор, жабырлануучу же алардын өкүлдөрү тарабынан билдирилиши мүмкүн.
64-берене. Судьянын ишти кароого кайталап катышуусунун жол берилбестиги
1. Сотко чейинки өндүрүшкө катышкан тергөө судьясы ошол эле ишти биринчи, апелляциялык жана кассациялык инстанциялардагы сотто маңызы боюнча кароого катыша албайт.
2. Биринчи инстанциядагы сотто кылмыш-жаза ишин кароого катышкан судья ошол эле ишти апелляциялык же кассациялык тартипте кароого, ошондой эле ал чыгарган кылмыш ишин кыскартуу жөнүндө өкүм же токтом (аныктама) жокко чыгарылгандан кийин биринчи инстанциядагы сотто ошол эле ишти жаңыдан кароого катыша албайт.
3. Судья анын катышуусу менен чыгарылган соттун чечими жокко чыгарылган учурда, кылмыш-жаза ишин апелляциялык же кассациялык тартипте кароого кайталап катыша албайт.
4. Кылмыш-жаза ишин апелляциялык же кассациялык тартипте кароого катышкан судья, ошол эле ишти биринчи инстанциядагы сотто кароого катыша албайт.
5. Сот арачыларынын катышуусу менен ишти кароого катышкан судья, аны кассациялык тартипте кароого катыша албайт, ошондой эле кассациялык даттанууларды жана сунуштамаларды кароонун натыйжасында, сот арачысынын катышуусу менен чыгарылган соттун өкүмү жокко чыгарылгандан кийин иш жаңы кароого жиберилген учурда аны кароого катыша албайт.
65-берене. Судьяны четтетүү
1. Ушул Кодекстин 62-64-беренелеринде көрсөтүлгөн жагдайлар болгондо тергөө судьясы, судья ишке катышуудан четтетилүүгө милдеттүү. Ошол эле негиздер боюнча тараптар судьяга четтетүү билдириши мүмкүн.
2. Четтетүү соттук кароо башталганга чейин, ал эми иш сот арачыларынын катышуусу менен каралган учурда – сот арачыларынын коллегиясы түзүлгөнгө чейин билдирилүүсү тийиш. Соттук отурумдун андан аркы жүрүшүндө четтетүү жөнүндө билдирүүгө, ал үчүн негиздер тарапка мурда белгилүү болбогон учурда гана жол берилет.
3. Мурда канааттандыруудан баш тартылган ошол эле негиздер боюнча судьяны четтетүү жөнүндө кайталап берилген билдирүү каралууга жатпайт.
4. Сот адилеттигин жүзөгө ашыруудан негизсиз баш тартууга жол берилбейт.
5. Судьяны четтетүү жөнүндө негизсиз билдирүү канааттандырылууга жатпайт.
66-берене. Четтетүү жөнүндө билдирүүнү канааттандыруунун кесепеттери
1. Биринчи инстанциядагы сотто ишти карап жаткан тергөө судьясы, судья четтетилген учурда бул иш ошол эле сотто башка судья тарабынан каралат. Эгерде иш каралып жаткан сотто судьяны алмаштыруу мүмкүн болбосо, иш жогору турган сот аркылуу биринчи инстанциядагы башка сотко өткөрүлүп берилет.
2. Апелляциялык, кассациялык инстанциялардагы сотто ишти кароодо судьялар четтетилген учурда иш ошол эле сотто, бирок башка курамда каралат.
3. Эгерде четтетүүнү канааттандыруунун натыйжасында же ушул Кодекстин 65-беренесинде көрсөтүлгөн себептер боюнча апелляциялык сот инстанциясында ушул ишти ошол эле сотто кароо үчүн соттун жаңы курамын түзүү мүмкүн болбосо, иш жогору турган сот аркылуу ошол эле деңгээлдеги башка сотко өткөрүлүп берилиши керек.
67-берене. Процесстин катышуучулары билдирген четтетүүнү чечүүнүн тартиби
1. Судьяны, ошондой эле процесстин катышуучуларын четтетүү жөнүндө маселе сот тарабынан атайын бөлмөдө чечилет.
2. Коллегиянын курамындагы судьяга билдирилген четтетүү, четтетүү билдирилгендин катышуусуз калган судьялар тарабынан чечилет, ал калган судьяларга өзүнө билдирилген четтетүү боюнча өз түшүндүрмөсүн алдын ала ачык баяндап берүүгө укуктуу. Добуштар тең болгон учурда судья четтетилген болуп эсептелет.
3. Бир нече судьяга же соттун коллегиясынын бүтүндөй курамына билдирилген четтетүү сот тарабынан коллегиянын толук курамында көпчүлүк добуш менен чечилет.
4. Тергөө судьясына, ишти жеке карап жаткан судьяга билдирилген четтетүү ошол эле судья тарабынан токтом чыгаруу менен чечилет.
5. Эгерде бир эле мезгилде судьяга, прокурорго, адвокатка, өкүлгө, соттук отурумдун катчысына, котормочуга, экспертке, адиске четтетүү билдирилсе, судьяны четтетүү жөнүндө маселе биринчи кезекте чечилет.
6. Судья, прокурор, эксперт, адис, котормочу, адвокат, өкүл, соттук отурумдун катчысын четтетүү же четтетүүдөн баш тартуу жөнүндө соттун токтомуна, аныктамасына даттануу, сунуштама каралып жаткан иш боюнча соттун чечимине келтирилген апелляциялык даттануу же сунуштама менен бир убакта берилет.
68-берене. Прокурорду четтетүү
1. Иш боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө прокурорду четтетүү жөнүндө чечимди жогору турган прокурор, ал эми сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө – ишти карап жаткан сот кабыл алат.
2. Прокурорду четтетүү жөнүндө өтүнүч канааттандыруудан баш тартылган учурда четтетүү билдирген жак бул чечимди тергөө судьясына даттана алат.
3. Прокурордун сотко чейинки өндүрүшкө катышуусу, ага тете соттук териштирүүгө катышуусу прокурордун ушул иш боюнча өндүрүшкө андан ары катышуусу үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.
69-берене. Тергөөчүнү четтетүү
1. Тергөөчүнүн өзүн өзү четтетүүсү жана аны четтетүү жөнүндө маселе тергөө бөлүмүнүн жетекчиси же прокурор тарабынан чечилет.
2. Тергөөчүнү четтетүү жөнүндө билдирүү 24 сааттан кечиктирилбестен тергөө бөлүмүнүн жетекчисине же прокурорго жөнөтүлөт, алар билдирилген четтетүүнү 3 сутканын ичинде чечүүгө милдеттүү.
3. Тергөөчүнүн өзүн өзү четтетүүсү же аны четтетүү жөнүндө маселе чечилгенге чейин сотко чейинки өндүрүш токтотулуп турбайт.
4. Тергөөчүнү четтетүү жөнүндө өтүнүч канааттандыруудан баш тартылган учурда четтетүү билдирген жак ушул чечимге прокурорго же жогору турган прокурорго даттана алат.
5. Тергөө органынын жетекчисинин, тергөөчүнүн кылмыш-жаза иши боюнча сотко чейин териштирүүгө мурда катышканы аны четтетүү үчүн негиз болуп саналбайт.
70-берене. Соттук отурумдун катчысын четтетүү
1. Ушул Кодекстин 62-беренесинде көрсөтүлгөн жагдайлар соттук отурумдун катчысына да тиешелүү.
2. Катчыны четтетүү жөнүндө маселе ишти караган судья же сот же болбосо сот арачыларынын катышуусу менен кароодо төрагалык кылуучу судья тарабынан чечилет.
71-берене. Котормочуну четтетүү
1. Котормочу ушул Кодекстин 62-беренесинде көрсөтүлгөн жагдайлар болгондо, ага тете эле котормочунун компетентсиздиги аныкталган учурда иш боюнча өндүрүшкө катыша албайт.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер болгондо, котормочуга шектүү, айыпталуучу, алардын мыйзамдуу өкүлдөрү, адвокат, айыптоочу, ошондой эле жабырлануучу же анын өкүлү тарабынан четтетүү билдирилиши мүмкүн.
3. Эгерде котормочунун компетентсиздиги аныкталса, ал көрсөтмөлөрүн которуп жаткан күбө тарабынан котормочуну четтетүү билдирилиши мүмкүн.
4. Кылмыш-жаза иши боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө котормочуну четтетүү жөнүндө чечимди тергөөчү кабыл алат. Соттук өндүрүштүн жүрүшүндө көрсөтүлгөн чечимди ушул кылмыш-жаза ишин карап жаткан сот же сот арачыларынын катышуусундагы сотто төрагалык кылуучу судья кабыл алат.
72-берене. Экспертти четтетүү
1. Эксперт төмөнкү учурларда иш боюнча өндүрүшкө катыша албайт:
1) ушул Кодекстин 62-беренесинде көрсөтүлгөн жагдайлар болгондо;
2) ал ушул иш боюнча эксперт катары кайра экспертиза жүргүзүүгө катышкан учурда;
3) эгерде ал тергөөчүдөн, прокурордон, судьядан, шектүүдөн, айыпталуучудан, алардын адвокаттарынан, мыйзамдуу өкүлдөрүнөн, жабырлануучудан, материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтуруу үчүн жоопкерчиликтүү адамдан кызматтык же башка көз карандылыкта турган болсо же турса;
4) эгерде ал ушул иш боюнча текшерүү жүргүзсө;
5) эгерде экспертизанын маселелери анын компетенциясына кирбесе;
6) эгерде ушул өндүрүштө адис катары катышса.
2. Эксперттин ушул иште өлүктү сыртынан кароодо соттук медицина жаатындагы адис катары катышуусу экспертти четтетүү үчүн негиз болуп саналбайт.
3 Эксперттин окуя болгон жерди кароого катышуусу четтетүү үчүн негиз болуп саналбайт.
4. Кылмыш-жаза иши боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө экспертти четтетүү жөнүндө чечимди тергөө судьясы, тергөөчү кабыл алат. Сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө көрсөтүлгөн чечимди ушул кылмыш-жаза ишин карап жаткан сот же болбосо сот арачыларынын катышуусундагы сотто төрагалык кылуучу судья кабыл алат.
73-берене. Адисти четтетүү
1. Адис төмөнкү учурларда иш боюнча өндүрүшкө катыша албайт:
1) ушул Кодекстин 62-беренесинде көрсөтүлгөн жагдайлар болгондо;
2) эгерде ал тергөөчүдөн, прокурордон, судьядан, шектүүдөн, айыпталуучудан, алардын адвокаттарынан, мыйзамдуу өкүлдөрүнөн, жабырлануучудан, материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтуруу үчүн жоопкерчиликтүү адамдар кызматтык же башка жактан көз карандылыкта турган болсо же турса.
2. Кылмыш-жаза иши боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө адисти четтетүү жөнүндө чечимди тергөө судьясы, тергөөчү кабыл алат. Сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө көрсөтүлгөн чечимди ушул кылмыш ишин карап жаткан сот, же болбосо соттук арачылардын катышуусундагы сотто төрагалык кылуучу судья кабыл алат.
74-берене. Адвокаттын, жабырлануучунун өкүлдөрүнүн ишке катышуусун жокко чыгарган жагдайлар
1. Адвокат, ошондой эле жабырлануучунун өкүлү төмөнкү учурларда иш боюнча өндүрүшкө катышууга укуксуз:
1) эгерде алар мурун ишке судья, прокурор, тергөөчү, соттук отурумдун катчысы, күбө, эксперт, адис же котормочу катары катышса;
2) эгерде алар сотко чейинки өндүрүшкө же ушул ишти соттук кароого катышып жаткан, же болбосо катышкан судьянын, прокурордун, тергөөчүнүн, соттук отурумдун катчысынын жакын туугандары, жубайы болуп саналышса же болбосо алар менен юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу түзгөн процесстин катышуучусунун кызыкчылыгына каршы келген адамдын жакын туугандары, жубайы болуп саналышса;
3) эгерде алар шектүү, айыпталуучу балдардын же аракетке жөндөмсүз адамдардын мыйзамдуу өкүлдөрү болуп саналган учурлардан тышкары, тергөөчүнүн, прокурордун, судьянын кызмат ордун ээлеп турушса;
4) эгерде алар өзү коргоп жаткан шектүүнүн, айыпталуучунун же өкүлү болгон жабырлануучунун кызыкчылыктарына каршы келген жакка юридикалык жардам көрсөтүп жатышса же мурда көрсөтүшсө.
2. Адвокатты, жабырлануучунун өкүлүн четтетүү жөнүндө маселе сот тарабынан чечилет.
9-глава. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу
75-берене. Тергөөчүнүн, прокурордун, тергөө судьясынын, судьянын, сот арачысынын, адвокаттын, эксперттин, адистин, соттук отурумдун катчысынын, сот приставынын коопсуздугун камсыз кылуу
1. Тергөөчү, прокурор, тергөө судьясы, судья, сот арачысы, адвокат, эксперт, адис, соттук отурумдун катчысы, сот приставы, ошого тете алардын жакын туугандары, жубайы мамлекеттин коргоосунда турат.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө саналып өткөн адамдарга иштерди сотто же сотко чейинки өндүрүштө кароого байланыштуу, мамлекет мыйзамда каралган тартипте алардын өмүрүнө кол салуудан же башка зомбулуктан коопсуздук чараларын көрүүнү камсыз кылат.
76-берене. Жабырлануучунун, күбөнүн, шектүүнүн, айыпталуучунун жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышуучу башка адамдардын коопсуздук чараларын көрүү милдети
1. Эгерде иш боюнча өндүрүшкө байланыштуу зомбулук же кылмыш-жаза мыйзамында тыюу салынган кылмыш аракетти (аракетсиздикти) жасоо коркунучу жөнүндө маалыматтар бар болсо, өндүрүшүндө кылмыш-жаза иши турган орган шектүүнүн, айыпталуучунун, жабырлануучунун, күбөнүн жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышуучу башка адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын, жубайынын коопсуздугу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
2. Өндүрүшүндө иш турган орган ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактардын оозеки (жазуу жүзүндөгү) арыздарынын негизинде же өзүнүн демилгеси боюнча алардын коопсуздугуна чараларын көрөт, бул жөнүндө коопсуздук чараларын көрүү тууралуу токтом чыгарат.
3. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышуучу адамдардын, алардын жакын туугандарынын, жубайынын алардын коопсуздук чараларын көрүү жөнүндө арыздарды өндүрүшүндө иш турган орган, 24 сааттан кечиктирбестен кароого тийиш. Арыз ээсине тиешелүү токтомдун көчүрмөсүн жөнөтүү менен ага кабыл алынган чечим жөнүндө билдирилет.
4. Арыздануучу анын коопсуздук чараларын көрүү жөнүндө өтүнүчү канааттандыруудан баш тартылганы боюнча прокурорго же сотко даттанууга укуктуу.
5. Коопсуздук чараларын көрүүдөн баш тартуу, эгерде мурда берилген арызда чагылдырылбаган жагдайлар келип чыкса, көрсөтүлгөн чараларды көрүү жөнүндө өтүнмө менен кайта кайрылууга тоскоолдук кылбайт.
77-берене. Жабырлануучунун, күбөнүн, айыпталуучунун жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышуучу башка адамдардын коопсуздук чаралары
1. Жабырлануучунун, күбөнүн, айыпталуучунун жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышуучу башка адамдардын, алардын жакын туугандарынын, жубайынын коопсуздук чараларын камсыз кылуу максатында иш анын өндүрүшүндө турган орган:
1) зомбулук коркунучун же кылмыш-жаза мыйзамында тыюу салынган башка аракетти (аракетсиздикти) жасаган жакка кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн экени жөнүндө расмий эскертүү жасайт;
2) корголуучу адам жөнүндө маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн чектейт;
3) анын жеке коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө тапшырма берет;
4) айыпталуучуга карата кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучуларына зомбулук же башка кылмыштуу аракетти (аракетсиздикти) жасоо мүмкүнчүлүгүн болтурбоочу бөгөт коюу чараларын колдонот;
5) жакындоого тыюу салуу түрүндөгү кылмыш-жаза сот өндүрүшүн камсыз кылуу чарасын колдонот.
2. Кылмыш-жаза иши анын өндүрүшүндө турган орган тарабынан чыгарылган алдын ала эскертүү адамга колтамгасын койдуруу менен жарыяланат.
3. Корголуучу адам жөнүндө маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн чектөө адамдын арызы боюнча кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн башталышынан тартып орун алышы мүмкүн жана кылмыш-жаза ишинин материалдарынан ушул адамдын анкеталык маалыматтарын алып коюудан жана аларды негизги өндүрүштөн өзүнчө сактоодон, ал адамдын псевдонимди пайдалануусунан турат. Тергөөчү ушул чараны колдонуу жөнүндө токтом чыгарат, анда инсан жөнүндө маалыматтарды жашыруун сактоо жөнүндө кабыл алынган чечимдин себептери баяндалат, корголуучу адамдын өзү катышкан тергөө аракеттеринин протоколдорунда пайдалануучу псевдоними жана колтамгасынын үлгүсү көрсөтүлөт. Корголуучу адамдын катышуусу менен өтүүчү процессуалдык аракеттер зарыл учурларда аны таанууну жокко чыгаруучу шарттарда жүргүзүлүшү мүмкүн. Токтом жана негизги өндүрүштөн бөлүнүп алынган материалдар мөөрлөнүп чапталган конвертке салынат, ал андан ары кылмыш ишин териштирген органда сакталат жана анда камтылгандар менен тергөөчүдөн тышкары прокурор жана сот тааныша алат.
4. Жабырлануучулардын, күбөлөрдүн, айыпталуучулардын жана башка кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышкан адамдардын жана алардын жакын туугандарынын, жубайынын жеке коопсуздугун камсыз кылуунун тартиби мыйзамда аныкталат.
5. Коопсуздук чаралары көрүлгөнүнө карабастан, тергөөчү буга негиздер болгондо, жабырлануучуга, күбөгө, кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышкан башка адамга карата Кылмыш-жаза кодексинде тыюу салынган жосунду жасоо коркунучу аныкталганына байланыштуу, сотко чейинки өндүрүштү баштоого милдеттүү.
6. Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө кыйноолор же катаал жана адамгерчиликсиз мамиле жасоонун башка түрлөрү колдонулган айыпталуучунун, күбөнүн жана алардын жакын туугандарынын, жубайынын коопсуздугун камсыз кылуунун зарылдыгы жөнүндө арыздар келип түшкөн учурларда коопсуздук чаралары көрүлгөнүнө карабастан, прокурор тарабынан сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлөт.
7. Коопсуздук чараларын колдонуунун зарылдыгы жок болгондо, алар кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жүргүзгөн органдын жүйөлөштүрүлгөн токтому менен жокко чыгарылат. Корголуп жаткан адам анын коопсуздук чаралары алып салынганы же кылмыш-жаза процессине катышкан адамдарга ал жөнүндө маалыматтардын ачыкталганы жөнүндө токтоосуз маалымдалууга тийиш. Кылмыш-жаза процессин жүргүзгөн органдын коопсуздук чараларын алып салуу жөнүндө чечимине корголуп жаткан адамдын сотко же прокурорго даттануусу даттанылган чечимдин аткарылышын токтотуп турат.
78-берене. Жабырлануучу баланы жана күбөнү коргоону камсыз кылуу чаралары
1. Жабырлануучу баланын же күбөнүн кызыкчылыктарын коргоо максатында, судья, тергөө судьясы, тергөөчү төмөнкүлөр жөнүндө токтом чыгарат:
1) тышкы келбети жана (же) үндү өзгөртө турган түзүлмөлөрдүн жардамы менен сурак жүргүзүү, күңүрт экран аркылуу суракка алуу же аралыктан сурак жүргүзүү;
2) жабырлануучу баланы суракка алуу психологдун же болбосо педагогдун катышуусу менен жүргүзүү жана аудио- жана видео жазуу түзүлмөлөрүнө жаздыруу жана андан ары сот өндүрүшүндө пайдалануу;
3) жабырлануучу баланы, күбөнү суракка алууда айыпталуучуну сот залынан чыгаруу жөнүндө.
2. Алгачкы текшерүү органынын кызмат адамы, тергөөчү балдардын катышуусунда бардык тергөө иш-чараларын балдар иши боюнча адистешкен тергөөчүнүн «оңтойлуу бөлмөсүндө» жүргүзүүгө милдеттүү. Баланын алдын ала текшерүү жана тергөө алкагында аракеттерди жүргүзүүнү күтүүсүнө балдар үчүн өзүнчө күтүү бөлмөлөрүндө гана жол берилет. Ички иштер органдарында балдар үчүн юстиция тутумунда балдарга карата оңтойлуу жол-жоболорду колдонуунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталат.
3. Судья кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн алкагында балдарга карата иш-чараларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган стандартка ылайык жабдылган атайын залдарда жүргүзүүгө милдеттүү. Баланы соттун имаратындагы күтүү бөлмөсүнө жайгаштыруу милдеттүү болуп саналат.
79-берене. Соттук териштирүүгө катышуучу адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу
1. Соттук териштирүүнүн катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн төрагалык кылуучу соттун жабык отурумун өткөрөт, ошондой эле ушул Кодекстин 77-беренесинин 1-4-бөлүктөрүндө каралган чараларды колдонот.
2. Корголуучу адамдын, айыптоо тарабынын өтүнүчү боюнча, ошондой эле өз демилгеси боюнча адамдын жана анын жакын туугандарынын, жубайынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында сот күбөнү суракка алуу жөнүндө төмөнкүдөй токтом чыгарууга укуктуу:
1) псевдонимди пайдалануу менен корголуучу адамдын инсандыгы жөнүндө маалыматтарды жарыялабастан;
2) калган катышуучулардын корголуучу адамды үнү жана тышкы келбети: акценти, жынысы, улуту, курагы, бою, дене түзүлүшү, бой-келбети, басышы боюнча таанып-билүүсүн болтурбаган шарттарда;
3) аны соттук териштирүүнүн башка катышуучулары, анын ичинде видео байланыштын жардамы менен көрүп байкоосусуз.
Судья корголуучу адамдын негизги өндүрүштөн бөлүнүп чыгарылган анкеталык маалыматтарын соттук отурумдун башка катышуучуларына, анын ичинде Соттук отурумдун катчысына көрсөтпөстөн, соттук отурумдун протоколунда жана (же) сот актыларында чагылдырбастан, анын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтер менен таанышып чыгуу аркылуу суракка алынып жаткандын ким экенине жеке өзү ынанат.
3. Төрагалык кылуучу суракка алууну видео, үн жазууга жана жаздырып алуунун башка ыкмаларына тыюу салууга укуктуу.
4. Процесстин катышуучуларынын кайсы бирөө болбогондо же алардын көрүп байкоо жүргүзүүсүнөн тышкары сот тарабынан суракка алынган корголуучу адамдын көрсөтмөлөрүн, төрагалык кылуучу сотто корголуп жаткан адам жөнүндө маалыматтарды көрсөтпөстөн, бардык катышуучулардын алдында жарыялайт.
5. Зарыл учурларда сот процесстин катышуучуларынын жана башка адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мыйзамда каралган башка чараларды көрөт.
6. Соттук териштирүүнүн катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө соттун токтомун аткаруу кылмыш куугунтугунун органдарына, жаза аткаруу мекемелерине жана органдарына жүктөлөт.
III БӨЛҮМ
ДАЛИЛДЕР ЖАНА ДАЛИЛДӨӨ
10-глава. Далилдер
80-берене. Далилдер
1. Мыйзамда белгиленген тартипте алынган, алардын негизинде тергөөчү, прокурор, сот иш үчүн мааниси бар жагдайлардын болгонун же болбогонун аныктоочу маалыматтар иш боюнча далилдер болуп саналат.
2. Далилдин булактары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) шектүүнүн, айыпталуучунун, жабырлануучунун, күбөнүн көрсөтмөлөрү;
2) эксперттин корутундусу жана көрсөтмөлөрү;
3) адистин көрсөтмөлөрү;
4) буюм далилдери;
5) атайын тергөөнүн, тергөө жана соттук аракеттердин протоколдору;
6) башка документтер.
3. Ушул Кодекстин талаптарын бузуу менен алынган маалыматтар жол берилгис далилдер болуп саналат, юридикалык күчкө ээ болбойт жана иш боюнча чечимге негиз болушу мүмкүн эмес, ошондой эле ушул Кодекстин 81-беренесинде көрсөтүлгөн кандай болбосун жагдайларды далилдөө үчүн пайдаланылбайт.
4. Жол берилгис далилдерге төмөнкүлөр кирет:
1) адвокаттан баш тарткан (анын катышуусу менен жазуу жүзүндө) учурларды кошпогондо сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндөгү кылмыштуу жазалануучу жосундарды жасаганы жөнүндө шектүүнүн, айыпталуучунун адвокаты жок алынган көрсөтмөлөрү, бирок мында анын көрсөтмөлөрү сотто ырасталуусу тийиш;
2) сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө кыйноолорду, зомбулукту, коркутууну, алдоону, ошого тете башка мыйзамсыз аракеттерди жана катаал мамилени колдонуу менен алынган күбөнүн, шектүүнүн, айыпталуучунун көрсөтмөлөрү;
3) жабырлануучунун, күбөнүн жоромолго, божомолго, айыңга негизделген көрсөтмөлөрү, ошондой эле күбөнүн өзүнүн маалымат булагын көрсөтө албаган көрсөтмөлөрү;
4) ушул Кодексте белгиленген тартипте сурак учурунда кылмыш иши үчүн мааниси бар жагдайларды туура кабылдоого же көрсөтүп берүүгө жөндөмсүз деп таанылган адамдын көрсөтмөлөрү;
5) шектүүнүн, жабырлануучунун жана күбөнүн көрсөтмөлөрү, эксперттин, адистин корутундусу, буюм далилдер, тергөө жана атайын тергөө аракеттеринин протоколдору жана башка документтер, эгерде алар кылмыш ишинин материалдарынын тизмесине кирбесе;
6) кылмыш иши боюнча өндүрүштү жүзөгө ашырууга укугу жок адам тарабынан кандай болбосун процессуалдык аракеттерди жүргүзүүдө, ошондой эле четтетилүүгө жаткан адамдын катышуусунда алынган маалыматтар;
7) илимий билимдерге каршы келген ыкмаларды колдонуу менен алынган маалыматтар;
8) айыптоочу тараптын ушул Кодекстин талаптарын бузуу менен алган башка далилдер.
5. Тергөөчү, прокурор, сот далилдердин жол берилгистиги жөнүндө маселени чечип жатып, ар бир учурда жол берилген бузуу эмнеден айкын көрүнгөнүн тактоого жана жүйөлөштүрүлгөн чечим кабыл алууга милдеттүү.
81-берене. Иш боюнча далилденүүгө тийиш болгон жагдайлар
Өндүрүштүн жүрүшүндө кылмыш иши боюнча төмөнкүлөр далилденүүгө жатат:
1) кылмыш окуясы (жасалган кылмыштын убактысы, орду, ыкмасы жана башка жагдайлары, анын айынан келип чыккан зыяндуу кесепеттер);
2) жактын аракетти жасаганы же жасабаганы;
3) жактын кылмыш жасоого күнөөлүүлүгү же күнөөлүү эмеси, анын күнөөсүнүн формасы жана жүйөлөрү;
4) шектүүнүн, айыпталуучунун жоопкерчилик деңгээлине жана мүнөзүнө таасир этүүчү жагдайлар;
5) шектүүнүн, айыпталуучунун инсандыгын мүнөздөөчү жагдайлар;
6) кылмыш менен келтирилген материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын мүнөзү жана өлчөмү;
7) аракеттин (аракетсиздиктин) кылмыш-жаза укукка каршы экенин жокко чыгаруучу жагдайлар;
8) кылмыш жоопкерчилигинен, жазадан жана аны өтөөдөн бошотууга алып келүүчү жагдайлар;
9) конфискациялануучу мүлк Кылмыш-жаза кодексине ылайык кылмыш жасоонун натыйжасында алынганын же ошол мүлктүн кирешеси болуп саналганын же кылмыштын куралы катары колдонулганын же колдонулаарын бышыктаган жагдайлар.
82-берене. Күбөнүн, жабырлануучунун көрсөтмөлөрү
1. Күбө ишке тиешелүү бардык жагдайлар, анын ичинде шектүүнүн, айыпталуучунун, жабырлануучунун инсандыгы жана өзүнүн алар жана башка күбөлөр менен болгон өз ара мамилелери жөнүндө суракка алынышы мүмкүн.
2. Жабырлануучу иш боюнча өндүрүштө далилденүүгө жаткан кандай болбосун жагдайлар, анын ичинде шектүү, айыпталуучу менен өзүнүн өз ара мамилелери жөнүндө суракка алынышы мүмкүн.
3. Купуя негизде компетенттүү мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтүп жаткан адам тарабынан түздөн-түз кабыл алынган жагдайлар жөнүндө маалыматтар, аталган адамдын макулдугу менен, ал күбө катары суракка алынгандан кийин далилдер катары колдонулушу мүмкүн.
4. Кылмыштуу топко же болбосо уюшулган топко же болбосо кылмыштуу уюмга тымызын киргизилген адамга белгилүү болгон маалыматтар анын коопсуздугун камсыз кылуу максатында ыкчам издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдын кызмат адамынын сурагынан кийин далилдер катары, күбө катары пайдаланылышы мүмкүн.
83-берене. Шектүүнүн, айыпталуучунун көрсөтмөлөрү
1. Шектүүнүн, айыпталуучунун көрсөтмөлөрү – кылмыш-жаза иши боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө же болбосо сотто жүргүзүлгөн суракта билдирилген маалыматтар.
2. Кылмышты жасоого шектүүнүн, айыпталуучунун өз күнөөсүн моюнга алышы иш боюнча далилдердин жыйындысында, анын күнөөлүү экени ырасталганда гана күнөөнүн негизине коюлушу мүмкүн.
3. Адамды күбө катары сурактын жүрүшүндө берген көрсөтмөлөрү анын өзүнө каршы далил катары таанылышы жана аны айыптоонун негизине коюлушу мүмкүн эмес.
4. Шектүү, айыпталуучу өзүнө каршы коюлган шектенүү жана коюлган айып боюнча, ошого тете иш боюнча мааниси бар өзүнө белгилүү болгон башка жагдайлар жөнүндө көрсөтмөлөрдү берүүгө укуктуу.
5. Компетенттүү мамлекеттик органдарга купуя негизде көмөк көрсөтүүчү адам тарабынан түздөн-түз кабылданган жагдайлар жөнүндө маалыматтар анын макулдугу менен ошол адамды адвокаттын катышуусу менен шектүү, айыпталуучу катары сурактан кийин далил катары пайдаланылышы мүмкүн.
84-берене. Эксперттин корутундусу жана көрсөтмөлөрү
1. Эксперттин корутундусу – ушул Кодекстин 193-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык жазуу жүзүндө жол-жоболоштурулган, соттук-эксперттик изилдөөлөрдүн жүрүшүн жана тергөөчү, прокурор, сот тарабынан эксперттин алдына коюлган маселелер боюнча тыянактарды камтыган расмий документ.
2. Эксперттин көрсөтмөлөрү – ушул Кодекстин 194-беренесинин талаптарына ылайык ушул корутундуну түшүндүрүү же тактоо максатында анын корутундусун алгандан кийин жүргүзүлгөн, суракта ал билдирген маалыматтар.
3. Эксперттин корутундусу тергөөчү, прокурор жана сот үчүн милдеттүү болуп саналбайт, бирок алардын корутунду менен макул эместиги тиешелүү түрдө токтомдо, өкүмдө же аныктамада жүйөлөштүрүлүшү керек.
85-берене. Адистин көрсөтмөлөрү
Адистин көрсөтмөлөрү – ушул Кодекстин 57-беренесинин талаптарына ылайык атайын билимдерди талап кылган жагдайларды түшүндүрүү же тактоо максатында ал тарабынан суракта айтылган маалыматтар.
86-берене. Буюм далилдери
1. Кылмыштын куралы катары кызмат кылышы же өзүндө кылмыштын издерин сактап калган же укукка каршы аракеттердин объектилери болгон деп болжоого негиз берген буюмдар, ошондой эле кылмышты аныктоо, иштин иш жүзүндөгү жагдайларын белгилөө, күнөөкөрлөрдү аныктоо же болбосо күнөөнү жокко чыгаруу же жоопкерчиликти жумшартуу үчүн каражат катары колдонулган мүмкүн болгон акчалар, буюмдар, документтер жана башка баалуулуктар буюм далилдери деп таанылат.
2. Буюм далилдери текшерип кароонун протоколдорунда кеңири жазылууга, видеого жана (же) фотосүрөткө тартылууга тийиш. Буюм далилдери тергөөчүнүн, судьянын токтому, соттун аныктамасы менен ишке кошо тиркелет жана сакталууга тийиш.
3. Ушул Кодекстин 87-беренесинде каралган учурларды кошпогондо, ишти бир тергөөчүдөн башкасына өткөрүп берүүдө, ошого тете ишти прокурорго жана сотко жиберүүдө же болбосо ишти бир соттон башкасына өткөрүп берүүдө, буюм далилдери иш менен кошо өткөрүп берилет.
4. Өкүмдө, аныктамада же ишти кыскартуу жөнүндө токтомдо буюм далилдери жөнүндө чечим камтылууга тийиш, мында:
1) шектүүгө, айыпталуучуга таандык болгон кылмыштын куралдары конфискацияланууга жатат;
2) колдонууга тыюу салынган буюмдар берилбейт жана тиешелүү уюмдарга өткөрүп берүүгө же жок кылынууга тийиш;
3) эч кандай баалуулугу жок жана пайдалануу үчүн жараксыз буюмдар жок кылынууга, ал эми ишке кызыкдар адамдар же уюмдар өтүнүч кылган учурда аларга берилүүгө тийиш;
4) кылмыштуу жол менен алынган акчалар жана башка баалуулуктар соттун өкүмү, аныктамасы, судьянын токтому, ал эми айыпталуучунун өлүмүнө же аны акыл-эси соо эмес деп табылгандыгына байланыштуу иш кыскартылганда - тергөөчүнүн токтому менен мамлекеттин кирешесине алынууга жатат, калган буюмдар мыйзамдуу ээлерине тапшырылат, ал эми алар аныкталбаса мамлекеттин менчигине өтөт. Ал буюмдардын таандыктуулугу жөнүндө талаш жарандык сот өндүрүшүнүн тартибинде чечилүүгө тийиш;
5) паранын же контрабанданын предмети болуп саналган акчалар жана башка баалуулуктар соттун өкүмү боюнча кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык мамлекеттин кирешесине алынууга жатат. Эгерде адам өзүнөн пара берүүнү талап кылгандыгы жөнүндө ыктыярдуу билдирсе жана пара алуучуну колунан кармоого көмөктөшсө, анда паранын предмети соттун чечими боюнча ээсине кайтарып берилет.
87-берене. Буюм далилдерин сактоо
1. Буюм далилдери өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин же болбосо ишти кыскартуу жөнүндө токтомго же аныктамага даттануу мөөнөтү аяктаганга чейин иште сакталууга жана ушул беренеде каралган учурларды албаганда, иш менен бирге өткөрүлүп берилүүгө тийиш. Буюм далили болуп саналган мүлккө укук жөнүндө талаш жарандык сот өндүрүшүнүн тартибинде чечилүүгө тийиш болгон учурда, буюм далили соттун чечими күчүнө киргенге чейин сакталат.
2. Төмөнкү түрдөгү буюм далилдери:
1) чоңдугунан же башка себептерден улам иште сакталышы мүмкүн болбогон буюмдар, анын ичинде аларды сактоо кыйынчылык туудурган же атайын шарттарды камсыз кылуу кыйынчылыкка турган же атайын шарттарды камсыз кылуу боюнча чыгымдар аларды сактоонун наркына теңдеш болгон товарлардын чоң партиясы:
а) фотосүрөткө же видеого тартылат, мүмкүн болушунча мөөрлөнүп бекитилет жана тергөөчүнүн чечими боюнча Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте сактоого өткөрүлүп берилет. Иштин материалдарына мындай буюм далилдеринин турган орду жөнүндө документ тиркелет, ошондой эле буюм далилинин салыштырып изилдөө үчүн жетиштүү үлгүсү тиркелиши мүмкүн;
б) эгерде ал далилдөө үчүн зыяны жок болсо, мыйзамдуу ээсине кайтарылып берилет;
в) аларды ушул пунктун «а» жана «б» пунктчаларында каралган ыкмалар менен сактоону камсыз кылуу мүмкүн болбогон учурда, бааланып, ээсинин макулдугу менен же болбосо соттун чечими боюнча Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте сатуу үчүн берилет. Буюм далилдерин сатуудан түшкөн каражаттар ушул бөлүккө ылайык көрсөтүлгөн буюм далилдерин алып коюу жөнүндө чечим чыгарган органдын депозиттик эсебине ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган мөөнөткө салынат. Иштин материалдарына буюм далилинин салыштырып изилдөө үчүн жетиштүү үлгүсү тиркелиши мүмкүн;
2) аларды сактоо кыйынчылык туудурган же аларды сактоонун атайын шарттарын камсыз кылуу боюнча чыгымдар наркына тең келген товарлардын чоң партиялары ээсинин жооптуу сактоосуна берилиши мүмкүн;
3) тез бузулуучу товарлар жана продукциялар, ошондой эле сактоо кыйынчылык туудурган же аларды сактоонун атайын шарттарын камсыз кылуу боюнча чыгымдар товардын, продукциянын наркына өлчөмдөш, моралдык тез эскирүүгө дуушар болгон мүлктөр:
а) алардын ээлерине кайтарылып берилет;
б) кайтарып берүү мүмкүн болбогон учурда бааланып, ээсинин макулдугу менен же болбосо соттун чечими боюнча Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте сатуу үчүн берилет. Буюм далилдерин сатуудан түшкөн каражаттар ушул бөлүккө ылайык көрсөтүлгөн буюм далилдерин алып коюу жөнүндө чечим чыгарган органдын депозиттик эсебине ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган мөөнөткө салынат. Иштин материалдарына салыштырып изилдөө үчүн жетиштүү буюм далилдеринин үлгүсү тиркелиши мүмкүн;
в) эгерде мындай тез бузулуучу товарлар жана продукция жараксыз болуп калса, ээсинин макулдугу менен же соттун чечими боюнча Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жок кылынат. Бул учурда ушул Кодекстин 170-беренесинин талаптарына ылайык протокол түзүлөт;
4) мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган баңги каражаттары, психотроптук заттар, баңги каражаттарын же психотроптук заттарды камтыган өсүмдүктөр же болбосо алардын прекурсорлору же алардын баңги каражаттарын же психотроптук заттарды камтыган бөлүктөрү же болбосо алардын прекурсорлору, ошондой эле узакка сактоо адамдардын өмүрү жана ден соолугу үчүн же айлана-чөйрө үчүн коркунучтуу буюмдар зарыл изилдөө жүргүзүлгөндөн кийин, аларды технологиялык кайра иштетүү үчүн өткөрүп берилет же соттун чечими боюнча Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жок кылынат, бул жөнүндө ушул Кодекстин 170-беренесинин талаптарына ылайык протокол түзүлөт. Иштин материалдарына салыштырып изилдөө үчүн жетиштүү болгон, мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын, баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды камтыган өсүмдүктөрдүн же болбосо алардын прекурсорлорунун же алардын баңги каражаттарын же психотроптук заттарды же болбосо алардын баңги каражаттарын же психотроптук заттарды, же алардын прекурсорлорун камтыган бөлүктөрүнүн үлгүлөрү тиркелет;
5) тергөө аракеттерин жүргүзүүдө табылган кылмыш жасоонун натыйжасында алынган акчалар, баалуулуктар жана башка мүлктөр жана ал мүлктөрдөн алынган кирешелер ушул Кодекстин 121-беренесинде белгиленген тартипте камакка алынууга жатат;
6) зарыл тергөө аракеттерин жүргүзгөндөн кийинки баалуулуктар:
а) ушул пункттун «б» пунктчасында каралган учурду кошпогондо, ушул берененин биринчи бөлүгүндө каралган мөөнөткө банкка же башка кредиттик уюмга сактоого өткөрүлүп берилет;
б) эгерде ал далилдөө үчүн зыяны жок болсо, мыйзамдуу ээсине кайтарылып берилет;
7) зарыл тергөө аракеттери жүргүзүлгөндөн кийин акчалар фотосүрөткө же видеого тартылат, ал эми андан кийин:
а) Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте мыйзамдуу эсине кайтарылып берилет;
б) мыйзамдуу ээси болбосо же аныкталбаса же болбосо буюм далилдерин мыйзамдуу ээсине кайтарып берүү башка себептер боюнча мүмкүн болбогондо, алар көрсөтүлгөн буюм далилдерин алып коюу жөнүндө чечим чыгарган органдын финансы бөлүмүнө сактоого өткөрүп берилет же болбосо ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган мөөнөткө банкка же башка кредиттик уюмга салынат же болбосо, эгерде акча купюрларынын жекече белгилерди далилдөө үчүн мааниси бар болсо, иште сакталат;
8) маалыматты электрондук алып жүрүүчүлөр:
а) анда камтылган маалымат менен бөтөн адамдардын таанышуу мүмкүнчүлүгүн болтурбаган жана алардын сакталышын жана көрсөтүлгөн маалыматтын сакталышын камсыз кылуучу шарттарда мөөрлөп бекитилген түрдө сакталат;
б) эгерде бул далилдөө үчүн зыянсыз болсо, карап текшерилгенден жана башка зарыл тергөө аракеттери жүргүзүлгөндөн кийин мыйзамдуу ээсине кайтарылып берилет.
3. Тергөө аракеттеринин жүрүшүндө алып коюлган маалыматты электрондук алып жүрүүчүлөрдү тергөө аракеттери жүргүзүлгөндөн кийин мыйзамдуу ээсине кайтарып бере албаган учурда, аларда камтылган маалымат алып коюлган электрондук алып жүрүүчүнүн мыйзамдуу ээсинин же андагы маалымат ээсинин өтүнүчү боюнча көчүрмөлөнөт. Көрсөтүлгөн маалыматты алып коюлган маалыматты электрондук алып жүрүүчүлөрдүн мыйзамдуу ээси же аларда камтылган маалыматтын ээси берген башка маалыматты электрондук алып жүрүүчүгө көчүрүү мыйзамдуу ээсинин же аларда камтылган маалыматтын ээсинин жана (же) алардын өкүлдөрүнүн жана адистин алгачкы текшерүү органында, тергөөдө же сотто катышуусу менен жүзөгө ашырылат. Маалыматты көчүрүүдө анын жок болуу же өзгөрүү мүмкүнчүлүгүн болтурбоочу шарттар камсыз кылынууга тийиш. Эгерде бул кылмышты териштирүүгө тоскоолдук кылуусу мүмкүн болсо, маалыматты көчүрмөлөөгө жол берилбейт. Көчүрүлгөн маалыматты камтыган маалыматты электрондук алып жүрүүчүлөр алып коюлган маалыматты электрондук алып жүрүүчүлөрдүн мыйзамдуу ээсине же аларда камтылган маалыматтын ээсине берилет. Маалыматты көчүрүүнү жүзөгө ашыруу жөнүндө жана көчүрүлгөн маалыматты камтыган маалыматты электрондук алып жүрүүчүлөрдү алып коюлган маалыматты электрондук алып жүрүүчүлөрдүн мыйзамдуу ээсине же анда камтылган маалыматтын ээсине берүү тууралуу ушул Кодекстин 170-беренесинин талаптарына ылайык протокол түзүлөт.
4. Буюм далилдерин, анын ичинде алардын өзүнчө категорияларын сактоонун, эсепке алуунун жана өткөрүп берүүнүн башка шарттары Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
5. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун «а» жана «б» пунктчаларында, 2-пунктунда, 3-пунктунун «а» пунктчасында, 5, 6 жана 7-пункттарында, 8-пунктунун «б» пунктчасында жана 3-бөлүгүндө каралган учурларда тергөөчү же судья токтом чыгарат.
6. Эгерде ээси мүлктү сатууга, керектен чыгарууга же жок кылууга макулдук бербесе, ушул берененин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун «в» пунктчасында, 3-пунктунун «б» жана «в» пунктчаларында жана 4-пунктунда каралган учурларда тергөөчү прокурордун макулдугу менен сотко чейинки өндүрүштүн орду боюнча тергөө судьясынын алдында тиешелүү өтүнүч келтирет.
7. Ушул беренеде каралган учурларды кошпогондо, ишти бир тергөөчүдөн башкасына өткөрүп берүүдө, ошого тете кылмыш ишин прокурорго же сотко жиберүүдө же болбосо кылмыш ишин бир соттон башкасына өткөрүп берүүдө буюм далилдери кылмыш иши менен бирге өткөрүп берилет.
88-берене. Атайын тергөө, тергөө жана соттук аракеттердин протоколдору
Эгерде алар ушул Кодекстин талаптарына ылайык түзүлсө, атайын тергөө, тергөө жана соттук аракеттердин протоколдорун далилдер катары эсептөөгө жол берилет.
89-берене. Башка документтер
1. Эгерде аларда баяндалган маалыматтар ушул Кодекстин 81-беренесинде көрсөтүлгөн жагдайларды белгилөө үчүн мааниси бар болсо, башка документтер далилдер деп таанылат.
2. Документтер жазуу жүзүндө же башка формада белгиленген маалыматтарды камтышы мүмкүн. Документтерге фото, үн жана видеожазуу материалдары, ушул Кодексте каралган тартипте алынган, суратып алынган, берилген жана иш боюнча далилдер деп таанылган электрондук документтер таандык болушу мүмкүн. Кылмыш ишине тиркөө үчүн мамлекеттик жана ведомстволук архивдерден документтердин түп нускасын алууга тыюу салынат. Мындай учурларда ишке тиркөө үчүн мамлекеттик жана ведомстволук архивдер тарабынан архив документтеринин түп нускаларынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү берилет.
3. Электрондук документ мааниси боюнча жазуу жүзүндөгү далил деп таанылат жана электрондук ыкма менен ырасталган кагаз жүзүндө көчүрмөлөнгөн документтей эле бирдей юридикалык күчкө ээ болот.
Электрондук документтин түп нускасы машиналык алып жүрүүдө гана болот. Электрондук санариптик колтамга коюлган, машиналык алып жүрүүдө белгиленген жана бири-бирине төп келген электрондук документтин бардык нускалары түп нускалар болуп саналат жана бирдей юридикалык күчкө ээ болот.
Электрондук документтин көчүрмөлөрү кагаз жүзүндө электрондук документтин тышкы көрүнүшүнүн түрүн калыбына келтирүү жолу менен түзүлөт.
Кагаз жүзүндө калыбына келтирилген электрондук документтер тиешелүү электрондук документтин көчүрмөлөрү болуп санала тургандыгын айкындаган көрсөтмөнү камтууга жана кагаз жүзүндөгү документтердин көчүрмөлөрүн ырастоо үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте ырасталууга тийиш.
4. Документтер ишке тиркелет жана мыйзамда белгиленген мөөнөттүн ичинде сакталат. Эгерде алып коюлган жана ишке тиркелген документтер учурдагы эсепке алуу, отчеттуулук жана башка укуктук максаттар үчүн талап кылынса, алар мыйзамдуу ээсине кайтарылып берилиши же иш боюнча өндүрүшкө зыян келтирбестен, убактылуу пайдаланууга берилиши же болбосо алардын көчүрмөлөрү электрондук же кагаз түрүндө берилиши мүмкүн.
5. Ушул Кодекстин 86-беренесинде көрсөтүлгөн белгилерге ээ болгон документтер буюм далилдери болуп саналат.
11-глава. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө далилдөө
90-берене. Далилдөө
Далилдөө ишти мыйзамдуу, негиздүү жана адилеттүү чечүү үчүн мааниге ээ болгон жагдайларды аныктоо максатында далилдерди чогултуудан, изилдөөдөн, баа берүүдөн турат.
91-берене. Далилдерди чогултуу
1. Далилдерди чогултуу ушул Кодексте каралган процессуалдык аракеттерди жүргүзүү аркылуу кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө ишке ашырылат.
2. Өндүрүшүндө иш турган орган кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын өтүнүчү же өзүнүн демилгеси боюнча ушул Кодексте белгиленген процессуалдык аракеттерди жүргүзүүгө укуктуу.
3. Коргоо тарабы, жабырлануучу, жабырлануучунун өкүлдөрү зарыл маалыматтарды төмөнкү жол менен алууга укуктуу:
1) уюмдардан маалымкаттарды, мүнөздөмөлөрдү, башка документтерди суратып алуу. Көрсөтүлгөн юридикалык жактар алар тарабынан суратылган документтерди же алардын ырасталган көчүрмөлөрүн 10 сутканын ичинде берүүгө милдеттүү;
2) келишимдик негизде сот экспертизасын жүргүзүүнү демилгелөө;
3) келишимдик негизде адисти тартуу;
4) ишке тиешеси бар маалыматтарды болжолдуу билген адамдарды алардын макулдугу менен сурамжылоо. Эгерде адвокат процессуалдык же тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн суракка алынган адамдын кылмыш-жаза процессин жүргүзүүчү органга келишин камсыз кылбаса, сурамжылоо жетишсиз деп таанылат жана ишке тиркелбейт;
5) тиешелүү жана жол берилген далилдерди чогултууга жана сотко берүүгө багытталган башка аракеттерди жасоо.
4. Оозеки, жазуу жүзүндөгү жана (же) электрондук формадагы маалыматтарды, ошондой эле ишке далил катары тиркөө үчүн буюмдарды жана документтерди шектүү, айыпталуучу материалдык залалдын жана (же) моралдык зыяндын ордун толтуруу үчүн жооптуу адам, адвокат, жабырлануучу, ошондой эле каалаган жарандар жана уюмдар берүүгө укуктуу.
5. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучуларынан жана башка адамдардан буюмдарды жана документтерди алуу өтүнүчтүн негизинде жүзөгө ашырылат жана ишке тиркелүүгө тийиш, бул жөнүндө токтом чыгарылат.
92-берене. Далилдерди текшерүү
Иш боюнча чогултулган далилдер ар тараптуу жана объективдүү текшерилүүгө тийиш. Текшерүү алынган далилге талдоо жүргүзүүдөн, аны башка далилдер менен салыштыруудан, жаңы далилдерди чогултуудан, аларды алуунун булактарын текшерүүдөн турат.
93-берене. Далилдерге баа берүү
1. Ар бир далилге тиешелүүлүгүнө, жол берилгендигине, аныктыгына карата, ал эми бардык чогултулган далилдер жыйындысында – ишти чечүү үчүн жетиштүүлүгүнө карата баа берилет.
2. Тергөөчү, прокурор, сот арачылары, сот далилдерди жалпысынан калыс жана жетиштүү түрдө карап чыгууга негизделген өзүнүн ички ынанымы боюнча далилдерди баалайт, мында мыйзамды жана ыйманды жетекчиликке алат.
3. Эгерде ал иш үчүн мааниге ээ болгон жагдайлардын бар экендиги жөнүндө тыянактарды ырастаган, четке каккан же шек туудурган фактылар жөнүндө маалыматтарды камтыса, далил ишке таандык деп таанылат.
4. Далил ушул Кодекстин 80-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарына ылайык алынса, жол берилген далил катары таанылат.
5. Эгерде изилдөөнүн натыйжасында далил чындыкка дал келгени аныкталса, ал анык деп таанылат.
6. Эгерде ишке тиешеси бар жеткиликтүү жана анык далилдердин бардыгы жыйналса, далилдердин жыйындысы ишти чечүү үчүн жетиштүү деп таанылат.
94-берене. Далилдөө процессиндеги илимий-техникалык каражаттар
1. Иш боюнча далилдөө процессинде илимий-техникалык каражаттар өндүрүшүндө иш турган орган тарабынан, анын ичинде адвокаттын өтүнүчү боюнча, ошондой эле ушул Кодексте каралган процессуалдык милдеттерди аткарууда эксперт жана адис тарабынан пайдаланылышы мүмкүн.
2. Өндүрүшүндө иш турган орган тарабынан илимий-техникалык каражаттарды пайдаланууда көмөк көрсөтүү үчүн адис тартылышы мүмкүн.
3. Илимий-техникалык каражаттарды колдонуу жол берилет деп таанылат, эгерде алар:
1) ушул Кодекстин ченемдерине жана принциптерине каршы келбесе;
2) илимий жактан негизделсе;
3) иш боюнча өндүрүштүн натыйжалуулугун камсыз кылса;
4) жарандардын өмүрү, ден соолугу, мүлкү жана айлана-чөйрө үчүн коопсуз болсо.
4. Өндүрүшүндө иш турган орган тарабынан илимий-техникалык каражаттарды колдонуу тиешелүү процессуалдык аракеттердин протоколдорунда жана соттук отурумдун протоколунда белгиленет, мында ушул илимий-техникалык каражаттар, аларды колдонуунун шарттары жана тартиби, ушул каражаттар колдонулган объекттер жана аларды колдонуунун жыйынтыктары көрсөтүлөт.
95-берене. Преюдиция
1. Мыйзамдуу күчүнө кирген өкүм, ошондой эле маңызы жагынан чечүүчү иш боюнча соттун мыйзамдуу күчүнө кирген башка чечими белгиленген жагдайлар боюнча бардык мамлекеттик органдар, уюмдар үчүн, ошондой эле өкүм, чечимдер чыгарылган адамдарга карата укуктук баа берүү жагынан да жарандар үчүн милдеттүү. Ушул жобо апелляциялык жана кассациялык тартипте соттун өкүмүн жана башка чечимдерин текшерүүгө, жокко чыгарууга жана өзгөртүүгө, жаңыдан жана кайтадан ачылган жагдайлар боюнча иш жүргүзүүнү кайра баштоого тоскоолдук кылбайт.
2. Жарандык сот өндүрүшүнүн же укук бузуулар сот өндүрүшүнүн алкагында кабыл алынган, мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими кылмыш иши өндүрүшүндө турган орган үчүн окуянын өзү же аракеттин болгондугу жөнүндө маселе боюнча гана милдеттүү болот жана айыпталуучунун күнөөлүү же күнөөсүздүгү жөнүндө тыянакты алдын ала чыгарууга тийиш эмес.
3. Материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтуруу жөнүндө маселе чечилген соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү сот үчүн бул бөлүктө кылмыш-жаза өндүрүшүнүн тартибинде чечилбеген маселелер бөлүгүндөгү жарандык сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө иштерди кароодо милдеттүү болот.
IV БӨЛҮМ
КЫЛМЫШ-ЖАЗА СОТ ӨНДҮРҮШҮН КАМСЫЗ КЫЛУУ ЧАРАЛАРЫ
12-глава. Шектүүнү, айыпталуучуну кармоо
96-берене. Кармоонун негиздери
1. Кылмышты жасоого шектелгенди кармоо - бул кылмыштын алдын алуу, кармалгандын кылмышка катыштыгын билүү максатында, кийинкиге калтырууга мүмкүн болбогон учурларда тергөөчү тарабынан колдонулган адамдын ары-бери жүрүү эркиндигинен кыска мөөнөткө иш жүзүндө ажыратуу.
2. Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза дайындалышы мүмкүн болгон кылмышты жасаган учурда, төмөнкү негиздердин бири бар болсо, тергөөчү адамды шектүү катары кармоого укуктуу:
1) жак кылмыш жасап жаткан учурда же ал жасалгандан кийин түздөн-түз кармалган учурда;
2) кылмыш жасаганды көрүп калган адамдар, ошондой эле жабырлануучу кылмыш жасаган жакты түздөн-түз көрсөткөндө;
3) эгерде шектүүдө же анын кийиминде, жанында же турак жайында кылмыштын даана издери табылганда.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, кылмыштарды жасоодо шек саноо боюнча адамды кармоо, ал кайсы кылмышты жасоодо шек саналгандыгын шектүүгө жарыялоо үчүн атайын тергөө же болбосо жетиштүү тергөө аракеттеринен кийин жүргүзүлөт.
4. Издөө жарыяланган айыпталуучуга карата, ал кармалган учурда ушул Кодекстин 97-беренесинде каралган тартипте кармоо жөнүндө токтом түзүлөт жана ушул Кодекстин 102-беренесине ылайык кабарлоо жөнөтүлөт.
97-берене. Шектүүнү кармоонун тартиби
1. Шектүүнү кармоо жөнүндө токтом ал тергөө органына жеткирилген учурдан тартып чыгарылат. Иш жүзүндө кармалган учурда шектүүгө эмнеден шек саналып жаткандыгы жарыяланышы керек, ошондой эле ага өзүнө каршы көрсөтмөлөрдү бербөө укугу, адвокат алуу укугу, ошондой эле мамлекет тарабынан кепилдик берилген юридикалык жардамдан пайдалануу укугу түшүндүрүлүүгө тийиш.
2. Кармоо жөнүндө токтомдо аны түзүүнүн датасы жана орду, токтом түзгөн адамдын кызматы, фамилиясы, аты, шектүүнүн инсандыгы, кармоо учурундагы анын ден соолугунун абалы, иш жүзүндө кармоонун негиздери жана жүйөлөрү, орду жана убактысы (саатты жана мүнөттү көрсөтүү менен) жөнүндө маалыматтар, шектүүгө ушул Кодекстин 44-беренесинде каралган укуктарды түшүндүрүү жөнүндө маалыматтар, жеке тинтүүнүн жана телефон менен сүйлөшүүнүн жыйынтыктары көрсөтүлөт.
3. Кармоо жөнүндө токтом шектүүгө жарыяланат жана ага тергөөчү менен шектүү, ошондой эле адвокат шектүүнүн иш жүзүндө кармалган так убактысын көрсөтүү менен кол коюшат.
4. Токтомдун көчүрмөсү кармалганга токтоосуз тапшырылат жана 12 сааттын ичинде прокурорго жиберилет.
5. Иш жүзүндө кармалган учурдан тартып 45 саат өткөнгө чейин, ал эми шектелген балага карата 21 саат өткөнгө чейин ушул Кодекстин 265-беренесинде каралган тартипте кармалышынын мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү жөнүндө маселени чечүү үчүн шектүү сотко жеткирилүүгө тийиш.
Издөө жарыяланган адамды кармоодо, кармоонун мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү талап кылынбайт. Бул учурда адам кармалган учурдан тартып 48 саат өткөнгө чейин, ал эми балага карата 24 саат өткөнгө чейин бөгөт коюу чарасын колдонуу мөөнөтүн белгилөө же болбосо бөгөт коюу чарасын өзгөртүү жөнүндө маселени кароо үчүн сотко жеткирилүүгө тийиш.
Кылмыш куугунтугунун эскирүү мөөнөтү аяктаган кылмыштарды жасоо боюнча шектелген адамдарды кармоого жол берилбейт.
6. Тергөөчү зарыл болгон учурда коргоо тарабынын өтүнүчү боюнча кармалгандарды кармоочу жайларда жаткан шектүүгө медициналык кароо жүргүзүүгө, ал эми зарыл болгон учурда – врачтын жардамын өз убагында (12 сааттан кечиктирбестен) камсыз кылууга милдеттүү.
7. Алгачкы текшерүү органынын же тергөөнүн аракеттерине (аракетсиздигине) жана чечимине карата кармалган шектүүнүн даттануусу кармоочу жайдын начальниги тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине киргизүү менен маалыматтарды токтоосуз сотко жөнөтүлөт.
98-берене. Кармалганды жеке тинтүү
Кармалган адамды жеке тинтүү иш жүзүндө кармалгандан кийин токтоосуз, зарыл болгондо ушул аракетти видео жазуу менен жүргүзүлөт, бул жөнүндө аны түзүүнүн датасын жана так убактысын көрсөтүү менен (саатын жана мүнөтүн көрсөтүү менен) протокол түзүлөт.
99-берене. Кылмыш жасаган адамдарды кармоо укугу
1. Жабырлануучуну кошуп алганда, кандай гана болбосун жеке жак шектүүнү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берүү же болбосо жеткирүү, ошондой эле алардын башка кол салуусуна бөгөт коюу максатында бардык жеке жак кылмыш жасаган адамды кармоого, анын эркин жүрүшүн чектөөгө укуктуу.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган учурларда, ал каршылык көрсөтсө, кармалган адамга карата Кылмыш-жаза кодексинин 49-беренесинде каралган чектерде күч жана башка каражаттар колдонулушу мүмкүн. Эгерде кармалган адамда кылмыш иши үчүн мааниси бар курал жана (же) башка коркунучтуу буюмдар бар деп болжогонго негиз болгон учурларда аны кармаган жаран андан болгон буюмдарды алып коюуга укуктуу жана шектүүнү кармап алып кеткен же өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кийин өткөрүп бериши керек.
100-берене. Кармалган шектүүнү бошотуунун негиздери
1. Кармалган шектүү соттун чечими, тергөөчүнүн же прокурордун токтому менен бошотулууга тийиш, эгерде:
1) кылмыш жасоодон шектенүү далилденбесе;
2) кармоонун мыйзамда белгиленген мөөнөтү өтүп кетсе;
3) камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чараларын колдонууга негиз же зарылчылык болбосо;
4) кармоо ушул Кодекстин 96 жана 97-беренелеринин талаптарын бузуу менен жүргүзүлсө.
2. Кармалган учурдан тартып 48 сааттын, ал эми балдарга карата 24 сааттын ичинде, кармоо жайынын начальнигине кармалганга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө токтом келип түшпөсө, анда кармоо жайынын начальниги кармалганды токтоосуз бошотот жана иш өндүрүшүндө турган тергөөчүгө жана прокурорго маалымдайт, бул жөнүндө протокол түзүлөт.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн талаптары аткарылбаса, кармалганды кармоо жайынын начальниги мыйзамда белгиленген жоопкерчилик тартат.
4. Кармалганды кармоо жайынын начальниги тарабынан шектүүнү бошотууда ага маалымкат берилип, анда ким тарабынан кармалгандыгы, кармоонун негизи, орду жана убактысы, бошотуунун негизи жана убактысы көрсөтүлөт.
101-берене. Кармалган шектүүлөрдү кармоонун тартиби
1. Кармалган шектүүлөр убактылуу кармоо изоляторлорунда кармалат. Кармоонун тартиби жана шарттары мыйзам менен аныкталат.
2. Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу кызматкерлер менен кармалган шектүүнүн сүйлөшүүсүнө иши анын өндүрүшүндө турган тергөөчүнүн жазуу жүзүңдөгү уруксаты менен жана адвокаттын катышуусунда гана жол берилет.
102-берене. Кармалгандыгы жөнүндө шектүүнүн туугандарына жана адвокатына маалымдоо
1. Иш жүзүндө кармалгандан кийин тергөөчү шектүүнүн кармалгандыгы жөнүндө жакын туугандарынын бирөөнө, жубайына, ошондой эле адвокатына токтоосуз маалымдоого жана шектүүнүн өзүнө акысыз маалымдоонун мүмкүнчүлүгүн берүүгө милдеттүү. Маалымдоо тууралуу кармоо жөнүндө токтомго белги коюлат.
2. Эгерде кармалган шектүү башка мамлекеттин жараны болуп саналса, ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн тартипте, ал мамлекеттин элчилигине же болбосо консулдугуна маалымдалууга тийиш, бул тууралуу кармоо жөнүндө токтомго белги коюлат. Кыргыз Республикасынын аймагында ал мамлекеттин элчилиги же консулдугу жок учурда маалымдоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.
3. Кылмыш жасоого шектүү бала кармалганда анын мыйзамдуу өкүлдөрүнө жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга токтоосуз билдирилет.
103-берене. Кармалган шектүүнү суракка алуу
1. Кармалган адам шектүү катары суракка алынууга жатат. Кармалган шектүүнү суракка алууда адвокаттын болуусу милдеттүү.
2. Кармалган шектүүнү суракка алуу ушул Кодекстин 196-200-беренелеринде каралган эрежелер боюнча жүргүзүлөт. Суракка алуунун алдында шектүүгө ушул Кодекстин 44-беренесинде каралган укуктары түшүндүрүлөт жана кайсы кылмышты жасагандыгы үчүн шек саналып жаткандыгы жарыяланат.
13-глава. Бөгөт коюу чаралары
104-берене. Бөгөт коюу чаралары жана алардын түрлөрү
1. Кылмыш иши боюнча тергөөнүн жана соттук териштирүүнүн жүрүшүндө анын туура эмес жүрүм-турумун алдын алуу үчүн айыпталуучуга карата колдонулуучу чаралар бөгөт коюу чаралары болуп саналат.
2. Бөгөт коюу чараларынын түрлөрү:
1) башка жакка чыкпоо жөнүндө кол коюу
2) аскер бөлүгүнүн командачылыгынын көзөмөлдөөсүнө берүү;
3) баланы ата-энесинин же аларды алмаштырган адамдардын жана уюмдардын көз салуусуна берүү;
4) күрөө алуу;
5) үй камагы;
6) камакка алуу.
3. Башка кылмыш жасаган учурларды кошпогондо, бир эле адамга карата, бир гана бөгөт коюу чарасы колдонулушу мүмкүн.
Ар кандай кылмыш иштери боюнча бир эле адамга карата бөгөт коюу чараларынын эки же андан ашык түрлөрү колдонулган учурда эң оор бөгөт коюу чарасы колдонулат.
105-берене. Бөгөт коюу чарасын колдонуу үчүн негиздер
1. Айыпталуучу тергөөдөн же соттон жашырынып кетүүсү же болбосо күбөгө же кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларына коркунуч келтирүүсү, далилдерди жок кылуусу, башка жол менен тергөөнү жана ишти сотто териштирүүнү объективдүү жүргүзүүгө тоскоолдук кылуусу, же болбосо кылмыштуу иш менен алектенүүнү улантуусу жөнүндө болжоого жетиштүү негиздер болсо, ошондой эле өкүмдүн аткарылышын камсыз кылуу үчүн тергөөчү, прокурор, тергөө судьясы жана сот өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде бул адамга карата ушул Кодекстин 104-беренесинде каралган бөгөт коюу чараларынын бирин колдонушат.
2. Ушул Кодекстин 528-беренесинде каралган тартипте кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу үчүн аны өткөрүп берүүнү камсыз кылуу же соттун өкүмүн аткаруу максатында адамды камакта кармоо түрүндө бөгөт коюу чарасы колдонулушу мүмкүн.
106-берене. Бөгөт коюу чарасын колдонуунун тартиби
1. Бөгөт коюу чарасын колдонууда тергөөчү, прокурор, тергөө судьясы, сот, жүйөлөштүрүлгөн токтом, аныктама чыгарат, анда айыпталуучунун аты-жөнү, туулган жылы жана жери, коюлуп жаткан айыптын маңызы, кылмыш-жаза мыйзамынын күнөө коюлуп жаткан беренеси, ага карата тандалган бөгөт коюу чарасынын түрү жана аны тандап алуу үчүн негиздер көрсөтүлөт.
2. Бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө тергөөчүнүн токтому айыпталуучуга кол кат алуу менен окуп берилип, көчүрмөсү прокурорго жөнөтүлөт. Бир эле учурда ага ушул Кодекстин 15-главасында каралган бөгөт коюу чараларын колдонуу жөнүндө чечимге даттануу тартиби түшүндүрүлөт.
3. Күрөө, үй камагы жана камак түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонууда тергөөчү прокурордун макулдугу менен соттун алдында тиешелүү өтүнүчтү козгойт. Өтүнүчтү козгоо жөнүндө токтомдо айыпталуучуга карата тиешелүү бөгөт коюу чарасын колдонуунун зарылдыгы келип чыккан жүйөлөр жана негиздер баяндалат. Токтомго өтүнүчтүн негиздүүлүгүн ырастоочу материалдар тиркелет. Эгерде өтүнүч ушул Кодекстин 96 жана 97-беренелеринде белгиленген тартипте кармалган айыпталуучуга карата козголсо, анда көрсөтүлгөн материалдар тергөөчү тарабынан тергөө судьясына иш жүзүндө кармалган учурдан тартып 45 саат өткөнгө, ал эми балага карата иш жүзүндө кармалган учурдан тартып 21 саат өткөнгө чейин берилүүгө тийиш.
4. Бөгөт коюу чараларын колдонуу жөнүндө өтүнүчтү козгоо тууралуу токтомдун көчүрмөсү, өтүнүчтүн негиздүүлүгүн ырастоочу документтер менен кошо тергөөчү тарабынан айыпталуучуга, анын адвокатына өтүнүчтү тергөө судьясына бергенге чейин 3 сааттан кеч эмес убакта тапшырылат.
5. Бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө өтүнүчтү козгоо тууралуу токтом материалдарды сотко берген учурдан тартып 5 сааттын ичинде тергөө судьясы тарабынан айыпталуучунун, прокурордун, адвокаттын катышуусу менен тергөө өндүрүшүнүн орду же болбосо айыпталуучуну кармоонун орду боюнча каралууга жатат. Ушул Кодекстин 96 жана 97-беренелеринде каралган тартипте кармалган соттук отурумга жеткирилет. Соттук отурумда айыпталуучу балага карата бөгөт коюу чарасын колдонууда, анын мыйзамдуу өкүлүнүн катышуусу милдеттүү. Соттук отурумда адвокат башка бөгөт коюу чарасын колдонуунун зарылдыгы, же болбосо бөгөт коюу чарасын колдонбоо жөнүндө жазуу же оозеки түрүндө өтүнүч билдирүүгө укуктуу. Жазуу жүзүндөгү өтүнүч ишке тиркелет. Адвокаттын катышуусун жокко чыгарган жагдайларда, ал ушул Кодекстин 50-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык башка адвокат менен алмаштырылат.
6. Бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө соттук чечимди айыпталуучу жокто кабыл алуу адвокаттын милдеттүү катышуусу менен жол берилет.
7. Күрөө, үй камагы жана камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө же андан баш тартуу жөнүндө тергөө судьясынын токтому, прокурор, айыпталуучу жана анын адвокаты тарабынан жогору турган сотко 5 сутканын ичинде апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн. Тергөө судьясынын токтомуна сунуш же даттануу чыгаруу ал чечилгенге чейин бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө токтомдун аракетин токтотпойт жана анын жокко чыгарылышына алып келбейт.
107-берене. Бөгөт коюу чарасын колдонууда эске алынуучу жагдайлар
1. Бөгөт коюу чарасын колдонуунун зарылчылыгы жөнүндө маселени чечүүдө, ушул Кодекстин 105-беренесинде каралган негиздер болгон учурда анын түрүн аныктоодо тергөө судьясы, сот айыптын негиздүүлүгүн, айыпталуучунун инсандыгы жөнүндө маалыматтарды, анын курагын, ден соолугун, үй-бүлөлүк абалын, ишинин түрүн жана башка жагдайларды эске алат.
2. Тергөөчү, сот төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) камоого алынган адамдын көзөмөлсүз калган балдары бар болсо, аларды тиешелүү адамдардын же уюмдардын камкордугуна өткөрүп берүүгө;
2) камакка алынган адамдын кароосуз калган мүлкү же турак жайы бар болсо, аны кайтаруу чараларын көрүүгө.
3. Көрүлгөн чаралар жөнүндө тергөөчү, сот камакта жаткан шектүүгө, айыпталуучуга маалымдайт.
108-берене. Бөгөт коюу чараларын колдонуу жөнүндө токтом жана аныктама
1. Күрөө, үй камагы жана камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө тергөө судьясы, сот адам айыпталып жаткан кылмышты көрсөткөн жана бөгөт коюунун бул чарасын колдонуу үчүн негиздерди камтыган токтом, аныктама чыгарышат.
2. Токтомдун же аныктаманын көчүрмөлөрү ага карата чыгарылган адамга, ошондой эле анын адвокатына, мыйзамдуу өкүлүнө жана прокурорго тез арада берилет.
3. Ошол эле убакта бөгөт коюу чарасы колдонулган адамга ушул Кодекстин 16-главасында аныкталган бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө чечимге даттануу тартиби түшүндүрүлөт.
109-берене. Башка жакка кетпөө жөнүндө тил кат
Башка жакка кетпөө жөнүндө тил кат - тергөөчүнүн, прокурордун, соттун уруксатысыз туруктуу же убактылуу жашаган жерин (калктуу конушун) таштап кетпөөгө, тергөө өндүрүшүнө жана ишти сотто териштирүүгө тоскоолдук кылбоого, чакыруу боюнча белгиленген убакта келүү жөнүндөгү тергөөчү, прокурор, сот тарабынан айыпталуучудан жазуу жүзүндө алынган милдеттенме.
110-берене. Аскер бөлүгүнүн командачылыгынын аскер кызматчыларына байкоо жүргүзүүсү
1. Аскер кызматчысы же окуу жыйындарына чакырылган аскерге милдеттүү болуп саналган айыпталуучуга аскер бөлүгүнүн командачылыгынын байкоо жүргүзүүсү Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Уставында каралган жана бул адамдын талаптагыдай жүрүм-турумун, тергөөчүнүн, прокурордун же соттун чакыруусу боюнча келишин камсыз кылуу үчүн чараларды көрүүдөн турат.
2. Аскер бөлүгүнүн командачылыгына аталган бөгөт коюу чарасы колдонулган иштин маңызы жөнүндө билдирилет. Аскер бөлүгүнүн командачылыгы айыпталуучуга байкоо жүргүзүү белгиленгендиги жөнүндө тергөөчүгө же сотко жазуу жүзүндө маалымдайт.
3. Айыпталуучу алдын алуу үчүн аталган бөгөт коюу чарасы колдонулган аракеттерди жасаган учурда командачылык тергөөчүгө же сотко дароо кабарлоого милдеттүү.
111-берене. Баланы көз салууга өткөрүп берүү
1. Баланы ата-энесинин, мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин, ошондой эле атайын балдар мекемелеринин өкүлдөрүнүн көз салуусуна өткөрүп берүү баланын туура жүрүм-турумун жана анын тергөөчүгө, прокурорго жана сотко келип турушун камсыз кылууга аталган жактардын биринин жазуу жүзүндө берген милдеттенмесинен турат.
2. Баланы ата-энесинин же башка адамдардын көз салуусуна өткөрүп берүү алардын жазуу жүзүндөгү өтүнүчү боюнча гана мүмкүн болот, ошол эле убакта аларга бала жасады деп айыпталып жаткан кылмыштын мүнөзү жана көз салуу боюнча өздөрүнө алган милдеттерди бузган учурдагы жоопкерчиликтери жөнүндө билдирилет.
112-берене. Күрөө
1. Күрөө – айыпталуучу же болбосо башка адам тарабынан айыпталуучунун ушул Кодекстин 105-беренесинде саналып өткөн аракеттерди жасабагандыгынын кепилдиги катары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине төгүүчү акчалай сумма.
2. Күрөөнүн өлчөмү келтирилген зыяндын өлчөмүнөн, кылмыштын оордугунун даражасынан жана айыпталуучунун инсандыгынан кошулуучу суммадан аныкталат.
3. Тергөөчүнүн, прокурордун бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө өтүнүчүн кароонун жыйынтыгы менен, ошондой эле айыпталуучу, анын адвокаты, мыйзамдуу өкүлү тарабынан камакка алуунун башка альтернативдик бөгөт коюу чараларын колдонуу мүмкүндүгү жөнүндө берген өтүнүчүн соттук отурумда талкуулоонун натыйжалары боюнча күрөө түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу чечимин тергөө судьясы, судья, сот кабыл алууга укуктуу.
Тергөөчүнүн, прокурордун камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө өтүнүчүн канааттандырууда, тергөө судьясы, судья, сот тараптардын өтүнүчү боюнча күрөөнүн конкреттүү суммасын аныкташат, бул тууралуу камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө токтомдо көрсөтөт жана күрөөнү киргизүү боюнча мөөнөттү аныктайт.
Камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө токтомдо сот тарабынан аныкталган күрөөнүн суммасы атайын банк эсебине салынган учурда айыпталуучунун жана анын адвокатынын өтүнүчү боюнча өтүнүч келип түшкөндөн кийин тергөө судьясы 24 сааттын ичинде, ал эми сот – 5 сутканын ичинде соттук отурумда бөгөт коюу чарасын өзгөртүү тууралуу маселени чечет. Прокурорду, адвокатты кошпогондо, тараптардын келбей калышы бөгөт коюу чарасын өзгөртүү маселесин чечүүгө тоскоолдук кылбайт.
4. Кылмыш-жаза кодексинин 335, 336-беренелеринде, 337-беренесинин 4-бөлүгүндө, 338-беренесинин 3-бөлүгүндө, 339-беренесинин 2-бөлүгүндө, 340-беренесинин 2-бөлүгүндө, 342–344-беренелеринде, 345-беренесинин 3-бөлүгүндө, 402–416-беренелеринде каралган кылмыштар боюнча күрөө колдонулбайт.
Иликтенип жаткан кылмыш иши боюнча айыпталуучу мурда колдонулган бөгөт коюу чарасын бузган учурларда күрөө колдонулбайт.
5. Тергөө судьясы, судья күрөө түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө токтом чыгарат, анын көчүрмөсү бөгөт коюу чарасы колдонулган адамга тапшырылат. Мында күрөө киргизүүчү айыпталуучу же болбосо башка адам ушул бөгөт коюу чарасы колдонулган иштин маңызы тууралуу жана күрөөнү мамлекеттин кирешесине айландыруунун негиздери жөнүндө кабардар болууга тийиш, бул тууралуу протоколдо көрсөтүлөт.
6. Эгерде айыпталуучу төмөнкүдөй бузуулардын бирине жол берсе, киргизилген күрөө мамлекеттин кирешесине айландырылат:
1) тергөө өндүрүшүн жүзөгө ашыруучу органдан, соттон жашырынса;
2) тергөөнү объективдүү жүргүзүүгө жана ишти сотто териштирүүгө тоскоолдук кылууга багытталган аракеттерди жасаса.
7. Ушул берененин 6-бөлүгүндө саналып өткөн бузуулар жөнүндө бузуулардын жагдайлары жана алардын болгондугун ырастоочу иш жүзүндөгү маалыматтар баяндалган протокол түзүлөт. Протоколго күрөө киргизүүчү айыпталуучу же болбосо башка адам кол коёт. Ишти сот карап жатканда айыпталуучу көрсөтүлгөн бузууларды жасаган учурда, бузуунун жагдайлары соттук отурумдун протоколунда баяндалат.
8. Күрөөнү кайтарып берүү же аны мамлекеттин кирешесине айландыруу маселеси сот тарабынан кылмыш иши боюнча токтом, аныктама, өкүм чыгарууда чечилет. Кылмыш иши сотко чейинки өндүрүштө кыскартылган учурда күрөө аны киргизген адамга тергөөчү тарабынан кайтарылып берилет.
9. Күрөө түрүндөгү бөгөт коюу чарасы камакка алууга өзгөртүлгөн учурда, эгерде ал айыпталуучунун талаптагыдай эмес жүрүм-турумуна байланышпаса, күрөө киргизген адамга кайтарылып берилет.
10. Даттануу мөөнөтү аяктагандан кийин 5 сутканын ичинде күрөө аны киргизген адамга кайтарылып берилет.
113-берене. Үй камагы
1. Үй камагы айыпталуучунун ары-бери эркин жүрүүсүн чектөөлөрдөн турат, ага белгилүү бир адамдар менен сүйлөшүүгө, кат-кабар алууга жана жөнөтүүгө, турак жайынан сутка бою же сутканын белгилүү бир мезгилинде чыгып кетүүгө, соттун уруксатысыз административдик аймактын чегинен чыгууга, маалыматтык-телекоммуникациялык байланышты пайдаланууга тыюу салынат.
2. Үй камагы айыпталуучуга карата тергөө судьясынын, судьянын токтому, соттун аныктамасы боюнча ушул Кодекстин 104, 107-беренелеринде белгиленген негиздер болгондо жана тартипте бөгөт коюу чарасы катары колдонулат.
3. Үй камагы түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө тергөө судьясынын, судьянын токтомунда, соттун аныктамасында бул бөгөт коюу чарасын аткаруунун шарттары (айыпталуучу болуучу жер, үй камагынын мөөнөтү жана (же) айыпталуучуга карата белгиленген тыюу салуулар жана (же) чектөөлөр жана аларды сактоонун мөөнөттөрү) көрсөтүлөт, ошондой эле белгиленген чектөөлөрдүн аткарылышын контролдоо жүктөлгөн орган жана кызмат адамы көрсөтүлөт.
Контролду жүзөгө ашыруу максатында контролдун аудиокөрмө, электрондук жана башка техникалык каражаттар Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте пайдаланылышы мүмкүн.
4. Айыпталуучу үй камагынын шарттарын бузган учурда ага карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулуп, ал жөнүндө тергөө судьясынын, судьянын токтомунда же бөгөт коюу чарасын өзгөртүү жөнүндө соттун аныктамасында көрсөтүлөт.
114-берене. Камакка алуу
1. Бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу кылмыш-жаза мыйзамы менен 5 жылдан ашык мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза каралган кылмыштарды жасаган айыпталуучуларга карата башка кыйла жеңил бөгөт коюу чарасын колдонуу мүмкүн болбогондо соттун чечими боюнча колдонулат. Камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонууда тергөө судьясынын, судьянын токтомунда, соттун аныктамасында анын негизинде судья, сот мындай чечим кабыл алган конкреттүү, иш жүзүндөгү жагдайлар көрсөтүлүүгө тийиш. Соттук отурумдун жүрүшүндө текшерилбеген же болбосо ушул Кодекстин талаптарын бузуу менен берилген маалыматтар мындай жагдайлар болуп саналбайт.
2. Өзгөчө учурларда бөгөт коюунун бул чарасы 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза каралган кылмыштарды жасоого айыпталган адамдарга карата төмөнкү жагдайлардын бири болгондо колдонулушу мүмкүн:
1) айыпталуучунун Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу же убактылуу жашаган жери болбогондо;
2) анын инсандыгы аныкталбаганда;
3) ал тарабынан мурда колдонулган бөгөт коюу чарасы бузулганда;
4) ал тергөө өндүрүшүн жүзөгө ашыруучу органдан, соттон жашырынса;
3. Эгерде камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы айыпталуучу жокто же ушул берененин 2-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык колдонулса, бул адам кармалган учурдан тартып 48 саат өткөнгө чейин, ал эми бала – 24 саат өткөнгө чейин камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу мөөнөтүн белгилөө үчүн же болбосо бөгөт коюу чарасын өзгөртүү жөнүндө маселени кароо үчүн сотко жеткирилиши керек.
4. Менчикке каршы кылмыштар (Кылмыш-жаза кодексинин 210 жана 215-беренелери), экономикалык ишти жүзөгө ашыруу тартибине каршы кылмыштар (Кылмыш-жаза кодексинин 218, 220, 223, 225, 230 жана 231-беренелери), салык салуу чөйрөсүндөгү кылмыштар (Кылмыш-жаза кодексинин 238-244-беренелери), коммерциялык жана башка уюмдардагы кызматтын кызыкчылыктарына каршы кылмыштар (Кылмыш-жаза кодексинин 245 жана 247-беренелери) үчүн экономикалык иш жүргүзгөн ишкердик субъекттерге карата камакка алуу колдонулбайт.
Ушул бөлүктүн ченемдери тергөө органынан жана соттон жашырынып жүргөн адамдарга жайылтылбайт.
5. Кылмыш-жаза куугунтугунун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткен кылмыштарды жасоого айыпталган адамдарга карата камакка алуу колдонулбайт.
6. Кылмыш иши өндүрүшүндө турган тергөөчү, сот 12 сааттын ичинде айыпталуучунун жакын туугандарына, жубайына, ал эми аскер кызматчысына карата аскер бөлүгүнүн командачылыгына анын камакта кармай турган жер жөнүндө же камакта кармоо жеринин өзгөрүшү жөнүндө маалымдайт.
7. Камакта кармоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулган адамдын жакын туугандары, жубайы менен жолугушуусу иш өндүрүшүндө турган тергөөчүнүн же соттун уруксаты менен гана берилиши мүмкүн.
8. Тергөөчү, сот коргоочу тараптын өтүнүчү боюнча камакка алынган адамга өз убагында (12 сааттан кеч эмес) медициналык кароо жүргүзүү үчүн кирип турууну камсыз кылууга, ал эми зарыл болгон учурда комиссиялык соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүнү дайындоого милдеттүү.
9. Камакта кармоочу жайдын администрациясы камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө тергөө судьясынын, судьянын токтомуна, соттун аныктамасына адамдын даттануусун алган учурдан тартып 12 сааттан кеч эмес мөөнөттө прокурорго кабарлоо менен тиешелүү сотко даттануу жиберүүгө милдеттүү.
10. Камакка алуу жөнүндө бөгөт коюу чарасын колдонуудан баш тарткан судьянын токтому, соттун аныктамасы чыгарылгандан кийин, ошол эле адамды, ошол эле кылмыш иши боюнча камакка алуу жөнүндө өтүнүч менен сотко кайталап кайрылуу, камакка алуунун зарылдыгын негиздөөчү жаңы жагдайлар келип чыкканда гана мүмкүн.
11. Эгерде айыпталуучуга карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алууну колдонуу жөнүндө маселе сотто келип чыкса, анда бул жөнүндө чечимди тараптын өтүнүчү боюнча же өз демилгеси боюнча сот кабыл алып, ал жөнүндө аныктама же токтом чыгарылат.
115-берене. Тергөөнүн жүрүшүндө бөгөт коюу чарасын колдонуунун мөөнөтү жана аларды узартуунун тартиби
1. Үй камагы жана камак түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тергөө судьясынын чечими боюнча ар бир жолу 2 айга чейинки мөөнөткө кабыл алынат.
2. 2 айга чейинки мөөнөттө тергөөнү аяктоо мүмкүн болбогон учурда жана үй камагы жана камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын өзгөртүүгө же жокко чыгарууга негиз жок болсо, бул мөөнөт тергөөчүнүн өтүнүчү боюнча прокурордун макулдугу менен тергөө судьясы тарабынан узартылышы мүмкүн.
3. Үй камагы жана камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүчтү козгоо жөнүндө токтом бөгөт коюу чарасын колдонуунун мөөнөтү аяктаганга чейин 5 суткадан кеч эмес мөөнөттө тергөө өндүрүшүнүн жери боюнча сотко берилүүгө тийиш. Токтомдо мөөнөттү узартуу зарыл болгон себептер, изилдөө зарыл болгон жагдайлар жана бул бөгөт коюу чарасын сактап калуунун зарылдыгынын негиздери чагылдырылууга тийиш. Өтүнүч тергөө судьясы тарабынан ушул Кодекстин 266-беренесинде белгиленген тартипте каралат.
Камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасын колдонуунун мөөнөтүнүн ичинде жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин жок экендигинин фактысы соттук отурумда аныкталган учурда тергөө судьясы тараптардын өтүнүчү боюнча бөгөт коюу чарасын өзгөртүүгө укуктуу.
4. Тергөө судьясы өтүнүч алынган күндөн тартып 3 суткадан кеч эмес тараптардын катышуусу менен соттук отурум өткөрөт жана төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
1) тергөөчүнүн, прокурордун өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартуу жана айыпталуучуну камактан бошотуу, бөгөт коюу чарасын жокко чыгаруу же өзгөртүү жөнүндө;
2) бөгөт коюу чарасын колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө.
5. Камакка алуунун мөөнөтү шектүүнү кармаган учурдан тартып ишти сотко жиберүүгө чейин эсептелет. Айыпталуучунун иштин материалдары менен таанышуу мөөнөтү аны камакта кармоо мөөнөтүнө кирет, ал эми мөөнөтү өтүп кеткен учурда ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык узартылууга жатат.
6. Камакка алуунун мөөнөтүнө төмөнкү убакыт кошуп эсептелет:
1) шектүү катары кармалган;
2) соттун чечими боюнча мажбурланып медициналык же психиатрдык мекемеде болгон;
7. Айыпталуучу бир эле иш боюнча, ошондой эле буга кошулуп же андан бөлүп чыгарылган кылмыш иши боюнча кайталап камакка алынган учурда, камакка алуунун мөөнөтү мурда камакка алууда өткөрүлгөн убакытты эске алуу менен эсептелет.
8. Бөгөт коюу чарасын колдонуунун мөөнөтүн узартуу жөнүндө же андан баш тартуу жөнүндө тергөө судьясынын токтому 5 сутканын ичинде прокурор, айыпталуучу жана анын адвокаты тарабынан апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн.
9. Адамды камакта кармоочу жайдын администрациясы камакка алуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө соттун токтомуна ал адамдын жогору турган сотко даректелген даттануусун алган учурдан тартып 12 сааттан кеч эмес мөөнөттө прокурорго кабарлоо менен тиешелүү сотко даттанууну жиберүүгө милдеттүү.
10. Ушул Кодекстин 300-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча ишти сот прокурорго кайтарып бергенде, айыпталуучунун камакта, үй камагында кармоо мөөнөтү бүтсө, бирок иштин жагдайлары боюнча камакта, үй камагында кармоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасы сот тарабынан өзгөртүүгө болбосо, судья (сот) өзүнүн токтому, аныктамасы менен бөгөт коюу чараларынын мөөнөтүн бир айга узартуу жөнүндө маселени чечет.
Көрсөтүлгөн мөөнөттү андан ары узартуу ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленген тартипте жана чектерде жүзөгө ашырылат.
11. Камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуунун мөөнөтүн бир жылдан ашык узартууга жол берилбейт жана башка бөгөт коюу чарасына өзгөртүлүүгө тийиш.
116-берене. Бөгөт коюу чарасын жокко чыгаруу же өзгөртүү
1. Эгерде мындан ары зарылдык жок болгондо, бөгөт коюу чарасы жокко чыгарылат же болбосо иштин жаңы жагдайлары түзүлгөн учурда кыйла жумшак же кыйла катуу чарага өзгөртүлөт. Бөгөт коюу чарасын өзгөртүү тергөө судьясынын жүйөлөштүрүлгөн токтому же соттун аныктамасы боюнча жүргүзүлөт.
Бөгөт коюу чарасын жокко чыгаруу же өзгөртүү жөнүндө өтүнүч сотко келип түшкөн учурдан тартып тергөө судьясы тарабынан 3 сутканын ичинде каралат.
2. Айыпталуучуну камакка алууга жол бербеген жана медициналык корутунду менен ырасталган оор оору аныкталса, камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы анча катуу эмесине өзгөртүлүшү мүмкүн. Айыпталуучуларды камакка алууга тоскоолдук кылган оор оорулардын тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
Бөгөт коюу чарасы кыйла катуураак түрүнө төмөнкү учурларда өзгөртүлүшү мүмкүн:
- эгерде айыпталуучуга Кылмыш-жаза кодексинин тийиштүү беренесинде каралган оор же өзгөчө оор кылмыш жасады деген жаңы айып коюлса;
- эгерде айыпталуучу мурда колдонулган бөгөт коюу чарасынын шарттарын бузса.
3. Кылмыш куугунтугун кыскартуу, тергөөнүн мөөнөттөрүн узартпоо бөгөт коюу чарасын токтоосуз өзгөртүүгө же жокко чыгарууга алып келет. Бөгөт коюу чарасын өзгөртүү же жокко чыгаруу кылмыш иши анын өндүрүшүндө турган органдын токтому боюнча көзөмөлдөөчү прокурордун макулдугу менен жүргүзүлөт.
14-глава. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүн камсыз кылуунун башка чаралары
117-берене. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүн камсыз кылуунун башка чараларын колдонуу үчүн негиздер
1. Ушул Кодексте каралган кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жүргүзүүнүн тартибин, өкүмдүн талаптагыдай аткарылышын камсыз кылуу максатында кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жүргүзгөн орган шектүүгө, айыпталуучуга карата төмөнкү түрдөгү кылмыш-жаза сот өндүрүшүн камсыз кылуу чараларын колдонууга укуктуу:
1) келүү жөнүндө милдеттенме;
2) айдатып келүү;
3) кызматтан убактылуу четтетүү;
4) мүлккө камак салуу;
5) жакын келүүгө тыюу салуу.
2. Ушул Кодексте каралган учурларда иш анын өндүрүшүндө турган орган жабырлануучуга, күбөгө жана процесстин башка катышуучуларына келип туруу жөнүндө милдеттенме алуу, айдап келүү түрүндөгү кылмыш-жаза сот өндүрүшүн камсыз кылуу чараларын колдонууга укуктуу.
118-берене. Келип туруу жөнүндө милдеттенме алуу
1. Жабырлануучу же күбө тергөө иш-аракеттерине же соттук териштирүүгө катышуудан качышы мүмкүн деп болжолдоого жетиштүү негиздер болгондо же жүйөөлүү себептерсиз чакыруу боюнча келбей койгондо, жогоруда аталган адамдардан келип туруу жөнүндө милдеттенме алынышы мүмкүн.
2. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жүргүзүүчү орган процесстин нормалдуу жүрүшүн камсыз кылуу максатында ушул берененин 1-бөлүгүндө аталган адамдарды тиешелүү органга же сотко чакыруу боюнча өз учурунда келиши, ал эми жашаган жерин өзгөрткөн учурда – бул жөнүндө токтоосуз билдириши тууралуу жазуу жүзүндө милдеттенмени алууга укуктуу. Келип туруу жөнүндө милдеттенме алган көрсөтүлгөн адамдар аны аткарбагандыктын кесепеттери жөнүндө эскертилет.
3. Келип туруу жөнүндө милдеттенмелер жабырлануучу, күбө тарабынан аткарылбаса, айдап келүү колдонулушу мүмкүн.
119-берене. Айдап келүү
1. Шектүү, айыпталуучу, жабырлануучу, күбө жүйөлүү себептерсиз чакыруу боюнча келбей койгон учурда тергөөчүнүн же судьянын (соттун) жүйөлөштүрүлгөн токтому боюнча айдап келүүгө (мажбурлап жеткирилүүгө) дуушар болушу мүмкүн.
2. Келбей коюунун жүйөлүү себептери деп төмөнкүлөр таанылат:
1) адамды келүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан оору;
2) жакын туугандарынын, жубайынын өлүмү;
3) табигый кырсыктар;
4) чакыруу кагазын албай калуу;
5) адамды белгиленген мөөнөттө келүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан башка жагдайлар.
Чакыруу боюнча белгиленген мөөнөттө келүүгө тоскоолдук кылган жүйөлүү себептердин болгондугу жөнүндө шектүү, айыпталуучу, жабырлануучу, күбө өздөрү чакыртылган органга маалымдоого милдеттүү.
3. Айдап келүү жөнүндө токтом шектүүгө, айыпталуучуга, жабырлануучуга, күбөгө жарыя кылынат, бул токтомдогу алардын койгон колу менен ырасталат.
4. Айдап келүү түнкү убакта жүргүзүлүшү мүмкүн эмес.
5. 14 жашка чейинки балдар, кош бойлуу аялдар, ошондой эле ден соолугунун абалы боюнча өзүнүн турган жерин таштап кете албаган же таштабоого тийиш болгон оорулуу адамдар айдап келүүгө жатпайт, бул медициналык мекеме тарабынан ырасталууга жатат.
6. Сотко чейинки өндүрүштөгү айдап келүү алгачкы тергөө органы, ал эми соттук өндүрүштө – сот приставы тарабынан жүзөгө ашырылат.
120-берене. Кызматтан убактылуу четтетүү
1. Тергөөнүн жүрүшүндө тергөө судьясы, ал эми сот өндүрүшүндө – сот тергөөчүнүн, прокурордун же жабырлануучунун өтүнүчү боюнча бул кызматта калуу менен ишти сотто калыс кароого же териштирүүгө тоскоолдук кылат же кылмыштуу ишти жасоону улантат деп болжолдоого жетиштүү негиздер болгондо, шектүүнү, айыпталуучуну кызматынан убактылуу бошотууга укуктуу.
2. Өтүнүчтүн негиздүүлүгүн ырастоочу документтерди тиркөө менен кызматтан убактылуу четтетүү жөнүндө өтүнүчтү козгоо жөнүндө токтомдун көчүрмөсү тергөөчү, прокурор тарабынан айыпталуучуга, анын адвокатына аны тергөө судьясына, сотко бергенге чейин 3 сааттан кеч эмес мөөнөттө тапшырылат.
3. Айыпталуучуну кызматынан убактылуу четтетүү жөнүндө тергөө судьясынын, судьянын токтому, соттун аныктамасы алар иштеген жер боюнча уюмдун жетекчисине жиберилип, жетекчи аларды алгандан кийин 3 күндүк мөөнөттө аткарууга жана бул жөнүндө тергөөчүгө, прокурорго же сотко кабарлоого милдеттүү.
4. Айыпталуучуну кызматынан убактылуу четтетүү бул чараны колдонуунун зарылдыгы жок болгондо, судьянын токтому, соттун аныктамасы менен жокко чыгарылат.
121-берене. Мүлккө камак салуу
1. Материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын, башка мүлктүк жаза чараларынын ордун толтуруу же мүлктү мүмкүн болуучу конфискациялоо бөлүгүндө өкүмдү аткарууну камсыз кылуу максатында тергөөчү, прокурор мүлккө камак салуу боюнча чараларды көрөт.
2. Ушул беренеде каралган тартипте жана шарттарда материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтурууну камсыз кылуу максатында жабырлануучу тергөө судьясына мүлккө камак салуу жөнүндө өтүнүч берүүгө укуктуу.
3. Мүлккө камак салууда, кылмыш иши өндүрүшүндө турган адам прокурордун макулдугу менен тергөө судьясынын алдында шектүүнүн, айыпталуучунун, материалдык залалдын жана (же) моралдык зыяндын ордун толтуруу үчүн жооптуу адамдын мүлкүнө камак салуу жөнүндө токтом чыгарат. Токтомго өтүнүчтүн негиздүүлүгүн ырастоочу иштин материалдарынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү тиркелет.
4. Эгерде мүлк шектүүнүн, айыпталуучунун кылмыштуу иш-аракеттеринин натыйжасында алынган же болбосо кылмыштын куралы же каражаты катарында колдонуу үчүн пайдаланылган же арналган деп болжолдоого жетиштүү негиздер болсо, башка адамдарда турган мүлктөргө камак салынышы мүмкүн.
5. Өтүнүч кылмыштын кыскача баяндамасын, квалификациясын, шектүү, айыпталуучу же кылмыш менен келтирилген залал үчүн жоопкерчилик тартуучу адам жөнүндө маалыматтарды, кылмыш менен келтирилген материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын мүнөзүн жана өлчөмүн, ага камак салуу сунуш кылынган мүлктүн наркын, анын турган жерин, мүлккө камак салуунун зарылдыгы жөнүндө тыянактарды камтууга тийиш.
6. Мүлккө камак салуу жөнүндө өтүнүчтү козгоо жөнүндө токтом жана ага карата материалдар тергөө судьясына камак салууга жаткан мүлк аныкталган учурдан тартып 48 сааттан кеч эмес берилүүгө тийиш.
Белгиленген мөөнөттү бузуу мыйзамдарда каралган жоопкерчиликке алып келет.
Өтүнүчтүн негиздүүлүгүн ырастоочу тиркелген документтер менен мүлккө камак салуу жөнүндө өтүнүчтү козгоо жөнүндө токтомдун көчүрмөсү шектүүгө, айыпталуучуга анын адвокатына тергөөчү тарабынан аны тергөө судьясына бергенге чейин 3 сааттан кеч эмес мөөнөттө тапшырылат.
7. Мүлккө камак салуу менчик ээсине же мүлктүн ээсине аны тескөөгө жана зарыл учурларда аны пайдаланууга тыюу салуудан, ошондой эле мүлктү алып коюудан жана сактоого өткөрүп берүүдөн турат.
8. Мүлккө камак салууга адис катышышы мүмкүн.
9. Тергөө судьясы тарабынан камак салынган мүлк алынып коюлушу же болбосо мүлктүн сакталышы үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертилүүгө тийиш болгон ошол мүлктүн ээсине же болбосо башка адамга сактоого өткөрүп берилиши мүмкүн, протоколго бул жөнүндө тиешелүү жазуу жазылат.
10. Шектүүгө, айыпталуучуга таандык болгон акча каражаттарына жана банктардагы жана башка кредиттик уюмдардагы анын эсебинде, салымында же сактоодо турган башка баалуулуктарына камак салууда, ал эсеп боюнча операциялар камак салынган акча каражаттарынын жана башка баалуулуктарынын чектеринде толугу менен же жарым-жартылай токтотулат. Банктардын жана башка кредиттик уюмдардын жетекчилери бул акча каражаттары жана баалуулуктар жөнүндө маалыматты тергөө судьясынын, судьянын токтомунун, соттун аныктамасынын негизинде, анын ичинде электрондук кол коюлган документ формасында берүүгө милдеттүү.
11. Камак салынууга жаткан мүлк жашырып коюлушу же жок болушу мүмкүн деп болжолдоого негиздер болгон учурда тергөөчү, прокурор мүлк менен бүтүмдөрдү жана башка операцияларды жасоону токтото туруу жөнүндө токтом чыгарууга укуктуу же болбосо ал тергөө судьясынан чечимин алганга чейин милдеттүү түрдө мындай чечимди тергөө судьясынан 24 сааттын ичинде алуу менен алынып коюлушу мүмкүн.
12. Мүлккө, анын ичинде кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө камак салууда ушул Кодекстин 170-беренесинин талаптарына ылайык протокол түзүлөт. Протоколдун көчүрмөсү анын мүлкүнө камак салынган адамга тапшырылат.
Камак салууга жаткан мүлк болбосо, бул жөнүндө протоколдо көрсөтүлөт.
13. Мүлккө камак салуу чарасын колдонуунун зарылдыгы жок болгондо, бул иш анын өндүрүшүндө турган адамдын же органдын токтомунун негизинде кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн кандай гана болбосун баскычында мүлккө камак салуу жокко чыгарылат.
14. Мүлктү мүмкүн болуучу конфискациялоону же кылмыш менен келтирилген залалдын ордун толтурууну камсыз кылуу максатында, баалуу кагаздарга же болбосо алардын сертификатына камак мүлктүн турган жери боюнча жана ушул берененин талаптарын сактоо менен баалуу кагаздардын ээсинин укуктары эсепке алынган жер боюнча салынат.
15. Баалуу кагаздарга камак салуу жөнүндө протоколдо төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) камак салынган баалуу кагаздардын жалпы саны, алардын түрү, категориясы (тиби) же сериясы;
2) номиналдуу наркы;
3) мамлекеттик каттоо номери;
4) эмитент жөнүндө же баалуу кагаздарды берген же болбосо баалуу кагаздардын ээсинин укуктарын эсепке алууну жүзөгө ашырган адамдар жөнүндө, ошондой эле эсепке алуу жүргүзүлгөн жер жөнүндө маалыматтар;
5) камак салынган баалуу кагаздарга менчик укугун ырастоочу документтер жөнүндө маалымат.
16. Камак салынган баалуу кагаздарды жоюу, алар боюнча кирешелерди төлөп берүү, аларды конвертациялоо, алмаштыруу боюнча же алар менен башка аракеттерди жасоонун тартиби мыйзамдарда белгиленет.
17. Эгерде айыпталуучунун мүлкүнө камак салуу жөнүндө маселе сотто келип чыкса, анда бул жөнүндө чечимди судья сот тараптардын өтүнүчү боюнча ишти өндүрүшкө кабыл алган күндөн тартып соттук териштирүү аяктаганга чейин кабыл алат, эгерде мындай чараны кабыл албоо материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтуруу бөлүгүндө соттун өкүмүнүн аткарылышын кыйындатса же мүмкүн кылбаса.
122-берене. Жакындоого тыюу салуу
1. Жакындоого тыюу салуу – айыпталуучуну жабырлануучу жана ишке катышкан башка адамдарды издөөдөн, куугунтуктоодон, баруудан, алар менен телефон аркылуу сүйлөшүүдөн жана башка жолдор менен баарлашуудан аларды коргоо максатында чектөөдөн турат.
Жакындоого тыюу салуу тергөө судьясы же сот тарабынан колдонулат.
2. Айыпталуучу тарабынан үй-бүлөсүнө жана балдарына карата реалдуу коркунуч болгондо же зордук-зомбулукту колдонуу же аны колдоном деп коркутуу менен байланышкан кылмышты жасаганда, сотко чейинки өндүрүштү ишке ашырган адам жабырлануучунун же коргоого муктаж болгон башка адамдын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча, прокурордун көрсөтмөсү боюнча же анын демилгеси боюнча тергөө судьясынын алдында жакындоого тыюу салуу чарасын колдонуу жөнүндө өтүнүч келтирүү жөнүндө токтом чыгарат.
Токтомго жакындоого тыюу салуунун зарылдыгын ырастаган кылмыш ишинин материалдарынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү тиркелет.
Токтомдун көчүрмөсү ошол эле учурда прокурорго жиберилет.
3. Жакындоого тыюу салуу бузулганда айыпталуучуга карата ушул Кодекстин 104-беренесинде каралган бөгөт коюу чараларынын түрлөрүнүн бири колдонулушу мүмкүн.
4. Жакындоого тыюу салууну жокко чыгаруу сотко чейинки өндүрүш органынын жүйөлүү токтому менен же болбосо сот тарабынан, эгерде бул чараны колдонуунун зарылчылыгы жоголгондо жүзөгө ашырылат.
V БӨЛҮМ
ӨТҮНҮЧТӨР. КЫЛМЫШ-ЖАЗА СОТ ӨНДҮРҮШҮН ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУЧУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРДЫН ЖАНА КЫЗМАТ АДАМДАРЫНЫН АРАКЕТТЕРИНЕ ЖАНА ЧЕЧИМДЕРИНЕ ДАТТАНУУ
15-глава. Өтүнүчтөр
123-берене. Өтүнүчтөрдү билдирүүгө укуктуу адамдар
1. Шектүү, айыпталуучу, адвокат, жабырлануучу, анын мыйзамдуу өкүлү жана өкүл, эксперт, уюмдун администрациясынын өкүлү жана сотко чейинки же соттук өндүрүштүн жүрүшүндө укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары козголгон башка адам процессуалдык аракеттерди жүргүзүү же кылмыш иши үчүн мааниге ээ болгон жагдайларды белгилөө, өтүнүч менен кайрылган адамдын же болбосо аларга сунушталган адамдын же уюмдун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу үчүн процессуалдык чечимдерди кабыл алуу жөнүндө өтүнүч менен тергөөчүгө, прокурорго, сотко кайрылууга укуктуу.
2. Тергөөнүн жана соттук териштирүүнүн жүрүшүндө мамлекеттин кызыкчылыгында өтүнүч билдирүү укугуна прокурор, мамлекеттик айыптоочу ээ.
124-берене. Өтүнүчтү билдирүү жана аны чечүү
1. Өтүнүч кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн кандай гана болбосун баскычында билдирилиши мүмкүн. Жазуу жүзүндөгү өтүнүч ишке тиркелет, оозеки түрүндөгүсү – тергөө аракеттеринин же соттук отурумдун протоколуна киргизилет.
2. Өтүнүч ал билдирилгенден кийин ал каралууга жана чечилүүгө тийиш. Өтүнүч боюнча чечимди тез арада кабыл алуу мүмкүн болбогон учурда ал билдирилген күндөн тартып 3 суткадан кечиктирилбестен чечилүүгө тийиш.
3. Өтүнүчтү канааттандыруудан толук же жарым-жартылай баш тартуу жөнүндө тергөөчү, прокурор, судья – токтом, ал эми сот – аныктама чыгарат, ал өтүнүч билдирген адамга жеткирилет.
4. Өтүнүчтү четке кагуу кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн кийинки этаптарында аны кайтадан билдирүүгө тоскоолдук кылбайт.
5. Өтүнүч боюнча чечим ушул Кодексте белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
16-глава. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын аракеттерине жана чечимдерине даттануу
125-берене. Даттануу укугу
Алгачкы текшерүү органынын, тергөөчүнүн, тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин, прокурордун аракеттери (аракетсиздиги) жана чечимдери, эгерде жүргүзүлүп жаткан процессуалдык аракеттер (аракетсиздик) же чечимдер кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын, ошондой эле башка адамдардын кызыкчылыктарын козгосо, ушул Кодексте белгиленген тартипте аталган адамдар тарабынан даттанылышы мүмкүн.
126-берене. Даттанууну берүү
1. Даттануу кылмыш иши боюнча кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жүргүзүп жаткан, мыйзам менен даттанууну кароого жана ал боюнча чечим кабыл алууга ыйгарым укук берилген мамлекеттик органга же кызмат адамына берилет.
2. Даттануу оозеки жана жазуу жүзүндө болушу мүмкүн. Оозеки даттануу протоколго түшүрүлөт, ага арыз ээси жана аны кабыл алган кызмат адамы кол коёт. Даттанууга кошумча материалдар тиркелиши мүмкүн.
3. Даттанууну берген адам аны кайра чакырып алууга укуктуу. Шектүү, айыпталуучу адвокаттын даттануусун чакыртып алууга укуктуу, жабырлануучу мыйзамдуу өкүлүнөн тышкары, өзүнүн өкүлүнүн даттануусун чакыртып алууга укуктуу. Даттанууну чакыртып алуу аны кайтадан берүүгө тоскоолдук кылбайт.
4. Эгерде тергөөчү, прокурор же судья муну керек деп таппаса, даттануунун берилиши даттанылып жаткан аракетти жүргүзүүнү жана даттанылып жаткан чечимди аткарууну токтотпойт.
127-берене. Даттануу берүүнүн мөөнөттөрү
1. Алгачкы текшерүү органынын, тергөөчүнүн, тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин, прокурордун чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине) даттануу ал аракеттердин натыйжалары менен таанышкан же чечимдин көчүрмөсүн алган учурдан тартып 10 сутканын ичинде берилиши мүмкүн.
128-берене. Кармалган же камакка алынган адамдардын даттанууларын жөнөтүү
1. Камакта кармоочу жайдын администрациясы кылмыш жасады деген шектенүү боюнча кармалган же камакта жаткан адамдардын даттанууларын тергөө бөлүмүнүн жетекчисине, тергөөчүгө, прокурорго, сотко токтоосуз берүүгө милдеттүү.
2. Камакта кармоочу жайдын администрациясы камакка алынган же камакта жаткан адамдардын алгачкы текшерүү органынын кызматкеринин, тергөөчүнүн аракеттерине карата кыйноолор жөнүндө даттанууларын 12 сааттан кечиктирбестен прокурорго же сотко, ал эми прокурордун аракеттерине жана чечимдерине даттанууларды – жогору турган прокурорго өткөрүп берүүгө милдеттүү.
129-берене. Прокурор, тергөө бөлүмүнүн жетекчиси тарабынан даттанууларды кароо тартиби
1. Прокурор, тергөө бөлүмүнүн жетекчиси даттанууну алган күндөн тартып 3 суткадан кечиктирбестен аны карап чыгат. Даттанууну текшерүү үчүн кошумча материалдарды талап кылуу же болбосо башка чараларды көрүү талап кылынган өзгөчө учурларда даттанууну 10 суткага чейинки мөөнөттө карап чыгууга жол берилет, ал жөнүндө арыз ээсине билдирилет.
2. Даттанууну кароонун натыйжалары боюнча прокурор, тергөө бөлүмүнүн жетекчиси даттанылып жаткан чечимди жокко чыгаруу же өзгөртүү менен даттанууну толук же жарым-жартылай канааттандыруу жөнүндө же болбосо даттанууну канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат, ал жөнүндө арыз ээсине кабарлоо керек.
3. Алгачкы текшерүү органы, тергөөчү прокурордун, тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин кабыл алган чечимин тиешелүүлүгүнө жараша жогору турган прокурорго же тергөө бөлүмүнүн органынын жетекчисине даттанууга укуктуу.
130-берене. Даттанууларды кароонун соттук тартиби
1. Прокурордун, тергөөчүнүн, тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин, алгачкы текшерүү органдарынын токтомдору, ошого тете башка чечимдери жана аракеттери (аракетсиздиги) сотко чейинки өндүрүштүн жери боюнча сотко кылмыш-жаза иштери келип түшкөнгө чейин даттанылышы мүмкүн.
2. Эгерде анын кызыкчылыгы даттанылып жаткан аракет (аракетсиздик) же чечимдер менен түздөн-түз козголуп жаткан башка адамдын кызыкчылыгы кылмыш ишине катышып жатса, тергөө судьясы прокурордун, тергөөчүнүн токтомдорунун, ошого тете башка чечимдеринин жана аракеттеринин (аракетсиздигинин) мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерип, ал жөнүндө арыздануучунун жана анын адвокатынын, кылмыш ишке катышып жаткан мыйзамдуу өкүлүнүн же өкүлүнүн катышуусу менен соттук отурумда даттануу келип түшкөн күндөн тартып 10 суткадан кечиктирбестен чечим чыгарат. Даттанууну кароонун убактысы жөнүндө өз убагында кабарланган жана аны өздөрүнүн катышуусу менен кароону талап кылбаган адамдардын келбей коюусу сот тарабынан даттанууну кароо үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.
Тергөө судьясынын токтому жарыялангандан кийин тараптарга токтоосуз тапшырылат.
131-берене. Соттун өкүмүнө, аныктамасына, токтомуна даттануу (сунуш)
1. Биринчи жана апелляциялык инстанциялардагы соттордун өкүмүнө, аныктамасына жана токтомуна даттануу (сунуш) ушул Кодекстин 46-главасынын эрежелерине ылайык берилет.
2. Мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечимин кайра кароо жөнүндө даттануу (сунуш) тергөө судьясынын чечимин кошпогондо, ушул Кодекстин 51-главасынын эрежелерине ылайык берилет.
VI БӨЛҮМ
БАШКА ЖОБОЛОР
17-глава. Соттун жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жүзөгө ашыруучу органдардын мыйзамсыз аракеттери менен келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча өндүрүш
132-берене. Реабилитациялоо укугунун келип чыгышынын негиздери
1. Реабилитациялоо укугу өзүнө мүлктүк зыяндын ордун толтуруу укугун, моралдык залалдын кесепеттерин жоюуну жана эмгектик, пенсиялык, турак жайлык жана башка укуктардын калыбына келтирилишин камтыйт. Адамга кылмыш куугунтугунун натыйжасында келтирилген залалдын орду, алгачкы текшерүү органынын, тергөөчүнүн, прокурордун жана соттун күнөөсүнө карабастан, мамлекет тарабынан толук көлөмдө толтурулат.
2. Реабилитациялоо укугуна, анын ичинде кылмыш куугунтугу менен байланышкан залалдын ордун толтуруу укугуна төмөнкүлөр ээ:
1) ага карата мыйзамдуу күчүнө кирген актоо өкүмү бар акталган адам;
2) аларга карата кылмыш куугунтугу ушул Кодекстин 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-6, 8 жана 10-пункттарында каралган негиздер боюнча кыскартылган шектүү, айыпталуучу;
3) ага карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулган адам, – ушул чараны колдонуу жөнүндө соттун мыйзамсыз же негизсиз токтому жокко чыгарылган учурда.
3. Адам өлгөн учурда реабилитациялоо укугу мыйзамда белгиленген тартипте анын мураскорлоруна өтөт, ал эми төлөп берүү токтотулган пенсияларды жана жөлөкпулдарды алуу бөлүгүндөгү укук – багуучусунан айрылгандыгы боюнча пенсия менен камсыз кылынуучу адамдардын чөйрөсүнө кирген үй-бүлө мүчөлөрүнө өтөт.
4. Ушул берененин эрежелери эскирүү мөөнөтү өткөндө, жабырлануучунун жеке-ачык айыпты колдоодон баш тартканында жана (же) жабырлануучу менен жарашканда, кылмыш жоопкерчилигин тартуучу куракка толбогондугуна байланыштуу адамга карата колдонулган кылмыш-жаза сот өндүрүшүн камсыз кылуу чаралары же коюлган айыптоо өкүмү жокко чыгарылганда же өзгөртүлгөндө, же болбосо жосундун кылмыштуулугун же жазалуулугун жокко чыгарган мыйзам кабыл алынган учурларда жайылтылбайт.
5. Эгерде адам сотко чейинки өндүрүштүн жана соттук териштирүүнүн жүрүшүндө өзүн-өзү айыптоо жолу менен ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн кесепеттердин келип чыгышына өбөлгө болгон учурда келтирилген зыяндын орду толтурулбайт. Бирок, зомбулуктун, коркутуунун жана башка мыйзамсыз чаралардын колдонулушунан келип чыккан өзүн-өзү айыптоо зыяндын ордун толтурууга жолтоо болбойт. Мында мыйзамсыз чараларды колдонуу фактысы соттун айыптоочу өкүмү менен белгиленүүгө тийиш.
133-берене. Реабилитациялоо укугун таануу
1. Сот өкүмдө, аныктамада, токтомдо, ал эми тергөөчү, прокурор – токтомдо акталган же болбосо ага карата кылмыш куугунтугу кыскартылган адамдын реабилитацияга болгон укугун тааныйт. Бир эле убакта реабилитациялануучуга кылмыш куугунтугу менен байланышкан зыяндын ордун толтуртуунун тартибин түшүндүрүү менен кабарлама жиберилет.
Каза болгон реабилитацияланган адамдын мураскорлорунун, жакын туугандарынын, жубайынын же анын багуусундагылардын жашаган жери жөнүндө маалыматтар болбогондо, кабарлама сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу органдарга же сотко алар кайрылган күндөн тартып 5 суткадан кечиктирбестен жиберилет.
134-берене. Мүлктүк зыяндын ордун толтуруу
1. Реабилитацияланганга мүлктүк зыяндын ордун толтуруу төмөнкүлөрдүн ордун толтурууну камтыйт:
1) кылмыш куугунтугунун натыйжасында ажыраган эмгек акыны, пенсияны, жөлөкпулду, башка каражаттарды;
2) соттун өкүмүнүн, аныктамасынын, токтомунун негизинде мамлекеттин кирешесине конфискацияланган же алынган мүлктү;
3) соттун өкүмүн аткаруу үчүн андан өндүрүп алынган айып акыларды же процессуалдык чыгымдарды;
4) юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн ал төлөп берген суммаларды;
5) башка чыгымдарды.
2. Реабилитацияланган зыяндын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө кабарлама алган учурдан тартып 6 айдын ичинде мүлктүк зыяндын ордун толтуртуу жөнүндө доо арызы менен өзү жашаган жери боюнча тиешелүү сотко же болбосо турган жери боюнча бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылууга укуктуу. Доо жарандык сот өндүрүшүнүн тартибинде чечилүүгө тийиш.
3. Мүлктүк зыяндын ордун толтуртуу жөнүндө талап реабилитациялангандын мыйзамдуу өкүлү тарабынан билдирилиши мүмкүн.
135-берене. Моралдык залалдын ордун толтуруу
1. Келтирилген моралдык залалды акчалай түрдө компенсациялоо жөнүндө доо жарандык сот өндүрүшүнүн тартибинде билдирилет.
2. Эгерде реабилитацияланганды кармоо, аны камакка алуу, кызматынан убактылуу четтетүү, ага карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу, реабилитацияланганды соттоо жана ага карата башка мыйзамсыз аракеттерди колдонуу жөнүндө маалыматтар басма сөздө жарыяланса, радиодон, теле көрсөтүүдөн же башка жалпыга маалымдоо каражаттарынан берилсе, анда реабилитациялангандын, ал эми ал өлгөн учурда – анын жакын туугандарынын, жубайынын талабы боюнча же болбосо соттун, прокурордун, тергөө органынын жетекчисинин, тергөөчүнүн жазуу жүзүндөгү көрсөтмөсү боюнча тиешелүү жалпыга маалымдоо каражаттары 30 сутканын ичинде реабилитациялоо жөнүндө билдирүү жасоого милдеттүү.
3. Реабилитациялангандын, ал эми ал өлүп калган учурда – анын жакын туугандарынын, жубайынын талабы боюнча сот, прокурор, тергөөчү 14 суткадан кеч эмес мөөнөттө адамды актаган чечимдердин кабыл алынгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө кабарламаны ал иштеген, окуган же жашаган жери боюнча жиберет.
136-берене. Реабилитациялангандын башка укуктарын калыбына келтирүү
1. Реабилитациялангандын эмгектик, пенсиялык, турак жайлык жана башка укуктарын калыбына келтирүү жарандык сот өндүрүшүнүн тартибинде жүргүзүлөт.
2. Соттун чечиминин негизинде ардак, аскердик, атайын же башка наамдарынан, класстык ченинен, дипломатиялык рангынан, квалификациялык классынан, ошондой эле мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылган реабилитациялангандарга наамы, класстык чени, дипломатиялык рангы, квалификациялык классы калыбына келтирилет, мамлекеттик сыйлыктары кайтарылып берилет.
18-глава. Процессуалдык мөөнөттөр жана чыгымдар
137-берене. Мөөнөттөрдү эсептөө
1. Ушул Кодексте каралган процессуалдык мөөнөттөр сааттар, суткалар, күндөр, айлар жана жылдар менен эсептелет.
2. Мөөнөттү эсептөө төмөнкү эрежелерди сактоо менен жүргүзүлөт:
1) бир күн мөөнөттү эсептөөдө 24 саат деп эсептелет. Мөөнөттү суткалар менен эсептөөдө ал кийинки суткалардын 24:00 саатында бүтөт;
2) мөөнөттү суткалар менен эсептөөдө мөөнөт башталган күн эсепке алынбайт;
3) ушул Кодексте каралган учурларды кошпогондо, мөөнөттү айлар менен эсептөөдө мөөнөт башталган саат жана сутка эске алынбайт. Ай менен жыл календарь боюнча эсептелет. Мөөнөттү ай жана жылдар менен эсептөөдө ал акыркы айдын, жылдын тийиштүү күнүндө бүтөт. Эгерде айлар боюнча эсептелген мөөнөттүн аякташы тийиштүү күнү жок ошондой айга туура келсе, анда мөөнөт ошол айдын акыркы күнүндө бүтөт;
4) эгерде мөөнөттүн аякташы жумуш эмес күнгө туура келсе, анда кармоодо, камакка, үй камагына алууда жана медициналык мекемеде болгон мөөнөттөрүн эсептегенден тышкары, дем алыш же майрам күндөрүнөн кийинки биринчи иш күнү мөөнөттүн акыркы күнү деп эсептелет;
5) кармаган учурда мөөнөт бул чараны иш жүзүндө колдонгон учурдан (сааттан жана мүнөттөн) тартып эсептелет.
3. Эгерде даттануу, өтүнүч же башка документ мөөнөтү бүткөнгө чейин почтага тапшырылса, аларды кабыл алууга ыйгарым укуктуу адамга берилсе же билдирилсе, ал эми камакта кармалган же болбосо медициналык мекемеде жаткан адамдар үчүн – даттануу же башка документ камакта кармоочу жайдын же медициналык мекеменин администрациясына мөөнөтү бүткөнгө чейин тапшырылса, анда мөөнөт өтүп кетти деп эсептелбейт.
138-берене. Өткөрүлгөн мөөнөттү узартуу жана калыбына келтирүү
1. Процессуалдык мөөнөттөр ушул Кодексте каралган учурларда жана тартипте гана узартылышы мүмкүн.
2. Даттанууга жүйөлүү себептер боюнча өткөрүп жиберилген процессуалдык мөөнөткө иш анын өндүрүшүндө турган тергөөчүнүн же судьянын токтому менен калыбына келтирилүүгө жатат. Эгерде кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жүргүзүп жаткан органдын тиешелүү чечими менен башкача каралбаса, мында мөөнөт башка адамдар үчүн эмес, аны өткөрүп жиберген адам үчүн калыбына келтирилет. Мөөнөттү калыбына келтирүүдөн баш тартууга ушул Кодексте белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
3. Кызыкдар адамдын өтүнүчү боюнча белгиленген мөөнөтү өткөрүп жиберүү менен даттанылган чечимдин аткарылышы өткөрүлгөн мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө маселе чечилгенге чейин токтотула турушу мүмкүн.
139-берене. Процессуалдык чыгымдар
1. Мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын же кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын каражаттарынын эсебинен орду толтурулуучу кылмыш иши боюнча өндүрүш менен байланышкан чыгымдар процессуалдык чыгымдар болуп саналат.
2. Процессуалдык чыгымдарга төмөнкүлөр кирет:
1) жабырлануучуга, күбөгө, алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө, экспертке, адиске, котормочуга, ошондой эле кылмыш ишине катышуучу адвокатка алардын процессуалдык иш-аракеттер өткөрүлгөн жерге келип кеткендиги, жашап турушу, б.а. жолго чыгымдар, турак жайды жалдоого жана туруктуу жашаган жеринен тышкары жашоосу менен байланышкан кошумча чыгымдарды (суткалык чыгымдарды) жабууга төлөнүүчү суммалар;
2) туруктуу эмгек акысы жок күбөлөргө, жабырлануучуларга жана алардын өкүлдөрүнө күндөлүк ишинен алагды кылгандыгы үчүн төлөнүүчү суммалар;
3) иштеген жана туруктуу эмгек акысы бар күбөлөргө, жабырлануучуларга жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө аларды тергөөчүгө же сотко чакырууга байланыштуу кетирген убактысы үчүн кем төлөнгөн эмгек акыларынын ордун толтурууда төлөнүүчү суммалар;
4) эксперттерге, котормочуларга, адистерге мындай милдеттерди кызматтык милдет тартибинде аткарган учурлардан тышкары, тергөөдө же сотто өз милдеттерин аткаргандыгы үчүн төлөнүүчү сый акылар;
5) шектүү, айыпталуучу аны төлөөдөн бошотулган учурда адвокат мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардамды көрсөткөндүгү үчүн же болбосо адвокат макулдашууну түзбөстөн дайындоо боюнча тергөөгө же сотко катышкандыгы үчүн төлөнүүчү суммалар;
6) буюм далилдерин сактоого жана жөнөтүүгө чыгымдалган суммалар;
7) тергөөдөн же соттон качкан шектүүнү, айыпталуучуну издөөгө байланыштуу чыгымдалган суммалар;
8) эксперттик мекемелерде экспертиза жүргүзүүгө чыгымдалган суммалар;
9) кылмыш иши боюнча өндүрүштө жумшалган башка чыгымдар.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 1-5, 8-пункттарында көрсөтүлгөн суммалар тергөөчүнүн, судьянын токтому же соттун аныктамасы боюнча төлөнөт.
140-берене. Процессуалдык чыгымдарды өндүрүп алуу
1. Процессуалдык чыгымдар Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөнөт же соттолгондордон өндүрүлөт.
2. Ушул берененин 4 жана 5-бөлүктөрүндө каралган учурларда котормочуга, ошондой эле адвокатка төлөнүп берилген суммаларды кошпогондо, сот процессуалдык чыгымдарды айыпталуучудан өндүрүп алууга укуктуу. Процессуалдык чыгымдар жазадан бошотулган соттолгонго, ошондой эле жаза дайындалбастан соттолгонго да жүктөлүшү мүмкүн.
3. Ишке котормочунун катышуусу менен байланышкан процессуалдык чыгымдар мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөнөт.
4. Эгерде шектүү, айыпталуучу, соттолгон адвокаттан баш тартуу билдирсе, бирок ал канааттандырылбаса жана адвокат мамлекет тарабынан кепилдик берилген юридикалык жардамдын алкагында берилсе, адвокаттын эмгегине акы төлөө боюнча чыгашалар мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөнөт.
5. Айыпталуучу акталган же иш ушул Кодекстин 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2 жана 3-пункттарына жана 350-беренесине ылайык кыскартылган учурда процессуалдык чыгымдар, анын ичинде шектүү, айыпталуучу өздөрү тарткан чыгашалар мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөнөт. Эгерде айыпталуучу жарым-жартылай гана акталса, сот аны күнөөлүү деп табылган айыптоосуна гана байланыштуу процессуалдык чыгымдарды төлөөгө милдеттендирет.
6. Өндүрүп алынууга тийиш болгон адам мүлктүк жактан кудуретсиз болгон учурда процессуалдык чыгымдар мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөнөт. Эгерде бул соттолгондун багуусунда турган адамдардын материалдык абалына олуттуу таасир тийгизсе, сот соттолгонду процессуалдык чыгымдарды төлөөдөн толугу менен же жарым-жартылай бошотууга укуктуу.
7. Иш боюнча бир нече айыпталуучу күнөөлүү деп табылганда, сот алардын ар биринен өндүрүп алынууга тийиш болгон процессуалдык чыгымдардын өлчөмдөрүн аныктайт. Мында сот кылмыш үчүн күнөөнүн жана жоопкерчиликтин даражасын, ошондой эле соттолгондордун мүлктүк абалын эске алат.
8. Балдарга карата иштер боюнча сот процессуалдык чыгымдарды алардын ата-энесине же аларды алмаштыруучу адамдарга жүктөшү мүмкүн.
9. Шектүү, айыпталуучу, соттолгон адам өлгөн учурда, алардын мураскорлору процессуалдык чыгымдар менен байланышкан милдеттенмелер боюнча жоопкерчилик тартпайт.
10. Процессуалдык чыгымдарды өндүрүп алуу укугу соттун тиешелүү чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып 3 жыл өткөндөн кийин кыскартылат.
19-глава. Кылмыш иштерин бириктирүү, бөлүп чыгуу жана калыбына келтирүү
141-берене. Кылмыш иштерин бириктирүү
1. Бир же бир нече кылмыш жасоого катышууда бир нече адамды айыптоо боюнча иштер, бир адамды бир нече кылмыш жасады деп айыптоо боюнча иштер, ошондой эле мындай кылмыштарды алдын ала билип туруп жашырууну айыптоо боюнча иштер бир ишке бириктирилиши мүмкүн. Кылмыш иштерин бириктирүү жөнүндө маалыматтар тергөөчү, прокурор тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине токтоосуз киргизилет.
Кылмыштардын бирдиктүү реестринде айыпталуучу адамдын башка кылмыштарды жасагандыгы жөнүндө маалыматтар болгондо, ага карата иш тергөө органы тарабынан токтоосуз бириктирилүүгө жатат.
2. Иштерди бириктирүү иштердин бири алардын өндүрүшүндө турган тергөөчүнүн, прокурордун, судьянын токтому, соттун аныктамасы менен жүргүзүлөт.
3. Бир нече иш бириктирилген иш боюнча өндүрүштүн мөөнөтү, убактысы боюнча биринчи козголгон иштин күнүнөн тартып эсептелет.
142-берене. Кылмыш иштерин бөлүп чыгуу
1. Тергөөчү, прокурор, судья, сот төмөнкү кылмыш иштеринин материалдарын өзүнчө өндүрүшкө бөлүп чыгууга укуктуу:
1) турган жери белгисиз болгон же катуу оорулуу болгон айыпталуучуга карата;
2) тергелип жаткан иш боюнча айыпталуучуга күнөө тагылган кылмыш менен байланышпаган башка адам жасаган жаңы кылмыш сотко чейинки өндүрүштүн же ишти сотто кароонун жүрүшүндө белгилүү болуп калса. Мындай учурларда сотко чейинки өндүрүш үчүн, ошондой эле белгилүү болуп калган кылмыштар боюнча ушул Кодекстин 148-151-беренелеринде каралган тартипте кылмыш ишин козгоо жана тергөө өндүрүшү үчүн зарыл болгон материалдар кылмыш ишинен бөлүнүшү мүмкүн;
3) сот арачыларынын катышуусу менен соттон баш тарткан бир же бир нече айыпталуучуларга карата. Мында кылмыш ишин өзүнчө өндүрүшкө бөлүүгө мүмкүн болбосо, кылмыш иши жалпысынан сот арачыларынын катышуусу менен сот тарабынан каралат;
4) мамлекеттик сырларды коргоо менен байланышкан жабык соттук териштирүү үчүн негиздер башка айыпталуучуга тиешелүү болбосо, бирок тиешелүү болгон кээ бир айыпталуучуга карата;
5) эрезеге жеткендер менен бирге кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылган балага карата.
2. Кылмыш ишинин материалдарын бөлүп чыгуу тергөөчүнүн, прокурордун, судьянын токтому, соттун аныктамасы боюнча жүргүзүлөт. Токтомго түп нускаларында же көчүрмөлөрүндө бөлүнүп чыгылуучу материалдардын тизмеги тиркелүүгө тийиш.
3. Эгерде ишти бөлүп чыгуу тергөөнүн жана соттук териштирүүнүн ар тараптуулугуна жана объективдүүлүгүнө таасирин тийгизбесе, ишти бөлүп чыгууга жол берилет.
4. Кылмыш жасаган белгисиз адамдарга карата кылмыш ишинин материалдары өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүүгө тийиш. Кылмыш ишинин бөлүнүп алынган материалдары боюнча тергөөчү, прокурор кылмышка катышкан шерикти аныктоо жөнүндө алгачкы текшерүү органына тапшырма берет.
5. Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө айыпталуучу адамга карата сотто каралган кылмыш иши боюнча бөлүктө айрым адамдарга карата кылмыш ишинин мыйзамсыз кыскартылганы аныкталса, кылмыш ишинин материалдарынын ошол бөлүгү сот тарабынан бөлүнүп алынат жана прокурордун өтүнүчү боюнча ага жиберилет. Кылмыш ишинин мындай материалдарын бөлүп алуу судьянын токтому, соттун аныктамасы боюнча жүргүзүлөт. Токтомго, аныктамага бөлүнүп алынуучу материалдардын тизмеги түп нускада жана көчүрмөлөрдө тиркелүүгө тийиш.
6. Тергөөчү, прокурор кылмыш ишинин материалдарын бөлүү жөнүндө маалыматтарды Кылмыштардын бирдиктүү реестрине токтоосуз киргизүүгө милдеттүү.
143-берене. Кылмыш иштеринин материалдарын калыбына келтирүү
1. Кылмыш иштеринин материалдарын калыбына келтирүү прокурордун токтому боюнча тергөөчү тарабынан, ал эми алар сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө жоголгон учурларда – аткаруу үчүн прокурорго жөнөтүлүүчү судьянын токтому, соттун аныктамасы боюнча жүргүзүлөт.
2. Кылмыш иштеринин материалдарын калыбына келтирүү кылмыш иштеринин сакталып калган материалдары боюнча, анын ичинде электрондук форматта жүргүзүлөт, алар ушул Кодексте белгиленген тартипте жана процессуалдык иш-аракеттерди жүргүзүү аркылуу далил катары таанылышы мүмкүн.
3. Кылмыш иштерин калыбына келтирүүдө тергөөнүн жана камакта кармоонун мөөнөттөрү ушул Кодекстин 115, 162-беренелеринде белгиленген тартипте эсептелет.
4. Эгерде калыбына келтирилип жаткан кылмыш иши боюнча камакта кармоонун чектүү мөөнөтү бүтсө, анда айыпталуучу токтоосуз бошотулууга жатат.
ӨЗГӨЧӨ БӨЛҮК
VII БӨЛҮМ
СОТКО ЧЕЙИНКИ ӨНДҮРҮШ
20-глава. Сотко чейинки өндүрүштүн башталышы жана тартиби
144-берене. Сотко чейинки өндүрүш
Сотко чейинки өндүрүш тергөөгө чейинки текшерүү жана тергөө түрүндө жүзөгө ашырылат. Сотко чейинки өндүрүш Кылмыштардын бирдиктүү реестрине маалыматтар киргизилген учурдан тартып, ишти сотко жөнөткөнгө, кылмыш ишин кыскартканга же болбосо кылмыш ишин козгоодон баш тартканга чейин башталат.
145-берене. Сотко чейинки өндүрүштүн башталышы
1. Тергөөчү, прокурор ушул Кодекстин 148-беренесинде каралган сотко чейинки өндүрүштүн башталышынын себебин алган учурдан тартып, токтоосуз Кылмыштардын бирдиктүү реестрине тиешелүү маалыматтарды киргизүүгө милдеттүү.
2. Сотко чейинки өндүрүштүн башталышы тууралуу кылмыш жөнүндө арыз же билдирүү алынган адамга кабарланат.
3. Тергөөчү, прокурор Кылмыштардын бирдиктүү реестринде катталган сотко чейинки өндүрүш боюнча тергөөгө чейин текшерүүнү токтоосуз баштоого милдеттүү.
146-берене. Бирдиктүү реестр
1. Кылмыштардын бирдиктүү реестри жөнүндө жобо Башкы прокурор тарабынан аныкталат, ал Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
2. Кылмыштардын бирдиктүү реестринде маалыматты киргизүүнүн датасы автоматтык түрдө белгиленет жана ага тиешелүү номер ыйгарылат.
3. Ушул Кодекстин талаптары жайылтылган алгачкы текшерүү органы, тергөөчү, прокурор, тергөө судьясы, судья, жазаларды аткаруу органы, мамлекеттик органдардын кызмат адамдары Кылмыштардын бирдиктүү реестри жөнүндө жободо каралган тиешелүү маалыматтарды Кылмыштардын бирдиктүү реестрине өз убагында жана толук киргизет же берет.
147-берене. Кылмыш жөнүндө арыздарды жана билдирүүлөрдү кабыл алуунун жана каттоонун милдеттүүлүгү
1. Сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу органдар кандай болбосун жасалган же даярдалып жаткан кылмыш жөнүндө арызды же билдирүүнү кабыл алууга жана каттоого милдеттүү. Арызды же билдирүүнү кабыл алган адамды, ал катталган убактысын жана каттоо номерин көрсөтүү менен кабыл алынган арыздын же билдирүүнүн катталгандыгы тууралуу документ арыз ээсине берилет.
2. Жасалган же болбосо даярдалып жаткан кылмыш жөнүндө арызды же билдирүүнү каттоодон баш тартуу же жаап-жашыруу Кылмыш-жаза кодексине ылайык жоопкерчиликке алып келет.
3. Сот кылмыш иши жөнүндө ишти териштирүүдө кылмыштын белгилерин же болбосо кылмыш жөнүндө арызды, билдирүүнү кабыл алуу, каттоо тартиби бузулгандыгын аныктайт, бул тууралуу жеке аныктама чыгарат, ал прокурорго жиберилет.
148-берене Сотко чейинки өндүрүштү баштоонун себептери жана негиздери
1. Сотко чейинки өндүрүштү баштоонун себептери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жасалган же даярдалып жаткан кылмыш жөнүндө жарандардын арыздары;
2) жасалган же даярдалып жаткан кылмыш жөнүндө уюмдун ыйгарым укуктуу адамынын билдирүүсү;
3) алгачкы текшерүү органынын кызмат адамынын, тергөөчүнүн же прокурордун жасалган же даярдалып жаткан кылмыш жөнүндө күбөлөндүргөн жагдайларды түздөн-түз тапкандыгы тууралуу рапорту;
4) кылмыш ишинин бөлүнгөн материалдары, ошондой эле чет мамлекеттен келип түшкөн сотко чейинки өндүрүштүн материалдары.
2. Кылмыштын жасалышын көрсөткөн жетиштүү маалыматтардын болушу кылмыш ишин козгоого негиз болуп эсептелет
149-берене. Жарандардын кылмыш жөнүндө арыздары
1. Жарандардын жасалган же даярдалып жаткан кылмыш жөнүндө арыздары оозеки же жазуу жүзүндө болушу мүмкүн. Жазуу жүзүндөгү арызга аны жазган адамдын колу коюлууга тийиш.
2. Оозеки арыздар протоколго жазылат, ага арыз ээсинин, арызды кабыл алган кызмат адамынын (алгачкы текшерүү органы, тергөөчү, прокурор) колу коюлат. Протоколдо арыз ээси, ал жашаган жана иштеген жери жөнүндө маалыматтар, ошондой эле анын өздүгүн ырастоочу документтер камтылууга тийиш.
3. Арыз ээсине атайылап жалган билдирүү жасагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгы жөнүндө эскертилет, бул тууралуу берилген арызга же протоколго белги коюлуп, ал арыз ээсинин колу менен күбөлөндүрүлөт.
4. Кылмыш жөнүндө анонимдүү арыз Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталууга жатпайт жана ал боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлбөйт.
150-берене. Уюмдун ыйгарым укуктуу адамынын жасалган же даярдалып жаткан кылмыш жөнүндө билдирүүсү
1. Уюмдун ыйгарым укуктуу адамынын жасалган же даярдалып жаткан кылмыш жөнүндө билдирүүсү жазуу жүзүндө берилүүгө тийиш.
2. Билдирүүгө кылмыштын жасалышынын жагдайларын ырастай турган документтер жана башка материалдар тиркелиши мүмкүн.
151-берене. Кылмыштын белгилери табылгандыгы жөнүндө рапорт
Алгачкы текшерүү органынын кызмат адамы, тергөөчү же прокурор өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарынан жана башка булактардан жасалган же даярдалып жаткан кылмыштын белгилери жөнүндө маалыматтарды тапканда рапорт менен жол-жоболоштурулат.
152-берене. Жасалган кылмыштын фактысы боюнча алгачкы текшерүү органынын аракети
Алгачкы текшерүү органы жасалган кылмыштын фактысы боюнча окуя болгон жерди кайтаруу, кылмыш издерин сактоо боюнча зарыл болгон чараларды көрөт, ошондой эле тергөөчүнүн, прокурордун тапшырмасы боюнча кылмыш жасаган адамды табуу, уурдалган мүлктү издеп табуу, далил катарында пайдаланылышы мүмкүн болгон иш жүзүндөгү маалыматтарды аныктоо максатында изин суутпай издөө иштерин жана кечиктирилгис аракеттерди жүргүзөт.
153-берене. Тергөөгө чейинки текшерүүнүн тартиби жана анын натыйжалары боюнча кабыл алынуучу чечимдер
1. Тергөөчү, прокурор ушул Кодекстин 148-беренесинде каралган сотко чейинки өндүрүштү баштоого себеп болгон учурдан тартып тергөөгө чейинки текшерүүнү баштоого милдеттүү, анын жүрүшүндө төмөнкүлөрдү жүргүзүүгө укуктуу:
1) окуя болгон жерди кароого жана өлүктү кароого;
2) ушул Кодекстин 196-203-беренелеринин талаптарын сактоо менен күбө катары суракка алууга;
3) экспертизаларды жүргүзүүнү дайындоого;
4) ушул Кодекстин 236-беренесинде каралган тартиптен тышкары, салыштырып изилдөө үчүн үлгүлөрдү алууга ;
5) документтерди жана буюмдарды талап кылууга;
6) изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүү жөнүндө аткарылышы милдеттүү болгон жазуу жүзүндөгү тапшырмаларды алгачкы текшерүү органына берүүгө.
2. Тергөөгө чейинки текшерүүнүн натыйжалары боюнча тергөөчү, прокурор төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
1) кылмыш ишин козгоо жөнүндө;
2) кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө.
3. Кылмыш ишин козгоо же аны козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим, сотко чейинки өндүрүштүн башталышына карата себеп катталган учурдан тартып токтоосуз, бирок 10 суткадан кечиктирилбестен кабыл алынууга тийиш.
Көрсөтүлгөн мөөнөттө чечим кабыл алууга мүмкүн болбогон учурда, бул мөөнөт тергөөчүнүн жүйөлөштүрүлгөн токтому боюнча төмөнкү жагдайлардын бири болгондо прокурор тарабынан 20 суткага чейин узартылышы мүмкүн:
1) аларды жүргүзүү үчүн узак убакытты талап кылган экспертизаларды, кызматтык териштирүүлөрдү, документалдуу ревизияларды дайындаганда;
2) алыскы жерлерде жүргөн же чакыруулар боюнча келүүдөн качкан күбөлөрдү суракка алуу зарылдыгы.
4. Кылмыш ишин козгоо жөнүндө же аны козгоодон баш тартуу тууралуу арыз же кылмыш жөнүндө билдирүү келип түшкөн адамга билдирилет. Анын өтүнүчү боюнча тиешелүү токтомдун көчүрмөсү берилет.
5. Эгерде алынган арызда, билдирүүдө укук бузуу жөнүндө маалымат болсо, тергөөчү, прокурор кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим чыгаргандан кийин материалдардын көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде белгиленген тартипте же дисциплинардык тартипте кароого жиберүүгө милдеттүү.
Эгерде арыздарды же билдирүүлөрдү кароо башка органдардын карамагына таандык болсо, тергөөчү, прокурор арызды караштуулугу боюнча кароо үчүн жиберет.
154-берене. Кылмыш ишин козгоодон баш тартуу
1. Ушул Кодекстин 27-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган, ошондой эле төмөнкү учурларда кылмыш иши козголушу мүмкүн эмес:
1) финансылык жана экономикалык укук бузуулар жөнүндө маалыматтар жок болгондо, анда эксперттин корутундусу, текшерүүлөрдүн, ревизиялардын, аудиттин актылары жана башка документтер менен тастыкталган жашырылган салык же бажы төлөмдөрүнүн, келтирилген залалдын, олуттуу зыяндын же болбосо мыйзамсыз кирешенин суммасы жөнүндө маалымат жок болгондо;
2) жазуу жүзүндө түзүлгөн же сотто каралып жаткан жарандык-укуктук бүтүмдөрдү аткарбаганда же талаптагыдай аткарбаганда;
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн жагдайлар болгондо кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом ушул Кодекстин 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде тергөөгө чейинки текшерүүнү жүргүзбөстөн 24 сааттын ичинде чыгарылат.
3. Кылмыш ишин козгоо үчүн негиздер жок болгондо тергөөчү, прокурор кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарат. Бул учурда токтомдун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү арыз ээсине даттануунун тартибин түшүндүрүү менен жиберилет.
Кабыл алынган чечим тиешелүү билдирүүнү алган учурдан тартып арыз ээси тарабынан 10 күндүк мөөнөттө прокурорго же сотко даттанылышы мүмкүн.
4. Кылмыш ишин козгоодон баш тартуу мыйзамсыз же негизсиз деп таанылган учурда прокурор кылмыш ишин козгоодон баш тартуу токтомун жокко чыгаруу жана кылмыш ишин козгоо жөнүндө токтом чыгарат же болбосо материалдарды кошумча тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүү үчүн жиберет. Кошумча текшерүү ушул Кодекстин 153-беренесинин 3-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттө жүргүзүлөт.
155-берене. Жеке-ачык айыптоо боюнча кылмыш ишин козгоо
1. Ушул Кодексте белгиленген учурларды кошпогондо, жеке-ачык айыптоо боюнча кылмыштар жөнүндө иштер жабырлануучунун арызы боюнча гана козголот. Тергөө жана соттук териштирүү жалпы тартипте жүргүзүлөт.
2. Эгерде аракет төмөнкүлөрдүн кызыкчылыктарын козгогон учурларда прокурор жана тергөөчү өзүнүн демилгеси боюнча жеке-ачык айыптоо кылмыштары жөнүндө иш боюнча өндүрүштү козгоого укуктуу:
1) мамлекеттин жана коомдун;
2) алсыз же көз каранды абалда болгон же болбосо башка себептер боюнча өзүнө таандык болгон укуктарды өз алдынча пайдаланууга жөндөмсүз болгон адамдарга.
3. Тергөөчүнүн кылмыш ишин козгоо жөнүндө токтомунун көчүрмөсү прокурорго 24 сааттын ичинде жөнөтүлөт.
156-берене. Ачык айып боюнча кылмыш ишин козгоо
1. Ушул Кодекстин 148-беренесинде каралган себептер жана негиздер болгондо тергөөчү, прокурор кылмыш ишин козгоо жөнүндө токтом чыгарат, ал тиешелүү маалыматтарды киргизүү жолу менен Кылмыштардын бирдиктүү реестринде түзүлөт.
2. Токтомдо анын чыгарылган убактысы жана орду, ким тарабынан түзүлгөндүгү, кылмыш ишин козгоонун себептери жана негиздери, ишти козгоого негиз болгон кылмыш-жаза мыйзамынын беренеси, ошондой эле иштин андан аркы жүрүшү көрсөтүлөт.
3. Кылмыш ишин козгоо жөнүндө тергөөчүнүн токтомунун көчүрмөсү прокурорго 24 сааттын ичинде жөнөтүлөт.
157-берене. Иш козголгондон кийинки анын багыты
Кылмыш ишин козгоо жөнүндө токтом чыгарылгандан кийин:
1) тергөөчү ишти өзүнүн өндүрүшүнө алат жана иликтөө жүргүзүүгө киришет, бул жөнүндө токтом чыгарат же болбосо ишти караштуулугу же аймактуулугу боюнча жөнөтүү үчүн прокурорго өткөрүп берет;
2) прокурор ишти тергөө жүргүзүү үчүн тергөөчүгө жөнөтөт.
21-глава. Тергөө жүргүзүүнүн жалпы шарттары
158-берене. Тергөө органдары
Кылмыш иштери боюнча тергөө ушул Кодексте аныкталган тергөөнүн караштуулугуна ылайык прокуратура, ички иштер, улуттук коопсуздук органдарынын, жаза-аткаруу тутумунун тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.
159-берене. Тергөөнүн караштуулугу
1. Ички иштер органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан өмүргө каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 122 – 129-беренелери); ден соолукка каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 130 – 136, 138, 139-беренелери); адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүүчү кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 140 – 145-беренелери); инсанды медициналык жана фармацевттик тейлөө чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 146 – 153-беренелери); жыныстык кол тийбестикке жана жыныстык эркиндикке каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 154 – 156-беренелери); инсандын руханий-адеп-ахлактык саламаттыгына каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 157 – 164-беренелери); адамдын жеке эркиндигине каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 165 – 171-беренелери); балдардын кызыкчылыктарына жана үй-бүлөлүк мамилелердин көнүмүшүнө каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 172 – 181, 183 – 188-беренелери); адамдын жарандык жана башка укуктарына каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 189, 190, 193 – 204-беренелери); менчикке каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 205 – 217-беренелери); коомдук коопсуздукка каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 260 – 263, 267 – 271-беренелери); өнөр жайда, курулушта жана жогорку коркунучтагы булактарды пайдалануу чөйрөсүндө коопсуздукка каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 272 – 277-беренелери); коомдук тартипке каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 278 – 281-беренелери); баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун жүгүртүү чөйрөсүндөгү кылмыштар (Кылмыш-жаза кодексинин 282 – 291-беренелери); калктын саламаттыгына каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 292 – 297-беренелери); экологиялык коопсуздукка жана жаратылыш чөйрөсүнө каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 298 – 310-беренелери); транспорттун жана магистралдык түтүк өткөргүчтөрдүн кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздугуна каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 311 – 318-беренелери); далилдерди табуунун процессуалдык тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 364 – 366-беренелери); сот актыларын жана башка аткаруу документтерин аткарууга каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 368 – 373-беренелери); башкаруу тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 375, 380 – 384-беренелери); чакырылуучулар, резервдегилер жана аскерге милдеттүүлөрдүн кылмыштары жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 385-беренеси) кылмыш иштери боюнча тергөө жүргүзүлөт.
2. Улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан үй-бүлө мамилелеринин көнүмүшүнө жана жашы жетелектердин кызыкчылыктарына каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 182-беренеси); коомдук коопсуздукка каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 252–259, 264–266-беренелери); маалыматтык коопсуздукка каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 322-беренеси); конституциялык түзүлүшкө жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 323–329, 335-беренелери); башкаруу тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси): аскердик кылмыштар жана согуш жүргүзүүнүн мыйзамдарын жана салттарын башка бузуулар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 411, 414–416-беренелери); кылмыш иштери боюнча тергөө жүргүзүлөт.
3. Прокуратура органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан адамдын жарандык жана башка укуктарына каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 191-беренеси); экономикалык ишти жүзөгө ашыруунун тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 218–221-беренелери); акча-кредит жана валюта чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 232-беренеси); салык салуу чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 238–243-беренелери); коммерциялык жана башка уюмдардагы кызматтын кызыкчылыктарына каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 245–251-беренелери); сот бийлигине каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 349–353-беренелери); далилдерди табуунун процессуалдык тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 354–363, 367, 377-беренелери); баш ийүү жана аскердик ар-намысты сактоо тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 386–396-беренелери); аскердик мүлктү сактоонун же эксплуатациялоонун тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 397–401-беренелери); аскердик кылмыштар жана согуш жүргүзүүнүн мыйзамдарын жана салттарын башка бузуулар (Кылмыш-жаза кодексинин 410-беренеси) жөнүндө кылмыш иштери боюнча тергөө жүргүзүлөт.
4. Жаза-аткаруу тутумунун органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жаза-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринин жана тергөө изоляторлорунун, аймагында айыпталуучулар жана соттолгондор тарабынан жасалган кылмыштар жөнүндө кылмыш иштери боюнча тергөө жүргүзүлөт.
5. Прокуратура жана улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан ден соолукка каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 137-беренеси); адамдын жарандык жана башка укуктарына каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренеси); экономикалык ишти жүзөгө ашыруунун тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 222–231-беренелери); маалыматтык коопсуздукка каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 319–321-беренелери); конституциялык түзүлүшкө жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 333, 334-беренелери); мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 336–348-беренелери); тынчтыкка жана адамзаттын коопсуздугуна каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 402-409-беренелери) кылмыш иштери боюнча тергөө жүргүзүлөт.
6. Улуттук коопсуздук жана ички иштер органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан акча-кредит жана валюта чөйрөлөрүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 233–237-беренелери); салык салуу чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 244, 330–332-беренелери); башкаруу тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 374, 376, 379-беренелери); аскердик кылмыштар жана согуш жүргүзүүнүн мыйзамдарын жана салттарын башка бузуулар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 412, 413-беренелери) кылмыш иштери боюнча тергөө жүргүзүлөт.
7. Аскер кызматчылары, ошондой эле жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөр жасаган кылмыштар жөнүндө кылмыш-жаза иштери боюнча тергөөнү аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрү жүргүзөт.
8. Ушул беренеде каралган, ар кайсы органдардын тергөөсүнө караштуу кылмыштардын жыйындысында тергөөгө караштуулугу кыйла оор кылмыш боюнча аныкталат.
9. Ар кайсы органдардын тергөөсүнө караштуу кылмыш иши тергөөнү баштаган органдын тергөөчүсү тарабынан тергелет же болбосо ушул Кодекстин 35-беренесинде белгиленген тартипте прокурордун чечими боюнча тергелет.
10. Ушул Кодекстин 35-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, тергөөгө караштуулугуна таандык болбогон кылмыш иштери боюнча тергөөгө жол берилбейт.
160-берене. Тергөө жүргүзүлүүчү жер
1. Тергөө кайсы жерде кылмыш жасалса, ошол райондо жүргүзүлөт. Кыйла тездикти, объективдүүлүктү жана толуктукту камсыз кылуу максатында сотко чейинки өндүрүш кылмыш аныкталган жерде, ошондой эле шектүү адам, айыпталуучу же күбөлөрдүн көпчүлүгү турган жер боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.
2. Тергөөчү аталган иш өзүнө караштуу эместигин аныктаган соң, алгачкы кечиктирилгис процессуалдык аракеттерди жүргүзүүгө, андан кийин ишти тергөөгө караштуулугу боюнча жөнөтүү үчүн прокурорго өткөрүп берүүгө милдеттүү.
3. Тергөө аракеттерин башка жерде жүргүзүү зарыл болгон учурда тергөөчү аларды жеке өзү жүргүзүүгө же бул аракеттерди жүргүзүүнү ошол жердин тергөөчүсүнө жазуу жүзүндө тапшырууга укуктуу. Тергөөчү ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүүнү тергөө жери боюнча же аларды жүргүзүү жери боюнча алгачкы текшерүү органына жазуу жүзүндө тапшырууга укуктуу. Тергөөчүнүн тапшырмасы 10 суткадан кечиктирилбеген мөөнөттө аткарылууга тийиш.
161-берене. Тергөө өндүрүшүнүн башталышы
1. Ушул Кодекстин 153-беренесинин 1-бөлүгүндө саналып өткөн кечиктирилгис тергөө иш-аракеттерин кошпогондо, тергөө кылмыш иши козголгондон кийин гана жүргүзүлөт. Тергөөчү өзү тарабынан козголгон же ага өткөрүлүп берилген иш боюнча тергөө ишин токтоосуз баштоого милдеттүү.
2. Кылмыш ишин козгогондугу жана ишти өз өндүрүшүнө алгандыгы жөнүндө тергөөчү тиешелүү маалыматтарды Кылмыштардын бирдиктүү реестрине киргизет, анда токтомдор автоматтык түрдө генерацияланат, алар милдеттүү түрдө кылмыш ишинин материалдарына тиркелет. Эгерде кылмыш иши тергөөчү тарабынан козголсо жана өз өндүрүшүнө кабыл алынса, тиешелүү маалыматтарды Кылмыштардын бирдиктүү реестрине киргизүүдө кылмыш ишин козгоо жана аны өз өндүрүшүнө кабыл алуу жөнүндө бирдиктүү токтом генерацияланат. Тергөөчү жогоруда аталган токтомдордун көчүрмөсүн 24 сааттан кечиктирбестен прокурорго жөнөтөт.
3. Тергөөчү кылмыш иши козголгон фактынын чегинен чыкпастан тергөө жүргүзөт.
162- берене. Тергөө мөөнөтү
1. Коркунучтуулугу аз кылмыштар жөнүндө иштер боюнча тергөө бир айдан кечиктирилбестен, калган бардык иштер боюнча кылмыш иши козголгон күндөн тартып 2 айлык мөөнөттө аяктоого тийиш.
2. Айыпталуучунун жана адвокаттын кылмыш ишинин материалдары менен таанышуусунун мөөнөтү сотко чейинки өндүрүштүн мөөнөтүнө кошуп эсептелет.
3. Ушул Кодексте каралган негиздер боюнча тергөө токтотулуп турган убакыт тергөө мөөнөтүнө киргизилбейт.
4. Ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген тергөө мөөнөтү ал тергөө мөөнөтү бүткөнгө чейин 7 суткадан кечиктирилбестен берилген тергөөчүнүн өтүнүчү боюнча райондордун, шаарлардын прокурорлору жана аларга теңдештирилген прокурорлор тарабынан 4 айга чейин, областтын прокурору, Бишкек жана Ош шаарынын прокурорлору тарабынан – 6 айга чейин узартылышы мүмкүн, бул жөнүндө маалыматтар Кылмыштардын бирдиктүү реестрине киргизилүүгө тийиш.
Тергөөнүн кемчиликтерин толуктоо үчүн иш сот тарабынан кайтарып берилгенде, ошондой эле токтотулган же кыскартылган иш кайра башталганда, тергөө мөөнөтү тергөөгө көзөмөлдү жүзөгө ашырган прокурор тарабынан өзүнө иш келип түшкөн учурдан тартып 1 айга чейин белгиленет. Мөөнөттү андан ары узартуу жалпы негиздерде жүргүзүлөт.
5. Тергөөсү өзгөчө татаал болгон иштер боюнча тергөө мөөнөтү Башкы прокурордун орун басарлары тарабынан 9 айга чейин, ал эми өзгөчө учурларда мөөнөтүн андан ары узартуу Башкы прокурор тарабынан кылмыш куугунтугунун эскирүү мөөнөтүнүн чегинде жүргүзүлөт.
163-берене. Тергөөчүлөрдүн тобу тарабынан тергөө жүргүзүү
1. Кылмыш иши татаал же анын көлөмү чоң болгон учурда ал боюнча тергөө тергөөчүлөрдүн тобуна (тергөө тобуна) тапшырылышы мүмкүн, бул жөнүндө прокурор же тергөө бөлүмүнүн жетекчиси тарабынан өзүнчө токтом чыгарылат. Токтомдо тергөө жүргүзүү тапшырылган бардык тергөөчүлөр, алардын ичинде ишти өз өндүрүшүнө алган жана башка тергөөчүлөрдүн аракетине жетекчилик кылган топтун жетекчи-тергөөчүсү көрсөтүлүүгө тийиш.
2. Тергөөчүлөр тобунун тергөө өндүрүшү жөнүндө токтомдун көчүрмөсү чыгарылган учурдан тартып 5 сутканын ичинде шектүүгө, айыпталуучуга, адвокатка, жабырлануучуга жана анын өкүлүнө топтун курамындагы кайсы гана болбосун тергөөчүнү четтетүү укуктарын түшүндүрүү менен берилет.
164-берене. Тергөө тобунун жетекчисинин ыйгарым укуктары
1. Тергөөчү – тергөө тобунун жетекчиси кылмыш ишин өз өндүрүшүнө кабыл алат, мында тергөөчүнүн ыйгарым укуктарынан пайдалануу менен сотко чейинки өндүрүштү жеке өзү жүргүзөт, тергөө тобунун ишин уюштурат, кылмыш иши боюнча чечимдерди кабыл алат.
2. Иштерди бириктирүү жана бөлүү, тергөөнүн мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүчтү козгоо, бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу, аны узартуу, өзгөртүү, жокко чыгаруу, кыскартуу, иш боюнча өндүрүштү токтотуу же кайра баштоо жөнүндө чечим тергөө тобунун жетекчиси тарабынан гана кабыл алынат;
3. Айыпталуучу катары жоопко тартуу, медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө токтом жана айыптоо актысы тергөө тобунун жетекчиси тарабынан түзүлөт.
165-берене. Тергөө жана башка процессуалдык аракеттерди жүргүзүүнүн жалпы эрежелери
1. Тергөөчү тергөө аракеттерин жүргүзүүгө киришип жатып, тергөө аракеттеринин катышуучуларынын ким экендигине ынанып, аларга ушул Кодекстин 166-беренесине ылайык укуктарын жана милдеттерин, ошондой эле тергөө аракеттерин жүргүзүүнүн тартибин түшүндүрүп берет.
2. Кийинкиге калтырууга болбогон учурларды кошпогондо, тергөө жана башка процессуалдык аракеттерди түнкү убакта жүргүзүүгө жол берилбейт.
3. Ушул Кодексте каралган учурларда, тергөө аракеттерин жүргүзүүдө техникалык каражаттарды колдонуу жана кылмыш издерин жана буюм далилдерин табуунун, аныктоонун жана алып коюунун илимий негизделген ыкмаларын пайдалануу милдеттүү болуп саналат.
4. Тергөө аракеттерин жүргүзүүдө зомбулукту, коркутууну жана башка мыйзамсыз аракеттерди колдонууга, ошого тете ага катышкан адамдардын өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунуч жаратууга жол берилбейт.
5. Ушул Кодексте каралган учурларда, тергөөчү прокурордун макулдугу менен тергөө судьясынын алдында тергөө же башка процессуалдык аракеттердин өндүрүшү жөнүндө өтүнүчтү козгойт, бул жөнүндө токтом чыгарылат.
166-берене. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын түшүндүрүүнүн жана камсыз кылуунун милдеттүүлүгү
Тергөөчү, прокурор тергөө аракеттерин жүргүзүүгө катышып жаткан шектүүгө, айыпталуучуга, күбөгө, жабырлануучуга жана (же) анын өкүлүнө, ошондой эле башка жактарга алардын укуктарын тушүндүрүүгө жана тергөөнүн жүрүшүндө бул укуктарды жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү. Ошол эле мезгилде аларга жүктөлгөн милдеттер жана аларды аткарбоонун кесепеттери түшүндүрүлүүгө тийиш. Ушул беренеде саналып өткөн адамдарга укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүү алардын койгон колдору менен ырасталат.
167-берене. Тергөөнүн маалыматтарын ачыкка чыгарууга жол берилбестик
1. Кылмыш иштери боюнча тергөөнүн жүрүшүндө алынган маалыматтар ачыкка чыгарылбоого тийиш.
2 Тергөөчү, прокурор күбөнү, жабырлануучуну, адвокатты, экспертти, адисти, котормочуну жана тергөө аракеттерин жүргүзүүгө катышып жаткан башка адамдарды тергөөнүн маалыматтарын ачыкка чыгарууга жол берилбей тургандыгы жөнүндө эскертет жана Кылмыш-жаза кодексине ылайык жоопкерчилик жөнүндө эскертүү менен алардан колкат алууга укуктуу.
3. Мамлекеттик сырларга байланыштуу иштер боюнча өндүрүштө коргоочу же өкүл катары катышкан адвокатка ага адвокаттык ишти жүргүзүүгө байланыштуу белгилүү болуп калган мамлекеттик сырларды түзгөн маалыматтарды ачыкка чыгарууга жол берилбестиги жөнүндө жана аларды ачыкка чыгарган учурда жоопкерчиликке тартылары жөнүндө иш өндүрүшүндө турган адам эскертет. Мында адвокат мамлекеттик сырларды түзгөн маалыматтарды ачыкка чыгарбоо жөнүндө милдеттенме берет. Мамлекеттик сырларды камтыган маалыматтар так аныкталууга жана жашыруун эмес материалдардан бөлүнүп турууга тийиш.
168-берене. Адистин катышуусу
1. Тергөөчү, прокурор тергөө аракеттерин жүргүзүүгө катышуу үчүн иштин жыйынтыгына кызыкчылыгы жок адисти чакырууга укуктуу. Адисти чакыруу жөнүндө тергөөчүнүн, прокурордун талабы адис иштеген уюмдун жетекчиси үчүн милдеттүү болот.
2. Тергөө аракеттери башталардын алдында тергөөчү, прокурор адистин инсандыгына жана компетенттүүлүгүнө ынанып, анын шектүүгө, айыпталуучуга жана жабырлануучуга карата мамилесин тактайт. Тергөөчү, прокурор адиске ушул Кодекстин 57-беренесинде каралган анын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүп берет, бул тергөө аракетинин протоколунда адистин койгон колу менен ырасталат.
169-берене. Котормочунун катышуусу
1. Ушул Кодекстин 21-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган учурларда тергөөчү, прокурор суракта жана башка тергөө аракеттеринде котормочуну чакырууга милдеттүү.
2. Тергөө аракети башталардын алдында тергөөчү, прокурор котормочуга ушул Кодекстин 58-беренесинде каралган анын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүп берет жана билип туруп туура эмес которгондугу үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги жөнүндө эскертет, бул жөнүндө тергөө аракетинин протоколунда белги коюлат жана котормочунун колу менен ырасталат.
170-берене. Тергөө аракетинин протоколу
1. Тергөө аракетинин протоколу тергөө аракетин жүргүзүүнүн жүрүшүндө же түздөн-түз ал аяктагандан кийин түзүлөт.
2. Протокол кол менен жазылышы же компьютердик ыкма менен даярдалышы мүмкүн. Протоколдун толуктугун камсыз кылуу үчүн стенографиялоо, фотосүрөткө тартуу, үн жана видеожазуу колдонулат. Стенографиялык жазуу, фотосүрөт, үн жана видеожазуу материалдары иш менен бирге сакталат.
3. Протоколдо тергөө аракети жүргүзүлгөн жер жана датасы, анын башталган жана бүткөн убактысы, протоколду түзгөн адамдын кызмат орду жана фамилиясы, аты-жөнү,
тергөө аракетине катышкан ар бир адамдын аты-жөнү, ал эми зарыл болгон учурларда алардын дареги да көрсөтүлөт. Протоколдо процессуалдык аракеттер кандай тартипте болсо, ошол тартипте аларды жүргүзүүдө аныкталган иш үчүн олуттуу болгон жагдайлар, ошондой эле тергөө аракетин жүргүзүүгө катышкан адамдардын арыздары баяндалат.
4. Эгерде тергөө аракетин жүргүзүүдө сүрөткө тартуу, үн жана видео жазуу колдонулса же издердин кептери жана көчүрмөлөрү даярдалса, чиймелер, схемалар, пландар түзүлсө, протоколдо мындан тышкары тиешелүү тергөө аракетин жүргүзүүдө колдонулган техникалык каражаттар, аларды пайдалануунун шарттары жана тартиби, бул каражаттар колдонулган объекттер жана алынган натыйжалар да көрсөтүлүүгө тийиш. Мындан тышкары, техникалык каражаттарды колдонуунун алдында бул тууралуу тергөө аракетин жүргүзүүгө катышкан адамдарга билдирилгендиги тууралуу протоколдо белгиленүүгө тийиш.
5. Протокол тергөө аракетин жүргүзүүгө катышкан бардык адамдарга таанышуу үчүн берилет. Аларга протоколго киргизилүүгө тийиш болгон сын-пикирлерди айтууга укугу бар экендиги түшүндүрүлөт. Протоколго киргизилген бардык сын-пикирлер, толуктоолор жана оңдоолор ошол адамдар тарабынан сүйлөшүлүүгө жана алардын колу менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
6. Эгерде адвокаттан баш тартуу тергөө аракети жүргүзүлүп жаткан убакта билдирилсе, анда ушул тергөө аракетинин протоколуна бул жөнүндө белги коюлат.
7. Протоколго тергөөчү, суракка алынган адам, котормочу, адис, адвокат жана тергөө аракетин жүргүзүүгө катышкан башка адамдар кол коёт. Тергөө аракетинин протоколуна кол коюудан баш тартылган же мүмкүн болбогон учурда, ушул фактыны ырастоо ушул Кодекстин 171-беренесине ылайык жүргүзүлөт.
8. Протоколго тергөө аракетин жүргүзүүдө аткарылган сүрөттөр, диапозитивдер, сурактын фонограммалары, видеожазуунун кассеталары, маалыматтык электрондук алып жүрүүчүлөр, чиймелер, пландар, схемалар, издердин түшүрмөлөрү жана көчүрмөлөрү тиркелет.
9. Эгерде тергөө аракетинин жүрүшүндө жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча адис тарабынан расмий документ түзүлсө, анда ал протоколго тиркелет, бул жөнүндө анда тиешелүү жазуу жазылат.
10. Жабырлануучунун, күбөнүн, шектүүнүн, айыпталуучунун жана тергөө аракеттерине катышкан башка адамдардын жана алардын жакын туугандарынын, жубайынын коопсуздугун камсыз кылуу зарыл деп болжоого негиздер болгондо, тергөөчү көрсөтүлгөн адамдар катышкан тергөө аракетинин протоколуна алардын инсандыгы жөнүндө маалыматтарды жазбайт. Бул учурда тергөөчү токтом чыгарууга милдеттүү, анда тергөө аракетинин катышуучусунун инсандыгы жөнүндө маалыматтарды жашыруун сактоо жөнүндө чечим кабыл алуунун себептери баяндалып, псевдоними жана койгон колунун үлгүсү көрсөтүлүп, аларды анын катышуусунда тергөө аракеттеринин протоколдорунда пайдаланат. Токтом чапталган конвертке салынат, анын мазмуну менен тергөөчүдөн тышкары, прокурор жана судья гана тааныша алат.
171-берене. Тергөө аракетинин протоколуна кол коюудан баш тартуунун же кол коюуга мүмкүн эместигинин фактысын күбөлөндүрүү
1. Эгерде шектүү, айыпталуучу, күбө же тергөө аракетине катышкан башка адам тергөө аракетинин протоколуна кол коюудан баш тартса, бул жөнүндө протоколго тергөө аракетин жүргүзгөн адамдын койгон колу менен күбөлөндүрүлүүчү белги коюлат жана бул видеожазууну пайдалануунун жардамы менен белгиленет.
2. Протоколго кол коюудан баш тарткан адамга баш тартуунун себептери жөнүндө түшүндүрмө берүүгө мүмкүнчүлүк берилүүгө тийиш, ал протоколго киргизилет.
3. Эгерде шектүү, айыпталуучу, жабырлануучу же күбө дене боюндагы кемчиликтеринен улам же ден соолугуна байланыштуу сурактын протоколуна кол коюу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраса, анда анын өтүнүчү боюнча протоколго адвокаты, анын өкүлү кол коёт же тергөөчү башка адамды чакырат, ал суралып жаткан адамдын макулдугу менен анын көрсөтмөлөрүнүн жазылышынын тууралыгын өзүнүн коюлган колу менен күбөлөндүрөт. Бул протоколго сурак жүргүзгөн тергөөчү да кол коёт. Эгерде ушул эле себептер боюнча ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактардын бири, башка тергөө аракетинин протоколуна кол коюуга мүмкүнчүлүгү болбосо, бул тууралуу протоколго белги коюлуп, ал тергөөчүнүн коюлган колу менен күбөлөндүрүлөт.
22-глава. Кароо
172-берене. Окуя болгон жерди кароо
1. Ар түрдүү материалдык объекттерди жана аларда болгон издерди түздөн-түз табуу, аныктоо жана белгилөө, ошондой эле окуянын жагдайын билүү жана кылмыш иши үчүн мааниге ээ болгон башка жагдайларды аныктоо максатында тергөөчү тарабынан окуя болгон жерди кароо жүргүзүлөт.
2. Зарыл болгондо окуя болгон жерди кароого катышуу үчүн жабырлануучу, шектүү, айыпталуучу, күбө жана адвокат чакырылышы мүмкүн. Атайын билим керек болгон маселелер боюнча жардам алуу максатында тергөөчү окуя болгон жерди кароого катышуу үчүн ар түрдүү билим тармагындагы адистерди чакыра алат.
3. Алгачкы текшерүү органынын кызматкерлери окуя болгон жерди кароо жүргүзүүдө көмөк көрсөтүүгө жана тергөөчүнүн тапшырмасы боюнча окуя болгон жерди кайтаруу, көргөн кишилерди аныктоо, кылмыш жасаган адамдарды кармоо же изи сууй электе шектүүлөрдү куугунтуктоону уюштуруу, жабырлануучуларды эвакуациялоо, каза болгондорду транспорт менен ташуу, кылмыштардын улантылышына бөгөт коюу жана кылмыштын кайталанышын алдын алуу, окуянын башка кесепеттерин жоюу боюнча зарыл иш-чараларды жүргүзүүгө милдеттүү.
4. Тергөөчүнүн өз убагында келүүсү мүмкүн болбогон учурда, анын тапшырмасы боюнча окуя болгон жерди кароо алгачкы текшерүү органынын кызматкери тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.
5. Менчикте же башка укукта болгон турак жай же башка объект болуп саналган окуя болгон жерди кароо, анда жашаган адамдардын макулдугу менен жүргүзүлөт.
Эгерде турак жайда же башка объектте жашаган адамдар карап чыгууга каршы болсо же болбосо балдар же психикалык оорулардан жабыр тарткандар экендигин билип туруп, окуя болгон жерди мажбурлап кароо тергөө судьясынын чечиминин негизинде жүргүзүлүүгө тийиш. Уруксат берүүдөн баш тартылган учурда, окуя болгон жерди кароо жүргүзүлбөйт.
6. Адамдардын өмүрүн же мүлкүн сактоонун же болбосо кылмыш жасоого негиздүү шектелген адамдын артынан түшүү зарылдыгы менен байланышкан, кийинкиге калтырууга болбогон жагдайлар болгондо, менчик же башка укукта турган турак жайдагы же башка объекттеги окуя болгон жерди кароо тергөө судьясынын уруксатысыз, тергөөчүнүн токтомунун негизинде жүргүзүлүшү мүмкүн. Бул учурда тергөөчү кароо башталган учурдан тартып белгиленген тартипте 24 сааттын ичинде тергөө аракеттеринин жүргүзүлүшү жөнүндө тергөө судьясына кабарлайт. Кабарламага анын жүргүзүлүшү жөнүндө чечимдин мыйзамдуулугун текшерүү үчүн окуя болгон жерди кароонун протоколунун көчүрмөсү тиркелет. Көрсөтүлгөн кабарламаны алып, тергөө судьясы ушул Кодекстин 270-беренесинде каралган тартипте 24 сааттын ичинде окуя болгон жерди кароонун жүргүзүлүшүнүн мыйзамдуулугун текшерет жана анын мыйзамдуулугу же мыйзамсыздыгы жөнүндө токтом чыгарат. Эгерде тергөө судьясы тергөө аракетин жүргүзүүнү мыйзамсыз деп тапса, окуя болгон жерди кароонун жүрүшүндө алынган бардык далилдер ушул Кодекстин 80-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык жол берилгис деп табылат.
7. Турак жай же башка объект болуп саналган окуя болгон жерди кароодо анда жашаган жашы жеткен адамдын катышуусу камсыз кылынууга тийиш. Анын катышуусу мүмкүн болбогон учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрү чакырылат.
8. Уюмдун жайы болуп саналган окуя болгон жерди кароо тиешелүү уюмдун администрациясынын өкүлүнүн катышуусунда жүргүзүлөт. Окуя болгон жерди кароого анын катышуусун камсыз кылуу мүмкүн болбогон учурда, бул жөнүндө протоколго жазуу жазылат.
9. Дипломатиялык өкүлчүлүктөр ээлеп турган жайлардагы, ошого тете дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн мүчөлөрү же алардын үй-бүлөлөрү жашаган жайлардагы окуя болгон жерди кароо дипломатиялык өкүлчүлүктүн башчысынын же анын ордун баскан адамдын макулдугу менен жана анын катышуусунда жүргүзүлүшү мүмкүн. Дипломатиялык өкүлдүн макулдугу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аркылуу суратылат. Окуя болгон жерди кароону жүргүзүүдө прокурордун жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлүнүн катышуусу милдеттүү.
10. Кылмыштын издерин жана башка табылган буюмдарды кароо окуя болгон жерде жүргүзүлөт. Эгерде аны жүргүзүү үчүн узак убакыт талап кылынса же ошол жерде кароо кыйынчылык туудурса, анда буюмдар алынып коюлууга, таңгакталууга, мөөрлөп бекитилүүгө, тергөөчүнүн, ыйгарым укуктуу кызмат адамынын койгон колдору менен ырасталып, кароо жеринде фото, видео тартуунун жардамы менен белгиленүүгө жана кароо үчүн ыңгайлуу башка жерге жеткирилүүгө тийиш. Кылмыш ишине тиешеси бар буюмдар гана алынып коюлат. Мында окуя болгон жерди кароонун протоколунда алынып коюлган буюмдардын жекече белгилери жана өзгөчөлүктөрү көрсөтүлөт.
11. Окуя болгон жерди кароодо бардык табылгандар жана алынып коюлгандар фото, видео тартуунун жардамы менен белгиленүүгө жана кароонун катышуучуларына көрсөтүлүүгө тийиш, ал жөнүндө протоколго киргизилүүгө тийиш.
12. Окуя болгон жерди кароого катышкан адамдар алардын пикири боюнча иштин жагдайларын тактоого көмөк көрсөтүшү мүмкүн болгондордун баарына тергөөчүнүн көңүлүн бурууга укуктуу, ошондой эле билдирүүлөрдү жасоого укуктуу, алар кароо протоколуна киргизилүүгө тийиш.
13. Тергөөчү кайсы гана адам болбосун, окуя болгон жерди кароо аяктаганга чейин ордун таштап кетүүгө жана кароону жүргүзүүгө кедерги болгон кандай гана болбосун аракеттерди жасоого тыюу салууга укуктуу.
14. Окуя болгон ошол эле жерди кайталап кароо төмөнкү учурларда жүргүзүлүшү мүмкүн:
1) прокурор же болбосо тергөө бөлүмүнүн жетекчиси тарабынан окуя болгон жерди кайталап кароону жүргүзүү жөнүндө жазуу жүзүндө тергөөчү үчүн милдеттүү көрсөтмө берилгенде;
2) окуя болгон жерди алгачкы кароонун шарттары объектти натыйжалуу кабылдоо үчүн жагымсыз болгондо;
3) окуя болгон жерди алгачкы кароодон кийин жаңы маалыматтар алынышы мүмкүн болгондо;
4) эгерде окуя болгон жерди алгачкы кароо сапатсыз жүргүзүлгөн учурда;
5) кылмыш иши бир тергөөчүдөн башка тергөөчүгө өткөрүп берилген учурда.
173-берене. Буюм далилдерин карап чыгуу
1. Окуя болгон жерди кароодо табылган, тинтүү, алып коюу, тергөө экспериментин же башка тергөө аракеттерин жүргүзүүдө алынып коюлган же болбосо тергөөчүнүн талабы боюнча жеке, юридикалык жактар тарабынан берилген буюмдар ушул Кодекстин 172-беренесинде белгиленген эрежелер боюнча каралууга тийиш.
2. Каралып чыккандан кийин көрсөтүлгөн буюмдар ушул Кодекстин 86-беренесине ылайык буюм далилдери катары таанылышы мүмкүн.
Буюмду далил буюму деп таануу жана аны ишке кошо тиркөө жөнүндө тергөөчү токтом чыгарат, анда далил буюмун иштин ичинде калтыруу же аны ээсине же башка адамдарга, уюмдарга сактоого берүү жөнүндө маселе чечилүүгө тийиш.
3. Кылмыш иштери боюнча буюм далилдерин тергөөчү тарабынан алып коюунун, эсепке алуунун, сактоонун жана өткөрүп берүүнүн тартиби ушул Кодекстин 86, 87-беренелерине ылайык аныкталат.
174-берене. Өлүктү карап чыгуу
1. Тергөөчү адамдын өлүгүн кароону ал табылган жерде ушул Кодекстин 172-беренесинин талаптарын сактоо жана соттук-медициналык эксперттин катышуусу менен жүргүзөт. Эгерде эксперттин катышуусу мүмкүн болбосо, анда медицина чөйрөсүндөгү башка адис тартылат. Өлүктү кароо үчүн зарыл болгондо, башка адистер да тартылышы мүмкүн.
2. Өлүктү сыртынан кароо кийин соттук-медициналык экспертизаны дайындоону жана жүргүзүүнү алмаштырбайт жана жокко чыгарбайт.
3. Таанылбай калган өлүктөр милдеттүү фотосүрөткө тартылууга, өлүктүн ким экендигин кийин аныктоо үчүн ткандарынын үлгүсүн алуу менен дактилоскопияланууга тийиш.
4. Өлүктү кошумча же болбосо кайталап кароону жүргүзүү зарыл болгон учурда, соттук-медициналык эксперттин катышуусу милдеттүү болот.
5. Өлгөн адамдын өздүгүн аныктоо жөнүндө жарандардын сөөктү кароо процессинде берген арыздары ушул тергөө аракетинин протоколуна киргизилет, андан кийин арыз ээсин күбө катары суракка алуу жүргүзүлөт, бул кийин сөөктү башка адамдарга өздүгүн аныктоо үчүн көрсөтүүнү жокко чыгарбайт.
175-берене. Күбөлөндүрүү
1. Эгерде бул үчүн соттук экспертиза жүргүзүү талап кылынбаса, кылмыш иши үчүн мааниси бар адамдын денесиндеги өзгөчө белгилерди, кылмыштын издерин, дене жаракаттарын, мас абалын же башка касиеттери менен белгилерин табуу үчүн шектүүнү, айыпталуучуну жана жабыр тартуучуну күбөлөндүрүү жүргүзүлүшү мүмкүн. Күбөлөндүрүүдө адам үчүн коркунучтуу же анын кадыр-баркын кетирүүчү аракеттерди жүргүзүүгө жол берилбейт.
2. Күбөлөндүрүү жүргүзүү жөнүндө тергөөчү токтом чыгарат, анда бул тергөө аракетин жүргүзүүнүн негиздери, максаты, ошондой эле күбөлөндүрүүгө дуушар болгон жак көрсөтүлөт.
3. Адам күбөлөндүрүүдөн баш тарткан учурда, ал ушул Кодекстин 269-беренесинде белгиленген тартипке ылайык тергөө судьясынын токтомунун негизинде айдатып келүүгө жана кийин мажбурлап күбөлөндүрүлүүгө дуушар болот.
4. Күбөлөндүрүү тергөөчү же алгачкы текшерүү органынын кызмат адамы тарабынан жүргүзүлөт. Зарыл болгондо тергөөчү күбөлөндүрүү жүргүзүүгө катышууга адисти тартат.
5. Башка жыныстагы адамды күбөлөндүрүүдө тергөөчү катышпайт. Бул учурда күбөлөндүрүү врач тарабынан жүргүзүлөт.
6. Ушул берененин 5-бөлүгүндө каралган учурларда фотосүрөткө, видеожазууга тартуу күбөлөндүрүлүүчү адамдын макулдугу менен жүргүзүлөт. Аларды көрсөтүү күбөлөндүрүлгөн адам үчүн мазактоо катары каралышы мүмкүн болгон сүрөттөр мөөрлөп бекитилген түрдө сакталат жана соттук териштирүүнүн убагында сотко гана берилиши мүмкүн.
7. Күбөлөндүрүү жүргүзүлгөндүгү жөнүндө тергөөчү ушул берененин жана ушул Кодекстин 170-беренесинин талаптарын сактоо менен протокол түзөт.
8. Протоколдо тергөөчүнүн бардык аракеттери, ошого тете адамды күбөлөндүрүүдө бардык табылган касиеттери жана белгилери күбөлөндүрүү жүргүзүлгөн ыраатта жана күбөлөндүрүү учурунда табылып байкалган түрдө баяндалып жазылат.
23-глава. Эксгумация
176-берене. Эксгумация жүргүзүү үчүн негиздер
1. Көмүлгөн жерден адамдын өлүгүн алып чыгуу (эксгумация) төмөнкүлөр талап кылынган учурларда жүргүзүлөт:
1) көмүлгөн адамдын өлүгүн кароо жүргүзүү;
2) адамдын өлүгүн таануу үчүн көрсөтүү;
3) экспертиза жүргүзүү үчүн зарыл болгон ткандардын жана органдардын же адамдын өлүгүнүн бир бөлүгүн алуу;
4) кылмыш иши үчүн олуттуу мааниси бар башка жагдайларды белгилөө.
2. Эксгумация прокурордун, тергөөчүнүн, тергөө судьясынын, судьянын, соттун жүйөлөштүрүлгөн токтомунун, соттун аныктамасынын негизинде жүргүзүлөт.
177-берене. Эксгумация жүргүзүүнүн тартиби
1. Адамдын өлүгүн көмүлгөн жерден алып чыгуу зарыл болгондо, тергөөчү прокурордун макулдугу менен эксгумация жөнүндө токтом чыгарат жана бул жөнүндө маркумдун жакын туугандарына, жубайына маалымдайт.
Маркумдун жакын туугандарынын, жубайынын макулдугу жок болгон учурда, тергөөчү тергөө судьясынын алдында эксгумация жөнүндө өтүнүч козгоо тууралуу токтом чыгарат.
2. Эксгумация жөнүндө өтүнүч тергөө судьясы тарабынан материалдар сотко келип түшкөн учурдан тартып 24 сааттын ичинде тараптардын катышуусуз каралат. Мыйзамдуу жана негиздүү чечим чыгаруу үчүн мааниси бар жагдайларды изилдөө зарыл болгондо, тергөө судьясы тиешелүү адамдардын жана прокурордун катышуусу менен соттук отурумду өткөрүү жөнүндө токтом чыгарат.
3. Өтүнүчтү жана иштин берилген материалдарын карап чыгып, тергөө судьясы эксгумация жүргүзүү жөнүндө же болбосо андан баш тартуу жөнүндө токтом чыгарат, ал эксгумация жөнүндө өтүнүч жасаган тергөөчүгө жиберилет.
4. Тергөө судьясынын токтому тиешелүү көмүлгөн жердин администрациясы тарабынан аткарылуу үчүн милдеттүү болот.
5. Эксгумация көмүлгөн жердин администрациясы же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан соттук медицина жаатындагы адистин, ал эми зарыл учурда башка адистин да катышуусунда жүргүзүлөт.
6. Адамдын өлүгүн таануу жана кароо, үлгүлөрдү алуу эксгумациянын ордунда жүргүзүлүшү мүмкүн, ошондой эле адамдын өлүгү башка изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн мекемеге жеткирилиши мүмкүн.
7. Эксгумациянын жүрүшү жана натыйжалары протоколдо чагылдырылат, ал ушул Кодекстин 170-беренесинин талаптарын сактоо менен түзүлөт жана анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) тергөө аракетин жүргүзүүнүн датасы, убактысы жана орду;
2) протокол түзгөн адамдын кызмат орду, фамилиясы жана аты-жөнү;
3) көмүлгөндүн фамилиясы, аты, атасынын аты, өлгөн датасы жана эксгумацияда табылгандардын баары табуу ордундагы ырааттуулукта;
4) эксгумацияга катышкан соттук медицина жаатындагы адистин кызмат орду, фамилиясы, аты, атасынын аты;
5) тергөө аракетине катышкан ар бир адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты;
6) фото сүрөткө тартуу, аудио-, видеожазуу жүргүзүлгөндүгү, же башка жаза турган техникалык каражаттар жөнүндө белги;
7) тергөө аракетине катышкан адамдардын сын-пикирлери;
8) эксгумациядан кийин адамдын өлүгү же болбосо ал тергөө аракетин жүргүзүүдө табылган, иш үчүн мааниси бар башка буюмдар жиберилген мекеме.
8. Эксгумация жөнүндө протоколго тергөө аракетинин бардык катышуучулары кол коёт. Эгерде протокол бир нече баракта түзүлсө, тергөө аракетинин катышуучулары анын ар бир барагына кол коёт.
Эксгумацияда алынган фотосүрөттөр, тасмалар же башка маалымат алып жүрүүчүлөр протоколго тиркелет.
9. Эгерде адамдын өлүгүн таануу, кароо, үлгүлөрдү алуу башка жерде жүргүзүлсө, бул жөнүндө өзүнчө протокол түзүлөт.
10. Адамдын өлүгүн эксгумациядан жана кийинки процессуалдык аракеттерден кийин көмүү тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын кызмат адамынын катышуусунда көмүлгөн жердин администрациясы тарабынан жүргүзүлүп, ал жөнүндө протокол түзүлөт.
11. Адамдын өлүгүн эксгумациялоо жана кийин көмүү менен байланышкан чыгымдардын орду мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен толтурулат.
24-глава. Экспертиза
178-берене. Экспертизаны дайындоонун негиздери
1. Экспертиза иш үчүн мааниге ээ болгон жагдайлар атайын илимий билимдердин негизинде эксперт тарабынан жүргүзүлгөн материалдарды изилдөөнүн натыйжасында белгилениши мүмкүн болгон учурларда дайындалат. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышуучу башка адамдарда ушундай билимдердин болушу, тергөө судьясын, сотту, тергөөчүнү, прокурорду тиешелүү учурларда экспертизаны дайындоо зарылдыгынан бошотпойт.
Иштин укуктук маселелерин аныктоо үчүн экспертиза жүргүзүүгө жол берилбейт.
2. Эгерде төмөнкүлөрдү аныктоо зарыл болсо, соттук экспертизаны дайындоо жана жүргүзүү милдеттүү болуп саналат:
1) өлүмдүн себеби;
2) ден соолукка келтирилген зыяндын мүнөзү жана деңгээли;
3) эгерде шектүүнүн, айыпталуучунун акыл-эси жайында экендиги же кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө өзүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын өз алдынча коргоого жөндөмдүүлүгү шек туудурса, анын психикалык же дене боюнун абалы;
4) эгерде жабырлануучунун, күбөнүн кылмыш иши үчүн мааниге ээ болгон жагдайларды туура кабылдоо жана көрсөтмө берүү жөндөмдүүлүгүнөн шектенүү келип чыкса, анын психикалык же дене боюнун абалы;
5) эгерде бул кылмыш иши үчүн мааниге ээ болсо, ал эми анын курагын ырастоочу документтер жок болсо же шек жаратса, шектүүнүн, айыпталуучунун, жабырлануучунун курагы;
6) башка далилдер менен анык белгилениши мүмкүн болбогон башка жагдайлар.
3. Медициналык же психиатриялык экспертиза жүргүзүүгө мажбурлап тартуу тергөө судьясынын токтому боюнча жүргүзүлөт.
4. Зарыл болгон учурда ушул Кодекстин 97-беренесинин 6-бөлүгүнө жана 114-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык шектүүнүн же айыпталуучунун соттук-медициналык экспертизасы мамлекеттик сыяктуу эле мамлекеттик эмес эксперттик уюмдардын эксперттери тарабынан да жүргүзүлүшү мүмкүн.
179-берене. Экспертиза дайындоо тартиби
1. Экспертизаны дайындоону зарыл деп тапкандан кийин, тергөөчү, прокурор, тергөө судьясы, сот бул жөнүндө токтом, аныктама чыгарат, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) экспертиза дайындаган адамдын кызмат орду, фамилиясы жана аты-жөнү;
2) экспертизанын түрү;
3) экспертиза дайындоонун негиздери;
4) экспертизага жөнөтүлгөн адам жөнүндө маалыматтар;
5) экспертизага жөнөтүлгөн объекттер жана алардын пайда болуусу жөнүндө маалымат, ошондой эле көрсөтүлгөн объекттердин мүмкүн болгон толук же жарым-жартылай жок кылынышына уруксат берилиши, алардын тышкы түрүнүн өзгөрүшү же изилдөөнүн жүрүшүндөгү негизги касиеттер;
6) эксперттин фамилиясы, аты жана атасынын аты же экспертиза жүргүзүлүүгө тийиш болгон эксперттик уюмдун аталышы;
7) эксперттин алдына коюлган маселелер.
2. Экспертиза дайындоо жөнүндө токтом, аныктама ал даректелген жана алардын компетенциясына кирген органдар жана адамдар тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү.
3. Экспертиза төмөндөгүлөргө тапшырылышы жана алар тарабынан аткарылышы мүмкүн:
1) мамлекеттик жана (же) мамлекеттик эмес эксперттер тарабынан;
2) мыйзам менен каралган тартипте жана шарттарда атайын билимге ээ болгон башка адамдар тарабынан бир жолку тартипте;
3) процесстин катышуучулары тарабынан сунушталган, атайын билимге ээ болгон адамдар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналбагандар тарабынан.
4. Тергөө судьясынын, соттун, прокурордун, тергөөчүнүн экспертиза жүргүзүү тапшырылган адамды чакыруу жөнүндө талабы аталган адам иштеген уюмдун жетекчиси үчүн милдеттүү.
5. Тергөө судьясы, сот, прокурор, тергөөчү экспертиза дайындоо жөнүндө токтом менен шектүүнү, айыпталуучуну, жабырлануучуну, анын өкүлүн, адвокатты тааныштырат жана ушул Кодекстин 181-беренесинде каралган укуктарын аларга түшүндүрөт. Бул жөнүндө прокурор, тергөөчү жана токтом менен таанышкан башка адамдар тарабынан кол коюлган протокол түзүлөт.
6. Ушул Кодекстин 178-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, жабырлануучуга карата, ошондой эле күбөгө карата экспертиза алардын макулдугу же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн макулдугу менен жүргүзүлөт, ал көрсөтүлгөн адамдар тарабынан жазуу жүзүндө берилет.
7. Экспертиза өзүнүн же көрсөтүлгөн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргогон процесстин катышуучуларынын демилгеси боюнча дайындалышы мүмкүн. Процесстин катышуучулары өздөрүнүн же көрсөтүлгөн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоп, тергөөчүгө жазуу жүзүндө, алардын пикири боюнча, эксперттик корутунду берилүүгө тийиш болгон суроолорду беришет, изилдөө объекттерин көрсөтүшөт, ошондой эле эксперт катары чакырылышы мүмкүн болгон адамдын (адамдардын) атын аташат. Мында, тергөөчү чечүүгө берилген маселелер кылмыш ишине же экспертизанын предметине дээрлик тиешеси жок учурлардан тышкары жагдайларда, экспертиза дайындоодон баш тартууга укуксуз. Тергөөчү экспертиза дайындоодон баш тарткан учурда, өзүнүн же берилип жаткан укуктарды же кызыкчылыктарды коргогон процесстин катышуучусу ушул Кодекстин 182-беренесинде каралган тартипте тергөө судьясына өтүнүч менен кайрылууга укуктуу.
8. Анын демилгеси менен экспертиза дайындалып жаткан процесстин катышуучусу буюмдарды, документтерди эксперттик изилдөөнүн объекти катары бериши мүмкүн.
9. Тергөөчү берилген маселелерди карап, кылмыш ишине же экспертиза предметине кирбегендерин четке кагат, экспертте баш тартууга негиз жок экендигин териштирет, андан кийин ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн талаптарды сактоо менен экспертиза дайындоо жөнүндө токтом чыгарат.
10. Эгерде экспертиза жүргүзүүгө алардын катышуусу зарыл деп таанылса, тергөөчү шектүүнү, айыпталуучуну, жабырлануучуну, күбөнү экспертке жеткирүүнү камсыз кылат.
11. Кыйноолорду же ырайымсыз мамиле жасоолорду колдонгондугу жөнүндө арыз болгондо, соттук-медициналык экспертиза 12 сааттын ичинде дайындалууга тийиш. Эксперт тарабынан сүрөткө тартып алууну же видеожазууларды колдонуу менен кароо жүргүзүлүүгө тийиш.
12. Кылмыш иши карамагында турган сотко чейинки өндүрүш органынан изилдөө объекттерин талап кылуунун зарылдыгы жок болгон учурда, өзүнүн же көрсөтүлүүчү укуктарын же кызыкчылыктарын коргогон процесстин катышуучулары экспертизаны келишимдик негизде жүргүзүү жөнүндө эксперттик уюмга өз алдынча кайрылууга укуктуу.
13. Ушул берененин 12-бөлүгүндө белгиленген тартипте адвокаты тарабынан эксперттик корутунду берүү тууралуу өтүнүч жөнөтүлгөндүгү жөнүндө бир эле мезгилде прокурорго, сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашырган тергөөчүгө маалымдалат, алар зарыл болгондо экспертке кошумча суроолорду жөнөтө алат. Коргоочу тараптан өтүнүчү боюнча тергөө судьясынын токтомунун негизинде берилген эксперттин корутундусу эки нускада түзүлөт, анын бири тергөөчүгө жөнөтүлөт.
180-берене. Тергөөчүнүн экспертиза жүргүзүүгө катышуусу
1. Тергөөчү экспертиза жүргүзүүгө катышууга жана алар жүргүзгөн аракеттердин себеби боюнча эксперттен түшүндүрмө алууга укуктуу.
2. Эксперт тарабынан эксперттердин кеңешмесинин жана тыянактарды түзүү баскычында корутунду түзүүдө, ошондой эле, эгерде экспертиза эксперттердин комиссиясы тарабынан жүргүзүлсө, тергөөчүнүн катышуусуна жол берилбейт.
3. Экспертиза жүргүзүүдө тергөөчүнүн катышуу фактысы эксперттин корутундусунун киришүү бөлүгүндө чагылдырылат.
181-берене. Шектүүнүн, айыпталуучунун, жабырлануучунун, күбөнүн, адвокаттын жана жабырлануучунун өкүлүнүн экспертизаны дайындоодогу жана жүргүзүүдөгү укуктары
1. Экспертиза дайындоодо жана жүргүзүүдө шектүү, айыпталуучу, адвокат, жабырлануучу жана анын өкүлү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) экспертиза дайындоо жөнүндө токтом менен таанышууга;
2) экспертти четтетүүнү билдирүүгө;
3) алар көрсөткөн адамдарды эксперт катары тартууга, ошондой эле эксперттердин комиссиясы тарабынан экспертиза жүргүзүү жөнүндө өтүнүүгө;
4) экспертиза дайындоо жөнүндө токтомго экспертке кошумча суроолорду киргизүүнү же коюлгандарды тактоону өтүнүүгө;
5) экспертиза жүргүзүүдө прокурордун, тергөөчүнүн уруксаты менен катышууга, экспертке түшүндүрмө берүүгө;
6) эксперттин корутундусу же корутунду берүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө билдирүүсү, ошондой эле экспертти суракка алуу протоколу менен таанышууга.
2. Экспертиза жүргүзүлгөн күбө эксперттин корутундусу менен таанышууга укуктуу.
3. Жабырлануучулардын жана күбөлөрдүн экспертизасы алардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жүргүзүлөт. Эгерде бул адамдардын жашы жете элек болсо же сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылса, алардын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан экспертиза жүргүзүүгө жазуу жүзүндө макулдук берилет. Аталган эреже ушул Кодекстин 178-беренесинде каралган учурларда экспертиза жүргүзүүгө жайылтылбайт.
4. Экспертиза жүргүзүүгө катышкан процесстин катышуучулары изилдөөлөрдүн жүрүшүнө кийлигишүүгө укуксуз, бирок экспертиза предметине кирген түшүндүрмөлөрдү бере алышат. Эгерде экспертиза жүргүзүүгө катышкан процесстин катышуучусу эксперттин ишине жолтоо кылган учурда, эксперт изилдөөнү токтотууга жана процесстин көрсөтүлгөн катышуучусуна экспертиза жүргүзүүгө катышууга уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө прокурордун, тергөөчүнүн алдында өтүнүч жасоого укуктуу.
5. Соттук психиатриялык жана соттук психологиялык-психиатриялык экспертизаны жүргүзүү купуялуулук шартында жүзөгө ашырылат.
6. Жылаңачтоо менен коштолгон адамга карата эксперттик изилдөөлөрдү жүргүзүүгө ошол жыныстагы адамдар гана катыша алат. Бул чектөө аталган изилдөөлөрдү жүргүзүүдө катышуучу врачтарга жана башка медициналык кызматкерлерге жайылтылбайт.
7. Эксперт корутунду түзүүдө, ошондой эле эксперттердин кеңешмесинин жана тыянактарды түзүүнүн баскычында эгер экспертиза эксперттердин комиссиясы тарабынан жүргүзүлсө, процесстин катышуучуларына катышууга жол берилбейт.
8. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдар тарабынан берилген өтүнүч канааттандырылган учурда, тергөөчү экспертиза дайындоо жөнүндө өзүнүн токтомун өзгөртөт же толуктайт. Өтүнүчтү канааттандыруудан баш тарткан учурда ал жүйөлөнгөн токтом чыгарат, ал өтүнүч берген адамдын колун койдуруп алуу менен ага билдирилет.
182-берене. Тергөө судьясы тарабынан экспертиза дайындоо жөнүндө өтүнүчтүн каралышы
1. Тергөөчү экспертиза дайындоо жөнүндө өтүнүчтү канааттандыруудан баш тарткан учурда, аны билдирген адам тергөө судьясына экспертиза дайындоо жөнүндө тиешелүү өтүнүч менен кайрылууга укуктуу.
2. Өтүнүчтө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) өтүнүч берилип жаткан кылмыш ишинин жагдайы;
2) кылмыштардын квалификациясы (Кылмыш-жаза кодексинин беренелерин, беренелердин бөлүктөрүн көрсөтүү менен);
3) өтүнүчтүн жүйөлөрү негизделген жагдайлар;
4) ишке тартууга зарыл болгон эксперт же экспертиза жүргүзүүнү тапшыруу зарыл болгон эксперттик уюм;
5) жүргүзүү зарыл болгон экспертизанын түрү жана эксперттин алдына коюуга зарыл болгон маселелердин тизмеги.
Өтүнүчкө ошондой эле өтүнүчтүн жүйөлөрү негизделген материалдардын көчүрмөлөрү да тиркелет.
3. Өтүнүч аймактык юрисдикциясынын чектеринде сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлгөн тергөө судьясы тарабынан ал сотко келип түшкөн күндөн тартып 3 күндөн кечиктирилбестен каралат. Өтүнүч берген адамга ал карала турган жер жана убакыт жөнүндө кабарландырылат, бирок ал адамдын катышуусу тергөө судьясы тарабынан милдеттүү деп таанылган учурлардан тышкары, анын келбей калуусу аталган өтүнүчтү кароого жолтоо болбойт.
4. Эгерде тергөө судьясы тарабынан өтүнүч ушул берененин 2-бөлүгүнүн талаптары сакталбастан берилгендиги аныкталган учурда, ал өтүнүчтү канааттандыруудан баш тарткандыгы жөнүндө токтом чыгарат.
5. Өтүнүчтү кароо мезгилинде тергөө судьясы процесстин катышуучуларынын өтүнүчү же өз демилгеси боюнча ар кандай күбөнү угууга же өтүнүчтү чечүү үчүн маанилүү болгон ар кандай материалдарды изилдөөгө укуктуу.
6. Тергөө судьясы өтүнүчтү кароодо, өз токтому менен эксперттик уюмда же экспертке экспертиза дайындоого укуктуу, эгерде кайрылган адамдын өтүнүчү менен төмөнкүлөрдү далилдесе:
1) кылмыш иши үчүн олуттуу мааниси бар маселелерди чечүү үчүн экспертиза дайындоо зарыл экендигин;
2) айыптоочу тарабынан тартылган эксперттин чечимине тактоо үчүн экспертиза жүргүзүү зарыл болгон маселелер боюнча толук жана талаптагыдай тыянак чыгарууга мүмкүндүк бербеген суроолор коюлгандыгын;
3) айыптоочу тарабынан тартылган эксперт толук эмес же туура эмес корутунду берди деп эсептөөгө жетиштүү негиздер бар болсо.
7. Экспертиза дайындоо жөнүндө тергөө судьясынын токтомунда тиешелүү өтүнүч менен кайрылган адам тарабынан эксперттин алдына коюлган маселелер көрсөтүлөт. Судья андай чечимди токтомдо негиздөө менен кылмыш ишине тиешелүү болбогон же соттук териштирүү үчүн аларга берилген жооптору мааниге ээ болбогон маселелерди киргизбей коюуга укуктуу.
8. Зарыл болгондо, экспертиза дайындоо жөнүндө адамдын өтүнүчүн канааттандырууда судья ушул Кодекстин 191-беренесинин жоболорунун негизинде экспертиза үчүн үлгүлөрдү алуу жөнүндө маселени чечүүгө укуктуу.
9. Эксперттин корутундусу тергөө судьясы тарабынан экспертиза дайындоо тууралуу өтүнүч берген адамга тааныштыруу үчүн берилет.
10. Кызыкдар адамдардын эсебинен, келишимдик негизде, анын демилгеси боюнча жүргүзүлө турган экспертиза дайындоо жөнүндө коргоочунун өтүнүчүн караган тергөө судьясы токтом чыгарат, анда өтүнүчтө көрсөтүлгөн адамдардын ичинен эксперттерге аны жүргүзүүнү тапшырат.
183-берене. Экспертиза жүргүзүлгөн адамдардын укуктарына кепилдиктер
1. Тирүү адамдарга карата экспертиза жүргүзүүдө төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) алардан маалымат алуу максатында мыйзам менен кепилденген алардын укуктарынан ажыратууга же кысымга алууга (анын ичинде алдоо, зомбулук көрсөтүү, коркутуу жана башка мыйзамсыз чараларды колдонуу менен);
2) көрсөтүлгөн адамдарды клиникалык изилдөөлөрдүн, медициналык технологиялардын, фармакологиялык жана дары-дармек каражаттарынын субъекттери катары колдонууга;
3) хирургиялык кийлигишүүлөрдү караган изилдөө методдорун колдонууга.
2. Адамга карата анын макулдугу менен жүргүзүлүп жаткан экспертиза көрсөтүлгөн адамдын демилгеси боюнча анын каалаган баскычында токтотулушу мүмкүн.
184-берене. Эксперттик уюмда экспертиза жүргүзүү
1. Эксперттик уюмда экспертиза жүргүзүүдө тергөөчү экспертизаны дайындоо жөнүндө токтомду жана өндүрүш үчүн зарыл болгон материалдарды тиешелүү эксперттик уюмдун жетекчисине жөнөтөт.
2. Эгерде экспертиза жүргүзүү тергөө судьясынын токтому менен дайындалган учурда, анда буга зарыл болгон материалдар жана предметтер кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзгөн тергөөчү тарабынан тиешелүү эксперттик уюмдун жетекчисине жөнөтүлөт.
3. Адвокаттын өтүнүчү боюнча чыгарылган тергөө судьясынын токтомунун негизинде келишимдик негизде экспертиза жүргүзүлгөн учурда материалдар коргоочу тарабынан берилет.
4. Эксперттик уюмдун жетекчиси экспертиза жүргүзүүнү конкреттүү экспертке же токтомдо көрсөтүлгөн ушул уюмдун кызматкерлеринин ичинен бир нече экспертке тапшырат. Эгерде конкреттүү эксперт токтомдо көрсөтүлбөсө, анда экспертти тандоо эксперттик уюмдун жетекчиси тарабынан жүзөгө ашырылат. Мында, эксперттик уюмдун жетекчиси экспертке ушул Кодекстин 56-беренесинде каралган анын укугун жана жоопкерчилигин түшүндүрөт.
5. Эксперттик уюмдун жетекчиси төмөнкүлөргө укуктуу:
1) төмөнкүдөй учурларда экспертиза дайындоо жөнүндө токтомду жана изилдөөгө берилген объектилерди аткарбастан, анын жүйөлөрүн көрсөтүп, экспертиза дайындаган органга кайтарып берүүгө:
а) зарыл атайын илимий билимге ээ болгон эксперт аталган эксперттик уюмда жок болсо;
б) аталган эксперттик уюмдагы материалдык-техникалык база жана шарттар конкреттүү эксперттик милдеттерди чечүүгө мүмкүндүк бербесе;
в) эксперттин алдына коюлган маселелер анын компетенциясынын чектеринен чыкса;
г) экспертиза жүргүзүү үчүн материалдар ушул Кодекстин талаптарын бузуу менен берилсе;
2) эгерде алардын атайын илимий билими корутунду берүү үчүн зарыл болсо, аталган эксперттик уюмда иштебеген адамдарды эксперттердин комиссиясынын курамына киргизүү жөнүндө экспертиза дайындаган органдын алдында өтүнүч берүүгө.
6. Эксперттик уюмдун жетекчиси конкреттүү экспертиза боюнча тыянактардын мазмунун алдын ала чечкен көрсөтмөлөрдү экспертке берүүгө укуксуз.
185-берене. Экспертизаны эксперттик уюмдан тышкары жүргүзүү
1. Тергөө судьясы, тергөөчү эксперттик уюмдан тышкары жүргүзүлүүчү экспертизаны дайындоо жөнүндө токтом чыгарылганга чейин алар экспертиза жүргүзүүнү тапшырууга ниеттенген эксперттин инсандыгын, ошондой эле анын аталган тармактагы тажрыйбасын жана компетенттүүлүгүн тастыктоого, анын шектүү, айыпталуучу, жабырлануучу жана экспертизага дуушар болгон адам менен мамилесин тактоого, ошондой эле эксперттен баш тартууга негиздердин жоктугун текшерүүгө милдеттүү.
2. Зарыл маалыматтарды аныктагандан кийин тергөө судьясы, тергөөчү экспертизаны дайындоо жөнүндө токтом чыгарат, аны экспертке тапшырат, ага ушул Кодекстин 56-беренесинде каралган укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт, билип туруп жалган корутунду бергендиги үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги жөнүндө эскертет. Бул аракеттердин аткаруусу жөнүндө тергөө судьясы, тергөөчү экспертиза дайындоо жөнүндө токтомго белги коёт, ал эксперттин колун койдуруу менен күбөлөндүрүлөт.
3. Эксперт тарабынан жасалган билдирүүлөр жана анын өтүнүчтөрү экспертизаны дайындоо жөнүндө токтомдо көрсөтүлөт. Эксперттин өтүнүчүн четке кагуу жөнүндө экспертизаны дайындаган адам жүйөлөштүрүлгөн токтом чыгарат.
4. Эксперттин (эксперттердин) ага экспертизанын предметине тиешеси бар иштин материалдары менен таанышууга мүмкүндүк берүү жөнүндө; ага корутунду берүү үчүн зарыл болгон кошумча материалдарды берүү жөнүндө; башка тергөө аракеттерин жүргүзүүдө жана суракка алууда ишти чечүү үчүн мааниге ээ болгон экспертизанын предмети боюнча суракка алынып жаткандарга суроо берүүгө уруксат берүү жөнүндө өтүнүчтөрү милдеттүү түрдө канааттандырылууга тийиш.
186-берене. Экспертиза жүргүзүү үчүн адамдарды медициналык мекемеге жаткыруу
1. Эгерде соттук-медициналык же соттук-психиатриялык экспертизаны дайындоодо же жүргүзүүдө шектүүнү же айыпталуучуну стационардык изилдөөнүн зарылдыгы пайда болсо, анда ал медициналык же психиатриялык стационарга жаткырылышы мүмкүн.
2. Камакта жатпаган шектүү же айыпталуучу соттук-медициналык же соттук-психиатриялык экспертизалардан өтүү үчүн, ушул Кодексте белгиленген тартипте кабыл алынуучу соттук чечимдин негизинде медициналык же психиатриялык стационарга жаткырылат.
3. Саламаттык сактоо органдарынын карамагында турган медициналык же психиатриялык стационарда болуу камакта кармоо менен теңдештирилет. Мында соттук-медициналык же соттук-психиатриялык экспертиза жүргүзүүнүн мөөнөтү 30 суткадан ашпоого тийиш.
4. Адамдын медициналык стационарда жүрүү мөөнөтүн узартуу жөнүндө эксперттин же эксперттердин комиссиясынын өтүнүчү белгиленген мөөнөт аяктаганга чейин 7 суткадан кечиктирилбестен, стационар жайгашкан жери боюнча сотко берилүүгө тийиш. Судья өтүнүчтү алынган күндөн тартып 3 күндүн ичинде кароого жана өтүнүчтү канааттандыруу же канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө токтом чыгарууга милдеттүү, анын көчүрмөсү экспертке же эксперттер комиссиясына жөнөтүлөт. Медициналык стационарда адамдын болуу мөөнөтүн узартуудан судья баш тарткан учурда шектүү, айыпталуучу андан чыгарылып салынууга тийиш. Медициналык стационардын жетекчиси судья тарабынан берилген өтүнүч жана чыгарылган токтом жөнүндө стационарда болгон адамга, анын адвокатына, мыйзамдуу өкүлүнө, ошондой эле экспертиза дайындаган тергөөчүгө билдирүүгө милдеттүү.
5. Жабырлануучуну, күбөнү медициналык уюмга жаткырууга ушул Кодекстин 178-беренесинде каралган учурларды кошпогондо, алардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жол берилет. Эгерде аталган адамдын жашы жете элек болсо, жазуу жүзүндөгү макулдук мыйзамдуу өкүлү тарабынан берилет. Мыйзамдуу өкүл жок болгон учурда жазуу жүзүндөгү макулдук балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
6. Экспертиза дайындап, адамды медициналык стационарга мажбурлоо тартибинде жайгаштырган тергөөчү, тергөө судьясы бул жөнүндө анын жакын туугандарынын кимдир бирөөсүнө, жубайына же анын өтүнүчү боюнча башка адамдарга 24 сааттын ичинде билдирүүгө милдеттүү.
187-берене. Комиссиялык экспертиза
1. Комиссиялык экспертиза татаал эксперттик изилдөөлөрдү жүргүзүү зарылдыгы болгон учурларда дайындалат жана бир адистиктеги эки же андан ашык эксперт тарабынан жүргүзүлөт.
2. Адамдын акыл-эсинин жайындалыгы тууралуу маселе боюнча соттук-психиатриялык экспертиза жүргүзүү үчүн 3төн кем эмес эксперт дайындалат.
3. Тергөө судьясынын, тергөөчүнүн комиссиялык экспертиза жүргүзүү жөнүндөгү токтому эксперттик уюмдун жетекчиси үчүн милдеттүү. Эксперттик уюмдун жетекчиси комиссиялык экспертиза жүргүзүү жөнүндө чечимди өз алдынча кабыл алууга жана аны жүргүзүүнү уюштурууга укуктуу.
4. Комиссиялык экспертизаны жүргүзүүдө эксперттердин ар бири алардын алдына коюлган маселелерди чечүү зарылдыгына жараша эксперттик изилдөөнү толук көлөмдө, бирөөгө көз каранды болбостон жана өз алдынча жүргүзөт. Эксперттик комиссия алынган жыйынтыктарга биргелешип талдоо жүргүзөт жана жалпы пикирге келип, корутундуга же корутунду берүү мүмкүн эместиги жөнүндө билдирүүгө кол коёт.
5. Эксперттердин ортосунда пикир келишпестиктер келип чыккан учурда, алардын ар бири же эксперттердин бир бөлүгү өзүнчө корутунду берет же өзүнүн пикири комиссиянын калган мүчөлөрүнүн тыянактары менен дал келбеген эксперт өзүнүн пикирин корутундуда өзүнчө түзүп берет.
188-берене. Комплекстүү экспертиза
1. Комплекстүү экспертиза иш үчүн мааниге ээ болгон жагдайларды белгилөө үчүн түрдүү билим тармактарынын негизиндеги изилдөөлөр зарыл болгон учурда дайындалат жана өз компетенциясынын чегинде түрдүү адистиктеги эксперттер тарабынан жүргүзүлөт.
2. Комплекстүү экспертизанын корутундусунда ар бир эксперт кандай изилдөөлөрдү канча көлөмдө жүргүзгөндүгү жана кандай тыянактарга келгендиги көрсөтүлүүгө тийиш. Ар бир эксперт корутундунун өзүнүн изилдөөлөрү камтылган бөлүгүнө кол коёт.
3. Ар бир эксперт тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынын негизинде аны белгилөө үчүн экспертиза дайындалган жагдайлар жөнүндө жалпы тыянак (тыянактар) түзүлөт. Жалпы тыянак (тыянактар) экспертиза жүргүзгөн бардык эксперттер тарабынан түзүлөт жана кол коюлат. Эгерде комиссиянын акыркы тыянагынын негизи же анын бир бөлүгү болуп эксперттердин бири (өзүнчө эксперттер) тарабынан белгиленген фактылар саналса, анда бул жөнүндө корутундуда көрсөтүлүшү керек.
4. Эксперттердин ортосунда пикир келишпестиктер келип чыккан учурда, алардын ар бири же башкалар менен макул болбогон эксперт өзүнчө корутунду берет, анда ал жеке өзү изилдөөнүн кайсы бөлүгүн жүргүзгөндүгүн, ал кайсы фактыларды белгилегендигин, эмненин негизинде жана кандай тыянакка келгендигин көрсөтөт.
5. Эксперттик уюмга тапшырылган комплекстүү экспертиза жүргүзүүнү уюштуруу анын жетекчисине жүктөлөт. Эксперттик уюмдун жетекчиси ошондой эле комплекстүү экспертизаны жүргүзүү жана аны жүргүзүүнү уюштуруу жөнүндөгү чечимди өз алдынча кабыл алууга укуктуу.
189-берене. Кошумча жана кайталап жүргүзүлгөн экспертизалар
1. Кошумча экспертиза биринчи экспертизаны жүргүзүүдө алынган корутундунун тыянактары анчалык так же толук болбогондо, ошондой эле жаңы кошумча маселелерди чечүү зарылдыгы келип чыкканда дайындалат.
2. Кошумча экспертизаны жүргүзүү тигил же бул экспертке тапшырылышы мүмкүн.
3. Кайталап жүргүзүлгөн экспертиза эксперттин буга чейинки корутундусу жетиштүү түрдө негизделбесе, же анын тыянактары иштин факт жүзүндөгү жагдайларына карама-каршы келсе жана анын тууралыгына шектенүү болсо, же экспертизаны дайындоо жана жүргүзүү жөнүндө процессуалдык ченемдер олуттуу түрдө бузулган учурларда ошол эле объекттерди изилдөө жана ошол эле маселелерди чечүү үчүн дайындалат.
4. Кайталанган экспертизаны дайындоо жөнүндө токтомдо мурдагы экспертизанын натыйжалары менен макул болбоонун жүйөлөрү милдеттүү түрдө келтирилүүгө тийиш.
5. Кайталанган экспертизаны жүргүзүү башка экспертке же болбосо эксперттердин комиссиясына тапшырылат.
6. Кошумча жана кайталанган экспертизаларды жүргүзүү тапшырылганда экспертке (эксперттерге) мурдагы экспертизалардын корутундулары берилиши керек.
7. Эгерде эсеби боюнча экинчи же андан кийинки экспертиза бир нече негиздер боюнча дайындалган учурда, алардын бири кошумча экспертизага, ал эми башкасы кайталанган экспертизага таандык болот, мындай экспертиза кайталанган экспертизаны жүргүзүү эрежелери боюнча жүргүзүлөт.
190-берене. Экспертизанын объекттери
1. Экспертизанын объекттери болуп иш үчүн мааниси бар буюм далилдери, документтер, адамдын дене бою жана психикалык абалы, өлүктөр, жаныбарлар, үлгүлөр жана башка объектилер, ошондой эле кылмыш ишинин материалдарында камтылган экспертизанын предметине тиешелүү маалыматтар саналышы мүмкүн.
2. Эксперттик изилдөө объекттеринин аныктыгына жана жол берилгендигине экспертизаны дайындаган орган кепилдик берет.
3. Эгерде көлөмү жана касиеттери мүмкүндүк берсе, эксперттик изилдөө объекттери экспертке таңгакталган жана мөөр басылган түрдө берилет. Башка учурларда экспертизаны дайындаган адам экспертти изилдөө объекттери турган жерге алып келүүнү, аларга тоскоолдуксуз кирүүнү жана изилдөөнү жүргүзүү үчүн зарыл шарттарды камсыз кылышы керек.
4. Экспертизанын объекттерин колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.
191-берене. Салыштырып изилдөө үчүн үлгүлөрдү алуунун негиздери жана тартиби
1. Тергөөчү эгерде эксперттин алдына чечүүгө коюлган маселелер үчүн эксперттик изилдөөлөрдү жүргүзүү зарыл болсо, тирүү адамдын, өлүктүн, жаныбардын, өсүмдүктүн, предметтин, материалдын же буюмдун мүнөздүү касиеттерин чагылдырган үлгүлөрдү алууга укуктуу.
2. Үлгүлөрдү алуу жөнүндө жүйөлүү токтом чыгарылат, анда үлгүлөрдү ала турган адам; үлгүлөр алына турган адам (уюм); кандай үлгүлөр жана канча санда алынууга тийиш; үлгүлөрдү алуу үчүн адамдын качан жана кимге барууга тийиш экендиги; алар алынгандан кийин үлгүлөр качан жана кимге берилүүгө тийиш экендиги көрсөтүлүшү керек.
3. Үлгүлөр шектүүдөн, айыпталуучудан, жабырлануучудан, ошондой эле медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу боюнча өндүрүш жүргүзүлгөн адамдан алынышы мүмкүн. Шектүүдөн, айыпталуучудан, жабырлануучудан үлгүлөр алардын макулдугу менен алынышы мүмкүн, алар баш тарткан учурда тергөө судьясынын чечиминин негизинде андай үлгүлөр инсандын ар-намысын жана беделин урматтоого карата укуктарды бузуу менен байланышкан учурларда алынат.
4. Үлгүлөр күбөдөн анын макулдугу менен гана алынышы мүмкүн.
5. Адамдан төмөндөгү өзгөчөлүктөрү чагылдырылган үлгүлөр алынышы мүмкүн:
1) биологиялык – каны, чачы, шилекейи, денесинен чыккан суюктуктар;
2) психофизикалык – кол жазуусу;
3) анатомиялык – терисинин издери, тиш каптары, үнүнүн өзгөчөлүктөрү.
6. Өлүктү кароодо изилдөө үчүн материалдык үлгүлөр алынышы мүмкүн.
7. Тергөөчү өзүнө адамды чакыртып алат же ал турган жерге барат, аны токтом менен кол койдуруп же үлгүлөрдү алуу жөнүндө тергөө судьясынын токтому менен тааныштырат, ал адамга, эгерде алар берилген болсо, четтетүү жөнүндө маселени чечүү укугун жана милдеттерин түшүндүрөт. Андан кийин тергөөчү зарыл аракеттерди жүргүзөт жана эксперттик изилдөө үчүн үлгүлөрдү алат.
8. Тергөөчү жеке, ал эми зарыл болгондо врачтын, башка адистин катышуусу менен, эгерде бул үлгү алуу карама-каршы жыныстагы адамды жылаңачтоо менен байланышпаса жана өзгөчө кесиптик көндүмдөрдү талап кылбаса, үлгүлөрдү алууга укуктуу.
9. Үлгүлөрдү алуу эксперттик изилдөөлөрдүн бөлүгү болуп саналган учурларда, ал эксперт тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.
10. Үлгүлөр врач же адис тарабынан алынышы мүмкүн, бул үчүн тергөөчү аларга тиешелүү адамды, ошондой эле андан үлгүлөрдү алуу жөнүндө токтомду жөнөтөт.
11. Врач же башка адис эксперттик изилдөө үчүн зарыл аракеттерди жүргүзөт жана үлгүлөрдү алат. Үлгүлөр таңгакталат, үлгүлөрдү алган адамдын кол тамгасы менен күбөлөндүрүлөт жана иш анын өндүрүшүндө болгон тергөөчүгө жөнөтүлөт.
12. Өлүктөн үлгүлөрдү алуу аны кароодо жана эксгумациялоодо жүзөгө ашырылат.
13. Үлгү катары чийки заттардын, продукциялардын жана буюмдун тегин же жеке физикалык, же болбосо химиялык касиеттерин берүүчү башка материалдардын үлгүлөрү алынышы мүмкүн.
14. Изилдөө процессинде эксперт тарабынан эксперименталдык үлгүлөр даярдалышы мүмкүн, бул жөнүндө корутунду берилет. Тергөөчү мындай үлгүлөрдү даярдоого катышууга укуктуу, бул жөнүндө протоколдо чагылдырылат. Изилдөө жүргүзүлгөндөн кийин эксперт үлгүлөрдү өз корутундусуна таңгакталган жана мөөр басылган түрдө тиркейт.
15. Эгерде жаныбарлардан изилдөө үчүн үлгүлөрдү алуунун зарылдыгы келип чыкса, тергөөчү ветеринарга же башка адиске тиешелүү токтом жөнөтөт.
16. Үлгүлөрдү алуунун усулдары жана илимий-техникалык каражаттары адамдын өмүрү жана ден соолугу үчүн коопсуз болууга тийиш. Өтө оорута турган татаал медициналык жол-жоболорду же ыкмаларды колдонууга үлгүлөр алына турган ошол адамдын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жол берилет, ал эми эгерде ал жашы жете элек болсо же психикалык оорудан жапа чексе, анда анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугу менен алууга тийиш.
17. Алынган үлгүлөр таңгакталат жана мөөр басылат. Тергөөчү аларды үлгүлөрдү алуу протоколу менен бирге тиешелүү экспертке жөнөтөт.
192-берене. Үлгүлөрдү алуу протоколу
Прокурор, тергөөчү үлгүлөрдү алып, протокол түзөт, анда үлгүлөрдү алуу зарылдыгы кандай жагдайларга байланыштуу келип чыккандыгы жана кандай жагдайларды аныктоо үчүн изилдөө зарыл экендиги көрсөтүлөт, кандай ырааттуулукта алынса, ошондой ырааттуулукта үлгүлөрдү алуу үчүн көрүлгөн бардык аракеттер сүрөттөлөт, мында колдонулган илимий-изилдөө жана башка усулдар жана жол-жоболор көрсөтүлөт. Мында үлгүлөрдүн өздөрү таңгакталган жана мөөр басылган түрдө протоколго тиркелет.
193-берене. Эксперттин корутундусунун мазмуну, корутунду берүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө билдирүү
1. Зарыл изилдөөлөр жүргүзүлгөндөн кийин, эксперт (эксперттер) алардын натыйжаларын эске алып, өз атынан жазуу жүзүндө корутунду түзөт, аны өз койгон колу жана мөөрү менен күбөлөндүрөт же электрондук кол коюлган документ түрүндө корутунду түзөт, аны экспертиза дайындаган органга жиберет.
2. Корутундуда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) экспертиза жүргүзүүнүн датасы, убактысы жана орду;
2) экспертиза жүргүзүүнүн негиздери;
3) экспертиза дайындаган кызмат адамы;
4) эксперттик уюм, ошондой эле эксперт же соттук экспертизаны жүргүзүү тапшырылган эксперттер жөнүндөгү маалымат;
5) билип туруп жалган корутунду бергендиги үчүн кылмыш жоопкерчилиги жөнүндө эскертүү тууралуу эскертме;
6) экспертке же эксперттер комиссиясына чечүүгө коюлган маселелер;
7) изилдөө объекттери (алардын абалы, таңгакталышы, мөөр менен басылышы), материалдар, ошондой эле экспертиза жүргүзүү үчүн берилген эксперименттик үлгүлөр;
8) экспертиза жүргүзүүгө катышкан адамдар жөнүндө маалыматтар;
9) пайдаланылган ыкмаларды көрсөтүү менен изилдөөлөрдүн мазмуну жана натыйжалары;
10) эксперттин ою боюнча, коюлган кайсы маселелер анын атайын билим чектеринен чыгып кетүүдө;
11) ага коюлбаган маселелердин жүйөлөрү боюнча эксперт тарабынан белгиленген жагдайлар;
12) эксперттин алдына коюлган маселелер боюнча тыянактар жана алардын негиздемеси.
3. Эгерде экспертиза жүргүзүүдө эксперт ага коюлган маселелердин жүйөлөрү боюнча иш үчүн мааниси бар жагдайларды белгилесе, ал аларды изилдөөгө жана өз корутундусунда баа берүүгө укуктуу.
4. Кошумча экспертиза жүргүзүлгөн учурларда корутундуга алгачкы экспертизаны ким, качан жана кандай маселелер боюнча жүргүзгөндүгү чагылдырылат.
5. Кайталап экспертиза жүргүзүүдө корутундунун кириш бөлүгүнө аны дайындоонун негизи, анын ким тарабынан жүргүзүлгөндүгү, ошондой эле эксперттердин чечүүсүнө коюлган маселелер боюнча тыянактар көрсөтүлөт. Эгерде кайталап жүргүзүлгөн экспертизанын тыянактары мурдагы эксперттердин тыянактарын ырастаган учурларда, корутундуда эксперттердин тыянактарынын ортосундагы айырмалардын себептерин түшүндүргөн изилдөөлөрдүн жыйынтыктары келтирилүүгө тийиш.
6. Эгерде эксперт коюлган маселелер анын атайын билиминин чектеринен чыкканына же ага берилген материалдар жараксыз же корутунду берүү үчүн жетишсиз жана аткарылышы мүмкүн болбосо, же эгерде илимдин жана эксперттик практиканын абалы коюлган маселелерге жооп берүүгө мүмкүндүк бербегенине ишенсе, ал корутунду берүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө жүйөлүү билдирүү түзөт жана аны экспертиза дайындаган органга же адамга жөнөтөт.
7. Эксперттин корутундусун иллюстрациялоочу ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган тартипте күбөлөндүрүлгөн материалдар корутундуга тиркелет жана анын курамдык бөлүгү болуп саналат. Корутундуга ошондой эле изилдөөдөн кийин калган объекттер, анын ичинде үлгүлөр да тиркелүүгө тийиш.
194-берене. Экспертти суракка алуу
1. Тергөөчү, сот өз демилгеси боюнча же ушул Кодексте көрсөтүлгөн адамдын өтүнүчү боюнча төмөндөгүлөр зарыл болгон учурларда экспертти суракка алууга укуктуу:
1) атайын терминдер же корутундунун мазмунуна киргизилген баяндамалар боюнча түшүндүрмөлөрдү алуу;
2) тыянактардын жана изилдөө бөлүгүнүн ортосунда болгон айырмачылыктарды четтетүү;
3) изилдөөнүн пайдаланылган усулдары боюнча түшүндүрмөлөрдү берүү;
4) эксперттердин ортосунда келип чыккан пикир келишпестиктердин себептерине жүйө келтирүү;
5) кошумча изилдөөлөрдү талап кылбаган эксперттин корутундусундагы маселелерди аныктоо.
2. Экспертти аларга корутунду берилгенге чейин суракка алууга жол берилбейт.
3. Эксперт ушул экспертизанын предметине кирбеген маалыматтардын жүйөлөрү боюнча суракка алынышы мүмкүн эмес.
4. Экспертти суракка алуу протоколу ушул Кодекстин 199-беренесинин талаптарын сактоо менен түзүлөт.
195-берене. Айыпталуучуга, жабырлануучуга жана күбөгө эксперттин корутундусун берүү
1. Сотко чейинки өндүрүш бүткөнгө чейин корутунду берүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө эксперттин корутундусу же анын билдирүүсү экспертизанын тыянактары боюнча өз түшүндүрмөлөрүн жана каршы пикирлерин берүүгө укуктуу болгон айыпталуучуга, жабырлануучуга, ошондой эле экспертизага алынган күбөгө берилет. Андай өтүнүчтү канааттандырылган же баш тартылган учурда тергөөчү тиешелүү токтом чыгарат, өтүнүч берген адамга кол койдуруп билдирилет.
2. Эксперттин корутундусу менен таанышкандыгы жөнүндө протокол түзүлөт, анда жасалган билдирүүлөр жана каршы пикирлер чагылдырылат.
3. Ушул берененин эрежелери адамды айыпталуучу катарында жоопко тартканга чейин же жабырлануучу деп тааныганга чейин экспертиза жүргүзүлгөн учурларда да колдонулат.
25-глава. Сурак. Беттештирүү
196-берене. Суракка чакыруунун тартиби
1. Күбө, жабырлануучу, ошондой эле эркиндикте жүргөн шектүү же болбосо айыпталуучу суракка чакыруу кагазы аркылуу чакырылат. Анда ким жана кандай сапатта, кимге жана кайсыл дарекке чакырылып жаткандыгы; суракка келүүнүн убактысы (күнү, сааты), адвокатты чакыруу укугу, ошондой эле жүйөлүү себептерсиз келбей коюунун кесепеттери көрсөтүлүүгө тийиш.
2. Чакыруу кагазы чакырылып жаткан адамга кол койдуруу аркылуу берилет. Чакырылып жаткан адам жок болсо, чакыруу кагазы ага берүү үчүн анын үй-бүлөсүнүн жашы жеткен мүчөлөрүнүн бирине кол койдуруп алуу менен тапшырылат.
Адам суракка уюлдук, электр жана почта байланышынын башка каражаттарын пайдалануу менен чакырылышы мүмкүн. Уюлдук жана электр байланыш каражаттары аркылуу чакырылган адамдын суракка келбей коюусу алдырып келүү үчүн негиз болбойт.
3. Суракка чакырылуучу адам дайындалган мөөнөттө келүүгө же келбей калган себептери жөнүндө тергөөчүгө алдын ала билдирүүгө милдеттүү. Суракка чакырылган адам жүйөлүү себептерсиз келбеген учурда, мажбурлап алып келиниши мүмкүн.
4. Камакта кармалган адамдар камакта кармоочу жайдын администрациясы аркылуу суракка чакырылат.
5. Баланы күбө же жабырлануучу катары чакыруу анын ата-энеси же башка мыйзамдуу өкүлдөрү аркылуу жүргүзүлөт.
6. Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары көрсөтмө берүү үчүн аскер бөлүгүнүн командачылыгы аркылуу чакырылат. Калган аскер кызматчыларына карата суракка чакыруунун адаттагы тартиби колдонулат.
197-берене. Суракка алуу жайы жана убактысы
1. Сурак сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлгөн жер боюнча жүргүзүлөт. Тергөөчү муну зарыл деп тааныса, суракты суракка алынып жаткан адам турган жерде жүргүзүүгө укуктуу.
2. Суракка алуу 4 сааттан ашык үзгүлтүксүз жүрүшү мүмкүн эмес. Суракка алууну улантууга эс алуу жана тамак ичүү үчүн кеминде бир саатка тыныгуудан кийин жол берилет, мында суракка алуунун бир күндөгү жалпы узактыгы 8 сааттан ашпоого тийиш.
3. Медициналык көрсөтмөлөр болгондо суракка алуунун узактыгы врачтын корутундусунун негизинде белгиленет.
198-берене. Суракты жүргүзүүнүн жалпы эрежелери
1. Сурактын алдында тергөөчү суралып жаткан адамдын инсандыгы жөнүндө маалыматтарды аныктоого тийиш. Эгерде суралып жаткан адам иш боюнча териштирүү жүргүзүлүп жаткан тилде сүйлөрү шек туудурса, ал кайсы тилде көрсөтмө берүүнү каалай тургандыгы аныкталат.
2. Суракка чакырылган адамга анын ушул Кодексте каралган укуктары жана милдеттери түшүндүрүлөт, ал жөнүндө протоколго белги коюлат. Күбө же жабырлануучу катарында суракка чакырылган адамдар көрсөтмө берүүдөн баш тарткандыгы же четтегендиги, ошондой эле билип туруп жалган көрсөтмөлөрдү бергендиги үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгы жөнүндө эскертилет.
3. Дудук же дүлөй күбөнү, жабырлануучуну, шектүүнү, айыпталуучуну суракка алуу сурдокотормону билген адамдын катышуусу менен ишке ашырылат. Бул адамдын суракка катышуусу протоколдо чагылдырылат. Суралып жаткан адамда психикалык же башка оор оорусу болгон учурда, сурак врачтын уруксаты менен жана анын катышуусунда жүргүзүлөт.
4. Сурак суралып жаткан адамга белгилүү болгон иштин жагдайлары жөнүндө айтып берүүнү сунуш кылуудан башталат. Эгерде суралып жаткан адам ишке такыр эле тиешеси жок жагдайлар жөнүндө айтса, ага буга көрсөтмө берилет.
5. Эркин аңгемелешүүдөн кийин суралып жаткан адамга көрсөтмөлөрдү тактоого жана толуктоого багытталган суроолор берилиши мүмкүн. Ошондой эле эркин аңгемелешүүдөн кийин суралып жаткан адам өзүнүн көрсөтмөсүн өз колу менен жазып берүүгө укуктуу. Суралып жаткан адам көрсөтмөсүн өз колу менен жазып, ага кол койгондон кийин тергөөчү толуктоочу жана тактоочу суроолорду берет. Багыттама суроолорду берүүгө тыюу салынат.
6. Ар кандай берилүүчү суроолор тергөө этикасынын талаптарына шайкеш келүүгө тийиш. Суроолор так, түшүнүктүү, кыска болууга тийиш, тергөөчүнүн ырастоолорун жана баалоолорун камтууга тийиш эмес. Суракка алууда күч колдонуу, кыйноо, коркутуу же башка мыйзамсыз таасир көрсөтүү чараларын колдонуу мыйзам менен белгиленген кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келет.
7. Эгерде көрсөтмөлөр эстеп калууга кыйын болгон цифралык маалыматтар же башка маалыматтар менен байланыштуу болсо, суралып жаткан адам документтерди жана жазууларды пайдаланууга укуктуу, алар суралып жаткан адамдын өтүнүчү же макулдугу боюнча протоколго тиркелиши мүмкүн.
8. Эгерде сурактын жүрүшүндө суралып жаткан адамга буюм далилдери жана документтер көрсөтүлүп, башка тергөө аракеттеринин протоколдору айтылып жана башка тергөө аракеттеринин аудио жана (же) видеожазууларынын материалдары коюлууга, анда суракка алуунун протоколунда бул жөнүндө тиешелүү жазуу түшүрүлөт. Мында протоколдо суралып жаткан адамдын көрсөтмөлөрү, коюлган далилдер, жарыя кылынган протоколдор, тергөө аракеттеринде коюлган аудио жана (же) видеожазуулар боюнча маалыматтар чагылдырылат.
9. Суракта мыйзамды бузуу менен алынган далилдерди көрсөтүүгө жол берилбейт.
10. Адам мыйзамда тикелей тыюу салынган жүйөлөр боюнча же аны, жакын туугандарын, жубайын кылмыш жасоого шектенүү, айыптоо үчүн негиз болушу мүмкүн болгон, ошондой эле атайын тергөө аракеттерин жүргүзгөн адамдарга жана сотко чейинки өндүрүш органдары менен жашыруун кызматташып жатат деген адамдарга карата жагдайлар боюнча суроого жооп бербөөгө укуктуу.
11. Бир эле кылмыш иши боюнча чакырылуучу адамдар өз-өзүнчө суракка алынат, тергөөчү алар ар бири менен өзүнчө сурак жүргүзгөнгө чейин өз ара пикир алышпоосу үчүн чара колдонот.
12. Дипломатиялык кол тийбестик укугуна ээ болгон адамдар алардын өтүнүчү же алардын макулдугу боюнча гана суракка алынат.
13. Зарыл болгон учурларда кошумча же кайталап суракка алуу жүргүзүлүшү мүмкүн.
Кошумча суракка алуу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- суракка алуунун узактыгы суракка алынган адамдын иштин ага белгилүү болгон бардык жагдайлары жөнүндө көрсөтмө бериши үчүн жетишсиз болуп калса;
- суракка алынган адам иштин жагдайлары боюнча мурда берген көрсөтмөлөрүн толуктоону каалагандыгын билдирсе;
- иштин жагдайлары боюнча ал мурда берген көрсөтмөлөрүн тактоонун же толуктоонун зарылдыгы келип чыкса.
Кайталап суракка алуу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- мурда суракка алынган адамга карата иш үчүн олуттуу жаңы маселелер келип чыкса;
- суракка алынган адам мурда берген көрсөтмөлөрүн өзгөртүүнү каалагандыгын билдирсе;
- биринчи суракка алууда көрсөтмөлөрдү берүүдөн баш тарткан учурда, шектүүнүн, айыпталуучунун өзүнүн өтүнүчү боюнча.
14. Сурак үзгүлтүккө учураганда, протоколдо анын себеби чагылдырылат, ал суралып жаткан адамдын, ага катышкан адамдардын жана тергөөчүнүн коюлган колдору менен күбөлөндүрүлөт.
199-берене. Сурак протоколу
1. Сурактын жүрүшү жана натыйжалары ушул Кодекстин 170 жана 171-беренелеринин талаптарын сактоо менен түзүлгөн протоколдо чагылдырылат. Көрсөтүүлөр биринчи жактан жана мүмкүн болушунча сөзмө-сөз жазылып алынат. Суроолор жана аларга берилген жооптор суракта болгон ырааттуулукта жазылат. Протоколдо суракка катышкан адамдардын тергөөчү тарабынан четке кагылган же суралып жаткан адам жооп берүүдөн баш тарткан суроолор да четке кагуунун же баш тартуунун жүйөлөрүн көрсөтүү менен чагылдырылууга тийиш.
2. Биринчи сурактын протоколунда суралып жаткан адамдын инсандыгы жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт, анын ичинде аты-жөнү, туулган датасы жана жери, жарандыгы, улуту, билими; үй-бүлөлүк абалы жана анын үй-бүлөсүнүн курамы, иштеген жери, иши же кызмат орду, жашаган жери, ошондой эле ушул Кодекстин 170-беренесиндеги эрежелерге ылайык иштин жагдайлары боюнча зарыл болушу мүмкүн болгон башка маалыматтар көрсөтүлөт. Шектүүнү суракка алуу протоколунда соттуулугунун бар экендиги же соттуулугу жоктугу жөнүндө маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш. Кийинки суракка алууларда суралып жаткан адамдын инсандыгы жөнүндө маалыматтарды, эгерде алар өзгөртүлбөсө, анын фамилиясын, атын, атасынын атын көрсөтүү менен чектесе болот.
3. Суралып жаткан адам тарабынан схемалар, чиймелер, сүрөттөр, диаграммалар жасалышы мүмкүн, алар протоколго тиркелет, ал жөнүндө протоколго белги коюлат.
4. Сурак аяктагандан кийин протокол окуп чыгуу үчүн суралып жаткан адамга көрсөтүлөт же анын өтүнүчү боюнча окуп берилет. Суралып жаткан адамдын протоколго толуктоолорду жана тактоолорду киргизүү жөнүндө талабы милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
5. Көрсөтмөлөрү жана алардын жазылышынын тууралыгы менен таанышуу фактысы суралып жаткан адамдын протоколдун аягына койгон колу менен күбөлөндүрүлөт. Суралып жаткан адам тарабынан протоколдун ар бир барагына да кол коюлат. Суралып жаткан адам протоколго кол коюудан баш тарткан учурда тергөөчү баш тартуунун себептерин тактайт, аны протоколго киргизет жана протоколду өзүнүн кол коюусу менен күбөлөндүрөт.
6. Эгерде протокол айыпталуучу, шектүү, күбө жана жабырлануучу эркин сүйлөбөгөн тилде түзүлсө, анда ал оозеки түрдө котормочу тарабынан которулат, ал жөнүндө протоколдун аягында көрсөтүлөт жана сот өндүрүшүнүн тилинде жана суралып жаткан адам билген тилде, оозеки котормонун анын көрсөтмөлөрүнө дал келишин ырастаганы тууралуу жазуу жүргүзүлөт. Бул учурларда сурак протоколуна түзөтүүлөрдү жана суралып жаткан адам билген тилден сот өндүрүшүнүн тилине котормонун тууралыгы жөнүндө толуктоолорду киргизүү котормочунун кол коюусу менен ырасталат.
7. Эгерде суракка сурдокотормо билген адам котормочу катары катышса, анда ал ар бир баракка жана бүтүндөй протоколго кол коёт.
200-берене. Суракта үн жана видео жазууну колдонуу
1. Тергөөчүнүн чечими боюнча шектүүнү, айыпталуучуну, жабырлануучуну же күбөнү суракка алууда үн-жана видео жазуу колдонулушу мүмкүн. Үн жана видео жазуу ошондой эле адвокаттын, шектүүнүн, айыпталуучунун, жабырлануучунун жана күбөнүн өтүнүчү боюнча да колдонулушу мүмкүн.
2. Үн жана видео жазып алууларды (жазып алуулардын техникалык каражаттарын) колдонуу төмөнкүлөрдү суракка алуу учурларында милдеттүү болуп саналат:
1) балдарды;
2) суракка алуунун протоколундагы өз көрсөтмөлөрүнүн жазууларын окуй ала турган абалда болбогон азиз, сабатсыз, билими аздарды;
3) котормочу аркылуу суракка алынган адамдарды;
4) өзгөчө оор кылмыштар жөнүндөгү иш боюнча шектүүлөрдү, айыпталуучуларды;
5) эксперт-психиатрлар тарабынан изилдөөгө муктаж адамдарды;
6) шектүүлөрдүн, айыпталуучулардын кылмыш жасагандыгы жөнүндө моюнга алуу көрсөтмөлөрүн берүүдө.
3. Тергөөчү үн жана видео жазып алууларды жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алып, бул жөнүндө сурак башталганга чейин суракка алынуучуга билдирет.
4. Үн жана видео жазып алуулар суракка алуунун бүткүл жүрүшүн чагылдырууга тийиш. Суракка алуу бөлүгүнүн үн жана видео жазып алуулары, ошондой эле ошол эле суракка алуунун жүрүшүндөгү маалыматтарды жазып алуу үчүн атайын көрсөтмөлөрдүн кайталанылышына жол берилбейт.
5. Сурак аяктагандан кийин үн жана видеожазуу суралып жаткан адамга толугу менен уктурулат. Көрүү же угуу аяктагандан кийин суралып жаткан адамдын өзү айткандарга кошумчасы бар же жок экендиги, анын жазуунун тууралыгын күбөлөндүрө тургандыгы аныкталат. Суралып жаткан адамдын үн жана видеожазууга кошумчаланган көрсөтмөлөрү да фонограмма менен видеограммага киргизилет. Үн жана видеожазуу суралып жаткан адамдын алардын тууралыгын күбөлөндүргөн билдирүүсү менен аяктайт.
6. Үн жана видео жазууну колдонуу менен сурактын жүрүшүндө алынган көрсөтмөлөр ушул Кодекстин эрежелерине ылайык сурак протоколуна киргизилет. Сурак протоколунда үн жана видео жазууну колдонуу жөнүндө жана бул тууралуу суралып жатканга кабарлангандыгы жөнүндө; техникалык каражаттар, үн жана видео жазуунун шарттары жөнүндө маалыматтар; үн жана видео жазууну колдонуу боюнча суралып жаткан адамдын билдирүүсү; протоколдун жана үн жана видео жазуунун тууралыгын суралып жаткан адам менен тергөөчүнүн ырастоосу камтылууга тийиш. Фонограммалар жана видеограммалар иш учурунда сакталып, мөөр коюлуп бекитилет.
201-берене. Видео байланыш (дистанциялык суракка алуу) режиминде техникалык каражаттарды пайдалануу менен суракка алуунун өзгөчөлүктөрү
1. Жабырлануучуну, күбөнү суракка алуу, ал жүргөн аймактагы же жашаган жериндеги сотко чейинки өндүрүштүн органына чакыруу менен видео байланыш (дистанциялык суракка алуу) режиминде техникалык каражаттарды пайдалануу менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Дистанциялык суракка алуунун жүрүшүндө түз алып көрсөтүүнүн процессуалдык аракетинин катышуучулары суралып жаткан адамдын көрсөтмөлөрүн түздөн-түз кабыл алышат.
2. Дистанциялык суракка алуу төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:
1) адамдын сотко чейинки өндүрүш органына кылмыш иши териштирилген жерде ден соолугунун абалы же башка жүйөлүү себептер боюнча түздөн-түз келүү мүмкүнчүлүгү жок болгондо;
2) ишти соттук кароодо адамдын коопсуздугун камсыздоо зарыл болгондо.
3. Дистанциялык суракка алууну жүргүзүү жөнүндө чечим өз демилгеси боюнча же процесстин катышуучуларынын өтүнүчү боюнча иш анын өндүрүшүндө болгон тергөөчү тарабынан кабыл алынат, бул жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн токтом чыгат.
4. Дистанциялык суракка алууда техникалык каражаттарды жана технологияларды пайдалануу көрсөтүүнүн жана үндүн талаптагыдай сапатын, ошондой эле маалыматтык коопсуздукту камсыз кылууга тийиш. Сурактын катышуучуларына дистанциялык суракка алууга катышкан адамдарга суроолорду берүү жана жооп алуу мүмкүнчүлүгү камсыз кылынууга тийиш.
5. Видео байланыш режиминде өткөрүлгөн суракка алуунун жүрүшү жана натыйжалары анын аймагында суралып жаткан жүргөн ошол райондун тергөөчүсү тарабынан түзүлгөн протоколдо ушул Кодекстин 170-беренесинин талаптарына ылайык чагылдырылат. Дистанциялык суракка алуунун протоколунда дистанциялык суракка алууну видеого жазып алуулар техникалык каражаттардын жардамы менен жүргүзүлгөндүгү жөнүндө белги коюлат. Суракка алуунун жүрүшүндө келип чыккан техникалык бузулуулар протоколго киргизилет. Протоколго толуктоону же тактоону киргизүү боюнча суракка алынуучу койгон талап милдеттүү аткарылууга тийиш. Протоколго кол коюлгандан кийин, ал 24 сааттын ичинде аталган иш анын өндүрүшүндө болгон тергөөчүгө жөнөтүлөт.
6. Адамдын коопсуздугун камсыз кылуу максатында анын өтүнүчү боюнча таанып коюуну жокко чыгарган өңүн жана үнүн өзгөртүү менен видео байланыш режиминде суракка алынышы мүмкүн.
202-берене. Күбөнү жана жабырлануучуну суракка алуунун тартиби
1. Бир эле иш боюнча чакырылган күбөлөр жана жабырлануучулар өз-өзүнчө жана башка күбөлөр менен жабырлануучуларды катыштырбастан суракка алынат. Тергөөчү бир иш боюнча күбөлөр жана жабырлануучулар өз ара сүйлөшө албагыдай болушу үчүн чараларды көрөт.
2. Сурактын алдында тергөөчү күбөнүн жана жабырлануучунун инсандыгын билет, алардын шектүүгө карата мамилесин аныктайт, аларга процессуалдык укуктары жана милдеттери жөнүндө түшүндүрөт, көрсөтмөлөрдү берүүдөн баш тарткандыгы же качкандыгы үчүн жана билип туруп жалган маалыматтарды бергендиги үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгы тууралуу эскертет.
Мында тергөөчү күбө же жабырлануучу өздөрүн же жакын туугандарын, жубайын кылмыш жасоого айыптаган көрсөтмөлөрдү берүүдөн баш тартууга укуктуу экендигин түшүндүрүүгө милдеттүү. Күбөгө же жабырлануучуга укуктары жана милдеттери, көрсөтмө берүүдөн баш тарткандыгы же четке каккандыгы үчүн жоопкерчилик жөнүндө, ошондой эле билип туруп жалган көрсөтмө бергендиги үчүн жоопкерчилик жөнүндө протоколго белги коюлат, ал суралып жаткан адамдын кол коюусу аркылуу күбөлөндүрүлөт.
3. Суракка катышкан күбөнүн адвокаты ушул Кодекстин 53-беренесинде каралган укуктарды колдонот.
4. Күбөнү же жабырлануучуну суракка алуу ушул Кодекстин 198-беренесинде каралган эрежелер боюнча жүргүзүлөт.
203-берене. Баланы күбө же жабырлануучу катары суракка алуунун өзгөчөлүктөрү
1. Баланы күбө же жабырлануучу катары суракка алууда анын ата-энеси же мыйзамдуу өкүлдөрү чакырылат, ал эми алар жок болгон учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери чакырылат. 14 жаш куракка чейинки баланы күбө же жабырлануучу катары суракка алууда психолог же педагог да чакырылат.
2. 16 жашка чейинки курактагы күбөлөр жана жабырлануулар көрсөтмө берүүдөн баш тарткандыгы жана атайылап жалган көрсөтмөлөрдү бергендиги үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертилбейт. Мындай күбөлөргө жана жабырлануучуларга процессуалдык укуктарды жана милдеттерди түшүндүрүүдө аларга чындыкты гана айтуунун зарылдыгы көрсөтүлөт. Балага алардын өздөрүнүн же жакын туугандарынын жасаган кылмыштарынын бетин ачкан көрсөтмөлөрдү берүүдөн баш тартууга укуктуулугу түшүндүрүлөт. Укуктарынын жана милдеттеринин түшүндүрүлүшү жөнүндө протоколго белги коюлат, ал күбөнүн же жабырлануучунун, ошондой эле алардын кызыкчылыктарын билдирген адамдардын колун койдуруу менен күбөлөндүрүлөт.
3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн суракка катышып жаткан адамдарга суралып жаткандардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулушу жөнүндө протоколго киргизиле турган пикирлерди айтууга, ошондой эле тергөөчүнүн уруксаты менен суралып жаткан адамга суроолорду берүү укугу түшүндүрүлөт. Тергөөчү суроону четке кагууга укуктуу, бирок аны протоколго киргизүүгө жана четке кагуунун себебин көрсөтүүгө тийиш.
204-берене. Беттештирүү
1. Тергөөчү көрсөтмөлөрүндө олуттуу карама-каршылыктары бар мурда суралган эки адамга беттештирүү жүргүзүүгө укуктуу.
2. Ушул Кодексте каралган учурларда беттештирүүгө эксперт, адвокат, педагог, психолог, врач, котормочу жана суралып жаткан адамдын мыйзамдуу өкүлү катыша алышат.
3. Беттештирүү жүргүзүүдө, эгерде суралып жаткандардын бирөөсү эле бала болсо, анын ата-энеси же мыйзамдуу өкүлдөрү катышат, ал эми алар жок болгон учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери чакыртылат. Күбө же жабырлануучу болуп саналган 14 жашка чейинки курактагы баланын катышуусу менен беттештирүү жүргүзүүгө психолог же педагог да чакырылат.
4. Беттештирүүнүн алдында тергөөчү анын катышуучуларынын укуктарын жана милдеттерин, ошондой эле ушул тергөө аракеттерин жүргүзүүнүн тартибин аларга түшүндүрөт. Эгерде беттештирүү күбөнүн жана жабырлануучунун катышуусунда жүргүзүлсө, аларга көрсөтмө берүүдөн баш тарткандыгы же четке каккандыгы үчүн жана билип туруп жалган көрсөтмөлөрдү бергендиги үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертилет, бул тууралуу протоколго белги коюлат.
5. Тергөөчү беттештирилип жаткан адамдардын ортосунда бири-бирин биле тургандыгын жана өз ара кандай мамиледе экендигин ачыктайт. Беттештирүүгө чакырылган катышуучуларга аларды ачыктоо үчүн беттештирүү жүргүзүлүп жаткан ошол жагдайлар боюнча кезеги менен көрсөтмө берүүсү сунушталат. Аларды суракка алуунун ырааттуулугу тергөөчү тарабынан аныкталат. Көрсөтмөлөр берилгенден кийин суралып жаткандардын ар бирине тергөө органынын кызмат адамы суроо бере алат. Беттештирүү жүргүзүлгөн адамдардын ортосунда тергөөчүнүн уруксаты менен бири-бирине суроо берилиши мүмкүн, бул жөнүндө протоколдо белгиленет.
6. Беттештирүү жүргүзүүдө тергөөчү ишке тиркелген буюм далилдерин жана документтерди көрсөтүүгө укуктуу.
7. Беттештирүүгө катышкандардын мурдагы сурактардын протоколдорунда камтылган көрсөтмөлөрүн окуп берүүгө, ошондой эле бул көрсөтмөлөрдүн үн жазууларын уктурууга жана видео жазмаларын көрсөтүүгө, алар беттештирүүдө көрсөтмө бергенден кийин жана алар протоколго жазылгандан кийин гана жол берилет.
8. Шектүү же айыпталуучу тараптан башка катышуучуну опузалоо, коркутуу же болбосо башка мыйзамсыз аракеттер менен беттештирүүнү үзгүлтүккө учуратууга аракет жасалган учурда, тергөөчү муну протоколдо көрсөтүү менен ушул тергөө аракетин жүргүзүүнү токтотууга милдеттүү.
9. Беттештирүүнүн протоколунда суралып жаткан адамдардын көрсөтмөлөрү алар кандай кезекте берилсе, ошондой жазылат. Беттештирүүнүн ар бир катышуучусу өзүнүн көрсөтмөсүнө, ошондой эле протоколдун ар бир барагына өзүнчө кол коёт.
26-глава. Көрсөтмөлөрдү депонирлөө
205-берене. Жабырлануучунун, күбөнүн көрсөтмөлөрүн депонирлөөнүн негизи
1. Адвокаттын жана жактоочу тараптын процесске катышуучуларынын өтүнүчү боюнча тергөөчү судья сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө жабырлануучуну, күбөнү аларга кылмыш иши боюнча белгилүү болгон жагдайлар жөнүндө суракка алат. Адвокат жана жактоочу тараптын процесске катышуучулары депонирлөө жөнүндө өтүнүч менен сотко түздөн-түз кайрылат.
2. Эгерде ишти маңызы боюнча кароодо сотко чейинки өндүрүштө же болбосо соттук отурумда жабырлануучуну, күбөнү бир топ кечиктирип суракка алуу жабырлануучунун, күбөнүн жашоосу жана ден соолугу үчүн коркунучка, катуу оорушуна, алардын алдыда боло турган чет жакка чыгуусуна же Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары туруктуу жашап турушуна байланышкан объективдүү себептерден улам мүмкүн болбойт деп эсептөөгө негиздер болгон өзгөчө учурларда, мындай жабырлануучу, күбө тергөөчүнүн өтүнүчү боюнча тергөө судьясы тарабынан суракка алынышы мүмкүн.
206-берене. Жабырлануучунун, күбөнүн көрсөтмөлөрүн депонирлөө жөнүндө тергөөчүнүн өтүнүчүн кароо тартиби
1. Далилдерди депонирлөө зарыл болгондо тергөөчү көрсөтмөлөрдү депонирлөө жөнүндө тергөө судьясынын алдында өтүнүч берет. Тергөөчү жабырлануучунун, күбөнүн көрсөтмөлөрүн депонирлөөнүн зарылдыгын тастыктаган материалдарды кайрылууга тиркейт.
2. Тергөө судьясы өтүнүчтү алган учурдан тартып 3 сутканын ичинде карайт жана анын жыйынтыктары боюнча тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандыруу же аны канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө жүйөлүү токтом чыгарат. Өтүнүч канааттандырылган учурда судья 3 суткадан кечиктирбестен сурак жүргүзөт, бул жөнүндө прокурорго, адвокатка жана жактоочу тараптан процесстин катышуучусуна кабарланат.
3. Көрсөтмөлөрдү депонирлөө жөнүндө өтүнүчтү канааттандыруудан баш тарткандыгы жөнүндө тергөө судьясынын токтому апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн.
4. Тергөө судьясынын өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартуусу көрсөтмөлөрдү депонирлөө жөнүндө өтүнүчтөрдү сотко жөнөтүү үчүн негиздердин бар экендигин көрсөткөн жагдайлар келип чыккан учурда тергөөчүгө кайталап кайрылууга жолтоо болбойт.
207-берене. Жабырлануучуну, күбөнү соттук отурумда суракка алуу тартиби
1. Жабырлануучуну, күбөнү суракка алуу сотко чейинки өндүрүштүн жери же катуу оорулуу жабырлануучунун, күбөнүн турган жери боюнча көрсөтмөлөрдү депонирлөө жөнүндө өтүнгөн адамдардын катышуусунда соттук териштирүү мезгилинде жабырлануучуну, күбөнү суракка алуу ушул Кодекстин 327 жана 328-беренелеринде каралган эрежелерди сактоо менен соттук отурумда тергөө судьясы тарабынан жүргүзүлөт.
2. Эгерде айыпталуучунун суракта катышуусу жабырлануучунун, күбөнүн коопсуздугуна коркунуч келтирсе, ал суракка чакырылбайт. Көрсөтмөлөрдү депонирлөөгө адамдарды чакырууну тергөө судьясы уюштурат. Айыпталуучунун адвокаты адамдын суракка келүүсүн камсыз кылууга жардам көрсөтүү жөнүндө тергөө судьясынын алдында өтүнүч бере алат.
3. Жабырлануучуну, күбөнү суракка алуу, эгерде суракка алуу жүргүзүлгөн учурда ушул кылмыш иши боюнча бир дагы адам кылмыш жасоого шектүү катары кармалбаса жана айыпталуучу катарында жоопко тартылбаса, коргоочу тараптын катышуусу жок эле ушул берененин эрежелери боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.
4. Тергөө судьясы коргоочу тараптын өтүнүчү боюнча өткөрүлүүчү соттук отурумга жабырлануучуну, күбөнү суракка алуунун алкагында тергөөчүнү чакыра алат.
5. Чакыруу кагазын алган айыпталуучунун келбей калышы суракка алууну жүргүзүүгө жолтоо болбойт. Эгерде чакырууну алган прокурор же адвокат жүйөлүү себептер боюнча келбесе жана бул жөнүндө сотко алдын-ала билдирсе, суракка алууну жүргүзүүгө жол берилбейт. Эгерде суракка алууну жүргүзүү жөнүндө өтүнгөн процесстин катышуучусу суракка келбесе же ал суракка алууну өтүнгөн адамды тергөө судьясына жеткирип бербесе, суракка алуу жүргүзүлбөйт.
6. Катуу оорулуу жабырлануучуну, күбөнү суракка алуу үчүн көчмө соттук отурум өткөрүлүшү мүмкүн.
7. Суракка алуунун жүрүшүндө (жабырлануучу жана күбө) балдарга психикалык жаракат келтирүүчү таасир көрсөтүүгө жол бербөө максатында, алардын мыйзамдуу өкүлүнүн, адвокатынын, тергөөчүнүн өтүнүчү боюнча алар тергөө судьясы тарабынан суракка алынышы мүмкүн.
8. Суракка алуу аяктагандан кийин тергөө судьясы жабырлануучунун, күбөнүн көрсөтмөлөрүн депонирлөө жөнүндө соттук отурумдун протоколун кылмыш ишинин материалдарына тиркөө үчүн тергөөчүгө жөнөтөт.
208-берене. Көрсөтмөлөрдү депонирлөөнүн кесепеттери
1. Ушул Кодекстин 207-беренесинде каралган тартипте суракка алынган жабырлануучу, күбө ишти маңызы боюнча кароодо кайталап суракка алынбайт.
2. Ишти маңызы боюнча кароодо жабырлануучуну, күбөнү кайталап суракка алууга алардын көрсөтмөлөрүн тактоо же сотко чейинки өндүрүштө тергөө судьясы тарабынан суракка алуунун жүрүшүндө ачыкталбаган кырдаалдар боюнча зарылчылык келип чыккан учурда жол берилет.
27-глава. Таануу
209-берене. Таануу үчүн көрсөтүү
1. Таануу үчүн көрсөтүү тааный турган адамдын эс тутумунда мурда калган, анын оюндагы образ боюнча көрсөтүлүүчү объекттин айырмасын же окшоштугун аныктоодон турат. Тааный тургандар күбөлөр, жабырлануучулар, шектүүлөр, айыпталуучулар болушу мүмкүн. Адамдар, адамдын өлүгү жана анын бөлүктөрү, предметтер, жаныбарлар, жайлар жана жергиликтүү участоктор таануу объекттери болуп саналат.
2. Төмөнкүдөй учурларда таануу жүргүзүлбөйт:
1) таануучунун таанууга тоскоолдук кылуучу дене-боюнда кемчиликтери болсо;
2) таанылуучу объекттин аны таанууга мүмкүндүк берүүчү касиеттери жок болсо;
3) тааный турган адам башка процессуалдык аракеттерге катышып, анын жүрүшүндө тиешелүү объектти кабылдаган болсо;
4) тааный турган адам сотко чейинки өндүрүшүнүн жүрүшүндө таануу объектисин мурда эле билсе;
5) тааный турган адам таануу объектисин мурдатан жакшы билсе жана ушул объекттин индивидуалдуулугуна шек жаратпаган белгилерди так атап берсе;
6) анын окшоштугун айкын белгилөөчү объект жөнүндө маалыматтар болсо.
3. Адамды же предметти ошол эле таанылган же ошол эле белгилер боюнча кайталап таануу жүргүзүлбөйт.
4. Объект төмөнкүдөй учурларда сүрөтү боюнча таануу үчүн көрсөтүлөт:
1) эгерде мындан ары жаратылышта объект жок болсо;
2) объекттин тышкы түрү өзгөрсө, ал эми аны реконструкциялоо мүмкүн болбосо же максатка ылайыктуу болбосо;
3) объект жана тааный турган адам бири-биринен алыс болсо жана аларды бир жерге транспорт менен алып баруу максатка ылайыктуу эмес болсо же мүмкүн болбосо.
5. Таануучу төмөндөгүлөр боюнча алдын ала суракка алынат:
1) тиешелүү адамга же предметке ал байкоо жүргүзгөн жагдайлар жөнүндө;
2) ал мурда аталган объектти кабылдагандыгы жөнүндө;
3) таануучу таанылып жаткан объекттин мүнөзүнө жана толук кабылдоосуна таасир этүүсү мүмкүн болгон сезүү же психика органдарынын кандайдыр бир деффектилери жоктугун;
4) ал тааный ала турган белгилер жана өзгөчөлүктөр жөнүндө.
6. Таануу үчүн бир эле учурда тааный турган бир адамга бир нече таанылуучу адамды көрсөтүүгө, ошондой эле таануу үчүн адамды бир эле учурда бир нече тааный тургандарга көрсөтүүгө тыюу салынат.
7. Адамдарды же предметтерди таануу башка орун-жайдан көрсөтүү менен видео конференция режиминде жүргүзүлүшү мүмкүн.
210-берене. Таануу үчүн көрсөтүүнүн тартиби
1. Адамды таануу үчүн көрсөтүүнү баштоонун алдында тергөөчү тааный тургандан ошол адамдын кебетеси жана белгилери жөнүндө сурайт, бул жөнүндө таануу үчүн көрсөтүү протоколуна белги коюлат. Эгерде адам тааный турган белгилерди атай албаса, бирок аны башка белгилери боюнча тааный ала тургандыгын билдирсе, анда протоколдо кайсы башка белгилери боюнча тааный тургандыгы көрсөтүлөт. Таануучуга таануу үчүн көрсөтүлө турган адамды алдын ала көрсөтүүгө жана анын белгилери жөнүндө башка маалыматтарды берүүгө тыюу салынат.
2. Таануу үчүн көрсөтүүдө таануучуга таанылуучуларды көңүл буруп карап чыгуу үчүн мүмкүндүктү камсыз кылуучу шарттарда жүргүзүлүшү керек, атап айтканда: таануучуга таанылуучуларды кылдаттык менен карап чыгуу үчүн жетиштүү убакыт берүү; таануучунун талабы боюнча таанылуучуларды белгилүү бир абалда жайгаштыруу.
3. Алардын арасында таанылуучу адам бар болгон башка адамдардын тергөө аракетине катышуусу таануучу аларды билип туруп тааныбаган шартта алардын ыктыярдуу макулдугу менен гана мүмкүн. Алардын арасында таанылуучу адам бар болгон чакырылган адамдарга тергөө аракеттеринин максаттары жана тартиби, алардын укуктары жана милдеттери түшүндүрүлөт.
4. Таанылуучу адам ошол эле жыныстагы башка адамдар менен бирге таануучу адамга көрсөтүлөт, алар 3 төн эмес болушу керек жана жаш курагында, кебетесинде жана кийиминде кескин айырмачылыктарга ээ болбошу керек. Адамды таануу үчүн көрсөтөрдүн алдында ага таануучу адам жок кезде башка көрсөтүлүүчү адамдардын арасында каалаган жерге туруусу сунушталат.
5. Эгерде таануучу адам күбө же жабырлануучу болсо, ага көрсөтмө берүүдөн баш тартуу үчүн, билип туруп жалган көрсөтмө берүүсү үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылары эскертилет, анын өзүнө, жубайына жана жакын туугандарына каршы күбө бербөө укугу түшүндүрүлөт.
6. Таануучу адамга көрсөтүлгөн адамдарды карап чыгуу жана ал кимдир бирөөнү таанып жаткандыгын, эгерде тааныса, кайсы белгилери боюнча тааныгандыгын түшүндүрүп берүү сунушталат.
7. Таануучу адамдын коопсуздугун камсыз кылуу максатында таанылуучу адам аны таануучу адамды көрбөгөн жана укпаган шарттарда, башкача айтканда, визуалдык жана аудиобайкоо жүргүзүү болбогон шарттарда таануу жүргүзүлүшү мүмкүн.
8. Зарыл болгондо, ушул берененин талаптарын сактоо менен фотосүрөттөр, видео жазуунун материалдары боюнча таануу жүргүзүлүшү мүмкүн. Фотосүрөттөр, видео жазуунун материалдары боюнча таануу жүргүзүү таануу үчүн адамды андан ары көрсөтүү мүмкүндүгүн жокко чыгарбайт.
9. Таанылуучу адам түшкөн фотосүрөт 3төн кем эмес болгон башка фотосүрөттөр менен бирге таануучу адамга көрсөтүлөт, алар сапаттык мүнөздөмөлөрү жана сүрөттү кабыл алуусуна олуттуу таасир этүүчү башка өзгөчөлүктөрү боюнча бири-биринен кескин түрдө айырмаланбашы керек. Башка фотосүрөттөрдөгү адамдар ошол эле жыныста болуп, таанылуучу адам менен жаш курагы, кебетеси жана кийими боюнча кескин айырмачылыктарга ээ болбошу керек. Ушул эле талаптар таанылуучу адам тартылган видеожазуунун материалдарына таандык болот, алар кеминде 3 адам тартылган шартта көрсөтүлүшү мүмкүн жана таанылуучу адам менен ошол эле жыныста болуп, жаш курагында, кебетесинде жана кийиминде кескин айырмачылыктары болбошу керек.
10. Адамды таануу үчүн көрсөтүүдө таануунун жүрүшүн жана натыйжаларын техникалык каражаттар менен белгилөө үчүн адистер, психологдор, педагогдор жана башка адистер тартылышы мүмкүн.
11. Үнү, сүйлөө өзгөчөлүктөрү боюнча адамды таанууда таанылуучу таануучу адамды көрбөгөн шарттарда жүргүзүлүшү мүмкүн.
12. Эреже катары, адамдын өлүгү жалгыз көрсөтүлөт. Катастрофалар жөнүндө иштер жана курмандыктардын саны көп болгон башка иштер боюнча адамдын өлүгүн таануу үчүн көрсөтүү каза болгондордун жалпы санында жүргүзүлүшү мүмкүн. Зарыл болгон учурларда, тергөөчүнүн көрсөтмөсү боюнча адамдын өлүгүн таануучуга көрсөтөөрдүн алдында адис өлүктү гримдейт. Тергөөчүнүн адамдын өлүгүн ал турган жерде сакталышын камсыз кылуу жөнүндө көрсөтмөсү таанууну жүргүзүүгө зарыл болгон убакыттын ичинде аткаруу үчүн милдеттүү.
13. Предмет 3төн кем эмес, бир түрдүү предметтердин тобунда көрсөтүлөт, алар аталышы жана багыты боюнча эле эмес, жалпысынан өлчөмү, формасы, модели жана түсү боюнча дал келиши керек. Окшош объекттерди табуу мүмкүн болбогон же кыйын болгон предметтерди таанууда, жападан-жалгыз көрсөтүлгөн нускада таануу жүргүзүлөт. Эгерде тааный турган адам ага көрсөтүлгөн предметтердин бирин көрсөтсө, ага кайсы белгилер же өзгөчөлүктөр боюнча ушул предметти тааныгандыгын түшүндүрүп берүү сунушталат.
14. Сурак кылууда иш үчүн маанилүү болгон документтерди таануу үчүн көрсөтөөрдүн алдында тааный тургандан сыянын өңү, реквизиттердин жайгашуусу, сызып оңдоолордун, түзөтүүлөрдүн болушу, тигил же бул тамгалардын же цифралардын графикалык жазылыштарынын өзгөчөлүктөрү такталат. Документ анын тышкы түрү, графикасы жана тексттин жалпы көрүнүшүнүн түспөлү боюнча таанылат. Каттын жана кол жазманын (жалпы жана жеке) белгилери документти таануу үчүн негиз боло албайт. Документ таануучуга жалгыз нускада көрсөтүлүшү мүмкүн.
15. Жаныбарларды таануу предметтерди тааныганга окшош тактикада эле көрсөтүлөт. Жаныбарларды таануу тукуму, жынысы, жашы жана жаныбарларда болгон башка буюмдары, айрыкча такасы, энтамгасы, дене боюнун өзгөчөлүктөрү жана деффекттери, үйрөтүлгөн өзгөчөлүктөрү сыяктуу белгилер боюнча жүргүзүлөт.
211-берене. Таануу үчүн көрсөтүү протоколу
1. Таануу үчүн көрсөтүү жүргүзүү жөнүндө ушул Кодекстин 170-беренесинин талаптарына ылайык протокол түзүлөт, анда таануучу адамды, буюмду же өлүктү тааныгандыгы боюнча белгилер коюлат же адам таанылуучуну, буюмду же өлүктү кайсы белгилери боюнча тааныгандыгынын жыйындысы боюнча белгиленет.
2. Ушул Кодекстин 210-беренесинин 7-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурларда, таануу үчүн көрсөтүү протоколунда, ушул беренеде келтирилген маалыматтардан тышкары, таануу үчүн көрсөтүү таануу үчүн көрсөтүлгөн адам таанылуучу адамды көрбөгөн жана укпаган шарттарда жүргүзүлгөндүгү милдеттүү белгиленет, таануу үчүн андай көрсөтүүнү ишке ашыруунун бардык жагдайлары жана шарттары көрсөтүлөт, ошондой эле таануу үчүн көрсөтүлгөн адамга таануунун өз жыйынтыктары кабарландырылат. Мындай учурда таануучу адамдын анкеталык маалыматтары протоколго киргизилбейт жана өзүнчө сакталат.
3. Тергөө аракетинин жүрүшүн так жазып алуу техникалык каражаттарды пайдалануу менен жүргүзүлөт, мында таануу үчүн көрсөтүлгөн адамдардын, буюмдардын же өлүктүн сүрөттөрү жана видео жазуу материалдары протоколго тиркелет.
Ушул Кодекстин 210-беренесинин 7-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурларда таанылуучу адам белгилениши мүмкүн болгон бардык сүрөттөр, видеожазуулардын материалдары бул кылмыш ишинин материалдарынан өзүнчө сакталат.
28-глава. Тинтүү. Алып коюу
212-берене. Тинтүү жана алып коюу өндүрүшүнүн негизи жана тартиби
1. Тинтүү жүргүзүү үчүн негиз болуп орун-жайда же башка жерде, же болбосо адамда кылмыш куралы, предметтер, документтер жана кылмыш иши үчүн мааниси болушу мүмкүн болгон баалуулуктар, анын ичинде камакка алууга жаткан мүлк бар деп эсептөөгө жетиштүү маалыматтын болушу саналат. Тинтүү издөөдөгү адамдарды жана өлүктөрдү табуу максатында жүргүзүлүшү мүмкүн.
2. Иш үчүн мааниси бар, белгилүү бир предметтерди жана документтерди алып коюу зарыл болгондо жана эгерде алар кимде жана кайсы жерде экендиги так белгилүү болсо, ошондой эле мүлктү конфискациялоо максатында аларды алып коюу жүргүзүлөт.
3. Тинтүүнү жана алып коюуну жүргүзүү зарыл болгондо тергөөчү прокурордун макулдугу менен тергөө судьясынын алдында тиешелүү өтүнүч козгойт.
4. Тинтүү жана алып коюу тергөө судьясынын чечиминин негизинде жүргүзүлөт.
5. Эгерде тергөөчү төмөндөгүдөй эсептөө үчүн жетиштүү негиздердин болгондугун далилдебесе, тергөө судьясы тинтүү жөнүндө өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартат:
1) кылмыш жасалган;
2) изделген буюмдар, документтер иш үчүн маанилүү;
3) изделген буюмдарда, документтерде камтылган маалыматтар иш боюнча далил болушу мүмкүн;
4) изделген буюмдар, документтер же адамдар көрсөтүлгөн жерде жайгашкан.
6. Тинтүү тергөөнүн ар кандай учурунда жүргүзүлүшү мүмкүн.
7. Тинтүү жана алып коюу сүрөт, видео тартып алууларды пайдалануу менен, ал эми зарыл учурларда, ошондой эле адистин, котормочунун катышуусунда жүргүзүлөт.
8. Жабырлануучулар, шектүүлөр, айыпталуучулер изделген объекттерди таануунун зарылчылыгы болгондо, тинтүүгө, алып коюуга катышууга тартылышы мүмкүн.
9. Өзгөчө учурларда, изделүүчү же алып коюуга тийиш болгон объект шашылбоонун кесепетинен аны табуу маанисин жоготушу, бузулушу же кылмыштык максаттарда пайдаланылышы, же болбосо изделүүчү адам жашынып калышы жөнүндө реалдуу коркунуч болгондо, тинтүү жана алып коюу тергөө судьясынын чечими жок жүргүзүлүшү мүмкүн, бирок кийин ага жана прокурорго тинтүүнү жүргүзүү жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлама 24 сааттын ичинде жөнөтүлөт. Көрсөтүлгөн кабарламаны, протоколду жана тинтүүнүн, алып коюунун жыйынтыктарында алынган башка материалдарды алгандан кийин тергөө судьясы жүргүзүлгөн тинтүүнүн, алып коюунун мыйзамдуулугун текшерет жана анын мыйзамдуулугу же мыйзамсыздыгы жөнүндө чечим чыгарат. Эгерде жүргүзүлгөн тинтүүнүн, алып коюунун мыйзамсыздыгы жөнүндө чечим кабыл алынса, бул аракет иш боюнча далил катары колдонууга жол берилбейт.
10. Тинтүү жүргүзүлгөнгө чейин тергөөчү анын өндүрүшү жөнүндө токтомду тинтүү жүргүзгөн адамга көрсөтүүгө милдеттүү жана аларга иш үчүн мааниси болушу мүмкүн болгон, алып коюуга жаткан предметтерди жана документтерди ыктыярдуу тапшырууну сунуштайт. Эгерде алар ыктыярдуу берилсе жана алып коюуга жаткан предметтерди жана документтерди катып коюу коркунучуна негиз жок болсо, тергөөчү андан ары издөөлөрдү жүргүзүүнү улантпай коюуга укуктуу. Тинтүү жүргүзүүдө менчик ээси ыктыярдуу ачуудан баш тарткан жабык имарат, бөлмөлөр жана сактоочу жайлар ачылышы мүмкүн. Мында эшиктердин жана башка предметтердин зарылчылык туудурбаган бекитмелерин бузууга жол берилбөөгө тийиш.
11. Тинтүү жүргүзүлгөнгө чейин тергөөчү анын өндүрүшү жөнүндө токтомду көрсөтүүгө милдеттүү жана алып коюуга жаткан предметтерди жана (же) документтерди өткөрүп берүүнү сунуштайт. Ыктыярдуу берилген объекттер алып коюлат жана ушуну менен алып коюу аяктайт. Баш тартылган учурда алып коюу мажбурлап жүргүзүлөт.
12. Жашаган адамдардын эркине каршы, алардын менчигинде же башка укугунда турган турак жайларды жана башка объекттерди, уюмдардын жайларын тинтүү жана алып коюу ушул Кодекстин 172-беренесинин 7 жана 8-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн адамдардын катышуусу менен жүргүзүлөт. Тинтүү учурунда адвокат, ошондой эле анын имаратында тинтүү жүргүзүлүп жаткан адамдын адвокаты катышууга укуктуу.
13. Дипломатиялык өкүлчүлүктөр ээлеген жайларда, ошондой эле дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн мүчөлөрү жана алардын үй-бүлөлөрү жашаган жайларда тинтүү жана алып коюу ушул Кодекстин 172-беренесинин 9-бөлүгүндө белгиленген талаптарды сактоо менен жүргүзүлөт.
14. Тергөөчү тинтүү жүргүзүүдө жана алып коюуда табылган ошол үйдү ээлеген адамдын жана башка адамдардын жеке турмушунун жагдайларын ачыкка чыгарбоо үчүн чараларды көрүүгө милдеттүү.
15. Тергөөчү тинтүү жана алып коюу жүргүзүлгөн жайдагы жана жердеги адамдарга жана ал жайга же жерге келген адамдарга аны таштап кетүүгө, ошондой эле тинтүү жана алып коюу аяктаганга чейин бири-бири менен же башка адамдар менен пикир алышууга тыюу салууга укуктуу.
16. Тинтүүнү жана алып коюуну жүргүзүүдө тергөөчү ишке тиешеси болушу мүмкүн предметтерди жана документтерди алып коюу менен чектелүүгө тийиш. Жүгүртүүгө тыюу салынган предметтер жана документтер алардын ишке тиешелүүлүгүнө карабастан алып коюуга жатат.
17. Атайын таанып билүүсүз электрондук алып жүрүүчүлөрдү алып коюу мүмкүн болбогондо, тинтүү жана алып коюуну жүргүзүүнүн жүрүшүндө маалыматтык электрондук алып жүрүүчүлөрүн алып коюу адис тарабынан ишке ашырылат. Электрондук алып жүрүүчүлөрдүн мыйзамдуу ээсинин жана ээ болуучунун өтүнүчү боюнча тергөөчүнүн макулдугу менен тинтүүгө жана алып коюуга катышкан адис тарабынан алынып коюлган маалыматтык электрондук алып жүрүүчүлөрдөн маалыматтарды көчүрүү жүзөгө ашырылат. Мыйзамдуу ээси же ээ болуучусу тарабынан же алынган электрондук алып жүрүүчүлөрдүн ээси тарабынан маалыматтарды башка электрондук алып жүрүүчүлөргө маалыматты көчүрүү жүзөгө ашырылат. Тинтүү жүргүзүүдө бул кылмыштын тергелишине тоскоол болуп же маалыматтын жоголушуна же өзгөрүшүнө алып келсе, маалыматты көчүрүүгө жол берилбейт.
18. Ишке тиешелүү болбогон буюмдар тиешелүүлүгүнө жараша кайтарылып берилүүгө тийиш, бирок залалдын ордун толтурууну камсыз кылуу үчүн аларга камак салынышы мүмкүн.
19. Бардык алып коюлуучу предметтер жана документтер тинтүүгө жана алып коюуга катышкан адамдарга көрсөтүлөт, таңгакталат жана тинтүү жана алып коюу жүргүзүлгөн жерде мөөр басылат жана көрсөтүлгөн адамдардын кол тамгасы менен күбөлөндүрүлөт.
213-берене. Жеке тинтүү
1. Негиздер болгондо жана ушул Кодекстин 212-беренесинде каралган тартипте иш үчүн мааниге ээ болушу мүмкүн болгон предметтерди жана документтерди табуу жана алып коюу максатында шектүүнү, айыпталуучуну жеке тинтүү жүргүзүлөт.
2. Адамды кармоодо же аны камакка алууда, ошондой эле имарат жайында же тинтүү жүргүзүлүп жаткан башка жайда турган адам иш үчүн мааниге ээ болушу мүмкүн болгон предметтерди же документтерди жашырып жатат деп эсептөөгө жетиштүү негиздер болгондо, жеке тинтүү тергөө судьясынын тийиштүү токтомусуз жүргүзүлүшү мүмкүн.
3. Эгерде адистер ушул тергөө аракеттерине катышса, жеке тинтүү бир жыныстагы адам тарабынан ошол жыныстагы адистердин катышуусунда жүргүзүлөт. Жеке тинтүүнү жүргүзүүдө тинтүүгө алынып жаткан адамдын коопсуздугу жана ден соолугу камсыз кылынууга тийиш, ошондой эле анын кадыр-баркын кемсинтүүчү аракеттер жасалбашы керек.
214-берене. Тинтүү же алып коюу протоколу
1. Жүргүзүлгөн тинтүү жана алып коюу жөнүндө ушул Кодекстин 170-беренесинин талаптарын сактоо менен протокол түзүлөт.
2. Протоколдо кайсы жерде жана кандай жагдайларда предметтер же документтер табылгандыгы, алардын кандай абалда болгондугу, кандай сакталгандыгы, алар ыктыярдуу түрдө берилгендиги же мажбурлап алынгандыгы көрсөтүлөт. Бардык алынып коюлган предметтер протоколдо санын, өлчөмүн, салмагын, жеке белгилерин жана мүмкүнчүлүккө жараша наркын көрсөтүү менен саналып жазылууга жатат. Тинтүү процессиндеги алып коюуда, көп сандагы предметтерди алууда ошол предметтердин атайын тизмеси түзүлөт, бул протоколдо чагылдырылат жана ал протоколдун курамдык бөлүгү болуп саналат.
3. Эгерде тинтүү же алып коюу жүргүзүүдө предметтерди же болбосо алып коюуга жаткан документтерди жок кылуу же катып коюу аракеттери көрүлсө, бул кабыл алынган чараларды көрсөтүү менен протоколдо чагылдырылууга тийиш.
4. Тинтүү же алып коюу протоколунун көчүрмөсү ал жүргүзүлгөн адамга же анын эрезеге жеткен үй-бүлө мүчөсүнө кол койдуруу менен тапшырылат, ал эми алар жок болсо, турак жай-эксплуатациялоо уюмунун же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлүнө тапшырылат. Эгерде тинтүү жана алып коюу уюмда жүргүзүлсө, протоколдун көчүрмөсү анын өкүлүнө кол койдурулуп алып тапшырылат.
29-глава. Көрсөтмөлөрдү жеринде текшерүү жана аны жүргүзүү тартиби
215-берене. Көрсөтмөлөрдү жеринде текшерүү
1. Териштирилип жаткан окуяга байланыштуу жабырлануучунун, күбөнүн, шектүүнүн, айыпталуучунун көрсөтмөлөрүн текшерүү төмөнкүдөй максаттарда жүргүзүлөт:
1) өткөн окуялардын шарттары менен салыштыруу жолу аркылуу мурда суракка алынган жактардын көрсөтмөлөрүндөгү боштуктардын ордун толтуруу жана карама-каршылыктарды четтетүү;
2) мурда белгиленген фактыларды текшерүү;
3) жаңы далилдерди табуу;
4) кылмыш жасоо механизмдерин, анын ичинде өз аракеттерин же башка адамдардын аракеттерин демонстрациялоо жолу менен конкреттештирүү.
2. Көрсөтмөлөрдү жеринде текшерүү мурда суракка алынган адам жагдайдын орун алган жерин жана изилдөөгө алынган окуянын далилдерин көрсөтүүсүндө жатат. Бул аракетке кандайдыр бир четтен туруп кийлигишүүгө жана багыт берүүчү суроолорго жол берилбейт.
3. Жеринде бир нече адамдардын көрсөтмөлөрүн бир эле убакытта текшерүүгө жол берилбейт.
4. Зарыл болгондо тергөөчү көрсөтмөлөрдү жеринде текшерүүгө катышууга котормочуну, адисти, экспертти тартат, ошондой эле шектүүнүн, айыпталуучунун адвокаты, жабырлануучунун өкүлү, ага юридикалык жардам көрсөтүү үчүн чакырылган адвокат катыша алат.
216-берене. Көрсөтмөлөрдү жеринде текшерүү жүргүзүүнүн тартиби
1. Көрсөтмөлөрдү жеринде текшерүү суракка алуу протоколун милдеттүү түзүү шартында көрсөтмөлөрү текшерилүүгө тийиш шектүүнү, айыпталуучуну, күбөнү, жабырлануучуну суракка алгандан кийин жүргүзүлөт.
2. Көрсөтмөлөрдү жеринде текшерүү жүргүзүү башталардын алдында тергөөчү анын катышуучуларына алардын укуктарын жана милдеттерин, ошондой эле тергөө аракетинин максатын жана тартибин түшүндүрөт. Күбөгө жана жабырлануучуга мында билип туруп жалган көрсөтмө бергендиги үчүн, көрсөтмө берүүдөн баш тарткандыгы же качкандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги жөнүндө эскертилет.
3. Көрсөтмөсү текшерилип жаткан адамга анда анын көрсөтмөлөрүн текшерүү жүзөгө ашырыла турган, ага мурда суракта кабарландырылган жерге жиберүү багытын, ошондой эле ал көрсөтмө бере турган участокторду жана предметтерди аныктоону эркин тандап алуу мүмкүндүгү берилет.
4. Иш боюнча далилдүү мааниге ээ болушу мүмкүн болгон, жеринде текшерүүнүн жүрүшүндө табылган предметтер жана буюмдар алып коюлат, таңгакталат жана мөөр басылат, бул жөнүндө протоколдо чагылдырылат.
5. Жүргүзүлгөн аракеттер ага катышкан адамдардын жана катышуучулардын ар-намысын жана абийирин кемсинтпөөгө тийиш.
6. Көрсөтмөлөрдү жеринде текшерүү жүргүзүүдө ченөө, сүрөткө тартуу, үн жана видео жазып алуулар жүргүзүлөт, пландар жана схемалар түзүлөт. Көрсөтмөлөрдү жеринде текшерүүдө үн жана видео жазып алуу каражаттарын пайдалануу ушул Кодекстин 200-беренесинде баяндалган эрежелер боюнча жүргүзүлөт.
7. Көрсөтмөлөрдү жеринде текшерүү жүргүзүү жөнүндө ушул Кодекстин 170-беренесинин талаптарын сактоо менен протокол түзүлөт. Протоколдо текшерүүлөрдү жеринде жүргүзүүнүн конкреттүү максаты, ага алардын көрсөтүүлөрү текшерилип жаткан адамдардын ыктыярдуу катышуусу; текшерүүнүн катышуучуларынын жүрүшүнүн акыркы чеги; жер которуп жүрүүнүн жана жүрүү маршрутунун ыкмаларын жана ал каттамга байланыштуу текшерүүнүн катышуучуларынын көрсөтмөлөрүн жазуу; жүрүштүн акыркы пунктун жазуу; бул пунктка кирген көрсөтмөлөр; көрсөтүлгөн жерде жасалган аракеттерди жазуу; кароонун жыйынтыгында ал жерде табылгандардын бардыгы жазылууга тийиш.
30-глава. Тергөө эксперименти жана анын өндүрүш тартиби
217-берене. Тергөө эксперименти
1. Тергөө эксперименти иш боюнча чогулган далилдерди текшерүү, жаңы далилдерди алуу, иш үчүн мааниге ээ болгон тигил же бул көрүнүштөрдүн жана фактылардын мүмкүндүгү же мүмкүн эместиги жөнүндө тергөө версияларын текшерүү жана баалоо максатында атайын аракеттерди жүргүзүүнү билдирет. Экспериментти жүргүзгөндө, тактап айтканда, кандайдыр бир фактыларды кабыл кылуу конкреттүү шарттарда белгилүү бир аракеттерди жасоо, кандайдыр бир окуянын болуу мүмкүндүгү текшерилиши, ошондой эле болуп өткөн окуянын ырааты жана издердин пайда болуусунун механизми белгилениши мүмкүн.
2. Тергөө эксперименти көп жолу жүргүзүлүшү мүмкүн. Бул учурда ар бир жолу экспериментти өткөрүүнүн шарттарын чагылдыруу менен протокол түзүлүүгө тийиш.
3. Зарыл болгондо тергөөчүнүн өз кароосу боюнча тергөө экспериментине катышууга жабырлануучу, күбө, адис, эксперт, шектүү, айыпталуучу тартылышы мүмкүн.
4. Шектүү, айыпталуучу жана анын адвокаты алардын өтүнүчү боюнча өткөрүлгөн тергөө экспериментине катышууга укуктуу. Ушул Кодексте каралган учурларда тергөө экспериментине котормочу, адис, педагог же психолог катышууга укуктуу.
5. Эгерде экспериментке катышкан адамдардын өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунуч болсо, алардын ар-намысы жана кадыр-баркы кемсинтилсе, материалдык зыян келтирилсе, тергөө экспериментин жүргүзүүгө жол берилбейт.
6. Тергөө эксперименти болуу мүмкүндүгү текшерилип жаткан, кайталанып жасалган окуялардын жана аракеттердин шарттарына кыйла жакын шарттарда жүргүзүлөт.
7. Тергөө эксперименти анын жүрүшүн жана натыйжаларын белгилөө үчүн техникалык каражаттарды милдеттүү түрдө колдонуу менен жүргүзүлөт. Тергөө экспериментин жүргүзүүдө фотосүрөткө тартуу, үн жана видео жазуу жүргүзүлөт, башка илимий-техникалык каражаттар колдонулат, пландар, чиймелер түзүлөт.
218-берене. Тергөө экспериментин жүргүзүү тартиби
1. Тергөө экспериментин жүргүзүү башталардын алдында тергөөчү төмөнкүлөрдү ишке ашырат:
1) аракеттердин орун алган жерин жана убактысын, кезектүүлүгүн белгилейт жана эксперимент жүргүзүлгөн жердеги абал менен алдын ала тааныштырылат;
2) жасалган кылмышта же алдын ала өткөрүлгөн реконструкциялоодон кийинки убакыттын ичиндеги шарттардын болушун же кандайдыр бир өзгөрүүлөрдүн жоктугун тактайт;
3) зарыл болгон учурда, кырдаалды анын кылмыш учурунда болгон түрүн же анын айрым предметтерин эске алуу менен жаңыча реконструкциялоону жүргүзөт; объекттерди жана предметтерди тандоону ишке ашырат;
4) эксперименттин шарттарынын текшериле турган окуянын шарттарына дал келүүсүн текшерет; зарыл болгон учурда эксперименттин жүрүшүнө олуттуу таасир тийгизиши мүмкүн болгон шарттар моделдештирилүүгө тийиш, алынуучу жыйынтыктардын объективдүүлүгү мына ушуга жараша болот.
2. Тергөөчү эксперименттин катышуучуларына укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт.
3. Жүргүзүлгөн тергөө эксперименти жөнүндө ушул Кодекстин 170-беренесинин талаптарын сактоо менен протокол түзүлөт.
Протоколдо тергөө экспериментин жүргүзүү максаты; абал реконструкциялоого туш болгондугу; эксперимент жүргүзүүнүн шарттары; экспериментте кандай предметтердин пайдаланылгандыгы; аракеттерди жүргүзүүнүн ырааттуулугу жана ар бир эксперименттин мазмуну жана жыйынтыктары да көрсөтүлүүгө тийиш.
4. Зарыл болгон учурларда тергөө эксперименти жүргүзүлгөн жерди күзөтүү уюштурулат жана анын катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу чаралары көрүлөт.
31-глава. Атайын тергөө аракеттери
219-берене. Атайын тергөө аракеттерин өткөрүүнүн негиздери жана шарттары
1. Ушул главада каралган атайын тергөө аракеттери, кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө далилдене турган жагдайларды тактоо үчүн фактылар жөнүндө маалымат алуу зарыл болгон учурларда, тергөө аракеттери менен муну аныктоо мүмкүн болбогондо, кылмыш ишине катышкан кызыкчылыктарына таасири тийген адамдарга билдирбестен жүргүзүлөт.
2. Ушул Кодекстин 220-беренесинин 9-11-пункттарында көрсөтүлгөн атайын тергөө аракеттерин кошпогондо, атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү зарыл болгондо, тергөөчү прокурордун макулдугу менен тергөө судьясынын алдында тийиштүү өтүнүчтү козгойт.
3. Атайын тергөө аракеттери козголгон кылмыш иштери боюнча жүргүзүлөт.
4. Айрым адамдардын арызы болгондо, ошондой эле эгерде жабырлануучуга, күбөгө же процесстин башка катышуучуларына же алардын жакын туугандарына, жубайына зордук-зомбулук же башка мажбурлоо же мыйзамсыз аракеттер жасалды деп болжогон негиздер болгон учурларда, алардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен ушул Кодекстин 220-беренесинин 2, 3, 5 жана 6-пункттарында каралган атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүгө уруксат берилет.
Дайынсыз жоголгон адамдарды издөө жөнүндө айрым жактардын арызы болгондо, ушул Кодекстин 220-беренесинин 2, 3, 5 жана 6-пункттарында каралган атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүгө уруксат берилет.
5. Эгерде үчүнчү адам иш үчүн мааниси бар маалыматты алып жана өткөрүп берет деген негиздер (маалыматтар) бар болсо, анда атайын тергөө аракети үчүнчү адамдарга карата да бирок ушул берененин 2 жана 6-бөлүктөрүнүн талаптарын сактоо менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
6. Атайын тергөө аракеттери кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзгөн тергөөчү тарабынан, же анын тапшыруусу боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт. Атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдын чечими боюнча атайын билимге ээ адистер, ошондой эле купуялуу негизде көмөктөшүүнү каалаган башка адамдар тартылышы мүмкүн.
7. Атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүдө купуялуу кызматташууга, эгерде андай кызматташуу кесиптик мүнөздөгү жашыруун маалыматтарды ачыктоого байланыштуу болсо, адвокаттарды, нотариустарды, медициналык кызматкерлерди, дин кызматчыларын, журналисттерди тартууга тыюу салынат.
8. Атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүдө маалыматтык тутумдар, видео жана аудио жазып алуу түзүлүштөрү, сүрөткө тартып алуу, ошондой эле башка техникалык каражаттар пайдаланылат. Атайын техникалык каражаттардын түрлөрүнүн тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
9. Кесиптик жардам көрсөтүүнү жүзөгө ашырган адвокаттарга карата атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүгө тыюу салынат.
10. Ушул Кодексте каралбаган максаттарга жана милдеттерге жетишүү үчүн атайын тергөө аракеттерин ишке ашырууга, ошондой эле аны өткөрүүнүн жүрүшүндө алынган маалыматтарды пайдаланууга жол берилбейт.
220-берене. Атайын тергөө аракеттеринин түрлөрү
Кылмыштардын бетин ачуу жана тергөө үчүн төмөнкүдөй атайын тергөө аракеттери жүргүзүлөт:
1) почталык-телеграфтык жөнөтүүлөргө камак салуу жана аларды кароо жана (же) алып коюу;
2) сүйлөшүүлөрдү тыңшоо;
3) абоненттер жана абоненттик түзүлүштөрдүн ортосундагы туташуу жөнүндө же абоненттик түзүлүштүн жайгашкан жери жөнүндө маалыматты алуу;
4) компьютерден, серверден жана башка түзүлүштөрдөн маалыматты алуу;
5) адамдарды же жерлерди аудио, видео контролдоо;
6) адамды же жерди байкоо;
7) адамга таандык болгон же анын карамагында турган турак эмес жайларга же башка кыймылсыз мүлккө кирүү жана аны текшерүү;
8) экспертиза жүргүзүү максатында салыштырма изилдөөлөр үчүн үлгүлөрдү алуу;
9) кылмыштык чөйрөгө киргизүү жана (же) кылмыштуу ишти имитациялоо;
10) контролдонуучу жеткирүү;
11) контролдук сатып алуу.
221-берене. Атайын тергөө аракетин жүргүзүү жөнүндө өтүнүч козгоо
1. Атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү чечими ушул Кодекстин 32-главасынын талаптарына ылайык тергөө судьясы тарабынан кабыл алынат.
2. Өтүнүч алынган учурдан тартып 24 сааттын ичинде тергөө судьясы тарабынан каралууга жатат.
3. Өтүнүчтө төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) өтүнүч түзүлгөн жер жана убактысы;
2) өтүнүчтү тергөө судьясынын кароосуна киргизген тергөөчүнүн кызмат орду, фамилиясы жана аты-жөнү;
3) берилген өтүнүчтү териштирүүгө байланыштуу кылмыштын фабуласын кыскача жазуу;
4) Кылмыш-жаза кодексинин беренелерин (берененин бөлүгүн) көрсөтүү менен кылмышты жазык-укуктук жактан квалификациялоо;
5) атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүнүн зарылдыгын жана кылмыш жана аны жасаган адам жөнүндө башка ыкма менен маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугун негиздөө;
6) атайын тергөө аракетин жүргүзүү пландалып жаткан адам, жери же буюм жөнүндөгү маалыматтар;
7) жүргүзүү зарыл болгон атайын тергөө аракеттеринин түрүн (түрлөрүн) көрсөтүү, максаты, ошондой эле аны (аларды) өткөрүү мөөнөтүн негиздөө;
8) атайын тергөө аракетин жүргүзүүнү тапшыруу пландалган орган жөнүндө маалымат.
Өтүнүчкө анын негиздүүлүгүн далилдеген материалдар тиркелет.
4. Атайын тергөө аракети жүргүзүлүп жаткан объектини чечмелөөнү алып салуунун зарылдыгы келип чыккан учурларда өтүнүчтө жашыруундуулук талаптарын сактоо менен ал адамдын анык анкеталык маалыматтарынын ордуна псевдонимин көрсөтүүгө жол берилет.
5. Тергөө судьясы тарабынан өтүнүчтү кароонун тартиби ушул Кодекстин 269-беренесине ылайык аныкталат.
222-берене. Атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүнүн мөөнөттөрү
1. Атайын тергөө аракетин жүргүзүү жөнүндө тергөө судьясынын токтомунда аны өткөрүү мөөнөтү көрсөтүлөт. Ушул Кодекстин 220-беренесинин 1 – 3, 5, 6-пункттарында каралган атайын тергөө аракети кылмыш иштин тергөө мөөнөтүндө, бирок 2 айдан ашпаган мөөнөттө жүргүзүлөт.
2. Өзгөчө учурларда тергөөчүнүн өтүнүчү боюнча мөөнөт ар бир жолу 2 айга чейинки мөөнөткө узартылышы мүмкүн. Бир жылдан ашык мөөнөткө узартууга жол берилбейт.
3. Атайын тергөө аракеттери сутканын кайсы гана мезгилинде болбосун жана аны жүргүзүүнүн бардык мөөнөтүндө үзгүлтүксүз жүргүзүлүшү мүмкүн.
4. Эгерде атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү зарылдыгы жоголсо, тергөөчү аны андан ары жүргүзүүнү кыскартуу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү.
223-берене. Кечиктирүүгө болбой турган учурларда атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү
1. Адамдардын өмүрүн сактап калууга байланыштуу кечиктирүүгө болбой турган учурларда, атайын тергөө аракеттери ушул Кодекстин 221, 270-беренелеринде белгиленген тартипте көрсөтүлгөн аракеттин мыйзамдуулугун же мыйзамсыздыгын аныктоо үчүн тергөө судьясына кылмыш ишинин тийиштүү материалдарын 24 сааттын ичинде андан ары берүү менен тергөө судьясынын чечимисиз башталышы мүмкүн.
2. Эгерде судья мындай аракетти жүргүзүүгө уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алса, атайын тергөө аракетин жүргүзүү боюнча бардык аракеттерди аткаруу кечиктирилбестен токтотулууга тийиш. Мындай аракеттин натыйжасында алынган маалымат тергөө судьясынын контролу алдында жок кылынууга тийиш.
224-берене. Атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүнүн натыйжасында алынган маалыматтарды коргоо боюнча чаралар
1. Атайын тергөө аракетин жүргүзүү фактысы жөнүндө маалыматтар жана аны жүргүзүүнүн натыйжасында алынган маалымат сотко чейинки өндүрүш аяктаганга чейин жашыруун болуп эсептелет, аны ачыкка чыгаргандыгы үчүн кызмат адамдары жана анын өндүрүшүнө тартылган адамдар Кылмыш-жаза кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылат.
2. Атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүнүн усулдары жана тактикасы жөнүндө аларды жүргүзгөн адамдар, анын ичинде ишин купуялуу негизде жана жашыруун формада жүргүзгөн жактар жөнүндө маалыматтар мамлекеттик сыр болуп эсептелет жана ачыкка чыгарылбайт.
3. Атайын тергөө аракетинин натыйжасында алынган маалыматтын, эгерде алар жеке жашоонун сырларына тиешелүү болсо же мыйзамда корголуучу башка сырга тийиштүү болсо, жайылып кетүүсүн болтурбоо үчүн сот, прокурор, тергөөчү жана алгачкы текшерүү органы мыйзамда каралган бардык каражаттарды колдонууга тийиш.
4. Атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүнүн натыйжасында алынган, кылмыш ишинде далилдик мааниге ээ болбогон маалыматтар, буюмдар жана документтер иш боюнча соттук акыркы чечим кабыл алгандан кийин тиешелүү актыны түзүү менен жок кылынууга тийиш.
5. Кылмыш ишин өзүнчө өндүрүшкө бөлүү учурларын кошпогондо, атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү жөнүндө протоколдордун жана аларга тиркемелердин көчүрмөлөрүн даярдоого жол берилбейт.
225-берене. Атайын тергөө аракеттеринин натыйжаларын башка максаттарда пайдалануу же маалыматтарды берүү
1. Атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүнүн жүрүшүндө алынган натыйжалар аларды жүргүзүү жөнүндө тергөө судьясынын чечими чыгарылган, тергелип жаткан иш боюнча гана колдонулат. Эгерде башка кылмыштын жасалгандыгы же башка кылмыш иши боюнча далилденүүгө тийиш болгон жагдайларды көрсөткөн фактылар жөнүндө маалыматтар алынган болсо, алар ишти караган же карап жаткан тергөөчүнүн жана ал ишти сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүнө контролдук жүргүзгөн тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин макулдугу менен гана тиешелүү иште далилдер катары колдонулушу мүмкүн.
2. Башка кылмыш иши боюнча өтүп жаткан адамды актоочу атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүнүн жүрүшүндө алынган жыйынтыктарга ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чектөөлөр жайылтылбайт.
226-берене. Атайын тергөө аракети жүргүзүлүп жаткан адамдарга кабарлоо
1. Атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүнүн жыйынтыгында, укуктары чектелген адамдар чектөөнүн орун алгандыгы тууралуу тергөөчү тарабынан жазуу жүзүндө кабардар болууга тийиш.
2. Адамды анын макулдугу жок иш жүзүндө алынган маалыматтар менен тааныштырууда, бул адам кылмыш иши сотко жиберилгенге чейин тиешелүү адамга түздөн-түз тийиштүү болгон жана мамлекеттик жана башка мыйзам менен корголуучу сырды ачыктоону жокко чыгарган өлчөмдө атайын тергөө аракетинин жүргүзүлгөндүгү жөнүндө маалымдалат.
227-берене. Тергөө аракеттеринин протоколдоруна тиркелбеген материалдар менен тааныштыруу
1. Сотко чейинки өндүрүш органы кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө далилдик мааниси жок деп таанылган атайын тергөө аракеттеринин жыйынтыктары тергөө материалдарына тиркелбейт жана иш боюнча акыркы соттук чечим чыгарылганга чейин башка адамдардын таанышуу мүмкүнчүлүгүн болтурбаган шарттарда укук коргоо же атайын мамлекеттик органдын ыйгарым укуктуу бөлүмүндө сакталат, андан кийин тиешелүү актты түзүү менен жок кылынат.
2. Атайын тергөө аракети жүргүзүлгөн адам тергөө судьясынын алдында мамлекеттик жана башка мыйзам менен корголуучу сырды болтурбаган чектерде тергөөгө тиркелбеген маалыматтар менен таанышуу жөнүндө өтүнүч берүүгө укуктуу.
3. Тергөө судьясы арызды иштин материалдары үчүн маанилүүлүгүн жана адам укугунун жол берилген чектөөлөрүн эске алуу менен баалайт. Мында судья, эгерде бул кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө тартылган кайсы бир адамдын өмүрүнө, ден соолугуна же мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарына олуттуу коркунуч келтириши мүмкүн болсо же бул үчүнчү адамдын жеке турмушунун купуялуулугун козгосо өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартууга укуктуу.
4. Адам тиркелбеген материалдар менен таанышкандан кийин аларды кылмыш ишинин материалдарына тиркөө жөнүндө өтүнүч бере алат. Өтүнүч тергөө судьясы тарабынан каралат.
5. Атайын тергөө аракетинин ишке тиркелбеген материалдары менен таанышкандыгы жөнүндө сотко чейинки териштирүү учурунда берилген өтүнүч боюнча чечимди ишти маңызы боюнча караган судья кабыл алат.
228-берене. Далилдөөдө атайын тергөө аракеттеринин натыйжаларын колдонуу
1. Атайын тергөө аракеттеринин протоколдору, видео жана аудио жазуулары, фотосүрөткө тартуулар, техникалык каражаттардын жардамы менен белгиленген башка натыйжалар, алынган предметтер жана документтер же алардын көчүрмөлөрү далилдөөдө башка тергөө аракеттеринин натыйжалары сыяктуу эле негизде колдонулат.
2. Атайын тергөөлөрдү жүргүзгөн же аларды жүргүзүүгө тартылган адамдар күбөлөр катарында суралышы мүмкүн. Бул адамдарды суракка алуу ушул Кодекстин 9-главасына ылайык бул адамдар тууралуу маалыматтардын сырын сактоо жана коопсуздуктун зарыл болгон чараларын колдонуу менен жүргүзүлөт.
3. Зарыл болгон учурда атайын тергөө аракеттери жүргүзүлгөн адамдар суралышы мүмкүн. Бул адамдарга мындай тергөө аракеттеринин жүргүзүлгөндүгү жөнүндө өзүнө тиешелүүсү гана жана анын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына тиешеси бар өлчөмдө гана билдирилет.
229-берене. Почта-телеграф жөнөтүүлөрүнө камак салуу жана аларды кароо жана (же) алып коюу
1. Байланыш мекемелериндеги почта-телеграф жөнөтүүлөрүнө камак салуу, аларды кароо жана (же) алып коюу бандеролдордо, посылкаларда же башка почта-телеграф жөнөтүүлөрүндө, же болбосо телеграммаларда же радиограммаларда кылмыш иши үчүн маанилүү болгон маалыматтар бар деп эсептөөгө жетиштүү негиздер болгондо, тергөө судьясынын токтомунун негизинде жүргүзүлөт.
Мында кириш да, чыгыш да кат-кабарларына камак салынышы мүмкүн.
2. Почта-телеграф жөнөтүүлөрүнө камак салуу жана аларды кароо жана (же) алып коюу жөнүндө тергөөчүнүн өтүнүчүндө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) почта-телеграф жөнөтүүлөрү кармалууга тийиш болгон адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты жана дареги;
2) кийин аларды кароо жана (же) алып коюу максатында камак салуунун негизи;
3) камак салууга жаткан почта-телеграф жөнөтүүлөрүнүн түрлөрү;
4) аларды кийин кароо жана (же) алып коюу максатында камак салууну жүзөгө ашыруунун мөөнөтү;
5) тиешелүү почта-телеграф жөнөтүүлөрүн кармоо милдети жүктөлгөн байланыш мекемесинин аталышы.
3. Кароо жана (же) алып коюу үчүн почта-телеграф жөнөтүүлөрүнө камак салуу жөнүндө токтом тергөөчү тарабынан тиешелүү органга аткаруу үчүн жөнөтүлөт.
4. Кармалган почта-телеграф жөнөтүүлөрүн кароо жана (же) алып коюу, көчүрмөлөрүн алуу бул атайын тергөө аракетин жүргүзүүнүн жүрүшүндө алар тарабынан алынган маалыматтарды ачыкка чыгарбоо жөнүндө эскертилген бул мекеменин кызматкерлеринин катышуусу менен тиешелүү байланыш мекемесинде тергөөчү тарабынан жүргүзүлөт. Зарыл болгон учурда тергөөчү почта-телеграф жөнөтүүлөрүн кароого жана (же) алып коюуга катышуу үчүн адисти, ошондой эле котормочуну тартууга укуктуу.
5. Почта-телеграф жөнөтүүлөрүнүн ар бир жолку кароо жана (же) алып коюу учурунда протокол түзүлөт, анда ким тарабынан жана кандай почта-телеграф жөнөтүүлөрү кароого жана (же) алып коюуга, көчүрмөлөөгө, даректелүүчүгө жөнөтүүгө же кармалууга туш болгондугу көрсөтүлөт.
6. Эгерде тергөөчү жүргүзүлгөн кароодон кийин аталган кат-кабарды алып коюудан баш тарткан учурда, ал кандай кат-кабар каралгандыгын протоколдо көрсөтүү менен чектелет же максатка ылайыктуулугуна жараша, протоколдо каралган кат-кабарлардын текстин толук же жарым-жартылай белгилейт. Мында көчүрмөсү алынышы мүмкүн.
7. Почта-телеграф жөнөтүүлөрүнө камак салуу, эгер ал чарада зарылчылык жок болсо бул жөнүндө тиешелүү прокурорго милдеттүү кабарландыруу менен, бирок аталган кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүш аяктагандан кечиктирбестен тергөөчү тарабынан жокко чыгарылат.
230-берене. Сүйлөшүүлөрдү тыңшоо
1. Адамдардын телефон жана башка сүйлөшүүлөрүндө кылмыш иши үчүн мааниси бар маалыматтар камтылышы мүмкүн деп шектенүүгө жетиштүү негиздер болгондо, тергөөчү тергөө судьясынын токтомунун негизинде аларды контролдоого жана жазып алууларды жүргүзүүгө укуктуу.
Шектүү, айыпталуучу жана анын адвокатынын ортосундагы сүйлөшүүлөрүн тыңшоого тыюу салынат.
2. Телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдү контролдоону жана жазып алууларды жүргүзүү жөнүндө тергөө судьясынын токтомунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) телефондук жана башка сүйлөшүүлөрү контролдонууга жана жазып алууларга жаткан адамдын фамилиясы, аты жана атасынын аты;
2) аталган атайын тергөө аракетин жүргүзүүлөр боюнча негиздер;
3) контролду жана жазып алууларды жүзөгө ашыруу мөөнөтү;
4) контролду жана жазып алууларды техникалык жүзөгө ашыруу тапшырылган органдын аталышы.
3. Телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдү контролдоо жана жазып алуу жөнүндө токтом тергөөчү тарабынан тиешелүү органга аткаруу үчүн жиберилет.
4. Телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдү контролдоону жана жазып алууларды жүргүзүү, эгерде аталган чарада зарылчылык жок болсо, тергөөчүнүн токтому боюнча токтотулат.
5. Телефондон жана башка сүйлөшүүлөрдү контролдоо жана жазып алуунун бардык мөөнөтүндө тергөөчү аларды жүргүзүп жаткан органдан фонограмманы карап чыгуу жана угуу үчүн кайсы гана мезгил болбосун талап кылууга укуктуу. Фонограмма тергөөчүгө коштомо кат менен мөөр басылган түрдө берилет, анда бул сүйлөшүүлөрдү жазып алуу башталган жана аяктаган күн жана убакыт көрсөтүлөт жана бул учурда колдонулган техникалык каражаттардын кыскача мүнөздөмөсү жазылат.
6. Тергөөчү фонограмманы карап чыгуунун жана угуунун натыйжалары жөнүндө, зарыл болгондо адистин катышуусу менен протокол түзөт, анда тергөөчүнүн пикири боюнча бул кылмыш ишине тиешеси бар болгон фонограмманын бөлүгү сөзмө-сөз жазылууга тийиш.
7. Фонограмма буюм далили катары кылмыш ишинин материалдарына толук өлчөмдө тиркелет жана фонограмманы бөтөн адамдардын угуусунун жана көбөйтүүсүнүн мүмкүндүгүн жокко чыгарган жана анын сакталуусун жана аны кайталап угуу, анын ичинде соттук отурумда угуу үчүн техникалык жарактуулугун сактаган шарттарда мөөр басылган түрдө сакталат.
231-берене. Абоненттердин жана абоненттик түзүлүштөрдүн ортосундагы байланышуу жана (же) абоненттин жайгашкан жери жөнүндө маалыматтарды алуу
1. Шектүү, айыпталуучу жана башка адамдар болуп эсептелген абоненттер (абоненттик түзүлүштөр менен) ортосундагы байланышуулар жөнүндө маалыматта кылмыш иши үчүн мааниси бар маалымат камтылышы мүмкүн деген шектенүүлөрдүн жетиштүү негиздери болгондо, тергөөчү тергөө судьясынын токтомунун негизинде көрсөтүлгөн маалыматты талап кылууга укуктуу.
2. Абоненттер ортосундагы байланышуулар жөнүндө маалыматтарды алуу тууралуу тергөө судьясынын токтому аткаруу үчүн тиешелүү органга жөнөтүлөт. Тиешелүү орган маалыматтын ар кандай материалдык алып жүрүүчүлөрүндө жазылган талап кылынган маалыматтарды берүүгө милдеттүү.
Абоненттер ортосундагы байланышуу жөнүндө маалымат абоненттердин ортосундагы байланыштын датасы, убактысы, узактыгы жөнүндө маалыматтарды, абоненттердин номерлерин; абоненттерди идентификациялоого өбөлгө түзгөн башка маалыматтарды, анын ичинде электрондук жана башка билдирүүлөрдү; ошондой эле кабыл алуучу жана өткөрүп берүүчү базалык станциялардын номерлерин жана орун алган жери жөнүндөгү маалыматтарды камтууга тийиш. Көрсөтүлгөн маалымат коштомо кат менен мөөр басылган түрдө берилет.
3. Тергөөчү алынган маалыматты зарыл болгондо адисти жана алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн кызматкерин тартуу менен изилдейт. Изилдөөнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзүлөт.
4. Алынган маалыматты изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча тергөөчү алгачкы текшерүү органынын тийиштүү бөлүмүндөрүнө абоненттин жайгашкан жерин аныктоону тапшырат.
232-берене. Компьютерлерден, серверлерден, электр байланыш тармактарынан жана башка түзүлүштөрдөн маалымат алуу
1. Компьютерлерден, серверлерден, электр байланыш тармактарынан жана маалыматты жыйноо, иштетүү, топтоо жана сактоо үчүн арналган башка түзүлүштөрдөн алынган маалымат кылмыш иши үчүн мааниге ээ болгон маалыматтарды камтышы мүмкүн деген божомолго жетиштүү негиздер бар болсо, тергөөчү тергөө судьясынын токтомунун негизинде зарыл болгон маалыматты жашыруун алуу жөнүндө алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнө тапшырма берүүгө укуктуу.
2. Компьютерден, серверлерден, электр байланыш тармактарынан жана башка түзүлүштөрдөн маалыматтарды конспиративдик алуунун натыйжалары тиешелүү материалдык алып жүрүүчүдө белгиленет, ал таңгакталат, мөөр басылып чапталат жана атайын тергөө аракетин жүргүзгөндүн койгон колу менен тастыкталат.
3. Тергөөчү алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн кызмат адамынан алган отчетту жана материалдарды, зарыл болсо, адисти жана алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн кызматкерин тартуу менен изилдейт. Изилдөөнүн натыйжалары жөнүндө протокол түзүлөт.
233-берене. Адамды же жерди аудиовидео контролдоо
1. Адамды же жерди аудиовидео контролдоо адамдын сүйлөгөн маалыматтарын, жүрүш-турушун же сүйлөшүүлөрүн жана башка дабыштарды, так аныкталган жерде өткөн окуяларды аудио же видео техниканын же болбосо башка техникалык атайын каражаттардын жардамы менен жашыруун белгилөөнү билдирет. Адамды же жерди жашыруун аудиовидео контролдоо тергөө судьясынын токтомунун негизинде жүргүзүлөт.
2. Тергөөчү алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнө адамга же жерге конспиративдик аудиовидео контролун жүргүзүүнү тапшырат. Адамдын жана жердин конспиративдик аудиовидео контролу аяктагандан кийин алгачкы текшерүү органынын бөлүмүнүн кызмат адамы жазып алуунун негизи, башталган жана аякталган убактысы, узактыгы көрсөтүлүүгө тийиш болгон коштомо кат менен мөөр басылган түрдөгү иш үчүн мааниси бар аудиовидео жазып алууларды тергөөчүгө берет.
3. Тергөөчү зарыл болгондо алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн адисин жана кызматкерин тартуу менен алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн кызмат адамынан алынган отчётту жана аудиовидео жазып алууларды изилдейт. Изилдөөнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзүлөт.
234-берене. Адамга же жерге байкоо жүргүзүү
1. Адамдын кылмыш иши боюнча катышы бар же болбосо маанилүү маалыматтарга ээ болушу мүмкүн деп шектенүүгө жетиштүү негиздер болгондо, тергөөчү тергөө судьясынын токтомунун негизинде бул адамга же жерге конспиративдик визуалдык же кандайдыр бир каражаттар аркылуу (техникалык каражаттардын жардамы менен) байкоону жүзөгө ашырууну алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнө тапшырат.
2. Байкоо аяктагандан кийин алгачкы текшерүү органынын бөлүмүнүн кызмат адамы тергөөчүгө коштомо кат менен бирге мөөр басылган түрдө алынган сүрөттөрдү, видео жазып алууларды берет, анда жазып алуулардын негизи, башталышы жана аякталышынын убактысы, узактыгы көрсөтүлүүгө тийиш.
3. Тергөөчү зарыл болгондо алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн адисин жана кызматкерин тартуу менен материалдарга тиркелип алынган маалыматты алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн кызматкеринин отчётун изилдейт. Изилдөөнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзүлөт.
235-берене. Адамдын турак эмес жайына же башка ээлигине кирүү жана изилдөө
1. Адамдын турак эмес жайында же башка ээлигинде иш үчүн мааниси болушу мүмкүн болгон кылмыш куралы, предметтер, документтер жана баалуулуктар болушу мүмкүн деген шектенүүгө жетиштүү негиздер болгондо, тергөөчү тергөө судьясынын токтомунун негизинде алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнө конспиративдик кароо жүргүзүүнү тапшырууга укуктуу.
2. Аларды изилдөө, ошондой эле тергөө аракеттерин даярдоо жана өткөрүү үчүн кызматтык, өндүрүштүк жайга, имаратка, курулмага, сактоочу жайга, транспорттук каражатка же жергиликтүү участокко кирүү жолу менен адамдын турак эмес жайын же башка ээлигин изилдөө алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн кызмат адамы тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Изилдөө учурунда орун которуп жүрүүгө, сүрөткө тартууга, көчүрмөлөөгө, табылган объектилерди белгилөөгө, химиялык белги алууларды орнотууга жана башка издердин түшүп калышы үчүн шарттарды түзүүгө жол берилет. Предметтерди конспиративдик изилдөө мезгилинде табылгандарды алып коюуга же алмаштырууга жол берилбейт.
4. Адамдын турак эмес жайын же башка ээлигин конспиративдик изилдөөнүн жыйынтыктары алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн кызмат адамынын отчётуна киргизилет.
5. Тергөөчү зарыл болгондо алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн адисин жана кызматкерин тартуу менен алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн кызмат адамынын отчётун изилдейт. Изилдөөнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзүлөт.
236-берене. Экспертиза жүргүзүү максаттарында салыштырып изилдөөлөр үчүн үлгүлөрдү алуу
1. Эгерде экспертиза жүргүзүү максатында салыштырып изилдөөлөр үчүн үлгүлөрдү алууда конспиративдик сырды сактоо зарыл болсо, анда тергөөчү тергөө судьясынын токтомунун негизинде аларды алуу үчүн конспиративдик ыкмаларды пайдаланууга укуктуу.
Конспиративдик изилдөөлөр үчүн чогултулуучу үлгүлөрдүн тизмесине адамдын жашоо турмушуна байланыштуу ар кандай зарыл объекттер (колунун, бутунун издери, чачы, үнү, каны, кол жазмасы) микро бөлүкчөлөрү, транспорттук каражаттардын издери жана башкалар киргизилиши мүмкүн.
2. Конспиративдик жол менен алынган салыштырып изилдөөлөр үчүн үлгүлөрдүн жыйынтыктары алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн кызмат адамынын отчёту менен жол-жоболоштурулат. Ага атайын тергөө аракетин жүргүзгөн адамдар тарабынан мөөр басылган жана колдору менен ырасталган таңгакталган түрдөгү үлгүлөр тиркелет.
3. Тергөөчү зарыл болгондо алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн адисин жана кызматкерин тартуу менен алынган маалыматты изилдейт. Изилдөөнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзүлөт.
237-берене. Кылмыштуу чөйрөгө киргизүү жана (же) кылмыш ишин окшоштуруп тууроо
1. Кылмыштуу чөйрөгө киргизүү жана (же) кылмыш ишин окшоштуруп тууроо даярдалып жаткан, жасалуучу же жасалган кылмыштар жөнүндө иш жүзүндөгү маалыматтарды алуу максатында кылмыштуу чөйрөгө киргизилүүчү жана (же) кылмыш ишин окшоштуруп тууроочу адамдын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жүргүзүлөт.
2. Кылмыштуу чөйрөгө киргизилген жана (же) кылмыш ишин окшоштуруп туураган адамга адамдардын өмүрүнө, саламаттыгына, менчигине коркунуч келтирүү менен коштолгон аракеттерди (аракетсиздикти) жасоого тыюу салынат, буга коргонуу зарылдыгынын, аргасыз зарылдыктын, күч колдонуп же психикалык мажбурлоонун, кылмыш жасаган адамды кармоонун, кызматы боюнча мыйзамдарды, буйруктарды (тескемелерди), милдеттерди аткаруунун, негиздүү тобокелдикке баруунун, Кылмыш-жаза кодексине ылайык атайын тапшырмаларды аткаруунун учурлары кирбейт.
3. Кылмыш чөйрөсүнө киргизүүнү жүргүзүүнүн жана анын аякталышынын жүрүшүндө жана (же) кылмыш ишин окшоштуруп тууроодо ыйгарым укуктуу орган тергөөчүгө коштомо кат менен мөөр басылган түрдөгү отчётту жана бардык материалдарды берет.
4. Тергөөчү зарыл болгондо алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн кызматкерин тартуу менен алынган отчётту изилдейт. Изилдөөнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзүлөт.
238-берене. Контролдонуучуну жөнөтүү
1. Контролдонуучуну жөнөтүү алардын эркин сатууга тыюу салынган же болбосо жүгүртүүсү мыйзам менен чектелген, ошондой эле кылмыштык кол тийгизүүлөрдүн объекттери же куралы болуп саналган предметтердин, буюмдардын жана продукциялардын жөнөтүлүшүн, сатып алынышын, сатылышын, орун которуусун контролдоо максатында жүзөгө ашырылат.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында контролдонуучу жөнөтүү алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмү тарабынан өз алдынча же башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракетте жүзөгө ашырылат.
3. Бир нече мамлекеттердин аймактарына контролдонуучу жөнөтүү чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу укук коргоо органдары менен бирдикте алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмү тарабынан жүзөгө ашырылат.
4. Бул иш-чара аяктагандан кийин алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн кызмат адамы отчётту жана алынган бардык материалдарды коштомо кат менен мөөр басылган түрдө толук көлөмүндө тергөөчүгө берет.
5. Тергөөчү зарыл болгондо алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн адисин жана кызматкерин тартуу менен алынган отчётту изилдейт. Изилдөөнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзүлөт.
239-берене. Контролдук сатып алуу
1. Контролдук сатып алуу жалган бүтүмдү түзүү кырдаалын жаратуу жолу менен жасалуучу же жасалган кылмыштар жөнүндө иш жүзүндөгү маалыматтарды алуу максатында жүргүзүлөт.
Мында анын кылмышка тиешеси бар деп болжолдоого жетиштүү негиздер бар болгон адамдан мыйзамда эркин сатууга тыюу салынган же жүгүртүүсүнө чектөө коюлган, ошондой эле кылмыштуу кол салуунун объекттери же куралдары болуп эсептелген предметтер же буюмдар кайтарымдуу түрдө сатып алынат.
2. Алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн кызматкерине же атайын тергөө аракетине катышууну ыктыярдуу билдирген адамга анын жүрүшүн жана жыйынтыктарын так жазып алууга техникалык жана башка каражаттарды, ошондой эле предметтерди жана буюмдарды кайтарымдуу сатып алуу үчүн акча каражаттарын берүү жөнүндө ушул Кодекстин 170-беренесине ылайык өзүнчө протоколдор түзүлөт.
3. Кылмыштын жасалышын контролдоо боюнча иш-чараларды даярдоодо жана өткөрүүдө адамдын андан ары бетин ачуу максатында ага кылмыш жасоого жардам берип же бул үчүн анын жүрүш-турушуна зомбулук, коркутуу, шантаж менен таасир этип, түрткү берүүгө (шыкактоого) тыюу салынат. Мындай ыкма менен алынган буюмдар жана документтер кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө колдонулбайт.
4. Бул иш-чара аяктагандан кийин алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн кызмат адамы тергөөчүгө отчётту жана бардык алынган материалдарды коштомо кат менен мөөр басылган түрдө толук көлөмүндө берет.
5. Тергөөчү зарыл болгондо алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн адисин жана кызматкерин тартуу менен алынган отчётту изилдейт. Изилдөөнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзүлөт.
32-глава. Айыпталуучу катарында жоопко тартуу. Айып коюу
240-берене. Айыпталуучу катарында жоопко тартуу
1. Аталган адам тарабынан кылмыш жасалгандыгын көрсөткөн жетиштүү далилдер болгондо тергөөчү ал адамды айыпталуучу катарында тартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн токтом чыгарат.
2. Айыпталуучу катарында жоопко тартуунун датасы жана убактысы, жасалган кылмыштын укуктук квалификациясы Кылмыш-жаза кодексинин беренесин (берененин бөлүгүн) көрсөтүү менен тергөөчү тарабынан кечиктирилгис түрдө Кылмыштардын бирдиктүү реестрине киргизилет.
3. Айыпталуучу катарында жоопко тартылганга чейин адамга карата Кылмыштардын бирдиктүү реестрине маалыматтарды киргизүү фактысы ушул берененин жоболоруна ылайык бул адам үчүн кандайдыр бир укуктук кесепеттерге алып келбейт.
241-берене. Айыпталуучу катарында жоопко тартуу жөнүндө токтом
1. Айыпталуучу катарында жоопко тартуу жөнүндө токтомдо төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
1) ал түзүлгөн убакыт жана жер, токтом ким тарабынан түзүлгөндүгү, айыпталуучу катарында тартылып жаткан адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган күнү, айы, жылы жана жери;
2) ал жасалган убакыт, жер, күнөөнүн формасы, кылмыштын жүйөлөрү, максаттары жана кесепеттери, ошондой эле ушул Кодекстин 81-беренесине ылайык далилденүүгө тийиш болгон башка жагдайлар көрсөтүлгөн айыпталуучуга тагылып жаткан кылмыштын баяндамасы;
3) ушул кылмыш үчүн жоопкерчиликти караган кылмыш-жаза мыйзамы (беренеси, бөлүгү, пункту).
2. Кылмыш-жаза мыйзамынын ар кандай беренелерин колдонууга туура келген бир нече кылмыштар боюнча айыптоодо, адамды айыпталуучу катарында тартуу жөнүндө токтомдо жазык мыйзамынын ар бир беренеси боюнча айыпталуучуга кандай айкын аракеттер тагылып жаткандыгы көрсөтүлүүгө тийиш.
3. Токтомдо адамды айыпталуучу катарында тартуу жөнүндө чечим камтылууга тийиш.
242-берене. Айыпталуучунун келишинин милдеттүүлүгү
1. Эркиндикте жүргөн айыпталуучу суракка чакыруу кагазы менен чакырылат. Чакыруу телефонограмма же телеграмма аркылуу да берилиши мүмкүн.
2. Чакыруу кагазында айыпталуучу катарында ким, кайда, кайсы күнү жана кайсы саатка чакырылгандыгы, ошондой эле келбей коюунун кесепеттери көрсөтүлүүгө тийиш.
3. Чакыруу кагазы айыпталуучуга колкат алуу менен, ал эми ал убактылуу жок болгон учурда, ал үй-бүлөнүн эрезеге жеткен мүчөсүнө же ал иштеген же окуган жердеги администрациянын өкүлүнө же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлүнө айыпталуучуга берип коюу үчүн тапшырылат.
4. Эркиндикте жүргөн айыпталуучу тергөөчүнүн чакыруусу боюнча белгиленген мөөнөттө келүүгө милдеттүү.
5. Төмөндөгүлөр тергөөчүнүн чакыруусу боюнча айыпталуучунун келбей калышынын жүйөлүү себептери деп таанылат:
1) айыпталуучуну келүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан оору;
2) жакын туугандарынын өлүмү;
3) табигый кырсыктар;
4) чакыруу кагазын албай калуу;
5) айыпталуучуга белгиленген мөөнөттө келүүгө мүмкүнчүлүк бербеген башка жагдайлар.
6. Белгиленген мөөнөттө келбей калуунун себептери жөнүндө айыпталуучу тергөөчүгө билдирүүгө милдеттүү.
7. Жүйөлүү себептерсиз келбей койгон учурда айыпталуучу мажбурлап алынып келиши мүмкүн.
8. Камакта отурган айыпталуучу камалган жердин администрациясы аркылуу чакырылат.
243-берене. Айып коюу
1. Адамды айыпталуучу катарында тартуу жөнүндө токтом чыгарылган учурдан тартып 48 сааттан кечиктирилбестен айып коюу адвокаттын катышуусу менен жүргүзүлөт. Айыпталуучу же анын адвокаты келбей калган учурда, айып 48 саат өткөндөн кийин да коюлушу мүмкүн.
2. Алынып келинген айыпталуучуга айып коюу ал алынып келген күнү жүргүзүлөт.
3. Тергөөчү айыпталуучунун ким экендигине ынангандан кийин айыпталуучуга жана анын адвокатына айыпталуучу катарында тартуу жөнүндө токтомду жарыялайт.
4. Тергөөчү айыпталуучуга коюлган айыптын маңызын түшүндүрүүгө милдеттүү.
5. Ушул берененин 3 жана 4-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн аракеттерди аткаруу айып коюлган датаны жана саатты көрсөтүү менен тергөөчүнүн айыпталуучу катары тартуу жөнүндө токтомуна айыпталуучунун, адвокаттын жана тергөөчүнүн колдорун койдуруу менен күбөлөндүрүлөт.
6. Айыпталуучу кол коюудан баш тартканда, тергөөчү жана адвокат айыпталуучу катары тартуу жөнүндө токтомдо ага токтомдун текстин жарыялагандыгы тууралуу ырасташат.
7. Айыпталуучуга аны айыпталуучу катары тартуу жөнүндө токтомдун көчүрмөсү тапшырылат.
8. Тергөөчү айыпталуучу катарында тартуу токтомун бир эле мезгилде тапшыруу менен ушул Кодекстин 46-беренесинде каралган анын укуктарын, ошондой эле мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардамга укуктарын түшүндүрөт.
9. Токтомдун көчүрмөсү прокурорго жөнөтүлөт.
244-берене. Айыпталуучуну суракка алуу
1. Тергөөчү айыпталуучуну ага айып коюлгандан кийин токтоосуз түрдө суракка алууга милдеттүү.
2. Айыпталуучуну суракка алууга анын адвокаты катышат.
3. Денесиндеги же психикасындагы кемчиликтерден улам коргонуу укугун өзү жүзөгө ашыра албаган же иш боюнча өндүрүш жүргүзүлгөн тилди билбеген айыпталуучу катары балага айып коюуда жана суракка алууда, ошондой эле адамды он жылдан ашык мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу белгилениши мүмкүн болгон кылмыш жасагандыгы үчүн айыптоодо адвокаттын катышуусунан баш тартууга жол берилбейт.
4. Айыпталуучуну суракка алуу ушул Кодекстин 196-200-беренелерине ылайык жүргүзүлөт.
5. Бир эле иш боюнча чакырылган айыпталуучулер өз-өзүнчө суракка алынат, мында тергөөчү алар бири-бири менен сүйлөшө албагыдай чараларды көрөт.
6. Сурактын башында тергөөчү айыпталуучунун өзүнүн күнөөсүн толугу менен же жарым-жартылай мойнуна ала тургандыгын же ага коюлган айып боюнча күнөөсүн четке кага тургандыгын аныктайт, бул тууралуу сурактын протоколуна тиешелүү жазуу жазылат.
7. Тергелип жаткан иштин жагдайлары боюнча мурда берилген көрсөтүүлөрдү тактоонун же толуктоонун зарылдыгы келип чыккан учурда, айыпталуучуну экинчи жолу (кошумча) суракка алуу жүргүзүлөт.
245-берене. Айыпты өзгөртүү жана толуктоо. Ишти жарым-жартылай кыскартуу
1. Эгерде тергөө жүргүзүүдө коюлган айыпты өзгөртүү же толуктоо үчүн негиздер келип чыкса, тергөөчү ушул Кодекстин 243-беренесинин талаптарын сактоо менен аны айыпталуучу катарында тартуу жөнүндө жаңы токтом түзүүгө жана аны айыпталуучуга ушул Кодекстин 240 жана 243-беренелеринде белгиленген тартипте көрсөтүүгө милдеттүү.
2. Эгерде тергөөнүн жүрүшүндө коюлган айып кайсы бир жагынан ырасталбаса, тергөөчү өзүнүн токтому менен айыптоонун бул бөлүгүндө кылмыш ишин кыскартат, бул жөнүндө айыпталуучуга билдирет.
33-глава. Тергөөнү токтотуу жана кайра баштоо
246-берене. Тергөөнү токтотуунун негиздери, тартиби жана мөөнөттөрү
1. Тергөө аны улантууга жана бүтүрүүгө тоскоол болгон төмөндөгү негиздердин бири болгондо токтотулат:
1) айыпталуучунун турган жери белгилүү болбосо;
2) тергөө жана башка процессуалдык аракеттерге тоскоол болгон шектүүнүн, айыпталуучунун убактылуу психикалык же башка оор дартка чалдыккандыгы мамлекеттик медициналык мекемеде иштеген врач тарабынан күбөлөндүрүлгөндө;
3) айыпталуучу катарында жоопко тартууга тийиш болгон жакты аныктоого мүмкүн болбогондо;
4) шектүүнүн, айыпталуучунун турган жери белгилүү болуп, бирок шектүүнү, айыпталуучуну иммунитеттен ажыратуу жөнүндө жана (же) анын чет мамлекет тарабынан берилиши жөнүндө маселени чечүүгө байланыштуу анын ишке катышуусуна чыныгы мүмкүнчүлүк болбогондо же кылмыш куугунтугун улантуу үчүн иштин материалдарын чет мамлекетке жөнөткөндө;
2. Тергөөнү токтотуу жөнүндө тергөөчү Кылмыштардын бирдиктүү реестрине маалыматтарды киргизет, анда токтом автоматтык түрдө генерацияланат, анын көчүрмөсүн прокурорго жөнөтөт.
3. Эгерде иш боюнча 2 же бир нече айыпталуучу тартылса, ал эми токтото туруу шектүүлөрдүн, айыпталуучулардын бардыгына таандык болбосо, тергөөчү айрым шектүүлөргө, айыпталуучуларга карата ишти өзүнчө өндүрүшкө бөлүүгө же токтото турууга, эгерде иш боюнча тергөөнү улантуу бардык шектүүлөрдүн, айыпталуучулардын катышуусуз улантылышы мүмкүн болбосо, бүткүл иш боюнча өндүрүштү токтотууга укуктуу.
4. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1 жана 3-пункттарында каралган учурларда тергөө анын өндүрүшүнө кеткен мөөнөт аяктагандыгы боюнча гана токтотулат; ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2 жана 4-пункттарында каралган учурларда ал тергөөнүн мөөнөтү аяктаганга чейин да токтотулушу мүмкүн.
5. Тергөөнү токтотууга чейин тергөөчү айыпталуучу жок болгондо, ишти жүргүзүүгө мүмкүн болгон бардык тергөө аракеттерин аткарууга, кылмышты жасаган адамды табууга, ошого тете аны аныктоого карата бардык чараларды көрүүгө милдеттүү.
247-берене. Тергөөчүнүн тергөөнү токтоткондон кийинки аракеттери
1. Ушул Кодекстин 246-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган учурларда тергөө токтотулгандан кийин тергөөчү түздөн-түз, ошондой эле алгачкы текшерүү органдары аркылуу кылмыш жоопкерчилигине тартылууга тийиш болгон адамды аныктоого карата чара көрүүгө милдеттүү жана зарыл учурда тергөө аракеттерин жүргүзө алат.
2. Тергөөнү токтоткондон кийин тергөөчү бул тууралуу жабырлануучуга жана (же) анын өкүлүнө жазуу жүзүндө билдирүүгө жана ошол эле мезгилде аларга тергөөнү токтотуу жөнүндө токтом боюнча прокурорго 5 сутканын ичинде даттанууга мүмкүн экендигин түшүндүрүүгө милдеттүү. Тергөө ушул Кодекстин 246-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган негиздер боюнча токтотулган учурда, бул тууралуу айыпталуучуга жана анын адвокатына да билдирилет.
3. Тергөө ушул Кодекстин 246-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча токтотулганда, тергөөчү кабыл алынган чечимдин мыйзамдуулугун изилдөө үчүн кылмыш ишин прокурорго 5 күндүн ичинде жиберүүгө милдеттүү.
4. Кылмыш ишин алган күндөн тартып 10 сутканын ичинде прокурор аны токтотуу жөнүндө чечимдин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн таануу тууралуу корутунду чыгарат же болбосо ал кабыл алган чечимдин негиздемесин көрсөтүү менен кылмыш ишин токтотуу жөнүндө токтомду жокко чыгаруу тууралуу токтом чыгарат.
248-берене. Айыпталуучуну издөө
1. Айыпталуучунун турган жери белгисиз болгондо, тергөөчү издөө жүргүзүүнү алгачкы текшерүү органдарына тапшырат. Бул тапшырма тууралуу тергөөнү токтотуу жөнүндө токтомдо көрсөтүлөт же өзүнчө токтом чыгарылат.
2. Айыпталуучуну издөө тергөө жүргүзүү убагында да, ошондой эле аны токтотуу менен бир мезгилде жарыяланышы мүмкүн.
3. Ушул Кодекстин 246-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер болгондо, издөө салынган айыпталуучуга карата бөгөт коюу чарасы колдонулушу мүмкүн.
249-берене. Токтотулган тергөөнү кайра баштоо
1. Токтотуу үчүн негиздер жоюлгандан кийин токтотулган тергөө прокурордун макулдугу менен тергөөчүнүн жүйөлөштүрүлгөн токтому менен кайра башталат.
2. Тергөөчүнүн токтотуу жөнүндө токтомун жокко чыгарууга байланыштуу токтотулган тергөө прокурордун жүйөлөштүрүлгөн токтому менен да кайра башталышы мүмкүн.
3. Тергөөнүн кайра башталышы жөнүндө шектүүгө, айыпталуучуга жана адвокатка, ошондой эле жабырлануучуга жана (же) анын өкүлүнө билдирилет.
4. Кайра баштоо жөнүндө маалыматтар Кылмыштардын бирдиктүү реестрине киргизилет.
34-глава. Тергөөнү аяктоо
250-берене. Тергөөнү аяктоо
Тергөө ишти прокурорго жөнөтүү менен айыптоо актысын түзүү, медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чарасын колдонуу жөнүндө токтом түзүү же болбосо кыскартуу менен аяктайт.
251-берене. Тергөөнү аяктоо жөнүндө жарыялоо
1. Кылмыш иши боюнча бардык тергөө аракеттери жүргүзүлдү, ал эми чогултулган далилдер сотко чейинки өндүрүштү аяктоо үчүн жетиштүү деп тааныган тергөөчү бул жөнүндө айыпталуучуга кабарлайт жана ушул Кодекстин 253-беренесинде каралган ага жеке өзү, ошондой эле адвокатынын, мыйзамдуу өкүлүнүн жардамы менен кылмыш ишинин бардык материалдары менен таанышуу укугун түшүндүрөт. Айыпталуучуга тергөөнүн аяктагандыгы жана ага укуктарды түшүндүргөндүгүн кабарлоо тууралуу ушул Кодекстин 254-беренесинин талаптарын сактоо менен протокол түзүлөт.
2. Эгерде айыпталуучунун адвокаты же жабырлануучунун өкүлү жүйөлүү себептер боюнча дайындалган убакытта иштин материалдары менен таанышуу үчүн келе албай калса, тергөөчү тааныштырууну 5 суткадан ашпаган мөөнөткө жылдырат. Адвокат же өкүл ал мөөнөттүн ичинде келбей калган учурда, тергөөчү айыпталуучуга башка адвокатты, ал эми жабырлануучуга бөлөк өкүлдү чакырууну сунуштайт.
3. Айыпталуучу, анын адвокаты, жабырлануучу иштин материалдары менен таанышкандан кийин тергөөчү айыптоо актысын түзөт, анда тергөө аракеттеринин бардыгы аткарылгандыгын, ишти сотко жөнөтүү үчүн жетиштүү далилдердин чогултулгандыгын көрсөтөт.
252-берене. Жабырлануучуну иштин материалдары менен тааныштыруу
1. Тергөөчү жабырлануучуну же анын өкүлүн иштин бардык материалдары же ал материалдардын алар таанышкысы келген бөлүгү менен тааныштырат.
2. Тааныштыруу ушул Кодекстин 253-беренесинде каралган тартипте жүргүзүлөт.
253-берене. Айыпталуучуну жана анын адвокатын кылмыш ишинин материалдары менен тааныштыруу
1. Ушул Кодекстин 251, 252-беренелеринин талаптары аткарылгандан кийин тергөөчү айыпталуучуга жана анын адвокатына кылмыш ишинин материалдарын тигилген, номерленген түрдө жана тизими менен бирге көрсөтөт. Таанышуу үчүн ошондой эле буюм далилдер берилет жана айыпталуучунун жана анын адвокатынын өтүнүчү боюнча тергөө аракеттеринин протоколундагы сүрөттөр, аудио жана (же) видео жазып алуулар жана башка тиркемелер да берилет. Айыпталуучунун жана анын адвокатынын өтүнүчү боюнча тергөөчү аларга кылмыш ишинин материалдары менен чогуу же өз-өзүнчө таанышуу мүмкүнчүлүгүн берет. Эгерде кылмыш иши боюнча өндүрүшкө бир нече айыпталуучу катышса, аларга жана алардын адвокаттарына кылмыш ишинин материалдарын берүүнүн ырааттуулугу тергөөчү тарабынан белгиленет.
2. Айыпталуучу жана анын адвокаты иштин материалдары менен таанышуу процессинде маалыматтарды жазып алууга, документтердин көчүрмөсүн алууга укуктуу. Мамлекеттик, коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сырды түзгөн маалыматтар камтылган иштен документтердин көчүрмөлөрү иште сакталат жана коопсуздугун камсыз кылуу зарыл болгон адамдар жөнүндө маалыматтарды кошпогондо, айыпталуучуга жана анын адвокатына соттук териштирүүнүн убагында тапшырылат.
3. Айыпталуучуну жана анын адвокатын иштин материалдары менен тааныштыруу аяктагандан кийин тергөөчү алардан сот арачыларынын катышуусу менен кылмыш ишин сот тарабынан кароо жөнүндө өтүнүчтөр, башка өтүнүчтөр бериле тургандыгы жана эмне жөнүндө же кайсы башка арыздарды берүүнү каалай тургандыгын тактоого милдеттүү.
Мында тергөөчү сот арачыларынын катышуусу менен соттун кылмыш ишин кароосунун өзгөчөлүгүн, соттук отурум дайындалганга чейин соттун алдында андай өтүнүчтү билдирүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө түшүндүрөт, ошондой эле айыпталуучудан жана анын адвокатынан суракка алынган күбөлөрдүн жана ишке катышкан эксперттердин жана адистердин ичинен кимисин суракка алуу үчүн соттук отурумга чакырууну жана адвокаттардын позициясын тастыктоону каалай тургандыгын ачыктайт.
4. Айыпталуучунун жана анын адвокатынын иштин бардык материалдары менен таанышуусу үчүн зарыл болгон убакыттын чектелиши мүмкүн эмес. Эгерде айыпталуучу же анын адвокаты иштин материалдары менен таанышууну атайылап создуктурса, тергөөчү иштин материалдары менен таанышуу үчүн жетиштүү болгон аныкталган мөөнөттү өзүнүн токтому менен белгилөөгө укуктуу. Айыпталуучуну же анын адвокатын иштин материалдары менен тааныштыруу убактысы ушул Кодекстин 115, 162-беренелеринде каралган учурларда сотко чейинки өндүрүштүн, айыпталуучуну камакта кармоо мөөнөттөрүнө эсептелет.
254-берене. Кылмыш ишинин материалдары менен тааныштыруу протоколу
1. Айыпталуучунун жана анын адвокатынын, ошондой эле жабырлануучунун жана анын өкүлүнүн кылмыш ишинин материалдары менен таанышуусу аяктагандан кийин протокол түзүлөт. Протоколдо кылмыш ишинин материалдары менен таанышуунун башталган жана аяктаган датасы, таанышуу үчүн кандай материалдардын берилгендиги, берилген өтүнүчтөр жана башка арыздар көрсөтүлөт.
2. Эгерде айыпталуучу иштин материалдары менен таанышуудан баш тартса, бул жөнүндө протоколдо көрсөтүлөт жана айыпталуучунун баш тартуу жүйөсү баяндалат. Айыпталуучунун баш тартуусу иштин материалдары менен таанышууга адвокаттын укугун чектебейт.
255-берене. Өтүнүчтөрдү чечүү
1. Айыпталуучу, анын адвокаты, ошондой эле жабырлануучу жана анын өкүлү тарабынан берилген өтүнүч канааттандырылган учурда, тергөөчү иштин материалдарын толуктайт, бул башка катышуучулардын иштин материалдары менен таанышуусун улантуусуна жолтоо болбойт.
2. Кошумча тергөө аракеттерин жүргүзүү аяктагандан кийин тергөөчү бул жөнүндө сотко чейинки өндүрүштүн катышуучуларына кабарлайт жана аларга иштин кошумча материалдары менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн берет.
3. Билдирилген өтүнүчтү канааттандыруудан толук же жарым-жартылай баш тартылган учурда, тергөөчү бул жөнүндө токтом чыгарат, ал арыз ээсине маалымат катары жеткирилет.
4. Өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартуу арыз ээси баш тартуу жөнүндө токтомдун көчүрмөсүн алган учурдан тартып 3 сутканын ичинде прокурорго даттанылышы мүмкүн. Даттанууну берүү ишти прокурорго жиберүүнү ал чечилгенге чейин токтотуп турат.
256-берене. Айыптоо актысы
1. Тергөөчү процесстин катышуучуларын кылмыш ишинин материалдары менен тааныштыргандан жана алардын өтүнүчтөрү чечилгенден кийин айыптоо актысын түзөт, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) айыптоо актысын түзүү убактысы жана жери;
2) айыптоо актысын түзгөн адамдын кызматы, фамилиясы, аты, атасынын аты;
3) айыпталуучунун фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган күнү, айы, жылы жана жери;
4) кылмыш жасалган жер жана убактысы, анын ыкмалары, жүйөлөрү, максаттары, кесепеттери жана ушул кылмыш иши үчүн мааниси бар башка жагдайлар;
5) жабырлануучуга кылмыш аркылуу келтирилген залалдын мүнөзү жана өлчөмү жөнүндө маалыматтар;
6) айыпталуучунун жоопкерчилигин жеңилдетүүчү жана оордотуучу жагдайлар;
7) адамды айыптоо үчүн негиз болгон жагдайларды тастыктаган далилдердин тизмеги жана алардын мазмунунун кыскача баяндалышы;
8) инкримизацияланган аракетти квалификациялоочу кылмыш-жаза мыйзамынын так беренеси, бөлүктөрү жана пункттары;
9) мүлктү конфискациялоону жана мүмкүн болуучу материалдык жана (же) моралдык зыяндын ордун толтурууну камсыз кылуу боюнча көрүлгөн чаралар;
10) Кылмыш-жаза кодексине ылайык конфискацияланууга тийиш мүлк кылмыштын натыйжасында алынган же ушул мүлктөн алынган киреше болгон, же кылмыштын куралы катары колдонулган, же колдонууга багытталган жагдайларды тастыктаган далилдердин тизмеги.
2. Айыптоо актысында кылмыш ишинин томдоруна жана барактарына шилтеме камтылууга тийиш.
3. Айыптоо актысына айыптоо тарабынан да, жактоо тарабынан да алардын жашаган жерин же турган жерин жана алардын көрсөтмөлөрү же корутундулары баяндалган иштин баракчаларын көрсөтүү менен соттук отурумга чакырылууга жаткан адамдардын тизмеси тиркелет. Ушул Кодексте каралган учурларда ал тизмеде соттук отурумга чакырылууга жаткан адамдардын псевдонимдери гана камтылууга тийиш.
4. Айыптоо актысына ошондой эле сотко чейинки өндүрүштүн мөөнөттөрү жөнүндө, камакка же үй камагына алуу убактысын көрсөтүү менен бөгөт коюу чаралары, буюм далилдери, айыппул жана мүлктү мүмкүн болуучу конфискациялоо түрүндө жазаны аткарууну камсыздоо боюнча кабыл алынган чаралар, процессуалдык коромжулар, ал эми айыпталуучуда, жабырлануучуда багууда тургандар болгондо алардын укуктарын камсыздоо боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымкат тиркелет.
5. Айыптоо актысына айыпталуучунун инсандыгын ырастоочу документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү тиркелиши керек.
Ушул беренеде инсандыгын ырастоочу документтер болуп төмөнкүлөр таанылат:
1) Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортунун бардык типтери;
2) инсандыгынын ырастамасы;
3) чет өлкөлүк жарандын туруктуу же убактылуу жашай туруу укугу;
4) жарандыгы жок адамдын ырастамасы;
5) айдоочулук ырастама;
6) аскердик билет;
7) кайрылмандын ырастамасы.
Айыпталуучуда – Кыргыз Республикасынын жаранында анын инсандыгын ырастоочу документи болбогон учурда, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүчү органдардын кайрылуусу боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан документтештирилиши керек.
6. Тергөөчү айыптоо актысына кол койгондон кийин тергөө бөлүмүнүн башчысынын макулдугу менен кылмыш иши токтоосуз прокурорго жөнөтүлөт. Кылмыш иши айыпталуучунун (айыпталуучулардын) бөгөт коюу чарасынын мөөнөтү аяктаганга чейин 10 сутка мурда прокурорго берилет. Ушул Кодекстин 21-беренесинде каралган учурларда, тергөөчү айыптоо актысынын текстин которууну камсыз кылат.
35-глава. Ишти кыскартуу
257-берене. Кылмыш ишин кыскартууга карата негиздер
1. Кылмыш иши ушул Кодекстин 27-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер болгондо, ушул Кодекстин 27-беренесинин 3 бөлүгүндө белгиленген жагдайлар жок болгон шартта тергөөчү тарабынан кыскартылат. Тергөөчү ишти кыскартуу жөнүндө маалыматтарды Кылмыштардын бирдиктүү реестрине киргизет, анда токтом автоматтык түрдө генерацияланат.
2. Реабилитациялык негиздер боюнча иш кыскартылган учурда, тергөөчү адамды реабилитациялоо жана мыйзамсыз кармоо же камакка алуунун жыйынтыгында ага келтирилген мүлктүк залалдын ордун толтуруу боюнча мыйзамда каралган чараларды көрөт.
258-берене. Кылмыш ишин кыскартуунун тартиби
1. Кылмыш иши тергөөчүнүн токтому боюнча кыскартылат, анда шектүүнүн, айыпталуучунун инсандыгы жөнүндө маалымат келтирилет, иштин жагдайлары жана аны кыскартуунун негиздери баяндалат.
2. Токтомдо ушул Кодекстин 86-беренесинин эрежелерине ылайык буюм далилдери жөнүндө, бөгөт коюу чарасын жокко чыгаруу жөнүндө, ага тете материалдык зыяндын жана (же) моралдык зыяндын ордун толтурууну камсыз кылуу жана мүлктү конфискациялоо чаралары жөнүндө чечим көрсөтүлөт.
3. Ишти кыскартуу жөнүндө токтомдун көчүрмөсүн тергөөчү прокурорго жөнөтөт, бир эле учурда кыскартуунун негиздерин көрсөтүү менен ал боюнча иш кыскартылып жаткан адамга, жабырлануучуга, анын арызы боюнча тергөө башталган адамга жана (же) уюмга билдирет жана аларга даттануу укугун түшүндүрөт.
4. Алардын арызы боюнча сотко чейинки өндүрүшү башталган жабырлануучунун, адамдын жана (же) уюмдун же алардын өкүлдөрүнүн өтүнүчү боюнча тергөөчү, прокурор кыскартылган иштин материалдары менен аларды тааныштырат.
5. Кылмыш иши кыскартылгандан кийин тергөөчү 5 сутканын ичинде кабыл алынган чечимдин мыйзамдуулугун иликтөө үчүн ишти прокурорго жөнөтөт.
6. Кылмыш ишин алган күндөн тартып 10 сутканын ичинде прокурор аны кыскартуу жөнүндө чечимдин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн таануу тууралуу корутунду чыгарат же болбосо ал кабыл алган чечимдин негиздемесин көрсөтүү менен кылмыш-жаза ишин кыскартуу жөнүндө токтомду жокко чыгаруу тууралуу токтом чыгарат.
259-берене. Кылмыш ишин кыскартуу жөнүндө токтомго даттануу
1. Кылмыш ишин кыскартуу жөнүндө тергөөчүнүн, прокурордун токтому шектүү, айыпталуучу, анын адвокаты, жабырлануучу жана (же) анын өкүлү, ошондой эле анын арызы менен сотко чейинки өндүрүш башталган адам же уюмдун өкүлү тарабынан тергөөгө көзөмөл жүргүзгөн прокурорго же сотко даттанылышы мүмкүн.
2. Даттануу мөөнөтү кылмыш ишин кыскартуу жөнүндө токтомду алган күндөн тартып 10 күндү түзөт.
260-берене. Кыскартылган кылмыш ишин кайра баштоо
1. Кылмыш ишин кыскартуу жөнүндө тергөөчүнүн токтому жокко чыгарылганда кыскартылган иш боюнча өндүрүш прокурордун токтому менен кайра башталат.
2. Кыскартылган иш боюнча өндүрүштү кайра баштоо адамды кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтүнүн эскириши аяктаганга чейин жүргүзүлөт.
3. Иш боюнча өндүрүштү кайра баштоо жөнүндө шектүүгө, айыпталуучуга, алардын адвокатына, жабырлануучуга же анын өкүлүнө, ошондой эле алардын арызы боюнча иш кайра башталган адамга же уюмга кабарландырылат.
36-глава. Айыптоо актысы менен келип түшкөн иш боюнча прокурордун аракеттери жана чечимдери
261-берене. Айыптоо актысы менен келип түшкөн иш боюнча прокурор тарабынан чечилүүчү маселелер
Прокурор келип түшкөн учурдан тартып 5 суткадан ашпаган мөөнөттө келип түшкөн кылмыш иши боюнча төмөндөгүлөрдү иликтөөгө жана текшерүүгө милдеттүү:
1) айыпталып жаткан адамда аракет орун алганбы жана ал аракетте кылмыштын курамы барбы;
2) кыскартууга алып келген жагдайлардын иште болгондугун;
3) коюлган айыптын негиздүүлүгүн, анын иште далилдер менен тастыкталгандыгын;
4) иш боюнча бардык аныкталган жана далилденген кылмыштуу аракеттер боюнча айып угузулганбы;
5) иш боюнча аларга карата кылмыштарды жасагандыгы жөнүндө далилдер табылган бардык жактар айыпталуучу катары тартылганбы;
6) аракетти квалификациялоонун тууралыгын;
7) материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтуруу жана мүмкүн болуучу мүлктү конфискациялоону камсыздоо боюнча чаралар көрүлгөнбү;
8) сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө ушул Кодексти олуттуу бузууларга жол берилген жокпу;
9) конфискацияланууга жаткан мүлк кылмыш жасоонун натыйжасында алынгандыгы же ушул мүлктүн кирешеси болуп саналгандыгы же болбосо кылмыштын куралы катары колдонулгандыгы, же колдонулары аныкталган жагдайлар.
262-берене. Айыптоо актысы менен келип түшкөн кылмыш иши боюнча прокурордун чечими
Прокурор келип түшкөн айыптоо актысы менен тергөөчүдөн түшкөн кылмыш ишин карап, төмөнкүдөй чечимдердин бирин кабыл алууга укуктуу:
1) айыптоо актысын бекитүүнү;
2) өзүнүн токтому менен айыптоонун айрым пункттарын алып салууну же айыпталуучунун аракетин жеңилдетүү жагына кайра квалификациялоону;
3) ишти жүргүзүү мөөнөтүн көрсөтүү менен кошумча тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн өзүнүн жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрү менен кошо тергөөчүгө бир айдан ашпаган мөөнөттү белгилеп кайтарып берүүнү;
4) ушул Кодекстин 27-беренесине ылайык ишти кыскартууну.
263-берене. Кылмыш ишин бекитилген айыптоо актысы менен сотко жөнөтүү
1. Айыптоо актысы бекитилгенден кийин прокурор айыпталуучуга айыптоо актысынын көчүрмөсүн тапшырууну камсыз кылат. Айыптоо актысынын көчүрмөсү, эгерде ал бул тууралуу өтүнүч берсе, жабырлануучуга да тапшырылат. Айыптоо актысынын көчүрмөсүн алгандыгы жөнүндө айыпталуучунун жана жабырлануучунун тил каты ишке тиркелет.
2. Прокурор ишти сотко бекитилген айыптоо актысы менен кошо камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуунун 5 күндүк мөөнөтү бүткөнгө чейин жөнөтөт, бир эле мезгилде бул жөнүндө айыпталуучуга, адвокатка, жабырлануучуга жана анын өкүлүнө кабарландырат.
VIII БӨЛҮМ
СОТКО ЧЕЙИНКИ ӨНДҮРҮШТӨГҮ СОТТУК КОНТРОЛЬ
37-глава. Сотко чейинки өндүрүштөгү соттук контролдун процессуалдык тартиби
264-берене. Тергөө судьясы тарабынан ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун жалпы шарттары
1. Ушул Кодексте каралган учурларды кошпогондо, тергөө судьясы анын ыйгарым укуктарына кирген маселелерди жабык соттук отурумда жеке өзү карайт.
2. Тергөө судьясынын ыйгарым укуктарына кирген маселелерди кароонун мөөнөттөрү ушул Кодекс менен аныкталат.
3. Тергөө судьясы сотко чейинки өндүрүштүн бардык материалдары менен таанышууга, зарыл болгондо кошумча материалдарды талап кылууга укуктуу.
4. Тергөө судьясы анын ыйгарым укуктарына кирген маселелерди кароонун жыйынтыктары боюнча ушул Кодекстин 304-беренесине ылайык токтом чыгарат.
5. Тергөө судьясынын токтому мыйзамдуу күчүнө токтоосуз кирет жана милдеттүү аткарылууга жатат. Ушул Кодексте каралган учурларда тергөө судьясынын токтому апелляциялык жана кассациялык тартипте даттанылышы мүмкүн жана анын аткарылышын токтотпойт.
6. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын тергөө судьясынын атына жазган өтүнүчү жана тергөө судьясынын токтомдору электрондук кол коюлган документ формасында даярдалышы мүмкүн. Өтүнүчкө электрондук кол коюлган документ, электрондук документ же электрондук сүрөт формасында документтер тиркелиши мүмкүн.
265-берене. Шектүүнү кармоонун мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү тартиби
1. Шектүүнү кармоонун мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү прокурордун, тергөөчүнүн, адвокаттын, мыйзамдуу өкүлдүн катышуусу менен шектүү кармалган жер боюнча ачык соттук отурумда материалдар сотко келип түшкөн учурдан тартып 2 сааттын ичинде тергөө судьясы тарабынан жүзөгө ашырылат. Айыпталуучудан, анын адвокатынан, прокурордон тышкары, соттук отурумдун убактысы жана орун алган жери жөнүндө өз мезгилинде кабарландырылган тараптардын келбей коюусу иштин материалдарын кароо үчүн жолтоо болуп саналбайт. Адвокат келбей калган учурда айыпталуучу аны башкасы менен алмаштырууга укуктуу.
2. Соттук отурумдун башталышында тергөө судьясы кылмыш жасоого шектелгендиги боюнча кармоонун мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү кайсы адамга карата текшерилип жаткандыгын кулактандырат, соттук отурумга келген адамдардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт. Андан кийин тергөөчү кылмыш жасоого шектенүү боюнча адамды кармагандыгы жөнүндө чечимди негиздейт, андан кийин соттук отурумга келишкен башка адамдар угулат.
3. Соттук отурумда тергөө судьясы кылмыш жасоого шектенүү боюнча адамды кармоонун мыйзамдуулугу же мыйзамсыздыгы, негиздүүлүгү же негизсиздиги жөнүндө токтом чыгарат.
4. Кылмыш жасоого шектенүү боюнча адамды кармоонун мыйзамдуулугу же мыйзамсыздыгы, негиздүүлүгү же негизсиздиги жөнүндө тергөө судьясынын токтому чыккан күндөн тартып 5 сутканын ичинде апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн.
5. Шектүүнү мыйзамсыз жана (же) негизсиз деп кармалгандыгы таанылган учурда тергөө судьясы жеке аныктама чыгарат, анда чараларды көрүүнү талап кылган иш боюнча белгиленген мыйзам бузуу фактыларына прокурордун көңүлүн бурат. Тергөө судьясынын жекече аныктамасы боюнча бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен чаралар көрүлүүгө жана анын натыйжалары жөнүндө ага билдирилүүгө тийиш.
6. Кармоонун мыйзамсыздыгы жана негизсиздиги жөнүндө тергөө судьясынын токтому ушул Кодекстин 17-главасында каралган тартипте зыяндын ордун толтуруу үчүн негиз болуп саналат.
266-берене. Бөгөт коюу чарасын колдонуу, өзгөртүү, ошондой эле бөгөт коюу чарасынын мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүчтү кароо тартиби
1. Бөгөт коюу чарасы сотко тергөөчүнүн өтүнүчү келип түшкөн учурдан тартып 5 сааттын ичинде тергөө жүргүзүлгөн жери боюнча же болбосо айыпталуучу кармалган жер боюнча айыпталуучунун, тергөөчүнүн, прокурордун, адвокаттын катышуусу менен ачык соттук отурумда тергөө судьясы тарабынан колдонулат. Соттук отурумуна айыпталып жаткан баланын мыйзамдуу өкүлү катышууга милдеттүү.
2. Айыпталуучу келбей калган учурларды кошпогондо, соттук отурумдун убактысы жөнүндө өз мезгилинде кабарландырылган тараптардын жүйөсүз себептер боюнча келбей калышы өтүнүчтү кароо үчүн жолтоо болуп саналбайт. Адвокат келбей калган учурда айыпталуучу аны башкасы менен алмаштырууга укуктуу.
3. Айыпталуучу жокто бөгөт коюу чарасы түрүндө камакка алууну колдонуу жөнүндө токтом чыгарууга анын келишин камсыз кылуу боюнча толук чаралар көрүлгөндөн кийин гана жол берилет.
4. Соттук отурумдун башталышында тергөө судьясы кандай өтүнүч кароого жата тургандыгын кулактандырат, соттук отурумуна келген адамдарга алардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт. Андан кийин тергөөчү аны негиздейт, андан соң соттук отурумга келген башка адамдар угулат.
5. Өтүнүчтү карагандан кийин тергөө судьясы төмөнкүдөй токтомдордун бирин чыгарат:
1) айыпталуучуга карата бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө;
2) суралган бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартуу жана айыпталуучунун абалын начарлатпай турган башка бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө.
6. Тергөө судьясынын токтомунун көчүрмөсү тергөөчүгө, прокурорго, айыпталуучуга, адвокатка тапшырылат жана токтоосуз аткарылууга жатат.
7. Бул бөгөт коюу чарасын колдонуудан баш тартуу жөнүндө тергөө судьясы тарабынан токтом чыгарылгандан кийин ошол эле адамды ошол эле кылмыш иши боюнча камакка алуу жөнүндө өтүнүч менен сотко кайталап кайрылуу адамды камакка алуунун зарылдыгын негиздеген жаңы жагдайлар келип чыкканда гана мүмкүн.
8. Бөгөт коюу чарасын колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүчтү козгоо тууралуу токтом камакта, үй камагында кармоо мөөнөтү аяктаганга чейин 5 суткадан кечиктирбестен сотко чейинки өндүрүш жүргөн жери боюнча берилүүгө тийиш. Тергөө судьясы өтүнүч алынган күндөн тартып 3 суткадан кечиктирбестен бөгөт коюу чарасын колдонуу үчүн ушул берене менен белгиленген тартипте төмөнкүдөй чечимдердин бирин кабыл алат:
1) бөгөт коюу чарасын колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө;
2) бөгөт коюу чарасын колдонуу мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартуу жана айыпталуучунун абалын начарлатпай турган башка бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө.
9. Айыпталуучуну ал жок кезде камакка алуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө аны сотко жеткирүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган тергөө судьясы тарабынан өтүнүчтү кароого, айыпталуучунун стационардык соттук-психиатриялык экспертизада болгон жана алып салган башка шарттардан тышкары, жол берилбейт, бул тиешелүү документтер менен тастыкталууга тийиш. Мында соттук отурумга адвокаттын катышуусу милдеттүү болуп саналат.
10. Бөгөт коюу чарасын колдонуу, бөгөт коюу чарасын колдонуу мөөнөтүн узартуу же өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө тергөө судьясынын токтому ал чыгарылган күндөн тартып 5 сутканын ичинде апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн. Тергөө судьясынын токтомуна апелляциялык тартипте даттануу анын аткарылышын токтотпойт.
11. Даттанууну, сунуштарды кароонун натыйжалары боюнча кабыл алынган апелляциялык инстанциядагы соттун чечими даттанылбайт.
267-берене. Кызмат ордунан убактылуу четтетүү жөнүндө өтүнүчтү кароо тартиби
1. Кызмат ордунан убактылуу четтетүү айыпталуучунун, прокурордун, тергөөчүнүн, адвокаттын соттук отурумда катышуусу менен прокурордун, тергөөчүнүн өтүнүчү боюнча тергөө судьясы тарабынан каралууга тийиш.
2. Соттук отурумдун убактысы жана жери жөнүндө өз мезгилинде кабардар болгон тараптардын келбей калуусу өтүнүчтү кароо үчүн жолтоо болуп саналбайт.
3. Айыпталуучуну кызмат ордунан убактылуу четтетүү жөнүндө өтүнүчтү кароонун натыйжалары боюнча тергөө судьясы өтүнүчтү канааттандыруу же баш тартуу жөнүндө токтом чыгарат.
4. Айыпталуучуну кызмат ордунан убактылуу четтетүү жөнүндө тергөө судьясынын токтому тергөөчү тарабынан анын иштеген жери боюнча уюмдун жетекчисине жөнөтүлөт, ал токтомду алгандан кийин 3 күндүк мөөнөттө аткарат бул жөнүндө тергөөчүгө кабарлайт.
5. Айыпталуучуну кызмат ордунан убактылуу четтетүү, мындай чараны көрүү зарылдыгы болбой калганда, прокурордун, тергөөчүнүн өтүнүчү боюнча тергөө судьясынын, ал эми соттук териштирүүдө судьянын, соттун токтому менен жокко чыгарылат.
6. Айыпталуучуну кызмат ордунан убактылуу четтетүү жөнүндө тергөө судьясынын токтому даттанылууга жатпайт.
268-берене. Мүлккө камак салуу жөнүндө өтүнүчтү кароо тартиби
1. Мүлккө камак салуу жөнүндө өтүнүчтү колдоо тууралуу маселени чечүүдө тергөө судьясы мүлккө камак салуу үчүн негиздер камтылган бардык материалдар менен таанышууга милдеттүү.
2. Мүлккө камак салуу жөнүндө өтүнүчтү козгоо тууралуу тергөөнү жүзөгө ашырган адамдын токтому материалдар сотко келип түшкөн күндөн тартып 24 сааттын ичинде сотко чейинки өндүрүштүн жери боюнча прокурордун катышуусу менен соттук отурумда тергөө судьясы тарабынан каралууга жатат. Соттук отурумга шектүү, айыпталуучу, адвокат, ошондой эле мүлкү камакка алынып жаткан адам жана мүлктүн баасын аныктаган адис катышууга укуктуу. Соттук отурумдун жери жана убактысы жөнүндө сот тарабынан өз мезгилинде кабарланган процесстин катышуучуларынын келбей калуусу соттук отурумду өткөрүүгө жолтоо болбойт. Соттук отурумдун жүрүшүндө протокол жүргүзүлөт.
3. Мүлккө камак салуу жөнүндө өтүнүчтү карап, тергөө судьясы мүлккө камак салууну канааттандыруу же болбосо баш тартуу жөнүндө токтом чыгарат.
4. Мүлккө камак салуу жөнүндө токтомдо камак салууга жаткан мүлк, ошондой эле материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтуруу үчүн камак салуу жетиштүү болгон мүлктүн наркы, иш боюнча акыркы чечим кабыл алынганга чейин мүлктүн сакталган жери жөнүндө маалымат көрсөтүлүүгө тийиш.
5. Мүлккө камак салуу жөнүндө өтүнүчтү канааттандыруу же канааттандыруудан баш тартуу тууралуу тергөө судьясынын токтому прокурор же болбосо айыпталуучу, адвокат, жабырлануучу, анын өкүлү, ошондой эле башка адамдар тарабынан соттун талашылып жаткан чечими алардын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына таасир эткен учурларда 5 сутканын ичинде апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн.
6. Мүлккө камак салуу жөнүндө тергөө судьясынын токтому тергөөнү жүзөгө ашырган адамга, айыпталуучуга, ошондой эле прокурорго, жабырлануучуга, материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтурууга жооптуу адамга жөнөтүлөт.
7. Камак салынган мүлк алып коюуга же тергөө судьясынын кароосу боюнча жергиликтүү администрациянын, турак жай-эксплуатациялык уюмдун өкүлүнө, ал мүлктүн ээсине же мүлктүн сакталгандыгы үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертилүүгө тийиш болгон башка адамга сактоого өткөрүлүп берилиши мүмкүн, бул жөнүндө кол койдуруп алынат.
269-берене. Тергөө же атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү жөнүндө өтүнүчтү кароо тартиби
1. Тергөө аракеттерин жүргүзүү жөнүндө өтүнүч тергөө жүргүзүлгөн жерде же аларды жүргүзүү жөнүндө өтүнүч берген органдын орун алган жери боюнча өтүнүч келип түшкөн учурдан тартып 24 сааттан кечиктирбестен, ушул Кодексте каралган учурларды кошпогондо, жабык соттук отурумда прокурордун, тергөөчүнүн катышуусу менен тергөө судьясы тарабынан каралууга жатат.
2. Атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү жөнүндө өтүнүч атайын тергөө аракеттери жүргүзүлүп жаткан жерде же аларды жүргүзүү жөнүндө өтүнүч берген органдын жайгашкан жеринде соттун отурумун өткөрбөстөн, өтүнүч келип түшкөн учурдан тартып 24 сааттан кечиктирбестен тергөө судьясынын жеке өзү тарабынан каралууга жатат.
3. Өтүнүчтү кароонун натыйжалары боюнча тергөө судьясы баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен тергөө же атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүгө уруксат берүү же аларды жүргүзүүдөн баш тартуу жөнүндө токтом чыгарат. Мында, бир нече тергөө же атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү жөнүндө өтүнүчтөр ар бир тергөө аракет үчүн өзүнчө түзүлөт жана ар бир конкреттүү учурда өзүнчө чечилет.
Эгерде өтүнүч тергөө органы жайгашкан жер боюнча эмес же процессуалдык аракеттер жүргүзүлүп жаткан жер боюнча эмес берилсе, анда тергөө судьясы аны кайтарып берүү жөнүндө токтом чыгарат.
4. Тергөө судьясы төмөнкүдөй жетиштүү маалыматтар бар деп эсептелгенде, атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алат:
1) дайынсыз жоголгон адамдарды издөө жүзөгө ашырылууда. Мында ушул Кодекстин 220-беренесинин 2, 3, 5 жана 6-пункттарында каралган атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүгө уруксат берилет;
2) атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүнүн натыйжасында өз алдынча же болбосо болгон башка далилдердин (маалыматтардын) жыйындысында кылмыш ишинин, жагдайларын же кылмышты жасаган адамдарды аныктоо үчүн олуттуу мааниси болушу мүмкүн деген далилдер алынышы мүмкүн болгондо.
5. Атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү жөнүндө тергөө судьясынын токтому ушул Кодексте каралган аны түзүү боюнча жалпы талаптарга жооп берүүгө, ошондой эле төмөндөгүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
1) атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү жөнүндө өтүнүч берген тергөөчү жөнүндө;
2) чечим кабыл алына турган сотко чейинки өндүрүшкө байланыштуу кылмыштын жагдайларынын кыскача баяндалышы;
3) атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүнүн зарылдыгы бар адам (адамдар), жер же предмет жөнүндө;
4) жүргүзүү зарыл болгон атайын тергөө аракеттеринин түрү (түрлөрү);
5) токтомду колдонуу мөөнөтү.
6. Кошумча материалдарды талап кылуу зарыл болгон учурда өтүнүчтү белгиленген мөөнөттөн ашык, бирок 72 сааттан ашпаган мөөнөттө кароого жол берилет.
7. Атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүдөн баш тартуу жөнүндө тергөө судьясы тарабынан токтом кабыл алуу андай уруксат берүү жөнүндө жаңы өтүнүч менен кайталап кайрылууга жолтоо болбойт.
8. Атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү жөнүндө тергөө судьясы тарабынан чыгарылган токтомду колдонуу мөөнөтү ал чыгарылган күндөн тартып суткалар менен эсептелет жана 2 айдан ашпоого тийиш. Токтомду колдонуу мөөнөтүн узартуу зарыл болгондо, тергөө судьясы жаңыдан берилген материалдардын негизинде токтом чыгарат.
9. Тергөө же атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүдөн баш тартуу жөнүндө тергөө судьясынын токтому даттанууга жатпайт. Тергөө судьясынын тергөө аракеттерин жүргүзүү жөнүндө токтому апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн.
270-берене. Жүргүзүлгөн тергөө же болбосо атайын тергөө аракеттеринин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү тартиби
1. Тергөө судьясынын токтомун албай туруп тергөө же атайын тергөө аракеттери жүргүзүлгөн учурда, тергөөчү тергөө аракеттери жүргүзүлгөн учурдан тартып 24 сааттын ичинде же атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү башталганда, аларды өткөрүү жөнүндө тергөө судьясын кабарландырат. Кабарламага жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин же болбосо башталган атайын тергөө аракеттеринин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн таануу жөнүндө өтүнүч тиркелет.
2. Эгерде тергөө судьясы жүргүзүлгөн тергөө аракеттерин же башталган атайын тергөө аракеттерин мыйзамсыз деп тааныган учурда, андай аракеттердин жүрүшүндө алынган бардык далилдер ушул Кодекстин 80-беренесине ылайык жол берилгис деп таанылат. Мындай учурда тергөө судьясы жеке аныктама чыгарат, анда иш боюнча чараларды көрүүнү талап кылган мыйзам бузуулардын белгиленген фактыларына прокурордун көңүлүн бурат. Тергөө судьясынын жеке аныктамасы боюнча бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен чаралар көрүлүүгө жана ага анын натыйжалары жөнүндө билдирилүүгө тийиш.
3. Тергөө же атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүнүн мыйзамдуулугу же мыйзамсыздыгы жөнүндө тергөө судьясынын токтому даттанууга жатпайт.
271-берене. Сотко чейинки өндүрүштүн кызмат адамдарынын аракеттерине, чечимдерине даттанууларды кароо тартиби
1. Кылмыш ишин козгоо, айыпталуучу катары жоопко тартуу жөнүндө токтомдорду, прокурор тарабынан айыптоо актысын бекитүүнү кошпогондо, сотко чейинки өндүрүштүн кызмат адамдарынын аракеттерине, чечимдерине даттануулар прокурордун, аракеттери даттанылып жаткан кызмат адамынын, арыз ээсинин катышуусу менен тергөө судьясы тарабынан каралууга жатат. Соттук отурумдун башталышында тергөө судьясы кандай даттануу каралууга жата тургандыгын кулактандырат, арыз ээсинин укугун жана милдеттерин түшүндүрөт. Эгерде арыз ээси соттук отурумга катышса, ал даттанууну негиздейт, андан кийин соттук отурумга келген башка адамдар угулат. Тиешелүү түрдө кабарландырылган арыз ээсинин жана кызмат адамынын келбей калышы даттанууну кароо үчүн жолтоо болбойт.
2. Даттанууну кароонун натыйжалары боюнча тергөө судьясы төмөнкү токтомдордун бирин чыгарат:
1) тиешелүү кызмат адамынын аракеттерин (аракетсиздигин) же чечимин мыйзамсыз же негизсиз деп таануу жана анын жол берилген бузууларды четтетүү милдеттери жөнүндө;
2) даттанууну канааттандырбай калтыруу жөнүндө.
3. Эгерде даттануу берүүгө укуксуз адам тарабынан даттануу берилсе; даттануу ошол сотто каралууга жатпаса; даттануу бул сотто каралууга жатпаса; даттануу ушул Кодексте каралган даттануу мөөнөтү аяктагандан кийин берилсе жана аны берген адам ал мөөнөттү кайра баштоо жөнүндө маселени козгобосо же тергөө судьясы адамдын арызы боюнча аны калыбына келтирүү үчүн негиздерди таппаса; даттануу мурда ошого окшош негиздер же жүйөлөр боюнча каралган учурларда даттануу каралышы мүмкүн эмес жана ал кайтарылып берилүүгө жатат.
4. Тергөө судьясынын токтомунун көчүрмөсү арыз ээсине, прокурорго, ошондой эле аракети даттанылган кызмат адамына тапшырылат.
5. Эгерде муну тергөөчү, прокурор же тергөө судьясы керектүү деп таппаса, даттанууну берүү даттанылган аракеттин өндүрүшүн жана даттанылуучу чечимдин аткарылышын токтотпойт.
6. Даттануу боюнча тергөө судьясынын токтому ал чыгарылган күндөн тартып 5 сутканын ичинде апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн.
7. Кылмыш ишин сотко чейинки өндүрүштө кыскартуу жөнүндө даттануу боюнча тергөө судьясынын токтому кассациялык тартипте апелляциялык чечим чыккан учурдан тартып 10 сутканын ичинде даттанылышы мүмкүн.
IX БӨЛҮМ
БИРИНЧИ ИНСТАНЦИЯДАГЫ СОТ ӨНДҮРҮШҮ
38-глава. Кылмыш иштеринин сотко караштуулугу
272-берене. Кылмыш иштеринин сотко караштуулугу
1. Райондук (шаардык) сотко ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн иштерден тышкары бардык кылмыштар жөнүндө кылмыш иштери караштуу.
2. Бишкек шаардык соту жана областтык соттор Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүндө, 402, 403, 405, 406-беренелеринде, 410-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыштар жөнүндө иштерди сот арачыларынын катышуусу менен биринчи инстанциядагы сот катары карайт.
3. Эгерде кылмыштардын бири эле областтык сотторго, Бишкек шаардык сотуна караштуу болсо, анда бир нече кылмыштарды жасоого бир адамды же адамдардын тобун айыптоодо бардык кылмыштар жөнүндөгү иш областтык сот, Бишкек шаардык соту тарабынан каралат.
4. Сот арачыларынын катышуусу менен ишти кароодон айыпталуучу баш тартканда, кылмыш иши райондук (шаардык) соттун кароосуна өткөрүп берилет.
273-берене. Кылмыш иштеринин сотко аймактык караштуулугу
1. Ушул Кодекстин 275-беренесинде каралган учурларды кошпогондо, кылмыш иши кылмыш жасалган жер боюнча сотто каралууга жатат.
2. Эгерде кылмыш бир соттун иштөөчү жеринде башталып, башка соттун иштөөчү жеринде аяктаса, иш сотко чейинки өндүрүш бүткөн жер боюнча сотко караштуу.
3. Эгерде кылмыш жасалган жерди аныктоо мүмкүн эмес болсо же эгерде кылмыш ар кайсы жерлерде жасалса, иш сотко чейинки өндүрүш бүткөн жер боюнча сотто каралат.
274-берене. Кылмыш ишин сотко караштуулугу боюнча өткөрүп берүү
1. Судья соттук отурумду дайындоо жөнүндө маселени чечип жана келип түшкөн иш бул сотко караштуу эместигин аныктап, аны өзүнүн токтому менен сотко караштуулугу боюнча жөнөтөт.
2. Сот анын өндүрүшүндө турган ишти башка сотко караштуу деп белгилеп, айыпталуучунун макулдугу менен аталган ишти, эгерде аны соттук отурумда кароого киришкен болсо, өз өндүрүшүндө калтырууга укуктуу.
3. Айыпталуучудан кылмыш ишин сот арачыларынын катышуусу менен кароо жөнүндө өтүнүч соттук отурумду дайындоого чейин келип түшкөн учурда судья кылмыш ишин сотко караштуулугу боюнча тиешелүү сотко жөнөтөт.
275-берене. Кылмыш ишинин сотко аймактык караштуулугун өзгөртүү
1. Иштин сотко аймактык караштуулугу төмөнкү учурларда өзгөртүлүшү мүмкүн:
1) тараптын өтүнүчү боюнча – тийиштүү соттун бүткүл курамын четтетүү жөнүндө анын билдирүүсү ушул Кодекстин 66-беренесине ылайык канааттандырылган учурда;
2) тараптын өтүнүчү боюнча же болбосо кылмыш иши келип түшкөн соттун төрагасынын демилгеси боюнча төмөнкү учурларда:
а) эгерде бул соттун бардык судьялары мурда каралып жаткан кылмыш иши боюнча өндүрүшкө катышса, бул ушул Кодекстин 64-беренесине ылайык аларды четтетүү үчүн негиз болуп саналат;
б) эгерде бул иш боюнча сот өндүрүшүнүн бардык катышуучулары бул соттун юрисдикциясы таралган аймакта жашабаса жана бардык айыпталуучулер бул иштин сотко аймактык караштуулугун өзгөртүүгө макул болушса.
2. Иштин сотко аймактык караштуулугун өзгөртүүгө соттук териштирүү башталганга чейин гана жол берилет.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер боюнча иштин сотко аймактык караштуулугун өзгөртүү жөнүндө маселе жогору турган соттун төрагасы, ал эми ал болбогондо анын орун басары тарабынан чечилет, бул жөнүндө токтом чыгарылат.
4. Жогору турган сот төмөн турган соттун чечимин жокко чыгарып, ишти ушул Кодекстин 62-64-беренелеринде көрсөтүлгөн жагдайлар болгондо башка соттун жаңы кароосуна жөнөтүүгө укуктуу.
276-берене. Сотко караштуулук жөнүндө талаштарга жол берилбестик
Соттор ортосунда сотко караштуулук жөнүндө талаштарга жол берилбейт. Ушул Кодекстин 274, 275-беренелеринде белгиленген тартипте бир соттон экинчи сотко жөнөтүлгөн иш ал жөнөтүлгөн сот тарабынан өндүрүшкө алынууга жатат.
39-глава. Сотко берүү
277-берене. Сотко келип түшкөн иш боюнча судьянын ыйгарым укуктары
1. Соттук териштирүү башталганга чейин судья келип түшкөн иш боюнча төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
1) ишти прокурорго кайтарып берүү жөнүндө;
2) ишти сотко караштуулугу боюнча жөнөтүү жөнүндө;
3) ишти башка иш менен бириктирүү үчүн тиешелүү сотко же прокурорго жөнөтүү жөнүндө;
4) алдын ала угууну дайындоо жөнүндө;
5) соттук отурумду дайындоо жөнүндө.
2. Иш боюнча чечимди судья токтом түрүндө кабыл алат, анда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
1) токтомдун чыгарылган датасы жана орду;
2) соттун аталышы, токтомду чыгарган судьянын фамилиясы, аты жана атасынын аты;
3) кабыл алынган чечимдердин негиздери жана маңызы.
3. Чечим кылмыш иши сотко келип түшкөн учурдан тартып 5 суткадан кечиктирилбестен кабыл алынууга тийиш.
278-берене. Ишти прокурорго кайтарып берүү
1. Судья төмөнкү учурларда соттук отурумду дайындоо үчүн тоскоолдуктарды четтетүү максатында ишти прокурорго кайтарып берет, эгерде:
1) айыптоо актысы ушул Кодекстин талаптарын бузуу менен түзүлсө;
2) айыпталуучунун инсандыгы белгиленбесе;
3) айыптоо актысынын көчүрмөсү айыпталуучуга тапшырылбаса;
4) сотко чейинки өндүрүш органдары тарабынан ушул Кодекстин 256-беренесинин 4-бөлүгүндө жана 261-беренесинин 7-пунктунда каралган материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтурууну жана мүлктү мүмкүн болгон конфискациялоону камсыз кылуу боюнча чаралар кабыл алынбаса.
2. Судья ишти прокурорго кайтарып берүүдө токтом чыгарат, анын көчүрмөсү тараптарга жөнөтүлөт.
279-берене. Алдын ала угууну өткөрүүнүн негиздери
1. Алдын ала угуу төмөнкүлөр боюнча өткөрүлөт:
1) өзгөчө оор кылмыштар боюнча;
2) жол берилбей турган далилдерди алып салуу жөнүндө тараптардын өтүнүчү болсо;
3) ишти токтотуп туруу же кыскартуу үчүн негиздер болсо;
4) ушул Кодекстин 296-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган тартипте соттук териштирүүнү жүргүзүү жөнүндө тараптардын өтүнүчү болсо;
5) кылмыш ишин сот арачыларынын катышуусу менен сотто кароо жөнүндө маселени чечүү үчүн;
6) бөгөт коюу чарасын өзгөртүү, судьяларды четтетүү, ишти токтотуп туруу же кыскартуу жөнүндө билдирилген өтүнүчтөр тууралуу маселени чечүү үчүн.
2. Алдын ала угууну өткөрүү жөнүндө өтүнүчтү тарап иш сотко келип түшкөн күндөн тартып 3 сутканын ичинде билдириши мүмкүн.
3. Тараптарды соттук отурумга чакыруу жөнүндө кабарлама алдын ала угуу өткөрүлүүчү күнгө чейин 3 сутка калганда жөнөтүлүүгө тийиш.
4. Алдын ала угуу иш сотко келип түшкөн күндөн тартып 10 суткадан кечиктирилбестен, өзгөчө учурларда 15 суткадан кечиктирилбестен өткөрүлүүгө тийиш.
5. Жаңы ачылган жагдайлар боюнча сот актысынын жокко чыгарылган жана ишти сотко чейинки өндүрүштү уюштуруу үчүн прокурорго же жаңы соттук териштирүү жүргүзүү үчүн сотко өткөрүп берген учурларды кошпогондо, алдын ала угуу кайталап өткөрүлбөйт.
280-берене. Соттук отурумду дайындоо
1. Соттук отурумду дайындоо мүмкүндүгү жөнүндө маселени чечүүдө судья айыпталуучулардын ар бирине карата төмөнкүлөрдү аныктоого тийиш:
1) иш ушул соттун караштуулугундабы;
2) айыптоо актысынын көчүрмөсү өз убагында тапшырылганбы;
3) кылмыш менен келтирилген зыяндын ордун толтурууну жана мүлктү мүмкүн болуучу конфискациялоону камсыз кылуучу чаралар көрүлгөнбү;
4) алдын ала угууну өткөрүүгө негиздер барбы.
2. Ушул Кодекстин 277-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-4-пункттарында каралган негиздер болбогондо, сот соттук отурумду дайындоо жөнүндө токтом чыгарат.
Соттук отурумду дайындоо жөнүндө токтомдо судья ар бир айыпталуучуга карата камакка алуу жана үй камагына караганда колдонулган жумшак бөгөт коюу чараларын соттук териштирүү аяктаганга жана иш боюнча акыркы чечим чыкканга чейин узартат.
3. Токтомдо ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган маселелерден тышкары төмөнкү маселелер чечилет:
1) соттук териштирүүнүн орду, датасы жана убактысы жөнүндө;
2) ишке милдеттүү түрдө катыша турган учурларда адвокатты дайындоо жөнүндө;
3) тараптар берген тизмелер боюнча адамдарды соттук отурумга чакыруу жөнүндө;
4) Ушул Кодекстин 291-беренесинде каралган учурларда жабык соттук отурумда ишти кароо жөнүндө.
4. Кылмыш-жаза кодексинин 82 жана 109-беренелеринде каралган учурларда, судья, кылмыш иши боюнча сот балдар, аялдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар тарабынан жасалган кылмыштар жөнүндө пробация органына милдеттүү түрдө пробациялык баяндама даярдоону тапшырат. Айыпталуучулардын калган бөлүгүнө карата судья өз каалоосу боюнча пробация органына пробациялык баяндаманын протоколун даярдоону тапшыра алат.
Соттук отурумду дайындоодо судья пробация органына пробациялык баяндама даярдоону тапшырууга укуктуу, бул туурасында соттук отурумду дайындоо жөнүндө токтомдо көрсөтүлөт. Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө судьянын пробациялык баяндаманы даярдоо тапшырмасы жөнүндө сот тарабынан токтом чыгарылат, анын көчүрмөсү пробация органына жөнөтүлөт.
5. Токтомдо ошондой эле ар бир айыпталуучунун фамилиясын, атын жана атасынын атын көрсөтүү менен соттук отурумду дайындоо жөнүндө чечим жана ага коюлган күнөө боюнча кылмыштын квалификациясы камтылууга тийиш.
6. Тараптар соттук отурумдун орду, датасы жана убактысы жөнүндө ал башталганга чейин 5 суткадан кечиктирилбестен кабардар кылынууга тийиш.
281-берене. Тараптарга иштин материалдары менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу
Соттук отурумду дайындагандан кийин судья тараптарга иштин бардык материалдары менен таанышуу, алардын көчүрмөлөрүн алуу же зарыл маалыматтарды жазып алуу мүмкүнчүлүгүн берет.
282-берене. Соттук отурумга чакыруулар
1. Судья соттук процесстин катышуучулары болуп саналган адамдарды соттук отурумга чакыртуу жөнүндө тескемени айыптоо жана жактоо тараптарына берет, ошондой эле соттук отурумду даярдоо боюнча башка чараларды көрөт.
2. Адамдардын келүүсүн айыптоо жана жактоо тараптары камсыз кылат. Бул адамдар жүйөлүү себептерсиз келбеген учурда, алып келүүнү сот приставдары жүзөгө ашырат.
283-берене. Соттук териштирүүнүн мөөнөтү
1. Судья ишти соттук териштирүүгө дайындоо жөнүндө токтом чыгарылган күндөн тартып 14 суткадан кечиктирбестен, сот арачыларынын катышуусу менен сотто каралуучу кылмыш иштери боюнча 30 суткадан кечиктирбестен ишти кароону баштоого тийиш.
2. Коркунучтуулугу аз кылмыш жөнүндө кылмыш иши судья тарабынан маңызы боюнча бир айдан кечиктирилбестен, ал эми анча оор эмес, оор же өзгөчө оор кылмыштар жөнүндө иш – 2 айлык мөөнөттө, ал эми сот арачыларынын катышуусу менен сотто каралуучу кылмыш иштери боюнча иш – кылмыш иши сотко келип түшкөн күндөн тартып 3 айлык мөөнөттө чечилүүгө тийиш.
3. Соттук териштирүүнү белгиленген мөөнөттө аяктоого мүмкүн болбогон учурда жана иш боюнча өндүрүштү токтото туруу үчүн негиздер жок болгондо, соттук териштирүүнүн мөөнөтү ар бир жолу 2 айга чейинки мөөнөткө узартылат.
4. Соттук териштирүүнүн мөөнөтүн узартуу соттук отурумда тараптардын катышуусу менен ал аяктаганга чейин каралат. Тараптардын кимдир бирөөсүнүн келбей калышы соттук териштирүүнүн мөөнөтүн узартуу маселесин кароого тоскоол болбойт.
5. Эгерде ушул Кодексте каралган негиздер боюнча иш боюнча өндүрүш токтотулган болсо, соттук териштирүүнүн мөөнөтү узартылбайт.
6. Соттук териштирүүнүн мөөнөтүн узартуу жөнүндө аныктама же токтом соттук отурумдун залында ушул Кодекстин 304-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык соттук отурумдун протоколуна киргизүү менен чыгарылат, ал эми камакка алынган же үй камагына алынган айыпталуучуларга байланыштуу иштер боюнча өзүнчө бөлмөдө чыгарылат жана өзүнчө процессуалдык документтер түрүндө бөгөт коюу чарасынын ушул түрлөрүнүн мөөнөтүн узартуу жөнүндө маселенин чечими менен жазылат.
7. Соттук териштирүүнүн мөөнөтүн узартуу жөнүндө соттун чечими даттанууга жатпайт.
8. Соттук териштирүүнүн мөөнөтүнө ушул Кодексте каралган негиздер боюнча соттук териштирүү токтотулган убакыт кирбейт.
40-глава. Алдын ала угуу
284-берене. Алдын ала угууну жүргүзүү тартиби
1. Алдын ала угуу тараптардын катышуусу менен жабык соттук отурумда судья тарабынан жүргүзүлөт.
2. Судья соттун курамын жарыялайт жана угуунун катышуучуларынын укуктарын, анын ичинде четтетүү укугун түшүндүрөт.
3. Судья айыпталуучуга анын ишин сот арачыларынын катышуусу менен кароо укугун түшүндүрөт. Эгерде айыпталуучу сот арачыларынын катышуусу менен ишти кароону каалагандыгын билдирсе, анда алдын ала угуу ушул Кодекстин 365-беренесинде каралган тартипте жүргүзүлөт.
4. Алдын ала угууну айыпталуучусуз анын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн, адвокатынын өтүнүчү боюнча же болбосо ушул Кодекстин 296-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган тартипте соттук териштирүүнү жүргүзүү үчүн негиздер болгондо тараптардын биринин өтүнүчү боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.
5. Прокурорду кошпогондо, иш боюнча өндүрүштүн өз мезгилинде кабарландырылган башка катышуучуларынын келбей калуусу алдын ала угууну жүргүзүүгө тоскоолдук кылбайт.
6. Кошумча далилдерди же предметтерди талап кылуу жөнүндө адвокаттын өтүнүчү, эгерде бул далилдер жана предметтер иш үчүн мааниси бар болсо, канааттандырылууга жатат.
7. Алдын ала угууда айыпталуучунун күнөөсүнүн далилденгендиги жөнүндө маселе талкууланбайт, далилдер иликтенбейт.
8. Судья процесстин келген катышуучуларына алдын ала угууну жүргүзүүнүн максаттары жөнүндө маалымдайт, отурумдун ар бир катышуучусунун чыгып сүйлөгөн сөздөрүн угат жана чечим кабыл алуу үчүн өзүнчө бөлмөгө чыгып кетет.
9. Алдын ала угуунун жүрүшүндө протокол жүргүзүлөт.
285-берене. Алдын ала угууда далилдерди алып салуу жөнүндө өтүнүчтөрдү кароо
1. Тараптар соттук териштирүүдө билдирилген кандай болбосун далилди далилдердин тизмегинен алып салуу жөнүндө өтүнүч билдирүүгө укуктуу. Өтүнүч билдирилген учурда анын көчүрмөсү өтүнүч сотко берилген күнү башка тарапка берилет.
2. Далилдерди алып салуу жөнүндө өтүнүчтө төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) тарап алып салууну өтүнүп жаткан далил;
2) далилди алып салуу үчүн ушул Кодексте каралган негиздер;
3) өтүнүчтү негиздөөчү жагдайлар.
3. Алдын ала угуунун жүрүшүндө судья күбөнү суракка алууга жана өтүнүчтө көрсөтүлгөн документти ишке тиркөөгө укуктуу.
4. Ушул Кодекстин талаптарын бузуу менен алынган деген негизде билдирилген далилди алып салуу жөнүндө өтүнүчтү кароодо жактоочу тарабынан берилген жүйөлөрдү төгүндөөнү далилдөө иши прокурорго таандык болот. Калган учурларда далилдөө иши өтүнүч билдирген тараптарга таандык болот.
5. Судья тараптардын жүйөлөрүн баалап, далилди алып салуу жөнүндө өтүнүчтү канааттандыруу же болбосо канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө жүйөлөнгөн чечим чыгарат.
6. Эгерде сот далилдерди алып салуу жөнүндө чечим кабыл алса, анда бул далил юридикалык күчүн жоготот жана өкүмдүн негизине же башка сот чечимине негиз катары алынышы, ошондой эле соттук териштирүүнүн жүрүшүндө иликтениши же пайдаланылышы мүмкүн эмес. Токтомдо кандай далил алып салына тургандыгы жана кылмыш ишинин бул далилди алып салууну негиздөөчү кайсы материалдары алып салына тургандыгы көрсөтүлөт, алар соттук отурумда иликтениши жана жарыяланышы жана далилдөө процессинде пайдаланылышы мүмкүн эмес.
7. Эгерде кылмыш иши сот арачыларынын катышуусу менен сотто каралса, анда тараптар же соттук отурумдун башка катышуучулары соттун чечими боюнча алып салынган далилдин бар экени жөнүндө сот арачыларына билдирүүгө укуксуз.
286-берене. Алдын ала угууда иш боюнча өндүрүштү токтотуп туруу
1. Судья алдын ала угууда иш боюнча өндүрүштү төмөнкү учурларда токтотуп турат:
1) медициналык корутунду менен күбөлөндүрүлгөн айыпталуучунун сотко катышуусуна жолтоо болуучу оорусунан;
2) бул кылмыш иши боюнча колдонулган же колдонууга жаткан мыйзамдын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна (мындан ары – Конституциялык сот) соттун суроо-талабы.
2. Иш боюнча өндүрүштү токтотуп туруу жөнүндө судья токтом чыгарат.
287-берене. Алдын ала угууда иш боюнча өндүрүштү кыскартуу
1. Ушул Кодекстин 27-беренесинин 4-бөлүгүндө белгиленген жагдайлар болбогон шартта ушул Кодекстин 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7, 10-13-пункттарынын негизинде алдын ала угууда иш боюнча өндүрүштү кыскартуу жөнүндө судья токтом чыгарат.
Иш боюнча өндүрүштү кыскартуу жөнүндө чечимди кабыл алып, судья бөгөт коюу чарасын, материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтурууну жана мүлктү конфискациялоону камсыз кылуу боюнча чараларды жокко чыгарат жана буюмдук далилдер жөнүндө маселени чечет. Иш боюнча өндүрүштү кыскартуу жөнүндө судьянын токтомунун көчүрмөсү прокурорго жөнөтүлөт, ошондой эле кылмыш жоопкерчилигине тартылып жаткан жакка жана жабырлануучуга тапшырылат.
2. Алдын ала угууда иш боюнча өндүрүштү кыскартуу жөнүндө маселе прокурордун, жабырлануучунун, аны айыптоочу мыйзамдуу өкүлүнүн, адвокаттын катышуусу менен соттук отурумда судья тарабынан чечилет. Ишке катышкан жактардын кимдир биринин келбей калуусу соттук отурумду өткөрүүгө тоскоолдук кылбайт.
288-берене. Алдын ала угууда судья тарабынан кабыл алынуучу чечимдердин түрлөрү
1. Алдын ала угуунун натыйжалары боюнча судья төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
1) иш боюнча өндүрүштү токтотуп туруу жөнүндө;
2) иш боюнча өндүрүштү кыскартуу жөнүндө;
3) соттук отурумду дайындоо жөнүндө;
4) алдын ала угуунун жүрүшүндө бул үчүн негиздер белгиленген учурда сотко караштуулугу боюнча кылмыш ишин жөнөтүү жөнүндө.
2. Судьянын чечими жүйөлөнгөн токтом түрүндө чыгарылат. Далилдерди алып салуу жөнүндө, бөгөт коюу чарасын өзгөртүү жөнүндө, судьяны четтетүү жөнүндө билдирилген өтүнүчтөр боюнча судья жүйөлөнгөн токтом чыгарат.
3. Ишти сотко караштуулугу боюнча жөнөтүү, иш боюнча өндүрүштү токтотуп туруу же аны кыскартуу (толук же жарым-жартылай), далилдерди алып салуу тууралуу өтүнүчтү канааттандыруу же болбосо канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө судьянын токтому 3 сутканын ичинде апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн.
4. Алдын ала угуунун натыйжалары боюнча кабыл алынган башка чечимдер даттанууга жатпайт.
41-глава. Соттук териштирүүнүн жалпы шарттары
289-берене. Соттук териштирүүнүн тикелейлиги жана оозекилиги
1. Ишти соттук териштирүүдө бардык далилдер тикелей иликтенүүгө жатат. Сот айыпталуучунун, жабырлануучунун, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн, эксперттин корутундусун угат, буюмдук далилдерди карап чыгат, протоколдорду жана башка документтерди жарыя кылат, далилдерди иликтөө боюнча башка соттук аракеттерди жүргүзөт.
2. Соттун өкүмү соттук отурумда иликтөөгө алынган же болбосо далилдерди депонирлөөнүн натыжасында алынган далилдерге гана негизделиши мүмкүн.
3. Соттук териштирүүнүн катышуучулары видеоконференцбайланыш тутумун пайдалануу жолу менен сот тарабынан суракка алынышы мүмкүн.
290-берене. Видеоконференцбайланыш режиминде соттук териштирүү (аралыктан катышуу)
1. Сот ишке катышкан жактардын өтүнүчү боюнча же өз демилгеси менен соттук отурумда жабырлануучуну, күбөнү, экспертти, адисти видеоконференцбайланыш режиминде (аралыктан суракка алуу) суракка алууга укуктуу, ал жөнүндө жүйөлөнгөн токтом (аныктама) чыгарат.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактарды видеоконференцбайланыш режиминде суракка алуу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
1) адамдын кылмыш иши каралган жери боюнча жана ден соолугунун абалы боюнча же башка жүйөлүү себептер боюнча сотко тикелей келүүсүнүн мүмкүн эместиги;
2) адамдын коопсуздугун камсыз кылуу зарылдыгы.
3. Видеоконференцбайланыш режиминде аралыктан суракка алуу жөнүндө соттун чечими (аныктамасы) ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактардын турган жери боюнча сотко аткаруу үчүн жөнөтүлөт.
4. Жаза-аткаруу тутумунун мекемесинде, ошондой эле улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин органдарынын тергөө изоляторунда кармалган айыпталуучуну (соттолгонду) соттук отурумда суракка алуу төмөнкү учурларда видеоконференцбайланыш режиминде жүргүзүлүшү мүмкүн:
1) соттук отурумдун катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу зарылдыгы;
2) жаза-аткаруу тутумунун мекемесинде кармалган айыпталуучуну (соттолгонду) сотко жеткирүүнүн мүмкүн эместиги.
5. Жаза-аткаруу тутумунун мекемесинде, ошондой эле улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин органдарынын тергөө изоляторлорунда кармалган айыпталуучуну (соттолгонду) күбө (жабырлануучу) катары суракка алуу видеоконференцбайланыш режиминде соттук териштирүүнүн жүрүшүндө жүргүзүлүшү мүмкүн.
291-берене. Соттук териштирүүнүн айкындуулугу жана жабык соттук териштирүүдө соттук отурумдун залында болуу тартиби
1. Мамлекеттик жана мыйзам менен корголгон башка сырды түзгөн маалыматтардын жайылышына алып келиши мүмкүн болгон учурларды кошпогондо, ошондой эле ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган башка учурларда, сот ишти ачык соттук териштирүүнү камсыз кылууга тийиш.
2. Жабык соттук териштирүүгө судьянын жүйөлөнгөн токтому, соттун аныктамасы боюнча төмөнкүдөй учурларда жол берилет:
1) ишке катышуучу жактардын жашоосунун купуя жактары жөнүндө маалыматтарды же алардын ар-намысын жана беделин кемсинткен маалыматтарды жайылтпоо максатында инсандын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыштар жана башка кылмыштар жөнүндө иштер боюнча;
2) 16 жашка жетпеген курактагы балдар тарабынан жасалган кылмыштар жөнүндө кылмыш иштери каралган учурда;
3) процесстин катышуучуларынын, алардын жакын туугандарынын, жубайларынын коопсуздугун камсыздоо кызыкчылыктары муну талап кылган учурларда.
3. Жабык соттук отурумда ишти териштирүү сот өндүрүшүнүн бардык эрежелерин сактоо менен жүзөгө ашырылат. Судьянын токтому, соттун ишти жабык отурумда териштирүү жөнүндө аныктамасы бардык териштирүүлөргө же анын тиешелүү бөлүгүнө карата чыгарылышы мүмкүн.
4. Кат алышуунун жана билдирүүлөрдүн сырларын коргоо максатында жарандардын жеке мүнөздөгү маалыматтарды камтыган жеке кат алышуусу, телефондон сүйлөшүүлөрү, почталык, телеграфтык, электрондук жана башка билдирүүлөрү ачык соттук отурумда ушул кат алышууга жана билдирүүгө катышкан адамдардын макулдугу менен гана жарыяланат. Тескерисинче болгондо, мындай кат алышуу жана билдирүү жабык соттук отурумда жарыяланат жана иликтенет. Аталган эрежелер жеке мүнөздөгү фотосүрөттөрдү, аудио жана (же) видеожазууларды иликтөөдө да колдонулат.
5. Ачык соттук отурумуна катышкан жактар аудио жазууну жана жазууну жүргүзүүгө укуктуу. Фотосүрөткө тартууга, видео жазууга соттук отурумга төрагалык кылуучунун уруксаты менен жол берилет.
6. 16 жашка чейинки курактагы бала, эгерде ал кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучусу болбосо, төрагалык кылуучунун уруксаты менен соттук отурумдун залына киргизилет.
7. Жабык соттук отурумда ишти териштирүүдө соттук отурумдун залына тараптар гана, ал эми зарыл учурларда котормочу киргизилет.
8. Ишти териштирүүнү жабык соттук отурумда жүргүзүү жөнүндө судьянын токтому, соттун аныктамасы чыгарылгандан жана жарыялангандан кийин соттук отурумга катышып отурган жана процесстин катышуучулары болуп саналбаган жактар соттук отурумдун залынан чыгарылат, бул жөнүндө соттук отурумдун протоколунда көрсөтүлөт.
9. Эгерде сот ишти териштирүүнүн бир бөлүгүн жабык соттук отурумда жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алса, анда процесстин катышуучулары болуп саналбаган жактар соттук териштирүүнүн ушул бөлүгүнө гана киргизилбейт.
10. Соттун өкүмү бардык учурларда ачык жарыяланат.
11. Судьянын токтомунун, соттун аныктамасынын негизинде жабык соттук отурумда кылмыш ишин кароо учурунда өкүмдүн кириш жана корутунду бөлүктөрү гана жарыяланат.
292-берене. Соттук отурумга төрагалык кылуучу
1. Төрагалык кылуучу судья соттук отурумду жетектейт, тараптардын тең укуктуулугун жана атаандаштыгын камсыз кылуу үчүн ушул Кодексте каралган бардык чараларды көрөт.
2. Төрагалык кылуучу судья соттук отурумдун күн тартибин сактоону камсыз кылат, соттук териштирүүнүн бардык катышуучуларына алардын укуктарын жана милдеттерин, аларды жүзөгө ашыруунун тартибин түшүндүрөт.
3. Төрагалык кылуучу судьянын соттук отурумда процессти уюштуруу тиешелүү тартипти кармоо боюнча тескөөлөрү процесстин бардык катышуучулары жана соттук отурумдун залындагы жактар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
4. Соттук териштирүүгө катышкан жактардын биринин төрагалык кылуучу судьянын аракеттерине каршы пикири болгондо, бул каршы пикир соттук отурумдун протоколуна киргизилет.
293-берене. Соттук териштирүүдө тараптардын укуктарынын теңдиги
Айыптоочу, айыпталуучу, адвокат, ошондой эле жабырлануучу, материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтурууга жооптуу жак четтетүүлөрдү жана өтүнүчтөрдү билдирүүдө, далилдерди берүүдө, аларды иликтөөгө катышууда, соттук жарыш сөздө сүйлөөдө, ошондой эле ишти соттук териштирүүдө келип чыгуучу бардык маселелерди кароого катышууда тең укуктардан пайдаланат.
294-берене. Соттук отурумдун катчысы
1. Соттук отурумдун катчысы соттук отурумдун протоколун жүргүзөт. Ал соттун аракеттерин жана чечимдерин, ага тете процесстин катышуучуларынын соттук отурумдун жүрүшүндө болгон аракеттерин толук жана туура чагылдырууга тийиш.
2. Соттук отурумдун катчысы соттук отурумга катышууга тийиш жактардын келүүсүн текшерет, төрагалык кылуучу судьянын тапшырмасы боюнча ушул Кодексте каралган башка аракеттерди жасайт.
295-берене. Айыптоочунун соттук териштирүүгө катышуусу
1. Прокурор бардык кылмыш иштери боюнча соттун алдында мамлекеттик айыптоону колдойт, айыпталуучунун күнөөлүүлүгү жөнүндө далилдерди берет, аларды иликтөөгө катышат, жазык мыйзамын колдонуу жана жаза дайындоо боюнча өз тыянактарын баяндайт.
2. Соттук териштирүүгө прокурордун катышуусу милдеттүү.
3. Мамлекеттик айыптоону бир нече прокурор колдоого алышы мүмкүн. Эгерде соттук териштирүүнүн жүрүшүндө прокурордун андан ары катышуусу мүмкүн эместиги билингенде, анда ал алмаштырылышы мүмкүн. Прокурордун алмаштырылышы ошол мезгилде соттук териштирүүнүн жүрүшүндө жасалган аракеттердин кайталанылышына алып келбейт.
Ишке кайрадан киришкен прокурорго соттук териштирүүгө катышууга даярдануу үчүн зарыл болгон убакыт берилет.
4. Прокурор айыптоону жеңилирээк айыптоого өзгөртө алат же болбосо айыптоодон толук же жарым-жартылай баш тарта алат. Жабырлануучу айыпты колдогон учурларды кошпогондо, соттук териштирүүнүн жүрүшүндө мамлекеттик айыптоочунун айыптоодон толук же жарым-жартылай баш тартуусу кылмыш ишин толук же анын тиешелүү бөлүгүн кыскартууга алып келет.
5. Эгерде соттук териштирүүнүн жүрүшүндө кылмыш жоопкерчилигине тартылбаган жактар тарабынан жасалган кылмыштарды көрсөтүүчү жагдайлар белгилене турган болсо, прокурор ушул Кодекске ылайык ал жактарга карата сотко чейинки өндүрүш башталганга чейин чараларды көрөт. Ишти бөлөк кароого мүмкүн болбогондо, ал тараптардын өтүнүчү боюнча прокурорго кайтарылып берилүүгө жатат.
296-берене. Айыпталуучунун соттук териштирүүгө катышуусу
1. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, биринчи инстанциядагы сотто ишти териштирүү ага келүүгө милдеттүү болгон айыпталуучунун катышуусу менен жүргүзүлөт.
2. Айыпталуучу жок кезде ишти териштирүүгө төмөнкүдөй учурларда жол берилет, эгерде:
1) айыпталуучу Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары болсо жана сотко келүүдөн качса;
2) айыпталуучу далилдерди соттук иликтөөлөр аяктагандан кийин соттук отурумга келбесе жана келбей калуу себеби жөнүндө кабарлабаса.
3. Айыпталуучу келбей калганда иш боюнча териштирүү кийинкиге калтырылууга тийиш. Мындай учурда судья же сот айыпталуучунун келүүсүн камсыз кылууну соттук приставга милдеттендирет. Судья же сот ошондой эле жүйөсүз себептер боюнча келбеген айыпталуучуну алдырып келүүгө укуктуу.
Камакта жаткан айыпталуучуну ал сотко келүүдөн жана соттук отурумга жүйөлүү себептерсиз катышуудан баш тарткан учурда аны сотко жеткирүү соттун тиешелүү токтомунун негизинде мажбурлап коштоо жолу менен жүзөгө ашырылат.
4. Ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык өткөрүлгөн соттук териштирүүгө адвокаттын катышуусу милдеттүү.
5. Сотто айыпталуучунун сотко чейинки өндүрүштө берген көрсөтмөлөрүн, маалыматтарын угузуу, ошондой эле суракка алуу протоколуна тиркелген анын көрсөтмөлөрүнүн үн жазып алууларын, видео жазып алууларын угузуп-көрсөтүү айыпталуучу жок кезде ишти кароо учурунда тараптардын өтүнүчү боюнча орун алышы мүмкүн.
6. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдайлар четтетилген учурда, соттолгондун же анын адвокатынын өтүнүчү боюнча сырттан чыгарылган соттун өкүмү же соттун аныктамасы апелляциялык тартипте жокко чыгарылат. Мындай учурда соттук териштирүү жалпы тартипте жүргүзүлөт.
297-берене. Адвокаттын соттук териштирүүгө катышуусу
1. Адвокат далилдерди көрсөтөт жана далилдерди иликтөөгө катышат, айыптоонун маңызы жана анын далилденгендиги, айыпталуучунун жоопкерчилигин жеңилдетүүчү же актоочу жагдайлар, жаза чарасы, ошондой эле соттук териштирүүдө келип чыгуучу башка маселелер боюнча өзүнүн пикирин сотко билдирет.
2. Адвокат жүйөлүү себептерсиз бир эле иш боюнча 3 жолудан ашык келбей калган учурда, бардык соттук териштирүү жүрүп жатканда сот аны алмаштырууга жана мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча адвокаттардын мамлекеттик реестри аркылуу айыпталуучуну адвокат менен камсыз кылууга укуктуу.
3. Жаңыдан ишке киришип жаткан адвокатка соттук териштирүүгө катышууга даярдануу үчүн зарыл убакыт берилет. Адвокатты алмаштыруу ошол мезгилде соттук териштирүүнүн жүрүшүндө жасалган бардык аракеттердин кайталанышына алып келбейт. Адвокаттын өтүнүчү боюнча сот күбөлөргө, жабырлануучуларга, эксперттерге кайталап сурак жүргүзө алат же болбосо башка соттук аракеттерди жүргүзө алат.
298-берене. Жабырлануучунун соттук териштирүүгө катышуусу
1. Кылмыш ишин соттук териштирүү жабырлануучунун, анын өкүлүнүн катышуусу менен өтөт.
2. Жабырлануучу келбегенде, сот жабырлануучу жок кезинде иштин бардык жагдайларын толук айкындоо жана анын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо мүмкүнчүлүгүнө жараша ишти териштирүү же аны кийинкиге жылдыруу маселесин чечет. Эгерде соттук отурумга жабырлануучунун өкүлү келсе, сот бул маселени өкүлдүн пикирин эске алуу менен чечет.
3. Жабырлануучунун өтүнүчү боюнча сот аны көрсөтмөлөрдү берүү үчүн белгилүү бир убакытта келүүсүн милдеттендирүү менен соттук отурумга катышуудан бошото алат.
299-берене. Соттук териштирүүгө эксперттин, адистин катышуусу
Эксперт, адис соттук териштирүүгө ушул Кодекстин 56 жана 57-беренелеринде каралган тартипте катышат.
300-берене. Соттук териштирүүнүн чектери
1. Ишти сотто териштирүү айыпталуучуга карата гана жана ага коюлган айыптоо боюнча гана жүргүзүлөт.
2. Эгерде айыпталуучунун абалы начарлабаса жана анын коргонуу укугу бузулбаса, соттогу айыптоону өзгөртүүгө жол берилет.
3. Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө айыпталуучунун кыйла оор кылмыш жасагандыгынын далили аныкталган, ошондой эле кылмыштын башка катышуучуларын жоопко тартуу зарылдыгы болгон учурда, эгерде аларга карата материалдарды өзүнчө кароого жана бөлүүгө мүмкүн болбогондо, прокурор ишти тергөө аракеттерин жүргүзүү жана жаңы айып коюу же айыптын квалификациясын өзгөртүү боюнча жаңы айыптоо актысын түзүү үчүн ишти прокурорго кайтаруу жөнүндө өтүнүч билдирүүгө милдеттүү, ал эми жабырлануучулар жана процесстин башка катышуучулары укуктуу. Судья, сот расмий өтүнүчтү карап чыгып, өзүнүн токтому менен ишти прокурорго кайтарууга же болбосо өтүнүчтү четке кагууга жана соттук териштирүүнү улантууга укуктуу.
4. Ишти прокурорго жиберүүдө сот ар бир айыпталуучуга карата бөгөт коюу чарасы жөнүндө маселени чечет.
5. Зарыл тергөө аракеттери жүргүзүлгөндөн кийин тергөөчү жана прокурор ушул Кодексте каралган процессуалдык чечимдерди кабыл алышат, андан кийин иш белгиленген тартипте сотко жөнөтүлөт.
301-берене. Соттук териштирүүнү кийинкиге калтыруу жана кылмыш ишин токтотуп туруу
1. Соттук отурумга чакырылган жактардын кимдир-бирөөсүнүн келбей калуусунун кесепетинен же тараптардын өтүнүчү боюнча жаңы далилдерди талап кылуунун зарылдыгына байланыштуу ишти териштирүү мүмкүн болбогондо, судья өзүнүн токтому менен, сот өзүнүн аныктамасы менен ишти териштирүүнү кийинкиге калтырат. Бир эле мезгилде тараптарды талап кылынган далилдерди берүүгө, ал эми соттук приставдарды келбеген адамдардын келүүсүн камсыз кылуу чараларын көрүүгө милдеттендирет.
2. Мажбурлап алып келүү колдонулгандан кийин айыпталуучу келбей калган учурда сот кылмыш иши боюнча өндүрүштү токтотуп турат, камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонот, өзгөртөт жана токтомду айыпталуучунун келүүсүн камсыз кылуу жана (же) издөө иштерин уюштуруу үчүн прокурорго жиберет.
3. Айыпталуучу ооруп калган жана бул анын соттук отурумга келүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган учурда, сот бул айыпталуучуга карата ал сакайып кеткенге чейин өндүрүштү токтотуп турат жана калган айыпталуучуларга карата ишти териштирүүнү улантат. Эгерде ишти өз-өзүнчө териштирүү мүмкүн болбосо, иш бүтүндөй токтотуп турууга жатат.
4. Ишке бир нече айыпталуучу тартылган жана алардын бири качып кеткен учурда, сот бул айыпталуучуга карата материалдарды өзүнчө өндүрүшкө бөлөт жана калган айыпталуучуларга карата териштирүүнү улантат.
5. Ишке бир нече айыпталуучу катышып, алардын бири же бир нечеси келбей калган учурда, эгерде коюлган айыптар же алардын бөлүктөрү бири-бирине байланыштуу болбосо, сот калган айыпталуучуларга карата ишти кароону улантууга укуктуу.
6. Колдонууга тийиш болгон мыйзамдын конституциялуулугу жөнүндө маселе боюнча Конституциялык сотко суроо-талап менен кайрылганда, сот Конституциялык соттун чечими чыкканга чейин өндүрүштү токтотуп турат.
7. Экспертиза дайындоодо сот экспертизанын корутундусу сотко келип түшкөнгө чейин иш боюнча өндүрүштү токтотуп турат.
8. Соттук териштирүү кайра башталгандан кийин, сот ал кийинкиге калтырылган учурдан тартып угууну улантат.
9. Ушул Кодекстин 296-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер болгондо, тараптардын өтүнүчү боюнча соттук териштирүү айыпталуучу жок кезде да жүргүзүлөт. Айыпталуучу жок кезинде соттук териштирүүнү жүргүзүү жөнүндө сот токтом же аныктама чыгарат.
302-берене. Соттук отурумда ишти кыскартуу
Эгерде соттук териштирүү учурунда ушул Кодекстин 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3–14-пункттарында көрсөтүлгөн жагдайлар аныкталса, ушул Кодекстин 27-беренесинин 4-бөлүгүндө белгиленген жагдайлар болбогон шартта иш соттук отурумда кыскартылууга тийиш.
303-берене. Бөгөт коюу чараларын колдонуу мөөнөттөрү жана аларды узартуу тартиби
1. Сотко ишти кабыл алган учурдан баштап өкүмдү, аныктаманы, токтомду аткарууга киришкенге чейин судья, сот айыпталуучуга карата бөгөт коюу чараларын колдонууга, өзгөртүүгө же жокко чыгарууга укуктуу.
2. Бөгөт коюу чарасы ушул Кодекстин 283-беренесинде каралган соттук териштирүүнүн мөөнөтүнө колдонулат.
3. Эгерде соттук териштирүүнү өз убагында аяктоо мүмкүн болбосо жана бөгөт коюу чарасын өзгөртүүгө же жокко чыгарууга негиз жок болсо, үй камагына жана камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасын колдонуу мөөнөтү ар бир жолу 2 айга чейин, бирок бир жылдан ашык эмес мөөнөткө узартылышы мүмкүн.
4. Камакта кармоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу мөөнөтүн бир жылдан ашык узартууга жол берилбейт.
Көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин камакта кармалып турган айыпталуучу камакта турган жердин администрациясы тарабынан прокурорго билдирүү менен токтоосуз бошотулууга тийиш.
5. Бир эле иш боюнча айыпталуучуну кайрадан камакка алуу, үй камагына алуу учурунда, ошондой эле буга кошулган же андан бөлүнгөн кылмыш иши боюнча камакка, үй камагына алуу мөөнөтү мурунку камакта, үй камагында отурган мезгилди эсепке алуу менен жүргүзүлөт.
6. Эгерде иш боюнча өндүрүш токтотулган болсо, камакка алуу жана үй камагына алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу мөөнөтү токтотулбайт.
304-берене. Соттук отурумда токтомдорду жана аныктамаларды чыгаруу тартиби
1. Соттук териштирүү учурунда сот тарабынан чечилүүчү маселелер боюнча судья токтомдорду, сот аныктамаларды чыгарат, алар соттук отурумда жарыя кылынууга жатат.
2. Ушул Кодекстин 296-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган учурда соттук териштирүүдө ишти прокурорго кайтаруу, кылмыш ишин кыскартуу, айыпталуучуга карата бөгөт коюу чараларын колдонуу, өзгөртүү же жокко чыгаруу жөнүндө, четтетүүлөр, соттук экспертизаны дайындоо жөнүндө аныктама же токтом өзүнчө жайда чыгарылат жана судья же эгерде иш сот тарабынан коллегиялуу каралса, судьялар кол койгон өзүнчө процессуалдык документтер түрүндө жазылат.
3. Судьянын бардык башка токтомдору, соттун аныктамалары соттук отурумдун протоколуна киргизүү менен соттук отурумдун залында соттун кароосу боюнча чыгарылат.
305-берене. Соттук отурумдун тартиби
1. Соттук отурумда соттун нормалдуу ишин жана процесстин катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу сот приставдарына жүктөлөт. Сот приставынын талаптары соттук отурумдун залында катышып жаткан жактар үчүн милдеттүү болуп саналат.
2. Судьялар киргенде жана чыгып баратканда соттук отурумдун залындагы бардык катышуучулар ордунан турат.
3. Соттук териштирүүнүн бардык катышуучулары сотко ордунан туруп кайрылат, көрсөтмө берет жана билдирүү жасайт. Бул эрежеден чегинүүгө төрагалык кылуучу судьянын уруксаты менен жол берилиши мүмкүн.
4. Соттук териштирүүнүн катышуучулары, ошондой эле соттук отурумдун залында катышып жаткан башка жактар сотко «Урматтуу сот» деп кайрылат.
5. Соттук териштирүүнүн бардык катышуучулары, буга тете эле соттук отурумдун залында катышып жаткан бардык катышуучулар төрагалык кылуучу судьянын соттук отурумдун тартибин сактоо жөнүндө тескөөлөрүнө баш ийиши керек. Алкоголдук мас болуу же болбосо же баңги заттарды, уу заттарды колдонгон абалда турган адамдар соттук отурумдун залына киргизилбейт.
306-берене. Сот приставы
Сот приставы соттук отурумда тартипти камсыз кылат, төрагалык кылуучунун тескөөлөрүн аткарат жана ага мыйзам менен жүктөлгөн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат. Сот приставынын талаптары соттук отурумдун залындагы адамдар үчүн милдеттүү болот.
307-берене. Соттук отурумда тартип бузгандыгы үчүн таасир кылуу чаралары
1. Соттук отурумда процесстин катышуучусу тартип бузганда, төрагалык кылуучунун тескөөсүнө баш ийбегенде ага эскертүү берилет, ал тартипти кайра бузганда, соттук отурумдун залынан чыгарып жиберилүүгө жатат же Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган акчалай жаза салынат. Чыгарып жиберүү айыптоочу жана адвокаттан тышкары, процесстин кайсы болбосун катышуучусуна карата жүргүзүлүшү мүмкүн. Акчалай жаза айыптоочуга, адвокатка жана айыпталуучуга салынышы мүмкүн эмес.
2. Айыптоочу же адвокат төрагалык кылуучунун тескөөсүнө баш ийбей койгондо, эгерде иш үчүн зыян келтирбестен бул адамды башка адам менен алмаштыруу мүмкүн эмес болсо, ишти угуу судьянын токтому, соттун аныктамасы менен кийинкиге жылдырылышы мүмкүн. Сот бир эле учурда жеке аныктама чыгарат жана жогору турган прокурорго же тиешелүү органга жана (же) адвокатурага жөнөтөт.
3. Эгерде соттук отурумдун залынан айыпталуучу чыгарылса, өкүм анын катышуусунда жарыя кылынат же жарыя кылынгандан кийин ага дароо билдирилет.
4. Процесстин катышуучусунун соттук отурумдун залынан чыгарылгандыгы жөнүндө протоколго киргизилет. Сот приставы акчалай жаза салууга алып келүүчү тартип бузуу жөнүндө протоколду түзөт.
5. Соттук отурумдун залында отурган, бирок процесстин катышуучусу болбогон адамдар тартип бузган учурда төрагалык кылуучу судьянын тескөөсү боюнча соттук отурумдун залынан чыгарылат. Мындан тышкары, аларга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык акчалай жаза салынуусу мүмкүн.
308-берене. Соттук отурумдун протоколу
1. Соттук отурумдун учурунда соттук отурумдун катчысы протокол жүргүзөт.
2. Протокол компьютердик, машинкага басылган же кол менен жазуу аркылуу даярдалат.
3. Соттук отурумдун протоколунда милдеттүү түрдө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) отурумдун орду жана датасы, анын башталган жана аяктаган убактысы;
2) соттун аталышы; төрагалык кылуучу судьянын, катчынын, котормочунун, айыптоочунун, адвокаттын, айыпталуучунун, ошондой эле жабырлануучунун жана анын өкүлүнүн, сот чакырган башка адамдардын фамилиясы, аты жана атасынын аты;
3) каралуучу иш;
4) айыпталуучунун инсандыгы жөнүндө маалыматтар жана бөгөт коюу чаралары;
5) соттун аракеттери кандай орун алса, ошондой иретте;
6) ишке катышып жаткан адамдардын билдирүүлөрү, каршы пикирлери жана өтүнүчтөрү;
7) судьянын өзүнчө жайга чыгып кетпестен чыгарылган токтому;
8) өзүнчө жай токтомдорду чыгарууга көрсөтүүлөр;
9) ишке катышуучу адамдарга алардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүү, алардын көрсөтмөлөрүнүн кеңири мазмуну, аларга берилген суроолор жана алардын жооптору;
10) соттук отурумда далилдерди иликтөө боюнча жүргүзүлгөн карап чыгуулардын жана башка аракеттердин натыйжалары;
11) ишке катышуучу адамдар протоколдо күбөлөндүрүүнү суранган фактыга көрсөтүүлөр;
12) тараптардын соттук жарыш сөздө сүйлөгөн сөздөрүнүн жана айыпталуучунун акыркы сөзүнүн негизги мазмуну;
13) өкүмдү жарыя кылуу жөнүндө жана аны даттануунун тартибин жана мөөнөтүн түшүндүрүү жөнүндө көрсөтүү.
Мындан тышкары, протоколдо, эгерде орун алса, сотту урматтабагандык жөнүндө күбөлөөчү фактылар, тартип бузуучунун инсандыгы, тартип бузуучуга карата сот тарабынан кабыл алынган таасир этүү чаралары көрсөтүлөт.
4. Эгерде соттук териштирүүнүн жүрүшүндө фотосүрөткө тартуу, сурактын аудио жана (же) видеожазуулары жүргүзүлсө, бул жөнүндө соттук отурумдун протоколунда белгиленет. Бул учурда фотосүрөткө тартуу, аудио жана (же) видеого жазуу материалдары иштин материалдарына тиркелет.
5. Протокол төрагалык кылуучу судья жана катчы тарабынан соттук отурум аяктаган күндөн 5 сутка кечиктирилбестен даярдалышы жана кол коюлушу керек.
6. Соттук отурумдун протоколу менен таанышуу жөнүндө өтүнүч тараптар тарабынан соттук отурум аяктаган күндөн тартып 5 сутканын ичинде жазуу жүзүндө берилет. Эгерде өтүнүч негиздүү себептер менен берилбесе, көрсөтүлгөн мөөнөт калыбына келтирилиши мүмкүн. Эгерде иш апелляциялык же кассациялык инстанциялардагы сотко жиберилип калган болсо, өтүнүч канааттандырылбайт.
7. Төрагалык кылуучу судья тараптарга соттук отурумдун протоколу менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн, ал эми тараптардын талабы боюнча алардын көчүрмөлөрүн өтүнүчү алынган күндөн тартып 5 сутканын ичинде камсыз кылат.
309-берене. Соттук отурумдун протоколуна сын-пикирлер жана аларды карап чыгуу
1. Соттук отурумдун протоколу менен таанышкан күндөн тартып 5 сутканын ичинде тараптар ага карата сын-пикирлерин бере алат.
2. Соттук отурумдун протоколуна сын-пикирлер төрагалык кылуучу судья тарабынан алар берилген күндөн тартып 5 күндүн ичинде каралат.
Зарыл учурларда төрагалык кылуучу судья сын-пикирлерди берген адамдарды алардын мазмунун тактоо үчүн чакырууга укуктуу.
3. Сын-пикирлерди карап чыгуунун натыйжасында төрагалык кылуучу судья алардын тууралыгын күбөлөндүрүү жөнүндө же аларды четке кагуу жөнүндө токтом чыгарат. Протоколго жана төрагалык кылуучу судьянын токтомуна карата сын-пикирлер соттук отурумдун протоколуна кошулат.
310-берене. Аудио жана (же) видео жазма (аудио-видео протоколу) каражаттары менен соттук териштирүүлөрдү жазып алуу
1. Соттук отурумдун жүрүшүн жазып алуу аудио жана (же) видео жазма каражаттарынын жардамы менен жүзөгө ашырылат. Соттук отурумду аудио же видео жазып алма каражаттары менен жазып алууну соттук отурумдун катчысы жүзөгө ашырат.
Соттук отурумду аудио жана (же) видео жазма каражаттарынын жардамы менен жазып алуу жабдык техникалык жактан бузук болгон учурларда, ал болбогондо же техникалык себептер менен колдонуу мүмкүн болбогондо жүзөгө ашырылбайт.
Аудио жана (же) видео жазма каражаттарын пайдалануунун мүмкүн эместиги соттук отурумду улантууну жокко чыгарбайт.
Аудио жана (же) видео жазма каражаттарын пайдалануу мүмкүн болбой калган учурда, соттук отурумдун катчысы аудио жана (же) видео жазууларды пайдалануу мүмкүн эместигинин себептерин соттук отурумдун протоколуна милдеттүү түрдө чагылдыруу менен бул тууралуу сотко маалымдайт.
2. Аудиовидео жазма каражаттарын пайдалануу менен ишти териштирүүнү жазып алуу учурунда соттук отурумдун катчысы жазуу жүзүндө кыскача протокол түзөт.
3. Соттук отурумдун кыскача протоколунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) соттук отурумду өткөрүүнүн жылы, айы, күнү жана орду;
2) соттук отурумдун башталган жана бүткөн убакыты;
3) ишти караган соттун аталышы жана курамы, судьялардын, соттук отурумдун катчысынын фамилиясы жана аты-жөнү;
4) иштин аталышы;
5) айыпталуучунун инсандыгы жөнүндө маалыматтар;
6) сот тарабынан аудио-видео жазма каражаттарын колдонгондугу жөнүндө маалыматтар;
7) аудио-видео жазма камтылган файлдын аталышы;
8) котормочунун, айыптоочунун, адвокаттын, айыпталуучунун, ошондой эле жабырлануучунун, сот чакырган башка адамдардын келгендиги жөнүндө маалыматтар;
9) ишке катышуучу жактар тарабынан далил катары берилген кошумча материалдардын ишке тиркелгендиги жөнүндө маалыматтар;
10) акыркы формадагы протокол түзүлгөн дата.
4. Соттук отурумдун кыскача протоколу төрагалык кылуучу жана катчы тарабынан кол коюлат. Аудио-видео жазмаларды камтыган материалдык алып жүрүүчү жана соттук отурумдун кыскача протоколу иштин материалдарына тиркелет.
5. Ишке катышуучу жактардын жана алардын өкүлдөрүнүн өтүнүчтөрү боюнча сот тарабынан аудио-видео жазмалардын же соттук отурумдун кыскача протоколу берилет.
Иш жабык соттук отурумда каралган учурда, ишке катышуучу адамдарга аудио-видео жазмалар жана соттук отурумдун кыскача протоколу берилбейт. Аларга аудио-видео жазмалар жана соттук отурумдун кыскача протоколу менен сотто таанышуу мүмкүнчүлүгү камсыз кылынат.
6. Соттук отурумдун аудио-видео жазмалары соттук териштирүүнүн жүрүшүн так жазып көрсөтүү үчүн сот өндүрүшүнүн максаттарында гана, ошондой эле кылмыш-жаза сот өндүрүшүндөгү чыныгы маалыматтарды белгилөө максатында колдонулат.
7. Соттук отурумдун жүрүшүн жазып алууну камсыз кылуучу аудио-видео жазма каражаттарын техникалык колдонуунун, аудио-видео жазмаларды сактоонун жана жок кылуунун тартиби, ошондой эле аудио-видео жазмаларды алуунун тартиби ушул Кодекстеги талаптарды эске алуу менен, соттордун ишин уюштуруучулук жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну жүзөгө ашыруучу орган тарабынан аныкталат.
311-берене. Аудио-видео жазмаларга сын пикирлер жана соттук териштирүүнүн кыскача протоколу
1. Соттук териштирүүнүн кагазга түшүрүлгөн кыскача протоколуна кол коюлгандан кийин 5 сутканын ичинде тараптардын аудио-видео жазмалар жана соттук отурумдун кыскача протоколу менен таанышууга, жазуу жүзүндө же электрондук документ формасында сын пикирлерин берүүгө укугу бар.
Тараптар аудио-видео жазмаларга сын-пикирлер жана соттук отурумдун кыскача протоколу менен таанышкандан кийин 3 сутканын ичинде ага сын-пикир берүүгө укуктуу.
2. Аудио-видео жазмаларга сын пикирлерди жана соттук отурумдун кыскача протоколун кароо тартиби ушул Кодекстин 309-беренесинде каралган эрежелер боюнча жүзөгө ашырылат.
42-глава. Соттук териштирүүгө даярдануу иш-аракеттери
312-берене. Соттук отурумдун ачылышы
1. Дайындалган убакта төрагалык кылуучу судья соттук отурумду ачат жана кайсы иш териштирүүгө жатарын жарыялайт.
2. Төрагалык кылуучу аудио жана (же) видео жазма каражаттары соттук отурумда сот тарабынан пайдаланып жаткандыгы тууралуу жарыялайт.
Аудио- жана (же) видео жазма каражаттарын пайдалануунун мүмкүн эместиги соттук отурумду улантууну жокко чыгарбайт.
Аудио- жана (же) видео жазманын болбогондугунун себептери милдеттүү түрдө соттук отурумдун протоколунда чагылдырылууга тийиш.
313-берене. Сотко келүүнү текшерүү
1. Соттук отурумдун катчысы соттук отурумга катыша турган адамдардын келгендиги жөнүндө баяндайт жана келбей калгандардын келбеген себептерин билдирет.
2. Сотко келгендерди жана келбегендердин себебин текшерүү соттук отурумдун катчысы тарабынан соттук отурум ачылганга чейин жүргүзүлөт.
314-берене. Котормочуга анын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүү
1. Төрагалык кылуучу судья котормочуга ушул Кодекстин 58-беренесинде каралган укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт.
2. Котормочу төрагалык кылуучу судья тарабынан билип туруп туура эмес котормосу үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылары жөнүндө эскертилет, бул жөнүндө андан кол койдурулуп алынып, ал соттук отурумдун протоколуна тиркелет.
315-берене. Күбөлөрдү соттук отурумдун залынан чыгаруу
1. Келген күбөлөр аларды суракка алганга чейин соттук отурумдун залынан чыгарылат.
2. Сот приставы сурала элек күбөлөр, суралган күбөлөр менен, ошондой эле соттук отурумдун залындагы башка адамдар менен сүйлөшпөгүдөй чараларды көрөт.
316-берене. Айыпталуучунун инсандыгын тактоо жана ага айыптоо актысынын көчүрмөсүн өз убагында тапшыруу
1. Төрагалык кылуучу судья айыпталуучунун инсандыгын, анын фамилиясын, атын, атасынын атын, жашын, туулган жылын, айын, күнүн жана жерин, сот жүргүзүлүп жаткан тилди билерин, жашаган жерин, иштеген жерин, алектенген ишинин түрүн, билимин, үй-бүлөлүк абалын жана анын инсандыгына тийиштүү башка маалыматтарды тактайт.
2. Төрагалык кылуучу судья айыпталуучуга айыптоо актысынын көчүрмөсү тапшырылгандыгын жана качан тапшырылгандыгын тактайт.
Айыптоо актысынын көчүрмөсү тапшырылбаган учурда, ишти териштирүү жылдырылат, ал эми прокурор айыптоо актысынын көчүрмөсүн айыпталуучуга токтоосуз тапшырууга чараларды көрөт. Бул учурда териштирүү иши аталган документ тапшырылган учурдан баштап 3 суткадан эрте башталбайт.
3. Кылмыш ишин ушул Кодекстин 296-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган тартипте кароодо төрагалык кылуучу судья айыпталуучунун адвокатына айыптоо актысы тапшырылгандыгын жана качан тапшырылгандыгын тактайт. Мында кылмыш ишин соттук териштирүү адвокатка айыптоо актысынын көчүрмөсү тапшырылган күндөн баштап 3 суткадан эрте башталбайт.
317-берене. Төрагалык кылуучу судьяны, процесстин башка катышуучуларын жарыялоо жана четтетүү укугун түшүндүрүү
1. Төрагалык кылуучу судья соттун курамын жарыялайт, ким мамлекеттик айыптоочу, айыпталуучу, адвокат, жабырлануучу жана анын өкүлү экендигин, ошондой эле соттук отурумдун катчысы, эксперти, адиси жана котормочу экендигин билдирет. Төрагалык кылуучу судья ушул Кодекстин 8-главасы менен белгиленген эрежелер боюнча тараптарга, буга тете эле ушул беренеде көрсөтүлгөн процесстин катышуучуларынын баарына төрагалык кылуучуга карата четтетүүнү билдирүү укугун түшүндүрөт.
2. Билдирилген четтетүүлөрдү сот ушул Кодекстин 67-беренесинде белгиленген тартипте чечет.
318-берене. Айыпталуучуга жана (же) анын мыйзамдуу өкүлүнө алардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүү
Төрагалык кылуучу судья айыпталуучуга жана (же) анын мыйзамдуу өкүлүнө соттук териштирүүдө алардын ушул Кодекстин 46-беренесинде каралган укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт.
319-берене. Жабырлануучуга жана анын өкүлүнө алардын укуктарын жана (же) милдеттерин түшүндүрүү
Төрагалык кылуучу судья жабырлануучуга жана (же) анын өкүлүнө соттук териштирүүдө алардын тиешелүү түрдө ушул Кодекстин 40 жана 42-беренелеринде каралган укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт. Жабырлануучуга, мындан тышкары, ушул Кодексте каралган учурларда, айыпталуучу менен жарашууга болгон укуктары түшүндүрүлөт.
320-берене. Экспертке анын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүү
Төрагалык кылуучу судья экспертке анын ушул Кодекстин 56-беренесинде каралган укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт, билип туруп жалган корутунду бергендиги үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылары жөнүндө эскертет, эксперттин колу койдурулуп алынып, соттук отурумдун протоколуна тиркелет.
321-берене. Адиске анын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүү
Төрагалык кылуучу судья адиске анын ушул Кодекстин 57-беренесинде каралган укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт.
322-берене. Өтүнүчтөрдү билдирүү жана чечүү
1. Төрагалык кылуучу судья тараптардан жаңы күбөлөрдү, эксперттерди жана адистерди чакыруу жөнүндө өтүнүчү бар же жок экендигин жана буюм далилдерди жана документтерди кошо тургандыгы жөнүндө сурайт. Өтүнүч билдирген адам кайсы жагдайларды белгилөө үчүн кошумча далилдер зарылдыгын көрсөтүүгө милдеттүү.
2. Сот процессинин калган катышуучуларынын пикирин угуп, сот ар бир билдирилген өтүнүчтү карап чыгышы жана аны канааттандырышы керек же болбосо өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө токтом, аныктама чыгарууга тийиш.
3. Сот тарабынан өтүнүчү канааттандыруудан баш тартылган адам аны мындан аркы соттук териштирүүнүн жүрүшүндө кайра билдирүүгө укуктуу.
Эгерде мурда каралып чыккан маселе боюнча кайрадан берилген өтүнүчтө соттук териштирүүнүн создуктурулуп кетишинин белгилери бар болсо, анда сот мындай арызды соттук отурумдун протоколунда көрсөтүү менен кароосуз калтырууга укуктуу.
323-берене. Ишке катышып жаткан жактардын кимдир бирөөсү келбей калганда ишти териштирүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени чечүү
1. Сот процессинин катышуучуларынын кайсы бири же буга тете эле күбө, эксперт же адис келбей калганда, сот ал болбогондо тараптардын териштирүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө оюн угат жана соттук териштирүүнү улантуу же кийинкиге жылдыруу, ошондой эле келбей калган катышуучуну чакыруу же алдырып келүү жөнүндө токтомун же аныктамасын чыгарат.
2. Ишти териштирүүнү кийинкиге жылдыруу маселеси чечилгенге чейин сот келген күбөлөрдү, экспертти же адисти, жабырлануучуну жана анын өкүлүн сурай алат, андан кийин ишти териштирүүнү кийинкиге жылдыруу жөнүндө токтом чыгара алат. Эгерде иш мындан кийин да ушул эле сот тарабынан карала турган болсо, суралган адамдарды соттук отурумга кайра чакыруу зарыл учурларда гана жүргүзүлөт.
43-глава. Соттук териштирүү
324-берене. Соттук териштирүүнүн башталышы
1. Соттук териштирүү мамлекеттик айыптоочу тарабынан айыптоо актысын баяндоо менен башталат.
2. Төрагалык кылуучу судья айыпталуучудан айыптоо ага түшүнүктүү экендигин, ал өзүн күнөөлүү деп тааный тургандыгын жана анын коюлган айыпка мамилесин сурайт.
325-берене. Далилдерди иликтөөнүн тартиби
1. Ушул Кодекстин 324-беренесинин талаптарын аткаргандан кийин төрагалык кылуучу судья тараптардын пикирлерин угуп, далилдерди иликтөөнүн тартибин аныктайт.
2. Айыпталуучу соттук териштирүүнүн кайсы гана учурунда болбосун төрагалык кылуучу судьянын уруксаты менен көрсөтмө бергенге укуктуу.
326-берене. Айыпталуучуну суракка алуу
1. Айыпталуучуну суракка алуудан мурда төрагалык кылуучу судья көрсөтүлгөн айыптоо жана иштин башка жагдайлары боюнча анын көрсөтмө берсе боло турган же бербей турган укугун жана ал тарабынан айтылган сөздөрдүн бардыгы ага каршы колдонуларын түшүндүрөт. Айыпталуучу биринчилерден болуп көрсөтмө берүүгө макулдугун берсе, аны адвокат жана жактоочу тарабындагы процесстин катышуучулары, андан кийин мамлекеттик айыптоочу жана айыптоочу тараптагы процесстин катышуучулары суракка алат. Төрагалык кылуучу судья багыттоочу суроолорду жана ишке тиешеси жок суроолорду четке кагат.
2. Айыпталуучу жазуу жүзүндөгү белгилеп жазгандарын колдонууга укуктуу, алар соттун талабы боюнча ага берилет.
3. Сот айыпталуучуга суроолорду аны тараптар суракка алып бүткөндөн кийин берет, бирок аны суракка алып жатканда тактоочу суроолор кайсы гана учурда болбосун берилип турушу мүмкүн.
4. Эгерде айыпталуучу өзүн толук күнөөлүүмүн деп мойнуна алса жана угузулган айыптоо боюнча эркин баяндоо формасында көрсөтмө бергиси келсе, анын көрсөтмөлөрү ишке тиешеси жок болгон учурларды кошпогондо, сот анын сөзүн бөлбөй угат.
5. Айыпталуучуну соттун демилгеси же тараптардын өтүнүчү боюнча башка айыпталуучу катышпаган учурда суракка алууга жол берилет, бул жөнүндө судья токтом чыгарат. Бул учурда айыпталуучунун соттук отурумдун залына кайра келгенден кийин төрагалык кылуучу судья ал жок кезде берилген көрсөтмөлөрдүн мазмуну жөнүндө билдирет жана ал жок кезде суракка алынган айыпталуучуга суроо берүү мүмкүндүгүн берет.
6. Айыпталуучуну суракка алуу ушул Кодекстин 290-беренесинде белгиленген тартипте видеобайланыш режиминде (аралыктан суракка алуу) техникалык каражаттарды колдонуу менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
327-берене. Жабырлануучуну суракка алуу
1. Жабырлануучу ушул Кодекстин 328-беренесинин 2-8-бөлүктөрүндө каралган күбөлөрдү суракка алуу эрежелери боюнча суракка алынат.
2. Жабырлануучу төрагалык кылуучу судьянын уруксаты менен соттук териштирүүнүн кайсы гана болбосун учурунда көрсөтмө бере алат.
3. Жабырлануучуну суракка алуу техникалык каражаттарды колдонуу менен видеобайланыш режиминде (аралыктан суракка алуу) ушул Кодекстин 290-беренесинде белгиленген тартипте жүргүзүлүшү мүмкүн.
328-берене. Күбөлөрдү суракка алуу
1. Күбөлөр өз-өзүнчө жана сурала элек күбөлөрдүн катышуусуз суракка алынат.
2. Төрагалык кылуучу судья суракка алуудан мурда күбөнүн инсандыгын тактайт, анын айыпталуучуга жана жабырлануучуга мамилесин тактайт, анын иш боюнча чыныгы көрсөтмөлөрдү берүү, ошондой эле көрсөтмө берүүдөн баш тартуу жана билип туруп жалган көрсөтмө берүү жоопкерчилигин түшүндүрөт. Мыйзам боюнча көрсөтмө берүү милдетинен бошотулган адамдарга билип туруп жалган көрсөтмө берүү жоопкерчилиги түшүндүрүлөт. Күбөгө милдеттери жана жоопкерчилиги түшүндүрүлгөндүгү тууралуу кол койдурулуп алынат, ал соттук отурумдун протоколуна тиркелет.
3. Күбөнү мамлекеттик айыптоочу, жабырлануучу жана анын өкүлү, айыпталуучу жана анын адвокаты суракка алат. Биринчи болуп суроолорду өтүнүчү боюнча соттук отурумга ушул күбөнү чакырган тарап берет.
4. Төрагалык кылуучу судья ишке тиешеси жок суроолорду четке кагат, күбөнүн тараптар сурагандан кийинки көрсөтмөлөрүн тактайт. Андан кийин төрагалык кылуучу судья күбөгө суроо бере алат.
5. Суралган күбөлөр соттук отурумдун залынан соттук териштирүү аяктаганга чейин төрагалык кылуучу судьянын уруксаты менен кете алышат, ошол эле убакта судья тараптардын пикирин эске алат.
6. Күбөнүн, анын жакын туугандарынын, жубайынын коопсуздугун камсыз кылуу зарыл болгондо, сот күбөнүн инсандыгы жөнүндө так маалыматтарды угузбастан, аны соттук териштирүүнүн башка катышуучулары көрбөй турган шартта суракка алууга укуктуу, бул жөнүндө сот токтом же аныктама чыгарат.
7. Көрсөтмө берип жаткан адам жөнүндө анык маалыматтарды ачуу тууралуу негизделген өтүнүч тараптар тарабынан билдирилген учурда, айыпталуучуну коргоо же кылмыш ишин кароо үчүн маанилүү жагдайларды аныктоо зарылдыгына байланыштуу сот тараптарга көрсөтүлгөн маалыматтар менен таанышуу мүмкүндүгүн берүүгө укуктуу.
8. Күбөлөр жазуу жүзүндөгү белгилемелерин колдоно алат. Бул жазуу жүзүндөгү белгилемелер соттун талабы боюнча ага берилиши керек.
9. Күбөнү суракка алуу видео байланыш (аралыктан суракка алуу) режиминде техникалык каражаттарды пайдалануу менен ушул Кодекстин 290-беренесинде белгиленген тартипте жүргүзүлүшү мүмкүн.
329-берене. Жабырлануучу жана күбө катары балдарды суракка алуунун өзгөчөлүктөрү
1. 18 жашка чейинки курактагы жабырлануучуну жана күбөнү суракка алууда ата-энелери же мыйзамдуу өкүлдөрү, алар болбогон учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери чакырылат. Күбө же жабырлануучу катары 14 жашка чейинки курактагы баланы суракка алууда ошондой эле психолог же педагог чакырылат.
Көрсөтүлгөн адамдар төрагалык кылуучу судьянын уруксаты менен жабырлануучуга жана күбөгө суроолорду берет.
2. 16 жаш куракка жете элек жабырлануучуну жана күбөнү суракка алуу алдында төрагалык кылуучу аларга толук жана туура көрсөтмөлөрдү берүүнүн иш үчүн маанисин түшүндүрөт. Көрсөтмөлөрдү берүүдөн баш тарткандыгы жана билип туруп жалган көрсөтмөлөрдү бергендиги үчүн жоопкерчилик жөнүндө бул жактарга алдын ала эскертилбейт жана алардын колу койдурулуп алынбайт.
3. Тараптардын өтүнүчү боюнча же соттун демилгеси боюнча жабырлануучу жана күбө катары баланы суракка алуу айыпталуучу жок кезде жүргүзүлүшү мүмкүн, бул жөнүндө сот токтом чыгарат. Айыпталуучу соттук отурумдун залына кайтып келгенден кийин ага ушул жактардын көрсөтмөлөрү жарыя кылынууга жана аларга суроо берүүгө мүмкүндүк берилүүгө тийиш.
4. 16 жашка жете элек жабырлануучу жана күбө аларды суракка алуу бүткөндөн кийин, эгерде сот алардын мындан ары катышуусун зарыл деп таппаса, соттук отурумдун залынан чыгарылат.
330-берене. Жабырлануучунун жана күбөнүн көрсөтмөлөрүн угузуу
1. Жабырлануучунун жана күбөнүн сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө берген көрсөтмөлөрүн сотто жарыя кылууга, ошондой эле алардын көрсөтмөлөрүнүн үн жазууларын, суракка алуунун видеожазмаларын угузуп-көрсөтүүгө, алардын сотко келүү мүмкүндүгүн жокко чыгаруучу себептер боюнча жабырлануучу же күбө соттук отурумда жок кезде, эгерде алардын көрсөтмөлөрү ушул Кодекстин 26-главасына ылайык депонирленген болсо, тараптардын өтүнүчү боюнча жол берилет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн эрежелер ошондой эле жабырлануучунун жана күбөнүн сотто мурда берген көрсөтмөлөрүн жарыя кылуу учурларына да жайылтылат.
3. Соттук отурумда ошондой эле ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык сот тарабынан суракка алынган жабырлануучунун жана күбөнүн көрсөтмөлөрү жарыя кылынышы мүмкүн.
4. Жабырлануучунун жана күбөнүн көрсөтмөлөрүнүн үн жазууларын угузуу, аларды суракка алуунун видеожазмаларын көрсөтүү тараптардын өтүнүчү боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.
331-берене. Сотто экспертиза жүргүзүү
1. Тараптардын өтүнүчү боюнча же өзүнүн демилгеси менен сот экспертиза дайындай алат.
2. Сотто экспертиза ушул Кодекстин 24-главасында баяндалган эрежелер боюнча жүргүзүлөт.
3. Төрагалык кылуучу судья экспертизаны дайындоо жөнүндө чыгарылган токтомду угузуп, экспертти четтетүү, тарап көрсөткөн адамды эксперттердин санына кошумча киргизүү, башка эксперттик уюмдардын өкүлдөрү тарабынан экспертиза жүргүзүү, тараптардын катышуусунда экспертиза жүргүзүү жөнүндө өтүнүч кылуу укугун тараптарга түшүндүрөт.
4. Соттук отурумда эксперт суракка алынып жаткан адамдарга суроо берүүгө, жазуу жүзүндөгү далилдөөлөр, тергөө аракеттеринин протоколдору, башка эксперттердин корутундулары менен таанышууга, экспертиза предметине тиешелүү кароолорго, эксперименттерге жана башка соттук аракеттерге катышууга укуктуу.
5. Салыштырып иликтөө үчүн экспертке үлгүлөрдү берүү зарыл болгондо, ушул Кодекстин 191 жана 192-беренелеринде каралган эрежелер колдонулат.
6. Корутунду берүү үчүн мааниси бар бардык жагдайлар ачылган соң, төрагалык кылуучу судья тараптарга жазуу жүзүндө экспертке суроо берүүнү сунуштайт. Коюлган суроолор жарыя кылынууга жана алар боюнча соттук териштирүүнүн катышуучуларынын пикирлери угулууга тийиш. Сот бул суроолорду карап чыгат жана өзүнүн токтому менен алардын ичинен ишке же эксперттин компетенциясына тиешеси жокторун четтетет, ошондой эле жаңы суроолорду туюнтмалайт, ошондон кийин эксперт экспертиза жүргүзүүгө жана корутунду түзүүгө киришет.
7. Корутунду эксперт тарабынан жазуу жүзүндө берилет, ал тарабынан соттук отурумда жарыя кылынат жана суроолор менен кошо ишке тиркелет. Эксперт өзүнүн корутундусуна суроолор берилбеген, анын компетенциясына тиешеси бар иштин жагдайлары боюнча тыянактарды киргизүүгө укуктуу.
8. Эгерде сотко чейинки өндүрүштө корутунду берген эксперт сотко чакыртылса, сот корутундуну жарыялангандан кийин, эгерде ал тараптардын каршылыгына алып келбесе, экспертиза дайындабай, экспертти суракка алуу менен чектелиши мүмкүн.
9. Сот тараптардын өтүнүчү же өзүнүн демилгеси боюнча ушул Кодекстин 189-беренесине ылайык кайталап же кошумча экспертизаны дайындайт.
332-берене. Экспертти суракка алуу
1. Сот тараптардын өтүнүчү боюнча же өзүнүн демилгеси боюнча сотко чейинки өндүрүштүн же соттук териштирүүнүн жүрүшүндө корутунду берген экспертти ал берген корутундуну түшүндүрүү же кошумчалоо жөнүндө суракка алуу үчүн чакырууга укуктуу.
2. Экспертке тараптар суроо берет, мында биринчи болуп суроону анын өтүнүчү боюнча экспертиза дайындалган тарап берет. Төрагалык кылуучу судья сурактын кайсы болбосун учурунда экспертке суроо берүүгө укуктуу.
333-берене. Буюм далилдерди карап чыгуу
1. Сотко чейинки өндүрүштө ишке тиркелген, ошондой эле жаңыдан келтирилген буюм далилдери сот тарабынан каралып чыгууга жана тараптарга көрсөтүлүүгө тийиш.
2. Буюм далилдерди карап чыгуу соттук териштирүүнүн кайсы болбосун учурунда, тараптардын өтүнүчү боюнча, ошондой эле төрагалык кылуучу судьянын демилгеси боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн. Буюм далилдер карап чыгуу үчүн күбөлөргө, экспертке жана адиске көрсөтүлүшү мүмкүн. Буюм далилдер көрсөтүлгөн адамдар карап чыгууга байланышкан жагдайларга соттун көңүлүн бура алат. Карап чыгуунун натыйжалары соттук отурумдун протоколунда чагылдырылат.
3. Буюм далилдерди карап чыгуу ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген эрежелерди сактоо менен алар турган жерде сот тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн. Эгерде мындай буюм далилдер башка аймактан табылса, анда райондук (шаардык) сот тарабынан мындай далилдер турган аймакта соттук тапшырманы аткаруу тартибинде видеоконференцбайланыштын техникалык каражаттары колдонулушу мүмкүн.
334-берене. Тергөө аракеттеринин протоколдорун жана документтерди жарыя кылуу
1. Карап чыгууда, күбөлөндүрүүдө, алып коюуда, тинтүүдө, мүлккө камак салууда, кармоодо, таануу үчүн көрсөтүүдө, тергөө экспериментинде аныкталган жагдайлар менен фактыларды ырастоочу тергөө аракеттеринин протоколу, атайын тергөө аракеттеринин протоколдору, ошондой эле, эгерде иш үчүн мааниси бар жагдайлар баяндалса же күбөлөндүрүлсө, ишке тиркелген же соттук отурумда көрсөтүлгөн документтер толук же жарым-жартылай жарыя кылынууга жатат.
2. Соттук отурумда тараптар көрсөткөн же сот тарабынан суратылып алынган документтер судьянын токтомунун же соттун аныктамасынын негизинде иликтениши жана иштин материалдарына тиркелиши мүмкүн.
335-берене. Жерди жана жайды карап чыгуу
1. Сот кандайдыр бир жайды же жерди карап чыгуу зарылдыгын таанып, карап чыгууну тараптардын катышуусунда жүргүзөт. Зарыл учурда карап чыгуу күбөлөрдүн, эксперттин жана адистин катышуусунда жүргүзүлүшү мүмкүн, бул жөнүндө сот токтом чыгарат.
2. Каралып чыга турган жерге келгенде төрагалык кылуучу судья соттук отурумду улантуу жөнүндө жарыялайт жана сот карап чыгууга киришет. Мында айыпталуучуга, жабырлануучуга, күбөлөргө, экспертке жана адиске карап чыгууга байланышкан суроолор берилиши мүмкүн.
3. Кароонун натыйжалары соттук отурумдун протоколунда чагылдырылат.
4. Мындай жерлер же жайлар башка райондордун аймагында жайгашкан учурда, видеоконференцбайланыштын техникалык каражаттары алар турган жерде райондук (шаардык) сот тарабынан соттук тапшырманы аткарууда колдонулушу мүмкүн.
336-берене. Эксперимент өндүрүшү
1. Эгерде иште болгон маалыматтарды текшерүү же тактоо үчүн аракеттерди, кырдаалды же белгилүү бир окуялардын жагдайларын кайра кайталоо жана тажрыйбалык аракеттерди жасоо зарыл болсо, сот эксперимент жүргүзүүгө укуктуу.
2. Эксперимент тараптардын катышуусунда сот тарабынан жүргүзүлөт. Зарыл учурда экспериментке катышууга күбө жана адис тартылат.
3. Сот экспериментти ушул Кодекстин 30-главасында каралган эрежелерди сактоо менен жүргүзөт.
337-берене. Таануу үчүн көрсөтүү
Сотто адамды же предметти таануу үчүн көрсөтүү зарыл болгон учурда, таануу ушул Кодекстин 27-главасында каралган эрежелер боюнча жүргүзүлөт.
338-берене. Күбөлөндүрүү
1. Соттук отурумда күбөлөндүрүү ушул Кодекстин 175-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган учурларда, судьянын токтому же соттун аныктамасы боюнча жүргүзүлөт.
2. Денени жылаңачтоо менен коштолуучу күбөлөндүрүү өзүнчө жайда врач же башка адис тарабынан жүргүзүлөт, күбөлөндүрүү бүткөндөн кийин ал күбөлөндүрүү актысын түзөт жана ага кол коёт. Андан кийин көрсөтүлгөн адамдар соттук отурумдун залына кайтып келип, бул жерде алар тараптардын жана күбөлөндүрүлгөн адамдын катышуусунда сотко, күбөлөндүрүлгөндүн денесиндеги тактар же белгилер жөнүндө, эгерде бар болсо, кабарлайт, тараптардын жана төрагалык кылуучу судьянын суроолоруна жооп берет. Күбөлөндүрүү актысы соттук отурумдун протоколуна тиркелет.
339-берене. Далилдерди соттук иликтөөнүн аякташы
1. Бардык далилдерди иликтөө аяктаганда, төрагалык кылуучу судья тараптардан соттук териштирүүнү толуктоону каалагандыгын жана эмне менен толуктай тургандыгын сурайт. Соттук териштирүүнү толуктоо жөнүндө өтүнүчтөр билдирилген учурда, сот бул өтүнүчтөрдү талкуулайт жана чечет.
2. Төрагалык кылуучу судья соттук отурумда пробациялык баяндаманы жарыя кылат.
3. Өтүнүчтөр чечилгенден жана зарыл соттук аракеттер аткарылгандан кийин төрагалык кылуучу судья соттук иликтөөнү аяктады деп жарыялайт.
340-берене. Тараптардын жарыш сөздөрүнүн мазмуну жана тартиби
1. Соттук иликтөө аяктагандан кийин сот тараптардын жарыш сөздөрүнө өтөт, ал мамлекеттик айыптоочунун, жабырлануучунун же анын өкүлүнүн, айыпталуучунун жана адвокаттын сөздөрүнөн турат. Соттук жарыш сөздөрдүн катышуучуларынын чыгып сүйлөөлөрүнүн ырааттуулугу алардын сунуштары боюнча сот тарабынан белгиленет, бирок бардык учурларда мамлекеттик айыптоочу биринчи болуп чыгып сүйлөйт, ал соттук териштирүүнүн натыйжаларына таянуу менен айыпталуучунун күнөөлүүлүгү, жасаганынын квалификациясы жөнүндө тыянакты негиздөөгө жана дайындала турган жаза жөнүндө өз пикирин баяндоого тийиш же айыптоодон баш тартууга укуктуу.
2. Тараптардын жарыш сөздөрүндө тараптар соттук отурумда иликтенбеген далилдерге шилтеме жасоого укуксуз. Зарыл болсо сотко жаңы далилдерди көрсөтүп, соттук териштирүүнү кайра баштоо жөнүндө өтүнүч бере алат.
3. Сот тараптардын жарыш сөздөрүнүн узактыгын белгилүү бир убакыт менен чектей албайт, бирок, эгерде каралып жаткан иштин жагдайларына тиешелүү болбосо, төрагалык кылуучу судья жарыш сөздөргө катышуучу адамдарды токтотууга укуктуу.
4. Тараптардын жарыш сөздөрүнүн бардык катышуучулары сүйлөп бүткөндөн кийин алардын ар бири тараптардын өкүлдөрүнүн сөздөрүндө айтылгандарга карата сын-пикирлери (репликалары) менен дагы бир жолудан чыгып сүйлөй алат. Акыркы реплика берүү укугу айыпталуучуга же анын адвокатына таандык.
5. Тараптардын жарыш сөздөрүнүн ар бир катышуучусу сотко жазуу жүзүндө ушул Кодекстин 346-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-6-пункттарында көрсөтүлгөн маселелер боюнча аларга сунуштаган чечимдин туюнтмасын бере алат. Сунушталган туюнтма сот үчүн милдеттүү күчкө ээ эмес.
341-берене. Айыпталуучунун акыркы сөзү
1. Тараптардын жарыш сөздөрү бүткөндөн кийин төрагалык кылуучу судья айыпталуучуга акыркы сөз берет. Айыпталуучунун акыркы сөзүнүн учурунда ага суроо берүүгө жол берилбейт.
2. Сот айыпталуучунун акыркы сөзүнүн узактыгын белгилүү бир убакыт менен чектей албайт, бирок, эгерде акыркы сөз каралып жаткан кылмыш ишинин жагдайларына тиешеси болбосо, төрагалык кылуучу судья айыпталуучунун сөзүн токтотууга укуктуу.
342-берене. Соттук иликтөөнү кайра баштоо
Эгерде тараптардын жарыш сөздөрүндө чыгып сүйлөгөн адамдар же айыпталуучу акыркы сөзүндө иш үчүн мааниси бар жаңы жагдайлар жөнүндө билдирсе же мурда иликтенбеген, бирок ишке тиешеси бар далилдерге шилтеме жасаса, сот тараптардын өтүнүчү боюнча же өзүнүн демилгеси боюнча соттук иликтөөнү кайра баштай алат. Кайра башталган соттук иликтөө аяктаганда, сот тараптардын жарыш сөздөрүн кайрадан ачат жана айыпталуучуга акыркы сөздү берет.
343-берене. Өкүм чыгаруу үчүн соттун чыгып кетиши
Айыпталуучунун акыркы сөзүн уккандан кийин, төрагалык кылуучу судья, соттун курамы өкүм чыгаруу үчүн өзүнчө жайга дароо чыгып кетет, ал жөнүндө соттук отурумдун залында отургандарга жарыяланат.
44-глава. Өкүмдү чыгаруу жана жарыя кылуу
344-берене. Өкүм чыгаруу
1. Сот Кыргыз Республикасынын атынан өкүм чыгарат.
2. Өкүм сот тарабынан өзүнчө жайда чыгарылат. Өкүмдү чыгаруу учурунда төрагалык кылуучу судья, ушул иш боюнча соттун курамы гана катыша алат. Башка адамдардын катышуусуна жол берилбейт.
3. Түнкү убакыт башталганда, ал эми зарылдыкка жараша күн бою да сот өзүнчө жайдан чыгып, эс алуу үчүн тыныгуу жасоого укуктуу. Өкүм чыгаруу дем алыш жана майрам күндөрү да токтотулат.
4. Өкүм чыгаруунун убактысы сот процессине катышуучуларга жарыя кылынууга тийиш.
345-берене. Өкүмдүн мыйзамдуулугу, негиздүүлүгү жана адилеттүүлүгү
1. Соттун өкүмү мыйзамдуу жана негиздүү болушу керек.
2. Эгерде өкүм ушул Кодекстин талаптарына ылайык чыгарылса жана кылмыш-жаза мыйзамын туура колдонууга негизделсе, ал мыйзамдуу, негиздүү жана адилеттүү деп таанылат.
346-берене. Өкүм чыгарууда сот тарабынан чечилүүчү маселелер
1. Өкүм чыгарууда сот төмөнкү маселелерди чечет:
1) айыпталуучу айыпталып жаткан аракет орун алганбы;
2) аракетти айыпталуучу жасагандыгы далилдендиби;
3) бул аракет кылмыш болуп саналабы жана ал Кылмыш-жаза кодексинин кайсы беренесинде каралган;
4) бул кылмышты жасоодо айыпталуучу күнөөлүүбү жана анын жоопкерчилигин жеңилдетүүчү жана оордотуучу жагдайлар барбы;
5) жасаган кылмышы үчүн айыпталуучу жазаланууга тийишпи;
6) айыпталуучуга кандай жаза дайындалышы керек;
7) жаза дайындабастан өкүм чыгарууга же андан бошотууга же болбосо пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотууга же жазаны өтөө мөөнөтүн кийинкиге калтырууну колдонууга негиздер барбы;
8) эркиндигинен ажыратууга соттолгон адам кандай түрдөгү абакта жазасын өтөөгө тийиш;
9) конфискациялоого жаткан мүлк кылмыш жасоонун натыйжасында алынганы же ошол мүлктүн кирешеси болуп саналаары же болбосо кылмыштын куралы катары пайдаланылгандыгы же пайдаланууга арналгандыгы далилдендиби;
10) материалдык зыяндын жана моралдык залалдын ордун толтуруу же мүмкүн болгон конфискациялоо үчүн камак салынган мүлктү эмне кылуу керек;
11) мүлкүн конфискациялоодо келтирилген залалдын орду толтурулууга жатабы;
12) материалдык зыян жана моралдык залал орду толтурулууга жатабы;
13) айыпталуучу өлкөдөн чыгарылууга жатабы;
14) буюм далилдерди эмне кылуу керек;
15) процессуалдык чыгымдар кимге жана кандай өлчөмдө жүктөлүшү керек;
16) сот Кылмыш-жаза кодексинин 60-беренесинде каралган учурларда айыпталуучуну атайын, аскердик, ардактуу наамынан, дипломаттык рангынан же класстык ченинен, ошондой эле мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратууга милдеттүүбү;
17) Кылмыш-жаза кодексинин 120, 121-беренелеринде каралган учурларда медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө;
18) соттолгонго, акталганга карата бөгөт коюу чарасы жөнүндө.
2. Эгерде айыпталуучу бир нече кылмыш жасаганы үчүн айыпталып жатса, сот ар бир кылмыш боюнча өз-өзүнчө ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-6-пункттарында көрсөтүлгөн маселелерди чечет.
3. Эгерде кылмышты жасоодо бир нече айыпталуучу айыпталып жатса, сот бул маселелерди алардын аракетти жасоого катышкандагы ролун жана деңгээлин аныктоо менен, ар бир айыпталуучуга карата өз-өзүнчө чечет.
4. Пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени чечүүдө сот пробация органынын тыянактарына байланбайт, ошондой эле пробациялык көзөмөлдү пробациялык баяндама болбостон (ал жокто) колдонууга укуктуу.
347-берене. Айыпталуучунун акыл-эсинин жайындалыгы жөнүндө маселени чечүү
1. Сот өкүм чыгарууда айыпталуучунун акыл-эсинин жайындалыгы жөнүндө маселени чечүүгө милдеттүү.
2. Айыпталуучу аракетти жасоо учурунда акыл-эси жайында болбогондугун же кылмыш жасагандан кийин өзүнүн аракеттеринин факт жүзүндөгү маанисин, зыяндуулугун түшүнүү же аларды башкаруу мүмкүндүгүнөн ажыраткан айыкпоочу жин оорусу менен ооруп калгандыгын таанып, сот ушул Кодекстин 55-главасына ылайык кылмыш ишин кыскартуу жана ага медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө токтом чыгарат.
348-берене. Өкүмдөрдүн түрлөрү
1. Соттун өкүмү айыптоо же актоо болушу мүмкүн.
2. Айыптоо өкүмү төмөнкүдөй чыгарылышы мүмкүн:
1) соттолгон адам өтөөгө тийиш жазаны дайындоо менен;
2) жазаны дайындоо жана аны өтөөдөн бошотуу менен;
3) жазаны дайындоо жана пробациялык көзөмөлдү колдонуу аркылуу жазадан бошотуу менен;
4) жазаны дайындабастан.
349-берене. Айыптоо өкүмүн чыгаруунун негиздери
1. Айыптоо өкүмү соттук териштирүүнүн жүрүшүндө айыпталуучунун кылмышты жасоого күнөөлүүлүгү иликтенген далилдердин жыйындысы менен ырасталган шартта гана чыгарылат жана божомолдорго негизделиши мүмкүн эмес.
2. Соттолгон өтөөгө тийиш болгон жазаны дайындоо менен айыптоо өкүмүн чыгарып жатып, сот анын түрүн, режимин, өлчөмүн жана жаза өтөө мөөнөтүн эсептөөнүн башталышын так аныктоого тийиш.
3. Сот жазаны дайындоо жана аны өтөөдөн бошотуу менен айыптоо өкүмүн чыгарат, эгерде өкүм чыгарылган учурга карата төмөнкүлөр орун алса:
1) соттолгонго ушул өкүмдө дайындалган жазаны колдонуудан бошотуучу мунапыс актысы чыгарылган болсо;
2) Кылмыш-жаза кодексинин 80-беренесинде белгиленген камакта кармоо убактысын эсептөө эрежелерин эсепке алуу менен ушул иш боюнча айыпталуучунун камакта болуу убактысы, үй камагында болуу убактысы сот дайындаган жазанын мөөнөтүнөн ашса;
3) пробацияны колдонуу үчүн Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесинде каралган негиздер аныкталса.
4. Сот жазаны дайындабастан айыптоо өкүмүн чыгарат, эгерде айыптоо өкүмү чыгарылган учурга карай төмөнкүлөр орун алса:
1) адам жаза өтөөгө жолтоо боло турган оор дарт менен ооруп калган болсо;
2) адамды ошол кылмышы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтү өтүп кетсе.
350-берене. Актоо өкүмүн чыгаруунун негиздери
1. Актоо өкүмү төмөнкү учурларда чыгарылат, эгерде:
1) кылмыш окуясы жок болсо;
2) айыпталуучунун аракетинде кылмыштын курамы жок болсо;
3) кылмыш-жаза мыйзамына ылайык зыян келтирген аракет укук ченемдүү болсо (зарыл коргонуу, жалган коргонуу, аргасыз зарылдык, күч колдонуп же психикалык мажбурлоо, кылмыш жасаган адамды кармоодо залал келтирүү, буйрукту же башка тескемени, ошондой эле кызмат ордуна жараша милдеттерди аткаруу, негиздүү тобокелдик, уюшкан кылмыштуу топтун же кылмыштуу уюмдун курамында атайын тапшырманы аткаруу);
4) айыпталуучуга карата сот арачыларынын коллегиясы тарабынан актоо вердикти чыгарылса.
2. Саналган негиздердин кайсынысы боюнча болбосун актоо айыпталуучунун күнөөсү жоктугун таанууну билдирет жана аны толук реабилитациялоого алып келет.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2 жана 4-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча актоо өкүмү чыгарылганда, эгерде кылмыш жасаган адам аныктала элек болсо, өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин сот кылмыш жасаган адамды аныктоо боюнча чараларды көрүү үчүн ишти прокурорго жөнөтөт.
351-берене. Өкүмдү түзүү
1. Ушул Кодекстин 346-беренесинде көрсөтүлгөн маселелер чечилгенден кийин, судья өкүмдү түзүүгө киришет. Өкүм соттук териштирүү жүргүзүлгөн тилде жазылат жана киришүү, сыпаттама-жүйөлөмө жана корутунду бөлүктөрүнөн турат.
2. Өкүмдү судья кол менен жазууга же техникалык каражаттардын жардамы менен даярдоого жана кол коюуга тийиш. Өкүмгө төрагалык кылуучу судья, соттун бардык курамы, анын ичинде өзгөчө пикирде калган судья да кол коёт.
3. Өкүмгө оңдоолорду киргизүүдө алар өкүм жарыя кылынганга чейин эскертилүүгө жана судьянын колу менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
352-берене. Өкүмдүн киришүү бөлүгү
Өкүмдүн киришүү бөлүгүндө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) Кыргыз Республикасынын атынан өкүм чыгарылгандыгы жөнүндө;
2) өкүм чыгарылган убакыт жана жери;
3) өкүмдү чыгарган соттун аталышы, соттук отурумда төрагалык кылуучу судьянын, катчысынын, айыптоочунун, адвокаттын, жабырлануучунун, мыйзамдуу өкүлүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты;
4) айыпталуучунун фамилиясы, аты, атасынын аты, анын туулган жылы, айы, күнү жана жери, жашаган жери, иштеген жери, жумушу, билими, үй-бүлөлүк абалы жана иш үчүн мааниси бар айыпталуучунун инсандыгы тууралуу башка маалыматтар;
5) Кылмыш-жаза кодексинин айыпталуучу айыпталып жаткан кылмыш үчүн жоопкерчиликти караган беренеси, бөлүгү, пункту.
353-берене. Айыптоо өкүмүнүн сыпаттама-жүйөлөмө бөлүгү
1. Айыптоо өкүмүнүн сыпаттама-жүйөлөмө бөлүгүндө төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) сот тарабынан далилденген деп таанылган аракетти (аракетсиздикти) сыпаттоо аны жасоонун ордун, убактысын, ыкмасын, күнөөнүн формаларын, кылмыштын жүйөлөрүн, максаттарын жана кесепеттерин көрсөтүү менен;
2) айыпталуучуга карата соттун тыянактарына негиз болгон далилдер жана соттун башка далилдерди четке кагуусуна түрткү берген жүйөлөр;
3) жоопкерчиликти жеңилдетүүчү жана оордотуучу жагдайлар, ал эми айыптоонун бөлүгү негиздүү эмес деп таанылган учурда же кылмыштын квалификациясы туура эмес белгиленген учурда – айыптоонун өзгөрүшүнүн негиздери жана жүйөлөрү;
4) конфискацияланууга тийиш болгон мүлк кылмышты жасоонун натыйжасында алынганы же ошол мүлктөн алынган киреше болуп саналары же болбосо кылмыштын куралы катарында пайдаланылганы же пайдаланууга арналганы жөнүндө соттун тыянактарына негиз болгон далилдер.
2. Сот жазаны дайындоого, андан же аны реалдуу өтөөдөн бошотууга, таасир кылуунун башка чараларын колдонууга тиешелүү бардык маселелерди чечүүнүн жүйөлөрүн да келтирүүгө милдеттүү.
3. Сыпаттама-жүйөлөмө бөлүгүндө ушул Кодекстин 346-беренесинде көрсөтүлгөн маселелер боюнча кабыл алынган чечимдердин негиздемеси камтылууга тийиш.
354-берене. Айыптоо өкүмүнүн корутунду бөлүгү
1. Айыптоо өкүмүнүн корутунду бөлүгүндө төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
1) айыпталуучунун фамилиясы, аты жана атасынын аты;
2) айыпталуучу кылмышты жасоого күнөөлүү деп табылгандыгы тууралуу чечим;
3) айыпталуучу күнөөлүү деп табылган Кылмыш-жаза кодексинин беренеси, бөлүгү, пункту;
4) айыпталуучу күнөөлүү деп табылган ар бир жасалган кылмыш үчүн айыпталуучуга дайындалган жазанын түрү жана өлчөмү;
5) Кылмыш-жаза кодексинин беренелеринин негизинде өтөлүүгө тийиш болгон акыркы жаза чарасы, эркиндигинен ажыратууга соттолгон адам жазасын өтөй турган түзөтүү мекемесинин түрү;
6) пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотууда пробациялык көзөмөлдүн мөөнөтүнүн узактыгы, ошондой эле соттолгон адамга жүктөлүүчү контролдук талаптар жана пробациялык милдеттер, анын ичинде пробация органына келип туруу милдети;
7) атайын, аскердик, ардактуу наамынан же класстын ченинен ажыратуу, ошондой эле мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу тууралуу чечим;
8) эгерде айыпталуучу өкүм чыкканга чейин кармалган болсо же ага карата камакта, үй камагында кармоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулган болсо, же ал психиатриялык мекемеде жайгаштырылган болсо, камакта кармоо убактысын эсепке алуу тууралуу чечим;
9) өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин айыпталуучуга карата бөгөт коюу чарасы тууралуу чечим;
10) конфискациялоодо келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө чечим;
11) материалдык зыяндын жана моралдык залалдын ордун толтуруу жөнүндө чечим;
12) өлкөдөн чыгарып жиберүү жөнүндө чечим.
2. Эгерде айыпталуучу Кылмыш-жаза кодексинин бир нече беренеси боюнча айыпталып жатса, өкүмдүн корутунду бөлүгүндө айыпталуучу алардын кайсынысы боюнча акталгандыгы жана кайсынысы боюнча соттолгондугу так көрсөтүлүүгө тийиш.
3. Айыпталуучу жаза өтөөдөн бошотулган учурда же жаза дайындабастан өкүм чыгарылган учурда бул тууралуу өкүмдүн корутунду бөлүгүндө көрсөтүлөт.
355-берене. Актоо өкүмүнүн сыпаттама-жүйөлөмө бөлүгү
1. Актоо өкүмүнүн сыпаттама-жүйөлөмө бөлүгүндө төмөнкүлөр баяндалат:
1) коюлган айыптын маңызы;
2) иштин сот аныктаган жагдайлары;
3) айыпталуучуну актоо үчүн негиз болгон далилдер;
4) айыптоонун далилдерин сот анык эмес же жетишсиз деп тааныган жүйөлөр.
2. Актоо өкүмүнө акталгандын күнөөсүз экендигине күмөн жараткан туюнтмаларды киргизүүгө жол берилбейт.
356-берене. Актоо өкүмүнүн корутунду бөлүгү
Актоо өкүмүнүн корутунду бөлүгүндө төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) айыпталуучунун фамилиясы, аты жана атасынын аты;
2) айыпталуучуну күнөөсүз деп табуу жөнүндө чечим жана аны актоонун негиздери;
3) эгерде колдонулган болсо, бөгөт коюу чарасын жокко чыгаруу жөнүндө чечим;
4) мүлктү конфискациялоону камсыз кылуу чараларын, ошондой эле келтирилген зыяндын ордун толтуруу чараларын жокко чыгаруу жөнүндө чечим, эгерде мындай чаралар кабыл алынган болсо;
5) кылмыш куугунтуктоосу менен байланышкан зыяндын ордун толтуруунун тартибине түшүндүрмө.
357-берене. Өкүмдүн корутунду бөлүгүндө чечилүүгө тийиш болгон башка маселелер
Айыптоочу, ошондой эле актоочу өкүмдүн корутунду бөлүгүндө ушул Кодекстин тийиштүү түрдө 354 жана 356-беренелеринде саналып өткөн маселелерден тышкары, төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтуруу боюнча чечим;
2) буюм далилдери жөнүндө маселени чечүү;
3) процессуалдык чыгымдарды бөлүштүрүү жөнүндө чечим;
4) өкүмдү даттануунун тартибин жана мөөнөтүн түшүндүрүү.
358-берене. Өкүмдү жарыялоо
1. Сот өкүмгө кол коюлгандан кийин соттук отурумдун залына кайтып келет жана төрагалык кылуучу судья өкүмдү жарыялайт. Соттук отурумдун залында катышып отургандардын бардыгы соттун курамын кошо алганда, өкүмдү ордунан туруп угушат.
2. Эгерде өкүм айыпталуучу билбеген тилде баяндалса, өкүмдү жарыялоого удаалаш же синхрондуу түрдө котормочу тарабынан айыпталуучунун эне тилине же ал билген тилге угузуп которулушу керек.
3. Төрагалык кылуучу судья айыпталуучуга жана процесстин башка катышуучуларына өкүмдүн мазмунун, ага даттануу тартибин жана мөөнөттөрүн түшүндүрөт.
4. Эгерде айыпталуучу өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолсо, ага ырайым кылуу жөнүндө өтүнүч берүү укугу түшүндүрүлөт.
5. Өзгөчө учурларда өзгөчө татаал иштер боюнча өкүмдүн кириш жана корутунду бөлүгү жарыя кылынышы мүмкүн. Мындай учурда өкүмдүн толук тексти жарыя кылынган учурдан баштап 3 күндөн кечиктирбестен даярдалууга тийиш.
6. Соттук отурумдун залында өкүмдү жарыялоо учурунда соттук териштирүүнүн кээ бир катышуучуларынын жоктугу өкүмдү жарыялоого тоскоолдук болуп саналбайт.
359-берене. Айыпталуучуну камактан бошотуу
Айыпталуучуну актоодо, ошондой эле жазаны дайындабастан айыптоо өкүмүн чыгарууда, же жазаны өтөөдөн бошотууда, же жазадан пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотууда, же эркиндигинен ажыратуу түрүндө өтөө мөөнөтүн кийинкиге калтыруу же эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазага соттоодо же кылмыш ишинин өндүрүшү кыскартылганда, камакка алынган айыпталуучу соттун өкүмү же токтому мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин сот залында токтоосуз бошотулууга тийиш. Айыпталуучуга карата камакка алууга байланышпаган бөгөт коюу чарасы тандап алынат.
360-берене. Өкүмдүн көчүрмөсүн тапшыруу
Өкүм жарыялагандан кийин 5 суткадан кечиктирбестен, анын көчүрмөсү соттолгонго же акталганга, адвокатка жана айыптоочуга тапшырылышы керек. Эгерде сотко аталган адамдардан өтүнүч келип түшсө, ошол эле мөөнөттө өкүмдүн көчүрмөсү жабырлануучуга жана анын өкүлүнө тапшырылат.
361-берене. Сот тарабынан өкүмдү чыгаруу менен бир мезгилде чечилүүчү маселелер
1. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондун балдары, кары ата-энеси, кароосуз калган башка багуудагы адамдары болсо, сот аталган адамдарды тууган-туушкандарына же башка адамдарга же уюмдарга камкордук көрүү же көзөмөлгө берүү жөнүндө маселени чечет жана токтом чыгарат, ал эми соттолгондун кароосуз калган мүлкү жана турак жайы болсо - аларды кайтаруу чараларын көрөт.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган процессуалдык чечимдер кызыкдар жактардын өтүнүчү боюнча жана өкүм жарыялангандан кийин кабыл алынышы мүмкүн.
3. Өкүм жарыялангандан кийин сот өзүнүн соттук актысында туура эмес басылып алынган жана айкын техникалык жана грамматикалык каталарды оңдоо жөнүндө маселени кароого укуктуу.
362-берене. Соттолгон менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүн берүү
Өкүм аткарууга алынганга чейин төрагалык кылуучу судья камакка алынган соттолгондун жакын туугандарынын, жубайынын өтүнүчү боюнча аны менен жолугушууга уруксат берет.
45-глава. Сот арачыларынын катышуусу менен сотто иштерди кароонун өзгөчөлүктөрү
(45-главасы 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет)
363-берене. Сот арачыларынын катышуусу менен иштерди кароонун тартиби
Сот арачыларынын катышуусу менен иштерди кароонун тартиби ушул главада каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен ушул Кодексте белгиленген жалпы эрежелер менен аныкталат.
364-берене. Сот арачылары менен байланыштарды чектөө
Мамлекеттик айыптоочуга, жабырлануучуга, айыпталуучуга жана анын адвокатына, ошондой эле процесстин башка катышуучуларына сот арачыларынын катышуусунда өткөн бардык соттук териштирүү мезгилинде, ушул Кодекс менен белгиленгенден тышкары, бул ишти кароого катышкан сот арачылары менен байланыш түзүүгө тыюу салынат.
365-берене. Алдын ала угууларды өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү
1. Алдын ала угууларды судья соттук отурумда тараптардын катышуусунда жеке өзү өткөрөт.
Тараптар алдын ала угууларды өткөрүү күнү жөнүндө 3 суткадан кечиктирилбестен билдирилет.
Алдын ала угууга талаптагыдай түрдө билдирилген жабырлануучунун, анын адвокатынын келбей калуусу алдын ала угууларды өткөрүү үчүн бөгөт болуп саналбайт.
2. Алдын ала угууларды ачуу менен судья кайсы иш карала тургандыгын, катышып жаткандарга мамлекеттик айыптоочу, адвокат, катчы ким экендигин жарыялайт, айыпталуучунун инсандыгын аныктайт, билдирилген баш тартууларга уруксат берет. Мамлекеттик айыптоочу айыптоо актынын корутунду бөлүгүн жарыялайт. Судья айыпталуучуга айыптоо түшүнүктүү экендигин тактайт, зарыл болгон учурларда ага айыптоонун маңызын түшүндүрөт жана анын ишин сот арачыларынын катышуусунда сотто кароо жөнүндө өзүнүн өтүнүчүн ырастай тургандыгын сурайт.
3. Эгерде айыпталуучу анын ишин сот арачыларынын катышуусу менен сотто кароо жөнүндө өтүнүчүн ырастаса, анда судья бул өтүнүчтү канааттандыруу жөнүндө жарыялайт жана мамлекеттик айыптоочунун, жабырлануучунун, айыпталуучунун, алардын адвокаттарынын өтүнүчтөрүн, ошондой эле мурда билдирилген башка өтүнүчтөрдү кароого өтөт. Судья тараптардын ой-пикирин угуп, өтүнүчтөрдү чечет. Айыптоо жана коргоо тараптарынын өтүнүчтөрү судьянын кароосу үчүн милдеттүү болуп саналат.
4. Зарылчылык болгон учурда алдын ала угууда ишке тиркелген документтер, ошондой эле далил катары жол берилгендигин текшерүү үчүн башка далилдер жарыяланышы мүмкүн.
5. Эгерде айыпталуучу анын ишин сот арачыларынын катышуусу менен сотто кароо жөнүндө өтүнүчүн ырастабаса, судья алдын ала угууларды аяктады деп жарыялайт жана ишти ушул Кодекстин 42-главасында каралган эрежелер боюнча андан ары кароо үчүн биринчи инстанциядагы тийиштүү сотко жөнөтөт.
366-берене. Алдын ала угуулардын натыйжалары боюнча чыгарылган чечимдердин түрлөрү
1. Алдын ала угуулардын натыйжалары боюнча судья токтом түрүндө чыгарылуучу төмөнкүдөй чечимдердин бирин кабыл алат:
1) кылмыш ишин сот арачыларынын катышуусу менен соттун угуусуна дайындоо жөнүндө;
2) кылмыш ишин ушул Кодекстин 42-главасында каралган эрежелер боюнча андан ары кароо үчүн биринчи инстанциядагы тийиштүү сотко жөнөтүү жөнүндө.
2. Кылмыш ишин сот арачыларынын катышуусунда сотто угууга дайындоо жөнүндө токтомдо судья:
1) 50дөн кем эмес болууга тийиш болгон сот арачыларынын коллегиясын түзүү үчүн сотко чакырылууга тийиш болгон сот арачылыгына талапкерлердин санын аныктайт;
2) сот арачыларынын коллегиясын түзүү үчүн соттук отурумду өткөрүү датасын аныктайт.
3. Кылмыш ишин сот арачыларынын катышуусу менен соттун угуусуна дайындоо менен бир эле убакта судья тараптардын ой-пикирин эске алып, алдын ала угуунун натыйжалары боюнча ишти териштирүүдөн ушул Кодекстин 80-беренесине ылайык далил катары жол берилбеген иш жүзүндөгү маалыматтарды алып салуу жөнүндө маселени карайт.
4. Сот арачыларынын катышуусу менен кылмыш ишин сотто угууга дайындоо жөнүндө судьянын токтому акыркы болуп саналат. Токтом сот арачыларынын катышуусу менен сот тарабынан ишти кароодон айыпталуучунун баш тартуу жүйөөсү боюнча кайра каралбайт.
367-берене. Сот арачылыгына талапкерлердин алдын ала курамын түзүү тартиби
1. Сот арачыларынын катышуусу менен кылмыш ишин угууга дайындоо жөнүндө токтом чыгарылган күнү соттун администратору төрагалык кылуучунун тескемеси боюнча капилет тандоо жолу менен мамлекеттик айыптоочунун жана айыпталуучунун адвокатынын катышуусунда 50дөн кем эмес сандагы сот арачылыгына талапкерлердин алдын ала курамын түзөт.
2. Кылмыш ишин кароого катышуу үчүн сот арачылыгына талапкерлерди капилет тандоо бүткөн соң, фамилияларын, аттарын, аталарынын аттарын көрсөтүү менен сот арачылыгына талапкерлердин алдын ала курамынын тизмеси түзүлөт, ага соттун администратору жана тараптар кол коёт. Сот арачылыгына талапкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты капилет тандоо жүргүзүлгөн тартипте тизмеге киргизилет.
Сот арачыларынын коллегиясынын алдын ала курамы маалыматтык автоматташтырылган тутумдун жардамы менен сот арачылыгына талапкерлердин ар жылдагы акыркы тизмесинен түзүлөт.
3. Сот арачыларынын коллегиясын түзүүнү баштоо үчүн соттук отурумга келген сот арачылыгына 35 талапкер жетиштүү.
4. Сот арачылыгына талапкерлердин алдын ала курамына киргизилген сот арачылыгына талапкерлерге соттук отурум башталганга чейин 7 суткадан кечиктирилбестен сот арачыларынын коллегиясын түзүү үчүн эскертмелер, ошондой эле соттук отурумга келүү датасы жана убактысы көрсөтүлгөн билдирме тапшырылат.
368-берене. Соттук териштирүүгө катышуу үчүн сот арачыларынын коллегиясын түзүү боюнча соттук отурумун өткөрүүнүн тартиби
1. Төрагалык кылуучу соттук отурумун ачат, өзүн тааныштырат жана процесстин башка катышуучуларын тааныштырат, тараптардын келишин текшерет, процесстин катышуучуларына ушул Кодексте белгиленген алардын укуктарын, анын ичинде алардын судьяга, прокурорго, соттук отурумдун катчысына, сот арачылыгына талапкерлерге четтетүү билдирүү укуктарын, ошондой эле ушул укукту пайдаланбоонун кесепеттерин түшүндүрөт жана соттун администраторуна сөз берет, ал сот арачылыгына талапкерлердин алдын ала курамына киргизилген жарандардын келгендиги жөнүндө билдирет.
Төрагалык кылуучу сот арачылыгына талапкерлердин алдында кыскача кириш сөз сүйлөйт, анда ал кандай иш карала тургандыгы, сот арачыларынын милдеттери жана бул ишти кароого алардын катышуусунун шарттары жөнүндө билдирет; “Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган сот арачыларынын милдеттерин аткаруудан бошотуунун негиздерин түшүндүрөт.
2. Сот арачылыгына талапкерлердин алдын ала курамына киргизилген адамдардын арасынан сот арачыларынын коллегиясын түзүү төмөнкүдөй жол менен жүзөгө ашырылат:
1) төрагалык кылуучу судьянын “Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган негиздер жана башка негиздер боюнча сот арачылыгына талапкерлерди ишти кароого катышуудан бошотуу;
2) четтетүү жөнүндө маселени чечүү;
3) сот арачылыгына талапкерлерден тараптардын жүйөлүү себепсиз четтетүүсүн канааттандыруу.
3. Сот арачыларынын коллегиясын түзүү жабык соттук отурумда жүргүзүлөт.
4. Соттук отурумга келген сот арачылыгына талапкерлердин тизмеси тараптарга тапшырылат. Тизмелерде сот арачылыгына талапкерлердин фамилияларын, аттарын, аталарынын аттарын көрсөтүү менен бирдикте алардын жаш курагы, алектенген ишинин түрү, билими көрсөтүлөт.
5. Сот арачыларынын коллегиясы негизги курамдагы 9 сот арачысынан жана запастагы курамдагы сот арачыларынан турат.
6. Бир эле адам бир жылдын ичинде соттук отурумга сот арачысы катары бир жолудан ашык катыша албайт.
7. Сот арачылыгына талапкерди кылмыш ишин кароого катышуудан бошотуу жөнүндө маселени объективдүү чечүү максатында сот арачыларын тандоодо тараптар төрагалык кылуучу аныктаган кезекте талапкерлерге суроо берүүгө укуктуу.
Төрагалык кылуучу судьянын уруксаты менен сот арачылыгына талапкерлерге даректелген суроолордун баары же бөлүгү тараптар тарабынан жазуу жүзүндө түзүлүшү мүмкүн. Тараптардын суроолору менен анкета төрагалык кылуучу тарабынан жактырылгандан кийин толтуруу үчүн сот арачылыгына талапкерлерге сунуш кылынат.
8. Сот арачылыгына талапкер төрагалык кылуучунун, айыптоочу жана коргоочу тараптын ишти кароого катышуу үчүн тандоодо берилген суроолоруна ак ниет жооп берүүгө, ошондой эле төрагалык кылуучунун талабы боюнча өзү жөнүндө жана ишке катышкан башка адамдар менен мамилеси жөнүндө башка зарыл маалыматтарды берүүгө тийиш. Алардын мыйзам менен корголгон укуктарын жана кызыкчылыктарын козгогон суроолор төрагалык кылуучу тарабынан четке кагылат.
9. Сот арачылыгына талапкерди ишти кароого катышуудан бошотуу менен байланышкан бардык суроолор, ошондой эле сот арачылыгына талапкерлерге билдирилген четтетүүлөр өзүнчө бөлмөгө чыгып кетпестен төрагалык кылуучу судья тарабынан жекече чечилет.
10. Четтетүүлөр жөнүндө маселени чечүүдө же сот арачыларынын коллегиясын түзүүдө аны түзүүнүн тууралыгына таасир тийгизген кандайдыр бир бузууларга жол берилген учурда төрагалык кылуучу сот арачыларынын коллегиясынын түзүлүшүн жараксыз деп жарыялайт жана сот арачылыгына талапкерлерди толук көлөмдө же болбосо жарым-жартылай кайтадан тандоо жүргүзөт.
11. Сот арачылары ант бергенге чейин тараптар каралып жаткан кылмыш ишинин өзгөчөлүгүнүн натыйжасында сот арачыларынын түзүлгөн коллегиясы объективдүү вердикт чыгарууга жалпысынан жөндөмсүз болуп калаарын билдирүүгө укуктуу. Бул учурда төрагалык кылуучу тараптардын өтүнүчү боюнча курамынын бир жактуулугуна байланыштуу сот арачыларынын коллегиясын таркатып жиберүүгө укуктуу.
12. Эгерде сотко келген сот арачылыгына талапкерлердин саны 35тен кем болсо, анда төрагалык кылуучу сот арачылыгына талапкерлердин жетпеген санын кошумча тандоо жөнүндө тескеме берет.
Кошумча тандоо үчүн чакырылган сот арачылыгына талапкерлердин саны жана аны өткөрүү үчүн мөөнөт төрагалык кылуучу тарабынан аныкталат. Мында төрагалык кылуучу соттук отурумуна тыныгуу жарыялайт.
369-берене. Сот арачылыгына талапкерлерди сот арачысынын милдеттеринен бошотуу жөнүндө маселени чечүү
1. Төрагалык кылуучу сот арачылыгына талапкерлердин кимдир-бирөөсүн ишти кароого катышуудан бошотуу үчүн мыйзамда каралган себептердин болушун тактайт жана маңызы боюнча чечим кабыл алат. Сот арачылыгына келген ар бир талапкер “Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган негиздерди, ошондой эле сот арачылыгына талапкерлерди кылмыш ишин кароого катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан башка жүйөлүү себептерди көрсөтүүгө укуктуу. Сот арачылыгына талапкерлерди кылмыш ишин кароого катышуудан бошотуу жөнүндө чечим өзүнчө бөлмөгө чыгып кетпестен, судья тарабынан кабыл алынат.
2. Сот арачылыгына бошотулган талапкерлер алдын ала курамдан чыгарылат жана соттук отурумдун залынан чыгарылат.
370-берене. Сот арачылыгына талапкерлерди четтетүү жөнүндө маселени чечүү
1. Сот арачыларынын коллегиясынын алдын ала курамындагы ар бир сот арачысына талапкерге тараптар ушул Кодекстин 62-беренесинде каралган тартипте жана төмөнкүдөй учурларда четтетүү билдирүүгө тийиш:
1) эгер сот арачылыгына талапкер ушул кылмыш иши боюнча жабырлануучу болуп саналса, күбө катары чакырылса же болбосо чакырылышы мүмкүн болсо;
2) эгер сот арачылыгына талапкер ушул кылмыш иши боюнча өндүрүшкө эксперт, адис, котормочу, соттук отурумдун катчысы, алдын ала тергөөчү, тергөөчү, прокурор, адвокат, айыпталуучунун мыйзамдуу өкүлү, жабырлануучунун өкүлү катары катышкан болсо;
3) эгер сот арачылыгына талапкер жабырлануучунун, анын өкүлүнүн, айыпталуучунун же анын мыйзамдуу өкүлүнүн, прокурордун, адвокаттын, тергөөчүнүн тууганы болуп саналса;
4) эгер сот арачылыгына талапкер ушул иштин натыйжасына жеке, тикелей же кыйыр кызыкдар, ошондой эле башка себептер боюнча калыс боло албайт деп эсептөөгө негиз берген башка жагдайлар болсо.
2. Тараптар төрагалык кылуучуга четтетүү жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн өтүнүчтү жарыя кылбастан берет. Тараптардын өтүнүчтөрүн канааттандыруу сот арачылыгына талапкерлерди алдын ала курамдан чыгарып салууга алып келет. Мында төрагалык кылуучу өз чечимин тараптарга жеткирет.
371-берене. Сот арачылыгына талапкерлерди жүйөлөштүрүлбөгөн четтетүү
1. Сот арачылыгына талапкерлердин саны 18ди жана андан ашыкты түзсө, ушул Кодекстин 370-беренесине ылайык билдирилген четтетүүлөр канааттандырылгандан кийин төрагалык кылуучу тараптарга жүйөлөштүрүлбөгөн четтетүүлөрдү билдирүүнү сунуш кылат.
2. Жүйөлөштүрүлбөгөн четтетүү тараптардын жүйөлөштүрүлбөгөн четтетүүгө тийиш болгон сот арачылыгына талапкерлердин тизмелерин берүүсү аркылуу жүргүзүлөт. Тизмеге тиешелүү түрдө прокурор жана (же) жабырлануучу, айыпталуучу жана (же) адвокаты кол коюуга тийиш.
Сот арачылыгына талапкерлерди жүйөлөштүрүлбөгөн четтетүүнү прокурор биринчи жүзөгө ашырат, андан кийин ал берген тизме төрагалык кылуучуга жана коргоочулар тарабына көрсөтүлөт.
Ар бир тарапка сот арачылыгына талапкерлердин бирдей санынан, бирок экиден кем эмес талапкерди четтетүү мүмкүнчүлүгү берилет. Жүйөлөнбөгөн четтетүүлөр жөнүндө маселе тиешелүү түрдө прокурор менен жабырлануучунун жана айыпталуучу менен адвокаттын ортосунда макулдашылат. Айыпталуучу өзүнүн адвокатына сот арачылыгына талапкерлерди четтетүү укугун жүзөгө ашырууну тапшырууга укуктуу.
3. Эгерде бир нече айыпталуучу болсо жана алардын ортосунда жүйөлөштүрүлбөгөн четтетүүлөрдү бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуу жок болсо, анда алардын саны ар бир айыпталуучуга бирден билетти урнага салуу менен чүчүкулак өткөрүү аркылуу айыпталуучулардын ортосунда бөлүштүрүлөт. Бардык билеттер алынып бүткөндө жол-жоболор кайталанат. Айыпталуучу анын фамилиясы бар билетти төрагалык кылуучу канча жолу урнадан алып чыкса, ошончо сот арачылыгына талапкерди четтетүүгө укуктуу.
4. Прокурор, айыпталуучу жана анын адвокаты төрагалык кылуучу аркылуу сот арачылыгына талапкердин кимдир-бирөөсү өздөрүн тааныштыруусун өтүнүүгө укуктуу.
5. Айыпталуучулардын кимдир-бирөөсүнүн сот арачылыгына талапкерлерди жүйөлөштүрүлбөгөн четтетүү укугунан баш тартышы сот арачылыгына талапкерлердин санын четтетүү боюнча башка айыпталуучулардын укуктарын чектөөгө алып келбейт.
6. Эгерде четтетилбеген сот арачылыгына талапкерлердин саны төрагалык кылуучу тарабынан аныкталган сот арачылардын санынан ашса, анда төрагалык кылуучунун көрсөтмөсү боюнча соттук отурумдун протоколуна төрагалык кылуучу тарабынан аныкталган, талапкерлердин тизмесинде биринчи бараткан сот арачыларынын саны киргизилет.
7. Тараптар жүйөлөштүрүлбөй четтетилген сот арачылыгына талапкерлердин тизмеси кылмыш ишинин материалдарына тиркелет.
372-берене. Сот арачыларынын коллегиясынын алдын ала курамына кошумча алуунун тартиби
1. Ушул Кодекстин 373-беренесине ылайык четтетүүлөр канааттандырылгандан кийин сот арачылыгына талапкерлердин саны 18ден кемди түзсө, төрагалык кылуучу ушул Кодекстин 367-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген тартипте сот арачыларынын коллегиясынын алдын ала курамына сот арачылыгына талапкерлердин жетпеген санын кошумча кабыл алууну жүргүзүү жөнүндө жарыялайт.
2. Кошумча тандоонун натыйжасында тандалып алынган сот арачылыгына талапкерлер ушул Кодекстин 369 жана 370-беренелеринде каралган жол-жоболордон өтөт.
3. Кошумча тандоо үчүн чакырылган сот арачылыгына талапкерлердин саны төрагалык кылуучу тарабынан аныкталат.
4. Сот арачыларынын коллегиясынын алдын ала курамына кошумча тандоо жарыяланган учурда ушул Кодекстин 367-беренесинде каралган жол-жоболор аяктаганга чейин соттук отурумга тыныгуу жарыяланат.
373-берене. Сот арачыларынын коллегиясын түзүүнү аяктоо боюнча төрагалык кылуучунун аракеттери
1. Сот арачыларынын коллегиясын түзүү аякташы менен төрагалык кылуучу сот арачылыгына тигил же бул талапкерлерди алдын ала курамдан чыгарып салуунун негиздерин көрсөтпөстөн, тандап алуунун натыйжасын жарыя кылат, калган сот арачылыгына талапкерлерге ыраазычылык билдирет.
2. Төрагалык кылуучу соттук отурумдун протоколуна киргизилген сот арачыларынын фамилияларын, аттарын, аталарынын аттарын жарыя кылат. Биринчи 9 сот арачысы сот арачыларынын коллегиясын түзөт, ал эми акыркы 2 запастагы сот арачылары катары ишти кароого катышат.
374-берене. Сот арачыларынын улугу
1. Сот арачыларынын коллегиясын түзүү аяктагандан кийин төрагалык кылуучу негизги курамдагы сот арачыларына улугун шайлоо үчүн кеңешүүчү бөлмөгө чыгууну сунуш кылат. Улуусу негизги курамдагы сот арачыларынын ичинен көпчүлүк добуш менен ачык добуш берүү аркылуу шайланат.
2. Сот арачылары соттук отурумдун залына кайтып келгенден кийин улук төрагалык кылуучуга жана тараптарга ал сот арачыларынын чечими менен шайлангандыгын билдирет.
3. Сот арачыларынын улугу сот арачыларынын кеңешмесинин жүрүшүнө жетекчилик кылат, алардын тапшырмасы боюнча төрагалык кылуучуга суроо жана өтүнүч менен кайрылат, сот берген суроолорду жарыя кылат, аларга жоопторду жазып алат, добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат, вердиктти жол-жоболоштурат жана төрагалык кылуучунун көрсөтмөсү боюнча аны соттук отурумда жарыя кылат.
4. Сот арачыларынын улугу шайлангандан кийин төрагалык кылуучу сот арачыларынын коллегиясын сот арачыларынын отургучунан аларга бөлүнгөн орунду ээлөөнү сунуш кылат.
375-берене. Сот арачыларынын ант бериши
1. Төрагалык кылуучу сот арачыларына ант берүү сунушу менен кайрылат жана төмөнкүдөй мазмундагы текстти окуп берет: «Сот арачысынын милдеттерин аткарууга киришип жатып өз милдеттеримди адилет, ак ниет жана кынтыксыз аткарууга, сотто каралган айыпталуучуну каралаган, ошондой эле аны актаган бардык далилдерди, жүйөлөрдү, иштин жагдайларын көңүлгө алууга, ишти күнөөлүүнү актабастан жана күнөөсүздү айыптабастан, өзүмдүн ички ынанымдарым жана абийирим боюнча чечүүгө ант беремин.».
2. Ант жарыя кылынгандан кийин төрагалык кылуучу сот арачыларынын, анын ичинде запастагылардын фамилияларын да атайт, алардын ар бири: “Ант беремин” деп жооп берет.
3. Сот арачыларынын ант бергендиги жөнүндө соттук отурумдун протоколуна жазуу жазылат.
4. Ант берилгенден кийин төрагалык кылуучу сот арачыларына ушул Кодекстин 33-беренесинде каралган алардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүп берет жана соттук териштирүүгө киришет.
376-берене. Сот арачыларынын соттук териштирүүдө катышуусунун жалпы шарттары
1. Сот арачыларынын отургучтары соттук отурумдун залында отургандардан бөлүнүп, эреже катары, айыпталуучулардын отургучунун каршысына жайгаштырылууга тийиш. Запастагы сот арачылары төрагалык кылуучу алар үчүн атайын бөлгөн сот арачыларынын отургучтарынан орун алат.
2. Сот арачыларынын кимдир-бирөөсүнүн соттук отурумуна катышуу мүмкүнчүлүгү болбой калган учурда запастагы сот арачылары вердикт чыгарылганга чейин сот арачыларынын негизги курамына киргизилиши мүмкүн. Чыгып калган сот арачыларын запастагылар менен алмаштыруу кылмыш иши боюнча сот арачыларынын коллегиясын түзүүдөгү тизмеде көрсөтүлгөн ырааттуулукта жүргүзүлөт. Эгерде чыгып калган сот арачыларын запастагылар менен алмаштыруу мүмкүнчүлүгү калбай калган учурда, төрагалык кылуучу болуп өткөн соттук териштирүүнү жараксыз деп жарыялайт жана соттук териштирүүнү ушул Кодекстин 367-беренесине ылайык сот арачылыгына талапкерлерди алдын ала тандоо этабына кайра кайтарат.
3. Эгерде соттук териштирүүнүн жүрүшүндө сот арачыларынын улугу чыгып калса, анда аны алмаштыруу ушул Кодекстин 374-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген тартипте кайталап шайлоо жолу менен жүргүзүлөт.
377-берене. Төрагалык кылуучунун жана сот арачыларынын ыйгарым укуктары
1. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөндөрдү копшогондо, кылмыш ишин соттук териштирүүнүн жүрүшүндө бардык маселелер, ушул Кодексте белгиленген талаптарга ылайык төрагалык кылуучу тарабынан жеке чечилет.
2. Кылмыш ишин соттук териштирүүнүн жүрүшүндө сот арачылары ушул Кодекстин 346-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2, 4-пункттарында каралган жана суроо баракчасында түзүлгөн маселелерди чечет. Айыпталуучу күнөөлүү деп таанылган учурда, сот арачылары айыпталуучунун күнөөсү жеңилдетүүгө арзый тургандыгын көрсөтүүгө укуктуу.
3. Төрагалык кылуучу сот арачылары болбогондо тараптардын өтүнүчтөрү боюнча ишти териштирүүдөн ушул Кодекстин 80-беренесине ылайык далил катары жол берилгис болгон иш жүзүндөгү маалыматтарды чыгарып салуу жөнүндө маселени чечүүгө милдеттүү.
4. Тараптар сот арачылары катышкан сотто ишти териштирүүдөн чыгарып салынган далилдер бар экендиги жөнүндө эске салууга, өзүнүн позициясын негиздөө үчүн аларга шилтеме келтирүүгө укуксуз.
5. Төрагалык кылуучу сот арачыларын жол берилгис деп таанылган далилдер менен тааныштырууга укуксуз.
Эгерде төрагалык кылуучу сот арачыларына, алар ушундай тартипте алган маалыматтарды эсепке албоого милдеттүү экендигин түшүндүрсө, сот арачыларынын катышуусунда алар изилденгенге чейин же кийин жол берилгис деп таанылган далилдер менен сот арачыларын тааныштыруу кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамды олуттуу бузууну түзбөйт.
378-берене. Сот арачыларынын катышуусу менен жүргөн соттогу соттук териштирүүнүн өзгөчөлүктөрү
1. Сот арачыларынын катышуусу менен жүргөн соттогу соттук териштирүү ушул берененин талаптарын эске алуу менен ушул Кодекстин 324-339, 342-беренелеринде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
2. Төрагалык кылуучу айыпталуучуга, жабырлануучуга жана соттук териштирүүнүн башка катышуучуларына суроо берүүгө, ошондой эле изилденген далилдерге карата өз пикирин билдирүүгө укуксуз. Иш боюнча бардык далилдер соттук териштирүүнүн жүрүшүндө түздөн-түз жана оозеки изилденет. Тергөө өндүрүшүнүн стадиясында процесстин катышуучуларынын көрсөтмөлөрүн жарыя кылууга ал адам өлгөн, катуу ооруп калган же Кыргыз Республикасынан сырткары чыгып кеткен же болбосо сотто көрсөтмө берүү мүмкүнчүлүгү болбой калган башка жагдайларда гана жол берилет. Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө эксперттин корутундусу талашка түшкөн учурда экспертти суракка алуу милдеттүү тартипте жүргүзүлөт.
3. Айыпталуучуну, жабырлануучуну жана соттук териштирүүнүн башка катышуучуларын суракка алууну айып коюучу жана коргоочу тараптар жүргүзөт.
Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө сот арачыларынын катышуусу менен далилдениши сот арачыларынын ушул Кодекстин 377-беренесинде каралган алардын ыйгарым укуктарына ылайык аныктала турган кылмыш ишинин иш жүзүндөгү жагдайлары гана изилдениши керек.
4. Мамлекеттик айыптоочу айыптоо актысынын корутунду бөлүгүн жарыя кылууда айыпталуучунун соттолгон фактылары тууралуу эске салууга укуксуз.
5. Сот арачылары төрагалык кылуучу аркылуу айыпталуучуга, жабырлануучуга, күбөлөргө, эксперттерге жана адистерге бул адамдар тараптар тарабынан суралгандан кийин суроо бере алышат. Суроолор сот арачылары тарабынан жазуу жүзүндө түзүлөт жана улук аркылуу төрагалык кылуучуга берилет. Төрагалык кылуучу ишке тиешеси жок деп эсептеген, ошондой эле таңууланган же мазактоочу мүнөздөгү суроолорду четке кагууга укуктуу.
6. Сот арачыларынын катышуусу менен айыпталуучунун мурдагы соттолгондугуна байланышкан, аны өнөкөт аракеч же баңги деп таануу жөнүндөгү жагдайлар, ошондой эле айыпталуучуга карата сот арачыларынын бир жактуу мамилесин пайда кылышы мүмкүн болгон башка жагдайлар изилденбейт.
379-берене. Соттук жарыш сөздөр
1. Соттук териштирүү аяктагандан кийин сот арачыларынын катышуусунда сот соттук жарыш сөздөргө өтөт.
2. Сот арачыларынын катышуусу менен жүргөн соттогу соттук жарыш сөздөр 2 бөлүктөн турат.
3. Жарыш сөздөрдүн биринчи бөлүгү прокурордун, жабырлануучунун, адвокаттын жана айыпталуучунун сөздөрүнөн турат, алар айыпталуучунун мурдагы соттолгондугун эске албастан, анын күнөөсүнүн далилденгендиги же далилденбегендиги боюнча өз позицияларын баяндашат. Тараптар сот арачыларынын катышуусу менен каралбай турган жагдайларды эскерте алышпайт жана соттук отурумда изилденбеген далилдерге таяна алышпайт. Төрагалык кылуучу мындай сөздөрдү токтотот жана сот арачыларына вердикт чыгарууда алар ушул жагдайларды эске алууга тийиш эместигин түшүндүрөт.
4. Жарыш сөздөрдүн экинчи бөлүгү прокурордун, ошондой эле жабырлануучунун, анын өкүлүнүн, адвокаттын жана айыпталуучунун сөздөрүнөн турат, анда айыпталуучунун аракеттерин квалификациялоо, жаза дайындоо маселелери боюнча позициялар баяндалат. Жарыш сөздөрдүн экинчи бөлүгү вердикт жарыялангандан кийин сот арачыларынын катышуусуз жүргүзүлөт.
380-берене. Сот арачыларынын катышуусу менен айыпталуучунун соттогу репликалары жана соңку сөзү
1. Сүйлөп бүткөндөн кийин жарыш сөздүн бардык катышуучуларынын репликага укугу бар. Адвокаттын жана айыпталуучунун акыркы репликага укугу бар.
2. Ушул Кодекстин 341-беренесине ылайык айыпталуучу акыркы сөз сүйлөөгө укуктуу.
381-берене. Сот арачылары тарабынан чечилүүгө тийиш болгон суроолордун коюлушу
1. Айыпталуучу акыркы сөзүн сүйлөгөндөн кийин сот арачыларына чечүү үчүн берилген суроолорду түзүү үчүн зарыл болгон убакытка сот арачылары соттук отурумдун залынан чыгып кетишет.
2. Төрагалык кылуучу соттук териштирүүнүн натыйжаларын, тараптардын жарыш сөздөрүн эске алуу менен сот арачылары чечүүгө тийиш болгон суроолорду жазуу жүзүндө түзөт, аларды жарыя кылат жана тараптарга берет.
3. Тараптар суроолордун мазмуну жана баяндалышы боюнча өз пикирлерин билдирүүгө жана сунуш киргизүүгө укуктуу.
4. Тараптардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен төрагалык кылуучу сот арачылары чечүүгө тийиш болгон суроолорду биротоло түзөт, аларды суроо баракчаларына киргизет жана ага кол коёт.
5. Суроо баракчасынын мазмуну сот арачыларынын катышуусу менен жарыя кылынат жана суроо баракчасы сот арачыларынын улугуна берилет.
6. Кеңешүүчү бөлмөгө чыгып кетүүнүн алдында сот арачылары төрагалык кылуучудан коюлган суроолорго байланыштуу өздөрүндө пайда болгон так эместиктер боюнча түшүндүрмөлөрдү алууга жана бул суроолорго мүмкүн болуучу жооптордун маңызына жана алардын укуктук жагына токтолбоого укуктуу.
382-берене. Сот арачылары чечүүгө тийиш болгон суроолордун мазмуну
1. Айыпталуучу жасады деп айыпталып жаткан ар бир аракет (аракетсиздик) боюнча үч негизги суроо берилет:
1) аракеттин (аракетсиздиктин) жасалгандыгы далилдендиби;
2) ошол аракетти (аракетсиздикти) айыпталуучу жасагандыгы далилдендиби;
3) ошол аракетти (аракетсиздикти) жасоого айыпталуучу күнөөлүүбү.
2. Суроо баракчасында ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негизги 3 суроо бир суроого бириктирилиши мүмкүн.
3. Суроо баракчасында эгер муну менен айыпталуучунун абалы начарлабаса жана анын коргонуу укугу бузулбаса, сот арачыларынын айыпталуучунун анча оор эмес кылмыш жасоодогу күнөөсүн таануусуна багытталган жеке суроолорго да жол берилет. Айыптоо кызыкчылыгындагы жеке суроолорго да жол берилет.
4. Айыпталуучунун кылмыш жасагандагы күнөөсү таанылган учурда сот арачыларынын алдына ал жазасын жеңилдетүүгө арзыйбы деген суроо коюлат.
5. Суроолордун түзүлүшү мамлекеттик айыптоочу ага айып койбогон же суроо берилген учурга карата жабырлануучунун макулдугу боюнча айыптоону колдобогон аракетти (аракетсиздикти) жасагандыгы боюнча айыпталуучуну күнөөлүү деп таанууга кандайдыр бир жоопто жол берүүгө тийиш эмес.
6. Бир нече айыпталуучулар айыпталып жаткан кылмыш иштери боюнча сот арачылары чечүүгө тийиш болгон суроолор ар бир айыпталуучуга карата өзүнчө берилет.
7. Суроолор сот арачыларына түшүнүктүү мазмунда коюлат.
383-берене. Төрагалык кылуучунун багыттоочу сөзү
1. Сот арачыларынын коллегиясы вердикт кабыл алуу үчүн кеңешүүчү бөлмөгө чыгаардын алдында төрагалык кылуучу сот арачыларына багыттоочу сөзү менен кайрылат.
2. Багыттоочу сөз сүйлөгөн төрагалык кылуучуга сот арачыларынын коллегиясынын алдына коюлган маселелер боюнча өз пикирин кандайдыр бир формада билдирүүгө тыюу салынат.
3. Төрагалык кылуучу багыттоочу сөзүндө:
1) айыптоонун мазмунун баяндайт;
2) айыпталуучу айыпталып жаткан аракетти (аракетсиздикти) жасагандыгы үчүн жоопкерчиликти жана соттолуучуга бериле турган жазаны караган кылмыш-жаза мыйзамынын мазмунун билдирет;
3) өзүнүн ал далилдерге катышын билдирбестен жана алар боюнча тыянак чыгарбастан, айыпталуучунун айыбын ачкан, ошондой эле аны актаган далилдердин сотто изилденгендиги жөнүндө эске салат;
4) мамлекеттик айыптоочунун жана коргонуучу тараптын позицияларын баяндайт;
5) сот арачыларына далилдерге жалпысынан баа берүүнүн негизги эрежелерин; күнөөсүздүк презумпция принцибинин маңызын; айыпталуучунун пайдасына четтетилбеген шек саноолорду чечмелөө жөнүндө жобону; алардын вердикти соттук отурумда түздөн-түз изилденген далилдерге гана негизделиши мүмкүн экендиги жөнүндө, алар үчүн эч кандай далилдер мурдатан аныкталган күчкө ээ эмес экендигин, алардын тыянактары божомолдорго, ошондой эле сот тарабынан жол берилгис деп таанылган далилдерге негизделбей тургандыгын түшүндүрөт;
6) сот арачыларынын коллегиясынын көңүлүн айыпталуучунун сотто көрсөтмө берүүдөн баш тартышы же анын үн катпай коюшу юридикалык мааниге ээ эмес экендигине жана айыпталуучунун күнөөлүү экендигинин далили катары чечмелениши мүмкүн эмес экендигине бурат;
7) сот арачыларынын кеңешмесинин, коюлган суроолорго жоопторду даярдоонун, жооптор боюнча добуш берүүнүн жана вердикт кабыл алуунун тартибин түшүндүрөт;
8) сот арачыларына алар берген анттын мазмуну жөнүндө эскертет.
4. Сот арачылары төрагалык кылуучунун багыттоочу сөзүн угуу жана алардын алдына коюлган суроолор менен таанышуу менен бирге, андан кошумча түшүндүрмөлөрдү алууга укуктуу. Багыттоочу сөздүн көчүрмөсү тараптарга жана сот арачыларына жарыя кылынгандан кийин дароо тапшырылат.
5. Тараптар соттук отурумда төрагалык кылуучунун багыттоочу сөзүнүн мазмунуна байланыштуу, ал объективдүүлүк принцибин бузгандыгынын жүйөөсү боюнча билдирүүгө укуктуу, алар соттук отурумдун протоколуна киргизилүүгө тийиш.
6. Багыттоочу сөздү түзүү үчүн төрагалык кылуучу соттук отурумда тыныгуу жарыялоого укуктуу.
384-берене. Сот арачыларынын кеңешмесинин купуялуулугу
1. Төрагалык кылуучунун багыттоочу сөзүнөн кийин сот арачылары вердикт кабыл алуу үчүн кеңешүүчү бөлмөгө чыгып кетишет.
2. Сот арачыларынан тышкары кеңешүүчү бөлмөдө башка адамдардын болушуна жол берилбейт.
3. Кеңешүүчү бөлмөдө байланыш каражаттарынын болушуна жана пайдаланылышына тыюу салынат.
4. Сот арачылары вердиктти талкуулоодо жана кабыл алууда айтылган пикирлерди ачыкка чыгарууга укуксуз.
5. Сот арачыларынын соттук отурумда жүргүзгөн жазып алуулары кеңешүүчү бөлмөдө сот арачыларынын алдына коюлган суроолорго жоопторду даярдоо үчүн пайдаланылышы мүмкүн.
6. Түнкү убакыттын кириши менен, ошондой эле жумуш убактысы аяктаган соң төрагалык кылуучунун уруксаты менен сот арачылары кеңешмени эс алуу үчүн токтотууга укуктуу. Эс алуу мезгилинде сот арачыларына ушул берененин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жазууларды кеңешүүчү бөлмөдөн алып чыгууга тыюу салынат.
7. Кеңешүүчү бөлмө сот приставы тарабынан анда сот арачылары турган бардык мезгилде күзөткө алынат.
385-берене. Кеңешүүчү бөлмөдө кеңешме өткөрүүнүн жана добуш берүүнүн тартиби
1. Сот арачыларынын кеңешмесине улук жетекчилик кылат, ал чечилүүгө тийиш болгон суроолорду талкууга ырааты менен коюп турат, аларга жооптор боюнча добуш берүүнү өткөрөт жана добуштардын эсебин жүргүзөт.
2. Добуш берүү ачык жүргүзүлөт. Сот арачылары добуш берүүдө калыс калууга укуксуз. Сот арачылары алар сот арачыларынын тизмесинде көрсөтүлгөн кезектүүлүк боюнча добуш беришет.
3. Улук акыркы болуп добуш берет.
386-берене. Вердиктти кабыл алуу
1. Сот арачылары өздөрүнүн алдына коюлган суроолорду талкуулоодо чечимди бир добуштан кабыл алууга умтулууга тийиш. Эгерде сот арачылары 3 сааттын аралыгында талкуулоодо бир чечимге келе албаса, анда чечим добуш берүү аркылуу кабыл алынат.
2. Сот арачыларынын вердикттери айыптоочу же актоочу болушу мүмкүн.
3. Сот арачыларынын 6дан кем эмеси ушул Кодекстин 385-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн 3 суроонун жок дегенде бирөөнө терс жоопко добуш берген учурда актоочу вердикт чыгарылат.
4. Сот арачыларынын 6дан кем эмеси ушул Кодекстин 385-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн 3 суроонун ар бирине ырастоочу жоопко добуш берген учурда айыптоочу вердикт чыгарылат.
5. Эгер актоочу да, айыптоочу да вердикттер кабыл алынбаса, анда вердикт чыгарылбаган болуп эсептелет, ал эми коллегия таркалууга тийиш.
Прокурор бир айдын ичинде сот арачыларынын жаңы курамынын алдында процессти кайра баштоо жөнүндө же болбосо кылмыш ишин кыскартуу жөнүндө сотко сунуш киргизиши керек.
Прокурордон процессти кайра баштоо жөнүндө сунуш түшкөн учурда сот ушул главанын талаптарына ылайык жаңы коллегиянын түзүүгө киришет.
6. Сот арачыларынын алдына коюлган суроолорго жооптордо (“Ооба, күнөөлүү”, “Жок, күнөөлүү эмес” жана башка ушул сыяктуу жооптор) жооптун маңызын ачуучу же тактоочу, милдеттүү түрдө бышыктоону же четке кагууну түшүндүрүүчү сөз же сөз тизмеги болууга тийиш. Эгерде мурдагы суроого берилген жооп андан кийинки суроолорго жооп берүү зарылдыгын жокко чыгарса, улук андан кийин “Жоопсуз” деген сөздү жазат.
Айыпталуучунун күнөөлүүлүгү жөнүндө ырастоочу жооп берилгенде же анын аракети (аракетсиздиги) далилденгенде, сот арачылары жооптон кайсы бир фразаны алып салууну билдирген эскертүү жасоого укуктуу.
7. Суроолорго жооптор түздөн-түз, ар бир тиешелүү суроолордон кийин сот арачыларынын улугу тарабынан суроо баракчасына киргизилет.
8. Жооптон кийин улук суроо баракчасында добуштарды эсептөөнүн жыйынтыгын көрсөтөт. Коюлган суроолорго берилген жоопторду киргизүү менен суроо баракчасына улук тарабынан кол коюлат.
387-берене. Соттук териштирүүнү кайра баштоо
1. Төрагалык кылуучу сот арачыларынын коллегиясынын улук аркылуу берилген өтүнүчү боюнча тараптардын ой-пикирин угуп, төмөнкүдөй учурларда соттук териштирүүнү кайра баштоо жөнүндө маселени чечет:
1) эгерде кеңешүүчү бөлмөдө сот арачылары суроо баракчасында коюлган суроолор боюнча кошумча түшүндүрмөлөрдү алуу зарылдыгы жөнүндө тыянакка келишсе;
2) эгерде кеңешүү учурунда сот арачыларында кылмыш ишинин кандайдыр бир иш жүзүндөгү жагдайлары боюнча коюлган суроолорго жооптор үчүн олуттуу мааниге ээ жана кошумча иликтөөнү талап кылган күмөндүүлүк пайда болсо.
2. Төрагалык кылуучу соттук териштирүү кайра башталгандан кийин тараптардын катышуусунда коюлган суроолор боюнча түшүндүрмөлөрдү берет, ал эми зарыл болгон учурларда жагдайларга кошумча изилдөө жүргүзүлөт.
3. Кайра башталган соттук териштирүү бүткөндөн кийин төрагалык кылуучу тарабынан суроо баракчасына сот арачыларынын алдына коюлган суроолорго тактоолор киргизилиши мүмкүн. Тараптар суроо баракчасына кошумча суроолорду киргизүү же мурда коюлган суроолорду тактоо жөнүндө өтүнүч жасоого укуктуу.
4. Кошумча түшүндүрмөлөр жана (же) жаңыдан изилденген жагдайлар боюнча тараптардын сөздөрүн жана репликаларын, айыпталуучунун акыркы сөзүн жана төрагалык кылуучунун кыскача багыттоочу сөзүн угуп, сот арачылары вердикт кабыл алуу үчүн кеңешүүчү бөлмөгө кайрадан кайтып келишет.
388-берене. Вердиктти жарыялоо
1. Коюлган суроолорго жооптор киргизилген суроо баракчасына улук тарабынан кол коюлгандан кийин сот арачылары соттук отурумдун залына кайтып келишет.
2. Сот арачыларынын улугу төрагалык кылуучуга жооптор киргизилген суроо баракчасын берет. Сын-пикирлер болбосо, төрагалык кылуучу жарыялоо үчүн суроо баракчасын сот арачыларынын улугуна кайтарып берет.
3. Төрагалык кылуучу вердиктти түшүнүксүз же карама-каршылыктуулугун деп тапса, сот арачыларынын коллегиясына анын түшүнүксүздүгүн же карама-каршылыктарын көрсөтөт жана аларга суроо баракчасына тактоолорду киргизүү же карама-каршылыктарды жоюу үчүн кеңешүүчү бөлмөгө кайтып барууну сунуш кылат.
4. Төрагалык кылуучунун суроо баракчасына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы боюнча кыскача багыттоочу сөзүн угуп, сот арачыларынын коллегиясы биринчи кабыл алынган вердиктти кайра кароо же күчүндө калтыруу зарылдыгы жөнүндө көпчүлүктүн добушу менен чечим кабыл алуу үчүн кеңешүүчү бөлмөгө кайтып келет.
5. Сот арачыларынын улугу суроо баракчасы боюнча коюлган суроолорду жана аларга сот арачыларынын жоопторун окуу менен вердиктти жарыя кылат.
6. Вердиктти сот залындагылардын бардыгы орундарынан туруп угушат.
7. Жарыяланган вердикт кылмыш ишинин материалдарына тиркөө үчүн төрагалык кылуучуга берилет.
389-берене. Төрагалык кылуучунун вердикт жарыя кылынгандан кийинки иш-аракеттери
1. Сот арачыларынын коллегиясы айыпталуучунун күнөөсү жок экендиги жөнүндө вердикт кабыл алганда, төрагалык кылуучу аны акталды деп жарыялайт. Мында кайтарууга алынган айыпталуучу соттук отурумдун залынан токтоосуз бошотулат.
2. Вердикт жарыялангандан кийин төрагалык кылуучу сот арачыларына ыраазычылык билдирет жана алардын соттук териштирүүгө катышуусу аяктагандыгын жарыялайт.
3. Вердикттин натыйжалары сот арачыларынын катышуусуз талкууланат. Сот арачылары кылмыш ишин кароо аяктаганга чейин соттук отурумдун залындагы көпчүлүк эл үчүн бөлүнүп коюлган орундарда калууга укуктуу.
390-берене. Вердикттин кийинки натыйжаларын талкуулоо
1. Вердикттин кийинки натьйжаларын талкуулоо тараптардын катышуусу менен улантылат.
2. Сот арачылары актоочу вердикт кабыл алган учурда процесстик чыгымдарды бөлүштүрүүгө, буюм далилдерге байланышкан суроолор гана изилденет жана талкууланат.
Сот арачыларынын актоочу вердикти, ал кандай гана негизде чыгарылбасын, жарандык сот өндүрүшүнүн тартибинде жабырлануучуга өз укугун коргоого тоскоол болбойт.
3. Айыптоочу вердикт чыгарылган учурда айыпталуучу жасаган аракетти (аракетсиздикти) квалификациялоого, ага жаза чектөөгө жана башка суроолорго байланышкан жагдайлар изилденет.
4. Көрсөтүлгөн жагдайларды изилдөө аяктагандан кийин тараптардын жарыш сөзү жүргүзүлөт, анын убагында адвокат жана айыпталуучу акыркы болуп сүйлөйт.
5. Тараптар өз сөздөрүндө сот тарабынан айыптоочу өкүм чыгарылганда чечилүүгө тийиш болгон укуктун бардык маселелерине токтоло алышат. Мында тараптарга сот арачылары тарабынан чыгарылган вердикттин тууралыгынан күмөн саноого тыюу салынат.
6. Тараптардын жарыш сөзү аяктагандан кийин айыпталуучуга акыркы сөз берилет, андан кийин төрагалык кылуучу кылмыш иши боюнча чечим чыгаруу үчүн чыгат.
391-берене. Вердикттин милдеттүүлүгү
1. Сот арачыларынын коллегиясынын вердикти төрагалык кылуучу үчүн милдеттүү жана ал актоочу же айыптоочу өкүмдүн токтомунун чыгарылышына алып келет.
2. Сот арачылары айыптоочу вердикт кабыл алган учурда төрагалык кылуучу айыпталуучунун аракетинин (аракетсиздик) ушул вердиктке, ошондой эле вердиктти кабыл алууда сот арачылары тарабынан каралууга тийиш болбогон жана юридикалык баа берүүнү талап кылуучу соттук тергөөнүн жүрүшүндө белгиленген жагдайларга ылайык квалификациялайт.
3. Эгерде сот арачыларынын коллегиясы айыпталуучу жазасын жеңилдетүүгө татыктуу деп тапса, анда төрагалык кылуучунун Кылмыш-жаза кодексинин тийиштүү беренеси менен белгиленген жазанын жогорку чектеги өлчөмүнүн үчтөн экисинен жогору жаза дайындоого укугу жок.
4. Эгерде төрагалык кылуучу күнөөсүзгө карата айыптоочу вердикт чыгарылганын жана айыпталуучу вердикт менен күнөөлүү деп табылган аракетте (аракетсиздикте) кылмыштын курамы жоктугун жана актоочу өкүм чыгарууга жетиштүү негиздер бар экенин тааныса, анда ал сот арачыларынын коллегиясын таркатуу жана алдын ала угуу стадиясынан тартып кылмыш ишин соттун башка курамы тарабынан жаңы кароого жөнөтүү жөнүндө токтом чыгарат. Бул токтом даттанууга жатпайт.
392-берене. Төрагалык кылуучу кабыл алуучу чечимдердин түрлөрү
Сотто сот арачыларынын катышуусу менен кылмыш ишин териштирүү төрагалык кылуучу тарабынан төмөнкүдөй чечимдердин бирнн кабыл алуу менен аяктайт:
1) кылмыш ишин кыскартуу жөнүндө токтом – ушул Кодекстин 302-беренесинде каралган учурларда;
2) актоочу өкүм – ушул Кодекстин 350-беренесине ылайык, сот арачылары ушул Кодекстин 382-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн үч негизги суроонун жок дегенде бирөөнө терс жооп берген учурларда;
3) айыптоочу өкүм – ушул Кодекстин 349-беренесинде каралган учурларда.
393-берене. Өкүм чыгаруу
Өкүм ушул Кодекстин 351–358-беренелеринин талаптарына ылайык төмөнкүдөй өзгөчөлүктөр менен чыгарылат:
1) өкүмдүн кириш бөлүгүндө сот арачыларынын фамилиялары, аттары жана аталарынын аттары көрсөтүлбөйт;
2) актоочу өкүмдүн баяндоочу-жүйөлөштүрүүчү бөлүгүндө айыптоонун маңызы жана ал боюнча кабыл алынган актоочу вердиктке же эгерде баш тартуу болсо, мамлекеттик айыптоочунун айыптоодон баш тартуусуна шилтеме берилет. Далилдерди келтирүү сот арачыларынын коллегиясы кабыл алган вердикттен келип чыкпаган бөлүгүндө гана талап кылынат;
3) айыптоочу өкүмдүн баяндоочу-жүйөлөштүрүүчү бөлүгүндө сот арачыларынын коллегиясынын катышуусу менен сот тааныган кылмыштуу аракетти (аракетсиздикти) баяндоо, жасалган аракеттин (аракетсиздиктин) квалификациясы, белгиленген жазанын жүйөлөрү жана соттун кылмыш менен келтирилген материалдык зыяндын жана моралдык залалдын ордун толтуруу жөнүндө чечиминин негиздемеси болушу керек;
4) өкүмдүн корутунду бөлүгүндө ушул Кодексте белгиленген тартипте кассациялык инстанцияда өкүмдү даттануунун тартиби жана мөөнөттөрү жөнүндө түшүндүрмө болушу керек.
394-берене. Айыпталуучунун акыл-эсинин жайында эместигин аныктоого байланыштуу кылмыш ишин кароону кыскартуу
1. Эгерде сот арачыларынын катышуусу менен сот кылмыш ишин териштирүү процессинде айыпталуучу өзүнүн психикалык абалына байланыштуу кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн эмес же соттук-психиатриялык экспертизанын тийиштүү корутундусу менен ырасталгандыктан, жазаны дайындоо же аткаруу мүмкүнчүлүгүн бербеген жин оорусу менен ооруп калган деп эсептөөгө негиз берген жагдайлар болсо, судья кылмыш ишин сот арачыларынын катышуусу менен кароону кыскартуу жөнүндө токтом чыгарат жана ушул Кодекстин 55-главасында каралган тартипте чечим кабыл алат.
2. Төрагалык кылуучунун ишти сот арачыларынын катышуусу менен кароону кыскартуу жөнүндө токтому акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт.
395-берене. Соттук отурумдун протоколун жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү
1. Соттук отурумдун протоколу ушул Кодекстин 308-беренесинин талаптарына ылайык, ушул беренеде каралган өзгөчөлүктөр менен жүргүзүлөт.
2. Протоколдо соттук отурумга чакырылган сот арачылыгына талапкерлердин курамы жана сот арачыларынын коллегиясын түзүүнүн жүрүшү милдеттүү түрдө көрсөтүлөт.
3. Төрагалык кылуучунун багыттоочу сөзү соттук отурумдун протоколунда жазылат же анын тексти кылмыш ишинин материалдарына тиркелет, бул тууралуу протоколдо көрсөтүлөт.
4. Соттук отурумдун протоколу сот процессинин жүрүшүнүн баарын анын жүргүзүлүшүнүн тууралыгына ынангандай жазылышы керек.
Сот арачыларынын катышуусу менен соттук териштирүүнүн жүрүшүндө процесстин катышуучуларына жана башка адамдарга соттук отурумдун залында видеого жана сүрөткө тартууга тыюу салынат.
396-берене. Сот арачыларынын коллегиясынын вердиктине негизделген соттун өкүмүн жокко чыгарууга же өзгөртүүгө негиздер
1. Ушул Кодекстин 421-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган ченемдерди одоно бузуулар сот арачыларынын коллегиясынын вердиктине негизделген актоочу өкүмдү жокко чыгаруу же өзгөртүү үчүн негиз болуп эсептелет.
2. Айыптоочу өкүм ушул Кодекстин X бөлүмүндө белгиленген негиздер боюнча жана тартипте жокко чыгарылышы жана өзгөртүлүшү мүмкүн.
3. Сот арачыларынын коллегиясынын вердиктинин негизинде чыгарылган жана ага карама-каршы келген соттун өкүмү кылмыш ишин ошол эле сотко жаңыдан карап чыгууга өткөрүп берүү менен жокко чыгарылууга тийиш. Бул учурда кылмыш ишин жаңы кароо сот арачылары кийинки вердикти кабыл алган учурдан тартып башталат.
4. Сот арачыларынын коллегиясынын вердиктинин негизинде чыгарылган өкүм, эгер алар жокко чыгарууга каршы турса, соттолгондун же акталгандын укуктары олуттуу бузулган жүйө боюнча жокко чыгарылышы мүмкүн эмес.
Х БӨЛҮМ
АПЕЛЛЯЦИЯЛЫК ИНСТАНЦИЯДАГЫ СОТТОГУ ИШ ӨНДҮРҮШҮ
46-глава. Апелляциялык тартипте соттун чечимдерине даттануу
397-берене. Апелляциялык даттануу укугу
1. Ушул главанын талаптарына ылайык соттун мыйзамдуу күчүнө кире элек өкүмдөрү, ошондой эле биринчи инстанциядагы башка соттук актылар тараптар тарабынан апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн.
2. Сот чечимине даттануу укугу айыпталуучуга, акталганга, медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө өндүрүш жүргүзүлгөн же жүргүзүлүп жаткан адамга, алардын адвокаттарына жана мыйзамдуу өкүлдөрүнө, мамлекеттик айыптоочуга же жогору турган прокурорго, жабырлануучуга жана анын өкүлүнө, ошондой эле мүлкү камакка алынган адамдарга таандык.
Материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтурууга жооптуу адам соттун чечиминин материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтуруу бөлүгүн даттанууга укуктуу.
3. Биринчи инстанциядагы сотто айыптоону колдогон прокурор ар бир мыйзамсыз жана негизсиз соттук актыга сунуш киргизет.
4. Тергөө судьясынын токтому апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн. Тергөө судьясынын токтомуна даттануу укугу шектүүгө, айыпталуучуга, алардын адвокаттарына, прокурорго, ошондой эле мүлкүнө камак салынган жактарга таандык.
398-берене. Апелляциялык тартипте каралууга тийиш болгон соттук актылар
1. Апелляциялык тартипте биринчи инстанциядагы сот тарабынан чыгарылып, мыйзамдуу күчүнө кире элек өкүмдөргө жана токтомдорго даттануулар жана сунуштар каралат.
2. Тергөө судьясы тарабынан соттук контроль иретинде чыгарылган токтомдорго даттануулар жана сунуштар апелляциялык тартипте каралат.
399-берене. Даттанууларды жана сунуштарды берүүнүн тартиби
1. Апелляциялык даттануулар жана сунуштар алардын көчүрмөлөрүн тиркөө менен тараптарга тапшыруу үчүн өкүм чыгарган, башка даттанылып жаткан соттук чечимди кабыл алган сот аркылуу берилет.
2. Жогору турган сотко түздөн-түз келип түшкөн апелляциялык даттануулар жана сунуштар ушул Кодекстин 404-беренесинин жана 405-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарын аткаруу үчүн тиешелүү түрдө биринчи инстанциядагы сотко жиберилүүгө тийиш.
400-берене. Өкүмдөргө апелляциялык даттануунун мөөнөттөрү
1. Биринчи инстанциядагы соттун өкүмүнө апелляциялык даттануулар жана сунуштар өкүм чыгарылган күндөн тартып 30 сутканын ичинде, ал эми камактагы айыпталуучу тарабынан – ага өкүмдүн көчүрмөсү тапшырылган күндөн тартып ошол эле мөөнөттө берилиши мүмкүн.
2. Өкүмгө даттануу үчүн белгиленген мөөнөттүн ичинде кылмыш иши соттон талап кылынып алынышы мүмкүн эмес.
3. Мөөнөтү өткөрүлүп берилген апелляциялык даттануу, сунуш кароосуз калтырылат.
401-берене. Биринчи инстанциядагы соттун токтомуна даттануу
1. Биринчи инстанциядагы соттун токтомуна ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздерди кошпогондо, ушул Кодекстин 397-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдар тарабынан даттануу же сунуш келтирилиши мүмкүн.
2. Ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн соттук чечимдерди кошпогондо, далилдерди изилдөө тартиби жөнүндө, соттук териштирүүлөрдүн катышуучуларынын өтүнүчтөрүн канааттандыруу же четке кагуу жөнүндө, соттук отурумдун залында тартипти камсыздоо чаралары жөнүндө токтомдорго жана соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө чыгарылган соттун башка чечимдерине иш боюнча жыйынтыктоочу соттун чечимине даттануу менен бир эле убакта апелляциялык тартипте даттанылат.
3. Соттун жыйынтыктоочу чечими чыкканга чейин соттун, судьянын төмөнкү токтомдору апелляциялык даттанууга жатат:
1) бөгөт коюу чарасын колдонуу же өзгөртүү жөнүндө;
2) бөгөт коюу чарасынын мөөнөтүн узартуу жөнүндө;
3) экспертиза жүргүзүү үчүн адамды медициналык же психиатриялык стационарга жайгаштыруу жөнүндө;
4) мүлккө камак салуу (бошотуу) жөнүндө;
5) ишти соттук караштуулугу боюнча өткөрүп берүү же өзгөртүү жөнүндө;
6) кылмыш ишин токтотуу жөнүндө;
7) кылмыш ишин прокурорго кайра кайтаруу жөнүндө.
4. Даттануу жана сунуш даттанылган чечим чыккан күндөн тартып 10 сутканын ичинде апелляциялык сотко берилет жана ушул Кодекстин 413-беренесинде каралган эрежелер боюнча каралат. Кароонун жыйынтыгы боюнча даттанууну же сунушту канааттандыруусуз калтыруу же даттанылган чечимди жокко чыгаруу же өзгөртүү жөнүндө аныктама кабыл алынат.
5. Ушул берененин 3-бөлүгүнүн 1-4-пункттарында каралган, соттук териштирүү учурунда чыгарылган судьянын, соттун токтомдорун даттануу соттук териштирүүнү токтотпойт.
6. Өкүм чыгаруу менен аяктаган соттук териштирүү учурунда чыгарылган токтомго даттануу же сунуш берилген учурда, иш өкүмгө даттануу үчүн белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин гана апелляциялык инстанциядагы сотко жөнөтүлөт.
402-берене. Тергөө судьясынын токтомуна даттануу
1. Тергөө судьясынын токтому ушул Кодексте каралган учурларда апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн.
2. Тергөө судьясынын токтомуна апелляциялык даттануу же сунуш ушул Кодекстин 37-главасында белгиленген мөөнөттө берилиши мүмкүн.
403-берене. Даттануу же сунуш берүүнүн мөөнөтүн калыбына келтирүү тартиби
1. Даттануу же сунуш берүүнүн мөөнөтү жүйөлүү себептен улам өткөрүлүп жиберилген учурда даттануу же сунуш берүүгө укуктуу адамдар өкүм, ошондой эле башка сот чечимин, тергөө судьясынын токтомун чыгарган сотко өткөрүлүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч билдире алышат. Мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч соттук отурумда өкүмдү, башка соттук чечимди чыгарган судья, токтомду чыгарган тергөө судьясы тарабынан каралат, ал түшүндүрмөлөрдү берүү үчүн өтүнүч менен кайрылган адамды чакырууга укуктуу.
2. Өкүмгө апелляциялык даттануу же сунуш берүү мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч сот тарабынан чечим чыгарылган күндөн тартып 3 айдан кеч эмес мөөнөттө берилиши керек, башка соттук чечимдерге, тергөө судьясынын токтомуна чечим чыгарылган күндөн баштап 1 айдан кеч эмес мөөнөттө берилиши керек.
3. Сот төмөндөгүдөй шарттарда апелляциялык даттанууларды берүүнүн өтүп кеткен мөөнөтүн калыбына келтирет:
1) соттук отурумдун протоколу өз учурунда даярдалбаганда;
2) соттук актынын көчүрмөсүн сот өндүрүшүнүн тилин билбеген иштин катышуучусуна котормосуз тапшырганда;
3) соттук актынын корутунду бөлүгүндө даттануунун мөөнөтү так эмес көрсөтүлгөндө.
4. Өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүү арызын канааттандыруу же баш тартуу жөнүндө судьянын токтому апелляциялык инстанциядагы сотко даттанылышы мүмкүн, ал токтомду жокко чыгарууга жана берилген даттанууну жана сунушту маани-маңызы боюнча кароого же ушул Кодекстин 417-беренесинде каралган талаптарды аткаруу үчүн даттанылган соттук актыны чыгарган сотко кайтарууга укуктуу.
404-берене. Берилген даттануулар жана сунуштар жөнүндө кабарлоо
1. Өкүм чыгарган же башка даттаныла турган чечим чыгарган сот берилген даттануулар же сунуштар жөнүндө кабарлайт жана алардын көчүрмөлөрүн айыпталуучуга же акталганга, медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулган же колдонулуп жаткан адамга, адвокатка, айыптоочуга, жабырлануучуга жана (же) анын өкүлүнө жиберет.
2. Тергөө судьясы берилген даттануулар же сунуштар жөнүндө маалымдайт жана алардын көчүрмөлөрүн шектүүгө, айыпталуучуга, адвокатка, жабырлануучуга, анын өкүлүнө жана прокурорго жөнөтөт.
3. Тараптар даттануунун же сунуштун негиздемелерин же башка тараптын даттануусуна же сунушуна каршы пикирлерин ырастап, апелляциялык инстанциядагы сотко жаңы материалдарды берүүгө же аларды суратуу жана изилдөө жөнүндө өтүнүч менен кайрылууга, ошондой эле алар көрсөткөн жабырлануучуларды, күбөлөрдү, эксперттерди, адистерди сотко чакыруу жана суракка алуу жөнүндө өтүнүч билдирүүгө укуктуу.
405-берене. Даттануу же сунуш берүүнүн кесепеттери
1. Даттануу же сунуш берүү өкүмдүн күчүнө киришин жана аткарылышын токтотуп турат.
2. Өкүмдү же башка даттаныла турган чечимди чыгарган сот даттануу мөөнөтү өткөндөн кийин ишти келип түшкөн даттануулар, сунуштар менен апелляциялык инстанциядагы сотко жөнөтөт, бул тууралуу тараптарга маалымдалат.
3. Даттанууну же сунушту берген адам апелляциялык инстанциянын сотунун соттук отуруму башталганга чейин аларды кайра чакыртып алууга укуктуу. Бул учурда даттануу же сунуш боюнча апелляциялык өндүрүш кыскартылат.
4. Прокурордун сунушу жогору турган прокурор тарабынан чакыртып алынышы мүмкүн. Адвокат даттанууну айыпталуучунун макулдугу менен, тергөө судьясынын токтомуна даттанууга айыпталуучунун макулдугу менен чакыртып алууга укуктуу. Айыпталуучу өзүнүн адвокаты, мыйзамдуу өкүлү тарабынан берилген даттанууну чакыртып алууга укуктуу.
5. Өкүмгө даттанган адам өзүнүн даттануусун же сунушун өзгөртүүгө же жаңы жүйөлөр менен толуктоого укуктуу.
47-глава. Соттун чечимдерине даттануулар жана сунуштар боюнча иштерди апелляциялык тартипте кароо
406-берене. Өкүмгө, токтомго апелляциялык даттануу жана сунуш
1. Апелляциялык даттануулар же сунуштар төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) даттануу же сунуш даректелген апелляциялык инстанциядагы соттун аталышын;
2) даттануу же сунуш берген адам жөнүндө анын процессуалдык абалы, жашаган жери же турган жери көрсөтүлгөн маалыматтарды;
3) өкүмгө же башка сот чечимине көрсөтмөнү жана аны токтом кылган же чыгарган соттун аталышын;
4) даттанууну же сунушту берген адамдын жүйөлөрү жана анын талаптарын негиздөөчү далилдер ушул Кодекстин 414-беренесиндеги негиздерди көрсөтүү менен;
5) эгерде даттанууга же сунушка тиркелген материалдар бар болсо, алардын тизмесин;
6) даттанууну же сунушту берген адамдын кол тамгасын.
2. Эгерде берилген даттануу, сунуш ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган талаптарга туура келбесе, даттануу же сунуш кайрадан түзүү үчүн даттануу убактысынан ашпаган мөөнөтүн белгилеп судья тарабынан кайтарылат. Эгерде белгиленген мөөнөттүн ичинде апелляциялык даттануу, сунуш сотко берилбесе, алар берилген эмес деп эсептелет. Бул учурда иш боюнча апелляциялык өндүрүш кыскартылат. Өкүм ушул Кодекстин 426-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык мыйзамдуу күчүнө кирди деп эсептелет.
407-берене. Апелляциялык даттанууну жана сунушту кайтарып берүү
Апелляциялык даттануу жана сунуш биринчи инстанциядагы сотко төмөнкү учурларда апелляциялык инстанциядагы сот тарабынан кайтарылып берилет:
1) даттануу мөөнөтү аяктаганда;
2) эгерде алар аппеляциялык инстанциядагы сотко даттанууга укугу жок адам тарабынан берилсе;
3) эгерде апелляциялык даттануу же сунуш ушул Кодекстин 401, 403-беренелеринин, 406-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарын бузуу менен берилген болсо.
408-берене. Апелляциялык кароонун предмети
Апелляциялык инстанциядагы сот даттануулар, сунуштар боюнча биринчи инстанциядагы соттун өкүмүнүн мыйзамдуулугун, негиздүүлүгүн жана адилеттүүлүгүн, башка соттук актыларынын, тергөө судьясынын токтомунун мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерет.
409-берене. Апелляциялык инстанцияда ишти кароонун чектери
1. Апелляциялык тартипте ишти караган сот өкүмдүн мыйзамдуулугун, негиздүүлүгүн жана адилеттүүлүгүн даттанылган бөлүгүн жана даттануу же сунуш тийиштүү болгон айыпталуучуга карата гана карайт.
2. Эгерде ишти кароодо башка айыпталуучулардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузуулар аныкталып, алар мыйзамсыз өкүмдү чыгарууга алып келсе, сот өкүмдүн даттанылбаган бөлүгүн жана даттануу, сунуш берилбеген адамга карата да жокко чыгарууга же өзгөртүүгө укуктуу. Бул учурда алардын абалын начарлатууга жол берилбейт.
410-берене. Апелляциялык даттануулар жана сунуштар боюнча соттун курамы жана иштерди кароонун мөөнөттөрү
1. Даттануулар жана сунуштар боюнча иштер 3 судьянын соттук курамы тарабынан каралат. Соттун курамын жана иш боюнча төрагалык кылуучуну соттун төрагасы же анын орун басары аныктайт.
2. Апелляциялык инстанциядагы сот даттануу же сунуш боюнча ишти ал келип түшкөн күндөн баштап 2 айдан кеч эмес, ал эми тергөө судьясынын токтомун - 10 суткадан кеч эмес мөөнөттө кароого тийиш.
3. Эгерде сот жаңы материалдарды жана далилдерди иликтөө жана жаңы өкүмдү чыгаруу зарылчылыгынын негиздерин караса, иш апелляциялык тартипте, ал келип түшкөн күндөн тартып 3 айдан кечиктирилбестен каралууга тийиш.
4. Аталган мөөнөттөр жүйөлүү себептер болгон учурда иш өзүнүнүн өндүрүшүндө турган апелляциялык инстанциядагы соттун аныктамасы боюнча бир айга узартылышы мүмкүн.
411-берене. Апелляциялык инстанциядагы соттун отурумун дайындоо
1. Иш апелляциялык даттануу же сунуш менен келип түшкөндө судья-баяндамачы апелляциялык инстанцияга кылмыш иш келип түшкөн күндөн баштап 14 күндөн кеч эмес мөөнөттө соттун отурумун дайындоо жөнүндө аныктама чыгарат, анын убактысы жана өтүүчү жери тууралуу тараптарга кабарлайт.
2. Эгерде ишти иликтөөдө биринчи инстанциядагы сот тарабынан ушул Кодекстин 404 жана 406-беренелеринин талаптары аткарылбагандыгы аныкталса, судья-баяндамачы апелляциялык инстанциядагы сотто ошол ишти кароодо тоскоолдук жараткан жагдайларды жоюу үчүн ишти ошол сотко кайтарып берет.
412-берене. Апелляциялык инстанциядагы өндүрүштүн тартиби
1. Ушул главада каралган жоболорду кошпогондо, апелляциялык инстанциядагы соттогу иш боюнча өндүрүш биринчи инстанциядагы сотто өндүрүш эрежелери боюнча жүргүзүлөт.
2. Соттук отурумда төмөнкүлөрдүн катышуусу милдеттүү:
1) прокурордун;
2) акталгандын, айыпталуучунун же ага карата кылмыш иши кыскартылган адамдын;
3) адвокаттын - ушул Кодекстин 51-беренесинде көрсөтүлгөн учурда;
3. Ишти апелляциялык тартипте айыпталуучу жок кароого ушул Кодекстин 296-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган учурларда жол берилет.
4. Соттук отурумга милдеттүү түрдө катышуучу адамдарды кошпогондо, апелляциялык инстанциядагы соттук отурумдун орду, датасы жана убактысы жөнүндө өз убагында кабар алган адамдын келбей калуусу ишти кароого тоскоолдук жаратпайт.
5. Жеке айыптоочу, анын мыйзамдуу өкүлү же апелляциялык даттануу берген өкүлү жүйөлүү себепсиз сотко келбей койгон учурда апелляциялык инстанциядагы сот алардын даттануусу боюнча апелляциялык өндүрүштү кыскартат.
413-берене. Апелляциялык инстанциядагы соттук териштирүү
1. Төрагалык кылуучу соттук отурумду ачат жана кандай иш жана кимдин апелляциялык даттануусу жана (же) сунушу боюнча карала тургандыгын жарыялайт, соттун курамын, иш боюнча тараптар болуп саналган жактарды, ошондой эле соттук териштирүүнүн катчысын жана, эгерде соттук отурумга котормочу катышса, котормочуну жарыялайт, тараптардан четтетүүлөр жана өтүнүчтөр жана алар даттанууда жана (же) сунушта билдирилген өтүнүчтөрдү колдой тургандыгы же жоктугу тууралуу тактайт, процесстин катышуучуларына алардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт.
2. Соттук териштирүү баяндамачы-судьянын өкүмдүн же башка соттун чечиминин мазмунун, ошондой эле берилген апелляциялык даттануулардын, сунуштардын маңызын, аларга карата каршы пикирлерин жана берилген кошумча материалдар боюнча кыскача баяндоодон башталат.
3. Баяндамачы-судьянын баяндамасынан кийин, сот тараптардын даттанууда, сунушта келтирилген өз жүйөлөрүн негиздөөлөрүн угат, ошондой эле башка тараптардын аларга каршы пикирлерин угат. Бир тарап апелляциялык соттун отурумуна келбеген учурда, апелляциялык инстанциядагы сотко ал тараптан берилген даттануу, сунуштама, ошондой эле жазуу жүзүндөгү каршы пикирлер угузулат.
4. Сот тараптардын сөздөрүнөн кийин далилдерди текшерүүгө өтөт. Биринчи инстанциядагы сотто суракка алынган күбөлөр, эгерде аларды чакырууну сот зарыл деп тапса, алар апелляциялык инстанциядагы сотто суракка алынат.
5. Тараптар жаңы күбөлөрдү суракка алуу, буюм далилдерди жана документтерди ишке кошуу, соттук экспертиза жүргүзүү жөнүндө өтүнүч берүүгө укуктуу. Билдирилген өтүнүчтөрдү чечүү ушул Кодекстин 322-беренесинин эрежелери боюнча жүргүзүлөт, мында апелляциялык инстанциядагы сот өтүнүч биринчи инстанциядагы сот тарабынан канааттандырылбаган деген негиз менен өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартууга укуксуз.
Апелляциялык инстанциядагы соттун отурумунда төрагалык кылуучу адам соттун отурумунда тиешелүү тартипти камсыз кылуу үчүн зарыл чараларды көрөт.
6. Чечим кабыл алууда апелляциялык инстанция өзүнүн чечимин негиздөө үчүн соттун апелляциялык отурумга чакырылбаган, бирок биринчи инстанциядагы сотто суракка алынган адамдардын сотто айтылган көрсөтмөлөрүнө шилтеме жасоого укуктуу.
Чечим кабыл алууда апелляциялык инстанция пробациялык баяндамасыз (жок болсо) пробациялык көзөмөлдү колдонууга укуктуу.
7. Тараптардын макулдугу менен апелляциялык инстанциядагы сот биринчи инстанциядагы сот тарабынан иликтенген далилдерди текшербей туруп, апелляциялык даттанууну, сунуштарды кароого укуктуу.
414-берене. Тараптардын жарыш сөзү. Айыпталуучунун акыркы сөзү
1. Далилдерди иликтөө аяктагандан кийин төрагалык кылуучу тараптардан соттук териштирүүнү толуктоо үчүн аларда болгон өтүнүчтөрдү сурайт. Сот бул өтүнүчтөрдү чечет, андан сон тараптардын жарыш сөзүнө өтөт.
2. Тараптардын жарыш сөзү ушул Кодекстин 340-беренесинин эрежелери боюнча жүргүзүлөт, мында даттануу же сунуш берген адам биринчи болуп сүйлөйт.
3. Тараптардын жарыш сөзү аяктагандан кийин төрагалык кылуучу айыпталуучуга акыркы сөз берет, андан соң сот чечим кабыл алуу үчүн өзүнчө бөлмөгө кетет.
4. Эгерде кеңешме учурунда сот кылмыш иши үчүн мааниси бар жаңы жагдайларды аныктоону, же колдо болгон же жаңы далилдерди кошумча текшерүүнү зарыл деп тапса, ал ишти маңызы боюнча кароону кайра жаңыртат, бул жөнүндө жүйөлүү аныктама чыгарат, ал соттук отурумдун протоколуна киргизилүүгө тийиш.
415-берене. Апелляциялык инстанциянын ыйгарым укуктары
1. Апелляциялык даттануу же сунуш менен келип түшкөн кылмыш ишин кароодо өкүмдүн же башка соттук чечимдин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү максатында сот тараптардын өтүнүчү же өзүнүн демилгеси боюнча төмөнкүлөргө укуктуу:
1) айыпталуучунун, жабырлануучунун жана ишке катышкан башка адамдардын ден соолугунун абалына, үй-бүлөлүк абалына байланышкан документтерди, тараптардын өтүнүчү боюнча башка документтерди да суратып алууга;
2) экспертизаны дайындоого;
3) кошумча күбөлөрдү, эксперттерди, адистерди соттук отурумуна чакырууга жана суракка алууга, тараптар берген же алардын суранычы боюнча сот тарабынан суратып алынган жазуу жүзүндөгү, буюм түрүндөгү жана башка далилдерди иликтөөгө;
4) биринчи инстанциядагы сот тарабынан иликтенген материалдарды жол бергис далилдер деп таанууга жана аларды далилдердин арасынан алып салууга;
5) биринчи инстанциядагы сот тарабынан далилдердин ичинен алынып салынган материалдарды таанууга жана аларды иликтөөгө;
6) материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтурууга тийиштүү жагдайларды иликтөөгө;
7) иш боюнча зарыл болгон башка аракеттерди аткарууга.
2. Процессуалдык макулдашууну түзгөн учурда апелляциялык инстанциядагы сот анын түзүүнүн жагдайларын текшерет.
48-глава. Апелляциялык инстанциядагы соттор тарабынан кабыл алынуучу чечимдер
416-берене. Апелляциялык инстанциядагы соттун чечими
1. Апелляциялык инстанциядагы соттун чечими апелляциялык өкүм жана аныктама болуп эсептелет. Апелляциялык чечим токтоосуз мыйзамдуу күчүнө кирет.
2. Апелляциялык өкүм ушул берененин талаптарын эске алуу менен ушул Кодекстин 44-главасында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын атынан чыгарылат.
3. Апелляциялык өкүмдө, аныктамада өкүм – мыйзамдуу, негиздүү жана адилеттүү, биринчи инстанциядагы соттун башка соттук чечими жана тергөө судьясынын токтому – мыйзамдуу жана негиздүү, ал эми даттануу же сунуш канааттандырылууга тийиш эмес деп таанылган негиздер же болбосо даттанылган соттук чечимди толугу менен же жарым-жартылай жокко чыгаруунун же өзгөртүүнүн негиздери көрсөтүлөт.
4. Апелляциялык өкүм токтом кылынат, апелляциялык аныктама өзүнчө бөлмөдө чыгарылат жана соттун бардык курамы кол коёт.
5. Ишти кароодо келип чыккан маселелер судьялардын көпчүлүк добушу менен чечилет. Судьялар добуш берүүдөн баш тартууга укуксуз. Төрагачылык кылуучу акыркы болуп добуш берет.
6. Көпчүлүк судьялардын чечими менен макул болбогон апелляциялык инстанциядагы судья соттун чечимине эч бир тактоосуз кол коюуга милдеттүү жана өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө берүүгө укуктуу. Судьянын өзгөчө пикири өкүм жарыя кылынган күндөн тартып 5 суткадан кечиктирилбестен даярдалууга тийиш. Судьянын өзгөчө пикири соттук отурумдун залында жарыя кылынууга жатпай турган жана иш боюнча тараптардын таанышуусу үчүн ачык болуп саналган сот актысына тиркелет.
7. Апелляциялык инстанциядагы соттун чечиминин киришүү жана корутунду бөлүгү сот өзүнчө бөлмөсүнөн келгенден кийин жарыяланат. Жүйөлөнгөн чечимди чыгаруу ишти териштирүү бүткөн күндөн тартып 3 суткадан ашпаган мөөнөткө кийинкиге калтырылышы мүмкүн, бул тууралуу төрагалык кылуучу тараптарга жарыялайт. Соттун чечиминин корутунду бөлүгүнө бардык судьялар кол коюшу керек жана ал ишке тиркелет.
8. Апелляциялык инстанциядагы сот өзүнүн сот актысында адашып жазууларды жана айкын техникалык жана грамматикалык каталарды оңдоо тууралуу маселени кароого укуктуу.
417-берене. Апелляциялык инстанциядагы сот тарабынан кабыл алынуучу чечимдердин түрлөрү
1. Апелляциялык инстанциядагы сот кылмыш ишин кароонун жыйынтыгы боюнча төмөндөгү чечимдердин бирин токтом кылат:
1) биринчи инстанциядагы соттун өкүмүн өзгөртүүсүз, ал эми апелляциялык даттанууну же сунушту канааттандыруусуз калтыруу жөнүндө өкүм;
2) биринчи инстанциядагы соттун айыптоо өкүмүн жокко чыгаруу жана актоо өкүмүн чыгаруу жөнүндө аныктама же ишти кыскартуу жөнүндө аныктама;
3) биринчи инстанциядагы соттун өкүмүн өзгөртүү жөнүндө өкүм;
4) биринчи инстанциядагы соттун актоо өкүмүн жокко чыгаруу жана айыптоо өкүмүн чыгаруу жөнүндө аныктама;
5) ишти кыскартуу жөнүндө токтомду жокко чыгаруу жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамды олуттуу түрдө бузган учурларда ишти жаңы кароо үчүн биринчи инстанциядагы сотко жиберүү жөнүндө аныктама;
6) биринчи инстанциядагы соттун токтомун же тергөө судьясынын токтомун өзгөртүүсүз калтырып, ал эми апелляциялык даттанууларды же сунуштарды канааттандыруусуз калтыруу жөнүндө аныктама;
7) биринчи инстанциядагы соттун токтомун жана тергөө судьясынын токтомун өзгөртүү жөнүндө аныктама;
8) биринчи инстанциядагы соттун токтомун же тергөө судьясынын токтомун жокко чыгаруу жөнүндө аныктама жана жаңы аныктаманы чыгаруу;
9) айыптоо өкүмдү жокко чыгаруу жана ишти жаңы кароо үчүн биринчи инстанциядагы сотко жөнөтүү жөнүндө аныктама;
10) апелляциялык өндүрүштү кыскартуу жөнүндө аныктама.
418-берене. Биринчи инстанциядагы соттун өкүмүн жокко чыгарууга же өзгөртүүгө карата негиздер
Биринчи инстанциядагы соттун өкүмүн жокко чыгарууга же өзгөртүүгө жана жаңы өкүмдү чыгарууга төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
1) өкүмдө баяндалган соттун тыянактары апелляциялык инстанциядагы сот тарабынан белгиленген иштин чыныгы жагдайларына ылайык келбегендиги;
2) Кылмыш-жаза кодексинин ченемдерин туура эмес колдонуу;
3) кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамды олуттуу бузуу;
4) дайындалган жазанын жасалган кылмыштын оордугуна ылайык келбегендиги.
419-берене. Өкүмдө баяндалган сот тыянагынын иштин чыныгы жагдайына дал келбөөсү
1. Биринчи инстанциядагы сот тарабынан аныкталган өкүм кылмыш ишинин чыныгы жагдайларына дал келбейт деп таанылат, эгерде:
1) соттун тыянактары соттук отурумда иликтенген далилдер менен ырасталбаса;
2) соттун тыянагына олуттуу таасир эте турган жагдайларды сот эске албаса;
3) соттун тыянагы үчүн олуттуу мааниге ээ болгон карама-каршы далилдер болсо, ушул далилдердин бирин сот кандай негизде кабыл алгандыгы же башкаларын четке каккандыгы өкүмдө көрсөтүлбөсө;
4) өкүмдө жазылган соттун тыянактары олуттуу карама-каршылыктарды камтыса, алар ишти чечүүгө, анын ичинде айыпталуучунун же акталуучунун күнөөлүү же күнөөлүү эместиги жөнүндөгү маселелерди сот тарабынан чечүүгө, Кылмыш-жаза кодексинин ченемдери же жазалоонун белгилүү чаралары туура колдонулгандыгы таасирин тийгизген же тийгизилиши мүмкүн болсо.
2. Биринчи инстанциядагы соттун өкүмүндө баяндалган кылмыш ишинин иш жүзүндөгү жагдайлары жөнүндө тыянактар иликтенген далилдерге ылайык келбей тургандыгын белгилөө менен апелляциялык инстанциядагы сот өкүмдү өткөрүлгөн териштирүүнүн натыйжаларына ылайык толугу менен же анын бир бөлүгүн жокко чыгарат жана жаңы өкүм чыгарат.
3. Апелляциялык инстанциядагы сот өзү иликтеген далилдерге баа берүү менен биринчи инстанциядагы соттун өкүмү боюнча тастыкталбаган же сот тарабынан эске алынбаган фактыларды далилденди деп табууга укуктуу.
420-берене. Кылмыш-жаза кодексинин ченемдерин туура эмес колдонуу
1. Колдонулууга тийиш болгон мыйзамдын сот тарабынан колдонулбашы; колдонулбай турган мыйзамдын колдонулушу; мыйзамды анын так маанисине карама-каршы келген түрдө туура эмес чечмелөө Кылмыш-жаза кодексинин ченемдерин туура эмес колдонуу деп табылат.
2. Жасалган ишке берилген юридикалык бааны туура эмес деп табуу менен апелляциялык инстанциядагы сот айыпталуучунун аракеттерин жумшартуу тарабына кайра квалификациялоого укуктуу.
3. Апелляциялык инстанциядагы сот, эгерде ушул негиздер боюнча айыптоочу тарабынан сунуш, жабырлануучу, жеке айыптоочу же алардын өкүлдөрү тарабынан – даттануу берилсе, бирок коюлган айыптын чектеринде берилген учурда гана айыпталуучунун аракеттерин оордотуу жагына кайра квалификациялоого же кыйла оор жазаны белгилөөгө укуктуу.
421-берене. Кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамды олуттуу бузуу
1. Ишке катышкан адамдардын мыйзам тарабынан кепилденген укуктарынан ажыратуу же кысым көрсөтүү, сот өндүрүшүнүн жол-жобосун сактабоо аркылуу же башка жол менен иштин жагдайларын ар тараптуу жана объективдүү иликтөөгө тоскоол кылуу, мыйзамдуу жана негиздүү өкүмүн, токтомун чыгаруусуна, иштин туура чечилишине таасир тийгизген же таасир тийгизиши мүмкүн болгон бузуулар кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамды олуттуу бузуу деп табылат.
2. Соттук актыны жокко чыгаруунун негиздери төмөнкүлөр болуп эсептелет:
1) ушул Кодекстин 27-беренесинде каралган негиздер болгондо, сот тарабынан иштин кыскартылбаганы;
2) соттун мыйзамсыз курамы тарабынан өкүм чыгаруу же сот арачыларынын мыйзамсыз коллегиясынын курамы тарабынан вердикт чыгаруу;
3) ушул Кодекстин 296-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, айыпталуучу жокто ишти кароо;
4) ушул Кодекске ылайык милдеттүү түрдө катыша турган адвокаттын катышуусуз же айыпталуучунун адвокаттын жардамын пайдалануу укугун башкача бузуу менен ишти кароо;
5) айыпталуучунун өзү билген тилди жана котормочунун жардамын пайдалануу укугун бузуу;
6) тараптардын жарыш сөздөрүнө айыпталуучунун катышуу укугун бербөө;
7) айыпталуучуга акыркы сөз бербөө;
8) өкүмдү чыгарууда купуялуулукту бузуу;
9) сот тарабынан жол берилгис деп табылган далилдер менен өкүмдү негиздөө;
10) сот актысында судьянын кол тамгасынын жоктугу;
11) соттук отурумдун протоколунун жоктугу.
422-берене. Өкүм боюнча дайындалган жазанын жасалган кылмыштын оордугуна ылайык келбеши
1. Өкүм боюнча дайындалган жазанын жасалган кылмыштын оордугуна жана айыпталуучунун инсандыгына ылайык келбейт деп таануу менен апелляциялык инстанциядагы сот Кылмыш-жаза кодексинин беренелеринин санкцияларынын чектеринде жазаны жеңилдетүүгө укуктуу.
2. Апелляциялык инстанциядагы сот, эгерде ушул негиздер боюнча айыптоочу тарабынан сунуш берилсе же жабырлануучу, же алардын өкүлдөрү даттанса, айыпталуучуга катуураак жаза дайындоого укуктуу.
3. Айыпталуучунун абалын начарлатуучу чечим кабыл алууга айыптоочу тараптын даттанууларында же прокурордун сунушунда тиешелүү жүйөлөр болгондо жана алардын чектеринде гана жол берилет. Айыпталуучунун абалын начарлаткан чечим ага коюлган жана айыптоочу тараптын биринчи инстанциядагы сотто колдоого алынган айыптоонун чектеринен чыкпашы керек.
423-берене. Апелляциялык инстанциядагы соттук отурумдун протоколу
Апелляциялык инстанциянын отурумунун протоколу ушул Кодекстин 308-беренесине ылайык соттук отурумдун катчысы тарабынан жүргүзүлөт. Соттук отурумдун протоколуна тараптар сын-пикирлерди киргизиши мүмкүн, алар ушул Кодекстин 309-беренесинде каралган тартипте сот тарабынан каралат.
424-берене. Апелляциялык инстанциядагы соттун өкүмүн жана аныктамасын аткаруу
1. Апелляциялык өкүм, аныктама чыккан күндөн баштап 7 сутканын ичинде иш менен кошо аткаруу үчүн биринчи инстанциядагы сотко жөнөтүлөт.
2. Апелляциялык өкүмдүн, аныктаманын көчүрмөсү же аларга ылайык соттолгон камактан же жаза өтөөдөн бошотулууга тийиш болгон анын корутунду бөлүгүнүн көчүрмөсү өкүм, аныктама чыккан күнү тийиштүү түрдө камакта кармоочу жайдын администрациясына, жазаны өтөөчү жайдын администрациясына жөнөтүлөт. Эгерде соттолгон апелляциялык инстанциядагы соттук отурумга катышса, апелляциялык өкүмдүн же аныктаманын соттолгонду камактан же жазаны өтөөдөн бошотуу бөлүгү токтоосуз түрдө аткарылат.
425-берене. Апелляциялык инстанциядагы соттун ишти кайталап кароосу
Апелляциялык инстанциядагы сот бул иш мурда кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн башка катышуучусунун апелляциялык даттануусу же сунушу боюнча каралгандан кийин, апелляциялык даттануу үчүн өтүп кеткен мөөнөт калыбына келтирилген учурда апелляциялык даттануу, сунуш боюнча ишти апелляциялык тартипте кайтадан карайт.
XI БӨЛҮМ. ӨКҮМДҮ АТКАРУУ
49-глава. Өкүмдү, аныктаманы жана токтомду аткаруу
426-берене. Биринчи инстанциядагы соттун өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө кирүүсү жана аны аткарууга алуу
1. Биринчи инстанциядагы соттун өкүмү эгерде ал даттанылбаса апелляциялык даттанууга мөөнөтү бүткөндөн кийин мыйзамдуу күчүнө кирет жана аткарылууга тийиш.
2. Апелляциялык даттануу же сунуш келтирилген учурда өкүм апелляциялык инстанциядагы өкүм чыгарылган күнү мыйзамдуу күчүнө кирет.
3. Эгерде бир нече айыпталуучулар болсо, өкүмгө бир же бир нече айыпталуучуга карата даттанылса, ал өкүмгө даттануу бербеген соттолгон адамдарга карата апелляциялык даттануунун мөөнөтү бүткөндөн кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Өкүм биринчи инстанциядагы сот тарабынан ал мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып 3 суткадан кечиктирилбестен аткарууга жиберилет.
5. Өкүмдүн аткарылышын контролдоо өкүм чыгарган сот тарабынан жүзөгө ашырылат.
427-берене. Биринчи инстанциядагы соттун токтомун, тергөө судьясынын токтомун аткарууга алуу
1. Биринчи инстанциядагы соттун токтому, тергөө судьясынын токтому кабыл алынгандан кийин аткарууга алынат жана ушул Кодексте каралган учурларда даттанылышы мүмкүн.
2. Иш боюнча сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө кабыл алынган ишти кыскартуу жөнүндө соттун токтому айыпталуучуну камактан бошотууга тийиштүү болгон бөлүгүндө токтоосуз түрдө аткарылууга тийиш.
428-берене. Апелляциялык инстанциядагы соттун өкүмүн, аныктамасын аткарууга алуунун тартиби
1. Апелляциялык инстанциядагы соттун аныктамасы, өкүмү ал жарыя кылынган учурдан баштап мыйзамдуу күчүнө кирет, акыркы болуп саналат жана ушул Кодекстин ХII бөлүмүндө каралган тартипте, ал эми ушул Кодекстин 451-беренесинде каралган негиздер болгон учурда ушул Кодекстин ХIII бөлүмүндө каралган тартипте кайра каралышы мүмкүн.
2. Апелляциялык инстанциядагы сот жазаны аткаруу милдети жүктөлгөн органга камактагы адамга карата кабыл алынган чечим жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.
429-берене. Соттун өкүмүн, токтомун, аныктамасын аткарууга алуу тартиби
1. Соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү, токтому, аныктамасы бардык мамлекеттик бийликтин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, жеке жана юридикалык жактар үчүн милдеттүү жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында кынтыксыз аткарылышы керек.
2. Өкүмдү, токтомду, аныктаманы аткарууга алуу кылмыш ишин биринчи инстанцияда караган сотко жүктөлөт. Өкүмдү аткаруу жөнүндө тескеме сот тарабынан өкүмдүн көчүрмөсү менен бирге кылмыш-жаза-аткаруу мыйзамдарына ылайык өкүмдү аткаруу милдети жүктөлгөн органга жөнөтүлөт. Мүлктү өндүрүп алуу бөлүгүндөгү өкүмдү аткаруу үчүн өкүмдүн көчүрмөсү менен бирге сот аткаруучусуна аткаруу баракчасы жөнөтүлөт.
3. Өкүмдү аткаруучу органдар, анын аткарылгандыгы жөнүндө өкүмдү чыгарган биринчи инстанциядагы сотко дароо маалымдайт. Өкүмдү аткаруучу мекеменин администрациясы соттолгондун жазасын өтөп жаткан жер жөнүндө өкүм чыгарган сотко маалымдоого тийиш.
430-берене. Өкүмдүн аткарууга алынгандыгы жөнүндө соттолгон адамдын туугандарына маалымдоо
1. Камакта кармалган соттолгон эркиндигинен ажыратууга чыгарылган өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин камакта кармоочу жайдын администрациясы соттолгон адамдын үй-бүлөсүнө жазаны өтөө үчүн ал кайда жөнөтүлгөндүгү тууралуу кабар берүүгө милдеттүү.
2. Өкүм аткарууга алынганга чейин иш боюнча төрагалык кылуучу же соттун төрагасы камакта кармалган соттолгондун жакын туугандарынын, жубайынын өтүнүчү боюнча аны менен жолугушууга мүмкүндүк берет.
50-глава. Өкүмдү аткарууга байланышкан маселелерди кароо жана чечүү боюнча өндүрүш
431-берене. Өкүмдү аткарууда сот тарабынан каралууга тийиш болгон маселелер
Сот өкүмдү аткарууга байланышкан төмөнкү маселелерди карайт:
1) жазаны алмаштыруу жөнүндө:
а) коомдук жумуштар түрүндө – Кылмыш-жаза кодексинин 61-беренесине ылайык;
б) эркиндигин чектөө түрүндө – Кылмыш-жаза кодексинин 62-беренесине ылайык;
в) түзөтүү жумуштары түрүндө – Кылмыш-жаза кодексинин 64-беренесине ылайык;
г) айып пул салуу түрүндө – Кылмыш-жаза кодексинин 65-беренесине ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза-аткаруу мыйзамдарына ылайык кылмыш-жаза-аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын атайын комиссиясынын чечими менен эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза өтөө мекемесинин жерин аныктоо жөнүндө;
3) Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза-аткаруу мыйзамдарына ылайык соттун өкүмү менен эркиндигинен ажыратууга соттолгонго түзөтүү мекемесинин түрүн өзгөртүү жөнүндө;
4) Кылмыш-жаза кодексинин 88-беренесине ылайык жаза өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотуу жөнүндө;
5) Кылмыш-жаза кодексинин 90-беренесине ылайык жаза өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотууну жокко чыгаруу жөнүндө;
6) Кылмыш-жаза кодексинин 98-беренесине ылайык тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чарасын алмаштыруу жөнүндө;
7) Кылмыш-жаза кодексинин 100-беренесине ылайык тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чарасын жокко чыгаруу жөнүндө;
8) Кылмыш-жаза кодексинин 91-беренесине ылайык соттолгон адамдын оорусуна байланыштуу жазадан бошотуу жөнүндө;
9) Кылмыш-жаза кодексинин 84 жана 109-беренелерине ылайык пробациялык көзөмөлдү жокко чыгаруу жөнүндө;
10) Кылмыш-жаза кодексинин 83-беренесине ылайык соттолгон адам үчүн мурда белгиленген пробациялык милдеттин толук же жарым-жартылай жокко чыгаруу же толуктоо жөнүндө;
11) Кылмыш-жаза кодексинин 62-беренесине ылайык эркиндигин чектөө түрүндөгү жазага соттолгонго карата белгиленген милдеттерди жарым-жартылай жокко чыгаруу же толуктоо жөнүндө;
12) Кылмыш-жаза кодексинин 62-беренесине ылайык айыптоо өкүмү аткаруунун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жаза өтөөдөн бошотуу жөнүндө;
13) Кылмыш-жаза кодексинин 78-беренесине ылайык убакыты боюнча акыркы өкүм менен чечилбей калса, аткарылбай калган башка өкүмдөр бар болсо ал өкүмдү аткаруу жөнүндө;
14) Кылмыш-жаза кодексинин 80 жана 118-беренелерине ылайык камакта кармалган убакыттын ошондой эле дарылоо мекемесинде болгон убакытты эсепке алуу жөнүндө;
15) Кылмыш-жаза кодексинин 117-беренесине ылайык, медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонууну узартуу, өзгөртүү же токтотуу жөнүндө.
16) адашып жазууларды жана ачык даана техникалык же грамматикалык каталарды оңдоо жөнүндө;
17) өкүмдү аткарууда пайда болгон күмөн саналгандарды жана түшүнүксүз болгондорду тактоо жөнүндө;
18) Кылмыш-жаза кодексинин 87-беренесине ылайык соттолгон кош бойлуу аялга, он төрт жашка чейинки курактагы баласы бар аялга, он төрт жашка чейинки курактагы баласы бар жалгыз ата-эне болгон эркекке жаза өтөөнү кийинкиге калтырууну жокко чыгаруу жөнүндө;
19) Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесине ылайык мунапыс берүү жөнүндө актыны чыгаруунун натыйжасында жазадан бошотуу же жазасын жеңилдетүү, жаза мөөнөтүн кыскартуу жөнүндө;
20) мүлктү камактан бошотуу жөнүндө;
21) өкүмдү аткарууга байланышкан башка маселелер.
432-берене. Өкүмдү аткарууга алуу менен байланышкан маселелерди чечүүчү соттор
1. Ушул Кодекстин 431-беренесинин 1, 11-13, 15, 16, 19-пункттарында жана 433-беренесинде көрсөтүлгөн маселелер өкүм чыгарган сот тарабынан чечилет.
2. Эгерде өкүмдү аткаруу өкүм чыгарган сот иштеген райондон сырткары жерде жүргүзүлсө, анда ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маселелер өкүм аткарылып жаткан жердеги сот тарабынан чечилет. Бул учурда өкүм аткарылган жердеги соттун токтомунун көчүрмөсү өкүм чыгарган сотко жиберилет.
3. Ушул Кодекстин 431-беренесинин 2-4, 8, 15, 19-пункттарында көрсөтүлгөн маселелер кайсы сот тарабынан өкүм чыгарылганына карабастан соттолгон адам жаза өтөп жаткан жердеги сот тарабынан чечилет.
4. Ушул Кодекстин 431-беренесинин 5-7, 9, 10, 11, 17-пункттарында көрсөтүлгөн маселелер соттолгон адам жашаган жердеги сот тарабынан чечилет.
5. Өкүмдү аткарууга байланышкан маселелерди чечүү прокурордун катышуусу менен соттук отурумда жүргүзүлөт.
433-берене. Өкүмдүн аткарылышынын мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу
1. Өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн эркиндигинен ажыратууга соттолгондон тышкары, айыпталган же соттолгон кош бойлуу аялга, 14 жашка чейинки курактагы баласы бар аялга карата, ошондой эле оор же өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн эркиндигинен ажыратууга соттолгондон тышкары, 14 жашка чейинки курактагы баласы бар жана жалгыз бой ата болгон эркекке карата сот жазаны өтөөсүн баласы 14 жашка толгонго чейин кийинкиге жылдырып коюшу мүмкүн.
2. Өкүмдү аткарууну кийинкиге жылдыруу жөнүндө маселе өкүм чыгарган же соттолгондун анын мыйзамдуу өкүлүнүн, жакын тууганынын, жубайынын, адвокатынын өтүнүчүнүн негизинде түзөтүү мекемесинин сунушу өтөп жаткан жери боюнча сот тарабынан чечилет.
3. Өкүмдүн аткарылышын кийинкиге жылдыруу маселеси сот тарабынан прокурордун катышуусунда чечилет.
434-берене. Айыкпас катуу оорусуна байланыштуу жазаны өтөөдөн бошотуу
1. Соттолгон жазаны өтөө убагында жазаны өтөөгө тоскоолдук кылуучу психиканын бузулушунан же башка катуу айыкпас ооруга чалдыккан учурда сот жазаны жана кылмыш-жаза-укуктук таасир берүүнүн башка чараларын аткаруучу органдын жана (же) мекеменин сунушу боюнча мамлекеттик медициналык комиссиянын корутундусунун негизинде соттолгонду жазаны андан ары өтөөдөн бошотууга укуктуу.
2. Психиканын бузулушу менен ооруган соттолгон адамды жазаны андан ары өтөөдөн бошотуу менен бир эле убакта сот ага карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонот.
3. Психиканын бузулушу менен ооруган адамдарды копшогондо, жазаны өтөөгө тоскоолдук кылуучу айыкпас катуу ооруга чалдыккан адамдарды жазаны андан ары өтөөдөн бошотуу жөнүндө маселени чечүүдө судья жасалган кылмыштын оордугун, соттолгон адамдын инсандыгын жана башка жагдайларды эске алат.
4. Соттолгонду оорусу боюнча жазаны андан ары өтөөдөн бошотууда сот аны жазанын негизги түрүнөн гана бошотууга укугу бар.
435- е. Жазаны өтөөдөн шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуу
1. Кылмыш-жаза кодексинин 88-беренесинде каралган учурларда, жазадан шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуу, соттолгон жазаны өтөгөн жер боюнча сот тарабынан соттолгондун жеке арызы боюнча же болбосо жазаны аткаруу мекемесинин администрациясынын сунушу боюнча колдонулат. Тартиптик аскер бөлүгүндө жазаны өтөп жаткандарга карата ушундай эле чаралар сот тарабынан соттолгондун жеке арызы же болбосо тартиптик аскер бөлүгүнүн командачылыгынын сунушу боюнча колдонулат.
2. Кылмыш-жаза кодексинин 112-беренесинде каралган учурларда, 18 жашка чейинки курактагы жаза өтөп жаткан балдарды жаза өтөөдөн шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуу соттолгондун мыйзамдуу өкүлү менен балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын биргелешкен арызы боюнча же болбосо жазаны аткаруу мекемесинин администрациясы менен балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын биргелешкен сунушу боюнча сот тарабынан колдонулат.
3. Жазаны өтөөдөн шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуудан сот баш тарткан учурда, ушул маселе боюнча сунушту кайталап кароо баш тартуу жөнүндө токтом чыгарылган күндөн тартып кеминде 3 ай өткөндөн кийин жүргүзүлүшү мүмкүн.
4. Жазаны өтөөдөн шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуу колдонулган учурда сот жазаны өтөөдөн шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамга жазанын мөөнөтүнүн өтөлбөй калган бөлүгүнүн чегинде, бирок 3 жылдан ашык эмес сыноо мөөнөтүн дайындайт жана пробация органы тарабынан жүргүзүлүүчү сыноо мөөнөтүнүн учуруна шарттуу - мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамга көзөмөлдү белгилөө жөнүндө токтом чыгарат.
5. Сот жазаны өтөөдөн шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотууну колдонуу менен сот соттолгонго көзөмөлдүк талаптарды жүктөйт жана Кылмыш-жаза кодексинин 83-беренесинде каралган анын оңолушуна өбөлгө түзүүчү пробациялык милдеттерди жүктөй алат.
6. Эгерде соттолгон адам сыноо мөөнөтүнүн ичинде көзөмөлдүк талаптарды жана өзүнө жүктөлгөн пробациялык милдеттерди аткарбаса, анда сот пробация органынын сунушунун негизинде соттолгонду ага дайындалган жазаны өтөө үчүн жиберүү жөнүндө токтом чыгарууга укуктуу.
7. Соттолгон калган сыноо мөөнөтүнүн ичинде жаңы кылмыш жасаса, сот Кылмыш-жаза кодексинин 80-беренесинде каралган эрежелер боюнча өкүмдөрдүн жыйындысынын негизинде ага жаза дайындайт.
436-берене. Пробациялык көзөмөлдү жокко чыгаруу
1. Эгерде пробациялык мөөнөттүн ичинде соттолгон адам өзүнө жүктөлгөн көзөмөлдүк талаптарды жана пробациялык милдеттерди аткарса жана жаңы кылмыш жасабаса, ал пробациялык көзөмөлдөн өткөн болуп эсептелет.
2. Пробациялык мөөнөттүн ичинде сот пробация органынын сунушу боюнча соттолгон адам үчүн мурда белгиленген пробациялык милдеттерди толук же жарым-жартылай жокко чыгара же болбосо толуктай алат.
3. Эгерде соттолгон бир жыл ичинде эки же андан көп жолу жүйөлүү себептерсиз өзүнө жүктөлгөн көзөмөлдүк талаптарды жана пробациялык милдеттерди аткарууну бузса, анда сот пробация органынын сунушу боюнча пробациялык көзөмөлдү жокко чыгаруу жана аны дайындалган жазаны өтөө үчүн жөнөтүү тууралуу соттук отурумун дайындайт. Мында сот соттолгондун келүүсүн камсыз кылуу боюнча жеткиликтүү чараларды көрүүгө тийиш.
437-берене. Башка аткарылбаган өкүмдөр болгондо өкүмдүн аткарылышы
Соттолгонго карата бир нече аткарылбаган өкүмдөр болгон учурда убактысы боюнча акыркы өкүм чыгарган сот же өкүмдү аткаруунун орду боюнча сот соттолгонго карата көрсөтүлгөн өкүмдөрдүн бардыгы боюнча жаза колдонуу жөнүндө токтом чыгарууга милдеттүү.
438-берене. Өкүмдү аткарууга байланышкан маселелерди чечүүнүн тартиби
1. Өкүмдү аткарууга, медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу чараларды колдонууга, жазаны өтөөдөн бошотууга байланышкан маселелерди чечүү прокурордун катышуусу менен сот тарабынан жүргүзүлөт.
2. Өкүмдү аткарууга байланышкан маселелерди кароонун убактысы жөнүндө прокурорго жана соттолгонго маалымдалат. Камакта кармалып турган соттолгонду чакыруу жөнүндө маселе сот тарабынан чечилет. Эгерде маселе материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтуруу бөлүгүндөгү өкүмдү аткарууга тиешелүү болсо, жабырлануучу да чакырылат, анын келбей коюшу ишти кароого тоскоолдук кылбайт.
3. Сот тарабынан жазадан шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө маселе каралганда, соттолгон адам, түзөтүү мекемесинин администрациясынын өкүлү чакырылат.
4. Иш сот тарабынан жаңы кылмыш жасоо мүмкүндүгүнүн потенциалдуу тобокелдиктерин, криминогендик керектөөлөрдү, кайра социалдаштыруу перспективаларын чагылдырган пробация кардарынын инсандыгын социалдык изилдөө корутундусу менен түзөтүү мекемесинин администрациясынын жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын биргелешкен сунушу боюнча каралган учурда, сот бул органдарга сунушту кароонун убактысы жана орду жөнүндө маалымдайт.
5. Пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотууну жокко чыгаруу жөнүндө маселе, ошондой эле соттолгон адам үчүн мурда белгиленген пробациялык милдеттерди толуктоо жөнүндө маселе сот тарабынан каралганда, сот соттолгондун, анын өкүлүнүн, пробация органынын өкүлүнүн же аскер бөлүгүнүн командачылыгынын, прокурордун катышуусу менен сунушту карайт.
6. Өкүмдү аткаруу менен байланышкан маселени кароонун натыйжалары боюнча сот токтом чыгарат, ал соттук отурумдун залында жарыяланууга тийиш. Токтомдун көчүрмөсү 3 күндүк мөөнөттө соттолгонго, өкүмдү аткаруу менен байланышкан маселе анын сунушу боюнча каралган органга, ошондой эле эгерде маселе материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтуруу бөлүгүндөгү өкүмдүн аткарылышына тиешелүү болсо, жабырлануучуга да жиберилет.
7. Соттун токтому апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн.
ХII БӨЛҮМ
КАССАЦИЯЛЫК ИНСТАНЦИЯДАГЫ СОТТОГУ
ИШ ӨНДҮРҮШҮ
51-глава. Кассациялык тартипте сот чечимдерине даттануу
439-берене. Сот чечимдерин кассациялык тартипте кайра кароо
1. Жогорку сот кассациялык инстанциядагы сот болуп эсептелет жана ушул Кодексте белгиленген негиздерде жана тартипте соттук чечимдерди кайра карайт.
2. Кассациялык инстанциядагы сот апелляциялык инстанциядагы соттун өкүмүнүн, аныктамасынын мыйзамдуулугун кассациялык даттануу, сунуш боюнча текшерет.
3. Сотко чейинки сот өндүрүшүнүн кызмат адамдарынын чечимдерине даттануулар боюнча кылмыш ишин кыскартуу жөнүндө чечимдерди кошпогондо, апелляциялык тартипте даттанылбаган мыйзамдуу күчүнө кирген биринчи инстанциядагы соттун чечимдери, ошондой эле тергөө судьясынын токтомдоруна даттануу боюнча чыгарылган апелляциялык инстанциядагы соттун чечимдери кассациялык тартипте кайра каралбайт.
4. Кассациялык инстанциядагы соттун кароо предмети акыркы соттук чечимден мурунку аныктамалар болушу мүмкүн, эгерде мындай аныктамаларга даттануу ушул Кодексте каралса. Мындай аныктамалар кассациялык даттанууну же ушул иш боюнча кабыл алынган акыркы соттук чечимге сунушту кароо менен бир мезгилде, кассациялык тартипте кайра каралууга тийиш.
440-берене. Кассациялык инстанциядагы сотко кайрылуу укугу
1. Мыйзамдуу күчүнө кирген апелляциялык инстанциядагы соттук чечим ушул главада каралган тартипте соттолгон, акталган, адвокат жана мыйзамдуу өкүлдөрү, жабырлануучу же (жана) анын өкүлү, ошондой эле башка адамдар тарабынан даттанылуучу соттук чечимдер алардын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына тиешеси бар болгон бөлүгүндө кассациялык инстанциядагы сотко даттанылышы мүмкүн.
2. Мыйзамдуу күчүнө кирген апелляциялык инстанциядагы сот чечимин кайра кароо жөнүндө сунуш менен мамлекеттик айыптоочу же жогору турган прокурор кайрылууга укуктуу.
441-берене. Кассациялык инстанциядагы соттун укуктарынын чектери
1. Кассациялык инстанциядагы сот кассациялык даттануулардын же сунуштардын жүйөлөрү менен байланышта эмес жана материалдык жана процессуалдык укуктардын ченемдерин олуттуу бузуулар бөлүгүндө иш боюнча өндүрүштү текшерүүгө укуктуу. Төмөндөгүлөр материалдык укуктун ченемдерин олуттуу бузуу болуп саналат:
1) Кылмыш-жаза кодексинин Жалпы бөлүгүнүн беренелерин туура эмес колдонуу;
2) кылмыш аракетин квалификациялоодо Кылмыш-жаза кодексинин беренелерин, анын бөлүгүн же пунктун туура эмес колдонуу;
3) Кылмыш-жаза кодексинин тийиштүү беренесинин, анын бөлүгүнүн же пунктунун санкциясында каралбаган жазанын түрүн жана чарасын айыпталуучуга белгилөө.
Процессуалдык укуктун ченемдерин олуттуу бузуу болуп ушул Кодекстин 421-беренесинде каралган негиздер саналат.
2. Эгерде иш боюнча бир нече адам соттолсо, ал эми кассациялык даттануу же сунуш алардын бири тарабынан же болбосо алардын айрымдарына карата гана берилсе, анда кассациялык инстанциядагы сот бардык соттолгондорго карата ишти текшерүүгө укуктуу.
3. Кассациялык инстанциядагы сот прокурордун сунушу же жабырлануучунун даттануусу берилбеген соттолгондун, акталгандын абалын начарлата албайт.
4. Иш боюнча бир нече адам соттолгон же акталган учурда эгерде өкүмдү, аныктаманы жокко чыгаруу алардын абалын начарлатса, аларга карата кассациялык даттануу же сунуш берилбеген акталгандарга же соттолгондорго карата сот өкүмдү, аныктаманы жокко чыгарууга укуктуу эмес.
5. Кассациялык инстанциядагы соттун көрсөтмөлөрү төмөн турган инстанциядагы сот тарабынан ушул ишти кайталап кароодо милдеттүү болуп эсептелет.
6. Соттук чечим жокко чыгарылган учурда кассациялык инстанциядагы соттун төмөнкүлөргө укугу жок:
1) өкүмдө белгиленбеген же аны менен четке кагылган фактыларды белгилөөгө же далилденген деп эсептөөгө;
2) айыптоонун далилденгендиги же далилденбегендиги, тигил же бул далилдин ишенимдүүлүгү же калпыстыгы жана бир далилдин экинчисинин алдында артыкчылыгы жөнүндө маселелерди алдын ала чечүүгө;
3) биринчи инстанциядагы же апелляциялык инстанциядагы соттун Кылмыш-жаза кодексинин тигил же бул ченемдерин жана жаза чараларын колдонуу жөнүндө чечимди кабыл алуусуна;
4) бул ишти кайталап кароодо биринчи инстанциядагы же апелляциялык инстанциядагы сот тарабынан жасалышы мүмкүн болгон жыйынтыктарды алдын ала чечүүгө.
442-берене. Кассациялык тартипте соттук чечимди кайра кароодо абалдын начарлоосуна жол берилбестик
Соттолгондун, акталгандын, иши кыскартылган адамдын абалын начарлатууга алып келүүчү негиздер боюнча апелляциялык инстанциядагы соттун өкүмүн, аныктамасын кассациялык тартипте кайра кароого алар мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып бир жылдан ашпаган мөөнөттө жол берилет.
443-берене. Кассациялык инстанциядагы соттун кароосуна сунуштарды жана даттанууларды киргизүү тартиби
1. Сунуш, даттануу сот чечимин чыгарган биринчи инстанциядагы сотко берилет.
2. Даттануу жана (же) сунуш берилгендиги жөнүндө биринчи инстанциядагы сот ишке катышуучу адамдарга кабарлайт жана 5 күндүн ичинде ишти Жогорку сотко жөнөтөт.
444-берене. Кассациялык даттануунун, сунуштун мазмуну
1. Кассациялык даттануу, сунуш төмөнкүлөрдү камтышы керек:
1) алар берилген соттун аталышын;
2) жашаган же турган жерин, процессуалдык абалын көрсөтүү менен даттанууну, сунушту берген адам жөнүндө маалыматтарды;
3) биринчи инстанциядагы, апелляциялык инстанциядагы ишти караган сотторго көрсөтмөнү жана алар кабыл алган чечимдин мазмунун;
4) даттанылуучу соттун чечимдерине көрсөтмөнү;
5) иштин натыйжасына таасир этүүчү соттор жол берген материалдык жана процессуалдык укуктун ченемдеринин олуттуу бузууларына көрсөтмөнү, мындай бузууларды күбөлөндүрүүчү айгинелөөчү жүйөлөрдү келтирүү менен;
6) даттануу, сунуш берген адамдын өтүнүчүн;
7) эгерде алар бар болсо, даттанууга, сунушка тиркелүүчү документтердин тизмесин.
2. Кассациялык даттанууга аны берген адам кол коюуга тийиш. Адвокат берген даттанууга ордер тиркелет. Сунушка прокурор кол коюшу керек.
445-берене. Кассациялык даттанууну, сунушту кароосуз кайра кайтаруу
1. Кассациялык даттануу, сунуш каралбастан кайтарылат, эгерде:
1) алар ушул Кодекстин 444-беренесинде каралган талаптарга жооп бербесе;
2) алар кассациялык инстанциядагы сотко кайрылууга укугу жок адам тарабынан берилсе;
3) алар ушул Кодекстин 442-беренесинде каралган кассациялык даттанууга белгиленген мөөнөт өткөндөн кийин берилсе;
4) иш апелляциялык инстанциядагы сот тарабынан каралбаса;
5) иш кассациялык инстанциядагы сот тарабынан каралса.
2. Кассациялык даттануу, сунуш кассациялык инстанциядагы сотко келип түшкөн күндөн тартып 10 күндүн ичинде кассациялык даттанууну, сунушту берген адамга кайтарып берүү себептерин жазуу жүзүндө түшүндүрүү менен тиркелген бардык документтер менен кайтарылууга тийиш.
3. Прокурордун кассациялык сунушун соттук отурум башталганга чейин сунуш берген прокурор же жогору турган прокурор чакыртып алышы мүмкүн.
4. Процесстин катышуучусу өзүнүн даттануусун жана адвокатынын жана өкүлүнүн даттануусун чакыртып алууга укуктуу. Бала процесстин катышуучусу катары өзүнүн мыйзамдуу өкүлүнүн жана адвокатынын даттануусун ал жашы жеткен күндөн тартып гана чакыртып ала алат.
5. Даттанууну жана сунушту чакыртып алууга судьялар кеңешүүчү бөлмөгө кеткенге чейин жол берилет.
6. Кассациялык даттанууну, сунушту чакыртып алуу кассациялык өндүрүштү кыскартууга алып келет, ал жөнүндө кассациялык инстанциядагы сот аныктама чыгарат.
7. Кассациялык даттанууну, сунушту чакыртып алуу кассациялык даттануу, сунуш менен кайтадан кайрылууну жокко чыгарат.
52-глава. Кассациялык инстанциядагы сот тарабынан кабыл алынуучу иштерди жана чечимдерди кароонун тартиби
446-берене. Кассациялык инстанциядагы сот тарабынан ишти кароонун тартиби
1. Жогорку сотто иш 3 судьядан турган соттук курам тарабынан каралат. Соттордун курамын жана иш боюнча төрагалык кылуучуну соттун төрагасы же анын орун басары аныктайт.
2. Кассациялык даттануу, сунуш боюнча ишти кароодо соттун отурумуна прокурордун катышуусу милдеттүү. Соттун отурумуна ушул Кодекстин 440-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдар да өтүнүч берген шартта катыша алышат, ал сот тарабынан чечилет.
3. Соттун отурумуна катышуусу милдеттүү болгон адамдарды кошпогондо, кассациялык инстанциядагы соттун отурумунун орду, датасы жана убактысы жөнүндө талаптагыдай кабарланган адамдардын келбей коюшу ишти кароого тоскоолдук кылбайт.
4. Төрагалык кылуучу ишти кароо үчүн дайындалган убакта соттук отурумун ачат жана кандай иш каралууга тийиш экендигин жарыялайт жана соттук териштирүүнүн катышуучуларында четтетүүлөрдүн жана өтүнүчтөрдүн бар же жок экендигин аныктайт.
5. Четтетүүлөрдү жана өтүнүчтөрдү чечкенден кийин баяндамачы-судья тарабынан иш баяндалат, ал иштин жагдайын, иш боюнча кабыл алынган соттук чечимдердин мазмунун, кассациялык даттануулардын, сунуштардын жүйөлөрүн баяндайт. Баяндамачыга судьялар тарабынан суроолор берилиши мүмкүн.
6. Эгерде ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдар соттук отурумга келсе, алар иш боюнча чыгып сүйлөөгө укуктуу. Биринчи болуп кассациялык даттанууну же сунушту берген адам сүйлөйт.
7. Тараптардын чыгып сүйлөөлөрү аяктагандан кийин судьялар кеңешүүчү бөлмөгө кетишет.
8. Кассациялык инстанциядагы соттун чечими кеңешүүчү бөлмөндө ачык добуш берүү менен кабыл алынат. Судьялар калыс болууга же добуш берүүгө катышпай коюуга укуксуз. Төрагалык кылуучу акыркы болуп добуш берет. Кассациялык инстанциядагы соттун чечими, эгерде ал үчүн судьялардын көпчүлүгү добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет.
447-берене. Кассациялык даттанууну, сунушту кароонун мөөнөтү
Кассациялык даттануу, сунуш иш Жогорку сотко түшкөн күндөн тартып 2 айлык мөөнөттө каралууга тийиш.
448-берене. Кассациялык инстанциядагы соттун чечими
1. Ишти кароонун натыйжасында кассациялык инстанциядагы сот төмөнкүлөргө укуктуу:
1) биринчи жана апелляциялык инстанциядагы соттун актысын күчүндө калтырууга;
2) иш боюнча чыгарылган соттук актынын бирин күчүндө калтырууга;
3) эгерде материалдык укуктун ченемдерин колдонууда гана ката кетирилген болсо, биринчи жана апелляциялык инстанциядагы соттун актысын толук же жарым-жартылай жокко чыгарууга же өзгөртүүгө жана жаңы кароого жибербей жаңы чечим кабыл алууга;
4) ушул Кодекстин 27-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган негиздер болгондо, биринчи жана апелляциялык инстанциядагы соттун актысын жокко чыгарууга жана иш боюнча өндүрүштү кыскартууга;
5) эгерде процессуалдык укуктун ченемдерин олуттуу бузууга жол берилген болсо жана алар ишти туура эмес чечүүгө алып келсе, биринчи жана (же) апелляциялык инстанциядагы соттун актысын толугу менен же бөлүгүн жокко чыгарууга жана ишти жаңы кароого жиберүүгө.
2. Кассациялык инстанциядагы сот кассациялык өндүрүштү токтото турууга жана мыйзамдын же башка ченемдик укуктук актынын же болбосо алардын ушул иште колдонулган бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө Конституциялык сотко суроо-талап жиберүүгө укуктуу, ал бул жөнүндө аныктама чыгарат.
3. Ишти жаңы кароого жиберүүдө кассациялык инстанциядагы сот ишти башка курамда кароонун зарылдыгын көрсөтөт.
4. Кассациялык инстанциядагы сот ишти кароонун натыйжасы боюнча токтом түрүндө чечим чыгарат.
5. Токтомго ишти кароого катышкан бардык судьялар кол коёт. Өзгөчө учурларда гана өтө татаал иш боюнча жүйөлөнгөн токтомду түзүү 10 күнгө чейинки мөөнөткө кийинкиге калтырылышы мүмкүн, бирок токтомдун корутунду бөлүгү кеңешүүчү бөлмөдө түзүлөт жана ага ишти кароого катышкан бардык судьялар кол коёт.
6. Токтом төрагалык кылуучу же баяндамачы-судья тарабынан жарыя кылынат. Соттук отурумдун залында катышып олтургандардын бардыгы токтомду орундарынан туруп угат.
449-берене. Кассациялык инстанциядагы соттун судьясынын өзгөчө пикири
Көпчүлүк судьялардын чечими менен макул болбогон кассациялык инстанциядагы судья соттун чечимине кандайдыр бир эскертмесиз кол коюуга милдеттүү жана өзүнүн өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө баяндоого укуктуу, ал соттук актыга тиркелет жана соттук отурумда жарыяланбайт, иш боюнча тараптардын таанышуусу үчүн ачык болуп саналат.
450-берене. Кассациялык инстанциядагы соттун чечимин аткаруу
1. Кассациялык инстанциядагы соттун соттук чечимдери алар жарыя кылынган учурдан тартып дароо мыйзамдуу күчүнө кирет, акыркы болуп эсептелет, даттанылууга жатпайт жана ушул Кодексте каралган тартипте аткарылат.
2. Кассациялык инстанциядагы соттун соттук чечимдери алар чыгарылган күндөн тартып 5 күндүн ичинде иш менен кошо биринчи же апелляциялык инстанциядагы сотко аткаруу үчүн жөнөтүлөт.
ХIII БӨЛҮМ
ЖАҢЫ ЖЕ КАЙТАДАН АЧЫЛГАН ЖАГДАЙЛАР
БОЮНЧА ИШТИ КАЙРА БАШТОО
53-глава. Жаңы же кайтадан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра баштоо тартиби
451-берене. Иш боюнча өндүрүштү кайра баштоонун негиздери
1. Соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү, аныктамасы, токтому жокко чыгарылышы жана иш боюнча өндүрүш жаңы же жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кайра башталышы мүмкүн.
2. Кылмыш иши боюнча өндүрүштү кайра баштоонун негиздери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) жаңыдан ачылган жагдайлар – ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн, соттун өкүмү же башка чечими мыйзамдуу күчүнө кирген учурда болгон, бирок сотко белгисиз жагдайлар;
2) жаңы жагдайлар – ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн, сот актысын чыгаруу учурунда болбогон жана сотко белгисиз болгон жагдайлар.
3. Жаңыдан ачылган жагдайлар болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) мыйзамсыз же негизсиз өкүмдү, аныктаманы, токтомду чыгарууга алып келген, соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү менен белгиленген жабырлануучунун же күбөнүн көрсөтмөлөрүнүн, эксперттин корутундусунун атайылап жалган берилиши, ошого тете эле буюм далилдеринин, тергөө жана сот аракеттеринин протоколдорунун жана башка документтердин жасалмаланышы же котормонун атайын туура эмес которулушу;
2) мыйзамсыз жана негизсиз өкүмдү, аныктаманы, токтомду чыгарууга алып келген, соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмүндө белгиленген алгачкы текшерүү органынын кызматкеринин, тергөөчүнүн же прокурордун кылмыштуу аракеттери;
3) ушул ишти кароодо ал тарабынан жасалган, соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү менен белгиленген судьянын кылмыштуу аракеттери;
4) өкүмдү, аныктаманы, токтомду чыгарууда сотко белгисиз болгон, өз алдынча алганда жана мурда аныкталган жагдайлар менен кошо алганда соттолгондун күнөөсүздүгү жөнүндө же ал соттолгон кылмыштын оордугунун даражасы боюнча башка кылмыш жасагандыгы жөнүндө же болбосо акталган адамдын же иши кыскартылган адамдын күнөөлүүлүгүн күбөлөндүргөн жагдайлар.
4. Жаңы жагдайлар болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) аракеттин жазалануусун болтурбоочу же жазаны жеңилдетүүчү мыйзамдын күчүнө кирүүсү;
2) Конституциялык соттун ушул кылмыш ишинде сот колдонгон мыйзамды же башка ченемдик укуктук актыны же болбосо алардын бөлүгүн конституциялык эмес жана Конституцияга карама-каршы келет деп таануусу;
3) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык эл аралык органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын сотторунун аталган кылмыш ишин кароодо адамдардын укуктарынын жана эркиндиктеринин бузулушунун аныкталышы.
5. Ушул беренеде саналган жагдайлар соттун өкүмүнөн тышкары соттун, прокурордун, тергөөчүнүн иштин эскирүү мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу, мунапыс же ырайым кылуу актыларынын натыйжасында, айыпталуучунун өлгөндүгүнө же адамдын кылмыш жоопкерчилиги башталуучу жаш куракка жетпегендигине байланыштуу ишти кыскартуу жөнүндө аныктамалары, токтомдору менен аныкталуусу мүмкүн.
452-берене. Ишти жаңы же кайтадан ачылган жагдайлар боюнча кароо жөнүндө өтүнүчтөрдү кароочу соттор
1. Мыйзамдуу күчүнө кирген соттук чечим боюнча жаңы же кайтадан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра кароо жөнүндө өтүнүч бул чечимди кабыл алган сот тарабынан жаңы же кайтадан ачылган жагдайлар боюнча кайра каралат.
2. Биринчи инстанциядагы сот апелляциялык тартипте каралбаган, өзүнүн мыйзамдуу күчүнө кирген соттук чечими боюнча жаңы жана жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра кароо жөнүндө өтүнүчтү карайт.
3. Апелляциялык инстанциядагы сот кассациялык тартипте каралбаган, өзүнүн соттук чечими боюнча жаңы жана кайтадан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра кароо жөнүндө өтүнүчтү карайт.
4. Кассациялык инстанциядагы сот өзүнүн соттук чечими боюнча жаңы жана жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра кароо жөнүндө өтүнүчтү карайт.
453-берене. Өндүрүштү кайра баштоонун мөөнөттөрү
1. Жаңы же кайтадан ачылган жагдайлар боюнча айыптоо өкүмү соттолгон адамдын пайдасына кайра кароо эч кандай мөөнөттөр менен чектелбейт.
2. Соттолгон адамдын өлүмү аны реабилитациялоо максатында жаңы же кайтадан ачылган жагдайлардан улам иш боюнча өндүрүштү кайра баштоого тоскоолдук болуп эсептелбейт.
3. Актоо өкүмүн, аныктаманы, ишти кыскартуу жөнүндө токтомду кайра кароого, ошондой эле айыптоо өкүмүн жазанын жеңилдигине же болбосо аракетти оордотуу жагына кайра квалификациялоонун зарылдыгына байланыштуу кайра кароого жасаган кылмышы үчүн жоопкерчиликке тартуунун эскирүү мөөнөттөрүнүн ичинде гана, жаңы же жаңыдан ачылган жагдайлар аныкталган күндөн тартып бир жылдан кечиктирилбестен жол берилет.
4. Жаңы же кайтадан ачылган жагдайлар аныкталган күн болуп төмөндөгүлөр эсептелет:
1) ушул Кодекстин 451-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-3-пункттарында көрсөтүлгөн адамдарга карата өкүм, аныктама, токтом мыйзамдуу күчүнө кирген күн;
2) ушул иште колдонулган мыйзамды же башка ченемдик укуктук актыны же болбосо алардын бөлүгүн конституциялык эмес жана Конституцияга каршы келет деп таануу жөнүндө Конституциялык соттун чечими күчүнө кирген күн;
3) компетенциясы Кыргыз Республикасы тарабынан таанылган эл аралык органдын адам укуктары боюнча эл аралык келишимдердин ченемдери бузулгандыгы жөнүндө чечими күчүнө кирген күн;
4) соттолгон, акталган, жабырлануучу же алардын мыйзамдуу өкүлдөрү, адвокат, ошондой эле прокурор ушул Кодекстин 451-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган учурда иш боюнча жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу өндүрүштү кайра баштоо жөнүндө өтүнүч берген күн;
5) ушул Кодекстин 451-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык жаңы жагдайлар боюнча сот тарабынан өндүрүш козголгон күн.
454-берене. Жаңы же кайтадан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра баштоо жөнүндө өтүнүч берүүгө укуктуу жактар
Жаңы же кайтадан ачылган жагдайлар боюнча өндүрүштү кайра баштоо жөнүндө өтүнүч берүү укугу соттолгонго, акталганга, жабырлануучуга же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө, адвокатына, ошондой эле прокурорго таандык. Өтүнүч өкүм же башка соттук чечимди чыгарган сотко берилет.
455-берене. Жаңы же кайтадан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра баштоо жөнүндө өтүнүчтү кароочу соттун чечими
Жаңы же кайтадан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра баштоо жөнүндө өтүнүчтү карап, сот төмөнкүдөй чечимдердин бирин чыгарат:
1) ушул Кодекстин 451-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган жаңы ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра баштоо жөнүндө өтүнүчтү канааттандыруу жана сотко чейинки өндүрүштү уюштуруу үчүн ишти прокурорго өткөрүп берүү тууралуу;
2) жаңы ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра баштоо жөнүндө өтүнүчтү канааттандыруу жана соттун өкүмүн, аныктамасын, токтомун жокко чыгаруу же ишти кыскартуу жөнүндө;
3) жаңы же кайтадан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра баштоо жөнүндө өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө.
2. Жаңы же кайтадан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра баштоо жөнүндө өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө биринчи жана апелляциялык инстанциядагы соттун чечими жогору турган сотко даттанылышы мүмкүн.
456-берене. Соттук чечимдерди жокко чыгаргандан кийинки өндүрүш
Жаңы жана кайтадан ачылган жагдайлардан улам ал боюнча соттук чечимдер жокко чыгарылгандан кийин иш боюнча сотко чейинки же соттук өндүрүш, ошондой эле чыгарылган жаңы соттук чечимдерге даттануу жалпы тартипте жүргүзүлөт.
ХIV БӨЛҮМ
КЫЛМЫШ-ЖАЗА СОТ ӨНДҮРҮШҮНҮН ӨЗГӨЧӨ ТАРТИБИ
54-глава. Мыйзам менен чатагы бар балдардын жасаган кылмыштары жөнүндө иштер боюнча кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тартиби
457-берене. Мыйзам менен чатагы бар балдардын жасаган кылмыштары жөнүндө иштер боюнча кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тартиби
1. Бул главанын жоболору кылмыш жасаган учурда 18 жашка толо элек балдардын кылмыштары жөнүндө иштер боюнча колдонулат.
2. Мыйзам менен чатагы бар балдардын жасаган кылмыштары жөнүндө иштер боюнча кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тартиби ушул Кодекстин жалпы эрежелери, ошондой эле ушул главанын беренелери менен аныкталат. Мыйзам менен чатагы бар балдарга карата иштер боюнча адистештирилген прокурордун, тергөөчүнүн, судьянын жана балдардын иштери боюнча адвокаттын, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жабырлануучунун жана күбөлөрдүн катышуусу милдеттүү болуп саналат.
458-берене. Балдардын кылмыштары жөнүндө иштер боюнча белгиленүүгө тийиш болгон жагдайлар
1. Ушул Кодекстин 81-беренесинде саналган жагдайларды далилдөө менен катар балдар жасаган кылмыштар жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштө жана соттук териштирүүдө төмөнкүлөр аныкталышы керек:
1) баланын курагы (туулган күнү, айы, жылы);
2) баланын жашоо жана тарбиялануу шарттары;
3) интеллектуалдык, эрктик жана психикалык өнүгүү даражасы, мүнөзүнүн жана темпераментинин өзгөчөлүктөрү, керектөөлөрү жана кызыкчылыктары;
4) балага чоң адамдардын жана кошо катышуучулардын таасиринин болушу же жоктугу.
2. Баланын жан-дүйнө оорусуна байланышпаган, акыл-эсинин өнүгүшү артта калганы жөнүндө күбөлөндүргөн маалыматтар болгондо, бала өзүнүн коомдук кооптуу аракетинин маанисин толук түрдө түшүнө ала тургандыгы же аны башкара ала тургандыгы да аныкталат.
3. Бул жагдайларды аныктоо үчүн баланын ата-энеси, педагогдор, тарбиячылар жана башка керектүү маалыматтарды бере ала турган адамдар суракка алынышы мүмкүн, ошондой эле керектүү документтер талап кылынат, башка тергөө жана соттук аракеттери жүргүзүлөт.
4. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери баланын жашоо-турмуш кырдаалына баа берет жана талдоо жүргүзөт, анын жыйынтыгы боюнча корутунду түзөт жана тергөөчүнүн жана соттун кароосуна берет.
459-берене. Балага карата ишти өзүнчө өндүрүшкө бөлүү
Чоңдор менен кошо кылмыш жасоого катышкан балага карата иш ушул Кодекстин 142-беренесинде белгиленген тартипте өзүнчө өндүрүшкө бөлүнөт. Эгерде ишти өзүнчө өндүрүшкө бөлүү мүмкүн болбосо, чоңдор менен кошо бир иш боюнча жоопкерчиликке тартылган балага ушул главанын эрежелери колдонулат.
460-берене. Баланы кармоо жана ага карата бөгөт коюу чарасын колдонуу
1. Баланы кармоо жана ага карата камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасын колдонуу өзгөчө учурларда ушул Кодекстин 96, 97 жана 114-беренелеринде каралган тартипте жүргүзүлөт.
2. Баланы сотко алып келгенге чейин аны кармоонун мыйзамдуулугун текшерүү үчүн прокурор ишти өз өндүрүшүнө албастан, ушул Кодекстин 462-беренесине ылайык жеке өзү суракка алууга милдеттүү, сурактын протоколу иштин материалдарына тиркелет.
3. Балага карата бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө маселени чечүүдө ар бир учурда баланы ушул Кодекстин 111-беренесинде каралган тартипте көз салып турууга өткөрүп берүү сыяктуу чараны колдонуу мүмкүнчүлүгү талкууланышы керек.
4. Баланы кармоо, камакка алуу жөнүндө кармалган же камакка алынган учурдан тартып 3 сааттын ичинде баланын ата-энесине же анын мыйзамдуу өкүлдөрүнө билдирилүүгө тийиш.
461-берене. Айыпталуучу баланы чакыртуунун тартиби
Камакка алынбаган айыпталуучу баланы тергөөчүгө, сотко чакыруу анын ата-энеси же башка мыйзамдуу өкүлдөрү аркылуу, эгерде бала атайын тарбиялоо мекемесинде болсо - ушул мекеменин администрациясы аркылуу жүргүзүлөт.
462-берене. Шектүү, айыпталуучу катары баланы суракка алуу
1. Шектүү, айыпталуучу катары баланы суракка алуу саат 8.00дөн саат 22.00гө чейинки мезгилде жүргүзүлөт жана тыныгуусуз 2 сааттан узакка созулбайт, ал эми жалпысынан алганда - күнүнө 4 сааттан ашпайт.
2. Шектүү, айыпталуучу катары баланы суракка алуу адвокаттын, мыйзамдуу өкүлдүн, зарыл болгондо – балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкеринин, психологдун, педагогдун катышуусунда өтөт, алар суракка алынып жаткан адамга суроолорду берүүгө, ал эми сурак бүткөндө – протокол менен таанышууга, көрсөтмөлөрдүн туура жана толук жазылгандыгы жөнүндө пикирин билдирүүгө укуктуу.
463-берене. Адвокаттын катышуусу
1. Ушул Кодекстин 51-беренесине ылайык балдар жасаган кылмыштар боюнча ишке адвокаттын катышуусу милдеттүү.
2. Балдар жасаган кылмыштар жөнүндө иштер боюнча адвокаттын катышуусуна биринчи сурак учурунан баштап, ал эми кармалган учурда – кармалган учурдан баштап жол берилет. Эгерде бала же анын мыйзамдуу өкүлдөрү адвокат менен макулдашуу түзбөсө, тергөөчү, прокурор, сот мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардамды камсыз кылышы керек.
464-берене. Педагогдун жана психологдун катышуусу
1. 16 жашка чыга элек жана бул жашка чыккан, бирок акыл-эси жагынан артта калган деп таанылган шектүү, айыпталуучу баланы суракка алууга педагогдун же психологдун катышуусу милдеттүү.
2. 16 жашка чыккан балдар жасаган кылмыштар жөнүндө иштер боюнча педагогдун же психологдун суракка катышуусуна тергөөчүнүн, прокурордун каалоосу боюнча же болбосо адвокаттын, мыйзамдуу өкүлдүн өтүнүчү боюнча жол берилет.
3. Педагог же психолог тергөөчүнүн, прокурордун уруксаты менен шектүү, айыпталуучу балага суроо берүүгө, ал эми сурак бүткөндө – сурактын протоколу менен таанышууга жана андагы жазуулардын тууралыгы жана толуктугу жөнүндө жазуу жүзүндө пикирин билдирүүгө укуктуу. Бул укуктарды тергөөчү, прокурор баланы суракка алуунун алдында педагогго же психологго түшүндүрөт, бул тууралуу сурак протоколунда белги коюлат.
4. Баланы айыпталуучу катарында сотто суракка алууда педагогдун же психологдун катышуусу ушул берененин эрежелери менен аныкталат.
465-берене. Шектүү жана айыпталуучу баланын мыйзамдуу өкүлүнүн сотко чейинки өндүрүшкө катышуусу
1. Балдар жасаган кылмыштар жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки өндүрүшкө баланын мыйзамдуу өкүлү катышат.
2. Баланын мыйзамдуу өкүлүнүн ишке катышуусуна тергөөчүнүн токтому менен баланы алгачкы суракка алган учурдан тартып жол берилет. Мыйзамдуу өкүлгө ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн укуктар түшүндүрүлөт.
3. Баланын мыйзамдуу өкүлү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) бала эмнеге шектелип жана айыпталып жаткандыгын билүүгө;
2) кылмыш жасагандыгы боюнча айыпты угузууга катышууга;
3) баланы суракка алууга, ошондой эле баланын жана анын адвокатынын катышуусунда жүргүзүлүүчү башка тергөө аракеттерине катышууга;
4) өздөрү катышкан тергөө аракеттеринин протоколдору менен таанышууга жана алардагы жазуулардын тууралыгы жана толуктугу жөнүндө жазуу түрүндө сын-пикирин билдирүүгө;
5) өтүнүчтөрдү жана четтетүүлөрдү берүүгө;
6) тергөөчүнүн жана прокурордун аракеттерине жана чечимдерине даттанууга;
7) далилдерди берүүгө;
8) сотко чейинки өндүрүш аяктагандан кийин иштин бардык материалдары менен таанышууга, кайсы болбосун маалыматты көчүрүп алууга, документтердин көчүрмөлөрүн алууга.
4. Тергөөчү сотко чейинки өндүрүш аяктагандан кийин балага терс таасир этиши мүмкүн болгон материалдардын бөлүгүн ага тааныштырууну чектөө, бул материалдар менен баланын мыйзамдуу өкүлүн тааныштыруу жөнүндө токтом чыгарууга укуктуу.
5. Эгерде мыйзамдуу өкүлдүн аракеттери баланын кызыкчылыктарына залал келтирет же сотко чейинки өндүрүшкө тоскоолдук кылууга багытталган деп эсептөөгө негиздер бар болсо, ал ишке катышуудан четтетилет. Тергөөчү бул тууралуу жүйөлөнгөн токтом чыгарат. Бул учурда ишке катышууга башка мыйзамдуу өкүлгө жол берилет.
466-берене. Баланы комплекстүү психологиялык-психиатриялык экспертизадан өткөрүү
1. Айыпталуучу балада психикалык оорулардын же өнүгүүсүнүн аномалиясынын болушу, өзүнүн аракеттерине толук же жарым-жартылай отчет берүү жана конкреттүү жагдайды башкаруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселелерди чечүү үчүн комплекстүү психологиялык-психиатриялык экспертиза дайындоого милдеттүү.
2. Айыпталуучу баланын интеллектуалдык, эрктик, психикалык өнүгүүсүнүн деңгээлин, инсандык башка социалдык-психологиялык белгилерин аныктоо үчүн психологиялык экспертиза дайындалышы мүмкүн.
467-берене. Баланы кылмыш-жаза сот өндүрүш тутумунан чыгаруу
1. Эгерде бала биринчи жолу анча оор эмес кылмыш жасаган деп эсептөөгө негиз болсо, тергөөчү ушул Кодекстин 37-беренесинин 1-бөлүгүнүн 22-пунктуна ылайык баланы кылмыш-жаза сот адилеттигинин тутумунан мыйзамда каралган тартипте чыгаруу максатында сотко чейинки өндүрүштү кыскартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн чечим кабыл ала алат.
2. Биринчи жолу анча оор эмес кылмыш жасаган бала пробациялык көзөмөлдү же тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жолу менен сот тарабынан жазадан бошотуу аркылуу кылмыш-жаза сот адилеттиги тутумунан чыгарылат.
3. Баланы кылмыш-жаза сот адилеттигинин тутумунан чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууда анын эң мыкты кызыкчылыктары, жасалган кылмыштын мүнөзү жана оордугу, жаш курагы, күнөөсүнүн даражасы, келтирилген залал, кылмыш жасагандан кийинки жүрүм-туруму көңүлгө алынууга тийиш.
4. Баланы кылмыш-жаза сот адилеттигинин тутумунан чыгаруу жалпысынан төмөнкү жагдайлар болгондо колдонулушу мүмкүн:
1) ал биринчи жолу анча оор эмес кылмыш жасаган болсо;
2) мурда соттуулугу жок болсо;
3) кылмыш-жаза сот адилеттигинин тутумунан чыгаруу жана медиация программасына катышпаган болсо;
4) кылмыш жасаганын мойнуна алса.
5. Баланы кылмыш-жаза сот адилеттигинин тутумунан чыгаруу келишиминде төмөнкү чаралар каралышы мүмкүн:
1) жазуу жүзүндө эскертүү;
2) келтирилген залалды толук же жарым-жартылай төлөп берүү;
3) милдеттенме коюу;
4) көзөмөлгө коюу.
Баланы кылмыш-жаза сот адилеттигинин тутумунан чыгаруу боюнча бир нече чара бир учурда колдонулушу мүмкүн.
468-берене. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу тартиби
1. Ар бир учурда, эгерде бала биринчи жолу анча оор эмес же кылмыш жасаган болсо, кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруу программасына катышпаса жана кылмышты жасагандыгын мойнуна алса, тергөөчү баланы кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруу жөнүндө токтом чыгарат.
2. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруу жөнүндө келишим тергөөчү тарабынан түзүлөт жана ага тергөөчү, бала, анын мыйзамдуу өкүлдөрү, адвокат жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери кол коёт. Келишимге ушул Кодекстин 474-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдар тарабынан кошумча кол коюлушу мүмкүн.
3. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишимде баланын аткаруусу үчүн чаралар жана шарттар белгиленет. Келишимдин мөөнөтү кол коюлган күндөн тартып 3 айдан 12 айга чейинкини түзүшү мүмкүн.
4. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө токтом жана келишим прокурор тарабынан бекитилет.
5. Тергөөчүнүн же прокурордун баланы кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруудан баш тартуусу жогору турган прокурорго же тергөө судьясына даттанылышы мүмкүн.
6. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө токтом жана келишим жабырлануучу тарабынан жогору турган прокурорго же болбосо тергөөчү судьяга даттанылышы мүмкүн.
7. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу боюнча тергөө судьясынын актылары даттанылууга жатпайт.
8. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишимдин аткарылышын көзөмөлдөө аны бекиткен прокурор тарабынан жүзөгө ашырылат.
9. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жабырлануучуну андан кылмыш менен келтирилген мүлктүк зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтуруу укугунан ажыратпайт.
469-берене. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруунун жүрүшүндө бала үчүн кепилдиктер
1. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин балага, анын мыйзамдуу өкүлүнө жана жактоочуга кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруунун маңызы, аны колдонуу тартиби, узактыгы, кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруу боюнча чараларды сактабоонун мүмкүн болгон шарттары жана кесепеттери жөнүндө толук маалымат берилүүгө тийиш.
2. Балага оозеки жана жазуу жүзүндө кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгарууга макулдугу ыктыярдуу болушу керектиги жана бала каалаган этапта кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгуудан баш тартууга укуктуу экендиги түшүндүрүлүшү керек.
3. Баланын кылмышты мойнуна алышы, ошондой эле кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруу процессинде ал жөнүндө чогултулган маалымат сотто ага каршы колдонулушу мүмкүн эмес.
4. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруу жөнүндө келишимдин шарттары бала тарабынан аткарылган учурда тергөөчү чыгарууну аткаруу жөнүндө токтом чыгарат.
470- берене. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу боюнча чараларды колдонуу тартиби
1. Балага карата ушул Кодекстин 467-беренесинин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чаралар колдонулушу мүмкүн.
2. Бир эле учурда кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу боюнча бир нече чараны колдонууга жол берилет. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу боюнча чаралар ушул Кодекстин 54-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтердин негизинде аныкталууга тийиш.
3. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу боюнча чаралар акылга сыярлык жана жасалган кылмышка өлчөмдөш болууга тийиш. Баланы кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруу процессинде анын ар-намысын жана кадыр-баркын кемсинткен, аны кадимки окуу процессинен четтеткен, ошондой эле баланын физикалык же психикалык ден соолугуна зыян келтирген милдеттенмелерди жүктөөгө тыюу салынат.
4. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгарууда жасалган кылмыш үчүн каралган мыйзамда белгиленген минималдуу жазадан кыйла катаал чараларды колдонууга тыюу салынат.
471-берене. Жазуу жүзүндө эскертүү
Жазуу жүзүндөгү эскертүү – бул балага анын иш-аракеттеринен келтирилген зыян жана кылмыштын кайталап жасоодо алып келүүчү кесепеттер жөнүндө түшүндүрүү.
472-берене. Келтирилген зыяндын ордун толук же жарым-жартылай толтуруу
Келтирилген зыяндын ордун толук же жарым-жартылай толтуруу жабырлануучуга кылмыштын кесепетинен келтирилген материалдык чыгымдын ордун баланын өзүнүн анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн же башка адамдардын толук же жарым-жартылай толтуруусу болуп саналат.
473-берене. Милдеттенмелерди жүктөө
1. Келишимде белгиленген мөөнөттө балага төмөнкүлөргө тыюу салынышы мүмкүн:
1) айрым жерлерге барууга;
2) жашаган жерин өзгөртүүгө;
3) белгилүү бир убакытка чейин үйдөн кетүүгө;
4) айрым адамдар менен баарлашуудан алыс болууга;
5) эс алуунун айрым түрлөрүн колдонууга;
6) анын кайра социалдашуусуна тоскоол болгон бардык башка аракеттерге.
2. Бала келишимде белгиленген мөөнөттөрдө төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жардамы менен билим берүү мекемесинде окууну баштоого же улантууга;
2) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жардамы менен ишке орношууга;
3) билим берүү программасынан жана (же) медициналык дарылоо программасынан өтүүгө;
4) бош убакытты белгилүү бир тартипте пайдаланууга;
5) анын кайра социалдашуусуна жана кылмышты кайрадан жасоого жол бербөөгө өбөлгө түзгөн башка милдеттенмелерди аткарууга.
474- берене. Кепилдикке өткөрүп берүү
1. Баланы кепилдикке өткөрүп берүү – бул баланын кызыкчылыгына каршы келген учурларды кошпогондо, ата-энелерге же аларды алмаштырган адамдарга, же балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга чыгаруу программасын ишке ашыруу боюнча милдеттерди жүктөө.
2. Баланы кепилдикке өткөрүп берүү чыгаруу программасын аткаруу боюнча милдеттенмелерди өзүнө алууга жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишимдин тарабы катары чыгууга даяр башка адамдарга жана уюмдарга жүктөлүшү мүмкүн.
475-берене. Кылмыш-жаза сот тутумунан чыгуу жөнүндө келишим боюнча милдеттенмелерди аткарбоо
1. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу боюнча чаралардын аткарылышын контролдоо балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлөт.
2. Бала кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруу боюнча чараларды аткарбаган учурда, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери аткарбоонун себептерин аныктоого, баланын келишим боюнча милдеттенмелерин аткаруусу боюнча толук чараларды көрүүгө милдеттүү.
3. Бала тарабынан кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруу боюнча чаралар атайын аткарылбаган учурда, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери бул жөнүндө тергөөчүгө жазуу жүзүндө билдирет.
4. Тергөөчү баланын жана ушул Кодекстин 468-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактардын түшүндүрмөлөрүн угууга милдеттүү. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча тергөөчү чечимди күчүндө калтырууга, колдонулган чараларды өзгөртүүгө, келишимдин мөөнөтүн узартууга же кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө чечимди жокко чыгарууга укуктуу.
5. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруу жөнүндө чечим жокко чыгарылган учурда, балага карата сотко чейинки өндүрүш жалпы тартипте жүргүзүлөт.
6. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруу жөнүндө чечим жокко чыгарылган учурда, баланын кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруу боюнча чараларды аткаруу боюнча көрүлгөн иш-аракеттери өкүм чыгаруу процессинде эске алынат.
476-берене. Балдардын иштери боюнча айкындуулуктун чектелиши
Шектүү, айыпталуучу, жабырлануучу, күбө болгон баланын купуялуулукка болгон укугу кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн бардык этаптарында сакталышы керек жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке алып келет.
477-берене. Айыпталуучу баланын мыйзамдуу өкүлүнүн соттук териштирүүгө катышуусу
1. Айыпталуучу баланын мыйзамдуу өкүлдөрү соттук отурумга чакырылууга тийиш. Алар далилдерди изилдөөдө катышууга, түшүндүрмөлөрдү берүүгө, далилдерди берүүгө, өтүнүчтөрдү жана четтетүүлөрдү берүүгө, соттун аракеттерине жана чечимдерине даттанууга, соттук отурумга катышууга укуктуу. Аталган укуктар аларга соттук териштирүүнүн башталышында түшүндүрүлүшү керек. Баланын мыйзамдуу өкүлдөрү ишти бүткүл соттук териштирүүдө соттук отурумдун залында катышат. Алардын макулдугу менен алар сотто күбө катары суралышы мүмкүн.
2. Эгерде баланын мыйзамдуу өкүлүнүн аракеттери айыпталуучу баланын кызыкчылыктарына залал келтирет же ишти соттук териштирүүгө тоскоолдук кылууга багытталган деп эсептөөгө негиздер бар болсо, ал соттун жүйөлөнгөн токтому менен соттук териштирүүгө катышуудан четтетилиши же ишти териштирүүгө тоскоол болууга жөнөтүлүшү мүмкүн. Бул учурда айыпталуучу баланын башка мыйзамдуу өкүлүнүн катышуусуна жол берилет.
3. Эгерде айыпталуучу баланын мыйзамдуу өкүлү ишке адвокат же материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтуруп берүүгө жооптуу адам катары катышса, ал процесстин көрсөтүлгөн катышуучуларынын укуктарына ээ болот жана милдеттерин аткарат.
4. Эгерде биринчи инстанциядагы сотто апелляциялык, кассациялык тартиптерде ишти кароо башталганга чейин айыпталуучу (соттолгон, акталган) 18 жашка чыкса, сот мыйзамдуу өкүлдүн функцияларын токтотуу жөнүндө токтом кылат (аныктайт).
478-берене. Айыпталуучу баланы соттук отурумдун залынан чыгарып салуу
1. Тараптардын өтүнүчү боюнча, ошондой эле өз демилгеси боюнча сот айыпталуучу балага терс таасир этиши мүмкүн болгон жагдайды иликтөө убагында аны соттук отурумдун залынан чыгаруу тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу.
2. Айыпталуучу бала соттук отурумдун залына кайтып келгенден кийин, төрагалык кылуучу ал жок кездеги соттук териштирүүнүн ага керектүү маалыматтарын маалымдайт жана айыпталуучу балага ал жок кезде суралгандарга суроо берүү мүмкүнчүлүгүн берет.
479-берене. Сот тарабынан пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен баланы кылмыш жазасынан бошотуу
1. Бала тарабынан анча оор эмес же оор кылмыш жасалган учурда сот жасалган кылмыштын оордугун, күнөөлүүнүн инсандыгын, ошондой эле башка жагдайларды эске алуу менен жазаны өтөбөстөн оңоло турган мүмкүндүгү жөнүндө тыянакка келет, Кылмыш-жаза кодексинин 109-беренесинде каралган пробациялык көзөмөлдү дайындайт.
2. Пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен баланы жазадан бошотуу учурунда сот бул жөнүндө пробация органына билдирет жана ага соттолгондун жүрүм-турумун контролдоону жүзөгө ашырууну жүктөйт.
480-берене. Соттун тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу менен баланы кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуусу
1. Эгерде коркунучтуулугу аз жана анча оор эмес кылмыштар жөнүндө иштер боюнча мындай кылмышты жасаган бала тарбиялык мүнөздөгү чараны колдонуу менен оңолушу мүмкүн экендиги таанылса, сот баланы кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотот жана ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 16-главасында каралган тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонууга укуктуу.
2. Тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу менен баланы кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошоткон учурда сот бул тууралуу балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирет жана ага баланын жүрүм-турумун контролдоону тапшырат.
3. Дайындалган тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чарасында каралган шарттарды бала системалуу түрдө бузган учурда, сот балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча мындай чараны тарбиялык мүнөздөгү катаалыраак мажбурлоо чарасына алмаштырат же жазаны колдонуу жөнүндө маселени чечет жана иш ушул Кодекстин ченемдерине ылайык каралат.
55-глава. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө иштер боюнча өндүрүш
481-берене. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө иштер боюнча өндүрүш үчүн негиздер
1. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө иштер боюнча өндүрүш төмөндөгүлөрдү жасаган адамдарга карата жүзөгө ашырылат:
1) Кылмыш-жаза кодексинде каралган акыл-эси жайында эмес абалда жасалган укукка каршы аракетти;
2) акыл-эси жайында болгон абалда кылмышты жасаган, бирок өкүм чыгарылганга чейин же жазаны өтөп жатканда жин оору менен ооруган же психикасы убактылуу бузулган адамга карата.
2. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары психикалык жактан оорулар өзүнө же башкаларга келтирген коркунучка же алар тарабынан мүмкүн болгон олуттуу зыян келтирүүгө байланыштуу болсо гана дайындалат.
3. Медициналык мүнөздөгү чараларды колдонуу жөнүндө иштер боюнча өндүрүш ушул Кодекстин жалпы эрежелерине, ошондой эле ушул глава менен аныкталат.
482-берене. Далилденүүгө тийиш болгон жагдайлар
Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштө төмөндөгү жагдайлар белгиленүүгө тийиш:
1) жасалган аракеттин убактысы, орду, ыкмасы жана башка жагдайлары;
2) бул адамдын Кылмыш-жаза кодексинде каралган укукка каршы аракетти жасашы;
3) аракеттин натыйжасында келтирилген залалдын мүнөзү жана өлчөмү;
4) бул адамдын психикалык ишмердигинин мурда бузулушу, анын даражасы жана психикалык ишмердигинин бузулуу мүнөзү же коомго кооптуу кылмыштарды жасаган мезгилдеги, сотко чейинки өндүрүш убагындагы психикалык оорулары;
5) Кылмыш-жаза кодексинде каралган укукка каршы аракетти жасаган адамдын аны жасаганга чейинки жана жасагандан кийинки да жүрүм-туруму;
6) өзү жана башка адамдар үчүн анын психикалык абалынын натыйжасында келип чыккан коркунучтун деңгээли, ошондой эле мындай адамдын башка олуттуу зыян келтирүү мүмкүндүгү.
483-берене. Кылмыш-жаза кодексинде каралган укукка каршы аракетти акыл-эси жайында эмес абалда жасаган же кылмышты жасагандан кийин психикалык оору менен ооруп калган адамга карата ишти бөлүү
Эгерде сотко чейинки өндүрүштө бир нече адамдын айыптоосу боюнча катышуучулардын кимдир бирөөсү акыл-эси жайында эмес абалда аракетти жасагандыгы же кылмышты жасагандан кийин психикалык бузулуу менен ооруп калганы аныкталган болсо, ага карата иш өзүнчө өндүрүшкө бөлүнөт.
484-берене. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө иш жүргүзүлүп жаткан адамдын укуктары
1. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө иш жүргүзүлүп жаткан адам, эгерде ага соттук-психиатриялык экспертизанын корутундусу боюнча анын оорусунун мүнөзү жана оордугунун даражасы тоскоолдук кылбаса, төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ал кайсы аракетти жасады деп айыпталып жатканын билүүгө;
2) көрсөтмөлөрдү берүүгө;
3) далилдерди берүүгө;
4) өтүнүчтөрдү жана четтетүүлөрдү берүүгө;
5) эне тилинде же өзү билген тилде түшүндүрүүгө;
6) котормочунун кызматтарын пайдаланууга;
7) иш жүзүндө кармалган учурдан тартып адвокатка ээ болууга жана аны менен жеке жолугушууга;
8) анын өтүнүчү же анын адвокатынын өтүнүчү боюнча өткөрүлгөн тергөө аракеттерине катышууга;
9) бул аракеттердин протоколдору менен таанышууга жана алар боюнча сын-пикирлерди берүүгө;
10) экспертизаны дайындоо жөнүндө токтом жана эксперттин корутундусу менен таанышууга;
11) иштин бардык материалдары менен таанышууга жана зарыл маалыматтарды көчүрүп алууга;
12) далилдерди депонирлөө жөнүндө тергөө судьясына өтүнүч кылууга;
13) тергөөчүнүн, прокурордун жана соттун аракеттерине жана чечимдерине даттанууга;
14) медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу үчүн сотко ишти жиберүү тууралуу токтомдун көчүрмөсүн алууга.
2. Ишти соттук териштирүүдө ал ошондой эле төмөнкүлөргө укуктуу:
1) далилдерди изилдөөгө жана тараптардын жарыш сөздөрүнө катышууга;
2) соттук отурумдун протоколу менен таанышууга жана ал боюнча сын-пикир берүүгө;
3) соттун токтомуна, аныктамасына даттанууга жана даттанылган чечимдердин көчүрмөсүн алууга;
4) иш боюнча келтирилген даттануулар жана сунуштар тууралуу билүүгө жана аларга каршы пикир берүүгө;
5) берилген даттанууларды жана сунуштарды соттук кароого катышууга.
485-берене. Сотко чейинки өндүрүштө жана сотто мыйзамдуу өкүлдүн катышуусу
1. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу тууралуу иш боюнча өндүрүш жүргүзүлгөн адамдын мыйзамдуу өкүлү деп тергөөчүнүн токтому же соттун токтому (аныктамасы) боюнча ишке катышууга тартылган анын тууганы, тиешелүү медициналык мекеменин кызматкери таанылат.
2. Мыйзамдуу өкүл төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ал өкүлдүк кылган адам Кылмыш-жаза кодексинде каралган укукка каршы кайсы аракетти жасоого айыпталып жаткандыгын билүүгө;
2) өтүнүч жана четтетүүнү берүүгө;
3) далилдерди берүүгө;
4) анын өтүнүчү же адвокаттын өтүнүчү боюнча өткөрүлгөн тергөө аракеттерине катышууга;
5) ал катышкан тергөө аракеттеринин протоколдору менен таанышууга жана андагы жазылган жазуулардын тууралыгы жана толуктугу тууралуу жазуу жүзүндө сын-пикирлерди берүүгө;
6) сотко чейинки өндүрүш аяктаганда иштин бардык материалдары менен таанышууга;
7) медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу үчүн ишти кыскартуу же ишти сотко жиберүү жөнүндө токтомдун көчүрмөсүн алууга;
8) соттук териштирүүгө катышууга;
9) тергөөчүнүн, прокурордун жана соттун аракеттерине жана чечимдерине даттанууну берүүгө;
10) соттун токтомуна, аныктамасына даттанууга жана даттанылган чечимдердин көчүрмөсүн алууга;
11) иш боюнча берилген даттануулар, сунуштар тууралуу билүүгө жана аларга каршы пикир берүүгө;
12) берилген даттанууларды, сунуштарды соттук кароого катышууга.
486-берене. Адвокаттын катышуусу
1. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштө адвокаттын катышуусу, эгерде адвокат мурда башка негиздер боюнча ишке киришпеген болсо, өндүрүш жүргүзүлүп жаткан адамга карата акыл-эси жайында эместиги фактысы же дарттуу психикалык бузулуусу белгиленген учурдан тартып милдеттүү болуп эсептелет.
2. Ишке киришкен учурдан тартып адвокат, эгерде медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө иш жүргүзүлүп жаткан адамдын ден соолугунун абалы тоскоолдук кылбаса, өзү жактаган адам менен жалгыз жолугушууга укуктуу, ошондой эле ушул Кодекстин 53-беренесинде каралган башка бардык укуктарды пайдаланат.
3. Тандалган адвокаттын катышуусу мүмкүн болбогон учурларда тергөөчү, прокурор, сот медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө иш жүргүзүлүп жаткан адамды мамлекет кепилдеген юридикалык жардам менен камсыз кылат.
487-берене. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө келип түшкөн иш боюнча прокурордун чечимдери
1. Сотко чейинки өндүрүш аяктагандан кийин тергөөчү ишти сотко жиберүү тууралуу токтомду чыгарат.
2. Ишти сотко жиберүү тууралуу токтомго тиркеме ушул Кодекстин 256-беренесинин эрежелери боюнча түзүлөт.
3. Тергөөчү ишти аны сотко жиберүү тууралуу токтом менен кошо прокурорго берет, ал төмөнкүдөй чечимдердин бирин кабыл алат;
1) тергөөчүнүн токтомун бекитет жана ишти сотко жиберет;
2) сотко чейинки өндүрүштө жол берилген кемчилдиктерди жоюу үчүн жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрү менен ишти тергөөчүгө кайтарып берет;
3) ишти кыскартат.
4. Ишти сотко жиберүү тууралуу токтомдун көчүрмөсү тийиштүү адамга медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу үчүн анын мыйзамдуу өкүлүнө жана адвокатына тапшырылат.
488-берене. Соттук отурумду белгилөө
Адамга медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу тууралуу иш сотко келип түшкөндөн кийин судья ушул Кодекстин 40-43-главаларында каралган эрежелер боюнча ишти соттук отурумда кароого дайындайт.
489-берене. Соттук териштирүү
1. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу тууралуу ишти териштирүүнү сот соттук териштирүүнүн жалпы эрежелери боюнча жүргүзөт.
2. Соттук териштирүү акыл-эси жайында эмес же психикалык дартка чалдыккан деп таанылган адамга медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу зарылдыгы тууралуу далилдерди прокурордун баяндоосу менен башталат. Далилдерди изилдөө жана тараптардын чыгып сүйлөөсү ушул Кодекстин 43-главасында каралган тартипте өткөрүлөт.
490-берене. Иш боюнча чечимди кабыл алууда сот чечкен маселелер
1. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу тууралуу ишти соттук териштирүү процессинде төмөнкү маселелер изилденүүгө жана чечилүүгө тийиш:
1) Кылмыш-жаза кодексинде каралган аракеттин орун алгандыгы;
2) аракетти иши каралып жаткан адам жасагандыгы;
3) аракетти акыл-эси жайында эмес абалда болгон адам жасагандыгы;
4) аракетти жасагандан кийин бул адамдын жазаны дайындоого же аткарууга мүмкүндүк бербеген психикалык дартка чалдыккандыгы;
5) адамдын катуу кармаган психикалык дарты ал үчүн же башка адамдар үчүн коркунуч келтирүүсү же ага башка олуттуу зыянды келтирүү мүмкүнчүлүгү;
6) медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулушу керекпи жана атап айтканда кайсылар.
2. Сот ушул Кодекстин 346-беренесинин 1-бөлүгүнүн 9, 12, 13-пункттарында көрсөтүлгөн маселелерди да чечет.
491-берене. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу тууралуу соттун токтому
1. Адам коомго кооптуу аракетти акыл-эси жайында эмес абалда жасагандыгын же аны жасагандан кийин психикалык дарт менен ооруп калганын таануу менен сот ишти кыскартуу тууралуу токтомду, ал эми зарыл учурларда – медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө токтомду чыгарат.
2. Адам акыл-эси жайында болуп туруп коомго кооптуу аракетти жасагандыгын, бирок андан кийин психикалык дарт менен ооруп калгандыгын аныктоо менен сот ишти ал айыкканга чейин токтото турат жана медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу тууралуу маселени чечет. Адам айыккандан кийин сот өз токтому менен ишти токтото турууну жокко чыгарат, мажбурлап дарылоону токтотот жана ишти сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү үчүн жиберет.
3. Сот адамдын аракетти жасоого катышуусу далилденген жок деп тааныган учурда, ал ошондой эле ушул Кодекстин 27-беренесинде каралган жагдайлар аныкталганда, сот адамдын оорусунун бар экендигине жана мүнөзүнө карабастан, өзү аныктаган негиз боюнча ишти кыскартуу жөнүндө токтом чыгарат.
4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер боюнча иш кыскартылганда, соттун токтомунун көчүрмөсү 3 күндүк мөөнөттө, адамды дарылоо же психоневрологиялык мекемеге жиберүү тууралуу маселени чечүү үчүн саламаттык сактоо органына жиберилет.
5. Соттун токтомунда ушул Кодекстин 357-беренесинде көрсөтүлгөн маселелер чечилет.
6. Соттун токтому апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн.
492-берене. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонууну токтотуу, өзгөртүү жана узартуу
1. Сот дарыгер-психиатрлар комиссиясынын корутундусуна ылайык психиатриялык жардамды көрсөткөн мекеменин администрациясынын сунушу боюнча медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонууну кийинки 6 айга токтотот, өзгөртөт же узартат.
2. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонууну токтотуу, өзгөртүү же узартуу тууралуу маселелерди медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу тууралуу токтомду чыгарган сот карайт.
3. Ишти угууга дайындоо тууралуу сот медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулган адамдын мыйзамдуу өкүлүнө, медициналык мекеменин администрациясына, адвокатка жана прокурорго кабарлайт. Соттук отурумда адвокаттын жана прокурордун катышуусу милдеттүү, башка адамдардын келбөөсү ишти карап чыгууга тоскоолдук болбойт.
4. Соттук отурумда медициналык мекеменин сунушу, дарыгер-психиатрлар комиссиясынын корутундусу изилденет, отурумда катышкан адамдардын пикири угулат. Эгерде дарыгер-психиатрлар комиссиясынын корутундусу шек туудурса, сот соттук-психиатриялык экспертизаны дайындайт, кошумча документтерди талап кылат, ошондой эле анын психикалык абалы боюнча мүмкүн болсо, медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонууну токтотуу, өзгөртүү же узартуу тууралуу маселеси чечилип жаткан адамды суракка алат.
5. Сот мурда дайындалган чараны колдонуу зарылдыгы керексиз болгон же медициналык мүнөздөгү башка чараларды дайындоо зарылдыгы пайда болгон адамдын психикалык абалы түзүлгөн учурда медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын токтотот же өзгөртөт. Сот медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын токтотуу же өзгөртүү үчүн негиздер жок болгон учурда мажбурлап дарылоону узартат.
6. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын токтотуу, өзгөртүү же узартуу жөнүндө, ошондой эле токтотуудан, өзгөртүүдөн же узартуудан баш тартуу тууралуу сот токтом чыгарат.
493-берене. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулган адамга карата ишти кайра баштоо
1. Эгерде медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулган адамды врач-психиатрлар комиссиясы айыкты деп тааныса, сот медициналык мекеменин корутундусунун негизинде ушул Кодекстин 432-беренесинин 3-бөлүгүндө белгиленген эрежелер медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонууну токтотуу тууралуу токтомду чыгарат жана сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү үчүн ишти жөнөтүү тууралуу маселени чечет.
2. Эгерде адамга жаза колдонулса, медициналык мекемеде өткөрүлгөн убакыт Кылмыш-жаза кодексинин 119-беренесинин эрежелери боюнча жазаны өтөө мөөнөтүнө кошуп эсептелет.
56-глава. Адамдардын айрым категорияларына карата кылмыш-жаза
сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү
494-берене. Кылмыш иштери боюнча өндүрүштүн өзгөчө тартиби колдонулган адамдардын категориялары
1. Ушул главанын талаптары сотко чейинки өндүрүштө төмөндөгүлөргө карата колдонулат:
1) Конституцияда аныкталган тартипте Жогорку Кеңеш тарабынан кызматынан четтетилген Кыргыз Республикасынын Президентине (мындан ары – Президент), ошондой эле Кыргыз Республикасынын экс-президентине карата;
2) Жогорку Кеңештин депутатына карата;
3) Министрлер Кабинетинин Төрагасына жана мүчөлөрүнө карата;
4) Башкы прокурорго карата;
5) судьяларга, анын ичинде экс-судьяларга карата;
6) Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасына карата;
7) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасына карата;
8) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасына жана мүчөсүнө карата;
9) Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине) (мындан ары – Акыйкатчыга (Омбудсменге) жана анын орун басарына карата;
10) адвокатка карата.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарга карата сотко чейинки өндүрүш тартиби ушул главада каралган алып салуулар менен ушул Кодексте аныкталат.
495-берене. Өндүрүштүн өзгөчө тартиби колдонулган адамдарга карата кылмыш ишин козгоо
1. Башкы прокурор тарабынан кылмыш ишин козгоо чечими төмөнкүлөргө карата кабыл алынат:
1) Конституцияда аныкталган тартипте Жогорку Кенеш тарабынан кызматынан четтетилген Президентке, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экс-президентине;
2) Жогорку Кеңештин депутатына;
3) Министрлер Кабинетинин Төрагасына жана мүчөлөрүнө;
4) судьяларга, анын ичинде экс судьяларга;
5) Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасына;
6) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасына;
7) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасына жана мүчөсүнө;
8) Акыйкатчыга (Омбудсменге).
2. Башкы прокурорго карата кылмыш ишин козгоо жөнүндө чечим Башкы прокурордун орун басарларынын бири тарабынан кабыл алынат.
3. Адвокатка карата кылмыш ишин козгоо жөнүндө чечим Башкы прокурор же анын орун басары тарабынан кабыл алынат.
496-берене. Айыпталуучу катары жоопко тартуу
1. Тергөөчү кызмат адамын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу жөнүндө өтүнүчтү Башкы прокурорго киргизет.
2. Башкы прокурор өтүнүчтү жана кылмыш ишинин материалдарын карап, кылмыш жасагандыгы үчүн адамды кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга негиз болгон жетиштүү далилдер болгондо, кызмат адамын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө сунуш киргизет.
3. Эгерде «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы менен аныкталган тизмеге адам кирбесе же жетиштүү далилдер болбосо, прокурор кылмыш ишин тергөөчүгө андан ары иликтөө жүргүзүү үчүн кайтарып берет.
497-берене. Кызмат адамдарынын айрым категориясын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуунун тартиби
1. Жогорку Кеңештин депутатын, Акыйкатчыны (Омбудсменди) жана анын орун басарын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу жөнүндө чечим, ал кылмыш жасаган жерде кармалган учурларды кошпогондо, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен Башкы прокурор тарабынан кабыл алынат.
2. Жогорку Кеңешинин депутатын, Акыйкатчыны (Омбудсменди) жана анын орун басарын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу үчүн Башкы прокурор Жогорку Кеңешке тиешелүү сунуш киргизет. Башкы прокурор 3 күндүк мөөнөттө Жогорку Кеңештин кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү же болбосо макулдук берүүдөн баш тартуу жөнүндө токтому кабыл алынгандыгы тууралуу кабарландырылат.
Жогорку Кеңештин депутатын, Акыйкатчыны (Омбудсменди) жана анын орун басарын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүдөн Жогорку Кеңештин баш тартуусу ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнгө чейин аларга карата ишти токтото туруу үчүн негиз болуп саналат.
Башкы прокурор иш боюнча өндүрүш аяктаган күндөн тартып 3 күндүк мөөнөттө Жогорку Кеңешке тергөөнүн жыйынтыктары тууралуу билдирүүгө милдеттүү.
3. Башкы прокурордун сунушу боюнча Судьялар кеңешинин макулдугу менен судьяны, анын ичинде экс-судьяны кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга жол берилет. Башкы прокурор судьяны, анын ичинде экс-судьяны жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу үчүн Судьялар кеңешине тийиштүү сунуш киргизет, анда иштин жагдайлары, судья, анын ичинде экс-судья шектелип жаткан Кылмыш-жаза кодексинин беренеси, жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү жөнүндө өтүнүч көрсөтүлөт. Судьялар кеңеши мындай макулдукту берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алган учурда, ошол эле негиздер боюнча судьяны, анын ичинде экс-судьяны жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү жөнүндө сунушун кайталап киргизүүгө жол берилбейт.
4. Кыргыз Республикасынын Конституциясында аныкталган тартипте Жогорку Кеңеш тарабынан кызматынан четтетилген Президентти, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экс-президентин кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу жөнүндө чечим Башкы прокурор тарабынан кабыл алынат.
5. Катталган Президенттикке талапкер, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылмыштары үчүн шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күнгө чейин жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын макулдугусуз кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн эмес. Кылмыштары үчүн аларды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө чечимди прокуратура органдары кабыл алат.
6. Башкы прокурорду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу жөнүндө чечим Президенттин сунушу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмесинин макулдугу менен анын орун басарларынын бири тарабынан кабыл алынат.
498-берене. Кармоо, жеке тинтүү
1. Өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууну токтоткон Президент, Жогорку Кеңештин депутаты, судья, Президенттикке, Жогорку Кеңештин депутаттыгына катталган талапкерлер, Акыйкатчы (Омбудсмен), анын орун басарлары кылмыш жасаган жерде кармалган учурларды копшогондо, кылмышты жасоого шек саноо боюнча кармалышы жана жеке тинтүүгө алынышы мүмкүн эмес. Адвокат кылмыш жасаган жерде кармалган учурларды кошпогондо, кесиптик милдеттерин аткаруу учурунда жеке тинтүүгө же жекече кароого алынышы мүмкүн эмес.
2. Өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууну токтоткон, кылмыш жасоого шек саноо боюнча кармалган жана кайсы болбосун укук коргоо органына мажбурлап жеткирилген Президент, Жогорку Кеңештин депутаты, судья, Президенттикке, Жогорку Кеңештин депутаттыгына катталган талапкерлер, Акыйкатчы (Омбудсмен), анын орун басарлары эгерде кармалган учурда алардын инсандыгы белгилүү болбосо, кылмыш жасаган жеринен кармаган учурлардан тышкары, инсандыгы тастыкталгандан кийин алар бошотулууга жатат.
499-берене. Адамдардын айрым категорияларына карата сотко чейинки өндүрүш
Ушул Кодекстин 494-беренесинде көрсөтүлгөн кызмат адамдары кылмыш иши боюнча айыпталуучу катары тартылгандан кийин сотко чейинки өндүрүш тартиби ушул главада каралган алып салуулар менен ушул Кодексте белгиленет.
XV БӨЛҮМ
ПРОЦЕССУАЛДЫК МАКУЛДАШУУЛАР
57-глава. Күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө процессуалдык макулдашуу
500-берене. Күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууну түзүү тууралуу өтүнүч берүүнүн тартиби
1. Айыпталуучу коркунучтуулугу аз, анча оор эмес жана оор кылмыштар жөнүндө кылмыш иштери боюнча күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуу түзүү тууралуу өтүнүч берүүгө укуктуу.
2. Күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуу түзүү тууралуу өтүнүчтү айыпталуучу адвокаттын катышуусунда, айыбы угузулган учурдан тартып биринчи инстанциядагы соттогу соттук териштирүү бүткөрүлгөнгө чейин берет.
3. Күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуу төмөнкүдөй шарттар болгондо түзүлүшү мүмкүн:
1) Айыпталуучу жашы жеткен адам болсо жана ал өзү берген өтүнүчтүн мүнөзүн жана натыйжаларын түшүнсө;
2) өтүнүч ыктыярдуу түрдө жана адвокат менен консультация өткөргөндөн кийин берилсе;
3) айыпталуучу айыптоону жана кылмыштын жасалгандыгына иш боюнча далилдерди, өзү келтирген залалдын мүнөзүн жана өлчөмүн талашпаса.
4. Күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуу төмөнкүдөй учурларда түзүлүшү мүмкүн эмес:
1) кылмыш-жаза мыйзамында тыюу салынган аракетти акыл-эси жайында эмес абалында жасаган же кылмышты жасагандан кийин психикалык дартка чалдыккан адамдар менен;
2) кылмыштардын жыйындысына карата, эгерде алардын бири эле ушул беренеде каралган талаптарга туура келбегенде.
5. Күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууну түзүү айыпталуучуну жабырлануучуга келтирген чыгымдын ордун толтуруп берүү милдетинен бошотууга негиз болбойт.
501-берене. Күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуу түзүү тууралуу өтүнүчтү сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө кароонун тартиби
1. Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуу түзүү тууралуу өтүнүчтү прокурор тергөөчүнүн, айыпталуучунун жана анын адвокатынын катышуусунда карайт. Кароонун натыйжалары боюнча прокурор төмөнкүлөргө укуктуу:
1) күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууну түзүү тууралуу өтүнүчтү канааттандырууга;
2) күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууну түзүү тууралуу өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартууга, бул жөнүндө жүйөлөнгөн токтом чыгарат.
Прокурордун күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууну түзүүдөн баш тартуусу даттанылууга жатпайт, бирок бул андан кийин макулдашууну түзүү тууралуу өтүнүчтү кайтадан берүүгө тоскоолдук кылбайт.
2. Прокурор күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууну түзөт, анда төмөндөгүлөр көрсөтүлүшү керек:
1) анын түзүлгөн датасы жана орду;
2) айыптоо тарабынан макулдашууну түзүүчү прокуратура органынын кызмат адамы;
3) макулдашууну түзүп жаткан айыпталуучунун фамилиясы, аты, атасынын аты, башка маалыматтары, адвокаты жөнүндө маалыматтар;
4) кылмыштын жасалган убактысын, жерин, ошондой эле далилденүүгө тийиш болгон башка жагдайларды көрсөтүү менен анын сыпатталышы;
5) Кылмыш-жаза кодексинин ушул кылмыш үчүн жоопкерчиликти караган беренеси, анын бөлүгү, пункту;
6) Кылмыш-жаза кодексинин айыпталуучуга карата колдонулушу мүмкүн болгон жеңилдетүүчү жагдайлары жана ченемдери, Кылмыш-жаза кодексинин 79-беренесинде каралган жазанын түрү жана өлчөмү.
3. Күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууга прокурор, тергөөчү, айыпталуучу жана анын адвокаты кол коёт.
502-берене. Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө түзүлгөн күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууну тергөө судьясынын кароосу
1. Тергөө судьясы прокурордон келип түшкөн күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууну прокурордун, айыпталуучунун жана анын адвокатынын катышуусу менен карайт.
2. Эгерде тергөө судьясы күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууга карата ушул Кодекстин 500-беренесинде каралган талаптардын сакталгандыгына ынанса, ал күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууну бекитүү жөнүндө токтом чыгарат, ал тергөөчүгө кылмыш ишине кошуу үчүн жиберилет.
3. Күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууга карата ушул Кодекстин 500-беренесинде каралган талаптар бузулган учурда тергөө судьясы күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууну бекитүүдөн баш тартуу жөнүндө токтом чыгарат, ал даттанылбайт.
503-берене. Күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууну түзүү тууралуу өтүнүчтү соттук териштирүүнүн жүрүшүндө берүүнүн жана кароонун тартиби
1. Кылмыш иш боюнча соттук териштирүүнүн жүрүшүндө айыпталуучу жана анын адвокаты күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууну түзүү тууралуу өтүнүч берүүгө укуктуу.
Күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууну түзүү тууралуу өтүнүч келип түшкөндө, судья соттук териштирүүнү токтотот жана аны түзүү үчүн тараптарга 3 күндүк мөөнөт берет.
2. Өтүнүчтү кароонун натыйжасында прокурор төмөнкүлөргө укуктуу:
1) күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууну түзүү тууралуу өтүнүчтү канааттандырууга;
2) күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууну түзүү тууралуу өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартууга, бул жөнүндө жүйөлөнгөн токтом чыгарат.
3. Күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуу түзүлгөн учурда судьяга берилет, ал ишти кароону ушул Кодекстин 501-беренесинде каралган тартипте улантуу жөнүндө токтом чыгарат.
Тараптар күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуунун шарттары боюнча макулдукка жетишпегенде же болбосо ушул Кодекстин 501-беренесинде белгиленген талаптар сакталбаганда соттун кылмыш ишин кароосу жалпы тартипте улантылат.
504-берене. Соттук отурумду өткөрүүнүн жана токтом чыгаруунун тартиби
1. Соттук отурумда четтетүүлөрдү жана өтүнүчтөрдү чечкенден кийин судья күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууну кароону баштоо жөнүндө жарыялайт жана мамлекеттик айыптоочуга коюлган айыптоонун жана түзүлгөн макулдашуунун маңызын баяндоону сунуш кылат.
2. Судья айыпталуучуга күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуунун маңызын түшүндүрөт, андан кийин ага макулдашууну түзүүнүн жагдайларын сотко билдирүүнү сунуш кылат жана макулдашуу анын өз эркин билдирүүсүнө туура келе тургандыгын, ал макулдашууну колдой тургандыгын жана бул иш боюнча сотко эмнелерди билдирүүнү каалай тургандыгын аныктайт.
3. Айыпталуучунун позициясын аныктоо менен судья адвокатка жана мамлекеттик айыптоочуга күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууга карата өздөрүнүн пикирин билдирүүсүн сунуш кылат, ошондой эле алардын макулдашууну колдой тургандыгын тактайт.
4. Айыпталуучу мамлекеттик айыптоочу күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууга каршы болгон учурда судья соттук отурумун кыскартуу жана кылмыш ишин жалпы тартипте кароону дайындоо жөнүндө токтом чыгарат. Мында айыпталуучунун күнөөсүн мойнуна алышы өкүмгө негиз болушу мүмкүн эмес жана ал башка далилдер менен бирге жыйынтыкталып, бааланышы керек.
5. Эгерде судья күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууга карата ушул Кодекстин 500-беренесинде каралган талаптар сакталды деген тыянакка келсе, ал айыптоочу өкүмдү чыгарат жана айыпталуучуга күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууда каралган жазаны дайындайт.
6. Өкүм ушул Кодекстин 44-главасынын талаптарына ылайык чыгарылат. Мында айыптоо өкүмүнүн сыпаттоочу-жүйөлөөчү бөлүгү айыпталуучуга жасады деп айыпталып жаткан, аны менен күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуу түзүлгөн кылмыштуу аракетти сыпаттоону, ошондой эле күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуунун шарттарын сактоо тууралуу соттун тыянактарын камтышы керек. Судьянын далилдерди талдоосу жана аларга баа берүүсү өкүмдө чагылдырылбайт.
7. Өкүм жарыялангандан кийин судья ага даттануу укугун жана тартибин тараптарга түшүндүрөт.
Соттук териштирүүнү жүргүзбөстөн чыгарылган өкүм иштин материалдарынын сотто изилденбегендиги боюнча апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн эмес.
8. Процессуалдык чыгымдар айыпталуучудан өндүрүлбөйт.
58-глава. Тараптардын жарашуусу жөнүндө процессуалдык макулдашуу
505-берене. Жарашуу тартиби
1. Жарашуу жөнүндө өтүнүч тараптар тарабынан, ошондой эле медиатордун жардамы менен берилиши мүмкүн.
2. Тараптардын ортосундагы жарашуу коркунучтуулугу аз жана анча оор эмес кылмыштар боюнча, ошондой эле Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 1-бөлүгүндө жана 155-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыш иштери боюнча өндүрүштө жетилиши мүмкүн.
3. Жарашуу сотко чейинки өндүрүш башталган учурдан тартып кассациялык инстанциядагы соттун чечими чыгарылганга чейин жетишилиши мүмкүн.
4. Жарашуу жөнүндө өтүнүч боюнча макулдукка жетишпеген учурда аны билдирүү фактысы айыптоодон баш тартуу же өзүнүн күнөөсүн мойнуна алуу катары каралышы мүмкүн эмес.
5. Тергөөчү, сот тараптарга жарашууга болгон укугу, аны ишке ашыруу механизми жөнүндө түшүндүрүүгө жана макулдашууну түзүүгө тоскоолдук кылбоого милдеттүү.
6. Эгерде сот өндүрүшү бир же бир нече кылмыш жасаган бир нече адамга карата жүргүзүлүп жатса жана жарашуу жөнүндө макулдашууну түзүү боюнча макулдук жабырлануучулардын бардыгы менен жетишилбесе, мындай макулдашуу алардын бири (бир нечеси) менен түзүлүшү мүмкүн. Жарашуу жөнүндө макулдашууга жетишилген айыпталуучуга (айыпталуучуларга) карата иш кыскартылууга тийиш.
7. Эгерде иш боюнча бир кылмыштан бир нече жабырлануучу катышса, жарашуу жөнүндө макулдашуу бардык жабырлануучулар менен гана түзүлүүгө жана бекитилүүгө тийиш.
8. Эгерде иш боюнча ар кандай кылмыштардан бир нече жабырлануучу катышса жана жарашуу жөнүндө макулдашууну түзүү боюнча макулдук жабырлануучулардын бардыгы менен жетишилбесе, мындай макулдашуу жабырлануучулардын бири (бир нечеси) менен түзүлүшү мүмкүн. Жарашуу жөнүндө макулдашуу жетишилген айыпталуучуга (айыпталуучуларга) карата иш кыскартылууга тийиш.
506-берене. Жарашуу жөнүндө макулдашуунун мазмуну
1. Тараптар билдирген жарашуу жөнүндө өтүнүчтүн негизинде жарашуу жөнүндө макулдашуу түзүлөт, анда төмөндөгүлөр көрсөтүлүшү керек:
1) анын түзүлгөн датасы жана орду;
2) макулдашуу түзгөн тараптардын жана эгерде жарашууга катышса, медиатордун фамилиясы, ысымы, атасынын ысымы;
3) кылмыш менен келтирилген залалдын өлчөмү, кылмышты жасаган шектүү же айыпталуучу жабырлануучунун пайдасына жасоочу аракеттердин тизмеги, залалдын ордун толтуруунун же аракеттерди жасоонун мөөнөттөрү.
2. Жарашуу жөнүндө макулдашууга тараптар кол коюшат жана жарашуу жол-жобосуна катышкан учурда медиатор кол коёт.
3. Макулдашуунун көчүрмөлөрү макулдашууга кол койгон тараптарга тапшырылат.
507-берене. Жарашуу жөнүндө макулдашуунун негизинде иш боюнча чечим
1. Коркунучтуулугу аз жана анча оор эмес кылмыштар, ошондой эле Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 1-бөлүгүндө жана 155-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштар боюнча тараптардын жарашуусунун негизинде тергөөчү, сот ишти кыскартат, бул жөнүндө жүйөлөнгөн токтом чыгарат.
2. Жарашуу жөнүндө макулдашуунун негизинде иш боюнча чечим ушул Кодексте каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.
ХVI БӨЛҮМ
КЫЛМЫШ-ЖАЗА СОТ ӨНДҮРҮШҮ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ
ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК
59-глава. Жалпы жоболор
508-берене. Укуктук жардам көрсөтүү маселелери боюнча борбордук органдар
1. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (мындан ары – Башкы прокуратура) чет мамлекеттин компетенттүү органдарына Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын өндүрүшүндө турган кылмыш иштери боюнча укуктук жардам жөнүндө суроо-талаптары (тапшырмалары, өтүнүчтөрү) менен кайрылат жана тийиштүү чет өлкөлүк компетенттүү органдардын суроо-талаптарын карайт.
2. Жогорку Сот Кыргыз Республикасынын сотторунун укуктук жардам жөнүндө суроо-талаптары (тапшырмалары, өтүнүчтөрү) менен сот өндүрүшүнүн убагында кайрылат жана чет мамлекеттердин сотторунун тийиштүү суроо-талаптарын карайт.
509-берене. Укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талапты жиберүү
1. Чет мамлекеттин аймагында ушул Кодексте каралган суракка алуу, кароо, алып коюу, тинтүү, экспертиза жүргүзүү жана башка айрым тергөө жана соттук аракеттерди жүргүзүү зарыл болгондо, сот, прокурор, тергөөчү аларды жүргүзүүнү, укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө эл аралык келишим бар чет мамлекеттин тиешелүү органдарынан сурайт.
2. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жок болсо, чет мамлекеттин суроо-талаптарынын негизинде укуктук же башка жардам көрсөтүлүшү же Кыргыз Республикасынын борбордук органы тарабынан өз ара түшүнүшүү принцибинин негизинде суроо-талап кылынышы мүмкүн.
3. Кыргыз Республикасынын борбордук органы чет мамлекетке мындай суроо-талапты жиберүү менен катар, суроо-талап кылынган тараптарга келечекте алардын ушундай эле мазумундагы укуктук жардам боюнча суроо-талаптарын карап берүү жөнүндө жазуу жүзүндө кепилдик берет.
4. Кыргыз Республикасынын борбордук органы чет мамлекеттин суроо-талабын, келечекте Кыргыз Республикасынын суроо-талаптарын да өз ара түшүнүшүү принцибинде алар тараптан кабыл алып, карап бере тургандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө кепилдик болгондо гана карайт.
5. Чет мамлекет менен эл аралык келишим жок болсо, Кыргыз Республикасынын борбордук органы укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талаптарды суроо-талап кылган тарапка дипломатиялык жолдор менен жиберет.
510-берене. Укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талап
1. Укуктук жана башка жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талап (тапшырма, өтүнүч) ушул Кодекстин жана (же) Кыргыз Республикасынын тийиштүү эл аралык келишимдеринин талаптарына ылайык компетенттүү орган тарабынан түзүлөт.
2. Суроо-талап (тапшырма, өтүнүч) жана ага тиркелген документтер тиешелүү бланкта жазуу жүзүндө түзүлөт, ыйгарым укуктуу кызмат адамынын колу жана тиешелүү органдын гербдүү мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
3. Суроо-талап (тапшырма, өтүнүч) жана ага тиркелген документтер Кыргыз Республикасынын тийиштүү эл аралык келишимдеринде аныкталган тилге котормосу менен коштолот, ал эми андай жок болсо – суроо-талап берген тараптын расмий тилине же ал тарапка ылайыктуу болгон башка тилге которулат.
4. Суроо-талапты (тапшырма, өтүнүч) жиберүүдөн баш тартылган учурда, Кыргыз Республикасынын борбордук органы тарабынан бардык материалдар тергөө жүргүзгөн тиешелүү органга кайтарылып берилет, анда жоюлууга тийиш болгон кемчиликтер көрсөтүлөт же тапшырманы жиберүүгө мүмкүн болбогон суроо-талап кылган себептери түшүндүрүлөт.
5. Кыргыз Республикасынын борбордук органы тараптан электрондук, факсимилдик же башка байланыш каражаттары аркылуу келип түшкөн суроо-талапты (тапшырма, өтүнүч) кароого кабыл алышы мүмкүн. Мындай суроо-талапты (тапшырманы, өтүнүчтү) аткаруу анын түп нускасы жөнөтүлгөндүгү же берилгендиги тастыкталган шартта гана жүзөгө ашырылат. Чет мамлекеттин компетенттүү органына аткарылган суроо-талаптын (тапшырма, өтүнүч) материалдарга анын түп нускасын Кыргыз Республикасынын борбордук органы алганда гана жиберилиши мүмкүн.
511-берене. Процессуалдык жана соттук иш-аракеттерди жүргүзүү жөнүндө суроо-талаптын формасы жана мазмуну
Процессуалдык иш-аракеттерди жүргүзүү жөнүндө суроо-талап төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш:
1) суроо-талапты жиберип жаткан органдын аталышын;
2) суроо-талап жиберилип жаткан органдын аталышын жана жайгашкан жерин;
3) кылмыш ишинин аталышы жана суроо-талаптын мүнөзүн;
4) суроо-талап жиберилип жаткан адам жөнүндө маалыматтарды, анын ичинде алардын туулган датасы жана жери, жарандыгы, ишинин түрү, жашаган же жүргөн жери, ал эми юридикалык жактар үчүн – алардын аталышын жана жайгашкан жери жөнүндө маалыматтарды;
5) такталууга тийиш болгон жагдайларды баяндоо, ошондой эле суралуучу документтердин, буюм жана башка далилдердин тизмегин;
6) жасалган кылмыштын иш жүзүндөгү жагдайлары жөнүндө маалыматтарды, анын квалификациясын, Кылмыш-жаза кодексинин тиешелүү беренесинин текстин, ал эми зарыл учурларда, бул кылмыш менен келтирилген залалдын өлчөмү жөнүндө маалыматтарды.
512-берене. Укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талапты (тапшырманы, өтүнүчтү) кароо
1. Кыргыз Республикасынын борбордук органы укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талапты (тапшырманы, өтүнүчтү) кароонун жыйынтыгы боюнча төмөндөгүдөй чечим кабыл алат:
1) аны компетентүү органга аткарууну тапшыруу;
2) чет мамлекеттин процессуалдык мыйзамдарынын ченемдерин колдонуу менен суроо-талапты (тапшырманы, өтүнүчтү) аткаруу мүмкүндүгү;
3) эгерде бул Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш-жаза өндүрүшүнө тоскоолдук кылышы мүмкүн болсо, суроо-талапты (тапшырманы, өтүнүчтү) аткарууну кийинкиге калтыруу;
4) ушул Кодекстин 514-беренесинде каралган негиздер боюнча суроо-талапты (тапшырманы, өтүнүчтү) аткаруудан баш тартуу.
2. Кыргыз Республикасынын борбордук органы суроо-талапты (тапшырма, өтүнүч) канааттандыруу жөнүндө чечим кабыл алган учурда суроо-талапты Кыргыз Республикасынын компетенттүү органына аткаруу үчүн жөнөтөт. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде каралган учурларда, Кыргыз
Республикасынын борбордук органы, укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талапты (тапшырма, өтүнүч) аткарууда суроо-талап кылган тараптын компетенттүү органынын өкүлүнүн катышуусу боюнча чечим кабыл алат.
3. Прокурор өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талаптын (тапшырма, өтүнүч) талаптагыдай, толук жана өз убагында аткарылышы боюнча көрсөтмөлөрдү берүүгө укуктуу. Прокурор берген көрсөтмөлөр Кыргыз Республикасынын тийиштүү компетенттүү органы тарабынан аткарылуусу милдеттүү болуп саналат.
513-берене. Суроо-талапты (тапшырманы, өтүнүчтү) кароонун натыйжалары жөнүндө билдирүү
1. Укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талап (тапшырма, өтүнүч) канааттандырылган учурда Кыргыз Республикасынын борбордук органы суроо-талапты (тапшырма, өтүнүч) аткаруунун жыйынтыгы боюнча алынган материалдарды суроо-талап кылган тарапка өткөрүп берүүнү камсыз кылат.
2. Укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талапты (тапшырма, өтүнүч) канааттандыруудан баш тартылган учурда Кыргыз Республикасынын борбордук органы суроо-талап кылган тарапка баш тартуунун себептерин, ошондой эле суроо-талаптын (тапшырма, өтүнүч) кайра каралышы мүмкүн болгон шарттарды билдирип, суроо-талапты (тапшырма, өтүнүч) кайра кайтарат.
514-берене. Укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талапты (тапшырманы, өтүнүчтү) аткаруудан баш тартуу
1. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде каралган учурларда суроо-талап кылган тарапка укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талапты (тапшырманы, өтүнүчтү) аткаруудан баш тартылышы мүмкүн.
2. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жок болгон учурда, суроо-талапты (тапшырманы, өтүнүчтү) аткаруудан баш тартылат, эгерде:
1) суроо-талапты (тапшырманы, өтүнүчтү) аткаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келсе же Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө, коопсуздугуна, коомдук тартибине же башка кызыкчылыктарына зыян алып келиши мүмкүн болсо;
2) суроо-талап жиберген тарап бул чөйрөдө өз ара түшүнүүнү камсыз кылбаса;
3) суроо-талап (тапшырма, өтүнүч) Кыргыз Республикасында кылмыш болуп саналбаган аракетке тиешелүү болсо;
4) суроо-талап (тапшырма, өтүнүч), адамды анын тегине, социалдык, кызматтык жана мүлктүк абалына, жынысына, расасына, улутуна, тилине, динге болгон мамилесине, ынанымдарына, жашаган жерине карата жүйөлөр боюнча куугунтуктоо, соттоо же жазалоо максатында жиберилген деген жетиштүү негиздер бар болсо.
515-берене. Чет мамлекеттердин аймагында алынган далилдердин юридикалык күчү
Кылмыш иштери боюнча укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талаптарды аткаруунун жүрүшүндө чет мамлекеттин анын аймагында кызмат адамдары тарабынан алынган же Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык же өз ара түшүнүшүү принцибинин негизинде кылмыш куугунтуктоосун жүргүзүү жөнүндө суроо-талапка тиркеме катары Кыргыз Республикасына жиберилген, ушул Кодекстин талаптарына толугу менен ылайык келген, белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн жана берилген далилдер Кыргыз Республикасынын аймагында алынгандай эле юридикалык күчкө ээ болот.
516-берене. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерде жүргөн күбөнү, жабырлануучуну, анын өкүлүн, экспертти чакыруу жана суракка алуу
1. Күбө, жабырлануучу, анын өкүлү, эксперт, эгерде алар чет мамлекеттин жарандары болуп эсептелсе, кылмыш иши өндүрүшүндө турган тиешелүү кызмат адамы тарабынан алардын макулдугу менен Кыргыз Республикасынын аймагында процессуалдык жана соттук иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн чакыртылышы мүмкүн.
2. Чакыртылган адамдын келиши жөнүндө суроо-талап ушул Кодекстин 509-беренесинде каралган тартипте жиберилет.
3. Күбөнүн, жабырлануучунун, ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн процесстин башка катышуучуларынын катышуусу менен процессуалдык жана соттук иш-аракеттерди өткөрүү ушул Кодекстин эрежелери боюнча ишке ашырылат.
4. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чакыруу боюнча келген адамдар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өткөнгө чейин болгон аракеттери үчүн же өкүмдөрдүн негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында айыпталуучу катары тартылбайт, камакка алынбайт же жеке эркиндигине башка чектөөлөр коюлбайт. Эгерде чакыруу боюнча келген адам, анын келүүсү чакырткан кызмат адамы талап кылынбаган учурдан баштап үзгүлтүксүз 15 сутка өткөнгө чейин Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кетүүгө мүмкүндүгү болуп туруп ушул аймакта кала берсе же кеткенден кийин Кыргыз Республикасына кайрылып келсе, иммунитетти колдонуусу токтотулат.
5. Эгерде чет мамлекеттин аймагында камакта отурган адам чет мамлекеттин компетенттүү органы же кызмат адамы тарабынан чакыруу жөнүндө суроо-талапта көрсөтүлгөн аракеттерди жасоо үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына убактылуу өткөрүлүп берилип жатса, ушул беренеде белгиленген тартипте чакыртылат. Мындай адам Кыргыз Республикасынын аймагында болгон бардык мезгилде камакта кармалат, аны камакта кармоонун негизи болуп чет мамлекеттин компетенттүү органынын тиешелүү чечими эсептелет. Бул адам суроо-талапта берилген жоопто көрсөтүлгөн мөөнөттө тиешелүү чет мамлекеттин аймагына кайтарылууга тийиш.
Өткөрүп берүү же андан баш тартуу шарттары Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери же өз ара түшүнүшүү принцибинин негизиндеги жазуу жүзүндөгү милдеттенмелер менен аныкталат.
6. Эгерде Кыргыз Республикасынын күчүнө кирген эл аралык келишимдеринде каралса, күбө, жабырлануучу, эксперт, ошондой эле чет мамлекеттин аймагында камакта отурган адам ушул Кодекстин 201 жана 290-беренелеринде белгиленген тартипте видеоконференцбайланыш (аралыктан суракка алуу) режиминде техникалык каражаттарды колдонуу менен суракка алынышы мүмкүн.
517-берене. Процессуалдык же соттук иш-аракеттерди жүргүзүү жөнүндө суроо-талапты аткаруу
1. Сот, прокурор, тергөөчү ушул Кодекстин жалпы эрежелери боюнча процессуалдык же соттук иш-аракеттерди жүргүзүү жөнүндө чет мамлекеттердин компетенттүү органдарынын суроо-талабын белгиленген тартипте аткарат.
2. Эгерде ошол мамлекет тарабынан эл аралык келишимдерде же өз ара түшүнүшүү принцибинин негизинде каралса, эгерде бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык милдеттенмелерине каршы келбесе, суроо-талапты аткарууда чет мамлекеттин процессуалдык ченемдери колдонулушу мүмкүн.
3. Өз ара түшүнүшүү принцибинин негизиндеги өз ара аракеттенүү жөнүндө эл аралык келишимде же жазуу жүзүндөгү милдеттенмелерде каралган учурларда суроо-талапты аткарууда чет мамлекеттин компетенттүү органын өкүлү катыша алат.
4. Эгерде суроо-талаптын аткарылышы мүмкүн болбосо, алынган документтер аны аткарууга жолтоо болгон себептерди көрсөтүү менен аны алган орган аркылуу же суроо-талап берген чет мамлекеттин компетенттүү органына кайтарылат.
5. Чет мамлекеттин компетенттүү органынын укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талабы ал аткаруучуга келип түшкөн күндөн тартып бир айдын ичинде аткарылат. Өзгөчө учурларда татаал жана көлөмдүү процессуалдык аракеттерди аткаруу зарыл болгон учурларда, анын ичинде тергөө судьясынын (соттун) уруксатын талап кылса, тийиштүү компетенттүү органдын жетекчиси тарабынан аткаруу мөөнөтү прокурордун макулдугу менен ал аткаруучуга келип түшкөн күндөн тартып, 3 айга чейин узартылышы мүмкүн.
6. Суроо-талапты аткаруу тапшырылган орган зарыл болгон процессуалдык аракеттерди жасагандан кийин, алынган материалдарды Кыргыз Республикасынын борбордук органына жиберет. Суроо-талап сапатсыз аткарылган учурда, борбордук орган суроо-талапты аткаруу үчүн кошумча чараларды талап кылууга укуктуу.
7. Эгерде эл аралык келишимде башкача каралбаса, суроо-талапты аткаруунун натыйжасында алынган документтер, процессуалдык аракеттерди жүргүзгөн компетенттүү органдын гербдүү мөөрү менен күбөлөндүрүлөт жана Кыргыз Республикасынын борбордук органына суратуучу тарапка өткөрүп берүү үчүн котормосу жок берилет.
8. Укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талапты аткарууга мүмкүнчүлүк жок болгон учурда, ошондой эле ушул Кодекстин 514-беренесинде каралган учурларда, Кыргыз Республикасынын борбордук органы чет мамлекеттин компетенттүү органына себебин көрсөтүү менен мындай суроо-талапты кайтарат.
9. Кыргыз Республикасынын борбордук органы суроо-талапты аткаруунун жүрүшүндө алынган материалдарды Кыргыз Республикасынын компетенттүү органынан алгандан кийин чет мамлекеттин компетенттүү органына жиберет.
518-берене. Кылмыш куугунтугун улантуу үчүн иштин материалдарын жөнөтүү
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгып кеткен чет мамлекеттин жараны Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жасаган учурда, сотко чейинки өндүрүштүн бардык материалдары же кылмыш иштери Башкы прокуратурага берилет, ал аларды кылмыш куугунтугун улантуу үчүн чет мамлекеттин тиешелүү органдарына жөнөтүү жөнүндө маселени чечет.
519-берене. Кылмыш куугунтугун улантуу же сотко чейинки өндүрүштү баштоо жөнүндө суроо-талапты аткаруу
1. Чет мамлекеттин аймагында кылмыш жасаган жана Кыргыз Республикасына кайтып келген Кыргыз Республикасынын жаранына карата сотко чейинки өндүрүштү андан ары улантуу үчүн кылмыш ишин чет мамлекеттин өткөрүп беришин Башкы прокуратура карайт. Мындай учурларда соттук териштирүү ушул Кодексте каралган тартипте жүргүзүлөт.
2. Кыргыз жарандыгы бар жана кылмыш жасаган жери боюнча өзүнө карата кылмыш куугунтугу башталганга чейин Кыргыз Республикасына кайтып келген адам чет мамлекеттин аймагында кылмыш жасаган учурда, чет мамлекеттин компетенттүү органы Башкы прокуратурага берген бул кылмыш жөнүндө материалдар боюнча сотко чейинки өндүрүш Кыргыз Республикасынын компетенттүү органы тарабынан башталышы мүмкүн.
520-берене. Видео байланышты колдонуу жолу менен процессуалдык иш-аракеттерди жүргүзүү
1. Чет мамлекеттин компетенттүү органынын суроо-талабы боюнча процессуалдык аракеттер төмөнкүдөй учурларда видео байланыштын жардамы менен адамдын турган жери боюнча жүргүзүлөт:
1) чакырылган адамдардын чет мамлекеттин компетенттүү органына келүүсү мүмкүн эмес болгондо;
2) адамдын коопсуздугун камсыз кылууда;
3) Кыргыз Республикасы ратификациялаган эл аралык келишимдерде каралган башка негиздер боюнча.
2. Эгерде Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарынын принциптерине карама-каршы келбесе, видео байланыш аркылуу процессуалдык аракеттер суроо-талап кылган тараптын процессуалдык мыйзамында каралган тартипте аткарылат.
3. Суроо-талап кылган тараптын компетенттүү органы видео байланыш өткөрүүдө котормочунун катышуусун камсыздоого тийиш.
4. Эгерде процессуалдык аракеттерди жүргүзүүнүн убагында ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган тартипти бузуулар табылса, процессти жүргүзүүчү орган бул жөнүндө процессуалдык аракеттердин катышуучуларына билдирет жана жол берилген бузууларды жоюу боюнча чараларды көрүү максатында аны токтотот. Жол-жобого зарыл болгон өзгөртүүлөр боюнча сурануучу тараптын компетенттүү органы менен макулдашылгандан кийин гана процессуалдык аракеттер улантылат.
5. Процессуалдык аракеттердин протоколу жана видеомаалыматтар суроо-талап кылган тараптын компетенттүү органына жиберилет.
6. Кыргыз Республикасынын компетенттүү органынын суроо-талабы боюнча видео байланыштын жардамы менен процессуалдык аракеттер ушул берене менен каралган эрежелер боюнча жүргүзүлөт.
521-берене. Биргелешкен тергөө, тергөө-ыкчам топторун түзүү жана алардын ишмердиги
1. Кылмыштар бир нече мамлекеттердин аймактарында жасалса жана ал мамлекеттердин кызыкчылыктары бузулса, сотко чейинки өндүрүш жүргүзүү үчүн биргелешкен тергөө, тергөө-ыкчам топтору түзүлүшү мүмкүн.
2. Кыргыз Республикасынын сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу органдарынын жана чет мамлекеттердин компетенттүү органдарынын суроо-талабы боюнча Башкы прокуратура биргелешкен тергөө, тергөө-ыкчам топторун түзүү жөнүндө маселени карайт жана чечет.
3. Биргелешкен тергөө, тергөө-ыкчам топтун мүчөлөрү түздөн-түз өз ара аракеттенет, сотко чейинки өндүрүштүн негизги багыттарын, процессуалдык аракеттерди жүргүзүү боюнча өз ара макулдашат, алынган маалыматтар менен алмашышат. Алардын ишин координациялоону биргелешкен тергөө, тергөө-ыкчам топту түзүүнүн демилгечиси же анын мүчөлөрүнүн бири жүзөгө ашырат.
4. Тергөө (издөө) жана башка процессуалдык аракеттер, алар кайсы мамлекеттин аймагында жүргүзүлүп жатса, ошол мамлекеттин биргелешкен тергөө, тергөө-ыкчам тобунун мүчөлөрү тарабынан аткарылат.
60-глава. Кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн же өкүмдү аткаруу үчүн адамды өткөрүп берүү
522-берене. Чет мамлекеттин аймагында жүргөн адамды өткөрүп берүү (экстрадициялоо) тууралуу суроо-талапты жөнөтүү
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурда жана тартипте, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин негизинде же өз ара түшүнүшүү принцибинин шарттарында Башкы прокуратура Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жасаган адамды, эгерде ага карата айыптоочу өкүм же айыпталуучу катары жоопко тартуу жөнүндө токтом чыгарылса, өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап менен чет мамлекеттин компетенттүү органына кайрылат.
Эгерде эл аралык келишимде башкача каралбаса, суроо-талап мамлекеттик же расмий тилде түзүлөт жана ал жазуу жүзүндө же электрондук кол коюлган документ түрүндө жиберилүүчү чет мамлекеттин тилине которулат.
2. Эгерде өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талапты жөнөтүүгө байланыштуу аракет эки мамлекеттин мыйзамдарына ылайык кылмыш түрүндө жазалануучу болуп саналса жана аны жасагандыгы үчүн кеминде бир жылдан кем эмес мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндө же алда канча оор жаза каралса - кылмыш куугунтуктоосу үчүн өткөрүп берилген учурда же адам 6 айдан кем эмес мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолсо-өкүмдү аткаруу үчүн өткөрүп берилген учурда өз ара түшүнүшүү принцибинин негизинде адамды өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап жөнөтүлөт.
523-берене. Адамды өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талаптын материалдарын даярдоо жана жиберүү тартиби
1. Ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде каралган учурда жана тартипте издөөнүн демилгечиси Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жасаган адамды берүүнү талап кылуу жөнүндө өтүнүч менен Башкы прокуратурага кайрылат.
2. Адамды өткөрүп берүү жөнүндө өтүнүч жазуу жүзүндө түзүлөт жана төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш:
1) кылмыш иши өндүрүшүндө турган органдын аталышы;
2) өтүнүч жиберилип жаткан адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты, анын туулган датасы жана жери, жарандыгы, жашаган же турган жери;
3) санкцияны милдеттүү түрдө көрсөтүү менен жоопкерчилик каралган мыйзамдын текстин келтирип, жасалган кылмыштын иш жүзүндөгү жагдайларын баяндоо;
4) кылмыштын айынан келтирилген мүлктүк зыяндын өлчөмү;
5) мыйзамдуу күчүнө кирген өкүм чыгарылган же айыпталуучу катары жоопко тартуу жөнүндө токтом берилген жер жана убакыт жөнүндө маалыматтар;
6) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде каралган башка маалыматтар.
3. Кылмыш куугунтугу үчүн өткөрүп берүү жөнүндө өтүнүчкө төмөнкүлөр тиркелүүгө тийиш:
1) айыпталуучу катары жоопко тартуу жөнүндө токтом;
2) издөө жарыялоо жөнүндө токтом;
3) камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасын тандоо жөнүндө судьянын токтомунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
4) эгерде адамды өткөрүп берүү өкүмдү аткаруу үчүн суралса, мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмдүн ырасталган көчүрмөсү жана жазанын өтөлбөгөн мөөнөтү жөнүндө маалымкат;
5) тагылган кылмыш квалификациялануучу Кылмыш-жаза кодексинен көчүрмө;
6) өткөрүп берүүгө суралган адамдын жарандык таандыгы жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу;
7) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде каралган башка процессуалдык документтер.
4. Чет мамлекеттердин компетенттүү органдарына өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талапты жөнөтүү маселеси Башкы прокурор же анын орун басарлары тарабынан каралат.
524-берене. Өткөрүп берилген жактын кылмыш жоопкерчилигинин чектери
1. Чет мамлекет өткөрүп берген адам аны өткөрүп берген мамлекеттин макулдугусуз өткөрүп берүү менен байланышпаган башка кылмышы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылышы, жазалоого дуушарланышы, ошондой эле үчүнчү мамлекетке берилиши мүмкүн эмес.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн эрежелери адамды өткөрүп бергенден кийин ал кылмыш жасаган учурларга жайылтылбайт.
525-берене. Өткөрүлүп берилген (экстрадицияланган) адамга карата кылмыш куугунтугунун натыйжалары жөнүндө маалымдоо
Прокурор өткөрүлүп берилген адамга (экстрадицияланган) карата кылмыш куугунтугунун натыйжалары жөнүндө Башкы прокуратурага андан ары суроо-талап кылган тараптын ыйгарым укуктуу органына маалымдоо үчүн билдирүү жиберет.
526-берене. Камакта кармоонун мөөнөттөрүн эсептөө
1. Бөгөт коюу чарасы катары камакта кармоо колдонулган, өткөрүп берилген (экстрадицияланган) адамга карата мөөнөттүн башталышы ал Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өткөн учурдан тартып эсептелет.
2. Кыргыз Республикасына берилүүчү адамды чет мамлекеттин аймагында кармоонун жана камакта кармоонун, ошондой эле аны этап кылуу убактысы жаза дайындоодо аны камакка алуунун жалпы мөөнөтүнө кошуп эсептелет.
3. Убактылуу өткөрүп берүү (экстрадиция) мезгилинде адамды Кыргыз Республикасынын аймагында камакта кармоо убактысы Кыргыз Республикасынын сотунун өкүмү боюнча дайындалган жазаны өтөө мөөнөтүнө эсептелбейт.
527-берене. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде кылмыш-жаза укугун бузган адамды кармоонун өзгөчөлүктөрү
1. Чет мамлекетте кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдөгү адамды Кыргыз Республикасынын аймагында кармоо, ушул Кодекстин 96-беренесинде каралган тартипте тергөөчү тарабынан жүргүзүлөт.
2. 48 сааттын ичинде кармалган адамдын инсандыгы, анын жарандык таандыгы, аныкталышы издөө демилгечисинен жасалган аракеттин жагдайлары тууралуу маалыматтар, ага ылайык кылмыш болуп эсептелген беренесинин тексти, аны камакка алуу жана издөө жарыялоо жөнүндө компетенттүү органдын чечими суратып алынышы керек.
3. Чет мамлекеттин компетенттүү органынын адамды камакка алуу жөнүндө өтүнүчү, өткөрүп берүү (экстрадициялоо) жөнүндө талап билдирилгенге чейин почта, факс жана байланыштын башка түрлөрү менен берилиши мүмкүн.
528-берене. Адамды убактылуу камакта кармоо
1. Берилген материалдар изилдегенден кийин жана кармалган адам чын эле издөө жарыяланган адам экендиги тууралуу жетиштүү негиздер болсо жана ушул Кодекстин 532-беренесинде каралган негиздер жок болгондо, тергөөчү кармоонун 48 сааты бүткөнгө чейин прокурордун макулдугу менен сотко ушул Кодекстин 105-беренесине ылайык кармалгандан баштап аны өткөрүп берүү (экстрадициялоо) жөнүндө суроо-талап келгенге чейин 30 суткага убактылуу камакта кармоону колдонуу өтүнүчүн киргизет.
2. Өтүнүчкө төмөндөгүлөр тиркелет:
1) адамды кармоо протоколу;
2) чет мамлекеттин аймагында адам тарабынан кылмыш жасалгандыгы жана ага карата чет мамлекеттин компетенттүү органы тарабынан камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалып алынгандыгы жөнүндө маалыматтарды камтыган документтер;
3) кармалган адамдын инсандыгын ырастаган документтер.
3. Тергөө судьясы адамды кармаган учурдан тартып токтоосуз, бирок 48 сааттан кечиктирбестен өтүнүчтү карап чыгат жана аны убактылуу камакта кармоо же болбосо убактылуу камакта кармоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарат.
4. Эгерде, тергөө судьясы убактылуу камакта кармоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарса, бир эле учурда изделүүчү адамды прокурордун өтүнүчү менен апелляциялык тартипте токтомду кайра каралуу убактысына чейин камакта кармоо чечимин кабыл алат.
5. Прокурордун өтүнүчү боюнча даттануу, кайра кароо жана тергөө судьясынын бул токтомунун мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү ушул Кодекстин 266-беренесинде каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
6. Прокурор адамды убактылуу камакка алуу жөнүндө маалыматты өткөрүп берүү (экстрадициялоо) жөнүндө өтүнүчтү жиберген чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу органына дароо кабарлайт.
7. Камакта кармоочу жайдын администрациясы мындай адамды камакта кармоо мөөнөтү аяктаганга чейин 10 суткадан кечиктирбестен бул тууралуу прокурорго кабарлоого милдеттүү.
8. Убактылуу камакта кармоо колдонулган адамды бошотуу прокурор тарабынан жүзөгө ашырылат, эгерде:
1) талап кылган тараптан 30 сутканын ичинде өткөрүп берүү (экстрадициялоо) жөнүндө талап келип түшпөсө;
2) 30 сутканын ичинде экстрадициялык камоо колдонулбаса;
3) өткөрүп берүү (экстрадиция) мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруучу жагдайлар белгилүү болсо.
9. Адамды бошотуу эгерде адамды өткөрүп берүү (экстрадициялоо) жөнүндө суроо-талап кеч келип түшсө, ушул Кодексте каралган тартипте адамды камакка алуу жана өткөрүп берүү (экстрадициялоо) жөнүндө кайрадан өтүнүч менен сотко кайрылуу үчүн тоскоолдуктарды түзбөйт.
10. Убактылуу камакта кармоо мөөнөтү аяктаганга чейин адамды өткөрүп берүү (экстрадиция) жөнүндө суроо-талап келип түшсө, тергөө судьясы тарабынан ага карата экстрадициялык камоону колдонуу жөнүндө токтом чыгарылган учурдан баштап тергөө судьясынын убактылуу камакта кармоо жөнүндөгү токтому юридикалык күчүн жоготот.
529-берене. Экстрадициялык камоо
1. Изделип жаткан адамды өткөрүп берүү (экстрадициялоо) жөнүндө компетенттүү органдын суроо-талабы почта, факс жана байланыштын башка түрлөрү менен алынгандан кийин тергөөчү прокурордун макулдугу менен адам камакта кармалган жердеги сотко аны өткөрүп берүү (экстрадициялоо) максатында адамды экстрадициялык камоого алууну колдонуу жөнүндө өтүнүчтү киргизет.
2. Өтүнүч менен бирге тергөө судьясынын кароосуна төмөндөгүлөр берилет:
1) чет мамлекеттин компетенттүү органынын адамды өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талабынын көчүрмөсү;
2) адамдын жарандыгы жөнүндө маалыматтар;
3) экстрадициялык текшерүүнүн материалдары.
3. Тергөө судьясы өтүнүчтү карайт жана экстрадициялык камоону дагы бир жолу колдонуу же колдонуудан баш тартуу жөнүндө токтом чыгарат.
4. Өтүнүчтү кароодо тергөө судьясы адамдын күнөөлүү экендиги жөнүндө маселени изилдебестен жана чет мамлекеттин компетенттүү органдары тарабынан өткөрүп берүүчү (экстрадиция) адамга карата кабыл алынган процессуалдык чечимдердин мыйзамдуулугун текшербестен, изделип жаткан адамдын жарандык таандыгын текшерет.
5. Прокурор тарабынан тергөө судьясынын токтомуна даттануу ушул Кодекстин 35-беренесине ылайык апелляциялык тартипте жүзөгө ашырылат.
6. Эгерде, тергөө судьясы экстрадициялык камоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарса, бир эле учурда изделүүчү адамды прокурордун өтүнүчү менен апелляциялык тартипте токтомдун кайра каралуу убактысына чейин камакта кармоо чечимин кабыл алат.
7. Өткөрүп берилүүгө (экстрадиция) тийиш болгон адамга карата экстрадициялык камак тергөө судьясынын чечими боюнча ар жолу 2 айга чейинки мөөнөткө колдонулат. Адам кармалган учурдан тартып бир жылдан ашык экстрадициялык камактын мөөнөтүн
узартууга жол берилбейт, ал эми бөгөт коюу чарасы жокко чыгарылууга тийиш.
8. Камакта кармоочу жайдын администрациясы экстрадициялык камакка алуу колдонулган адамдын камакка алуу мөөнөтү аяктаганга чейин 10 суткадан кечиктирбестен бул тууралуу прокурорго кабарлоого милдеттүү.
9. Эгерде ушул беренеде көрсөтүлгөн камакка алуу мөөнөтү өтсө, анын ичинде көрсөтүлгөн мөөнөттө өткөрүп берүү (экстрадиция) ишке ашпаса, экстрадициялык камакка алуу колдонулган адамды бошотуу прокурордун токтомунун негизинде жүргүзүлөт, бул жөнүндө Башкы прокуратурага тез арада билдирилет.
10. Адамды экстрадициялык камакка алуудан бошотуу, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса, өткөрүп берүү (экстрадиция) жөнүндө чечимди аткаруу үчүн адамды чет мамлекетке иш жүзүндө өткөрүп берүү максатында анын кайталап колдонулушуна жолтоо болбойт.
530-берене. Чет мамлекеттин жаранын өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талапты аткаруу
1. Чет мамлекеттин аймагында кылмыш жасагандыгы үчүн айыпталып жаткан же соттолгон чет мамлекеттин жаранын өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талапты Башкы прокурор же анын орун басарлары Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык же өз ара түшүнүшүү принцибинин негизинде карайт.
2. Өткөрүп берүү тууралуу суроо-талапты ага тиркелген материалдар менен окуп чыккандан кийин Башкы прокурор же анын орун басарлары чет мамлекеттин жаранын өткөрүп берүү (экстрадициялоо) же өткөрүп берүүдөн (экстрадициялоодон) баш тартуу жөнүндө чечимди токтом түрүндө кабыл алат. Адамды өткөрүп берүү жөнүндө бир нече мамлекеттин талаптары болгон учурда адам кайсы мамлекетке өткөрүп берилүүгө тийиш экенин Башкы прокурор же анын орун басарлары чечет.
531-берене. Адамды өткөрүп берүү (экстрадициялоо) жөнүндө чечим
1. Өткөрүп берүү жөнүндө чечим төмөндөгү учурларда кабыл алынышы мүмкүн:
1) эгерде кылмыш-жаза мыйзамы бул аракеттерди жасагандыгы үчүн бир жылдан ашык мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазаны же адамды өткөрүп берүү кылмыш куугунтугу үчүн жүргүзүлгөн алда канча оор жазаны караса;
2) эгерде өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап жиберилген адам 6 айдан кем эмес мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга же кыйла оор жазага соттолгон болсо;
3) суроо-талап жөнөткөн чет мамлекет ага карата өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап жөнөтүлгөн адам суроо-талапта көрсөтүлгөн кылмыш үчүн гана куугунтуктала тургандыгына жана соттук териштирүү аяктагандан жана жазаны өтөгөндөн кийин бул мамлекеттин аймагынан эркин чыгып кете аларына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын макулдугусуз үчүнчү мамлекетке чыгарып салынбайт, берилбейт же өткөрүп берилбейт деп кепилдик бере алса.
532-берене. Өткөрүп берүүдөн баш тартуу
1. Өткөрүп берүүгө төмөнкүдөй учурларда жол берилбейт:
1) эгерде өткөрүп берүү жөнүндө чет мамлекеттин суроо-талабы келип түшкөн адам
Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналса;
2) эгерде аталган тиешелүү мамлекетте расасынын, дин тутуусунун, жарандыгынын, улутунун, белгилүү бир социалдык топко таандыктыгынын белгиси боюнча же саясий ынанымдары боюнча куугунтукталуу мүмкүндүгүнө байланыштуу бул адамга Кыргыз Республикасында башпаанек берилген болсо;
3) эгерде өткөрүп берүү жөнүндө талапка негиз болгон кылмыштуу аракет Кыргыз Республикасында кылмыш деп таанылбаса;
4) эгерде ошол эле кылмыш үчүн бул адамга карата мыйзамдуу күчүнө кирген өкүм бар болсо же иш боюнча өндүрүш кыскартылган болсо;
5) эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча мөөнөтү эскиргендигинен улам же башка мыйзамдуу негиз боюнча кылмыш ишин баштоого мүмкүн болбосо же өкүмдү аткарууга мүмкүн болбосо;
6) эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык бул адамды өткөрүп берүү үчүн тоскоолдуктар бар экендиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын сотунун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими бар болсо;
7) эгерде суроо-талап кылып жаткан мамлекетте бул адамга карата кыйноолор колдонулушу мүмкүн деп эсептөөгө негиздер бар болсо.
2. Адамды өткөрүп берүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылышы мүмкүн:
1) эгерде өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талапты жөнөтүүгө негиз болгон аракет Кыргыз Республикасынын аймагында же Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы анын аймагынан тышкары жерде жасалган болсо;
2) эгерде ошол эле аракет үчүн өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап жөнөтүлгөн адамга Кыргыз Республикасында кылмыш куугунтугу жүргүзүлсө;
3) эгерде өткөрүп берилүүчү адам санкциясы өлүм жазасы түрүндө жазаны караган кылмышты жасагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчиликке тартылып жатса;
4) эгерде ыйгарым укуктуу орган тарабынан адамга качкын статусун берүү жөнүндө анын өтүнүчү катталгандыгы тууралуу күбөлүк берилсе;
5) эгерде чет мамлекеттин компетенттүү органы Башкы прокуратуранын талабы боюнча, өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап боюнча аларсыз чечим кабыл алууга мүмкүн болбогон кошумча материалдарды же маалыматтарды бербесе;
6) эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде каралган башка негиздер бар болсо.
3. Эгерде адамды өткөрүп берүү жүргүзүлбөй турган болсо, анда Башкы прокуратура бул жөнүндө баш тартуунун негиздерин көрсөтүү менен тиешелүү чет мамлекеттин компетенттүү органдарына билдирет.
533-берене. Адамды өткөрүп берүүнү кийинкиге калтыруу
Кыргыз Республикасынын аймагында башка кылмышы үчүн жазасын өтөп жаткан чет мамлекеттин жараны же жарандыгы жок адамга карата өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап түшсө, жаза өтөгөнгө чейин же кандай болбосун мыйзамдуу негиздер менен жазадан бошотулганга чейин өткөрүп берүү кийинкиге калтырылышы мүмкүн. Эгерде адам кылмыш жоопкерчилигине тартылса, анда өкүм чыкканга, жазаны өтөгөнгө же болбосо жазадан бошогонго чейин же бардык негиздер боюнча өткөрүп берүү кийинкиге калтырылышы мүмкүн.
534-берене. Адамды чет мамлекетке убактылуу өткөрүп берүү (экстрадициялоо) жана адамды убактылуу өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап жөнөтүү
1. Эгерде өткөрүп берүүнү кийинкиге калтыруу кылмыш куугунтугунун эскирүү мөөнөтүнүн бүтүшүнө же кылмышты тергөөгө зыян келтирсе, өтүнүч боюнча өткөрүп берүү талап кылынган адам Башкы прокурор же анын орун басарлары белгилеген шарттарды сактоо милдеттенмелери болгон учурда убактылуу өткөрүлүп берилиши мүмкүн.
Убактылуу өткөрүлүп берилген (экстрадицияланган) адам кылмыш иши боюнча процессуалдык аракеттер жүргүзүлгөндөн кийин өткөрүлүп (экстрадицияланып) берилген күндөн тартып 90 суткадан кечиктирилбестен кайтарылышы керек. Өз ара макулдашуу боюнча бул мөөнөт узартылышы мүмкүн, бирок Кыргыз Республикасынын аймагында жасаган кылмышы үчүн жазанын өтөлө элек мөөнөтүнөн ашпоого тийиш.
2. Эгерде адамды өткөрүп берүүнү (экстрадициялоону) кийинкиге калтыруу кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтүнүн эскирүүсүнө же кылмыш иши боюнча далилдердин жоголуусуна алып келе турган болсо, Башкы прокурор же анын орун басарлары адамды убактылуу өткөрүп берүү (экстрадициялоо) жөнүндө ушул Кодекстин 523-беренесинде каралган тартипте даярдалуучу суроо-талап менен кайрылышы мүмкүн.
3. Адамды убактылуу өткөрүп берүү (экстрадициялоо) жөнүндө суроо-талап канааттандырылган учурда бул адам макулдашылган мөөнөттө тиешелүү чет мамлекетке кайтарылып берилүүгө тийиш.
4. Зарыл болгон учурда процессти жүргүзүүчү орган адамды убактылуу өткөрүп берүүнүн (экстрадициялоонун) мөөнөтүн узартуу жөнүндө документтерди даярдайт, алар адамды убактылуу өткөрүп берүүнүн (экстрадициялоонун) мөөнөтү аяктаганга чейин 20 суткадан кечиктирбестен Башкы прокуратурага жиберилет.
535-берене. Өткөрүлүп берилген адамдарды транзиттик ташуу
1. Кыргыз Республикасы Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык же өз ара түшүнүшүү принцибинин негизинде тиешелүү өтүнүч боюнча чет мамлекетке Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу кылмыш куугунтугу же өкүмдү аткаруу үчүн үчүнчү мамлекет тарабынан берилген адамды транзиттик ташууну жүзөгө ашырууга уруксат бере алат.
2. Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу адамды транзиттик ташуу жөнүндө суроо-талап боюнча чечимди Башкы прокурор жана анын орун басарлары кабыл алат.
3. Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттик ташуу учурунда адамды камакта кармоо үчүн Башкы прокурордун же анын орун басарларынын транзиттик ташууга уруксаты жана адамды камакка алуу жөнүндө чет мамлекеттин сот же башка компетенттүү органынын чечими негиз болот.
4. Ушул Кодекстин 532-беренесинде каралган негиздер болгондо, Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттик ташууга уруксат берүүдөн баш тартылышы мүмкүн.
5. Транзиттик ташуу аба жолдору менен жүргүзүлгөндө, аны жүзөгө ашырууга уруксат Кыргыз Республикасынын аймагына аба кемеси орто-аралык конгондо гана талап кылынат. Мындай учурда адамды Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттик ташуу жөнүндө өтүнүч жалпы тартипте каралат.
536-берене. Адамды өткөрүп берүү жөнүндө чечимди сот тартибинде даттануу
1. Өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алынган адамга токтомдун көчүрмөсү тапшырылат.
2. Башкы прокурордун же анын орун басарларынын өткөрүп берүү жөнүндө чечими өзүнө карата бул чечим кабыл алынган адам тарабынан ал турган жер боюнча же анын адвокаты тарабынан токтомдун көчүрмөсүн алган учурдан тартып 10 сутканын ичинде сотто даттанылышы мүмкүн.
3. Эгерде өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алынган адам камакта болсо, камакта кармоочу жайдын администрациясы сотко даректелген даттанууну алаары менен тез арада аны тиешелүү сотко жөнөтөт жана бул жөнүндө прокурорго билдирет.
4. Прокурор адамды өткөрүп берүү жөнүндө токтомдун даттанылгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн учурдан тартып 10 сутканын ичинде адамды өткөрүп берүү жөнүндө чечимдин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн ырастаган материалдарды сотко жөнөтөт.
5. Адамды өткөрүп берүү жөнүндө чечимдин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү даттануу сотко келип түшкөн күндөн тартып бир айдын ичинде ачык соттук отурумда судья тарабынан жекече, прокурордун, өзүнө карата өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алынган адамдын, эгерде анын адвокаты кылмыш ишине катышса, анын катышуусу менен жүргүзүлөт.
6. Отурумдун башталышында төрагалык кылуучу кайсы даттануу каралууга тийиш экенин жарыялайт, катышып жаткандарга алардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин түшүндүрөт. Андан соң арыз ээси жана (же) анын адвокаты даттанууну негиздейт, андан кийин сөз прокурорго берилет.
7. Соттук кароонун жүрүшүндө сот өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алынган адамдын күнөөлүүлүгү боюнча маселесин талкуулабастан, бул адамды өткөрүп берүү жөнүндө чечимдин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык келишимдерине шайкештигин текшерүү менен чектелет.
8. Текшерүүнүн натыйжасында судья төмөнкүдөй токтомдордун бирин чыгарат:
1) адамды өткөрүп берүү жөнүндө чечимди мыйзамсыз же негизсиз деп табуу же аны жокко чыгаруу жөнүндө;
2) даттанууну канааттандыруусуз калтыруу жөнүндө.
9. Адамды өткөрүп берүү жөнүндө чечим жокко чыгарылган учурда судья даттанууну берген адамга карата тандалган бөгөт коюу чарасын да жокко чыгарат.
10. Даттанууну канааттандыруу же андан баш тартуу жөнүндө судьянын токтому ал чыгарылган күндөн тартып 10 сутканын ичинде апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн.
537-берене. Өткөрүп берилүүчү адамды берүү
1. Кыргыз Республикасы өткөрүп берилүүчү адамды берүүнүн орду, датасы жана убактысы жөнүндө чет мамлекетке билдирет. Эгерде бул адам өткөрүп берүү үчүн белгиленген күндөн тартып 15 сутканын ичинде кабыл алынбаса, ал камактан бошотулушу мүмкүн.
2. Эгерде чет мамлекет өзүнө байланышпаган кырдаалдардан улам өткөрүп берилүүчү адамды кабыл ала албаса жана бул жөнүндө Кыргыз Республикасына билдирсе, өткөрүп берүү датасы жылдырылышы мүмкүн. Ошол эле тартипте, эгерде Кыргыз Республикасы өзүнө байланышпаган кырдаалдардан улам өткөрүп берилүүчү адамды өткөрүп бере албаса, өткөрүп берүү датасы жылдырылышы мүмкүн.
3. Кандай болгон күндө да, адамды өткөрүп берүү үчүн белгиленген күндөн тартып 30 сутка өткөндөн кийин, ал бошотулууга тийиш.
538-берене. Буюмдарды берүү
1. Жаранды чет мамлекеттин компетенттүү органына өткөрүп берген учурда, кылмыштын куралы болуп саналган буюмдар, ошондой эле кылмыштын издери бар буюмдар берилет. Бул буюмдар өтүнүч боюнча жана адам өлгөндүгүнөн улам же башка себептер боюнча аны өткөрүп берүү мүмкүн болбогон учурда берилет.
2. Эгерде ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн буюмдар башка иш боюнча өндүрүш үчүн зарыл болсо, алар убактылуу кармалышы мүмкүн.
3. Үчүнчү жактардын мыйзамдуу укуктарын камсыз кылуу үчүн, ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн буюмдар иш боюнча өндүрүш аяктагандан кийин буюмдарды кайра кайтаруу жөнүндө чет мамлекеттин уюмунун милдеттенмелери бар болгондо гана берилет.
61-глава. Эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамды ал жараны болуп саналган мамлекетте жазаны өтөө үчүн өткөрүп берүү
539-берене. Эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамды ал жараны болуп саналган мамлекетте жазаны өтөө үчүн өткөрүп берүүгө негиздер
Кыргыз Республикасынын соту эркиндигинен ажыратууга соттогон адамды ал жараны болуп саналган мамлекетте жазаны өтөө үчүн өткөрүп берүүгө, буга тете чет мамлекеттин соту эркиндигинен ажыратууга соттогон Кыргыз Республикасынын жаранын же болбосо Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашап жаткан жарандыгы жок адамды Кыргыз Республикасында жазаны өтөө үчүн берүүгө негиз болуп Башкы прокуратуранын сунушун, буга тете Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине же болбосо Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарынын чет мамлекеттин компетенттүү органдары менен өз ара түшүнүшүү принцибинин негизиндеги жазуу жүзүндөгү макулдашуусуна ылайык чет мамлекеттин компетенттүү органдарынын сунушун кароонун натыйжасы боюнча соттун чечими саналат.
540-берене. Эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамды өткөрүп берүү менен байланышкан маселелерди соттун кароосунун тартиби
1. Эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамды ушул адам жараны болуп саналган мамлекетте жазасын өтөөсү үчүн өткөрүп берүү жөнүндө Башкы прокуратурасынын сунушун, буга тете соттолгон адамдын, анын өкүлүнүн, чет мамлекеттин компетенттүү органынын кайрылуусун сот ушул Кодексте белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө карайт.
2. Зарыл маалыматтардын толук эместигинен же жоктугунан улам соттолгон адамды өткөрүп берүү жөнүндө маселени соттун кароосу мүмкүн болбогон учурда судья аны кароону кийинкиге калтырууга жана жетпей жаткан маалыматтарды суроого же соттолгон адамдын кайрылуусун карабастан, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин жоболоруна ылайык зарыл маалыматты чогултуу үчүн, ошондой эле соттолгон адамды өткөрүп берүү жөнүндө маселени чет мамлекеттин компетенттүү органы менен алдын ала макулдашуу үчүн Кыргыз Республикасынын компетенттүү органына жөнөтүүгө укуктуу.
541-берене. Соттолгон адамды ал жараны болуп саналган мамлекетте жазасын өтөө үчүн өткөрүп берүүнүн шарттары жана тартиби
1. Кыргыз Республикасында соттолгон адамды ал жараны болуп саналган мамлекетте жазасын өтөө үчүн өткөрүп берүүгө аталган адам эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөп бүткөнгө чейин, соттолгон адамдын, анын мыйзамдуу өкүлүнүн же жакын туугандарынын, жубайынын өтүнүчү боюнча, ошондой эле соттолгон адамдын макулдугу менен тиешелүү мамлекеттин компетенттүү органынын өтүнүчү боюнча жол берилет.
Эгерде соттолгон адам жаш курагынан, дене-бойлук же психикалык абалынан улам өз эркин ыктыярдуу түрдө билдире албаса, аны өткөрүп берүү анын мыйзамдуу өкүлүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жүзөгө ашырылат.
2. Өткөрүп берүү өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин гана Башкы прокурордун же анын орун басарларынын чечими боюнча жүргүзүлөт, алар болуп өткөн өткөрүп берүү жөнүндө өкүм чыгарган сотко билдирет.
542-берене. Эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамды жазаны өтөө үчүн чет мамлекетке берүүдөн баш тартуу
Эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамды өзү жараны болуп саналган мамлекетте жазаны өтөө үчүн берүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылышы мүмкүн:
1) эгерде адамдын соттолушуна негиз болгон жосун соттолгон адам жараны болуп саналган мамлекеттин мыйзамдары боюнча кылмыш деп таанылбаса;
2) эгерде мөөнөтү эскиргендигинен улам же тиешелүү мамлекеттин мыйзамдарында каралган башка негиз боюнча жазаны чет мамлекетте аткарууга мүмкүн болбосо;
3) эгерде соттолгон адамдан же чет мамлекеттен жарандык доого карата өкүмдү аткаруунун кепилдиктери алынбаса;
4) эгерде соттолгон адамды Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде каралган шарттарда берүү жөнүндө макулдашууга жетишилбесе;
5) эгерде соттолгон адамдын Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган жери бар болсо;
6) эгерде бул Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарына залал келтириши мүмкүн болсо;
7) эгерде соттолгон адам айыкпас же оор дартка чалдыкса;
8) эгерде соттолгон адамды өткөрүп берүү жөнүндө өтүнүч алынган учурга карата эркиндигинен ажыратуу мөөнөтүнүн өтө элек бөлүгү 6 айдан аз болсо;
9) эгерде чет мамлекеттин соту же компетенттүү органы Кыргыз Республикасынын сотунун өкүмүн тааныбаса же болбосо Кыргыз Республикасынын сотунун өкүмүн соттолгон адамдын жазаны чет мамлекеттин аймагында өтөөсүнүн тартибин жана шарттарын белгилебестен тааныса.
543-берене. Кыргыз Республикасынын жаранынын жазаны өтөөсү жөнүндө өтүнүчтү кароо
1. Чет мамлекеттин соту эркиндигинен ажыратууга соттогон Кыргыз Республикасынын жараны же Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашап жаткан жарандыгы жок адам, алардын мыйзамдуу өкүлү же жакын туугандары, жубайы, ошондой эле соттолгон адамдын макулдугу менен чет мамлекеттин компетенттүү органдары соттолгон адамдын жазаны Кыргыз Республикасында өтөөсү жөнүндө өтүнүч менен Башкы прокуратурага кайрыла алышат.
2. Башкы прокуратура соттолгон адамды жазаны андан ары өтөө үчүн Кыргыз Республикасына өткөрүп берүү жөнүндө маселени карап чыгууга зарыл болгон документтерди чет мамлекеттин компетенттүү органдарынан суратууга укуктуу.
3. Башкы прокуратура чечим кабыл алуу үчүн сотко өтүнүч киргизет.
4. Өтүнүч канааттандырылган учурда Башкы прокурор же анын орун басарлары чет мамлекеттин сотунун өкүмүн аткаруу жөнүндө сунушту Жогорку сотко киргизет.
544-берене. Кыргыз Республикасынын эркиндигинен ажыратууга соттолгон жаранын жазаны өтөө үчүн өткөрүп берүүдөн баш тартуу
Кыргыз Республикасынын эркиндигинен ажыратууга соттолгон жаранын өткөрүп берүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылышы мүмкүн:
1) эгерде бул Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарына зыян келтириши мүмкүн болсо;
2) эгерде соттолгон адам айыкпас же өзгөчө катуу оорудан жабыркап жатса;
3) эгерде соттолгон адамдын тындырылбаган жарандык доосу бар болсо;
4) эгерде мөөнөтүнүн эскиришинен улам же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка негиз боюнча жаза Кыргыз Республикасынын аймагында аткарылышы мүмкүн болбосо;
5) эгерде жаран жасаган аракети үчүн Кыргыз Республикасынын аймаганда жаза тарткан же акталган болсо же болбосо иш кыскартылган болсо, буга тете адам Кыргыз Республикасынын компетенттүү органы тарабынан жазадан бошотулса.
545-берене. Чет мамлекеттин сотунун өкүмүн аткарууга байланышкан маселелерди соттун чечүүсүнүн тартиби
1. Башкы прокурордун сунушун Жогорку сот соттолгон адамдын катышуусуз ушул Кодексте белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө, өкүмдү аткаруу менен байланышкан маселелерди чечүү үчүн соттук отурумда карайт.
2. Чет мамлекеттин сотунун өкүмүн аткаруу жөнүндө Жогорку соттун токтомунда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
1) чет мамлекеттин сотунун аталышы, өкүм чыгаруу убактысы жана орду;
2) соттолгон адамдын Кыргыз Республикасындагы акыркы жашаган жери, анын соттолгонго чейинки иштеген жери жана ишинин түрү жөнүндө маалыматтар;
3) жаран жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп таанылган кылмыштын квалификациясы жана ал кайсы кылмыш-жаза мыйзамынын негизинде соттолгондугу;
4) соттолгон адам жасаган кылмыш үчүн жоопкерчиликти караган Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамы;
5) соттолгон адам Кыргыз Республикасында өтөөгө тийиш болгон жазанын (негизги жана кошумча) түрү жана мөөнөтү, жаза башталган жана аяктаган мөөнөт, колониянын түрү, доо боюнча залалдын ордун толтуруунун тартиби.
3. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча бул кылмыш үчүн эркиндигинен ажыратуу мөөнөтүнүн чеги өкүм боюнча дайындалган мөөнөттөн аз болсо, Жогорку сот бул аракетти жасагандыгы үчүн эркиндигинен ажыратуунун Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган максималдуу мөөнөтүн аныктайт. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча жаза катары эркиндигинен ажыратуу каралбаса, Жогорку сот бул кылмыш үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында белгиленген чектердеги жана чет мамлекеттин сотунун дайындаган өкүмүнө кыйла ылайык келген жазаны аныктайт.
Эгерде чет мамлекеттин сотунун өкүмүнүн бардыгы Кыргыз Республикасында кылмыш болуп саналбаган эки же бир нече аракетке тиешелүү болсо, анда сот чет мамлекеттин сотунун өкүмү боюнча дайындалган жазанын кайсы бөлүгү кылмыш болуп саналган аракеттерге карата колдонула тургандыгын аныктайт.
4. Жогорку соттун токтому ал чыгарылган учурдан тартып күчүнө кирет жана аткарууну камсыз кылуу үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлөт.
5. Чет мамлекеттин сотунун өкүмү жокко чыгарылган же өзгөртүү киргизилген же болбосо чет мамлекетте чыгарылган мунапыс же ырайым кылуу актысы колдонулган учурда, Кыргыз Республикасында жаза өтөп жаткан адамга карата кайра каралган өкүмдү аткаруунун, ошондой эле мунапысты же ырайым кылууну колдонуу маселелери ушул берененин эрежелери боюнча чечилет.
546-берене. Кабыл алынган соттолгон адамдарга карата жазаны аткарууну уюштуруу
1. Соттолгон адамды Кыргыз Республикасында жаза өтөө үчүн кабыл алуу жөнүндө суроо-талап канааттандырылгандан кийин жана мындай өткөрүп берүүгө чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу органынын макулдугу алынгандан кийин Башкы прокуратура бул адамды өткөрүп берүүнүн ордун, убактысын жана тартибин макулдашуу жана Кыргыз Республикасынын жаза-аткаруу тутумунун мекемесине өткөрүп берүүнү уюштуруу жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тапшырма берет.
2. Кабыл алынган соттолгон адамдарга карата жазаны Кыргыз Республикасында аткаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Кабыл алынган соттолгон адамдарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде каралган тартипте шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуу, мунапыс колдонулушу же ырайым кылуу жүзөгө ашырылышы, медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары токтотулушу же өзгөртүлүшү мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров
2021-жылдын 22-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган