Долбоор: Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин буйругу “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү кошумча кесиптик билим берүү жаатындагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентин бекитүү жөнүндө”
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү кошумча кесиптик билим берүү жаатындагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана анын ведомстволук уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө” токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык буйрук кылам:
1.“Кошумча кесиптик билим берүү” мамлекеттик кызмат көрсөтүүсүнүн административдик регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Республикалык окуу борбору:
- буйрукту Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин расмий сайтына мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыялоону камсыз кылсын;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү натыйжалуу берүү жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын мындан ары жакшыртуу жана аларды оптималдаштыруу боюнча иштерди уюштурсун.
3. Буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору А.К. Бийбосуновго жүктөлсүн.
4. Буйрук тиешелүүлүгү боюнча жарыялансын.
Министр
милициянын генерал-полковниги У.О. Ниязбеков
Долбоор
Кыргыз Республикасынын ИИМдин буйругуна тиркеме
“Кошумча кесиптик билим берүү” мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти
1. Жалпы жоболор
1. Кошумча кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү мындай мамлекеттик кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Шабиров Жапар Шабирович атындагы Республикалык окуу борбору (мындан ары – ИИМдин РОБ) тарабынан жүргүзүлөт.
2. Мындай кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин 2026-жылдын 4-мартындагы № 131 буйругу менен бекитилген тиешелүү кызмат көрсөтүү стандартынын талаптарына ылайык келет.
3. Кызмат көрсөтүүнүн негизги параметрлери:
1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы: Мамлекеттик кызматты алууга документтерди кабыл алууга кеткен убакыт 60 мүнөттөн ашпайт. Мамлекеттик кызматты көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү гибриддик (аралаш) окуу формасында 10 айды түзөт (320 саат, анын ичинде предметтер боюнча лабораториялык-практикалык сабактар жана сааттар тармагынан тышкары 70 саат практикалык айдоону эске алуу менен).
Окууну аяктагандыгы тууралуу сертификатты жана күбөлүктү берүү 30 мүнөттөн ашпайт.
- Кызматты алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси:
Кайра даярдоодон жана квалификациясын жогорулатуудан өтүп жаткан адамдар (угуучулар), ошондой эле Кыргыз Республикасынын ИИОнун катардагы жана кенже жетекчилик курамдын кызматтарына биринчи жолу кызматка кирип жаткан адамдар (талапкерлер) төмөнкүлөргө милдеттүү:
а) ИИМдин РОБдун сайтына катталууга;
б) жетекчинин атына арыз толтурууга;
в) төмөнкү документтердин түп нускасын көрсөтүүгө:
- паспорт;
- аскердик билет, аскердик каттоо күбөлүгү (аскерге милдеттүүлөр үчүн);
- орто жалпы билим жөнүндө аттестат, орто, жогорку кесиптик билим жөнүндө диплом;
- 3Х4 түстүү сүрөттөр (4 даана);
- 083 формасындагы маалымкаттар;
г) кызмат көрсөтүүнүн акысын төлөө жана төлөм квитанциясын көрсөтүү;
д) курска кабыл алуу жөнүндө буйрук менен таанышуу жана кызмат көрсөтүүгө келишим түзүү;
Кыргызстандарт боюнча зарыл болгон документтер:
– жеке же юридикалык жактардан расмий кат;
– өтүнмө, жетекчинин атына арыз толтуруу;
– окууга келишим түзүү, жеке өзү келиши зарыл;
- Өздүк наркы: Мамлекеттик кызмат акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт.
Акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарынын тарифтери Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык бекитилет. Кызматтын баасы: 15000 сом.
4) Кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы: Окууну аяктагандыгы тууралуу сертификат жана күбөлүк берүү.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
4. Кызмат көрсөтүү өндүрүшү жол-жоболордун төмөнкү топтомун камтыйт:
1-таблица
|
№ |
Жол-жоболордун аталышы |
Эскертүү |
|
1 |
Арыз ээсинен (угуучудан, талапкерден) документтерди кабыл алуу жана курска каттоо
|
Арыздар электрондук форматта кабыл алынат. Кызыкдар тарап ИИМдин РОБдун сайтында катталат жана www.kpkrutsmvd.kg электрондук дарегине өтүнмөлөрдү жөнөтөт |
|
2 |
Келишимдерди түзүү жана төлөмгө эсеп-фактураларды берүү
|
Бардык документтер берилбесе же төлөм төлөнбөсө кызмат көрсөтүүдөн баш тартылат |
|
3 |
Билим берүү кызматын көрсөтүү |
Кызмат типтүү окутуу программасына ылайык көрсөтүлөт |
|
4 |
Жыйынтыктоочу сынактарды өткөрүү (компьютердик тестирлөө, автомобиль айдоо) |
|
|
5 |
Сертификаттарды жана күбөлүктөрдү берүү |
Сертификаттар жана күбөлүктөр мамлекеттик кызмат көрсөтүү аяктагандан кийин берилет |
3. Жол-жоболордун өз ара байланыш блок-схемасы
5. Төмөндө кызмат көрсөтүүдө аткарылуучу жол-жоболордун логикалык тартиби блок-схемада көрсөтүлгөн:

4. Жол-жоболордун баяндап жазылышы жана алардын мүнөздөмөлөрү
2-таблица
|
Жоло-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы |
Аткаруучу, кызмат адамы |
Иш-аракеттин узактыгы |
Иш-аракетти жөнгө салуучу документ |
Иш-аракеттин натыйжасы |
|
|
1 |
2 |
3 |
4 |
5 |
|
|
|
||||
|
1.1 Иш-аракет Арыз ээсинен (угуучудан, талапкерден) арызды алуу |
ИИМдин РОБдун окуу-инспекциялык бөлүмүнүн кенже тескөөчү-методисти |
10 мүнөт |
ИИМдин РОБдун окуу иш-чараларын өткөрүүнүн жана уюштуруунун регламенти |
Берилген документтерди текшерүү, дал келбеген учурда – жетишпеген документтерди берүү жөнүндө суроо-талап, ЭДСте каттоо |
|
|
1.2 Иш-аракет ИИМдин РОБдун расмий сайтына каттоо |
ИИМдин РОБдун окуу-инспекциялык бөлүмүнүн кенже тескөөчү-методисти |
5 мүнөт |
ИИМдин РОБдун окуу иш-чараларын өткөрүүнүн жана уюштуруунун регламенти |
Документтер толук болбогон учурда каттоодон баш тартылат |
|
|
1.3 Иш-аракет Кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу |
ИИМдин РОБдун окуу-инспекциялык бөлүмүнүн кенже тескөөчү-методисти |
Автоматтык түрдө |
ИИМдин РОБдун окуу иш-чараларын өткөрүүнүн жана уюштуруунун регламенти |
Берилген маалыматтардын толуктугу автоматтык түрдө текшерилет, эгерде маалыматтар толук болбосо, система каттоодон баш тартат |
|
|
1.4 Иш-аракет Угуучуларды каттоо |
ИИМдин РОБдун окуу-инспекциялык бөлүмүнүн кенже тескөөчү-методисти |
15 мүнөт |
ИИМдин РОБдун окуу иш-чараларын өткөрүүнүн жана уюштуруунун регламенти |
|
|
|
1-жол-жобонун натыйжалары: Угуучулардын алдын ала тизмесин даярдоо |
|
||||
|
1-жол-жобонун узактыгы: 30 мүнөт |
|
||||
|
1-жол-жобонун тиби: Атайын жол-жобо |
|
||||
|
Кийинки жол-жобонун номери: 2 |
|
||||
|
|
|
||||
|
2-жол-жобо Келишимдерди түзүү жана төлөмгө эсеп-фактураларды берүү |
|
||||
|
2.1 Иш-аракет Угуучулар жана талапкерлер менен келишим түзүү |
ИИМдин РОБдун окуу-инспекциялык бөлүмүнүн кенже тескөөчү-методисти |
10 мүнөт |
ИИМдин РОБдун окуу иш-чараларын өткөрүүнүн жана уюштуруунун регламенти |
Кызмат көрсөтүү ачык келишимдин негизинде жүргүзүлөт. Эгерде алкактуу келишим түзүү зарыл болсо, алкактуу келишимдин долбоору жөнөтүлөт |
|
|
2.2 Иш-аракет Кызмат көрсөтүүгө төлөм |
ИИМдин РОБдун ФЧБнын адиси |
15 мүнөт |
ИИМдин РОБдун окуу иш-чараларын өткөрүүнүн жана уюштуруунун регламенти |
Төлөмдүн статусун текшерүү. Зарыл болгон учурда төлөмгө эсеп-фактура кагаз түрүндө берилет |
|
|
2.3 Иш-аракет Кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу |
ИИМдин РОБдун окуу-инспекциялык бөлүмүнүн кенже тескөөчү-методисти |
1 күндөн 3 күнгө чейин |
ИИМдин РОБдун окуу иш-чараларын өткөрүүнүн жана уюштуруунун регламенти |
Кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу |
|
|
2.4 Иш-аракет Кабыл алуу жөнүндө кызматтык каттын долбоорун даярдоо |
ИИМдин РОБдун окуу-инспекциялык бөлүмүнүн кенже тескөөчү-методисти |
15 мүнөт |
ИИМдин РОБдун окуу иш-чараларын өткөрүүнүн жана уюштуруунун регламенти |
Андан ары кабыл алуу үчүн талапкерлердин, угуучулардын тизмесин макулдашуу |
|
|
2.5 Иш-аракет Кабыл алуу жөнүндө буйрукту бекитүү |
ИИМдин РОБдун окуу-инспекциялык бөлүмүнүн кенже тескөөчү-методисти |
30 мүнөт |
ИИМдин РОБдун окуу иш-чараларын өткөрүүнүн жана уюштуруунун регламенти |
Талапкерлерди, угуучуларды кабыл алууга буйрук |
|
|
2-жол-жобонун натыйжалары: Угуучуларды курска кабыл алуу |
|
||||
|
2-жол-жобонун узактыгы: 70 мүнөт |
|
||||
|
2-жол-жобонун тиби: Атайын жол-жобо |
|
||||
|
Кийинки жол-жобонун номери: 3 |
|
||||
|
|
|
||||
|
3-жол-жобо Билим берүү кызматын көрсөтүү |
|
||||
|
3.1 Иш-аракет Окутуучулар жана айдоо боюнча нускоочулар менен график-программаны макулдашуу. |
ИИМдин РОБдун окуу-инспекциялык бөлүмүнүн кенже тескөөчү-методисти |
5 жумушчу күнү |
ИИМдин РОБдун окуу иш-чараларын өткөрүүнүн жана уюштуруунун регламенти |
Окуу-тематикалык пландар боюнча окуу программасын макулдашуу |
|
|
3.2 Иш-аракет ИИМдин РОБдун аймагына кирүүгө уруксат берүү маселесин макулдашуу. |
ИИМдин РОБдун окуу-инспекциялык бөлүмүнүн кенже тескөөчү-методисти |
20 мүнөт |
ИИМдин РОБдун контролдоп өткөрүү режими жөнүндө буйругу |
Аймакка өткөрүү жөнүндө катты жөнөтүү (зарыл болгон учурда) |
|
|
3.3 Иш-аракет Аймакка өткөрүү үчүн угуучулардын, талапкерлердин тизмесин берүү |
ИИМдин РОБдун окуу-инспекциялык бөлүмүнүн кенже тескөөчү-методисти |
20 мүнөт |
ИИМдин РОБдун контролдоп өткөрүү режими жөнүндө буйругу |
ИИМдин РОБдун контролдоп өткөрүү жайына угуучулардын тизмесин берүү |
|
|
3.4 Иш-аракет Угуучуларды, талапкерлерди тосуп алуу жана коштоп жүрүү |
ИИМдин РОБдун окуу-инспекциялык бөлүмүнүн кенже тескөөчү-методисти |
30 мүнөт |
ИИМдин РОБдун контролдоп өткөрүү режими жөнүндө буйругу |
ИИМдин РОБдун имаратына кирүүнү уюштуруу |
|
|
3.5 Иш-аракет Онлайн окуу формасында лекция залын, окуу лабораториясын, компьютердик классты, билим берүү платформасын уюштуруу |
ИИМдин РОБдун окуу-инспекциялык бөлүмүнүн кенже тескөөчү-методисти |
40 мүнөт |
ИИМдин РОБдун окуу иш-чараларын өткөрүүнүн жана уюштуруунун регламенти |
Жумушчу дептер, калем сап, окуу куралдары: стенддер, плакаттар, атайын жабдуулар, VR/AR-тренажерлор, шаймандар жана түзүлүштөр менен камсыз кылуу. Онлайн окутуу формасында билим берүү платформасын берүү |
|
|
3.6 Иш-аракет Гибриддик (аралаш) окутуу формасында лекцияларды, лабораториялык-практикалык сабактарды өткөрүү |
ИИМдин РОБдун окутуучулары |
45 мүнөт Сааттардын жалпы саны: 320 саат (жумасына 8 академиялык саат), 10 ай |
ИИМдин РОБдун окуу иш-чараларын өткөрүүнүн жана уюштуруунун регламенти |
Белгиленген программага ылайык лекцияларды, лабораториялык-практикалык сабактарды өткөрүү |
|
|
3.7 Иш-аракет Автодромдорду уюштуруу (окуу аянтчасы) |
ИИМдин РОБдун окутуучулары, айдоо боюнча нускоочулар |
40 мүнөт |
ИИМдин РОБдун окуу иш-чараларын өткөрүүнүн жана уюштуруунун регламенти |
Автотранспорт каражаттарын берүү |
|
|
3.8 Иш-аракет Автомобилдерди практикалык айдатуу |
ИИМдин РОБдун окутуучулары, айдоо боюнча нускоочулар |
60 мүнөт |
ИИМдин РОБдун окуу иш-чараларын өткөрүүнүн жана уюштуруунун регламенти |
Белгиленген программага ылайык практикалык айдатуу |
|
|
3.9 Иш-аракет Аталган кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө актыны берүү |
ИИМдин РОБдун окуу-инспекциялык бөлүмүнүн кенже тескөөчү-методисти |
30 мүнөт |
ИИМдин РОБдун окуу иш-чараларын өткөрүүнүн жана уюштуруунун регламенти |
Алкактык келишимди түзүүдө көрсөтүлгөн кызматтарды кабыл алуу-берүү жөнүндө актыларга кол коюу |
|
|
3.10 Иш-аракет 10 жумушчу күндүн ичинде ЭЭФ коюу |
ИИМдин РОБдун ФЧБнын адиси |
1 саат |
ИИМдин РОБдун окуу иш-чараларын өткөрүүнүн жана уюштуруунун регламенти |
Электрондук эсеп фактураны коюу |
|
|
3-жол-жобонун натыйжасы: Курсту өткөрүү |
|
||||
|
3-жол-жобонун узактыгы: 10 ай (гибриддик (аралаш) окуу формасы) |
|
||||
|
3-жол-жобонун тиби: Атайын жол-жобо |
|
||||
|
Кийинки жол-жобонун номери: 4 |
|
||||
|
|
|
||||
|
4-жол-жобо Жыйынтыктоочу сынктарды өткөрүү |
|
||||
|
4.1 Иш-аракет Катышуусун текшерүү |
ИИМдин РОБдун окуу-инспекциялык бөлүмүнүн кенже тескөөчү-методисти |
5 мүнөт |
ИИМдин РОБдун окуу иш-чараларын өткөрүүнүн жана уюштуруунун регламенти |
Жыйынтыктоочу сынакка уруксат берүү |
|
|
4.2 Иш-аракет Тесттик тапшырмаларды даярдоо |
ИИМдин РОБдун окуу-инспекциялык бөлүмүнүн улук тескөөчү-методисти |
120 мүнөт |
ИИМдин РОБдун окуу иш-чараларын өткөрүүнүн жана уюштуруунун регламенти |
Тест системасын даярдоо |
|
|
4.3 Иш-аракет Кабинетти даярдоо |
ИИМдин РОБдун окуу-инспекциялык бөлүмүнүн кенже тескөөчү-методисти |
30 мүнөт |
ИИМдин РОБдун окуу иш-чараларын өткөрүүнүн жана уюштуруунун регламенти |
Тестирлөөдөн өтүү үчүн топторду түзүү, топтор боюнча кирүүгө уруксат берүү |
|
|
4.4 Иш-аракет Жыйынтыктоочу сынакты өткөрүү (компьютердик тестирлөө) |
ИИМдин РОБдун окуу-инспекциялык бөлүмүнүн кенже тескөөчү-методисти |
120 мүнөт |
ИИМдин РОБдун окуу иш-чараларын өткөрүүнүн жана уюштуруунун регламенти |
Тестирлөөдөн өтүү, тестирлөөнүн жыйынтыгын протоколго каттоо |
|
|
4.5 Иш-аракет Кайталанган жыйынтыктоочу сынакты өткөрүү (тестирлөө) |
ИИМдин РОБдун окуу-инспекциялык бөлүмүнүн кенже тескөөчү-методисти |
120 мүнөт |
ИИМдин РОБдун окуу иш-чараларын өткөрүүнүн жана уюштуруунун регламенти |
Кайра тапшыруу, сынактын жыйынтыгын протоколго каттоо |
|
|
4-жол-жобонун натыйжалары: Жыйынтыктоочу сынакты өткөрүү |
|
||||
|
4-жол-жобонун узактыгы: 395 мүнөт |
|
||||
|
4-жол-жобонун тиби: Атайын жол-жобо |
|
||||
|
Кийинки жол-жобонун номери: 5 |
|
||||
|
|
|
||||
|
5-жол-жобо Сертификатты жана күбөлүктү берүү |
|
||||
|
5.1 Иш-аракет Сынактык комиссиянын протоколун толтуруу |
ИИМдин РОБдун окуу-инспекциялык бөлүмүнүн кенже тескөөчү-методисти |
30 мүнөт |
ИИМдин РОБдун окуу иш-чараларын өткөрүүнүн жана уюштуруунун регламенти |
Сынактык комиссиянын протоколу |
|
|
5.2 Иш-аракет Сертификаттарды жана күбөлүктөрдү берүү |
ИИМдин РОБдун окуу-инспекциялык бөлүмүнүн кенже тескөөчү-методисти |
Автоматтык түрдө |
ИИМдин РОБдун окуу иш-чараларын өткөрүүнүн жана уюштуруунун регламенти |
Тесттен өткөн учурда сертификат жана күбөлүк автоматтык түрдө түзүлөт. Сертификаттын жана күбөлүктүн берилген фактысы каттоо барагына катталат |
|
|
5.3 Иш-аракет Сертификаттарды жана күбөлүктөрдү сактоо |
ИИМдин РОБдун окуу-инспекциялык бөлүмүнүн улук тескөөчү-методисти |
Дайыма |
ИИМдин РОБдун окуу иш-чараларын өткөрүүнүн жана уюштуруунун регламенти |
Бардык сертификаттар жана күбөлүктөр ИИМдин РОБдун платформасында сакталат |
|
|
5-жол-жобонун натыйжалары: Сертификаттарды жана күбөлүктөрдү берүү |
|
||||
|
5-жол-жобонун узактыгы: 30 мүнөт |
|
||||
|
5-жол-жобонун тиби: Административдик жол-жобо |
|
||||
5. 1, 2, 3, 4, 5-жол-жоболорду аткаруу схемасы (алгоритми)
1-жол-жобону аткаруу схемасы (алгоритми)
|
Документтерди кабыл алуу |
|
Документтерди каттоо. Берилген документтердин толуктугун текшерүү |
|
Кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу |
|
Угуучуларды, талапкерлерди курска каттоо |
2-жол-жобону аткаруу схемасы (алгоритми)
|
Кабыл алуу жөнүндө кызматтык каттын долбоорун даярдоо |
|
Келишим түзүү |
|
Кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
|
|
Кабыл алуу жөнүндө буйрук чыгаруу |
|
Кызмат көрсөтүүгө төлөм |
3-жол-жобону аткаруу схемасы (алгоритми)
|
Курстун график- программасын макулдашуу |
|
Аймакка киргизүү |
|
Айдоо боюнча лекцияларды, практикалык сабактарды өткөрүү |
|
Актыларды берүү жана ЭЭФ коюу |
|
Тесттин тапшырмаларын даярдоо |
|
Жыйынтыктоочу сынактарды өткөрүү |
|
Кайталанган жыйынтыктоо сынагы |
|
Сынактык комиссиянын протоколу |
|
сертификаттарды жана күбөлүктөрдү берүү |
4-жол-жобону аткаруу схемасы (алгоритми)
4
5-жол-жобону аткаруу схемасы (алгоритми)
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына ички (күндөлүк) жана тышкы контроль жүргүзүлөт.
1) Ички контролду ИИМдин РОБдун башчысы (ал жок болгон учурда ИИМдин РОБдун башчысынын орун басары) жүргүзөт.
2) Ички контроль кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун сакталышын жана аткарылышын, ошондой эле кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдерди үзгүлтүксүз текшерүү жолу менен ишке ашырылат.
3) Текшерүүлөрдү жүргүзүү мезгилдүүлүгү – чейрек сайын.
Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрүнүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча административдик регламенттин талаптарынын аныкталган бузууларын четтетүү боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына тышкы контролду ИИМдин РОБдун чечими менен түзүлгөн комиссия жүзөгө ашырат.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы маалымкат түрүндө таризделет, ага административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Маалымкатка кол коюлган учурдан тартып 3 жумушчу күндүн ичинде ал кызмат көрсөтүүчү мекемеге жөнөтүлөт.
Маалымкат келип түшкөн күндөн тартып бир айлык мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, ошондой эле бул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жана административдик таасир этүү чаралары көрүлүшү керек.
Зарыл болгон учурда, белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн ИИМдин РОБдун кызмат адамдары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын административдик жана эмгек мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
9. Эгерде кызмат көрсөтүү же анын бир бөлүгү жеке менчик жана/же юридикалык жактарга аутсорсингге берилсе, анда кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарынын сакталышына жоопкерчилик бул кызматты көрсөтүүгө жооптуу мекемеде сакталат.
8. Корутунду жобо
10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүү стандарттарына өзгөртүүлөр киргизилгенде жана зарылдыгына жараша кайра каралууга жатат.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучу
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Республикалык окуу борбору
“Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин буйругунун долбоорунаНЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМКАТ
1. Долбоордун максаты жана милдети
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин “Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентин бекитүү жөнүндө” буйругунун долбоорунун (мындан ары – буйруктун долбоору) максаты кошумча кесиптик билим берүү чөйрөсүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүү процесстерин өркүндөтүү, кызмат көрсөтүү процессинде жасалган административдик-башкаруучулук жана башка аракеттерди оптималдаштыруу, ошондой эле кызмат адамдарынын жана кызматкерлердин кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты, даярдоо жана көрсөтүү мөөнөтү үчүн жеке жоопкерчилигин жогорулатуу болуп саналат.
2. Баяндоочу бөлүк
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестринин 1-главасынын 66-пунктуна ылайык “Кошумча кесиптик билим берүү” мамлекеттик кызматты Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Шабиров Жапар Шабирович атындагы Республикалык окуу борбору (мындан ары – РОБ) көрсөтөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 токтому менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө жобонун 21-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине караштуу ведомстволук РОБ билим берүү мекемесинин компетенциясына кирген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү тиешелүү кызмат көрсөтүүлөрдү көрсөтүүгө жооптуу мамлекеттик органдын буйругу менен ишке ашырылат жана төмөнкүлөр менен макулдашууну талап кылат:
- тиешелүү кызматтарды көрсөтүүдө өз ара аракеттенүү жүргүзүлүүчү (эгерде өз ара аракеттенүү болсо) мамлекеттик органдар/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
- санариптештирүү жаатында, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык электрондук кызматтар чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу мамлекеттик аткаруу бийлигинин органы;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрин жүргүзүүгө жооптуу мамлекеттик аткаруу бийлигинин органы.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин долбоору төмөнкүлөрдү аныктоочу документ болуп саналат:
- жол-жоболордун жыйындысы, алардын тартиби, мөөнөттөрү, натыйжалары, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучу кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин милдеттери;
- кызмат көрсөтүү процессинде ведомство ичиндеги өз ара аракеттенүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү;
- кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун белгиленген тартибин жана мөөнөттөрүн сактоону контролдоо жана жоопкерчилик формалары.
Мындай кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин 2026-жылдын 4-мартындагы № 131 буйругу менен бекитилген тиешелүү мамлекеттик кызматтын стандартынын талаптарына жооп берет.
Жогоруда көрсөтүлгөн пункттарды ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги буйруктун долбоорун кароого киргизет.
-
- Мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттердин болжолдору.
-
Жогоруда көрсөтүлгөн буйруктун долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс кесепеттерге алып келбейт.
-
- Коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартибинин” талаптарына ылайык буйруктун долбоору Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин расмий сайтына жайгаштырылган.
-
- Долбоордун мыйзамдарга шайкештигин талдоо
-
Буйруктун сунушталган долбоору колдонуудагы мыйзамдардын ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
-
- Каржылоонун зарылдыгы жана булактары жөнүндө маалымат
-
Бул буйруктун долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча каржылык чыгымдарды алып келбейт.
-
- Жөнгө салуучу таасирди талдоо жөнүндө маалымат
-
Буйруктун сунушталган долбоору жөнгө салуучу таасирди талдоону талап кылбайт, анткени ал ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган эмес.
Кыргыз Республикасынын
ички иштер министри У.О. Ниязбеков