facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

2012-ж 10-фев. № 85 КР Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилген, коопсуздукту камсыз кылуу жана сактоо жаатында КР ИИМ тарабынан көрсөтүлүүчү мам. кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын бекитүү жөнүндө

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТИРЛИГИНИН БУЙРУГУ

2012-жылдагы 10-февралындагы № 85 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилген, коопсуздукту камсыз кылуу жана сактоо жаатында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын    3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, кырсыктардын алдын алуу, коомдук тартипти коргоону камсыз кылуу, өмүргө, мүлккө же айлана-чөйрөгө коркунуч туудурган өзгөчө кырдаалдарда жана башка кооптуу кырдаалдарда жардам сураган өтүнүчтөргө өз убагында чара көрүү максатында, буйрук кылам:

1. “Ички иштер органдары тарабынан жарандардын укуктарынын жана эркиндиктеринин же болбосо коомдук тартиптин бузулушун токтотуу (болтурбоо) боюнча чукул жардам” Мамлекеттик кызматтын стандарты тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматы:

- ушул буйруктун “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык “Эркин-Тоо” гезитинде же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий веб-сайтында расмий жарыялануусун камсыз кылсын;

- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жана электрондук түрдө, жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;    

- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун эки нускадагы мамлекеттик жана расмий тилдердеги көчүрмөлөрүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Басма сөз кызматы ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин расмий сайтына жарыяласын.

4. Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун ИИББнын, облустардын жана Ош шаарынын ИИБдин КККнын башчылары:

- ишенип берилген бөлүктөрдүн өздүк курамы тарабынан ушул буйруктун талаптарынын окулуусун жана аткарууну уюштурсун;

- ушул буйруктун бекем сакталышын камсыз кылсын.

5. Ушул буйруктун талаптарынын талаптагыдай аткарылышына жоопкерчилик ушул буйруктун 5-пунктунда көрсөтүлгөн жетекчилерге жүктөлсүн.

6. Ушул буйруктун талаптарынын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору О.Дж. Урмамбетовго жүктөлсүн.

7. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Министр

милициянын генерал-лейтенанты                                      У.О. Ниязбеков

     

 

«2012-жылдагы 10-февралындагы № 85 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилген, коопсуздукту камсыз кылуу жана сактоо жаатында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин буйругунун долбооруна

 

НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМ КАТ

1. Максаты жана милдеттери

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин сунуш кылынган буйругунун долбоорунун максаты жана милдети “Ички иштер органдары тарабынан жарандардын укуктарынын жана эркиндиктеринин же болбосо коомдук тартиптин бузулушун токтотуу (болтурбоо) боюнча чукул жардам” мамлекеттик кызматынын административдик Стандарттын ылайык келтирүү болуп саналат, мамлекеттик кызматты көрсөтүү боюнча административдик-башкаруу процесстерин оптималдаштыруу, ошондой эле аны көрсөтүү процессине тартылган кызмат адамдарынын жеке жоопкерчилигин жогорулатуу болуп саналат.

Мамлекеттик кызматтын стандарты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 24.01.2023-жылдагы № 34 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому менен бекитилген кызматтын стандартынын талаптарына ылайык келет.

2. Баяндоо бөлүгү

Мамлекеттик кызматтын стандарты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-январындагы № 34 токтому менен кайрадан бекитилгендигине байланыштуу, “Ички иштер органдары тарабынан жарандардын укуктарынын жана эркиндиктеринин же болбосо коомдук тартиптин бузулушун токтотуу (болтурбоо) боюнча чукул жардам” мамлекеттик кызмат боюнча Стандарттын жол-жоболорун жана анын Мамлекеттик кызматтын стандартын ылайык келтирүү зарылдыгы келип чыкты.

Мамлекеттик кызматтын стандартынын долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө токтому менен бекитилген Жобого ылайык иштелип чыккан.

Стандарттын долбоору бир катар новеллаларды киргизүүнү карайт. Тактап айтканда, кызмат көрсөтүүнүн акыркы жыйынтыгы бөлүмүндө өмүргө, мүлккө же айлана-чөйрөгө коркунуч туудурган өзгөчө кырдаалдарда жана башка кризистик кырдаалдарда жардам суроо-талаптарына өз убагында жооп кайтаруу камтылган; убактылуу коргоо ордерин берүү; кылмыштардын бирдиктүү реестри боюнча фактыны каттоо жөнүндө билдирүү; жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүү шарттарында коомдук коркунучтун жогорку даражасындагы окуяларды кошпогондо, жандуу кезек күтүү принциби киргизилген.

ИИОго кайрылган учурда ички иштер органдарынын кызматкерлеринин окуя болгон жерге баруу менен токтоосуз чара көрүү каралган; ошондой эле кызмат көрсөтүүдө маңызы боюнча андан ары чечим кабыл алуу үчүн кылмыштардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалыматтык системага кырсыктарды эсепке алуу журналына маалыматты милдеттүү түрдө каттоо жана киргизүү каралган.

Мындан тышкары, Стандарт электрондук форматта кызмат көрсөтүүнү болжолдойт. Мында электрондук арыздарды жана кайрылууларды кабыл алуу “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын карамагында турган маалыматтык-телекоммуникациялык каражаттарды пайдалануу менен жүзөгө ашырылат.

3. Мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттердин божомолдору

Буйруктун сунушталган долбоорун кабыл алуу терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, ошондой эле коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.

4. Коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат

Буйруктун сунушталган долбоору Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 22-беренесине ылайык, коомдук талкууну уюштуруу максатында ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун Бирдиктүү порталына жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин сайтына жайгаштырылат.

5. Долбоордун мыйзамдарга шайкештигин талдоо

Буйруктун сунушталган долбоору колдонуудагы мыйзамдардын ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.

6. Каржылоо зарылдыгы жөнүндө маалымат

Буйруктун сунушталган долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды алып келбейт.

7. Регулятивдик таасирди талдоо жөнүндө маалымат

Буйруктун сунушталган долбоору регулятивдик таасирди талдоону талап кылбайт, анткени ишкердик ишмердикти жөнгө салууга багытталган эмес.

 

Кыргыз Республикасынын

Ички иштер министри

милициянын генерал-лейтенанты                                    У.О. Ниязбеков

 

 

Кыргыз Республикасынын ИИМдин

«____»_______ 2024-ж.

№ _______ буйругуна

тиркеме

 

 

 Ички иштер органдары тарабынан жарандардын укуктарынын жана эркиндиктеринин же болбосо коомдук тартиптин бузулушун токтотуу (болтурбоо) боюнча чукул жардам

Мамлекеттик кызматтын

СТАНДАРТЫ

(КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмесин) бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 8-бөлүмүнүн 12-пункту)

 

8 бөлүм. Коопсуздукту жана сактоону камсыз кылуу

Мамлекеттик кызматтын паспорту

  1.  

Кызматтын аталышы

Ички иштер органдары тарабынан жарандардын укуктарынын жана эркиндиктеринин же болбосо коомдук тартиптин бузулушун токтотуу (болтурбоо) боюнча чукул жардам - мамлекеттик кызматтардын Бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 8-бөлүмүнүн 12-пункту

 

  1.  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кызматты көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы

Адам укугун жана эркиндигин коргоо, укук тартибин сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - КР ИИМ).

Облустук, шаардык жана райондук ички иштер органдарынын, милиция бөлүмдөрүнүн жана пункттарынын нөөмөт бөлүктөрү.

Ички иштер органдарынын нөөмөт бөлүктөрүнүн ишине жалпы жетекчиликти Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын Ыкчам башкаруу Борбору (мындан ары - Оперативдүү башкаруу борбору) жүзөгө ашырат

  1.  

Мамлекеттик кызматтын керектөөчүлөрү

Жеке жана юридикалык жактар

  1.  

Мамлекеттик кызматты алуунун укуктук негизи

1. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси;

2. Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси;

3. “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

4. “Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

5. Кыргыз Республикасынын “Жарандар менен иштөөнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамы;

6. Кыргыз Республикасынын “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Мыйзамы

 

  1.  

Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтын соӊку жыйынтыгы

Кырсыктарды алдын алуу, коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу, өмүргө, мүлккө же айлана-чөйрөгө коркунуч туудурган өзгөчө кырдаалдарда жана башка кооптуу кырдаалдарда жардам сураган өтүнүчтөргө өз убагында чара көрүү

 

  1.  

Мамлекеттик кызматты көрсөтүүнүн шарттары

Арыз ээси кайрылган учурда, кызматты көрсөтүү төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат:

жазуу жүзүндө кайрылган учурда:

- белгиленген санитардык нормаларга жооп берген жайда;

-жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканалар, жуунуучу бөлмөлөр), анын ичинде көрүүсү жана угуусу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана таяныч - кыймылдоо аппаратынын бузулуусу менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн пандустар, кармагычтар менен жабдылган (имараттарга, жайларга) тоскоолдуксуз жетүү мүмкүнчүлүгү бар болгондо;

- коомдук коркунучтун жогорку даражасындагы окуяларды кошпогондо, жандуу кезекте;

       Жайларды күтүү үчүн орундар, ажатканалар (короодогу – борбордук суу түтүктөрүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүн болбогон аймактарда), жылытуу системасы, суу түтүктөрү жана телефон менен жайгаштырат.

       Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдеш адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет же эгерде алар бөлмөгө чыга алышпаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн аларга ылдый түшөт.

Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызматты алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат.

Телефон аркылуу кайрылган учурда:

- окуя болгон жерге чыгуу менен токтоосуз чара көрүү;

- өмүргө, мүлккө же айлана-чөйрөгө коркунуч туудурган өзгөчө кырдаалдарда жана башка кризистик кырдаалдарда жардам сурап кайрылууларга өз убагында чара көрүү;

- убактылуу коргоо ордерин берүү;

- окуя фактыны АМС КБР каттоо жөнүндө талондук билдирүү;

- жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом.

- кызмат көрсөтүүдө, маалыматты милдеттүү түрдө каттоодо жана автоматташтырылган маалымат системасына киргизүүдө кылмыштардын бирдиктүү реестринин окуялар журналы андан ары маңызы боюнча чечим кабыл алуу үчүн берилет.

  1.  

Мамлекеттик кызматты көрсөтүүнүн мөөнөтү

Токтоосуз

Мамлекеттик кызматты алуучуларга маалымдоо

  1.  

Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат (керектүү маалыматтын тизмеги) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымдоо

Мамлекеттик кызмат жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот:

- КР ИИМдин коомдук кабылдамасында;

- КР ИИМдин сайтында: https://www.mvd.kg/;

- КР ИИМге жеке кайрылганда, ошондой эле ички иштер органдарынын облустук, шаардык жана райондук нөөмөт бөлүктөрүндө, милициянын бөлүмчөлөрүндө жана пункттарында;

- КР ИИМдин жана ички иштер органдарынын облустук, шаардык жана райондук нөөмөт бөлүктөрүндөгү, милициянын бөлүмчөлөрүндөгү жана пункттарындагы маалыматтык стенддерден, брошюралардан, буклеттерден;

Жарандарды ички иштер органдарынын облустук, шаардык жана райондук нөөмөт бөлүктөрүндө, милициянын бөлүмчөлөрүндө жана пункттарында кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт.

Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет.

 

  1.  

Мамлекеттик кызмат жөнүндө маалыматтарды жайылтуунун ыкмалары (мүмкүн болгон бардык ыкмаларды мүнөздөө же санап өтүү)

Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалыматтарды жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат:

- ЖМК (гезиттер, радио, телекөрсөтүү);

- КР ИИМдин сайты: https://www.mvd.kg/;

- маалыматтык стенд, брошюралар, буклеттер;

- жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланышуу (“102” телефону жана ички иштер органдарынын аймактык бөлүктөрүнүн кызматтык номерлери (күнү-түнү);

- КР ИИМдин коомдук кабылдамасы жана ички иштер органдарынын облустук, шаардык, райондук нөөмөт бөлүктөрү, милициянын бөлүмчолөрү жана пункттары.

Даректери, телефон номерлери жана иштөө режими, анын ичинде ички иштер органдарынын облустук, шаардык жана райондук нөөмөт бөлүктөрүнүн Мамлекеттик кызматтын стандарты менен бирге КР ИИМдин, ошондой эле жогоруда аталган нөөмөт бөлүктөрүнүн стендине, сайтына жайгаштырылат

 

Тейлөө жана мамлекеттик кызматты көрсөтүү

  1.  

Келүүчүлөр менен сүйлөшүү

КР ИИМдин, ошондой эле ички иштер органдарынын облустук, шаардык жана райондук нөөмөт бөлүктөрүндө, милициянын бөлүмчөлөрүндө жана пункттарында кызматты көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин иш бөлмөлөрүнүн эшиктеринде маалымат тактачалары жайгаштырылат.

Калк менен иштеген бардык кызматкерлерде аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген табличкалары (бейдждери) бар.

Келүүчүлөр менен сүйлөшүүдө кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, боорукер, так, сабырдуу, принципиалдуу болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешин угуп жана анын позициясын түшүнө билүү, ошондой эле кабыл алынып жаткан чечимдерди далилдей билүү.

Бардык кызматкерлер тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген этикалык ченемдерди сактоону, жарандарга карата көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышуусун жокко чыгарган кызматтык нускамалар (функционалдык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер сакталууга тийиш.

Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ адамдар (ДМЧА, кары-картаң пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен баарлашуу жана аларга кызматты көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт

 

  1.  

Купуялуулукту камсыз кылуу ыкмалары

Арыз ээси жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн

 

  1.  

Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызматтын керектөөчүлөрү тарабынан жасалуучу аракеттердин тизмеги

Мамлекеттик кызматты алуу үчүн төмөнкүлөр керек:

- керектөөчүнүн өзүнүн да, башка жарандардын да ички иштер органдарына оозеки же жазуу жүзүндө кайрылуусу;

- техникалык мүмкүнчүлүктөр болгон учурда "Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык электрондук кайрылууларды кабыл алуу;

- “102” телефону боюнча же Кыргыз Республикасынын ИИОнун аймактык бөлүктөрүнүн кызматтык номерлерине билдирүү.

Келип түшкөн кайрылуулар милдеттүү түрдө маалыматты эсепке алуу журналында катталат, мында кайрылган жарандардын кайрылган даталары, аты-жөнү, даректери, байланыш телефондору көрсөтүлөт.

Келип түшкөн арыздар милдеттүү түрдө “Кылмыштуулуктун бирдиктүү реестринин маалыматтык журналына” АМСте катталат, алар кайрылган дата, кайрылган жарандардын аты-жөнү, дареги, байланыш телефондору көрсөтүлөт.

 

  1.  

Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтын наркы

Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт

  1.  

Мамлекеттик кызматтын сапатынын параметрлери

Мамлекеттик кызматты көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер боюнча аныкталат:

- көрсөтүлүүчү кызматтын стандартында билдирилген кызматты көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүк жана өз убагында болуусу;

- жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө;

- жетимдүүлүк, жарандардан кызматты алуусу үчүн стандартта көрсөтүлгөн  документтерди гана талап кылуу;

- кызматты көрсөтүү шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка кирүү жетимдүүлүгү, комуналдык-тиричилик ыңгайынын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда);

- мамлекеттик кызматты көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызматты көрсөтүүнүн бардык жол-жобосунун жүрүшүндө консультация берүү;

- соңку жыйынтыктын (алынган кызматтын) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келиши;

- жарандардын даттануу жана сунуш китебинин жеткиликтүү жерде болушу

 

  1.  

Электрондук форматта кызмат көрсөтүү

Электрондук арыздарды жана кайрылууларды кабыл алуу «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары тескөөчү маалыматтык жана телекоммуникациялык каражаттарды (мобилдик тиркемелер, программалар) пайдалануу менен жүргүзүлөт.

Мамлекеттик кызматты көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби

  1.  

Мамлекеттик кызматты көрсөтүүдөн баш тартуу

Баш тартууга жол берилбейт

  1.  

Даттануу тартиби

Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз ээси ички иштер органдарынын облустук, шаардык жана райондук нөөмөт бөлүктөрүнүн, милициянын бөлүмчөлөрүнүн жана пункттарынын же болбосо Ыкчам башкаруу борборунун жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө кайрылууга укуктуу.

Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана анда кызматты алуучунун аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле доонун маңызы, кызматты алуучунун кол тамгасы, жана датасы камтылууга тийиш.

Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумушчу күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет.

Даттанууларды жана доолорду кароо ички иштер органдарынын облустук, шаардык жана райондук нөөмөт бөлүктөрүнүн же Ыкчам башкаруу борборунун жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсине жооп жөнөтүү мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоого тийиш.

Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси ички иштер органдарынын облустук, шаардык жана райондук нөөмөт бөлүктөрүнүн же Ыкчам башкаруу борборунун чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу

 

  1.  

Мамлекеттик кызматтын стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү (кайталануусу)

Мамлекеттик кызматтын стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен үзгүлтүксүз кайра каралып турушу керек