facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

КР Өкмөтүнүн 2012-ж 10-февралында № 85 токтому менен бекитилген, Мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестрине киргизилген КР ИИМ тарабынан коопсуздукту жана сактоону камсыз кылуу тармагында көрсөтүлүүчү мам. кызматтардын стандарттарын бекитүү жөнүндө

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралында
№ 85  токтому менен бекитилген, Мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестрине киргизилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан коопсуздукту жана сактоону камсыз кылуу тармагында көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын стандарттарын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана анын аймактык бөлүктөрү тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы № 603 токтомунун 2-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүүнүн өзүнчө тизмесинин 2-пунктуна ылайык, буйрук кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызаматтын “Келишимдер боюнча жеке жана юридикалык жактардын объектилеринин коопсуздугун камсыз кылуу жана кайтаруу (милициялык, аскерлешкен жана күзөттүк)” стандарты  тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматына:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык, ушул буйруктун “Эркин-Тоо” гезитине же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий веб-сайтына расмий жарыялануусу камсыз кылынсын;

2)  расмий жарыяланган күндөн тартып үч иш күндүн ичинде ушул буйруктун эки нускамадагы мамлекеттик жана расмий тилдердеги көчүрмөлөрү кагаз түрүндө жана электрондук алып жүрүүчүлөрдө, жарыялоо булактарын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине  жөнөтүлсүн;

3) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч иш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөлөрү эки нускамада мамлекеттик жана расмий тилдерде маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Админицтрациясына жөнөтүлсүн;

4) жогоруда көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын стандарттарына ылайык, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча иштер уюштурулсун;

5) көрсөтүлгөн кызматтардын көрсөтүү сапатын андан ары жогорулатуу жана оптималдаштыруу боюнча чаралар көрүлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Басма сөз кызматы ушул буйрукту Кыргыз республикасынын Ички иштер министрлигинин расмий сайтына жарыяласын.

4. Ушул буйруктун талаптарынын жеткиликтүү аткарылышынын жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы милициянын полковниги О.А. Акпаровго жүктөлсүн.

5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары милициянын генерал-майору О.Дж. Урмамбетовго жүктөлсүн.

6. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети иш күн өткөн соң күчүнө кирет.

 

Министр

милициянын генерал-лейтенанты                                          У.О. Ниязбеков

 

 

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралында
№ 85 токтому менен бекитилген, Мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестрине киргизилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан коопсуздукту камсыздоо жана сактоо тармагында көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын стандарттарын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин буйругунун долбооруна

НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМ КАТ

1. Максаты жана милдеттери

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин сунушталып жаткан буйругунун долбоорунун максаты (мындан ары – буйруктун долбоору) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан коопсуздукту камсыздоо жана сактоо тармагында (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 8-главасынын 9-пункту) көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтын стандартын бекитүү болуп саналат “Келишимдер боюнча жеке жана юридикалык жактардын объектилерин кайтаруу (милициялык, аскерлешкен жана күзөттүк) жана коопсуздугун камсыз кулуу”.

Сунушталып жаткан буйруктун долбоорунун милдети Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” чечимдерин бул токтомго ылайык келтирүү жөнүндө токтомунун 4-пунктун аткаруу болуп саналат.

2. Баяндоо бөлүгү

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 8-главасынын 9-пунктуна ылайык мамлекеттик кызматты көрсөтөт “Келишимдер боюнча жеке жана юридикалык жактардын объектилерин кайтаруу (милициялык, аскерлешкен жана күзөттүк) жана коопсуздугун камсыз кылуу”.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин буйругунун долбоору менен жогоруда көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын стандартын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык төмөнкү өзгөртүүлөр менен кайра бекитүү сунушталат:  

- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн (жеке жактардын) категориясын унификациялоо максатында редакциялык өзгөртүүлөр киргизилет;

- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуунун укуктук негиздери Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актылары менен толукталат;

- санариптештирүү максатында, мамлекеттик кызматты керектөөчүгө электрондук суроо-талап тапшыруу, ал эми берүүчүгө Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу арызды берүүнүн акыркы мөөнөтү – 10 мүнөткө чейин, ошондой эле электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын пайдалануу менен мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат берүү жана жайылтуу мүмкүнчүлүгү берилет.

3. Мүмкүн болгон социалдык, экономикалык, укуктук, укук   коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттердин божомолдору

Буйруктун бул долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук   коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс кесепеттерге алып келбейт.

4. Коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат

Сунушталган буйруктун долбоору “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык, коомдук талкууну уюштуруу максатында ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун Коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин сайтына жайгаштырылат.

5. Долбоордун мыйзамдарга шайкештигин талдоо

Сунушталган долбоор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.

6. Каржылоо зарылдыгы жөнүндө маалымат

Ушул токтомдун долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды алып келбейт.

7. Регулятивдик таасирди талдоо жөнүндө маалымат

Сунушталган долбоор  регулятивдик талдоону талап кылбайт, анткени ишкердик ишмердикти жөнгө салууга багытталган эмес.

 

Кыргыз Республикасынын

Ички иштер министри                                                               У.О. Ниязбеков

 

 

Кыргыз Республикасынын ИИМдин

2023-ж.“____”_________ буйругуна

тиркеме

 

1. Мамлекеттик кызматтын паспорту

1

Кызматтын аталышы

Келишим боюнча жеке жана юридикалык жактардын объектилерин кайтаруу (милициялык, аскерлешкен жана күзөттүк) жана коопсуздугун камсыз кылуу – Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн бирдиктүү реестринин (тизмесинин) 8-главасынын, 9-пункту

2

Кызматты көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин келишимдин негизинде мамлекеттик, жааматтык жана жарандардын жеке менчиктеринин объектилерин жана мүлктөрүн, чет мамлекеттердин менчиктерин, эл аралык уюмдарды, чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактарды, ташылуучу жүктөрдү куралдуу кайтаруу укугуна ээ болгон жана ага баш ийген адистештирилген күзөт бөлүктөрүнө жетекчилик кылууну жүзөгө ашырган түзүмдүк бөлүк – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматы (мындан ары – Кыргыз Республикасынын ИИМдин КК)

3

Мамлекеттик кызматтын керектөөчүлөрү

Юридикалык жана жеке жактар

4

Мамлекеттик кызматты алуунун укуктук негиздери

“Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Электрондук колтамга жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-февралындагы № 75 “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгын Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматы деп өзгөртүп атоо жөнүндө” токтому;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтому;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 “Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому

5

Мамлекеттик кызматты көрсөтүүнүн акыркы жыйынтыгы

Жеке жана юридикалык жактардын менчиктеринин бардык формадагы объектилерин эки тараптуу келишимдин негизинде кайтаруу жана коопсуздугун камсыз кылуу:

- милициялык кайтаруу;

- борборлоштурулган байкоо жүргүзүү пульттарын пайдалануу менен кайтаруу;

- күзөттүк кайтаруу;

- аскерлешкен кайтаруу;

- жеке жана юридикалык жактарды кайтаруу;

- жарандардын батирлерин жана үйлөрүн кайтаруу;

- жүктөрдү коштоо жана коммерциялык иш-чараларды кайтаруу;

- айгай баскычы

6

Мамлекеттик кызматты көрсөтүүнүн шарттары

Арыз ээси кайрылган учурда, кызматты көрсөтүү төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат:

- белгиленген санитардык нормаларга жооп берген жайда;

- жарандардын имаратка тоскоолсуз кирүүгө жетүү мүмкүнчүлүгүнүн жана санитардык-гигиеналык бөлмөлөрдүн (ажатканалар, жуунуучу бөлмөлөр), анын ичинде көрүү жана угуу боюнча денсоолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулуусу менен  денсоолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар  үчүн (мындан ары – ДМЧА) пандустар, туткалар менен жабдылган (имараттын, жайдын) бар болуусунда;

- жандуу кезек күтүү принциби боюнча.

Бөлмөлөрдү күтүү үчүн орундар, ажатканалар (короодогу – борбордук суу түтүктөрүнө жана канализацияга кошуу мүмкүнчүлүгү болбогон аймактарда), жылытуу системасы, суу түтүктөрү жана телефон менен жайгаштырат.

Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, тылдын эмгекчилдери жана аларга теңдеш адамдар, ДМЧА, боюнда бар аялдар) кезексиз тейленишет же эгерде алар жайга чыга алышпаса кызматкерлер арыздарды кабыл алуу үчүн аларга түшүшөт.

Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызматты алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат

7

Мамлекеттик кызматты көрсөтүүнүн мөөнөтү

Кызматты алууга документтерди кабыл алуу үчүн чектелген убакыт –  20 мүнөткө чейин.

Электрондук кызматтардын мамлекеттик порталы аркылуу (portal.tunduk.kg) - 10 мүнөткө чейин.

Техникалык бекемдигинин жана кайтаруу сигналынын каражаттары менен жабдылгандыгынын предметине текшерүүнүн алгачкы актысы - 10 иш күнгө чейин түзүлөт.

Керектөөчүнүн актыда көрсөтүлгөн сунуштарды аткаруусу жана объектти техникалык каражаттар менен жабдуулоо – текшерүүнүн актысында көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин.

Кайталап текшерүү жана келишимге чейинки текшерүүнүн актысын түзүү – 10 иш күнгө чейин.

Мамлекеттик кызматты көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү бир жылдан ашпаган мөөнөткө түзүлө турган эки тараптуу келишимде айтылат. Эгерде мөөнөт аяктаганга эки ай калганда тараптардын бири да аны токтотууну талап кылбаса, келишим ошол эле мөөнөткө жана ошол эле шарттарда узартылды деп эсептелет.

Келишим 10 иш күндөн кем эмес жазуу жүзүндөгү билдирүүнү жөнөтүү жолу менен тараптардын биринин демилгеси боюнча мөөнөтүнөн мурда төмөндөгү учурларда бузулушу мүмкүн:

- объектинин ишмердигинин токтошу;

- келишимдин шарттарынын системалуу түрдө бузулушу

Мамлекеттик кызматты алуучуларга маалымдоо

8

Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат (зарыл болгон маалыматтардын тизмеги) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымдоо

Мамлекеттик кызмат жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот:

- Электрондук кызматтын мамлекеттик порталында portal.tunduk.kg;

- адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укук тартибин кайтаруу, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында – www.mvd.kg;

- Кыргыз Республикасынын ИИМдин ККнын бөлүктөрүнө жеке кайрылганда;

- Кыргыз Республикасынын ИИМдин ККнын бөлүктөрүндөгү маалымат такталарынан, брошюраларынан, буклеттеринен.

Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет

9

Мамлекеттик кызмат жөнүндө маалыматтарды жайылтуу ыкмалары (мүнөздөп көрсөтүү же мүмкүн болгон бардык ыкмаларды санап өтүү)

Көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө маалыматты жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат:

- ЖМК (гезиттер, радио, телеберүү);

- Электрондук кызматтын мамлекеттик порталы portal.tunduk.kg;

- адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укук тартибин кайтаруу, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты – www.mvd.kg;

- маалымат такталары, брошюралар, буклеттер;

- жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланыштар;

-  адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укук тартибин кайтаруу, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы.

Даректер, телефон номерлер, иштөө убактысы, Кыргыз Республикасынын ИИМдин ККнын бөлүктөрүнүн тизмеси мамлекеттик кызматтын стандарты менен бирге такталарда, адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укук тартибин кайтаруу, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин ККнын бөлүктөрүндө жайгаштырылат

Тейлөө жана мамлекеттик кызматты көрсөтүү

10

Кардарлар менен баарлашуу

Кыргыз Республикасынын ИИМдин ККнын жана анын бөлүктөрүндөгү кызматты көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин иш бөлмөлөрүнүн эшиктеринде маалымат тактачалары жайгаштырылат.

Калк менен иштеген бардык кызматкерлерде аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген көрнөкчө (таанытма) бар.

Кардарлар менен баарлашууда кызматкерлер этиканын төмөндөгү негизги принциптерин сакташат: сылык, кайрымдуу, туура, сабырдуу, принципиалдуу болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешин угуп жана анын позициясын түшүнө билүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерине аргумент келтирүүнү билүү.

Бардык кызматкерлер тарабынан кызматтык нускамалардын (функционалдык милдеттердин) жана этикалык ченемдердин сакталышын, кызыкчылыктардын кагылышуусун жокко чыгарган жарандарга карата көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген кесиптик жана этикалык ченемдердин сакталуусу милдеттүү.

Медициналык-социалдык себептер боюнча өзгөчө муктаждыктары бар адамдар (ДМЧлар, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен сүйлөшүү жана аларга кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт

11

Купуялыкты камсыз кылуу жолдору

Арыз ээси жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн

12

Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызматтын керектөөчүсү тарабынан жасалган аракеттердин тизмеги

Арызды электрондук форматта берүү үчүн мамлекеттик кызматтын керектөөчүсү электрондук сурамды Электрондук кызматтардын мамлекеттик порталы аркылуу жөнөтүшү керек portal.tunduk.kg

Электрондук форматта сурамды берүүгө талаптар Электрондук кызматтардын мамлекеттик порталында көрсөтүлгөн.

Ошондой эле кызматты алуу үчүн жарандар КР ИИМдин ККнын бөлүктөрүнө кайрылып, төмөндөгү документтерди көрсөтө алышат:

1) жеке жактарга:

- каалаган формадагы жазуу жүзүндөгү арыз;

- өздүгүн күбөлөндүрүүчү документ (паспорт, күбөлүк);

2) юридикалык жактарга:

- каалаган формадагы жазуу жүзүндөгү арыз;

- ишеним кат;

Кызмат көрсөтүү келишимге кол коюлган учурдан тартып жүзөгө ашырылат.

Керектөөчүлөрдөн келип түшкөн арыздар каттоо журналдарына милдеттүү тартипте белгиленет

13

Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтын наркы

Мамлекеттик кызмат төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт.

Баа прейскуранты монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдашуусу боюнча адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укук тартибин кайтаруу, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигинин буйругу менен бекитилет.

Кызматтын наркы маалымат тактачаларында жана адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укук тартибин кайтаруу, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында (www.mvd.kg) жайгаштырылган баалардын прейскурантында чагылдырылат

14

Мамлекеттик кызматтын сапатынын параметрлери

Мамлекеттик кызматты көрсөтүүнүн сапаты төмөндөгү критерийлер менен аныкталат:

- ишенимдүүлүк жана көрсөтүлүүчү кызматтын стандартында белгиленген кызматты көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөтүнө ылайык өз убагында болуусу.

- жынысы, рассасы, тили, майыптыгы, улуту, дини, жашы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө;

- жетимдүүлүк, жарандардан кызматты алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн  документтерди гана талап кылуу;

- кызматты көрсөтүүнүн шарттары ушул стандартта белгиленген талаптарга ылайык келиши: имаратка кирүү жетимдүүлүгү, комуналдык-тиричилик ыңгайынын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда);

- мамлекеттик кызматты көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызматты көрсөтүүнүн бардык жол-жобосунун жүрүшүндө консультация берүү;

- акыркы натыйжанын (алынган кызматтын) арыз ээсинин күтүүсүнө ылайык келиши;

- жарандардын даттануу жана сунуш китебинин жеткиликтүү жерде болушу

15

Кызматты электрондук форматта көрсөтүү

Кызмат Электрондук кызматтардын мамлекеттик порталы аркылуу электрондук форматта кызматты алууга арызды кабыл алуу бөлүгүндө көрсөтүлөт - portal.tunduk.kg

Онлайн интерактивдүүлүк баскычы - 3.

Мамлекеттик кызматты көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби

16

Мамлекеттик кызматты көрсөтүүдөн баш тартуу

Мамлекеттик кызматты көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн:

- 18 жашка чыга элек адамдарга;

- арыз ээсинин аныкталбаган үлгүдөгү өздүгүн тастыктаган документтерди бергенде (кемтиктери, тактары, сүрүлгөн жерлери бар);

- адамдын башка адамдын атынан аракет кылуусуна расмий ыйгарым укугу жок болгондо (нотериалдык күбөлөндүргөн ишеним кат, туугандыгын тастыктаган документ);

- арыз ээси ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди бербеген учурда

17

Даттануу тартиби

Кызмат талаптагыдай эмес көрсөтүлсө, арыз ээси КР ИИМдин ККнын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттанууга укуктуу.

Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана анда кызматты алуучунун аты-жөнү, жашаган жеринин дареги, телефон номери, ошондой эле дооматтын маңызы, кызматты алуучунун колу жана датасы камтылууга тийиш.

Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн ичинде каттайт жана карап чыгуу үчүн жетекчиликке жөнөтөт.

Даттанууларды жана дооматтарды карап чыгуу КР ИИМдин ККнын жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсине жоопту жөнөтүү мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоого тийиш.

Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, арыз ээси КР ИИМдин ККнын чечимине соттук тартипте даттанууга укуктуу

18

Мамлекттик кызматтын стандартын кайра карап чыгуу мезгилдүүлүгү

Мамлекеттик кызматтын стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен үзгүлтүксүз каралып турууга тийиш