facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

Жетекчилик

  • Staff

    Ниязбеков Улан Омоканович

    Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты

    Ниязбеков Улан Омоканович, 1975 жылы туулган, жогорку билимдүү, Кыргыз Улуттук университетин бүтүргөн, адистиги боюнча юрист. 

    1993-1994-жылдары куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат өтөгөн.

    Чүй облусунун Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунун Финансы полициясынын оперкызматкери кызмат ордунда 1998-жылдан бери иштеп келген.

    Каржы полициясынын Чүй жана Талас облустарынын ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси кызматында болгон.

    2008-жылдан тартып ички иштер органдарында кызмат өтөй баштаган.

    Баткен шаардык ИИБсынын коомдук коопсуздук бөлүмүндө жана Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүндө иштеген.

    2010 - жылы министрдин жардамчысы болуп дайындалган,

    2011-жылы ИИМдин финансы-чарба башкармалыгынын начальниги, кийинчерээк  ИИМдин 7-башкармалыгынын начальнигинин орун басары болгон.

    2020 жылы ички иштер министри болуп дайындалды



    Жарандардын кайрылууларын кабыл алуу үчүн электрондук почта secretariat@mvd.kg

    Кабылдаманын телефону: +(996 312) 66 24 50

    Кабылдаманын факсы: +(996 312) 26 62 80

    Ишеним телефону: +(996 312) 26 60 27

  • Staff

    Бийбосунов Адылбек Качкынбекович

    Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору

    1976-жылы Чүй облусунун Москва районунда туулган. 
    Билими жогорку. 2000-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясын аяктаган. 2013-жылы ИИМдин Академиясынын  башкаруучу кадрларын даярдоо боюнча факультетин аяктаган. 
    Юридика илимдеринин кандидаты.  
    Ички иштер органдарында 1995-жылдардан бери кызмат өтөйт. 
    Ички иштер органдарындагы кызматын Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын Жарандык-укуктук дисциплиналар кафедрасынын окутуучусунан баштаган. 
    ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү башкы башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкер, Кыргыз Республикасынын баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча агенттигинин Штабынын начальниги болуп иштеген. 
    Ар кандай жетектөөчүлүк кызматтарда  иштеген: ИИМдин Укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальнигинин орун басары, ИИМдин Мыйзамсыз кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары, ИИМдин Академиясынын начальнигинин орун басары, ИИМдин Академиясынын начальниги, ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгынын начальниги. 
    Кыргыз Республикасынын ИИОдогу кызматында «Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн» 2-даражадагы мамлекеттик медаль  жана ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган. 
    2021-жылдын 11-октябрында Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. 

  • Staff

    Абдиев Нурбек Такабаевич

    Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору

    Милициянын генерал-майору Абдиев Нурбек Такабаевич 1968 жылы туулган.

    Кыргыз улуттук университетин юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн.

    Ички иштер органдарында 1999 жылдан баштап кызмат өтөп келет.

    Ал ички иштер органдарында кызматын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкери катары баштаган.

    Кызмат учурунда ыкчам кызматкер, ага ыкчам кызматкер, өзгөчө маанилүү иштер боюнча ыкчам кызматкер, андан соң аймактык милиция бөлүмчөсүнүн начальниги болуп иштеген

    Ал ар кандай жетекчилик кызматтарда иштеген: Аламүдүн РИИБнин криминалдык милиция кызматынын бөлүмүнүн башчысы, Чүй облусунун ИИБнин криминалдык милиция кызматынын башчысынын орун басары, криминалдык милиция кызматынын  бөлүмүнүн башчысы. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын начальниги, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын башчысынын орун басары, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын башчысы, ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын башчысынын орун басары, ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын башчысы.

    Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарында кызмат өтөп жүргөндө мамлекеттик "Эрдик" медалы жана ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган.

     

  • Staff

    Урмамбетов Октябрь Джолдошович

    Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору

    Урмамбетов Октябрь Джолдошович, 1970 жылы Ыссык-Көл облусунун Жети-Өгуз районунун Дархан айылында туулган.

    Ички иштер органдарында 1992 жылы Бишкек ШИИБнин ЖӨИ инспектору кызматында баштаган.

    1993 жылдан 1995 чейин Бишкек ШИИБнин Свердлов районунда участкалык инспектор болуп иштеген.

    1995 жылдан 1998 чейин Бишкек ШИИБнин Свердлов райондук ГОМ-17 ыкчам кызматкер болуп иштеген

    1998 жылдан 1999 чейин ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ага ыкчам кызматкери

    2003 жылдан 2007 чейин Бишкек ШИИБнин Свердлов РИИБнин начальнигинин орун басары

    2007 жылы Бишкек ШИИБнин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын начальниги

    2009  жылдан 2011 чейин Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз РИИБнин начальниги

    2011 жылдан 2014 чейин ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Начальниги 

    2014 жылы ИИМдин күбөлөрдү коргоо башкармалыгынын начальниги 

    2014 жылдан 2016 чейин Чүй ОИИББнин начальнигинин орун басары 

    2016 жылдан 2019 чейин Ысык-Көл ОИББнын начальниги   

    2020 жылдын 21 октябрында министрдин орун басары кызматына дайындалган

  • Staff

    Аширходжаев Эркебек Джумабекович

    Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору

    Аширходжаев Эркебек Джумабекович, 1969 жылы Чүй облусунун Сокулук районунда туулган.

    Билими жогору, 2000 -жылы жогорку, КУУну бүтүргөн, юриспруденция.

    2001 жылдан 2010 чейин ИИМдин Транспорт боюнча Башкармалыгында (УВДТ) ар кандай кызматтарда иштеген.

    2010 жылдан 2011 чейин  Бишкек ШИИБнин тергөө бөлүмүнүн өзгөчө оор жана коррупциялык кылмыштарды тергөө бөлүмүндө тергөөчү болуп иштеген.

    2012 жылдан 2017 чейин Октябрь РИИБнин Тергөө бөлүмүнүн башчысы

    2017 жылдан 2018 чейин ИИМдин Академиясынын административдик укук жана административдик ишмердүүлүк кафедрасында окутуучу болуп иштеген

    2018 жылдан 2019 чейин ИИМдин Тергөө кызматында ар түрлүү кызматтарды ээлеген.

    2019 жылдан 2020 чейин Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматынын башчысынын орун басары болуп иштеген

    2020 жылдын 21 октябрында ички иштер министринин орун басары болуп дайындалган

  • Staff

    Ниязбеков Суюнбек Ниязбекович

    Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары - ИИМдин Маалымат технологиялар башкы башкармалыгынын начальниги, милициянын генерал-майору

    Милициянын генерал-майору Ниязбеков Суюнбек Ниязбекович 1969 жылы Нарын шаарында туулган.

    Билими жогору, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясын юриспруденция адистигин аяктаган.

    Суюнбек Ниязбеков ички иштер органдарына маалыматтык технологияларды колдонуу чөйрөсүндө чоң тажрыйбага ээ. Ички иштер органдарында кызмат өтөөнү 2001-жылы баштаган. ИИМдин ички иликтөө кызматында жетекчилик кызматтарда иштеген. Өлкөдөгү өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал киргизилген убакта Бишкек шаарынын Комендатынын орун басары болуп кызмат өтөгөн. 2020-жылдын февралынан тартып азыркы учурга чейин Кыргыз Республикасынын ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын начальниги кызматында иштеп келген.

    Ички иштер органдарынын катарында кынтыксыз кызмат өтөгөндүгү үчүн “Даңк” медалы жана бир катар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган. 

    2022 жылдын 8-февралда ички иштер министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары кызматына дайындалды.

Пайдалуу шилтемелер