Үй-бүлөлүк зомбулук 2025 – жылдын 5 (беш) айында

Ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына үй-бүлөлүк зомбулук учурлары боюнча 8024 (+1832) (2024-жыл 6192) тактап айтканда салыштырмалуу 1832 фактыга же (30%) көп катталган.

Берилген убактылуу коргоо ордерлери:

- үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдарга карата 6466 (+943) 5523, анын ичинен: зомбулук жасаган эркектерге 6112 же ( 95%) аялдарга 354 же (5 %),

Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга карата берилген коргоо ордерлери 6466 (5523), анын ичинен:

- жабыр тарткан эркектерге 317 (257);
- аялдарга 5985 (5148);
- жашы жетелектерге 164 (118), анын ичинен: эркек балдарга -68 (59), кыздарга -96 (59).

2025-жылдын 5 айында Кыргыз Республикасынын ИИБдин Укук бузуулар бирдиктүү реестрине катталган маалыматтардын жалпы саны-2127.

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 70-беренеси (үй-бүлөлүк зомбулук) менен укук бузуу жөнүндө 2022 протокол түзүлүп, сот органдарынын кароосуна жөнөтүлгөн.

Түзүлгөн протоколдор боюнча сот тарабынан чыгарылган чечимдер:
- коомдук ишке тартылгандар – 681,
- камакка алынган жарандардын саны – 998.

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 71-беренеси (Убактылуу коргоо ордеринин шарттарын аткарбоо) менен  укук бузуу жөнүндө 88 протокол түзүлүп, сот органдарынын чечими менен 67 жаран камакка алынган, 2 жаран кыскартылган жана 12 жаран коомдук ишке тартылган, 3  протокол соттун кароосунда, айып пул салынган-1.

КРнын Укук бузуу кодексинин 533-беренелерин 1-б.4-б. жетекчиликке алып, түзүлгөн 3 протоколдун каралышы сот тарабынан жокко чыгарылып, КККнын өндүрүшүнө өткөрүлүп берилген.

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 72-беренеси (Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын түзөтүү программасынан өтүүдөн баш тартуусу) менен  укук бузуу жөнүндө 1 протокол түзүлүп, сот органдарынын чечими менен 1 жаран коомдук ишке тартылган.

Кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө 205 (+4) 201 факты боюнча (Бишкек ш.-26/27, Ош ш.-12/4, Чүй обл.-69/68, Ысык-Көл обл.-18/29, Нарын обл.-7/5, Ош обл.-23/24, Жалал-Абад обл.-37/37, Талас обл.-5/0, Баткен обл.-8/7), анын ичинен:
- Сотко жөнөтүлгөнү -120 (+19) 101;
- Кыскартылган сотко чейинки өндүрүш иштери -54 (58);
- Өндүрүштө - 31 (-11) 42. 

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодексинин беренелери боюнча:
- 122-берене (Киши өлтүрүү) – 12 (14);
- 130-берене (Ден соолукка оор зыян келтирүү) – 12 (11);
- 131-берене (Ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү) – 9 (9);
- 134-берене (Этиятсыздыктан ден-соолукка анча оор эмес залал келтирүү)-0 (0);
- 138-берене (Уруп-согуп кыйноо) -9 (14);
- 139-берене (Өмүргө жана ден соолукка кооптуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу) -1 (0);
- 154-берене (Зордуктоо) – 11 (7);
- 155-берене (Сексуалдык мүнөздөгү зомбулуктуу аракеттер)-5 (0);
- 156-берене (Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо)-1 (0);
- 157-берене (16 жашка  толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) – 0 (1);
- 158-берене (Ыплас аракеттер) - 4 (4);
- 177-берене (үй-бүлөлүк зомбулук) – 17 (29);
- башкалар -124 (112).

КРнын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматы