Үй-бүлөлүк зомбулук 2025 – жылдын 3 ( үч) айында
Ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына үй-бүлөлүк зомбулук учурлары боюнча 4597 (+1015) (2024-жыл 3582), тактап айтканда салыштырмалуу 1015 фактыга же (+28%) көп катталган.
Берилген убактылуу коргоо ордерлери:
үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдарга карата 3577 (+289) 3288, анын ичинен: зомбулук жасаган эркектерге 3383 же (95%) аялдарга 194 же (5%).
Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга карата берилген коргоо ордерлери 3577 (3288), анын ичинен:
жабыр тарткан эркектерге 166 (159);
аялдарга 3316 (3058);
жашы жетелектерге 95 (71), анын ичинен: эркек балдарга - 33 (38), кыздарга - 62 (33).
2025-жылдын 3 айында Кыргыз Республикасынын ИИМдин аналитикалык отчетуна ылайык Укук бузуулар бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 70-беренеси (үй-бүлөлүк зомбулук) менен укук бузуу жөнүндө катталган протоколдордун жалпы саны - 1282 (+212) 1070.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 70-беренеси (үй-бүлөлүк зомбулук) менен укук бузуу жөнүндө 1217 (+207) 1010 ротоколдор түзүлүп, сот органдарынын кароосуна жөнөтүлгөн.
Түзүлгөн протоколдор боюнча сот тарабынан чыгарылган чечимдер:
коомдук ишке тартылгандар – 393 (+86) 307,
камакка алынган жарандардын саны – 610 (+72) 540.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 71-беренеси (Убактылуу коргоо ордеринин шарттарын аткарбоо) менен укук бузуу жөнүндө 52/12 протокол түзүлүп (Бишкек-41/6; Ош ш.-0/3; Чүй обл.-6/0; Баткен-2/0; Ысык-Көл обл.-1/0; Нарын обл.-2/2; Талас-0/1) сот органдарынын чечими менен 8 жаран коомдук ишке тартылган, 38 жаран камакка алынган, 2 жаран кыскартылган, 1 протокол соттун кароосунда чечими чыга элек, айып пул салынган 1, сот кароосунан баш тарткан 2.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 72-беренеси (Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын түзөтүү программасынан өтүүдөн баш тартуусу) – 0.
Кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө 124 (+4) 120 факты боюнча (Бишкек ш.-17/19, Ош ш.-5/1, Чүй обл.-42/36, Ысык-Көл обл.-10/16, Нарын обл.-6/3, Ош обл.-16/11, Жалал-Абад обл.-20/27, Талас обл.-2/0, Баткен обл.-6/7), анын ичинен:
Сотко жөнөтүлгөнү - 83 (+21) 62
Кыскартылган сотко чейинки өндүрүш иштери - 32 (+8) 24;
Өндүрүштө - 9 (-25) 34
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодексинин беренелери боюнча:
122-берене (Киши өлтүрүү) – 9 (10);
123-берене (Аффект абалында киши өлтүрүү) – 0 (0);
130-берене (Ден соолукка оор зыян келтирүү) – 7 (5);
131-берене (Ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү) – 5 (3);
134-берене (Этиятсыздыктан ден-соолукка анча оор эмес залал келтирүү)-0 (0);
138-берене (Уруп-согуп кыйноо) – 7 (6);
139-берене (Өмүргө жана ден соолукка кооптуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу) - 1 (0);
154-берене (Зордуктоо) – 4 (6);
155-берене (Сексуалдык мүнөздөгү зомбулуктуу аракеттер) - 4 (0);
156-берене (Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо) - 1 (0);
157-берене (16 жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) – 0 (1)
158-берене (Ыплас аракеттер) - 1 (3);
177-берене (үй-бүлөлүк зомбулук) – 14 (10);
башкалар - 71 (76).
КРнын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматы