Үй-бүлөлүк зомбулук 2024 – жылдын 12 (он эки) айында

Ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына үй-бүлөлүк зомбулук учурлары боюнча 17316 ( 2023-жылдын 12 айында 13104) тактап айтканда салыштырмалуу 4212 фактыга көп же (32,1 %) катталган.

Берилген убактылуу коргоо ордерлери:

үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдарга карата 14362 (+3005) 11357, анын ичинен: зомбулук жасаган эркектерге 13663 же ( 95,1%); аялдарга 699 же (4,8 %).

- узартылган коргоо ордерлер - 87 (59);

- үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга карата берилген

коргоо ордерлери 14362 (+3005) 11357 анын ичинен:

- жабыр тарткан эркектерге 621 (275);

- аялдарга 13434 (10884);

жашы жетелектерге 307 (198), анын ичинен:

- эркек балдарга -148 (80),

- кыздарга -159 (118).

2024-жылдын 12 айында Кыргыз Республикасынын ИИБдин Укук бузуулар бирдиктүү реестрине катталган маалыматтардын жалпы саны-4286.

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 70-беренеси (үй-бүлөлүк зомбулук) менен укук бузуу жөнүндө 4076/2627 протокол түзүлүп, сот органдарынын кароосуна жөнөтүлгөн.

Түзүлгөн протоколдор боюнча сот тарабынан чыгарылган чечимдер:

- коомдук ишке тартылган жарандардын саны – 1492/1214,

- камакка алынган жарандардын саны – 2050/1006.

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 71-беренеси (Убактылуу коргоо ордеринин шарттарын аткарбоо) менен  укук бузуу жөнүндө 84 протокол түзүлүп сот органдарынын чечими менен 58 жаран камакка алынган жана 18 жаран коомдук ишке тартылган, 4 протокол соттун кароосунда, 3 жаранга карата Укук бузуулар кодексинин 30-беренесинин 3-б; 33-бер. 4-б. эске алуу менен кыскартылган, ИИОнын өндүрүшүндө 1 протокол убактылуу токтотулган.

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 72-беренеси (Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын түзөтүү программасынан өтүүдөн баш тартуусу) – 0.

Кылмыш иши козголуп, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө 567 (-24) 591 факты боюнча (Бишкек ш.-62/70, Ош ш.-28/26, Чүй обл.-159/140, Ысык-Көл обл.-71/33, Нарын обл.-16/26, Ош обл.-89/87, Жалал-Абад обл.-103/179, Талас обл.-9/8, Баткен обл.-30/22), анын ичинен: сотко жөнөтүлгөнү 389 (-2) 391; кыскартылган сотко чейинки өндүрүш иштери 160 (+13) 147; өндүрүштө - 18 (-35) 53.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодексинин беренелери боюнча:

- 122-берене (Киши өлтүрүү) – 31 (35);

- 123-берене (Аффект абалында киши өлтүрүү) - 2 (0);

- 130-берене (Ден соолукка оор зыян келтирүү) – 28 (31);

- 131-берене (Ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү) – 26 (18);

- 134-берене (Этиятсыздыктан ден-соолукка анча оор эмес залал келтирүү)- 0 (2);

- 136-берене (Ден-соолукка женил зыян келтирүү) – 23 (0);

- 138-берене (Уруп-согуп кыйноо) - 45 (14);

- 139-берене (Өмүргө жана ден соолукка кооптуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу) - 0 (0);

- 154-берене (Зордуктоо) – 14 (92);

- 155-берене (Сексуалдык мүнөздөгү зомбулуктуу аракеттер) - 0 (0);

- 156-берене (Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо) - 0 (3);

- 157-берене (16 жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) – 7 (18);

- 158-берене (Ыплас аракеттер) - 9 (8);

- 177-берене (үй-бүлөлүк зомбулук) - 41 (42);

- башкалар - 341 (328).

КРнын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматы