Үй-бүлөлүк зомбулук 2024 – жылдын 8 (сегиз) айында

Ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына үй-бүлөлүк зомбулук учурлары боюнча 10567 (2023-жылдын 8 айында 8512) тактап  айтканда  салыштырмалуу 2055 фактыга көп же (+24,1%) көп катталган.

Берилген убактылуу коргоо ордерлери:

- үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдарга карата 9425 (+2006) 7419

анын ичинен: зомбулук жасаган эркектерге 8976 же ( 95,2%) аялдарга 449 же ( 4,7%).

Берилген 9425 убактылуу коргоо ордерлеринин ичинен узартылган коргоо ордерлер - 62 (40)

Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга карата берилген коргоо ордерлери 9425 (7419), анын ичинен:   

- жабыр тарткан эркектерге 440 (182);

- аялдарга 8777 (7091);

- жашы жетелектерге 208 (146), анын ичинен:  эркек балдарга - 92 (58), кыздарга -116 (88).

2024-жылдын 8 айында Кыргыз Республикасынын ИИБдин Укук бузуулар бирдиктүү реестрине катталган маалыматтардын жалпы саны-2780

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 70-беренеси (үй-бүлөлүк зомбулук) менен  укук бузуу жөнүндө 2611 протокол түзүлүп, сот органдарынын кароосуна жөнөтүлгөн.

Түзүлгөн протоколдор боюнча сот тарабынан чыгарылган чечимдер:

- коомдук ишке тартылган жарандардын саны – 933,

- камакка алынган жарандардын саны – 1285.

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 71-беренеси (Убактылуу коргоо ордеринин шарттарын аткарбоо) менен  укук бузуу жөнүндө 39 протокол түзүлүп, сот органдарынын чечими менен 26 жаран камакка алынган жана 9 жаран коомдук ишке тартылган, 2 жаранга карата Укук бузуулар кодексинин 30-беренесинин 3-б; 33-бер. 4-б. эске алуу менен кыскартылган, 2 протокол соттун кароосунда.

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 72-беренеси (Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын түзөтүү программасынан өтүүдөн баш тартуусу) - 0 

Кылмыш иши козголуп, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө 372 (-6) 378 факты боюнча (Бишкек ш.-42, Ош ш.-10, Чүй обл.-104, Ысык-Көл обл.-47, Нарын обл.-11, Ош обл.-57, Жалал-Абад обл.-78, Талас обл.-7, Баткен обл.-16), анын ичинен:

- Сотко жөнөтүлгөнү - 215 (-15) 230;

- Кыскартылган сотко чейинки өндүрүш иштери - 106 (+18) 88;

- Өндүрүштө - 51 (-9) 60. 

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодексинин беренелери боюнча:

- 122-берене (Киши өлтүрүү) - 24 (16);

- 123-берене (Аффект абалында киши өлтүрүү) - 1 (0)

- 130-берене (Ден соолукка оор зыян келтирүү) - 21 (15);

- 131-берене (Ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү) - 20 (13);

- 134-берене (Этиятсыздыктан ден-соолукка анча оор эмес залал келтирүү) - 0 (0);

- 136-берене (Ден-соолукка оор зыян келтирүү) - 8 (0)

- 138-берене (Уруп-согуп кыйноо) - 30 (9);

- 139-берене (Өмүргө жана ден соолукка кооптуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу) - 0 (0);

- 154-берене (Зордуктоо) - 10 (67);

- 155-берене (Сексуалдык мүнөздөгү зомбулуктуу аракеттер) - 0 (0);

- 156-берене (Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо) - 0 (2);

- 157-берене (16 жашка  толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) - 2 (12)

- 158-берене (Ыплас аракеттер) - 8 (6);

- 177-берене (үй-бүлөлүк зомбулук) - 22 (22); 

- башкалар - 226 (216).

КРнын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматы