Үй-бүлөлүк зомбулук 2022–жылдын 12 (он эки) айында

Ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына үй-бүлөлүк зомбулук учурлары боюнча 9880 (2021-жылдын 12 айында 10151) тактап  айтканда  салыштырмалуу 271 фактыга аз) же – 2,7%  катталган .

Берилген убактылуу коргоо ордерлери:

- үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдарга карата 8725 (-313) 9038,  анын ичинен: зомбулук жасаган эркектерге 8295 же  (95,1 %); аялдарга 430 же ( 4,9 %).

- узартылган коргоо ордерлер -191 (110);

- үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга карата берилген коргоо ордерлери 8725 (-313) 9038 (быйыл -3,4 % аз катталды) анын ичинен:

- жабыр тарткан эркектерге 290 (311); 

- аялдарга 8225 (8463);

- жашы жетелектерге 210 (264), анын ичинен:  

- эркек балдарга -88 (140),

- кыздарга -122 (124).   

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 70-беренеси (үй-бүлөлүк зомбулук) менен  укук бузуу жөнүндө 2890/167 протокол түзүлүп, сот органдарынын кароосуна жөнөтүлгөн.

Түзүлгөн протоколдор боюнча сот тарабынан чыгарылган чечимдер:

- коомдук ишке тартылган жарандардын саны – 1465/99, камакка алынган жарандардын саны –875/56.

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 71-беренеси (Убактылуу коргоо ордеринин шарттарын аткарбоо) менен  укук бузуу жөнүндө 20 протокол түзүлүп, сот органдарынын чечими менен 6 жаран камакка алынган жана 13 жаран коомдук ишке тартылган, 1 протокол соттун кароосунда.

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 72-беренеси (Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын түзөтүү программасынан өтүүдөн баш тартуусу) менен  укук бузуу жөнүндө 27 протокол түзүлүп, сот органдарынын чечими менен 8 жаран коомдук ишке тартылган, 18 жаранга “эскертүү” берилген жана 1 протокол соттун кароосунда.

Кылмыш иши козголуп, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө 496 (+240) 256 факты боюнча, анын ичинен: сотко жөнөтүлгөнү - 275 (+185) 90; кыскартылган сотко чейинки өндүрүш иштери -201(+54) 147; өндүрүштө - 20 (-1) 19. 

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодексинин беренелери боюнча:

122-берене (Киши өлтүрүү) – 17 (28);

130-берене (Ден соолукка оор зыян келтирүү) – 17 (17);

131-берене (Ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү) –21 (46);

134-берене (Этиятсыздыктан ден-соолукка анча оор эмес залал келтирүү)-0 (0);

138-берене (Уруп-согуп кыйноо) -98 (15);

139-берене (Өмүргө жана ден соолукка кооптуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу) -0 (20);

154-берене (Зордуктоо) – 10 (16);

155-берене (Сексуалдык мүнөздөгү зомбулуктуу аракеттер)-0 (0);

156-берене (Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо)-1 (3);

157-берене (16 жашка  толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) – 6 (0)

158-берене (Ыплас аракеттер) -8 (3);

177-берене (үй-бүлөлүк зомбулук) -44 (1);

башкалар -274 (107).

 

КРнын ИИМдин КККты