18.07.2025
Кыргызстандагы Интерпол Улуттук Борбордук бюросунун кызматкерлери кесиптик майрамын белгилешүүдө
Интерпол - бул дүйнөдөгү эң ири эл аралык уюм болуп эсептелет. Ага мүчө болгон 196 мамлекеттин укук коргоо органдары трансулуттук кылмыштуулукка, терроризмге жана башка глобалдык коркунучтарга каршы биргелешип күрөшүп келишет.
Кыргыз Республикасы бул системага 1996-жылы толук кандуу мүчө катары кошулуп, 1997-жылдын 18-июлунда ИИМдин түзүмүндө Интерполдун Улуттук Борбордук бюросу түзүлгөн. Бул учур кыргыз милициясынын эл аралык кызматташтыгында жаңы баракты ачып, улуттук чек арадан чыгып кеткен кылмыштуулукка натыйжалуу каршы турууга мүмкүнчүлүк берген.
Бүгүнкү күндө Интерполдун Улуттук бюросу Кыргызстандын ички укук коргоо органдары менен дүйнөлүк полиция коомчулугунун ортосундагы стратегиялык байланыштагы маанилүү көпүрө болуп саналат. Бул бюро аркылуу ыкчам маалыматтар үзгүлтүксүз алмаштырылып, эл аралык издөө иштери жүргүзүлүп, биргелешкен олуттуу операцияларга активдүү катышуу ишке ашырылып келет.
Акыркы жылдарда Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан эл аралык издөөдө жүргөн көптөгөн кылмышкерлер, анын ичинде Испания, Бириккен Араб Эмираттары, Польша, Монголия, Түркия жана Мадагаскар сыяктуу мамлекеттерде издөөгө алынгандар кармалды. Ошондой эле, Интерпол аркылуу издөөгө жарыяланган жарандардын саны кыйла өстү - бул Кыргызстандын Интерпол системасында жигердүү көз карашта экенин далилдеп турат.
Кыргызстан терроризмге, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө, адамдарды сатууга, трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка жана башка эл аралык коопсуздукка каршы багытталган күрөшкө салым кошуп келет.
Интерполдун Улуттук Борбордук бюросунун бардык кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайбыз! Эл аралык деңгээлде дагы ийгиликтерди жана кызматта мындан аркы жетишкендиктерди каалайбыз.
ИИМдин Басма сөз кызматы