facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

07.09.2021

ИИМ: Сүйүн Өмүрзаков Ош шаарында жергиликтүү тургундар менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков Ош шаарында ыкчам өткөргөн чогулуштан кийин Ош шаарынын тургундары менен жолугушуп, алардын коомдук тартиптин сакталышы, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча ой-пикирлерин жана сунуштарын укту.

Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков  Ош шаарынын Керме-Тоо, Сулайман-Тоо, Амир-Темур, Туран, Курманжан-Датка жана Манас-Ата кичирайондорунун жергиликтүү жашоочулары менен жолугушуп, бул аймактарда жайгашкан коомдук алдын алуу борборлорунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Жашоочуларга бүгүнкү күндөгү милициянын аткарып жаткан иштери, келечектеги пландар  тууралуу айтып,  жашоочулардын суроолоруна жооп берди.

Негизги талкууланган маселе-жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу болду. Жолугушуу учурунда элдер көйгөйлүү маселелерди көтөрүшүп, аларды чечип берүүнү суранышты. Мисалы, Керме-Тоо мунициалдык аймактык башкармалыгында өткөн жолугушууларда Ош-Ноокат багытында каттаган жеке таксисттерди тартипке келтирүүнү, Ош-Араван багытындагы, Ош шаарынан чыга беришиндеги жол боюнда токтоп турган ири жүк ташуучу унаалардан жолду бошотуп берүүнү суранышты. Ал ири жүк ташуучу унаалардын (ФУРА) жолду ээлеп, башка жол кыймылынын мүчөлөрүнө кооптуу болуп жаткандыгын айтышты. Жашоочулар милиция кызматкерлерине дагы көӊүл буруп, бөлүм менен бөлүмчөлөрдөгү автоунааларды жаӊылап берүүнү айтып өтүштү. Шаардагы ири жана кичи  базарларды такай көзөмөлгө алып, бекем тартип орнотуу зарылдыгын айтышты.  Жолугушууларга келген жергиликтүү жашоочулар милиция кызматкерлерине келишинче ар тараптуу колдоо көрсөтүү мамлекет жана эл тарабынан болуусу зарыл экендигин айтып өтүштү. Милицияга чоӊ үмүт артып жаткандыктарын, айрым учурда милициянын түздөн-түз милдетине кирбесе дагы жергиликтүү милиция кызматкерлери айрым күнүмдүк маселелерди чечүүдө жардам көрсөтүп жаткандыктарын айтышты. Андан сырткары жолдордогу сызыктарды жаӊылоо, кошумча жол белгилерин, жол чырактарды коюу, базарлардагы тартипти күчөтүүнү суранышты. Туран жана Курманжан-Датка кичирайонунун тургундары мас абалында жүргөндөр көбөйүп бара жаткандыгын, аларды кайда алып барышат, алып бара турган да жай жок болгондуктан соолуктуруучу жайды ачуу керек деп суранышты. 

 Ички иштер министринин биринчи орун басары   Сүйүн Өмүрзаков көптөгөн маселелерди жеринде чечип, жергиликтүү милиция кызматкерлерине дагы кошумча тапшырмаларды койду. Коомдук коопсуздукту камсыз кылууда милицияга ар тараптуу жардам көрсөтүп келе жаткан жашоочуларга дагы ыраазычылыгын айтып өттү. “Элдин жардамысыз-милициянын иши алдыга жылбайт. Сиздер бизге жардам берип жаткандыгыңыздар үчүн бүгүнкү кырдаал туруктуу, элибиз тынч жашап жатат. Мен дайыма барган жеримде өздүк курамга койгон биринчи тапшырмам, эл менен бекем байланышта иштеп, коопсуздукту коргоо. Биз элге таянып иштесек гана ишибиз алдыга жылат. Милиция кызматкерлеринин түйшүктүү кызматын түшүнүп, ар тараптуу көмөк көрсөтүп келе жаткан Сиздерге чоӊ рахмат»,-деди С.Өмүрзаков

Бул жолугушуулардын алкагында ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын №2,3,4 милиция бөлүмчөлөрүндө кызмат өтөп жаткан милиция кызматкерлеринин  абалына кызыгып, кызматтык бөлмөлөргө баш багып, алардын тиешелүү атайын каражаттар, кийим-кечек жана техникалар менен камсыздалуусу менен таанышып чыкты.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер