facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

18.05.2022

ИИМ: Борбордук аппаратттын кызматкерлерини арасында кыргыз күрөш боюнча мелдеш өттү

Ички иштер орган кызматкерлеринин дене тарбиялык даярдыгын күчөтүү максатында ИИМдин жыл башында атайын пландык иш чаралар каралган. Анын негизинде жана жакын арада уюштурула турган милициянын генерал-майору Субанов Темиркан Усуркановичтин  жаркын элесине арналган чемпионатка   ИИМдин борбордук аппараттын кызматкерлери арасында кыргыз күрөш боюнча команда аралык тандоо туру уюштурулду. Тандоо туруна Финансы чарбачылык башкы башкармалыгынын, Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын, Республикалык окуу борборунун, Коомдук коопсуздук кызматынын жана Мамлекеттик коргоо башкармалыгынын кызматкерлери катышты.  

Чемпионаттын уюштуруучуларынын бири Кадрлар башкы башкармалыгынын кесиптик даярдоо жана дене тарбия башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Мамадалы Шакировдун айтуусунда, иш-чаранын негизги максаты кызматкерлер арасында кыргыз күрөшүн жайылтуу жана алардын дене тарбиясын чыңдоо болуп эсептелинет. 

ИИМдин “Динамо” спорт комплексинде уюштурулган биринчиликте биринчи орунду Республикалык окуу борборунун командасы, экинчи орунду Финансы чарбачылык башкы башкармалыгы, үчүнчү орунду Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы ээледи. Жеңүүчүлөр ардак грамота жана кубок менен сыйланды. Андан сырткары жеке жетишкендиктери үчүн бир катар кызматкерлер сыйланып, биринчи орундун ээлерине акчалай сыйлык жана медаль, грамоталар бердилди.

ИИМдин Басма Сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер